Жарыкта көлөкө болбойт, жарыктан жарык гана түшөт

  • 27.09.2023
  • 5568

Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” китебиндеги учкул ойлор. Китепти кыргыз тилине которгон Аман Токтогулов

*     *     *

Тоолуктар бир гана нерсени жек көрүшөт – бул сүйүүсү жок үйлөнүү.

*     *     *

Аял кимди чанат, алдында аты жок жигитти чанат.

Ырас да, аты туруп ээри жок, ээри туруп камчысы жок жигит аял күтүп не кылат.
Эл сөзү

*     *     *

Эгер дүйнөдө сөз болбогондо, дүйнө ушул турушундай ажайып көрүнбөс эле.

Акын дүйнө жаралгандан жүз жыл мурда төрөлгөн.

*     *     *

Тилдин баркына жетпей жатып жазам деген киши, сүзгөндү билбей туруп дайрага секирген акмакка тете.

*     *     *

Кээ бирөөлөр башыңдагы маанилүү бир ойлордун түрткүсүнөн эмес, тили кычышканынан эле сүйлөп коёт. Кээ бирөөлөр жүрөгү албырттаган сезимге капталып, жазбай коё албаганынан ыр жазбайт, жөн эле... эмне үчүн аларга кокусунан ыр жазуу керек болуп калганын айтуу кыйын. Алардын кур даңгыраган ырлары менен ийленбеген чаначка салынган жаңгактардын кагырашынын айырмасы деле жок.

Булар элден мурун дүйнөдө эмне болуп жатканына бир бурулуп карап көрүүнү каалашпайт. Алар дүйнө эмне деген ырларга, эмне деген күүлөргө, эмне деген үндөштүктөргө толуп турганын тыңшап көргүсү, билгиси да келишпейт.

Эмне үчүн адамга көз, кулак тил жаралган? Эмне үчүн адамдын кулагы экөө, көздөрү да экөө, а тил бирөө гана. Мунун сыры мында: тил өзүнүн учунан кандайдыр бир сөздү чыгарганга чейин кулак экөөлөп жатып угуп, көз экөөлөп жатып көргөн болуш керек.

*     *     *

Тилиңен чыгып кеткен сөз керек. Тоодогу имерилиштүү, кууш, бир аяк жолдон жайык түзөңгө чыгып кеткен атка окшош. Жүрөк аркылуу өтпөгөндөн кийин сөздү сыртка чыгаруунун кажаты барбы?

*     *     *

Жазуучу өз сөзүнүн, өз антынын, болбосо каргышынын чыныгы кожоюну болуш керек. Бир нерсеге багыштап эки жолу ант берүүгө акысы жок. Деле, кайра-кайра ант бере берген кишиде эмненин тамтыгы.

*     *     *

Тоолук аял тантык жазылган ырды эч качан баласына окуп бербейт.

*     *     *

Текс менен сөз баарынан маанилүү. Сөз костюмсуз да, гримсиз да жашай алат, анын маңызы көрүүчүлөргө аларсыз эле жетет.

*     *     *

Эгер адам жүрөгү толо ыр болуп, бирок дудук төрөлүп калган болсо, анда анын жарык дүйнөгө келбей койгону жакшы.

*     *     *

Очогуңа от жагыш үчүн ширеңке сурап кошунаңкына барсаң болот. А бирок жүрөккө жалын тутантыш үчүн досторуңа ширеңке сурап бара аласыңбы?

*     *     *

Жаз бөтөн тилде, эгер аны эне тилиңен жакшы билсең. Болбосо башка тилди өтөсүнө чыгара билбегенден кийин, эне тилиңде жаз. Асты онунчу тилде жаза көрбө.

*     *     *

Тема бергиле дебе,

“Көзүм жок, көз бергиле” де!

Жаш жазуучуга кеңеш.

*     *     *

Сезим музыканы, музыка сезимди төрөйт. Кимисин биринчи орунга койсо болот? Так ошонун өзүндөй эле: жазуучу теманы жаратабы, же тема жазуучуну жаратабы? Тема – бул жазуучунун бүткүл дүйнөсү, жазуучунун бүтүндөй туруш-турпаты. Темасыз ал жашай албайт. Ар бир жазуучунун өз темасы бар.

*     *     *

Ой менен сезим – куш, тема – асман, ой менен сезим – бугу болсо, тема – токой, ой менен сезим – жолдор болсо, тема – ошол жолдор бара турган, барып кошула турган шаар.

*     *     *

Мекенсиз жазуучу болбойт.

*     *     *

Тема – сандыктагы мүлк. Сөз – ошол сандыктын ачкычы. Бирок сандыктагы мүлк башканыкы эмес, өзүңкү болушу керек.

*     *     *

Бир темадан бир темага делдектеп токтобой жүргөндөр тоолуктардын арасында көп катындуу Далагаловго окшоп кетет. Ал жыйырма сегиз жолу төшөк жаңыртып, мытайымдык кылам деп, акыр аягында такыр катыны жок калган.

*     *     *

Жазуучунун бир нерсени жактыруусу сүйүү сыяктуу эркин. Сүйүү кимдир-бирөөнүн жүрөгүнө кирейин деп сурайбы деги?

*     *     *

Аттиң, жек көрүү менен сүйүү сезимин амир тутпай, жалаң жыт билүү сезимине таянып алып канча жазуучу калем учун жоорутуп, кагаз жыртып олтурат.

*     *     *

Кээде акындар балпайып башында жүрсө керээлден кечке бапагын издеп убара болгон тоолуктарга окшошуп кетет.

*     *     *

Жазуучуга теманы ким бермек? Андан көрө ага баш, көз, кулак, жүрөк берүү жеңилирээк. Жан табиятынын сүйүүсү, же жек көрүүсү боюнча эмес, жыт кубалап жансактаган жазуучу өз мезгилинин уулу боло албайт. Алар мезгилдин эмес, бир күндүн балдары.

*     *     *

Акын күлгөндө айланасындагылардын баары жайнап күлгөндөй болсун! Акын жүрөк дартын айтканда бөлөктөрдүн жүрөгү кошо ооруп турсун!

*     *     *

Эгер абийириңден кеткен бир иш кылсаң, андан кийин алла-таалаңа канча жалын, жалынба; өткөн иштин өткөнү өткөн, кеткени кеткен.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Жаман иш баштан чыгат, учурунда эркине коюп, болору болуп, боёсу канган соң башыңды  койгулагандан пайда жок.

Уй уурдалгандан кийин дарбазаңа кош кулпу салганың бекер.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Жарыкта көлөкө болбойт, жарыктан жарык гана түшөт.

*     *     *

Мезгил! Жыл күндөрдөн, кылым жылдардан куралат. Бирок доор дегенибиз эмне? Ал эмне, кылымдардан куралабы? Же жылдарданбы? Болбосо бир күн бүтүндөй доор болуп калып жүрбөсүн!

*     *     *

Чыныгы акын, жүрөгү буйруп турганда, пайгамбарына тик карайт.

*     *     *

Кээде акындар искусство жаратпай эле жекшембидеги ат чабышка катышып жатышкансышат. Баш байгенин жоолугу аттын мойнунда беш мүнөт жагалданып турсун үчүн, алар атынын санынан кан аккыча сабоого даяр. Жоолукту ошол эле күнү чечип алышат, аттын жараты кыйлага айыкпайт.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз