Калык Ибраимов: Сүйүүгө Оода

  • 02.07.2021
  • 3420

Кош мунара

Оболкудай обого моюн созуп,
Өзөлөнсө Өзгөндүн мунарасы,
Сары-Өзөндүн боюнда аны коштоп,
Коройгондон короёт буранасы.

Алар мага сезилет эмнегедир:
Кылым кезген  кыйышпас жан досумдай,
эчен муун эрлерди баатыр кылган,
байыркынын бакубат фаллосундай...

“Сүйүүлөр токтоно элек наристедей,
Тойбоймун оюнуна-кылыгына.
Адамдар, мен сүйүүгө арыз бербей,
А бирок укук алдым жылынууга...”

Дайырбек Станов досумдун ыр саптары

Сүйүүгө Оода

Сүйүү деген тамаша эмес экенин
Эзелтеден элдин баары билишет.
Ошол ышкы, кумар сезим бар үчүн,
Жандын баары тукум улап жүрүшөт.

Кокус сүйүү болбосо эгер ааламда,
Анда көктөн ашыктарга нур чачкан:
Айыӊ дагы, акыныӊ да жок болмок, -
Ашыгым деп, сүйгөнүм деп ыр жазган.

Эгер сүйүү болбогондо жашоодо,
Булбулдар да үнү катып тыйылмак.
Анда бүгүн адам заты “Сүйүү” деп,
Кайсы кудай – эгесине сыйынмак?!..

Көксөй берип о дүйнөнүн бейишин,
Көр-сокурдай чын жашооӊду курутпа.
Бакыт дагы, сүйүү дагы – баардыгы:
Асманда эмес, жерде экенин унутпа.

Көктөн издеп илме кайып Кудайды,
Көп убара чекпегиле билүүгө.
Андан көрө, аз да болсо, жөн гана -
Жүрөктөрдү үйрөткүлө сүйүүгө...

Жашоо-турмуш жаралгандан ушундай:
Эч ким сен деп туулбайт да, өлө албайт.
Азап тартып, көрбөгөндү көрсөӊ да,
Сен көргөндү сени менен бөлө албайт.

Сүйүү гана башкалардан башкача:
Сенин баардык азабыӊды бөлө алат.
Сүйүү, эгер керек болсо, сен үчүн –
Туула алат, керек болсо, өлө алат.

Сүйүү сүрү

Күйүүдөн дүрр деп денем,
сүйүүдөн бүрдөп келем.
Сүйөм деп айта да албай,
сүрүңдөн сүрдөп келем.

Өзүңдү гүл деп келем,
көзүңдү күн деп келем.
Күтүүдөн күдөр үзбөй,
күн-түнү үндөп келем.

Же сүйүү ушундайбы,
бейиштин кушундайбы?
Жүрөктү эзип бүттү,
жүдөтүп узун кайгы.

Түндөсү түшүмдөсүң,
күндүзү көзүмдөсүң.
Түйшөлүп түнөрөмүн,
түшүнбөй өзүмдү өзүм.

Жашоонун өзөгүсүң,
көңүлдүн гөзөлүсүң.
Өзүңсүз өмүр сүрүү,
өкүттө өтөөрү чын.

Сүйүү жазы

Көктөм жаз... көктө аруу ак булуттар –
ак куудай ак сүйүүсүн алып учкан.
...Айкашып эзилишет ак өргөөдө
эки жаш бирин бири сагынышкан...

Асманда жайбаракат жайылышкан
ак боз бээ – булуттардын үйүрлөрүн
аңгыча бир заматта кууп кетти
кутурган кара булут үйүрлөрү...

Чагылган жарк-журк этип асман бетин
кылычтай кыя чапты, жара чапты.
Калдайган кара булут – кара айгырлар
азанап каяккадыр бара жатты...

Тарс этип күн күркүрөп бир оокумда
үн кетти гүлдүрт-гүлдүрт жаңырыктап.
...Түн бою ышкы-кумар балын татып,
эки жаш жаткан болчу жаңы эле уктап...

Селт этип ойгонушса, тышта дүйнө
көшүлүп көл-шал болуп турган экен...
Көк теңир кара жерге нөшөр-суусун
көксөөсү кангычакты куйган экен...

Чымырап ал аңгыча дене-бою,
эки жаш төшөгүнө шап кулашты...
...А көктө кара булут – кара айгырлар
азанап кайра-кайра чапкылашты...

Сүйүү азабы

Сүйүү деген жүрөктөгү жарадай,
Катып калат кагыраган кайыштай.
Ал адамга бир жабышса жашоодо,
Өмүр бою жүрө берет айыкпай.

Ажынадай акылыӊан айнытып,
Ар азапка сала берет аянбай.
Аба-ырайдай улам кайра өзгөрүп,
Туругу жок - аягы ачык аялдай.

Бул ооруга даба болчу дары жок,
Таба албаган аны улуу Улукман.
Адамзаттын тарыхында далайлар,
Сүйүү үчүн кырылышып урушкан.

Сүйүү деген кудуреттүү кудайдай,
Баарын жеӊип, түбөлүккө уланат.
Аны бузса бул жашоодо бир гана -
Адамдагы бейопалык буза алат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз