Сиз жайынча кабыл ала алган нерсе, мындан ары сизге бийлик жүргүзө албайт.
♦ ♦ ♦
Эч качан жыгылбаган адам зор эмес, жыгылып, кайра турган адам зор.
♦ ♦ ♦
Сөз туура айтылышы керек, аракет чечкиндүү болушу керек.
♦ ♦ ♦
Байкашымча, менин ишим жарамсыз окшойт. Мен өз жаңылыштыгын билип турса да, өз айыбын өз ыйманынын алдында мойнуна алган адамды эч көрө элекмин.
♦ ♦ ♦
Дүйнөдөгү эң сонун көрүнүш - сиз көрсөткөн турмуштук жол менен ишенимдүү кетип бараткан баланын көрүнүшү.
♦ ♦ ♦
Ар ким кадыр-барктуу күйөө боло алат. Ошондой болууну чечүү гана керек.
♦ ♦ ♦
Мен көп сүйлөгөндү жактырбайм. Сөз менен кылган иш айкалышпаган уят.
♦ ♦ ♦
Эски нерсеге кайрылып, жаңы нерсени таап алууга жөндөмдүү адам устат болууга татыктуу.
♦ ♦ ♦
Сени түшүнүшсө бул - бакыт, сени сүйүшсө бул - чоң бакыт, ал эми сен сүйсөң бул - чыныгы бакыт!
♦ ♦ ♦
Адегенде ишти бүтүрүп, анан сүйлөгөн адам - агедил адам.
♦ ♦ ♦
Өзүңөргө катуу, башкаларга жумшак болгула. Ошондо адамдардын жек көрүүсүнөн өзүңөрдү коргоп каласыңар.
♦ ♦ ♦
Чындап келгенде жашоо жөнөкөй нерсе, бирок биз аны өжөрлөнө татаалдаштырабыз.
♦ ♦ ♦
Цзы-гун минтип сурады:
- Жакыр болгондо көшөкөрлөнбөгөн, байыганда чачылып-чарпылбаган адам жөнүндө эмне айта аласыз?
Философ ага мындай деп жооп берди:
- Жарайт, бирок ал жакыр кезинде күлүп, байыганда чектен чыкпаган адамдан төмөн турат.
♦ ♦ ♦
- Кыштактын бүт эли жакшы көргөн адам жөнүндө эмне айта аласыз?
- Ал жарамсыз адам, - деп жооп берди Конфуций.
- А кыштактын бүт эли жаман көргөн адам жөнүндө эмне айта аласыз?
- Ал дагы жарамсыз адам, - деди Конфуций. - Эгерде ошол кыштактагы жакшы адамдар аны жакшы көрүп, ал эми начар адамдар жаман көрүшсө, алда канча сонун болмок.
♦ ♦ ♦
Боорукер болууга, жок дегенде анча-мынча болсо да аракет кылгыла, ошондо жаман жорук жасоого кудуретиңер жетпей калат.
♦ ♦ ♦
Эгерде коомдо адамдарга кам көрүү өкүм сүрүп турса, эң сонун. Адамдарга кам көрүлбөгөн жерде жашаган адамды акыл-эстүү деп саноого болобу?
♦ ♦ ♦
Мен чындыкты өзүмө максат кылып алдым, кең пейилдүүлүктү жардамчы кылдым, адамкерчиликтен өзүмө жөлөк таптым, ошентип, өнөргө баруучу шык жараттым.
♦ ♦ ♦
Эки кишинин ортосунда баратсам да, алардан эмнени үйрөнүү керектигин баары бир табам. Жакшы сапаттарды өзүмө сиңирип калууга тырышам, а жаманы жөнүндө билсем, өзүмдөгү ошондой сапатты оңдоого аракет кылам.
♦ ♦ ♦
Көңүлүң чөгүп турганда жаратылышка чык. Миллиондогон керексиз сөздөрдөн көрө, дүйнөнүн тынчтыгы жаныңды сонун сергитет.
♦ ♦ ♦
Ойлоруң кай жерде тынч болсо, үйүң ошол жерде.
♦ ♦ ♦
Бизди жемелеген кезде өзүбүздүн жетишпеген жактарыбызды моюнга алганыбыз - жөнөкөйлүк, аларды досторубузга ачып берүү - ачык-айрымдык, ишенчээктик, ал эми бардыгына көрсөтүү - сыймык.
♦ ♦ ♦
Көңүлүңөргө жаккан жумушту тандап алгыла, ошондо өмүрүңөрдө бир да күн иштөөгө туура келбейт.
♦ ♦ ♦
Эгерде адамдар мени түшүнүшпөсө кайгырбайм, эгерде мен адамдарды түшүнбөсөм кайгырам.
♦ ♦ ♦
Ой жүгүртүүсүз билим керексиз, бирок, билимсиз ой жүгүртүү коркунучтуу.
♦ ♦ ♦
Жеткилең адам бардыгын өзүнөн издейт, жарамсыз адам башкалардан издейт.
♦ ♦ ♦
Кырк жашка чыкканча жаман көрүнүүдөн арылбаган неме - адам боло албайт.
♦ ♦ ♦
Мен жазбастан, алып гана башкаларга берем. Мен байыркылыкка ишенем жана аны жакшы көрөм.
♦ ♦ ♦
Ой жүгүртүүсүз окуган адам жаңылыштыкка батат. Окугусу келбей, ой жүгүрткөн адам кыйынчылыкка кабылат.
♦ ♦ ♦
Эртең менен акыйкаттыкты таанып, кечинде өлүп кетсең да болот.
♦ ♦ ♦
Өз үй-бүлөсүн жакшы иштерге багыттай албаган адам, өзү окуп билим ала албайт.
♦ ♦ ♦
Элди татыктуу башкаргыла, ошондо адамдар да сыйлайт. Элге жакшылык менен мамиле кылсаңар, адамдар да бардык аракети менен иштейт. Изги адамдарды даңктагыла жана билимсиздерге жол көрсөткүлө, ошондо адамдар силерге ишенет.
♦ ♦ ♦
Ашкан акылмандарды жана эң кемпайларды гана окутуп-чокутууга мүмкүн эмес.
♦ ♦ ♦
Чыныгы адамкерчиликтүү адам гана сүйүүгө жана жек көрүүгө жөндөмдүү.
♦ ♦ ♦
Алыскы кыйынчылыктар жөнүндө ойлонбогон адамды, сөзсүз жакынкы тоскоолдуктар күтөт.
♦ ♦ ♦
Аялдар жана пас адамдар менен туура мамиле түзүү баарынан оор. Эгерде аларды өзүңө жакындатсаң - жармашып алышат, эгер алыстатсаң - жек көрүп калышат.
♦ ♦ ♦
Жаа атуу - бизге чындыкты кантип издөө керектигин үйрөтөт. Жаачы бутадан жаңылган кезде айыпты башкалардан эмес, өзүнөн издейт.
♦ ♦ ♦
Дарыянын жээгинде турган Устат: «Күн менен түн алмашып, ушул дарыядай баардыгы өтүп кетет», - деди.
♦ ♦ ♦
Ата-энеңерге кызмат кылып жатып, алардын көңүлүн болушунча оорутуп албаганга аракеттенгиле. Эгерде силердин кеп-кеңешиңер аларга жакпаса, мурдагыдай эле сыйлап, каяша айтпагыла. Ичиңерде аларга капаланып турсаңар да, нааразы экениңерди билдирбегиле.
♦ ♦ ♦
Адилет башкаруунун сыры: өкүмдар - өкүмдар болсун, букара - букара болсун, ата - ата болсун, а бала - бала болсун.
♦ ♦ ♦
Жан дүйнөсү кең адам кысылган шартта көпкө жашай албайт, ошондой эле уларган бекерпоз турмушта да жүрбөйт.
Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ