Өз өмүрүн үч жолу сактап калуудан баш тарткан Януш Корчак

  • 15.07.2021
  • 2872

"БАРДЫК АДАМ МЫКААЧЫ ЭМЕС!" – муну чыккынчы адамга айтып,  газдалган камерага балдар менен бирге кирген ЯНУШ КОРЧАК.

Ал польшалык педагог,  жазуучу жана врач. Өз өмүрүн үч жолу сактап калуудан баш тарткан.  Биринчи жолу,  Польшаны оккупациялоо алдында "Жетимдер үйүн" согуш жана чыккынчылардын талаасына таштоодон, экинчи жолу, варшавалык геттодон качуудан баш тарткан.  Үчүнчү жолу, бардык "Балдар үйүндөгүлөр" лагерге жөнөтүлүү үчүн  поездге түшүп жатышканда, Корчактан ССтин офицери – чыккынчы сурайт:

- "Король Матиушаны" сиз жазгансызбы? Мен бул китепти бала чагымда окуганмын.  Жакшы китеп.  Сиз кете берсеңиз болот. 

- Балдарчы?

- Балдар кетет.  Бирок,  сиз вагондон түшүп калыңыз.

- Жаңыласыз.  Болбойт. Бардык адам мыкаачы эмес!

Бир канча күндөн соң Треблинка концлагеринде Корчак балдар менен бирге газдалган камерада өлтүрүлдү. Жолдо – өлүм алдында Корчак эң кичинекей эч нерседен капарсыз эки баланы көтөрүп,  аларга жомок айтып берди.

Негизинен,  Корчак тууралуу башка нерсе билүүнүн деле кажети жок. Анткени, бул керемет адамдын балдар тууралуу айткан 10 кеңешин окуп коюу жетишерлик. 

1. Сенин балаң сен сыяктуу же сен каалагандай болорун күтпө. Ага жардам бер, сендей  эмес, өзү менен өзү болгонду үйрөт. 

2. Жасаган нерселериңди андан талап кылба!  Ага жашоо тартууладың, ал сага кандай ыраазычылык айтмак?  Ал башкага – үчүнчүгө жашоо тартуулайт.  Бул жашоонун кайталангыс ыраазычылык мыйзамы ушул.

3. Өкүнүчтөрүңө баланы аралаштырба,  карыганыңда ачуу нан жебегидей бол. Болбосо,  эмне эксең,  ошону аласың.

4. Андан маселени чечүүнү талап кылба. Жашоо ар кимге ар кандай күч берген.  Сага жеңил көрүнгөн нерсе, ага оор болушу мүмкүн. Же анын тажрыйбасы жок.

5. Шылдыңдаба!

6. Унутпа, эң маанилүү жолугушуу бала менен болгон жолугушуу.  Көп көңүл бур,  биз  баладан кимди жолуктура аларыбызды эч качан билбейбиз!

7. Эгерде балаң үчүн жетиштүү шарт түзө албай жатсаң өзүңдү айыптаба. Жөн гана эсиңде болсун: эгер колуңдан келе турган нерсе балага жетишсиз берилсе,  мына ошол жетишсиздик. 

8. Бала – бул залым эмес.  Өз жашоосун өзү жасагыдай. Бала сенин жашооңо берилген тукумга  же канга көз каранды эмес.  Ал сага берилген жашоодогу эң баалуу туткаң.  Ата менен эненин чексиз сүйүүсүнөн чоңойткон "өз" менчиги эмес. Анын өз жүрөгү, руху бар

9. Жат баланы сүйүүнү үйрөн.  Эч качан башка балага,  сенин балаңа жасашын каалабаган нерсени жасаба!

10. Балаңды кандай болсо ошондой сүй. Талантсыз,  ийгиликсиз чоңойсо да сүй.  Аны менен сүйлөшүп жатканда кубан, анткени бала – азырынча сенин жаныңдагы майрам.

Которгон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз