Дүйнөлүк окумуштуулардын кызыктуу турмушунан

  • 27.10.2023
  • 4797

Академик Л.А.Арцимович илимге төмөндөгүдөй аныктама бериптир: “Илим – бул айрым бир адамдардын кызыгууларын өкмөт эсебинен канаттандыруунун заманбап ыкмасы”.

*     *     *

Нильс Бор айылдагы өз үйүнүн каалгасына элдик ишеним боюнча бакыт алып келет деп эсептелген таканы кагып койгонун көргөн коногу таң калат:

— Өзүңүз дүйнөгө таанымал окумуштуу болсоңуз, анан ушул така чын эле бакыт алып келерине ишенесизби?

— Жок,— дейт Бор, — албетте, мен буга ишенбейм. Бул эскиден калган ырым-жырым. Бирок сиз билесизби, ал ишенбеген адамдарга деле ийгилик алып келет дешет ко.

*     *     *

Бир жолу Геттингенде семинар өтүп, Нильс Бор өз кезеги келгенде даярдыксыз келгендиктен өтө начар сүйлөйт. Бирок Бор ага кайгырган жок, сөзүнүн аягында жылмайып, мындай деп жыйынтыктаптыр:

– Бул жерде жаман даярдык менен келип сүйлөгөндөрдү көп уктум, менин бул жолку сөзүмдү ошолордон өч алуу катары кабыл алууңуздарды суранам.

*     *     *

1802-жылы француз окумуштуусу Жозе Луи Гей-Люссак Парижде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан. Ага ошол кезде Германияда гана даярдалып чыккан айнек түтүкчөлөрү керек болуп калат. Ал Германияга буюртма берип, түтүкчөлөрдү алмакчы болгондо француз бажысы өтө кымбат салык салып, төлөй албай кыйналат.

Бул жөнүндө уккан Александр Гумбольд жөнөтүүчүлөргө түтүкчөнүн эки башын бекем чаптап, анын беттерине “Абайлагыла! Немис абасы!” – деп жазып койгула деген кеңеш берет.

Салык тарифинде абага салык жок болгондуктан бул жолу француз окумуштуусу түтүкчөлөрдү эч токтоосуз алган экен.

*     *     *

Д.И.Менделеев химиядан тышкары да көп иштер менен алек болгон. Бир жолу окумуштуу дүкөндөн соода кылып жатса, дүкөнчүдөн сурашат.

— Бул ким?

— Силер эмне, аны чын эле тааныбайсыңарбы? — таң калат тиги. — Бул чамадан жасоо боюнча белгилүү чебер Менделеев!

Дмитрий Иванович мындай мүнөздөмөгө аябай кубанган экен.

*     *     *

Немис химиги В.Оствальд (1853 — 1932) швед химиги Я.Берцелиустун улуу ачылыштарын жараткан эң жупуну лабораториясын жана андагы жөнөкөй жабдыктарын биринчи жолу көргөндө аябай таң калыптыр.

— Мага эми айдан ачык болду, — дейт ал коллегаларына, — жабдуулар канчалык жөнөкөй болсо дагы, ал жабдуулардын жанында турган адамдан иштин натыйжасы өтө чоң көз карандылыкта экен. 

*     *     *

Виктор Вейскопф өзүнүн Вольфгангом Паули менен чогуу иштегени тууралуу айткан экен:

— Паули менен чогуу иштеген кандай жагымдуу! Ага жарамсыз суроо болуп калбасын деп чочулабай, каалашыңча суроо узата берсең болот. Анткени, ал бардык суроолорду жарабаган суроолор деп эсептейт.

*     *     *

Резерфорд бир кечте лабораторияга кирсе, окуучуларынын бири жүргөн болот.

— Кеч киргенче сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? — деп сурайт андан  Резерфорд.

— Иштеп жатам,— деп жооп берет тигил.

— А күндүз эмне кылып жүрдүң эле?

— Албетте, иштедим,— дейт окуучусу.

— Эртең менен да иштедиңби?

— Ооба, профессор, эртең менен эрте келип иштей баштагам,— дейт окуучусу башын ийкеп, ал жаман оюнда атактуу окумуштуудан мактоо угам деп күткөн.

Резерфорд кабагын түйүп мындай дептир:

— Сен мага жооп берчи, кайсы убакта ойлоносуң?

*     *     *

Эйнштейнден бир жолу гениалдуу ачылыштар кандайча жаралат деп сурашат.

— Бул жөнөкөй эле нерсе, — дейт Эйнштейн. — Бардык окумуштуулар мындай болушу мүмкүн эмес деп эсептешет. Бирок алар менен макул болбогон бир жинди чыгып, эмне үчүн анын боло турганын далилдеп берет.

*     *     *

Бир жолуЭйнштейнден сурашты:

— 3-Дүйнөлүк согушта кандай курал-жарак эң негизги ролду ойнойт?

— Билбейм, — дейт окумуштуу, — бирок 4-Дүйнөлүк согушта эң негизги курал таш балта болот.

Булак: physics03.narod.ru

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз