Америка эл жомогу: Йоркширликтер сөзгө бекем!

  • 17.07.2021
  • 2602

Англиядан качандыр бир Америкага көчүп келип, чыныгы янки болуп чыга келген йоркширликтерди оңой эле таанууга болот.

Анткени йоркширлик янкилердин келишим түзөрдө кууланмайы, алдамайы, соодалашмайы, бүдөмүктөнтмөйү ашынат. Анткен менен алар сөз берип кол алышчу болсо эч качан аны бузушпайт.

Бир жолу бир йоркширлик фермер жаман сары аты менен жер айдап жүрсө анысы так ошол жерден жан берет. Кайран янки бир кейип койбой дароо эле мындан беш мил алыс жашаган дагы бир йоркширлик дыйкандыкын карай шашылат. Кошунасынын дарбазасын кагып, көп күттүрбөй ачкан анын сылык чакыруусу менен ичкери кирет. Аркы-беркини сүйлөшкөндөрүнөн кийин фермер келген себебинин четин чыгарат:

- Сен менин сары атымды билесиңби?

- Билбегендечи! Жоош, тез жүрүштүү жакшы ат.

- Аны жанагы кыялы чатак торкашкаңа алмашпайсыңбы?

- Алмашпагандачы!

- Андай болсо кол алыштыкпы?

- Алыштык! – деген коңшу эч кылчактабай колун сунат, тигил аны алат, ошентип бир заматта келишим түзүлөт да калат.

- Ошо өзүң мактаган сары атың самыран калсын эй! Жаңы эле соко тартып баратып мүрт кетти. Ананырак барып алып келип ал, ал эми торкашкамды азыр эле алдыма тарт.

- Андай болсо мейли эми... Кыялы чатак торкашкаң да алда качан тынчыган! Өзүн алдыңа тарта албасам да, жакшылап туздалган терисин алдыңа жая алам...

Көрдүңөрбү, йоркширлик янкилер убадага кандай гана бекем болушат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз