Дилазык: Адамдар жөнүндө терс ойдо болбо

  • 07.07.2021
  • 3216

Уламыш

Мурат деген Султандын эч кимге таанылбай карапайым адамча кийинип, эл ичин аралап, алардын жашоолорун байкоочу адаты болуптур. Ушундай түндөрдүн биринде Султан жанына жан сакчы башчысын ээрчитип келатып, жерде кыймылсыз жаткан адамды көрөт. Жакын барып караса, өлүп калган болот. Ары-бери өткөн эл ага көңүл бурбай өтүп кетип жатты.

Султан алардын бирин токтотуп, суроо узатты:

– Бул бечара эмне үчүн көмүлбөй жатат? Бул ким? Үй-бүлөсү барбы?

Ага:

– Бул бир жүргөн аракеч, аягы суюк, бузулган неме, — дешти.

Султан тактап кирди:

– Бул эмне Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага ар дайым Алланын мээрими тийсин!) үмөтү эмеспи? Келгиле, муну үйүнө жеткизип берели.

Ошентип аны үйүнө жеткизишти.

Тиги адамдын аялы күйөөсүнүн өлүгүн көргөндө бакырып ыйлай баштады. Эл тарап, Султан менен жан сакчысы жалгыз калышты. Аялы ый аралаш мындай деп жатты:

– О Алланын момун пендеси, сенин кудай жолунда түз жүргөнүңдү мен күбөлөндүрүп беремин.

Султан Мурат муну укканда таң калды:

– Кудайдын момуну дейсиңби? Эл ал жөнүндө жаман нерселерди айтып, анын өлүгүн карабай өтүп жатышпадыбы!

Анда аялы мындай дейт:

– Мен бул жөнүндө билем. Күйөөм күндө вино жасаган кишиге барып, алынын жетишинче вино сатып келип, дааратканага төгүп: “Бир нече мусулманды вино ичип күнөөгө батышынан сактап, сообуна калдым” – дээр эле. Ошондой эле түн сайын денесин саткан аялга барып, акчасын төлөп: “Бүгүн түнү эшигиңди башкага ачпа” – деп келчү. Үйгө келип: “Алхамдулиллах, бүгүн бир нече мусулманды күнөөдөн сактап калдым!” – дечү. Эл болсо ал вино сатып алып жатканын, аягы суюк аял менен сүйлөшкөнүн көрүп башкача ойлошчу. Бир жолу мен ага: “Кокус өлүп калсаң, сөөгүң мусулманча жуулбай, жаназаңа киши турбай калып жүрбөсүн” – десем, ал: “Коркпо, менин жаназама мусулмандардын башчылары менен аалымдар турушат” – деген эле.

Султан Мурат муну укканда көзүнө жаш алып мындай деди:

– Ал туура айтыптыр. Мен Султан Муратмын, эртең биз анын жаназасын окуп, акыркы сапарына мусулманча узатабыз.

Эртеси ал айткандай болду. Жаназага көп аалымдар менен шейхтер катышты.

Бул окуя бизге чын дилден чыккан ниеттин кандай болорун, Алла тааланынын жолуна багышталган ар бир иштин жообу жок калбасын көргөзөт.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз