Конфуцийден акылман үч кеңеш

  • 07.06.2021
  • 4273

Кытайдын улуу акылманы улгайган кезинде анын жанынан жаш шакирттери үзүлчү эмес. Алар бир айылда чогуу жашап, күнүгө анын акылман сөздөрүнөн сабак алышчу.

Бир жолу Конфуцийге алыскы айылдардан бир жаш жигит келди. Ал өз жайын мындай түшүндүрдү:

 – Менин карган ата-энем бар, аларды карап турушум керек, ошондуктан сиздин жаныңызда дайыма болуп, акылман сөздөрүңүздү өздөштүргөнгө эч шартым жок. Оо, улуу акылман! Ошондуктан сизден суранам, мага адам жашоосуна эң керектүү үч кеңешиңизди бериңиз.

– Ата-энеңди сыйлап, аларга камкордук кылганың аябай жакшы, демек, сен туура жолдосуң, – деди Конфуций, – мен сага жашооңо керектүү, катачылыктардын жолуна бөгөт боло алчу үч кеңешимди айтайын, жакшылап угуп, жадыңа бекем түйүп ал.

Биринчиси мындай:  

Жолуң болбой, жасаган ишиң оңунан чыкпаса анын себебин башкалардан издебей өзүңдөн изде. Анткени, өзүңдү оңдой аласың, а башкаларды оңдош эч качан колуңдан келбейт. Жаа тарткан кишини элестетип көрчү. Жебеси бутага тийбей калса ага өзүн эмес, бутаны күнөөлөгөн адам күлкүлүү эмеспи. Жаачы башка адамдар ал жөнүндө эмне ойлогонуна көңүл бурбаш керек. Ал өз билегинин күчүн сезип, жаңылбай мээлеп, аткан жебеси бутага тийгени гана маанилүү.

Эми экинчи кеңешке кулак сал.

Адамдагы эң күчтүү жана баалуу сезим – бул уят. Эгер кылган ишиңди баалап, жасаган ишиңден уялбасаң, анда ишиңди андан ары уланта бер. А эгерде кылган ишиңден бир аз уяла баштасаң, кайсы жерден туура эмес нерсени жасаганыңды түшүнүүгө аракет кыл, андан кийин ал катачылыгыңды кайталаба.

А эми үчүнчү кеңешим ук.

Дүйнөнү өзгөртө албайсың. Бирок аны түшүнгөн адам акыл-эс менен аракет кылат. Караңгыны тилдеп, жалдырап олтура бербей, шам жагып алган жакшы.

Жаш жигит Конфуцийге ыракматын айтып, кетүүгө камынды. Ал кетерде коштошуп жаткан акылман айтты:

 – Дагы бир кеңеш айтайын, эсиңе тутуп ал. Эң чоң ката – бул өз каталарыңды оңдобой калтырып коюу, – деген экен.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз