Америка эл жомогу: Капитандын рецепти

  • 23.07.2021
  • 3417

Тээ илгерки заманда бардык эле жел кемелерде жана аларга караганда көлөмдүүрөк жөн кемелерде деле дарыгерлер болчу эмес. Анткен менен кеменин өздүк курамынан кимдир-бирөө ооруп калар болсо жардамга келчү “Оорулар журналы” деген калың дептер болор эле.

Аларда аты айтып тургандай оорулардын кантип башталып, кандайча өркүндөп, эмне болуп айыгары, эмне дары ичиш керектиги жөнүндө маалыматтар жазылчу экен. Ал эми сыркоого берилер дарылар шишелерге куюлуп, сыртына номурлар чапталчу да, анын жанына кайсы ооруга дары экени кошо жазылчу. Дарыгердин милдетин болсо кеменин капитаны аткарчу экен.

Бир жолу кемеде матрос ооруп калды. Капитан “Оорулар журналын” карап, матростон сурап ооруну аныктай баштады. Бардык белгилер оорулууга 11 номурдагы дары берилиши керектигин көрсөтүп турду. Бирок ал шише бош болуп чыкты. Бул жагдай капитанды эч кандай түйшөлткөн жок, ал бир саамга ойлонуп, жардамчысына айтты:

- Бизде 11 номурдагы дары жок болгону менен 5-6 номурдагылар бар.

Жардамчысы түшүнө бербей караганда, ал буйрук бере сүйлөдү:

- 5ке 6ны кошсоң 11 болобу? Болот! Демек оорулууга 5 жана 6-номурдагы дарыларды ичир! Калганын билбейм! Буйрукту аткар!

Байкуш матрос көпкө ооруду. Бактыга жараша акырындан барып айыгып кетти. Ал өзүнүн көтөрүмдүүлүгү менен илдетти жеңдиби же капитандын тапкычтыгы шыпаасын тийгиздиби – бүткүл өздүк курамга, ал тургай өзүнө да белгисиз бойдон калды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз