Калык Ибраимов: «Манас» дастаны – улуттук улуу  рухий феномен

  • 04.12.2020
  • 3478

Адатта “Манас” дастанын изилдөөдө филология илимдеринин көз кырынан жана тарыхый-этнографиялык тургудан кароо көбүрөөк орун алып келет. Макала авторунун оюнча, эпостун мазмун-маңызы аны алдаганча кеңири жана терең масштабда изилдеп аңдоону талап кылат.

Анткени, “Манас” тарыхтын татаал кезеңдеринде кылымдар бою кыргыз эли үчүн идеологиялык жол көрсөтүүчү жарык жылдыз, арбактуу ата-бабалардын нускалуу керээз-осуяты, эскат-эскертүүсү катары кызмат кылып, эл-журттун өзүн өз көзүнө таанытып, калайык калкты бир этностук жалпылык катары баш коштуруп, келечекке шыктандырып келген. Макалада автор “Манас” феноменине дал ушундай түшүнүктөн мамиле жасап, эпостун мазмун-маңызында камтылган социалдык-философиялык идеялар менен руханий нарк-дөөлөттөрдүн негизинде өзүнүн айрым бир актуалдуу ой-толгоолорун ортого салат.

 «Манас» дастаны тууралуу сөз болгондо эмнегедир дүйнөлүк эпикалык адабияттын «Илиада» менен «Одиссея», «Рамаяна» жана «Махабхарата» сыяктуу орошон туундулары көп эскерилет. Биздин эпостун эбегейсиз көлөмүн баса көрсөтүш үчүн балким бу салыштыруу керектир. Бирок «Манастын» маани-маңызы аларга караганда караманча башкача. «Манас» эпосуна тек гана бир теңдешсиз фольклордук чыгарма катары кароо анын чексиз мазмун-маанилик тереңдигин жана кыял жеткис акыл-ой чабытын ойдогудай аңдап билүүгө мүмкүндүк бербейт. «Манас» чындыгында адамзат тарыхынын бүтүндөй бир доорун, кайталаңгыс катмарын түзгөн кадимки көчмөн цивилизациянын, көчмөн маданияттын, көчмөн рухтун көз кайкыган ажайып көрүнүшү, азыркы күнгө келип жеткен көөнөргүс көркөм-руханий мурасы, ыйык китеби, арман күүсү. Кыргыз үчүн «Манас» кылымдар бою кыргызды кыргыздын өзүнө таанытып, тарыхтын кыйын кезеңдеринде элди өз айланасына баш коштуруп келген улуттук ураан, асаба-туу, касиеттүү кудурет-күч сыяктуу. Ошон үчүн, мусулмандардын «Кураны» менен христиандардын «Инжили» кандай ыйык саналса, кыргыздар да «Манасын» ошондой ыйык көрөт. Бу тууралуу эпостун 1000 жылдыгына жолдогон атайын катында Рим Папасы маркум Иоан Павел II: «Манаста» адамдардын оюнда, жүрөгүндө жана турмушунда азырга чейин жашап жаткан элдин эзелки руху камтылган»,-деп таамай белгилеген. Ошон үчүн, абалтан эле миллион сап «Манасты» адатта түшүндө аян берип, илмекайып касиет даарыган айрыкча кишилер гана айтып калаары бекер жерден эмес.

«Манастын» мазмунуна жана маани-маңызына астейдил көңүл бурсак, азыркы учурубузга тиешелүү бир катар көйгөйлүү суроолор өзүнөн өзү туулат. Миң жылдан ашуун илгери түптөлгөн Кыргыз каганаты кезинде эмне үчүн кыйрап калган? Миң жылдан ашуун мезгил бою биздин эл эмне үчүн кайра биригип, мамлекет куралган эмес? «Манастагы» таруудай чачыраган кыргыз элин чогултууну көксөп зар какшаган арман-тилек кайдан келип чыккан? Миң жыл зарлап күткөн үмүт-тилеги бу күндө тагдырдын жана тарыхтын жазмышы менен өзүнөн өзү орундалып, ооматы келип турганын Манастын бүгүңкү урпактары туура түшүнөбү? Же арзан келген жеңиштин баркын жеңил баалап, ырысын көтөрө албай жатышабы? Дегеле биздин учурдагы эл башылары менен атка минерлердин ичинде стратегиялык өңүттө ой жүгүртө билген, Ата-Мекени, анын азыркы абалы жана келечек тагдыры үчүн чындап күйгөн, гуманитардык-философиялык жана руханий-маданий көрөңгөсү ойдогудай ыйман-ынсаптуу, интеллектуал изги инсандар барбы же жокпу деген да ой туулбай койбойт экен. Эзелде айтылуу грек акылманы Платон айткандай, мамлекетти даанышмандар башкармайын эгерим бакубат дөөлөт орноп, эл-журттун жашоо-турмушу жана пейили эч оңолбойт окшойт.

Кыргызда «Байлыктын түбү-уурулук» деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, бул утурумдук жашоодо жемкорлук, уурулук, шумпайлык, шылуундук менен чогултулган көр дүнүйөлөр эч убакта эч кимге бапа болгон эмес. «Артык дөөлөт баш жарат» деген макал ошондон улам айтылып калган. Тарыхта далай даңазалуу мамлекеттер менен элдер ынсап-ыйманынан айрылып, көр дүнүйөнүн жана пендечилик ырахат-лаззаттардын кумарын кууп калгандан баштап деградацияга учурап, жок болушкан. Ошондуктан биз эң оболу балдарыбызга, болочок урпактарыбызга кандай өлкөнү жана кандай руханий мурасты калтырабыз?-мына ушулар жөнүндө ойлонуп, ушунун камын көрүшүбүз керек. Мамлекеттүүлүккө жетпей жүргөндөрдү, мамлекетин жок кылып алгандарды азыр көрүп турабыз го.Ток этээрин айтканда, «Манастан» үйрөнө турган асыл өрнөктөрүбүз, ачуу сабактарыбыз эң эле арбын. Андан азыркы адамзат турмушунун не бир көйгөйлүү жагдайлары, коомдук-саясий, этикалык-ыймандык жана экологиялык-жалпы

философиялык проблемалары менен үндөшкөн көп маселелерди көрүүгө болот.

«Манас» эпосу эң оболу кыргыз эли өзгөнү өгөйлөбөгөн өтө кең пейил, меймандос калк экенин кабарлайт. Эпосто Тынч океандан Босфорго чейиңки келберсиген кең Евразиянын жүздөгөн жер-суу аттары аталат.Ошол аймакты жердеген уруу, тайпалар тууралуу эскерилет.Мунун баары биздин эл эзелтен эле мына ушул эбегейсиз мейкинди мекендеген эчен бир калайык-калктар менен тыгыз карым-катнашта болуп келгенин күбөлөйт. «Манас» эпосу кыргыз элинин өз эркиндиги, эгемендиги жана улуттук ар-намысы үчүн кармашып келген баатырдык күрөшүнүн даңазалуу баяны экени ар дайым аксиома катары айтылып жүрөт. Арийне, «Манаста» биздин эл бир дагы өзгө калкты бөтөн деп бөлбөйт. Элди элге, журтту журтка кагыштырып каршы кылган – бул, ириде, өз кызыкчылыгын, куру намысын, атак-даңк, байлык, бийлик эңсеген ачыккан амбициясын эң биринчи орунга койгон арсыз төбөлдөр экенин кыргыз эпосу ташка тамга баскандай так жана таамай ажыратат. Ошондуктан, сүргүндө тентиген журтун кайра жыйнап, ордолуу Ата-конушун табыш үчүн Манас Алтайдан Ала-Тоого аттанганда ошо өз төбөлдөрүнөн кордук көргөн кай бир кара кытай, калмак, манжуу тайпалары кыргыздар менен кошо көчөт.

Манастын айтылуу кырк чоросунун арасында ар түркүн калктардын, атүгүл аны менен кас болуп кармашып жүргөндөрдүн өкүлдөрү да кезигет. Муну Айкөлдүн «кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» деп айтканы да айдан ачык айкындайт. Ал эми Ата-Журтуна, өзгө да, өзгөгө да сыялбай, эки ортодо жан дүйнөсү жанчылып, акыры Айкөл менен эмчектеш эгиз дос болуп, а бирок аерде да ичи тар көрө албастардын айынан өгөйлөнүп, кыргыз үчүн кыркылышкан кыргында кырчындай өмүрү кыйылган кара кытай Алмамбеттин адамдык армандуу тагдырын, эки ортодо эт жүрөгү эзилген эпикалык баатырдын турмуштук-психологиялык драмасын жана трагедиясын баяндоодо биздин дастан дүйнөлүк эпос эле эмес, айтылуу антика трагиктери да жетпеген көркөм-руханий Олимпке көтөрүлгөн.

Кыргыздар башка элдердин маданиятын эч качан жериген эмес. Керисинче, алар менен кеңири байланышта өз рухий казынасын байыткан. Манастын көрөр көз жаншерик жары Каныкей «Иран дүйнөсүнөн» чыккан тажик калкынын кан кызы болгону элибизге эбактан маалым. Ал гана эмес, эпосто Каныкей Манастын кырк чоросуна өзүнүнүн кырк курдаш кызын ак нике кыйдырып, отуз күн улуу той, оюн-тамаша болгону айтылат. Ушундан улам мындай бир кызык тарыхый факты эске түшөт. Тарых барактарында даңктуу Александр Македонский, бизче айтканда, Искендер Зулкарнайн, биздин заманга чейиңки 324-жылы он миң ашуун жоокери жана аскер башылары менен өзү баш болуп Персиянын перидей сулуу кыздарына үйлөнүшкөнү жазылып калган. Ошондо атактуу Аристотелдин шакирти Александр бул окуяга философиялык-символикалык маани берип, Батыш менен Чыгышты эрди-зайыптай жупташтырдым деп дүңгүрөгөн улуу той берген экен. Манас менен Каныкейдин, кырк чоро менен кырк кыздын никелешип отуз күн оюн-тамаша курганы дагы биз үчүн ошо эллиндердин жоругу сыяктуу «Иран-Туран» дүйнөсүн жубайлардай жупташтырган мааниси бийик, шааниси ыйык, ырымы зор орошон окуядай туюлат. Ал эми сүргүндө жүргөн кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоо ата журтуна аттанган улуу көчү “Библиядагы” Моисей баштаган жөөттөр Египет туткунунан өз өлкөсү Ханаанга кырк жыл чөл кезип келген айтылуу аӊызды эске салат.

Манастын армандуу баяны аркылуу кыргыз эпосу дүйнөлүк адабият менен философия кылым санап түбүнө жеталбай келаткан адам жана тагдыр, инсан жана анын коом менен болгон алака-мамилеси, байлык жана бийлик үчүн күрөш, кишидеги арамдык жана чыккынчылык, ичи тарлык жана көрө албастык сыяктуу түбөлүктүү көйгөйлөрдүн түп-жайын козгойт. Эпос адамдагы ач көздүк менен ашынган амбиция, өзүн өлө сүйгөн нарциссизм менен өзгөдөн өйдөсүнгөн куу чирен текеберлик, бирөөнүң бир бүдүр жакшылыгын көрө албаган ичи тарлык менен ич күйдүлүк элди акыры келип кандай алаамат кейишке салаарын санаттайт. Урпактарга эскертүү катары сырткы жоодон да ашып түшкөн Ороздунун төрт уулу менен Көзкамандардын жийиркеничтүү элесин көз алдыга тартат. Мансап, байлык, бийлик үчүн, керек болсо, дос, тууган эле эмес, бүт эл-журтту кыйып жиберүүдөн кайра тартпас өзөктөн чыккан өрттү, өздөн чыккан жатты, койнуна котур ташын каткан кокуй касты ушу тапта деле баарыбыз көрүп-билип жатабыз го! «Манастын» мазмунунан чыккан чыркыраган чындыктын, ачуу сабактын бири ушу.

Ар кандай өлкөнү, эл-журтту бузуп курутуу – бул аны ириде ичинен ыдыратып, ынтымак-биримдигин бөлүп-жаруу экени адамзат тарыхында абалтан белгилүү. “Манас” эпосу аркылуу биздин арбактуу ата-бабаларыбыз мына ушул айныксыз акыйкатты да бизге - келечек муундарына Бакай бабабыздын сөзү менен: “Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөктөргө кеп кетет”, - деп, керээз-осуят, эскат-эскертүү катары мурас калтырган. “Бөлүп-жар да, бийлей бер” саясаты ушу күндө баарыбыздын көз алдыбызда өз ичибизде да жана башка жактарда да кандайча ишке ашып жатканына жалпыбыз күбөбүз го! “Манас” дастаны дал ушул чындыкты ар бирибиздин көзүбүзгө сайып көрсөтүп турат. Аттиң, а бирок көбүбүздүн көзүбүз дале көр бойдон... Жеңишти бирге жеңгенден, тойду бирге тойлогондон, кандаш туугандыгынан, сүйлөгөн тили, тутунган дини бир үчүн эле адам менен адам жакындашып, жакшы санаалаш болуп кетпейт. Адамды пикирлеш кылган, жанкүйөр шерик катары ширеткен нерсе - бул асыл касиеттүү акыл-эс, абийир-ариет, ынсап-ыйман, кең пейил адамгерчилик. Эпостун бизге кайра-кайра какшап эскерткени да - мына ушул көөнөрбөс акыйкат. Ушундай омоктуу негизге таянганы үчүн Манастын Кошойдой кемеңгер, Бакайдай даанышман насаатчылары, Каныкейдей акылдуу жубайы, Алмамбеттей санаалаш досу менен мамилеси бекем да, таттуу да.

«Манасты» изилдөөчүлөр адилет белгилеп жүрүшкөндөй, биздин эпостун көптөгөн эпизоддору, чынында да, Шекспир жазган трагедиялуу сюжеттер менен образдардын башатында тургандай. «Манас» дастаны ириде баатырдык эпос катары эсептелсе да, арийне, анда айгайлаган кызыл кыргын, кара сүргүн алаамат уруш-согуш ичинен ушунун баарысы тең болбогон бир жандалбас экенин, чексиз Аалам астында жеңишиң да, жеңилишиң да-экөө бирдей опоосуз курдалбас экенин ачык түшүнүп, сай-сөөктү сыздаткан муң-зар угулат. «Чоң казаттан» кайткандагы жаралуу Манастын үч баатырын жоктоп өксүгөнү, ал ыйласа-кайың ыйлап, тал ыйлап, калың журттун баары ыйлап, жесирлер кошок кошуп зар ыйлап, аза күтүп турганы «Манастын» согушка каршы маңызын айдан ачык күбөлөйт. Манасты жоктоп боздогон акылман Кошой ава «токсонго чыккан кары өлбөй, эмне үчүн Манастай эрен эрте өлөт? деген өз суроосуна жооп табалбайт. Бу жалганга мындай адилетсиздик кайдан жаралган? Эмне үчүн бу дүйнөдө периштедей тазалык, баладай байоолук, жакшылыкты аркалаган ак ниет дайыма жабыр тартат?

Мына ушул кейиштүү суроолор «Манаста» баштан аяк коңгуроодой кагылып, добулбастай жаңырган түбөлүктүү суроолор. Демек, жер үстүндө кыргыз барда, адамзат жашап турганда «Манастын» ыры да, сыры да эч качан бүтпөйт. «Манас» - бул кыргыздын кылымдар кыйырын сыдырган сырдуу тарых-тагдыры, ата-бабаларыбыздын урпактарына калтырган улуу сабак санаты, кейиштүү керээз-осуяты, эскат-эскертүүсү жана триптих трагедия-реквиеми!.. Ошондуктан, биз, кыргыздар, ардактуу Чыңгыз Айтматов кеменгерибиз айткандай, «Ала-Тоо койнунда кылымдан кылымга жашап келген кыргыз баласы бул дүйнө үчүн нени берди, адамзаттын өнөрүнө, маданиятына нени кошту дегенде, бирден бир жообубуз-«Манасты» берди дейбиз.»

«Манасты» биз тек бир эртегинин көркөм-руханий эстелиги катары гана эсептебейбиз. «Манасты» биз өзүбүздүн бүгүңкү турмушубузга түздөн-түз катыщы бар, элди баш коштуруп, эртеңге шыктандырган жана болочокто да урпактан урпакка ошондой боло бере турган өлбөс-өчпөс улуттук улуу рух деп билебиз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз