Искендер Ормон: Мусулмандар мусулманчылыктан артта калды

  • 16.08.2021
  • 4864

“...Кайсы-бир коом өз абалын өзгөртмөйүн Аллах ал коомду өзгөртпөйт..”
Рад сүрөөсү, 11

Европадагылар биз ишенген исламдын баалуулуктары менен жашайт экен…”  деп түрктөрдүн улуттук гимнин жазган улуу акын жана ойчул Мехмет Акиф Эрсой Осмон империясынын акыркы күндөрүндө Европага болгон саякатынан кийин сөз кылганы бар. Ошол эле мезгилдин каарманы, азыркы Пакистан өз алдынча мамлекет болгонго чейинки аймактан чыккан философ, акын жана жазуучу Мухаммед Икбалдын, “мусулмандар дүйнөгө өздөрүнүн исламдын өкүлү эместигин жана мусулмандарга карап бул динди баалабаса туура боло тургандыгын түшүндүрө алса, исламга чоң кызмат кылган болот” - дегени бар.  Ал эми 19-кылымдын экинчи жарымында өмүр сүргөн ойчул, ислам аалымы Мухаммед Абду (1849-1905) “Батышка барып исламды көрдүм, бирок мусулмандар жок эле, чыгышка кайтып мусулмандарды көрдүм, а бирок ислам көрүнбөдү” дегени жаңыланууну жана илим менен динди чогуу ала жүрүүнү үндөгөндөрдүн ичинен эң таанымалы болсо керек.

Таанымалдыгы ушунда, себеби дүйнөлүк алдыңкы басылмалар аркылуу 2018-жылдын “Исламдык рейтинги” (Islamicity Ranking 2018) жарыяланып, ал рейтингдин башында жогорудагы аалымдын таамай сөзү оорун алган.

Аталган рейтингдин (http://islamicity-index.org/wp/latest-indices-2018/) жарыяланышы бизге анчейин билинбесе да дүйнөгө дүң болду. Рейтингге ааламдын көңүл бурганы бир жагынан бул багыттагы “бой ченөө” жаңы болгонунан болсо, бир жагынан жалпы мусулман өлкөлөрдүн “исламдык көз айнек” менен караганда деле бою алда канча кыска экенин көрсөтүп койгону болду. Бул рейтинг негизинен биринчи жолу 2010-жылы жарыялана баштаган. АКШнын атактуу Жорж Вашингтон университетинде иштеген Шехразаде Рахман жана Хусеин Аскари аттуу эки мусулман окумуштуу 2010-жылы “Ислам өлкөлөрүнүн исламдыгы канча?” деген изилдөөсүн жарыялашкан.

Алгач негизинен Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн өз башкарууларынын канчалык исламдык баалуулуктарга дал келгенин өлчөшкөн эле. Андан кийин бул изилдөөлөрүн жылда жарыялай башташты. Кийинки жылдарда мусулман болбогон өлкөлөрдү да кошуп “исламдык рейтинг” (Islamicity Ranking) деген аталыш менен чыгарышты. Бул рейтингдин исламдык аталганы, баалуулук өлчөмдөрүн ислам дининин негизги булагы болгон куран жана хадистерге таянып түзүлгөнүндө болуп жатат. Ал эми өлчөгөндө намаз, орозо ж.б. жеке ибадаттык негиздеги эмес, жалпы коомду алакалаш кылган исламдык талаптардын практикасын өлчөгөн. 2015-жылдан баштап фондго айланган бул уюм акыркы жылдарда дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө кеңири буруп келет.

Исламдык рейтингдин жакында жарыяланган 2018-жылкы натыйжаларында кызыктар толо. Алсак, алдыңкы 44 өлкөнүн ичинде бир да мусулман өлкө болбогону бардык мусулмандарды чычалатканы менен чындыкка баш ийип караганда – уялаарлык акыбал. Маселен, алдыңкы өлкөлөр өздөрүн ислам өлкөсү дебесе да мусулмандар көчүп барганга ак эткенден так эткен өлкөлөр болгону көрүнүп турат:

1-Жаңы Зеландия, 2-Швеция, 3-Голландия, 4-Исландия, 5-Швейцария, 6-Ирландия, 7-Дания, 8-Канада, 9-Австралия, 10-Норвегия.

Жогоруда байкалгандай, аз жыл мурда эле мусулмандар ибадат кылып жатканда мечитте көптөгөн адамдардын өлүмү менен аяктады. Бул окуядан улам Жаңы Зеландия өлкөсү “эң мусулман” деген сапатка ээ болду. Ал коогалуу окуядан кийин аталган өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн мусулман коомчулугуна  аябай аяр мамиле кылып, жалпы мусулмандардын да купулуна толгон эле.

Бул рейтингде мусулман өлкөлөрдүн орду бир топ эле жүз кызартат. Алсак: эң алдыңкы Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ) болгону менен ал да 45-катарда. Анын артынан Албания – 46, Малазия – 47, Катар – 48 болуп алгачкы 50 өлкөнүн акыркыларынан болуп 4 эле мусулман өлкө көрүнөт.

Экинчи элүүлүккө кире алган өлкөлөрдө да мусулмандар көңүл толтураарлык эмес, алсак: 60-Босния, 61-Оман, 64-Индонезия, 65-Казакстан, 66-Кувейт, 70-Бахрейн, 80-Йордания ж.б. болуп уланат.

Бул тизмеде Кыргызстан 93-орунду ээлеп, бизден мусулманыраак болуп көрүнгөн  95-Түркиядан 2 баскыч алдыга чыккан. Ал эми боордош Азербайжан 99-орунга жайгашкан.

Борбор Азиянын тизмегин салыштырып карасак төмөндөгүдөй:

65-Казакстан

93-Кыргызстан

117-Тажикстан

119-Өзбекстан

123-Түркмөнстан

Жогоруда жалпы баллыбыз Казакстандан артта болгону менен адам укуктары боюнча өлчөгөндө Кыргызстан алдыга чыккан. Бул рейтингде мусулманчылыкта агалык кылган өлкөлөр чынында анчалык акыл үйрөткөнгө татыктуу болбой чыкканы да кызык. Төмөндөгү тизме муну айгинелейт:

Сауд Арабия-85

Иран-125

Египет-137

Пакистан-140

Исламдык рейтинг Куран жана Азрети Мухаммед пайгамбардын (сав) сүннөтүндө айтылган, үгүттөлгөн жана милдеттүү кылган багыттоолорду негиз катары кабыл алат. Көптөгөн мазмунду камтып келип негизинен 4 тармак боюнча баа берилип, ушул рейтинг түзүлгөн. Ал баалоого каралган башкы 4 багыт экономика, адилеттүү башкаруу, адам укуктары жана эл аралык мамилелерден турат. Тагыраак айтканда, өлкөлөр экономика, адилеттүү башкаруу, адам укуктары жана эл аралык мамилелер боюнча исламдык негиздерге канчалык дал келүү менен жашашат деген суроого жооп изделген. Бааланып жатканда өлкөлөр өздөрүн мусулман же мусулман эмес деп атаганына каралбайт.

Сөз башында өткөн кылымдын өкүлдөрү болгон атактуу аалымдар жалпы мусулмандардын абалы жакшы эместигин көрүп чыркыраганын айткан элек. Андан бери бир кылымдан ашуун убакыт өтсө да кейпибизде көп өзгөрүү болбогону жан кейитет. Бул абалдан чыгып жакшырууга, жаңыланууга жана аркы дүйнө эле эмес, бул дүйнөдө да ырааттуу жашоого үндөгөн жана таамай сунуштарды берген Куран китебинде дагы бир чындык айтылат. Рад сүрөөсүнүн 11-аятында “Кайсы-бир коом өз абалын өзгөртмөйүн Аллах ал коомду өзгөртпөйт” деген эреже белгиленген.

Мусулмандар бул эрежени да унутуп “алма быш, оозум түш” деп отура берсе кийинки кылымда өкүнүчкө кабылары айкын. Эгер эртеңки рейтингде эле эмес чыныгы жашоодо да ордум болсун десе, бүгүндөн кам көрүлүшү зарыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз