Сулайман Кайыпов: Талкалансын бу кыргыз деп тилеп жатат – тактысынан тайгандар

Белгилүү окумуштуу Сулайман Кайыповдун “Жылга бергис жарым күн” аттуу китебинен топтолгон орошон ойлор.

*     *     *

Өмүрүң түшкүр өтө аз, өмүрдө эсте калаар күндөр андан бетер аз окшойт ко. Өмүр, мына ошол акыл-эстин түпкүрүнөн  түнөк таап, унутулбай калган күндөрдөн гана турса керек.

*     *     *

Өз топурагында өнбөгөн бадал жат топуракта эрте качан куурап калат, куурабаса да жалбырагы жашыл тартып жайкала албай, саргарып турат; өз өлкөсүндө жоголгон адам өзүн-өзү четтен издеп таба албайт.

*     *     *

Акын деген, бүт ааламдын кайгы менен касиретин калтырбай бүт топтоп туруп, өркөчүнө үйүп алып, учу-кыйырсыз эрме чөлдө желип-жортуп боздоп жүргөн каймалдай...

*     *     *

Ыр жазгандын баары эле акын эмес! Ыр жазуу эмес, ыр дегендин эмне экенин билбей, туйбай, бир сап жазбай, өзүнүн ким экендигин өзү билбей өтүп кеткен чын акындар канча дейсиң, дүйнөдө!

*     *     *

Түгөнбөгөн, бүтпөгөн тек гана теңир сыры, аалам сыры...

*     *     *

Ааламда сыр көп. Ал сырлардын ичинде татаалы да, тайызы да – адам сыры; адамдардын өздөрү өздөрү үчүн жалган-чындан жаратып алган сыры. Ар бир жандын өз көөнүнчө багып жүргөн түрдүү-түркүн сыры бар. Ал сырлардын орток жагы – култуюп ичте гана купуя сакталганы.

*     *     *

Тууң жыгылып, тууруң кыйрай турган болсо, баш жөлөткөн менен пайда жок дечи... Көк тиреген көк асабаң болбосо, каран калсын бу дүнүйө!

*     *     *

Илим аттуунун баары тактыкты сүйөт, илимдин душманы, аны өлтүргөн нерсе – так эместик, калпычылык; тактык жок жерде илим жок.

*     *     *

Филологияда ар бир ката – улуттун рухун тынбай жеп, кемитип, өксүтүп турган өлбөс мите.

*     *     *

Мамазия карыянын асыл сөздөрүнөн[1]

Дарттуу, ичине бугу толгон адам көп сүйлөйт.

*     *     *

Жакшы адам мээримин чачат, жаман адам заарын чачат.

*     *     *

Бир ак билет, бир бак билет.

*     *     *

Жеринен айрылган - жетим,
Элинен айрылган - кор.

*     *     *

Жыгачты ным менен курт түгөтөт,
Адамды кайгы менен дарт түгөтөт.

*     *     *

Кары (адам) билгенди пери билбейт.

*     *     *

Кул кулга (адам адамга) себеп,
Кудай баарыга себеп.

*     *     *

Эрдин атажурту - туулуп түшкөн жери,
Иттин атажурту - жугунду ичкен жери.

*     *     *

Эри жок катынга – этеги душман.

*     *     *

Эрине жаккан катын, элине да жагат.

*     *     *

Эси жоктун эртеси түгөнбөйт, Акылы жоктун аптасы түгөнбөйт.

*     *     *

Үнүн жумшак алып, жүзүңө ыржайып күлүмүш болуп туруп, улутунун тамырына уу төккөн, өлкөнүн кендирин кескен, ач көз, өзүмчүл, ичине кара таруу айланбас шумгуялардан сактасын Теңирим.

*     *     *

Өмүр - өтөлгөсү менен гана өмүр, болбосо, өмүр болуп эсептелбейт.

*     *     *

Көңүл – өмүрдүн ширеси, деми, күзгүсү, туткасы.

*     *     *

Өткөндүн бүгүнү бар... күн батса, баткан чыгар... Эртеге мындан жарык, мындан тунук Күн туубайт деп ким айта алат: кыраңда кыпкызыл от, дүйнөгө жарык чачып жанып турар... өткөндүн бүгүнү бар... өлүү артынан тирилүү бар...

*     *     *

Улуттук негиз бузулса – улут бузулат, таруудай чачылат; андан ажыраган улут улуттугун жоготот. Ал бир рух, улутту түзгөн жандын бардыгын бир борборго бириктирип, бир максатка шыктандырып, бир багытка бет алдырып айдап турган, баарыга орток, өлбөс-өчпөс идея.

*     *     *

Негедир ыбыр-сыбыр, кымкуут күчөп, кумурсканын өрт баскан уюгундай, кыж-кыж этет кыргыз калкы... айткан бар, уккан жан жок... буйрук бар, аткарган жан жок... өзү үч миллион, шоокуму үч миллиард элдикиндей... ызы-чуу, кыйкырык сүрөөн... армандуу көз, аккан жаш... ийилген темир... кыйылган өмүр... атылып жаткан ата, жетим калып жер карап ыйлап турган бала... Ар бир тентек бутун сүйрөп өз алдынча пайгамбар... талкалансын бу кыргыз деп тилеп жатат тактысынан тайгандар... Анан дагы, эң жаманы – өзүмчүлдүк, ичи тардык, кытмырлык, көрө албастык, жердешчилик, уруучулук ж.б.с. улутту пас көрсөтүп, кунун учурган эски-жаңы, кеч сакайчу илдеттер... мунун баары бүгүнкүнүн чындыгы... Кыргыз уулу улут болуп жашайм десе, булардан бүт арылууга милдеткер!

*     *     *

Акыйкат жолу татаал жол, ага жетүү алаамат...

*     *     *

Кыргыздын кыйыштырган бутактары канат жайып кайкалап өссө дагы, көлөкөсү түбүнө тийбей туру... көлөкөсү мындай турсун, как жүлүндү тең жарып, терс кайрылып өспөдүбү. Тамыры бир болсо да, талы башка бирөөнү канчалык жабыштырып жамасаң да, кыргызга өз болбошу дайын. Сыртынан ооз учунан өз болуп турган менен, иш жүзүндө накта душман... ооба, жымсалдатып отуруунун кереги не, накта душман... сырыңды билген душман, жүлүнүңө зырабадай кирген душман...

*     *     *

Көөдөнүндө удургуган улуттук сезим эмес, анын бир учкуну эле болгон пенде улутунун чырпыгына доо кетишин каалабайт.

*     *     *

Эгерде, бийлик башына улуттук негизден бөртүп чыгып жетилген чыныгы лидер келсе, анда чындап кудайдын бергени де – ал башкалардын акысын жеп, улутунун эсебинен байымак турсун, өз мээнети болбогон сууну да ичпейт; жыпжылаңач калгычакты иштеп жатып жан берет... дүйнө жыйбайт, абийир жыят... бок дүйнөнүн аркасынан жан талашып чуркабайт... алысым, жакыным деп ажыратпайт... улутунун жаманын да, жакшысын да канатында калкалайт... түндүк, түштүк дегендер оюна да келип койбойт... Улуттук негиздин, рухтун керемет күчү ошондо – бардыгына тепетең, жулуңдаган ач көз эмес, көзү ток, пейили кең, сөзү түз, жүзү жарык... сырттан болот!

*     *     *

Ооба, мен катардагы бир кыргызмын, Мен жөн гана кыргызмын, кыргыз үчүн күйбөгөнүм – жоголгонум... Себеби, менин эң таалуу жерим, өлөөр жерим – кыргыздыгым... Кыргыздыгым жоголсо, мен да жокмун... Күтүп турган таяке дээр, же аба дээр элим жок... Жалгыз гана тутунганым – ушул шордуу кыргызым. Кайда жүрсөм, эмне кылсам, баардыгында кыргызмын... Кыргыздыгым – бак-таалайым, сүйүнүчүм, кайгы-капам, өкүнүчүм, тагдырым. Күйүп-бышсам, ойлобоңуз, ал менин кыйындыгым, эрдигим, мыктылыгым, же улутчул болгондугум экен деп; ал менин жөпжөнөкөй инсандыгым... Мен эми азыр, башка бирөө болом десем – боло албайм. Мен түбөлүк, кыргыздын туткунумун. Канга, сөөккө, жүлүнгө, мээге... дагы кандай сиңе турган жерлер болсо, бардыгына кыргыздык сиңип бүткөн. Ымыркайдан атам менин кулагыма: кыргыз, кыргыз, кыргыз деп азан айткан... Боор көтөрө баштагандан тындырбай: “Сен кыргызсың, кыргыздыгыңды бил...” деген; оюнду да жөн ойнотпой: “Сен кыргызсың, ойносоң, эрежени бузбай ойно, кыраамдык кылбай ойно, ойнобосоң, тек тур”деген... Чоң жолго чыгаарымда: “Сен кыргызсың, ачтан өлсөң өл, арам тамак жебе” деген... сен кыргызсың, эч кимге жалаа жаппа, жалган айтпа, туура жолдо жүр деген... сен кыргызсың, туура жаша, кыргызга кыраамдык иш жакпайт деген... сен кыргызсың, сабырдуу бол, жакшылыктан үмүт үзбө... кыргыздар эч нерсеге башын ийбейт, бир гана тууралыктын, акыйкаттын, ар-намыстын кулу деген. Деген... деген... дей берген. Ошентип, атамын мага калтырган эң ыйык мурасы – кыргыздыгы, андан аттап өтө албайм, өлсөм өлөм, андан кечип кете албайм.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН


[1] Курсивге алынган тексттер Мамазия карыянын айткандары (редактор).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз