Чоюн Өмүралиев: Киши. Үй бүлө

Акыйкатта, «конфуцийлик» эле эмес, мүлдө адамзаттык! Анткени, Киши, Үй-Бүлө – коом жашоосунун алгаачы негизи, биринчи уюткусу, уюлу! Мамлекет негизи! Эски таанышыбыз Энгельс айтмакчы: «Үй-бүлө – жеке менчик жана мамлекет теги», кеби бир. Тек, «жеке менчик» классикалык кемелине келип, мамлекет маӊызын өзгөртүп (кошо: «Киши», Үй-Бүлөнү»!) түп Батыш, түп Чыгыш жолдору айырмалуу өнүгүп кеткени, башка кеп.

Эми капитализм Чыгышка араандуу кирген кезде, ага такаат – Киши уулунун өзүнүн ага ылайыкталышы, т.а. өзүнүн жан табиятын (улут ыӊгайын!) ага ылайыктай сакталышы, өнүгүшү башкы шарт турду. Бая биринчи пионер Сибусава Эйдзинин биринчи көйгөйү ушул эле – өлкөнү жаӊы шартта өркүндөтүш үчүн, биринчи, Жаӊы Адамдын өзүн өстүрүп тарбиялаш керек. Жаӊы Адам өзүн гана сактабайт, рынок менен кошо өз саясатын, өз идеологиясын, өз философиясын (колониал!) кошо ургаал алып кирип жаткан экинчи сырт Адамдан өлкөсүн сактайт. А бул үчүн Адам[дар]га – Эрк, Нарк, бириккен Ынтымак зарыл. Сибусаванын Нарк-Салт атасы Конфуцийге зарылганы, сабылганы ушул эле. Сибусаванын эле эмес, жалпы эле «конфуцийлик мейкиндин»!

«Конфуцийлик мейкиндеги» Киши, Үй-Бүлө коргонуна саал төмөндө кайрылабыз. Биерде ушул зор мейкин менен биздин көчмөн дүйнө ортосунда кантсе да «азиялык» кай бир жалпылыктардын жаткандыгын учкай нускай кетүүнү эп көрөбүз. Сөз болгон жапан эл мисалында. Биздей эле эл, биздей эле кишилер, бирдей эле кыртыштан, нарктан-салттан кантип дүйнөлүк державага өсүп кеткен изин излеп коюш үчүн…

Жапан кишиси курагына карап үч түрлүү аталат:

1. сэмпай – улуу;

2. кохай – кичүү;

3. дорё – курдаш, теӊтуш.

Бири-бирине кайрылышканда, Жолуна карай – «сэмпайга» карата «сан» мүчөсү туруктуу колдонулуп айтылат, бизче «аба, ага, акэ, байке» демеги. Тэрасава-сан.

«Кохайга» карата «кун» мүчөсү туруктуу жалганып айтылат, бизче: «ини, үкө» демеги. Тэрасава-кун.

Ал эми «дорёге» мүчө жалганбайт, тике кайрылат, антмеги – теӊ тууш. Бизче: «э, тууган», не, «э, ашына» дегендей кеп.

Куракка жараша сыйлашып мамиле кылуу – качан болсун, кай жерде болсун, кандай шартта болсун, жашоодо өзгөрүлгүс, туруктуу. Жаш курагына карай алардын Орду да так аныкталган. Орун, алтургай, салтка ылайык курулган үйлөрүнөн да байкалат. Бөлмөдөгү эӊ сыйлуу токонама (төр) тушуна салттуу гүл коюлат, салттуу сүрөт илинет. Анын туура маӊдай тушу – улага, биерге курагы эӊ төмөнү отурат.

Баамга илингендей, түгөл көчмөн турмушу, боз үй тартибине дал.

Жапан коомунда куракка эле окшош даража-катыш да орун алган. Мында эки кишинин бири жогорку, экинчиси төмөнкү деӊгээлден мамиле этишет. Жогорку – оябун (ата); төмөнкү – ко (бала). «Ата» – балага көз салат; «Бала» – атага кызмат кылат.

Бул да кыргыздын салттуу маданиятында кездешкен катыш-мамиле. «Балаӊ-ботоӊ болоюн» деген бири – экинчи бир кадыр-сыйлуу кишини өзүнө «Ата» кылып алган. Жай турмушта эч түз тууганчылыгы жок эле кишилердин «ака-үкө» деп ысык сыйлашкан мамилеси да ушуну эске салат.

Коомдо катыш-байланыш, негизинен, үч топко бөлүнөт:

Биринчи топ – урук-туугандар. Булар жалпы бир «Иэ»ни («Үй») түзүшөт да, мамилелери өтө чукул болот.

Экинчи топ – ургаачы тарап (эне, аял, кыз-кыркын). Булар бизче – тага журт, кайын журт, куда-сөөк катары мүнөздөлөт.

Ушул эки топко кирбеген элдин баары «жат» («чужие люди») аталат. Мына ушунун өзүндө да кыргыздын кадимки эле «жеке» (өз) жана «жат» (бөлөк), б.а. «жек-жаат» деген топтук бөлүнүүсү жатканын баамдоо анча кыйынчылыкка турбайт.

Мындан тышкары, жашоо турмуштун ар кыл жагдайларына жараша кишилер, топтор өз алдынча «ынтымаки» («тесные отношения») катышын түзүп алышат. А мында да кыргыздын кадимки эле «ынтымак» деген сөзү, ысык мамилесинин өзү турат!

Булар жапан салттуу коомунда миӊ жылдап калыптанган катыш-мамиленин бир-бир жылт учкундары. Мисал тартканыбыз – коом жаӊы рынок мейкинине киргенде ушул эле кылымдык катыштар өз уӊгусун сактай (уӊгу-мораль!) өндүрүш мамилесинин өзөгүнө да чырмалыш өрүлүп кеткен.

Бир ишкана – бир «Иэ» («Үй») деп саналат. «Үйдүн» улуусу бар, кичүүсү бар. Ар бири өз-өз ордунда. Ортодогу мамиле салт чегинде – сыйлуу. Ишкана ээси жумушчуну үстөмөн бийлебейт. Тескерисинче, жумушчу бар жөндөмүн жумшап «Үйүнүн» кирешесин арттырат. Ишкана да ар мүчөсүнүн тирчилик түйшүгүн мойнуна алган.

«Жаӊы Адамдын» үлгүсүн да Сибусава кайрылып эӊ байыркыдан – салттан, Конфуцийден тапкан. Эл ичиндеги Эрден!

Конфуций окуусунда, бул – цзюнь-цзы, орус илими «благородный муж»«нарктуу жан» деп маанилейт. Биздин элдик тилдеги элдик мыктыларга карата айтылган «Баатыр», «Эр» деген атамак (сөзсүз эле кылыч чаап, найза сукпайт) ушул «жуӊзыга» туура келет. Иероглифтен так түркүчө окулушу эр +  ен > эрен.

Эр, Баатыр – адамдык касиети, кылган иши, жүрүм-туруму, сүйлөгөн кеби, чечкен маселеси, баары, баары башкача! Ал – Баатырга гана мүнөздүу, кайталангыс («Эр атаӊгөрү! Баатыр экен!»).

Сибусава – жапан бизнесчиси мына ушул «Жүӊзы-Эрендин» нак үлгүсү болушу милдет деген.

«Если сам встал на ноги, сделай, чтобы и другой встал на ноги».

Эгер бутка туруп алсаӊ, башкага көмөк бер. Кенен бол. Экөөӊ теӊ бир элдин кулунусуӊ. Экөөӊ мыкты болсоӊ – Эл жакшы. Биригип бир Элди (жапанды) көтөргөнүӊ, атактантканыӊ. Жалгыз дарак токой болбойт. Конкуренция – атаан чабыш эмес, ынтымак кол кабыш! Кадырлашуу, сыйлашуу.

Андан нары:

«Если ныне в торговле, промышленности мы сможем руководствоваться именно этими ценностными критериями, это подобно тому, как в прошлом самураи проявляли своё воённоё мастерство и доблесть на поле брани, Япония сможет конкурировать с любым государством мира в бизнесе и торговле».

(Л.Переломов, 263-б.)

ТЭӉИРЧИЛИКТЕН:

«Абалтан келаткан салт ушул: чыныгы баатыр, чыгаан күлүк, ак таӊдай акын, сулуу кыз, алгыр тайган, кыраан куш элдики болгон. Эл ушул дөөлөттөрүн аруу асырап, баптап-таптап, алкынтып-кулпунтуп топ жарган. Булар «калк намысы» болгону ошол.

Эл өзүн ушуну менен көтөргөн, ушуну менен сактаган, ушуну менен даӊазалаган. Эл коргону ушул болгон. Ошон үчүн жеӊиштүү баатыр жеӊилген эрге кайрылып айкөлдүк кылган. Аны катарына алган. Мөрөйлүү балбан же найзакер эртеси жыгылган эрге арналуу жолугуп, алдына ат тарткан, үстүнө тон жапкан. Азаматтыгын сыйлап кадырын көтөргөн. Анткени, мындай эрдин баары эле сай ташындай чачылып жатпайт. Биригип келсе – эл күчтүү, түйүлүп келсе, журт түптүү».

Кыргыз элинин канында дамамат удургуп аккан намыс, атаандаштын кадырына жеткен кенендик, атургай, душмандын эрдигин баалай билген айкөлдүк касиети, анын кан майдан талабын жаӊы заман-рынок майданга качан да болсо каргытып кирип, аргытып чыгар жетик наркынан кабар жеткирет. Самурай-Жуӊзыдан канча артык!

Сибусаванын конфуциандык капитализм идеологиясы калыптангандан кийин, анын натыйжасы, о кийин, кийин «жапан керемети» («Японскоё чудо») атагында дүйнөнү дүң тербелткенден кийин, кеминде, кылымга жуук убакыт өтүп Батыштын прагматик аалымдары бул кереметке таӊ калып баш чайкашканы бар.

Алардын бири – Герман Кан «Появление сверхдержавы Японии» (1970) аталган китебинде минтип жазганы бар:

«Конфуцианская этика во многих отношениях превосходит западную в контексте решения задач индустриализации, обеспечения богатства и модернизации… В некоторых случаях способность к решительным и эффективным коллективным и организационным действиям и усилиям является более важной, чем личные качества, хотя, важно и то, и другоё.

В неоконфуцианских обществах в высшей степени поощряются хорошо отлаженные, гармоничные человеческие отношения в коллективе. В какой-то степени это связано с иерархией, существующей в отношениях между людьми, но еще в большей степени с осознанием того, что люди дополняют друг друга. Такоё понимание присуще больше конфуцианскому, чем западному обществу».

(Л.Переломов, 264-б.)

Бул мисал – экөө тең отурук коомдун (батыш-чыгыш) бир биринен канчалык айырмалуу жатканын канкуулайт. Эми кишилердин ортосундагы бир муштумга түйүлгөн ынтымак, иерархия арасындагы таӊ каларлык ырашкер ыраат, эки отурук коомго тең салыштырмалуу көчмөн коомдо канчалык так, табигый жана ошончо жемиштүү, өрүштүү.

ТЭӉИРЧИЛИКТЕН:

«Уюл сырын бир аз чече айталы.

Бая нарктуу адамдан Тэӊир Эрки беш сапатты – адилдикти, дээр-акылды, изги-чынчылдыкты, милдет-намысты жана адат-салтты сактап жашашын зарылдайт деген элек.

Нарктуу шер өзүнүн Тэӊирге шай ушул беш сапатын дайыма реалдуу кырдаал-шартка карай таразалап алып жүрөт. Айталы, журт бейпил чактары анын наркы бейпил; тунук Көктөй мемиреп сырты жоош да ичи тереӊ акылман, рух кубаты Жан дээрин Көк дээрине жалгоо Жолунда тереӊдейт. Адат, Салт тутунуп, адил, изги жашайт.

Жок, кара түндөй түнөрүп, жоо калыӊы көрүнсө, нарктуу Шер да Көк Тэӊирдей чагылгандап намыс жаалы күрр-шарр ойгонот. Нарктуулуктун беш касиети биригип баары беш манжадай бир НАМЫСКА түйүлөт да найза учунда, кылыч мизинде ышкырып тирилет. Кудуреттүү кубатка айланат.

Нарктуулардын беш сапаты Тэӊир талаптаган экинчи беш принцип «Сыйга» шай жуурулуп, төмөндөн өйдөгө өскөн көчмөн коомдун иерархиялык тепкичине айкалыша улам жогорулаган сайын укмуштуудай бир жомоктогудай ынтымак ыраат-күч келип чыгат. Ал «Эл Биримдиги» деп аталган.

Эл Биримдиги да Шер наркындай – шартка карай бирде мээрлүү, бирде каарлуу –

Жеке адамдын намысынан Үй намысы бийик;

Үй намысынан Чоӊ Үй намысы бийик;

андан Ата Уулунуку;

андан Ата Уулдуку;

андан Уруктуку;

андан Уруунуку;

андан Улуттуку;

же Эл Намысы – Ыйык Тогузак баарынан бийик туруп, туу көтөрүлгөн.

Анын тэлэгэй урааны бу:

«Атаӊды жоо чапса карап турба», же «Атаӊ жоого чапса кошо чап!»

Ушул ураан тогуз тепкич иерархияда бир кыймылдап, толкуну толкун улайт.  Мамлекет  бир кишидей  бир  муштумга  биригет.

Эл толкуса Жер толкуган кудурет күч ошентип төрөлөт…»  

(Теӊирчилик. Б. 1994, 132-б.)

Рынок, бул – майдан!

Ар тынчтык күн – эртеӊки согушка даярдык!

Сибусава үңдөгөн жүӊзы идеалына, Герман Кан таӊ калган иерархия шайлыгына негиз – Улуу Ынтымак уӊгусу ушу көчмөн мейкинде жаткан… Конфуцийге булак ийиген!

Төрт касиеттин төбөсүндө, бешинчи Чок орногон – Ак Калпак философиясы! Төгөрөктүн төрт бурчу, төбөсүндө Күн орногон – Орток-Тогузак философиясы! Бул кептин мааниси анан барып Конфуцийдин түп теги тууралуу кеп кеткенде тереӊден ачылмагы бар…

Ушинтип, «Киши», «Үй-Бүлө» – «Рынок» катыш уӊгусунун нарк учугу нускалганы соӊ эми калган мисалдарга учкай тына кетсек болот – Конфуций мейкиндеги.

Ли Дэнхуэй, Тайвань Президенти:

«Мы должны начать с самого основного – возродить семейные этические нормы»

(«Так-таажылануу аземиндеги» расмий сөзүнөн, 20.04.1996.).

Ли Ин Сонг, Түштүк Корея Президенти:

«Пропагандируемый конфуцианством коллективизм в не меньшей мере способствовал тому, что население приоритетноё внимание уделяло таким ценностям, как семья, работа, родина, эти ценности естественным путем обеспечивали повышение производительности труда» (1997).

Пак Чонхи, Түштүк Корея Президенти (1963-1979):

«В последнее время предпринимались попытки доказать, что лояльность по отношению к стране и сыновнее уважение к родителям являются архаичными, устаревшими конфуцианскими понятиями.

Это не так: тот, кто не руководствуется этими понятиями в своёй жизни, вряд ли может быть искренним даже по отноёшнию к самому себе. Несмотря на наличие в этих понятиях элементов коллективизма, они являются сердцевиной концепции персональной ответственности индивидуума… в коллективе должна поддерживаться гармония.

В древние времена Корея была известна как страна «ритуалов и этикета». …Сегодня мы восстанавливаем эти понятия, чтобы улучшить семейную и общественную жизнь, они вне всякого сомнения, вполне вписываются в современные стандарты этики и морали.»

(«Возрожденная Корея: модель развития» Интернет)

Мохамад Махатхир, Малайзия премьер-министри:

«На западе упадок семьи является явным: сначала разрушились семьи, состоявшие из представителей нескольких поколений, ныне же под угрозой институт семьи как таковой. Семья теперь рассматривается лишь как временноё сожительство двух или более людей, иногда принадлежащих к одному полу, иногда с детьми.

Эта тенденция проявляется и в увеличении числа семей с одним родителем, что является последствием «сексуальной революции», начавшейся в 60-е годы, и в растущем числе разводов. Дети выросшие в таких семьях вряд ли усвоят ценности семейной жизни, вероятнее всего, они продолжат традиции несемейной жизни, и усвоят связанный с ней тип морали, вернее – ее отсутствие.

Они также будут презирать институт брака, сожительствуя с партнерами, принадлежащим к одному и тому же или противоположному полу, как и их родители.

Это не тот тип общества, к которому стремится Малайзия. Мы хотим сохранить семью, в том числе семью, состоявщую из представителей нескольких поколений…».

(«Путь вперед»)

Тык! Ушул соӊкудан сөздү уласак, «несколько поколений» дегендин эле өзүндө эмне жатат? Ашып кетсе, 3-4 атага жетип-жетпеген санак жатат. Отурук жашоонун өзү ушул – биякта санжыра санаттын мааниси жок, зарылданбайт. Кыйын болсо эки ата ашып, үч атага жетип-жетпей тууганчылык байланыш үзүлөт. Чоочун тартышат. Тек, үй-бүлөлүк «короо книгеде» ата-бабаларынын (ошондо да, болсо!) жүрөккө, сезимге түк конбогон жансыз тизмектери чиймеленет.

Болгону, ошо. Корей Президенти Пак Чонхинин:

«Акыркы кездери ата-энеге урмат-сый, конфуцийлик архаика сыяктуу баалануучу болду» - деп күрсүнгөнүндө ХХ кылым акырындагы турмуштун ушу ачуу чындыгы жатат.

Мындан да тагыраак айтсак, Мохамад Махатхир таамай белгилеген Батыш дүйнөсүндөгү «үй-бүлө» институту чөккөн тереӊ деградация таасиринен «чыгыштык шоорат» кагылат.

«Үй-бүлөнү сакташ керек, Конфуцийди кайырыш керек!» - деп мамлекет жетекчилеринин деӊгээлинде жарыя салынып турушунун эле өзү өлкөдөгү кишилик нарк-насилдин абалынан астейдил кабар жеткирет. Батыш-Чыгыштын Үй-Бүлө картина фонунда алып караганда, төрт эмес, «кырк муун» санатын «атага – өйдө; балага – ылдый» ар бирин өз-өз аталыштары менен тапатак аныктап, так атап койгон элдин касиети кандай-эй!

Эсеби:

Түп атага карай: I. Ата; II. Чоӊ ата; III. Баба Ата; IV. Буба Ата; V. Кубаары Ата;

VI. Жото Ата; VII. Жете Ата; VIII. Мушту Ата; IX. Тек Ата… XL. Түп Ата;

Түп урпакка карай: 1. Бала; 2. Небере; 3. Чөбөрө; 4. Чебере; 5. Кыбыра; 6. Кибире;

7. Урпак; 8. Кыймылда; 9. Кыӊылда... 40. Жарбаӊда.

Булар жөн гана жансыз санак эмес, түп атаны мелжеп кеткен Жолдогу тууган аралык жандуу ынтымак! Тарыхый эс!

Мындан тышкары, өзүнчө эле илимге булак – социология, генетика, евгеника-укумчулдук, статистика, демография. Анан да, отурук Чыгышта (Батышка шам жок!) үч ата өтүп унутулган улаан-кыйыр мейкинден нары созулуп жаткан улуу санжыра-тарых – жети ата, урук, уруу, канат, артылып – Улут!

Ооба, афсана, аӊыз эмес, дал тирүү улут тарыхы! Афсана-аӊыз – тирүү реалдуу түп тамырлардан ажырап калганда чыгат.

А көчмөн дүйнө, асыресе, улуу кыргыз жандуу учугун эч качан жоготпогон!

Кыргыз деген абстракттуу эл жок! Солтодон турган, сарбагыштан турган, бугудан турган конкрет эл бар.

Жедигерден, жетигенден, саруудан, кушчудан, дөөлөстөн, тейиттен, мундуздан, каӊдыдан, баргыдан, кыпчактан, кыдыршаадан, мунгуштан, моголдон… турган 40 уруу кыргыз бар.

40 өзөндөн куюлуп түшүп бириккен кыргыз деген ДАЙРА бар. 40 өрөөн тиреп барып Хан Тэӊир чокуга өскөн кыргыз деген ТОО бар. 

Бул, 40 атам маа шыйгарган түпсүз кырк Укук дагы;

40 атам мага таккан түпсүз кырк Милдет дагы – КЫРГЫЗ болуп жашамакка, КЫРГЫЗДЫ сактамакка!

Бул эмне деген узаакы чыӊ, тектик чынжыр! Бул эмне деген жалпы элдик биримдик! Же бая, аабал сөз башына бир кылчайсак: «Тэгиндеги – тамырлаштык жашоосундагы тагдырлаштык акыры жүрө-жүрө уруулардын жантабиятындагы кынтыксыз бир жалпылыкты айныксыз калыптандырган.»

Ал:

бир уруулук (өз) бирдикке да так;

ар уруулук (эл) биримдикке да ак –

Асман-Жерлик шай гармониянын анык үлгүсү болуп кала берген.

Кыргыз же жалпы эле көчмөн дүйнөдө Уруу деген бирдиктин эӊ туруктуу да, эӊ турактуу да; эӊ чачылгыс да, эӊ бөлүнгүс да; эӊ аялуу да, эӊ жаралуу да; эӊ талылуу да, эӊ зарылуу да; эӊ табыштуу да, эӊ намыстуу да болуп Элге таяп баргандагы эӊ соӊку түркүк түшүнүк болуп калгандыгынын түпкү себеби, ушул тереӊде. Ушул кэрэӊде.

Кырк  Ата  Санат!   Кырк  уруу  КЫРГЫЗ!

Зор Азия эки жарым миӊ жылдык улаан-кыйыр тарыхына Конфуций илимин тээк тутуп, коомун модернизациялап, өзүлөрүн сак-сактап жатышса, биз, кыргыздар, эки жарым миң жыл тарыхка түптүз ата санак санжыра менен кудуп кирип, тутум чырмалышып турсак, бул эмне деген керемет байланыш! Ыйык чынжыр! Үзүлгүс-сүзүлгүс. Дал өзү!

Кай жерде, кай заманда гана болбосун душмандын аракети дайыма элди ичтен иритүү, ынтымагын ыдыратуу болгон. Кай заманда, кай жерде гана болбосун элдин аракети өзү уйушуу, душмандан коргонуп ырашкер биригүү болгон.

Топтук ынтымак, топтук намыс, топтук жоопкерчилик деген, бул – айрым-айрым жеке мамиле эмес, калкагар бийик, касиет ыйык. Биерде, ээзелден эл элегинен тангыс өткөн: «баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн» деген талап милдеттүү иштейт!

Же бая, сөз башында айтылгандай, улуттук ынтымак азыр, бизде, уруулук ынтымак формасында баштан кечип жатат. Улут өзүнүн «каганат тарыхый эсин» 40 уруунун кыйырлуу кезген жолу аркылуу калыптап жатат.

Ителги-Имерик заман бийигинде кайрадан өзүн заманбап аӊдап жатат. Болгону, ушу. Мунун делдейип эч үрпөйөр жери жок (өз уруусунан өзү коркуп!), тескерисинче, даӊазалуу, сыймыктуу процесс бул. Келечекте дагы демейт. Бизнес чөйрөсүн камтыйт. Адил бийлик түзүлүшкө катышат. Эл-мамлекетинин элдик пайдубалын бекемдейт. Уруулук мазмун бизде улуттук деӊгээлге эбак өсүп кеткен.

Улуттук аӊ-сезим улам жаӊы бийигине өскөн сайын улуттун ынтымагы улам ирилешкен форма күтө берет, өзүн анык-канык таанып болгучаӊ! Кудум, кеменгер Гегель бир кез айтмакчы, Абсолют Дух азыр өзүн улут формасында аӊдап жатканы. Огуз Каган аркылуу ОБОГО бир кайыгычаӊ!.. (Бул тууралуу сөз келер бапта.)

Демекчи эми, Жерге түшсөк, Дэн карыяны кайра эстесек, «ак мышыкпы, кара мышыкпы, айырмасы кайсы, акыры чычкан алса болду да»… Кыргыз акыры ынтымакка келсе болду да. Жок, бул да эми жетишсиз бизге. Бая айтылган – бизге барс керек, БАРСБЕК!

Анткени, биздеги максат эми «чычкан алдырыш эмес» (аны «мышыктууларга» калтыралы), алдыда Азия Борборунда жаӊы руханий цивилизация ураанын салуу, керегесин калоо. А мунун идеалдуу идеологиясын алып жүрөбүз, МАНАСТА!

Эмесе, конфуцийлик мейкиндеги «жеке адам, үй-бүлө» философиясы, анын рынок заманга айкаш жашоосу жайындагы кепти (дүйнө – түбөлүк рынок; жашоо – дайымкы алака!) эки мейкинден – «Эр», «Жүӊзы» табиятынан бир-бир мисал келтирүү менен жыйынтыктайбыз.

БИР Тэӊирчилик мазмундун Лао – Куӊга эки ажырап кеткен («табигыйлык» жана «коом») жана эч ажырабай чулу калган («манастуулук») эки мейкиндеги «Жүӊзы» жана «Айкөл» табиятын эстен бир-бир сыдырып алмакка – алгы баянга учук чыгарып…

Ли Куан Ю, Сингапур экс премьери:

«Я воспитывался в семье, в которой жили три поколения, в силу чего, несознавая стал конфуцианцем. Это входит автоматически в тебя, конфуцианская вера в то, что общество лучше работает там, где каждый человек нацелен на то, чтобы стать джентельменом. Идеал – это цзюнь-цзы, господин. Это значит, что он не совершает злых поступков, он старается быть добрым, он подчиняется своёму отцу и матери, верен своёй жене, правильно воспитывает своих детей, хорошо относится к своим друзьям и он хороший и преданный подданный своёго императора…»  

(«Сингапурскоё чудо». М., 2015, 191-б

«Качество человеческих ресурсов каждой нации – важнейший фактор, определяющий конкурентоспособность страны. Предприимчивость, изобретательность, сплоченность рабочих, придерживающихся правил взаимной этики, делают их практически непобедимыми.»            

(«На пути из третьего мира в первый». М., 2015, 227-б.)

ТЭӉИРЧИЛИКТЕН:

«Манас океан дейбиз, мухит дейбиз, улуу дастан дейбиз, бирок баарын бир такта бетине жыйып келгенде эпос деп ошого байлайбыз. Мейли миң гениалдуу дейли, миң улуу дейли, миң тарыхый дейли, трагедия-прагедия дейли, акыры ага чыгарма катары карап келебиз. Ушундан арыла албай койдук. «Атка мингенде эле көчүгүң кыйшык болчу» дегендей, Сакеңди Гомерге салыштырганда эле иш бүтүптүр. «Илиаданы» эпос десе болот. «Махабхаратаны» айтса болот, «Гэсэр», «Жаңгырды» айтса болор.

Манас бул ченемге сыйбайт. Ал – Теңирге жалганган. Андыктан аны тырмакчага да алып жазып болбойт. Мунун улуулугу, чексиздиги ушунда: Алманбетиң да Манас, Чубагың да Манас, Бакайың да Манас, баары Манас. А тургай Коңурбай, Агыш, Түкүбайың да Манас экендиги!

Манасчы кай жакка булуңдаса ошол жагы ошончо чексиз, ошончо баатыр, ошончо сулуу, ажайып түпсүз тартат. Бет алдыңда ошол дүйнө, ошол учур гана калат. Манастын кай жерине кирип кетсең, ошонун ичинен чыкпай өлөсүң. Булуңунда өмүр чарчайт.

Башкасын койдум, Агыш менен Түкүбайды эле айтсынчы, манасчы кызып бергенде бүтүн баарын унутасың, бет алдында Түкүбай өзү гана калат түктүү таманы менен. Ошол учурда Түкүбайың бир тең да, бүтүн дүйнө Манасың баш болуп, кырк чороң каш болуп баары көз көрүнөө унутулат, Түкүбайдын түк таманы алдында түккө арзыбай калышат.

Канжасын корр-корр буркураткан кан Коңурбай кандай шер. Анын шерлигин айтып турганда Манасың тээ тиякта калгандай. Арманын айтып-зилдеп кирсинчи, дилиң жашып, айтканын түгөл эл көрүп, кошуунуна кошулуп кыргызга бир саам жүргүң бар. Ал өзү «оң, терс» деп тарс айтылган чындыктарын чымын жанын чыркыратып иер бир аалам.

Армандуу Алмаң менен көйкашка Чубактын күйүшүп кеткен жеринде, улам биринен биринин сырттандыгы ашып, бириникинен бириники эп болуп турган тушта, Дүнүйө дүнүйөлүгүнөн түтүп турган чакта, айтчы, ошондо кан Манасың кай кычыкта калат?!.

... А көрсө, ошонун баары Манастын Айкөлдүгүнө баткан, Манастын Айкөлдүгүндө жаткан кубулуш экен. Манастын Манастыгы, теңдешсиз Айкөлдүгү, ана ошондой шерлердин баяны арасында ачыкталат, ошол опол дүйнө анын жан жагында айланат.

Ай менен Күндүн БИР ӨЗҮ, Алтын менен Күмүштүн жалгыз ШИРӨӨСҮ ошондо көрүнөт...»

Тык! Бул не? Кандай жан өзү? «Киши уулу» дешке болобу муну, мүмкүнчүлүк калтырылганбы? Же кызылдай эле идеалбы? «Идеал» десек, ийне көзүнчө аган умтулушка шоонадай шоола берилгенби,  укумдай  учук  сап  артканбы?  Алдэ...

Дүйнөлүк сырттандын сүрү алдында суруң качып, жан калтаарып, дил муздап, канатың шалдая чабылып, жарты ооз жоопсуз, тил-оозсуз дүйнөлүк  мукурайсың...

Кайрылып буган учук жоопту байыркынын кош даанышман, бая Куңзы менен Лаозынын дүйнөлүк эрөөлүнөн табасың – биринин жолу Ак Сарайга түшкөн, экинчисинин сапары эрме чөлгө кайыган. Экөөнүн эки бөлүнгөн жеринде, тык... жок, бөлүнбөс жигинде – Бир Айкөлдүк тунат... Идеалдын  да ИДЕАЛ!

Идеал Эр затында эле эмес Үр затында тунганы, дагы канчалык керемет!  Акундун кызы Айчүрөктөн бир сабак:

Кара жерге кар жааса –
Карды көр да, этин көр.
Кар бетине кан тамса –
Канды көр да, бетин көр...

Мынчалык аруу сулуулукту дүйнө поэзиясы билеби?  Билеби!  Бу сулуулук сыртта элеби?..

Айкөлдүн уулу Эр Семең жашыруун келген Коңурдан капыс жаралуу болуп, аяктай ок коргошун көөдөндөн түшпөй токтолуп, ошондо аташкан жары Чүрөктүн ок аттаган жайы бар. Бир аттайт – түшпөйт, бу бир кокустуктур; эки аттайт – түшпөйт, жок, бу эми окустук эмес, эмес... Ошондо көзүнүн жашы он талаа, көөдөндү эзип миң санаа боздоп ийген бейтаалайдын элесинде эчаккы өткөн эки окуя булаңгыр сыдырылган экен:

  • биринде – үйүр четинде, токмок жал тору айгыр күтүүсүз сулууча сур байталга аша бергенде кулун салып турган кыз Чүрөк – улуу табийгаттын мыйзамы (!), - эркинен тыш ийсинип ийген  экен...
  • экинчисинде – Чынкожо, Толтой ээлигип Айчүрөктү алмакка, Акун кандын шаарын камалап алган тушунда, аккуу кебин кийинип Көк кезип учкан гөзөлзар, али Семетейин көрө элек, тээ үлбүл Жердин четинен капыс бир эренди көз кыйыгы чалган экен, мында бир сынап алган экен: «атээ, жаш курагынын саал өтүп калганы болбосо, жалыны башка эр экен...» Бул, кадимки канжалуу кан Коңурбай шер эле.

«Ушул балалык-жаштык эки айыбым» болбосо, Жаратканым, Айкөлүмө неден жаздым!.. » деп буркурап туруп үчүнчү жолу аттаганда ок Эр Семеңдин оңурайган көөдөнүнөн «кылк» этип шиберге оонай түшкөнү... Мынчалык ички тазалыкты дүйнө акылмандыгы билеби?

Билеби! ...???

Ооба, Манас, Семетей адам уулундагы ааламдык айкөлдүктүн айгине чагылышы болсо; Айчүрөк эжебиз киши затындагы сырткы-ички мүнсүз сулуулук-тазалыктын ааламдык гөзөл үлгүсү!  Идеалдан  да  ИДЕАЛ!

Чыйырды, Каныкей апабыз, Бакай, Кошой бабабыз, ар бири, ушундай карк касиет. Кайталангыс!  Идеал!!!

Эмесе, Идеалга  умтулган  адамдар  Идеалдуу  Коом  курат.

АЙКӨЛ  ааламына  да  бир-бир  жердик  учук  калтырылган – Лао,  Куң шай  БИРлигинде;

ОРТОК-ЖЕКЕ  идеалдуу  катышында.

Демек, Идеал Коомдун да бир-бир учуктары асманда, ирреалда эмес, жерде, реалда турат.  Алыскы эмес – жакынкы!  Эртеңде эмес – бүгүндө!  Бул  тууралуу  сөз,  анан...

Баса, Айкөлдүккө умтулуу да кыялый эмес, турмуштук. Мунун да бир көрүнөө үлгүсүн, күнү кечээ эле биздей эле эл – корей берди, дүйнөнү таңгалдырып! Түштүк Корей эли – 1998-жыл, дүйнөлүк финансы кризисине (атайын түзүлгөн!) дүйнөлүк каяша ыргытып! Бул тууралуу да сөз, анан...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз