Кечмеликке чейин Кудай бар, өтүп алгандан кийин кудайды унуткандар толтура.
* * *
Кырсык эки көз аркылуу келет, ал – ач көздүктө.
* * *
Бийлик менен мечит биргелешип алып адабият, маданиятты курутуп бүттү.
* * *
Душманыңды азыр муунта албасаң, келечекте кучактайсың.
* * *
Кылган жумуштан да кыла элек жумуштан чарчаган жаман.
* * *
Чегинип туруп күүлөнбөсөң, секире албайсың.
* * *
Жеңилип көрбөсөң, жеңе албайсың.
* * *
Кырсык апкелчү жылуу сөздөн көрө бакыт апкелчү ачуу сөз жакшы.
* * *
Дүйнөнү сактай албасак да келгилечи, куру дегенде жакшы адамдарды сактап калалы!
* * *
Базар, президентти да укпайт.
Сазыкбай ТУРДУМАЛИЕВ, коомдук ишмер
Динге баш урган адам Меккеге, демократияга баш урган адам Вашингтонго сызат. Арийне, бул экөө ишенимден башка эч нерсе деле бербейт.
* * *
Тандаган саясатчың кандай болсо, демек өзүң ошондойсуң.
* * *
Сенин огородуңа мурунку кожоюн жана кошуналарың гана кызыгат.
* * *
Турмуш велосипед тепкениңдегидей кеп. Токтодуңбу? – бир нерсеге таянышың керек.
* * *
Нормальный адам кол алышканда адамдын көзүнө тиктейт, а мандеми барлар көзүн ала качып турат.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, демократ
Төрт дубал – көчмөн үчүн түрмө.
* * *
Эркектин оюнан аялдын амалы ылдам.
* * *
Манас доорундагы кыргыздар көктө шаңшыган бүркүт болсо, азыркы кыргыздар жем талашкан тоокторду эске салат.
* * *
Акылсызда арман болбойт.
* * *
Ачуусу алдыда, акылы артта жүргөндөн абайла.
* * *
Ажал деген карабайт, жалкыңа да жакшыңа.
* * *
Акыл-эсти кайдыгерлик уктатат.
* * *
Бейиштей жерин барктабаган элдин бешене шору беш эли.
* * *
Акылдуу жашынан мурда картаят.
* * *
Кыргыз кулактан азып, көңүлдөн толот.
* * *
Байыркы кыргыздын аты калды, заты жок.
* * *
Ата-эне, биртууган, дос-тамырга топурак салып кайышкандан да, жандан чыккан балаңа топурак салгандан өткөн кайгы жок!
* * *
Кезинде музыканын ичинде элем, кийин каалгасын кагып сыртында калдым.
Түгөлбай КАЗАКОВ, композитор
Акын аба ырайына эмес, заман ырайына карап тирлигин кылган дыйкан.
* * *
Акын алма бак сыңары “мен – алмамын, келгиле, жегиле” дебейт, каалаган киши үзүп жейт. Арийне, отун же устундан башкага жарабаган мырза теректер бар, көк тиреп менменсинип турушат.
* * *
Акынсыз коомдун өзөгүн курт жейт.
* * *
Өнөр куш сыяктуу.
* * *
Талант – бул кудайдын жазасы менен сыноосу.
* * *
Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет.
* * *
Акынды ый бузбайт, сый бузат.
Алик АКИМАЛИЕВ, акын
Байлык – колго кармалбаган шамал.
* * *
Коомдо бардыгын мыйзамга такап, мыйзам менен эрежелештиргенден өткөн коркунуч жок.
* * *
Кызматтан алынгандан кийин көзү ачылгандарга такыр ишенбейм.
* * *
Мага өмүр мыйзамын жаз дешсе, алгачкы сөзүн “СҮЙҮҮ” деп жазар элем.
* * *
Таяктын эки учу бар сыяктуу: мыйзамдар да сөзсүз бирөөлөрдүн кызыкчылыгын арттырса, бирөөлөрдүн кызыкчылыгын чектейт.
* * *
Ыйман бузулган жерде мыйзам бузулат.
* * *
Кайдыгер элде каарман аз. Аркаңда дуу көтөргөн, чуу чыгарган элиң болбосо, үнүң үстөм чыкпайт.
* * *
Зоокага барып такалчу жолду оңдогондон эч нерсе өзгөрбөйт.
* * *
Өлүккө ченеп бычкан кепин тирүүгө туура келбейт.
Кубатбек БАЙБОЛОВ, коомдук ишмер
Гезиттердин бурчунда да бейит бар.
* * *
Адам пейли дүрбүдөй: бирөөлөрдү канчалык өзүнө жакындатса, бирөөлөрдү ошончолук өзүнөн алыстатат.
* * *
Кедейлигиң эч нерсе эмес, кедейлигиңди жашыргандан өткөн азап жок.
* * *
Башкаларды басып өтөм деп эмне кыласың, өзүңөн өзүң озуп отурсаң эле оңой эмес ийгиликке жетесиң!
* * *
Достошконду кой, душмандашканга да дурусурак киши керек.
* * *
Бийликте жүргөндөрдүн бийикте жүргөндөрү өтө аз.
* * *
Поэзия – жүрөктөн жасалган мээ.
* * *
Айылдын күтүрөгөн турмушу турса, шаардын битиреген турмушуна эмнеге качабыз?
* * *
Балдарынан кеч турган ата-эненин тарбиясы таасирсиз.
Кожогелди КУЛТЕГИН, акын