Чоюн Өмүралиев: Жаңы Будда

  • 07.07.2021
  • 2872

АҢГЕМЕ

Күнгө жекшемби. Чакан шаардын чет жакасындагы чакан базардын ичи гүүлдөйт. Өйдө-төмөн агылган эл. Колдорунда баштык, муунчак-түйүнчөк, шыпыргы. Короонун бир ыптасын жалаң автодүкөндөр ээлеп, шырымалдын сыртынан опойтуп халат кийген дүкөнчүлөр соода кылып атты. Алардан обочо, алдыртан кардар издеген моюндары арык, коюндары семиз эркектер, капшыттуу сумкалары сырдуу тымпыйган аялдар. Жаз майрамы жакын калган.

Жалгыз гана короонун экинчи тарабындагы чарба дүкөнү ээн эле. Кирип чыккан киши аз. Эл биле-ет. Азыркы аял жалаң «импортный» сүйлөп, илгерки караңгы катындарды чаңына калтырган чак. «Сыйлык кымбат эмес, сый кымбат» деген номуруң эми өтпөйт. Жок! Азыр сый кымбат эмес, сыйлык кымбат, сыйлыктын баасы кымбат. Баасына кара, бардык нерсе, мүмкүн сенин сүйүүң да баа менен өлчөнүп калбасын. Ушуну унутпа! Тайсалдаба. Сейит айткандай «Пероод!».

Эркектер бу сапар да аялдардын өзүнөн жол талашып, сүрүшүп, баасы башын жеген норка тебетей, жакалардын, андан кем сокпогон өтүктөрдүн, жылтыраган жапон жоолугунун жытын искеп, шектүү жерлерди айлантып тооруп жүрүштү.

Чарба дүкөнүндөгү сатуучу кыз соодасы ирбит алган базардын кымгуут дүйнөсүнө кызыга карап олтурду. Ал демейде адам өзү аралашып жүргөндө агымы оп тартып кетүүчү бу дүйнөнү обочодон карап турсаң бир жыргал экенин ойлоп атты. Жаздын жагымдуу абасы кирсин үчүн кең ачылган терезеде базардын бака-шакасы:

- Зыкым кишиге айла жок экен да,— деди жөөлөшкөн топтун ортосундагы семиз жигит энтигип,— чөнтөгүмө эптеп жетип сууруп чыксам жалаң бир тыйындык чыкпаспы...

Тамашага эл күлүп калды.

- Алсаң келе, пулуңду узатпайсыңбы...

- Азыр, азыр, чөнтөгүмө жете албай атпайымбы.

- Шаштырбаңыз, алайын деп чөнтөгүнөн, албайын деп аялынан коркуп атса,— дагы бир куу такым «130 с» деген кагазы бадырайган өтүктү кармалап, чын эле эки анжы турган адамды чымчып өттү.

- Андай эр экенсиң, тетиги тебетейди качыр, баятан эч ким даабай турат,— деген бирөө эмелеки куу такымга «300 с» деген тегерек тебетейди нускады.

- Эми көп ычкынбай билмексен болуп колуңду коңшуңкуна сала кой,— өтүктү имере карап «изилдеп» бүтө албай аткан кишиге бирөө ушундай кеңеш айтты.

- Салганы салган, кокус жыртык болуп колу сойлоп кетсе шорлойт ко...

Эл күлүп атты. Күлкү күлкүнү тутантып атканын, же чөнтөктөрү бири-бирине дайын адамдар калп каткырышып, кара күчкө дыгдыйган бирөөнүн абалын айттырбай сезип, кытыгысы келип атканын ким билсин.

- Катыным «тиркатин» киет эле деп кекиртекти талга илемби,— бирөө жиниккен аттай чыга берди.

Базар бака-шака, куш базардай кужулдайт. Барган сайын сатуучу кыздын көңүлүн алым-сабак айтышкан эки үн көбүрөөк буруп баратты. Үндөр бир жазып тайып койбой улам-улам кайталана берди.

- Палавина сахар, палавина мет, плод свой агород, падхади народ,— жаш баланын бузула элек тунук үнү безбелдектей безилдейт.

- Половина сахар, половина мед, там половина правда, половина врет. Сюда, сюда подходи народ,— орусча маш болуп бүткөн кыз баланын үнү чаңкылдап аба тилет.

Сатуучу кыз аларды көрө албай жатты. Топ ачыла түшкөндө колу да тынбай, оозу да тынбай алма соодалап жаткан секелек кызды көрдү. Анан анын артында бийик үстөлдө олтурган абышканы көрдү. Атасы го? Кызынын соодасына алдыртан көз салып турса керек. Жок, барган сайын сатуучу кыз абышкага таң кала баштады. Ал үнсүз, сөзсүз, баарына кайдыгер олтургансыды. Ансыз да тырмап тешкендей жүлжүгүй көздөрү болор-болбос ачылгансыйт. Ирмелгени да билинбейт. Суюк чокчо сакалы, суйдаң муруту жумшак үлбүрөйт. Бырыштуу жүзү боз жаргактай кургак. Тирүү сезимдин тагы жок.

Ал бу куш базардай кужулдаган дүйнөдөн тажап болгонсуп, аны көргүсү келбей, кабыл албай, өз чебине өзү бекинип алып, табышмактуу дүйнөсүнө эч кимди киргизгиси келбегендей көрүндү. Өрдөктөй бийлеген таразаны кыяматтын кыл көпүрөсүндөй кылтылдап, үзүлүп түшүп соода жасап жаткан тегерегиндеги соодагерлерге ал чыны менен эле коошпойт, башка ааламга, башка... ооба, ооба өз кудайы Будданын ааламына өткөндөй көрүнөт. Келээр-кетээр тарки дүйнөдөн көпөлөктөй калкып кетип пенделигинен арылып, ааламдын бар танабын камтыган улуу Будданын кут жааган бейпил ааламына жанашкандай. Ушу учурда үстүндөгү калканчы да аны күндөн, жаандан, шамалдан, базардын кымгуутунан, бу бейоопа тирликтин түйшүгүнөн коргоп, бөлүп турган ыйык храмы сыяктуу сезилип кетти. Кыз аны кызыгып карап отуруп, кулагындагы базардын «сом» «тыйыны» өчүп, ал дагы билинбей бир сырдуу дүйнөгө көчүп бараткандай болду.

Түштөн кийин эл аягы сээлдеди. Бала менен кыздын алымсабагы да баягыдай жандуу эмес, караан калыңдай түшкөндө жандана калат, аларманды бири-биринен талашкандай атаандаша чыгат, кайра жалп өчөт. Алып сатарлардын жанында соодасы көп жүрбөгөн автодүкөндөр кетип бүткөн. Базар ээндеп, шааниси кайткан. Өзгөрбөгөн баягы гана чал болду. Кыз түшкү тамакка барып келсе, ал дагы эле колдорун көкүрөгүнө алып, көздөрүн жүлжүйтүп сүкүт салып, «пенделигинен тазаланып» олтуруптур.

Күн кечине тартты. Дүкөнчү кыз саатын улам каранып коюп, эриккенден суурмасынан китеп алып чыгып барактап отурду.

Эшик ачылып, баягы чаңкылдаган «жарчы кыз» баш бакты. Соңунан абышка кирди.

- Хызым, гичине жылып алсын, — деди ал дүкөнчү кызга кайрылып, алкымынан сүйлөп.

Секелек кыз жылуу темирге тизесин, ичин таяп, кырбуусун чыканактап, сыртты карап колундагы балмуздакты жеп атты. Ээк, мурду көгөрүп, колдору ичке билегине дейре томугуп кетиптир, бала да, ага карайбы, балмуздагын сонуркап жей берди.

- Хызым,— деди абышка дүкөнчү кызга кайрылып,— тыйын силерге геректир, айырбаш гылалы.

Ал каптал чөнтөгүнөн майланышкан салмактуу баштык суурду. Баштык күмүш тыйын, жез тыйынга толо эле. Дүкөнчү кызга бу ырас эле керек болчу. Анын үстүнө убакыт өтпөй зеригип аткан.

Экөөлөп тыйын санап киришти. Ар жүз сайын абышканын тамырдай эби-сыны жок манжасы чоттун таштарына көзгө илешпей жабыша түшөт. «Чахх!» дейт ээн бөлмө жаңыра. Абышканын көзү ойноп кетет. Баёо кыз анын шамдагай кыймылына ыраазыдай жымыңдап койду. Абышка да эмнегедир күлүңдөп жиберди.

- Жахшы хара, хызым,— деди ал,— чыпалагым ашык тартып койбосун.

Кыз күлүп койду. Абышка да күлдү. Муруттары мышыктыкындай бириндеп, көздөрү кумардуу жылт этти. Кайрадан санай баштады. Санап болушкан соң абышкага кесек акча берди. Ал үстөл үстүндөгү акчаларды алмакчы болуп баратып калдайган жеңи менен абайсыз чачып алды. Анан жерде бириндеп жаткан акчаларды эңкейип терип кирди. Терип жатып үстөлдүн астынан дагы абайсыздай кыздын балтырларына колу тийип кетти. Кыз элес албады. Анан ал абышка эми дагы атайылап эле былбыраган алаканы менен сылап алганын көрдү. Кыз мунун баары эмне деген кеп экенин түшүнбөй дендароо боло түштү, кандай кыларын билбей кетти. Алайып абышканы карап алды. Ал чака тыйындай сапсары сейрек тиштерин, кызыл бүйлөсүн көрсөтүп өзүн зордоп күлдү.

- Жахшы хыз... Жахшы хыз, сен ал, майрам бар алдыда,— деди тутамдаган акчасын сунуп. Анан эсталмасы кармагандай элейген кызга карап шашкалактап кетти. Үнү ыйламсырап, далбасалап чыкты:

- Ал, ал, сен ал, майрамга ал!..

Абышка эми күймөлө калып ички жүрөк туш чөнтөгүнөн алтын шакек сууруп чыкты, чөгөлөгөн калыбында кызга сунун көзү ойноп кетти. Кыз эми гана тиштери шакектей сапсары чалдын ниетин ушунда гана түшүнгөндөй болду. Өзүн күчтөп муздак күлүп турган чал жемине кол салууга комдонгон жырткычтай, көмөкөйүнөн секин ырылдап туруптур. Кыз ичиркенип өзүн-өзү кармай албай эриндери титиреп кетти:

- Арсыз! Чыгыңыз!.. кетиңиз дейм, азыр! — деди ал калчылдап. Анан туттуккандай ыйлап жиберди...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз