Аким Кожоев: Балдардын чындыгын укканга чыдайбызбы?

  • 01.08.2021
  • 3473

Учурдагы кыргыз адабиятынын көзгө көрүнүп келе жаткан белдүү жазуучуларынын бири Олжобай Шакирдин соңку повести "Адам+"деп аталат.

Анын мындан мурдагы "Жомокчу" деген чыгармасы көпчүлүк окурмандардын жылуу пикирине арзыды. Заманыбыздын көрүнүктүү илимпоздорунун бири Үмүт Култаева эже "Жомокчуну" сын элегинен өткөрүп, оң баасын берди.

Бирок ачыгын айтышым керек, аталышы эле өзгөчөлөнүп тургандай, "Адам+" китеп болуп чыгып калса кызыл чеке талаш жаратары, атүгүл автордун өзү да, анын чыгармасы да төө бастыга калары шексиз. Бир кезде теги индиялык британ жазуучусу Салман Рушдини "Шайтандын ырлары" деген романы үчүн Ирандын руханий лидери Аятолла Хаменеиге окшоп бизде өлүм жазасына өкүм кылчулар чыкпаса да, Олжобайга да кайсы бир даражада чабуул болору анык. Албетте, Иран башка өлкө да, Кыргызстан башка. Анын үстүнө андан бери заман өзгөрдү, көпчүлүк өлкөлөрдө демократиялык коомдун негизги принциби болгон сөз эркиндиги, плюрализм, толеранттуулук туу тутула баштады.

Анткен менен мейли жакса да жакпаса да, туура-туура эмес болсо да бирөөнүн пикирин сыйлоо, дароо ызырынып кетпей, токтоо, сабырдуулук менен жооп кылуу маданияты бизде али калыптана элек. Айрыкча диний көз караштагы кишилер менен интеллигенция өкүлдөрүнүн (же бөлөк дүйнө таанымдагылардын) ортосундагы тиреш кээде акаарат айтууга, алтурсун коркутуп-үркүтүүгө чейин жетип жатканына күбөбүз.

Ачык эле айтайын, бул чыгарма трансгендерлердин (эскиче айтканда, кызтекелердин) ары татаал, ары кайгылуу тагдыры тууралуу. Тагыраагы, повесттин жазылышына автордун өзүнүн үй-бүлөсүнүн башынан өткөргөн кыйчалыш тагдыры түрткү берген окшойт.

Өткөн кылымдын 70-80-жылдары болсо керек. Кеменгер жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду кайсы бир эл аралык кино сынакка калыс катары чакырышып, көгүштөр жөнүндөгү тасмага алдыңкы байгени ыйгарышканда, Чыкебиздин көңүлү жипкирип, катуу нааразы болгон тура. Атактуу жазуучубуздун назарын сындырган кандай кино болду экен деп, мен аны интернеттен издеп таап, анча-мынча эпизодун карап көрдүм. Чын эле ал тасма адам табиятына каршы, бузукулукту үгүттөгөн чыгарма экен.

Эгер Олжобай Шакирдин жаңы повестинин маани-мазмуну да ошондой шойкомдуу болсо, мен окубай, дароо эле таштап коймокмун. Анүстүнө буга чейин менин да ЛГБТ өкүлдөрүнө карата көз карашым бир жактуу болгондуктан, чыгарманы окууга чочуркоо менен кириштим. Окуп чыкканда, алар мен ойлогондой бузуку эмес, Жараткандын амири менен дейбизби, же табияттын табышмагы мененби, айтор тагдырдын, турмуштун оор сыноосуна кабылып, коомго аралаша албай калган, атүгүл көпчүлүгүн ата-энеси да жериген шордуу жандар экендигине көзүм жетти.

Повесттин башкы максаты да мен сыяктуу эле башкалардын да "көзүн ачуу", табиятынан өзгөчө жаралып калган трансгендерлерге карата жалпы коомчулуктун мамилесин өзгөртүү экендигин баамдадым. Бирок "Адам+" баяны карандай үгүт-насаат менен эле чектелип калганда, сөз кылууга арзыбайт болчу.

Биз кандайдыр бир жаңы чыгарманы окууга киришкенде бизди чыгармадагы жаңы ой, идея кызыктырат, автордун стилине, сүйлөм куруу чеберчилигине, тексттин ыргагына, логикалык ырааттуулугуна назар салабыз. Эгер жазуучунун эмгеги башкалардан өзгөчөлөнсө, ал чын эле адабиятта "жаңы материк ачкан болсо", анда таптакыр бөлөк дүйнөгө туш келгендей, окуп жаткан китеп бизди таң калтырып сонуркатат, тамшандырып суктандырат. Жан дүйнөбүз балкып, көпкө чейин рухий азык боло турган эстетикалык ыракат алабыз.

Мага Олжобай Шакирдин "Адам+" чыгармасы ушундай таасир бере алдыбы? Албетте, чыгарманы шедевр дегенден алысмын. Бирок повесттин темасы, сюжет-фабуласы эле эмес, өзөгү, концепциясы да жаңы экендиги шексиз. Адегенде эле баамга урунганы повесттин стили болду. Француз табият таануучусу Жорж Луи Леклерн Бюффон: "Стиль – бул адам", - деген. Ал муну менен стиль кишинин тубаса касиеттерин чагылдырган анын кайталангыс өзгөчөлүгү экендигин айткан.

Чү дегенде эле мени таң калтырганы Олжобайдын жаңы повестинин текстиндеги сүйлөмдөрдүн бир даары инверсиянын (латынча inversion – көркөм чыгармаларда сүйлөмдөгү сөздөрдүн грамматикалык ырааттуулугу бузулуп, орундары алмашылып берилиши - Энциклопедиядан) жардамында курулгандыгы болду. Таң калтырганы деп жөн жерден айтып жатканым жок, жазуучу оозеки кебинде да ушул ыкманы колдонорун дайыма байкап жүрөм. Башкача айтканда, ал сүйлөп жатканда да сүйлөм мүчөлөрүнүн ордун алмаштырып айтат. Демек, ал инверсияны чыгарманын көркөмдүүлүгүн арттырайын деп эле пайдаланып жаткан жок, жогоруда Бюффон белгилегендей, ал анын стили, тактап айтканда, кан-жаны менен кошо бүткөн табигый бөтөнчөлүгү.

Айрым майда мүчүлүштүктөрүн айтпаганда, чыгарма жеңил окулат, ыргагы жоргонун жүрүшүндөй шыдыр, жумшак, элпек. Бул жааттан алганда Олжобай Шакир жазуучу катары мурдагыга караганда кыйла такшалганы, баралына келгени, кемелине толгону байкалат.

Мен повесттин фабуласы тууралуу баяндап берейин деген ниетим жок, "Адам+тун" көркөм касиеттери, поэтикалык нарк-насили жаатында да кеп кылбайм. Буюрса, жарык көрүп калса, чыныгы адистер (адабиятчылар сынчылар ж.б.) тарабынан бул чыгарма жөнүндө олуттуу сөз болору талашсыз.

Мени повесттин дидактикалык баалуулугу кызыктырды. "Адам+ту" тартынбай эле педагогикалык трактат деп айтсак болот. Эгемендик жылдарынан бери улуттук адабиятыбызда ушундай маанидеги чыгарма жазылганы эсимде жок. Он сегизинчи кылымда өзүнүн прогрессивдүү ойлору, алдыңкы көз карашы менен өз замандаштарынан жүздөгөн жылдарга алдыга озуп, башкача ойлогону, бөлөкчө жашаганы жана жүрүм-туруму үчүн «коркунучтуу адам» катары мекендештеринен куугунтук жеп, атүгүл аз жерден таш бараңга алына жаздаган улуу даанышман Жан-Жак Руссо өз чыгармалары менен бүтүндөй адамзаттын акыл-эсинде революция жасаганын билебиз. "Юлия, же жаңы Элиоза" атуу эпистолярдык романынын (өкүнүчтүүсү, атактуу жазуучунун "Эмиль, же тарбия тууралуу" роман-трактатын окуй элекмин) башкы кейипкерлери Юлия д’ Этанж менен Сен-Прё таалим-тарбиянын буга чейин француздардын түшүнө кирбеген таптакыр жаңы усулу тууралуу кеп козгошуп, өз ойлорун ортого салышат. Тагыраагы, баланы уруп-сокпой, коркутуп-үркүтпөй, кодулабай, басынтпай, керек учурда ага дос, сырдаш катары мемиле кылып, аны эркин тарбиялоо керек деген жыйынтыкка келишет.

Бул жагынан алганда Олжобай Шакирдин жаңы повести Жан-Жак Руссонун аталган романы менен үндөшүп турат десек жаңылышпайбыз. (Албетте, эки чыгарманын көркөмдүк деңгээли бирдей эмес). "Адам+тун" башкы каарманы Муңбайды да биздин доордун агартуучусу деп айтсак болот. Муну ал өзүнүн ойлору, сүйлөгөн сөзү менен эле эмес, жашоо таризи, балдарга болгон мамилеси менен да далилдейт.

Көрсө, баланы тарбиялоо үчүн биздин илим-билимибиз да, турмуштук тажрыйбабыз да аздык кылат экен. Баланы өстүрүп-жетилтүү бизден Кудайдын чыдамындай чыдамкайлыкты да талап кылат тура.

Муңбайдын пикиринде, замандын талабына жооп бербеген учурдагы билим берүү тутумун таптакыр өзгөртүү зарыл. Турмуштун башка тармагындагыдай эле таалим-тарбия берүүдө да чечкиндүү реформаларды жүргүзбөсө, коомдогу зордук-зомбулук эч качан токтобойт, заманбап илим-билимден, нускалуу тарбиядан өксүгөн жаштар ар кандай жаман иштерге азгырыла берет.

Адамзат коому жыйырма биринчи кылымдын босогосун эбак аттаса да, биздин көпчүлүк мектептердин, мугалимдердин балдарды али да болсо эски, көнүмүш усулдар менен окутуп жатканы анын зээнин кейитет. Балдарга карата мамиленин өзгөрбөгөндүгү аны катуу түйшөлтөт.

"Чоңдордун басмырлоосуна көнгөн бала жалтак өсөт, эки жүздүү жалганчы, жуукур мүнөз коом мүчөсүнө айланат. … Өзүбүз балдардан таалим алганды үйрөнөлү. Булар бизден да чынчыл, турмуш чындыгына ушулар түз карайт. Оболу балдардын чындыгын укканга чыдайбызбы?" – деп, ал биздин алдыбызга олуттуу суроо коёт.

Олжобай Шакирдин "Адам+" повестинин өзүм байкаган алгылыктуу жактары тууралуу учкай айттып өттүм, эми чыгарманын менин көзүмө урунган мүчүлүштүктөрү жөнүндө да эки ооз кеп кылайын. Жазуучу өмүр бою тилибиздин тазалыгы үчүн күрөшүп келе жатат. Бирок жаңы чыгармасында кыргыз тилинде эквиваленти бар экенине карабастан, мастер, врач, установка, пропаганда, пациент, травма сыяктуу орус сөздөрүн колдонгону мени таң калтырды. Кечиримдүү дейин десең, булар каармандардын диалог, монологдорунда эмес, кадимки эле автордук баяндоодо берилип жатат.

Мындан тышкары, кээ бир сүйлөмдөрдө да кемчиликтер кеткен. Мисалы, ал "…жаш хирургдун алдында сыйынып турушту" деп жазат. "Жаш хирургдун алдында жалдырап турушту" же жөн эле "таазим кылышты" деп жазса туура болмок. Албетте, мындай майда-барат мүчүлүштүктөр (жогорудагы орусча сөздөрдү айтпаганда) байкабастыктан да кетип калышы мүмкүн жана повесттин жалпы баалуулугуна көлөкө түшүрө албайт. Анүстүнө китеп болуп чыгып жатканда автор мен айткан пикирлерди сөзсүз эске алат деген ойдомун.

Чыгармадагы жазуучунун гей жаныбарлар тууралуу (маселен, Айгашка айгырдын жоругу же "гей-кочкорлор" жөнүндөгү эпизоддо) ашкере берилип сүрөттөгөнү да мага жаккан жок. ЛГБТ темасы – кылдат тема, алар жөнүндө мейли чыгарма же жөн эле макала жазабызбы, алардын жашоо таризин үгүттөгөндөй болбошубуз керек. Башкача айтканда, түшүнүүгө, колдон келишинче ар тараптуу жардам берүүгө аракет кылалы, бирок алар тууралуу кеп кылганда өтө этият болушубуз зарыл. Эркек менен эркек (же аял менен аял) үй-бүлө курса боло берет окшойт деген азгырык кыргыз коомунда жайылбашы керек.

"Азаттык"

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз