Америка эл жомогу: Кардардыкы дайым туура

  • 28.06.2021
  • 3022

Бир фермер адвокаттык кеңседен кеңеш алганы келди.

– Улуу урматтуум, – деп кайрылды ал адвокатка, – мен сизге өзүмдү абдан тынчсыздандырган бир иш менен келдим.

– Андай болсо адашпай туура дарекке келипсиз, айта бериңиз, би-ир башынан, – деди баш ийкеген адвокат каадалуу түрдө сөөмөйүн өйдө көтөрө берип.

– Мисалы, бир фермердин жеринен суу агып өтсө, - деп арыздануучу сөзүн баштады. – Ал эми анын төмөн жагындагы экинчи фермер бул сууну бөгөп, пайда болгон көл менен биринчи фермердин жерин каптатып салса, эмне кылышы керек?

- Бул боюнча ойлонуп да кереги жок! Сотко бериш керек! – деп дайымкыдай эле кардарынын камын жеген адвокат дароо ачуусун агытты. – Биз мыйзам алдында анын кетирилген чыгымдарды төлөп берүүсүн талап кылабыз. Соттон жоготкон каражатыңызга кошуп, коротулган убактыңыз үчүн да төлөтүп берем. Ошондуктан бул ишти мага тапшырыңыз, мен мындай иштерди кылдат аткарган адисмин.

- Токтоңуз, токтоңуз! – муну укканда кеңеш сурап келген фермер коркуп кетти. – Түшүнбөй калдыңыз... сууну бөгөп, кошунамдын жерин каптаткан менмин. Ошон үчүн ал мени сотко бергени жатат.

Муну укканда адвокат бир ирмемге гана селейе түшүп, кайра кардарынын камын жей баштады. Анткени ал абдан ийкемдүү киши болчу.

– Анда... Анда сууну сиз бөгөгөн болсоңуз... А эмне үчүн буга бардыңыз эле?

- Тегирмен курган болчумун.

- Ар кандай аштыктарды тартыш үчүн да ээ?

- Так ошондой, улуу урматтуум.

- Тегирмениңиз элдин керегине жарап жатабы анан?

- Жарап жатат, жанагы арызчыл жогорку кошунамдан башкалардын баары эгинин мага тарттырышат.

- Демек, элге пайдалуу иш кылып жатыпсыз да.

- Ооба.

- Түшүнүктүү! Сиз бөгөгөн суу бир кишиге зыян келтиргени менен бүт аймакка пайда алып келип атыптыр да.

- Ооба, улуу урматтуум.

- Муну деген эмне дейт билесизби!.. Ишкерликке бут тосуу дейт! Эл керегине жарап жаткан адамга көрө албастык кылуу! Башкалардын жыргалчылыгына доо кетирүү дейт. Бере берсин сотко, мен сизди бул адилетсиздиктен өзүм коргоп алам. Сиз керек болсо бүт аймактын камын жеп жатасыз, ал болсо бир өзү үчүн арызданып жатат. Ошон үчүн биз аны сотто утуп алабыз. Бул кылганы үчүн өкүнбөсө мага кел! – деп кардардыкы дайым туура деген сөздү туу туткан адвокат ордунан тура калып, өзүн үмүттүү караган фермерге кол сунду.  

Которгон Кубанычбек Аркабаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз