Адабият – адам жөнүндөгү көркөм өнөр

  • 04.03.2024
  • 4013

“Сулуулуктан улуулукка Мурза Гапаров баяны” аттуу Абдыкерим Муратов түзгөн китептеги М.Гапаров менен Чоюн Өмүралы уулу, Алым Токтомушев маектешкендеги өрнөктүү ойлор.

*     *     *

Улуу кишилер гана түшүнөт экен улуу кишилерди...

*     *     *

Өзүңдү өзүң жетелеп адам кылбасаң, сени адам кылайын деген киши жок кыргызда...

*     *     *

Жак Превер: “Бакыт сени унутса да, сен бакытты унутпа”.

*     *     *

Ар бир чыгарманын өзөгүндө кандайдыр бир нравалык данек, уютку болуш керек.

*     *     *

Жоопкерчилик. Ар ким өзүнө жооп бериш керек: өз ыйманы, уят-сыйыты алдында, жүрүм-туруму, кылган иши алдында.

*     *     *

Азыр сынчылар темасын, проблемасын кеп кылат, мактайт же жамандайт. Алым баш болуп. Айланып-тегеренип келип, чыгарманын адабиятка таандык экенин, адабият адам жөнүндөгү көркөм өнөр экенин унутуп коёт.

*     *     *

Биз кийинки муунга көң болуп берсек жакшы болот, бирдеме сепсе өнө турган.

*     *     *

Бертольд Брех: “Баатыры жок өлкө эмес, баатырга муктаж өлкө бактысыз”.

*     *     *

Ооба, эл курап, журт бириктирип, аны ар тараптан коргоп турган эр-азаматтар болуш керек эл болгондон кийин. Манастай журт атасы, Бакайдай акылманы, кырк чородой жигиттери болуш керек, кыздары болуш керек Айчүрөктөй. Рух тармагында да! Антпесе, эл мүңкүрөп калат да, карды ач, үстү жыртык болсо эч нерсе эмес, тигилердин жок болгону жаман.

Мурза Гапаров менен Шайлообек Дүйшеевдин маегинен

*     *     *

Начар ыр жазсаң билинбей, көрүнбөй кала бересиң.

*     *     *

Мага аялдын сулуулугу эмес, “жарк” эткен “жылдызы” жанат. Сулуулуктун да жийиркенткен нерселери көп болот. Сулуулук берип, жылдызын бербей койгон кездер көп. Сулуулук убактылуу кубулуш, ал оңот, эскирет, өчөт, а жылдыз өмүрүң менен кошо кетет.

*     *     *

Эгер мен өлө турган болсом, жеңил өлсөм деп ойлойм. Алам десе азыр деле даярмын. Мен таэнемдин колунда өстүм. А киши намаз окуп атып: “Жүгүртүп жүрүп, мүдүрүлтүп ала гөр”- деп эле айта берчү. Мен да азыр ошентип ойлойм. Анан мен өлөрдө аялдын образы көз алдыма келсе дейм, ошондо колум менен өз көзүмдү өзүм жаап кете берет элем...

Мурза Гапаров менен маектешкен Алым Токтомушев

*     *     *

Никесиз бала никелүү баладай эле төрөлөт.

*     *     *

Маданиятсыз эл – эл болбой калат.

*     *     *

Чыныгы художникте каяктагы бийлик, каяктагы байлык...

*     *     *

Чыныгы художниктерди жиниктирип туруп атып салышат.

*     *     *

Миң бир киши менен өбүшсөң өбүшө бер, мен кызганбайм, бир билгеним – сага эч качан кир жукпайт.

*     *     *

Кыргыздар: кенебейбиз, өлбөстөй болуп жашай берип, бир күнү өлүп калабыз.

*     *     *

Ишин сүйгөн жөнөкөй эле кишинин колунан ишин алып отургузуп кой, өлүп калат эки жагын каранып атып. Өзүн керексиз киши сезип калат...

*     *     *

Гёте: “Биздин жазуучулар бир окуяны кууп алса, алдынан аскери менен Александр Македонский чыга калса эмне болот деп ойлонбой эле жаза беришет”.

*     *     *

Жер таарыганда кишилердин пейили да тарыйт. Дүйнөсү тарыйт.

*     *     *

Динара Асанова: “Сценарий өлөт, кино төрөлөт”.

*     *     *

Сүйөркул Тургунбаев: “Өз элин кул кылгысы келгендер өздөрү кул болот”.

*     *     *

Басынган эл кулга айланат. Анын сыңарындай биздин ар бирибиз өзүбүздөгү кулдук психологияны бир тамчыдан болсо да сыгып жатып кутулушубуз керек. Антпесек биз кичине элбиз, ушул кул бойдон калып же башка элдерге кул болуп сиңип кетебиз. Биздин “жаңы кыргыздар” баймын деп, көзүн май баскан кыргыздар ушуну түшүнбөй жатпайбы. Булар байыган сайын өздөрүн элден бөлүп карап, өздөрүн бек, калган калкты кул санап алды. А чындыгында алар кечээги эле кембагалдар, көпчүлүгү заман ополоң-тополоңунда орто байлыгын талап-тоноп капчыгын кампайтып алгандар. Ошондуктан, булардын байлыгы өз боюна сиңе элек. Ач көз, алдым-жуттум болуп, арааны ого бетер ачылып атканы да ушундан.

*     *     *

Эми бизди кул кылган ким?.. Мына бул көчөлөрдө агылып бараткан ишсиз жаштар, ошол эле көчөлөрдүн бойлорунда уят-сыйытын сатып отурган кыз-келиндердин убалы кимге? Казакстандын какыр талааларына тамеки эгип, жарыбаган эмгек акысын ала албай жалдырап, чегарадан ары ыргытылып, бери ыргытылып жүргөн кыргыздардын убалы кимге? Россиянын шаар, кыштактарында кар кечип, баткакта калып, нан издеп жүргөн кыргыздардын убал-сообучу?..

*     *     *

Эл тагдыры – жер тагдыры менен бир. Көз алдыбызда Ата Журттун аймактары ар өлкөгө кесилип өтө баштады. Мына ушунун өзү эле элибизди көз каранды, кол каранды кылып, кулчулукка алып барат.

*     *     *

Короодон “тоок” койбогон баатырларга эмес, короодон беш кадам ары узап чыккан баатырларга муктаж. Биздики бүт эле күтүрөп бийлик короосунда жүрөт. Жүрө келген, жүрө берет окшойт.

*     *     *

Ар бир жазуучу көргөн-өскөнүнө, акыл-эсине, билимине, табитине жараша өз турмушун өзгөчө курат, өзгөчө жашайт, өзгөчө ойлонот, анан ошолордун баары айланып келип, чыгармаларында чагылат.

*     *     *

Жашоо-турмуш өзү кичинекей эле деталдардан турат, таптакыр бүтүп калган эч нерсе жок.

*     *     *

Профессионал жазуучу болом деген киши өз ата журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгышы керек.

*     *     *

Чакан элдин психологиясы деп эле дайыма көп сандуу элдин мамлекетине тайсалдап мамиле кылышыбыз туура эмес. 

*     *     *

Бүгүнкү мамилебизге карап эртеңкилер үлгү алат.

*     *     *

Биздин өлкө баатырларга муктаж. А биздин баатырлар – арзыматтар!

*     *     *

Ак үй абдан кекчил. Ага аз-маз эле акаарат айткан адамды аябайт; ал жер, бул жерине чакырып сөөмөйүн кезейт, ага болбосо түрмөгө отургузат; ал турмак сага келаткан кудайдын жан алгычын алдынан утурлап чыгып, ага жардам бериштен да тайманбайт. Мен мына ошолорду ойлоп олтуруп коштошуу ырын жаздым. Кокус кокустук болуп кетсе... Кырсыкты кайдан деп болбойт. Биз жалпыбыз менен – жалгызбыз! Алсызбыз! Бизде адам укугу, адамдын наркы арзан!

Айта берсе арман көп, ата мекендештер... айла кеткенде айга карап улугуң келет. Элди ойлоп, жерди ойлоп... Хикмет айткандай: “Сен күйбөсөң, мен күйбөсөм...” Ал эл-жердин тагдыр-тарыхына ким күйөт? Ал эл-жер эмне болот келечекте? Эл кул болот, жер күл болот...

Топтогон “РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз