Кадыркул Даутов: Акындын акындыгы[1]

  • 28.08.2021
  • 5054

... «Акынга мансап эмес, тагдыр керек». Акындык өнөрдүн улуу сырын, жападан жалгыз улуу чындыгын керт башы менен ачып чыгып, аларды өз чыгармачылык тажрыйбасы, өмүр өрнөгү аркылуу кашкайта далилдеп бере алган улуу адам гана ушинтип айталмак. Ар бир калем кармап ыр жазууга ниеттенген жаш акындыктын айныбас, ыйык эрежеси катары күтүнүп, өмүр бою бешенесине шам кылып карманып, бараткан багытын текшерип жүрүп отуруш үчүн табышталган бул акылман адабий нусканы бизге мураска калтырган кеменгер Александр Блок болгон.

Ырасында эле акындык тагдыр күтүү дегениң кайсы бир жомоктордо катар-катар тартылган кароолдун кырк жибек торунан өтүп барып, малайдын чыбык торуна түшүп берген алтын балыктай, же күмүш туур орнотуп күтүнүп жаткан хандын алтымыш ак өргөөсүн айланып өтүп, тээ төштүн түбүндөгү койчунун чөчөйгөн кара алачыгына конуп берген бакыттын алтын кушундай, же нечен бир байлар менен бектердин аргымак туйлатып, жорго коштотуп келген барман мырза балдарына барбай, жылаңайлак, жыртык чапан томаяк жигитке колун сунган Айпери кыздай, - ыр жазып китеп чыгарып жүргөндөрдүн онунун бирининби, отузунун биринби шыбагасына туш келе турган сейрек таалай окшобойбу.

Ага кабылып, кабылбай калыштын өзгөчө себептери көп. Биринде табигый көрөңгөнүн жугу аз. Ал канчалык жети кат териси жешилгенче жан алып, жан берип иштебесин, жарытылуу эч нерсе өнбөйт. Көп эле болсо ыр техникасын жакшылап сабаттуу өздөштүрүүнүн үлгүсүн берет. Экинчиси - жаркын көрөсөн личность эмес, күнүмдүк жашоонун майда куулук-шумдугун ашкере өздөштүрөм деп жүрүп психологиясын ошого ыңгайлаштырып алган. Ошол адаты боюнча ырды да чекене алды-берди мамилелердин дипломатиясына салып өтө сактанып, кысынып чүмчүңдөп жазып, айтылчу чоң сөздү түз айталбайт.

Кулачын бир кенен жайдырып, курушу жазылганча чуркатып, көмүскөдө быгып жаткан көркөм дүйнөсүн чындап чечектетип ачылта турган шартка өзүн кабылтпай үстүртөн жылмакай өтүп кете берет. Чыныгы турмушунда бир бөлөк жашайт, башкача ойлоп, башкача сүйлөп, жазууга келгенде жекече адамдык болмушун жоготуп таптакыр таанылгыс болуп калат. Көлөмгө жараша көлөкө түшөт дегендей, андан кайдагы оригиналдуу изди күтөсүң...

Үчүнчүсү - табиятынан принципсиз, адеп-актык дүйнөсү аруу эмес, поэзиянын ыйык салты менен ыйык чындыгына ачыктан ачык кол салып, таза ишенимдерди, аздектеген идеалдарды ойрондоп акты кара деп, караны ак деп жазып ушундан кетет. Төртүнчүсү - чыгармачылыктан мансап издеп, ага мансапка жетүүнүн мүмкүнчүлүгү, сөөлөт күтүүнүн бирден бир ыңгайлуу жолу катары мамиле жасайт. Бешинчиси - аны жалаң гана акча табуунун курал-каражаты деп билет.

Ушундай утурумдук чекене максаттардын камылгасы менен жашап, бар болгон күч-жөндөм ошондой мамилелердин куулук-шумдуктарын үйрөнүүгө жумшалып, поэзиянын өз табият-талабына алпарчу жол ак дилден өздөштүрүлбөй, ыр жазып жүрүп ырга чындап кездешпей кайкып өтүп, акындык өнөрдүн улуу парзы акталбай калат.

Анткен менен мындай адабий ишмерлер да көрсөткөн өнөрүнүн акыбетин алат: поэзияга ак кызмат өтөбөй, чыкканчылык кылганы үчүн алардан поэзия кайра өч алат, абийир-ыйманын кийинкилердин сотуна коюп, мезгил келекесине салат, кантип жашап өткөндүгү тууралуу акыйкатты небере-чөбүрөлөрүнө жарыялайт...

Көрсө Э.Хемингуэй жакшы адам гана жакшы жазуучу болот деп айтканынын түпкү сыры ушунда жатат экен да. Личностук сапаты, бийик, абийир-ишенимин кара так түшүрбөй кастарлап таза сактай билген акын гана барына кайыл болуп, поэзиянын урматы үчүн күнүмдүк көр оокаттын азгырыгы менен мансап, сөөлөттөн кечип коюуга эрдиги жетип, кудум Алыкул Осмоновчо:

Мен тансам жаштан танам, ырдан тынбайм,
Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм – деп чыгармачылык мүдөсүнө өзгөчө бир фанатикалык берилүү, жанбас сүйүү менен жашай алат.

Поэзияга жоокердин ыйык постто туруп, ыйык чек арага жасаган мамилесиндей таза жана жооптуу мамиле кылып, аны өмүр-жашоосунун бирден бир маңызы деп санап, өзүн курмандыкка чалса да, ыр чындыгын курман чалууга алы жетпеген, дилинен түртүлүп, тилинин учуна келип турган сөздү өлтүрбөй ошол боюнча алып чыгып, калк кулагына угуза алган акын гана акындык тагдыр күтүшү мүмкүн.

Акыйкатта да ыр дубанасы болуп жашап, тагдыр күткөн акындын гана дүйнөгө айта турган олуттуу сөзү болот. Жөн эле ыр чыгарып, ыр жазып, аны кесип катары гана урунуп жүрүп өтүп кеткендер менен Токтогул, Барпы, Алыкул Осмонов окшоп (арабызда жоктордон) нукура акындык тагдыр күткөндөрдүн айырмасы кандай болорун адабият тарыхынын тажрыйба-мисалдарынан көрүп жатпайбызбы.

Мына ушундай чоң акындык тагдыры бар, ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган нукура тубаса таланттардын бири Байдылда Сарногоев. Бул акындын өмүр жолу, ички рухий дүйнөсү, пендечилик жекече сапаттары канчалык жөнөкөй жана татаал болсо, поэзиясы да ошончолук жөнөкөй жана татаал, ошончолук оригиналдуу. Ага карата болгон жалпы окурмандардын мамилеси да өзүнчө кызык, берилген баа, пикирлер акында болуп туруп болбогондой эле парадоксалдуу элестетет.

Бир жагынан карасак, аны тоолук эл өзүнүн ак калпагындай эле ашкере таанып-билет. Бардык катмарлардын өкүлү - тоо башында кой жайган чабандан тартып лабараторияда иш жүргүзгөн химикке чейин, катардагы жумушчудан тартып инженер-механикке чейин, мектеп балдарынан тартып алтымыш ашкан пенсионерлерге чейин, адабият, искусство өкүлдөрүнөн тартып чарба жетекчилерине чейин жата калып окушат. Айылдык, райондук өздүк көркөм кружокторунун катышуучуларынан тартып филармония менен операнын профессионал ырчыларына чейин обонго салынган ырларын ырдашат. Анын поэтикалык тизимдери менен учкул сөздөрүнөн же тамаша дептеринен эки сап жатка айтпаган кыргыз баласын табуу кыйын.

Бир жагынан карасак, ушул күнгө чейин адабий чөйрө жазуучу, сынчылар тарабынан анын реалдуу баасы бериле элек. Кыргыз поэзиясында Б.Сарногоевдей акындын чыгып калыш закон ченемдери түшүндүрүлбөдү, ал эмне деген көрүнүш экендиги айтылбады, адабиятта ээлей турган орду көрсөтүлгөн жок. Айрым бир сын макалалар менен атайын баяндамаларда саналып өтчү дежурный тизмелерде гана атын атасак атайбыз, атабасак баягы раматылык Мидин айткандай «и другиенин» ичинде калат.

Кээ бирөөлөр аны профессионал акын дешсе, айрымдар жазма адабияттын маданиятына жетпеген «фольклордук акын», «ырчы акын» дешет. Эң кызыгы, айрым акындык даңк-даража күткөндөр менен нечендеген «төкмөлөрдүн» ыр китептери беш-он жылдап магазиндерде жатса, Б.Сарногоевдин жыйнактарын чыгып-чыкпай туруп талап кетишет. Мына быйыл эле жарык көргөн «Ашуудан берген отчёту» типографиялык боёгу кургап үлгүргөнгө жетпей заматта сатылып кеткенине өзүбүз күбө болдук. Аны канчалар издеп сурап жүрүшөт азыр, нускасын көбөйтүп кайрадан бастырып бергиле деген каттар басмаканалар менен редакцияларга жаай баштады...

Ачык туюнтулган пикирлер мындай. Элүүнчү жылдардын аягы, алтымышынчы жылдардын башы ченде авторго карата жөндүү жана жөнсүз айтылган мактоолор менен сын-дооматтар болгон. Көкөлөткөнү да, көө сүртмөкчү болгону да акын өзү куруп, жасай баштаган поэтикалык чарбагына түркүн түс мөмө дарактын көчөттөрүн каяктардан алып келип отургузган, кандайча кыйыштырып, кантип жаңы түргө өткөргөн, баарынан да аларды кабыл ала турган кыртышты кандайча даярдап, кантип ыңгайлуу климат түзгөн, эми кантип азык берип өстүрүп жатат дегендей анын багбанчылык системасын туташ адаштырып карай алышкан эмес.

Кээси ошол түр жемиштүү бакчадан бир түп чилги киласти көрүп алып, бул жемиш бүткөндүн паашасы (анын эрте бышканы үчүн эле), мөмөлүү дарактын баары ушундай болуш керек деген талап коюп чыкса, кээси тээ боз кыроодо барып жетилчү кымыз алманы короо кезинде, акын өзү айткандай, «адегенде аткый тиштеп ачуусун, таттуулары такыр жок» деп кол шилтеп кете берген. Кыскасы, ар бир жемиш багынын өздүк табияты кылдат байкалып, кайсы түрү кайсы маалда мөмөсүн жетилтээри ажыратылып, алчасы алчадай, өрүгү өрүктөй, шабдаалысы шабдаалыдай, алмуруту алмуруттай, алмасы алмадай өз-өзүнчө бааланбай, баары бир түр жемиштин даам-татымы менен бааланган да, анан ошол бойдон калып калган.

Б.Сарногоевдин поэзиясы тууралуу өз учурунда калыс сөздүн айтылышы зарыл эле. Андай пикирдин сөзсүз керек экендиги бүгүнкү күндө дагы ачыгыраак, дагы күчтүүрөөк сезилгенсип жатат. Кеп акындын ысмы бөлөктөрдүн катарында мактоо тизмеден калбай окулуп же окулбай турганында эмес. Кеп жалаң гана анын башкаларга окшобогон өзүнчө оригиналдуу талант экендигинде деле эмес. Кеп Б. Сарногоев жараткан көркөм дүйнөнүн тереңден ар тараптуу каралбай жатышы менен кошо азыркы кыргыз поэзиясында күн тартибине курч коюлуп, чечүүгө муктаж болуп турган көп маанилүү маселелердин айтылбай келатышында.

Акындын поэзиясына карата түрдүүчө мамилелердин жашап турушу да, ушул убакка чейин адабий чөйрөдөн реалдуу сын-баасын ала электиги да ошого байланыштуу экендигинде. Эгерде автордун поэтикалык дүйнөсүнө кирүүгө туура ачкыч таба алсак, аны туура аңдаштырып баратып, бир эле учурда ошол айтылбай келет деген көп түйүндүү маселелерди кошо чечмелеп чыгууга шарт түзүлө тургандыгында.

Б.Сарногоевдин поэзиясы өзүнчө көрүнүш болгону менен өзүнчө обочолонуп түшүндүрүлбөйт жана кыргыз поэзиясында табигый түрдө эркин өздөштүрүлүп жаткан айрым бир өзгөчө сапаттык жаңы белгилерди Б.Сарногоевдин гана мисалында жакшы көрсөтүүгө болот. Конкреттүү айтсак, фольклор менен ырчылар поэзиясында нускалуу салттарын профессионал поэзия менен, орус жана дүйнөлүк поэзиянын салттарына кыябын келтирип жалгаштырып, синтездеп чыгуудан келип өзүнчө Сарногоевдин поэзиясын жаратылышы; адабиятта чоңбу, чаканбы өз мектебин, менчик салтын түзүү деген эмне экени акынга акындык тагдыр күтүү кай себептен керектиги жана ал жазуучулук өнөрдө неликтен башкы маселе экендиги чындыкты өзүнчө ачкан, өзүнүн личносту, биографиясы, тагдыры чыгармаларында катышып, ыр саптарынын арасынан башбагып көрүнүп турган оригиналдуу акын менен бирөөлөрдүн ырынан ыр жазган, жекече жүзү, өз сөзү поэтикалык саптарына түшпөгөн, «сабаттуу жазмакер» акындын айырмасын көрүү; көркөм сөз өнөрүнүн бийик үлгүсү — классикалык жөнөкөйлүккө жетишүү деген эмне экени; кайталангыс улуттук колоритке ээ болуу; нукура жандуу элдик тилдин стихиясына кире билүү; көркөм песня жанрына өмүр берүү өзгөчөлүгү сыяктуу сапаттар акындын поэзиясында үлгү катары коёрлук даражага көтөрүлгөн.

Ушул айтылган белгилерди ачып чыксак, биринчиден, Б. Сарногоев эмнеге тете иш жасап койгонун айкын билебиз. Экинчиден, анын көркөм тажрыйбасы аркылуу кыргыз поэзиясы кандай жаңы түс, боёктор жаңы ийкем, ыргактар менен байыганын аныктайбыз. Үчүнчүдөн, окурман акындын поэзиясына кайсы тарабынан кирип, аны кантип ачуу керек экендигине жаңсоо берип, аларда автордун чыгармаларына карата сергек көз караштын калыптанышына көмөктөшөбүз. Төртүнчүдөн, анын акындык сабактарын айтуу менен адабиятка кантип өзүнчө жол салып кириш керек экендигин артта келаткан жаш калемгерлердин көзүнө түшүрүп, кулагына табыштайбыз.

Албетте, булар мындан нары карай аткарылчу, фундаменталдуу эмгекте жүзөгө ашырылчу иш. Азыр болгону ошолордун айрым эскиздерин түшүрүп, айрым урунттуу түйүндөрүнө гана белгилер коюп өтөбүз. Эмнеси болсо да аларды ырааты менен бир баштан айталы.

Б.Сарногоев кыргыз поэзиясында эч кимге окшобогон, эч кимди кайталабаган жана эч качан эч ким тарабынан экинчи кайталанбай турган өзүнчө бир уникалдуу акын. Мунун адаттан тыш сыйкыры жок, сыры жөнөкөй эле. Аны ошондой кылып даярдап чыгарган тарыхый шарттар эми кайра жаралбайт, алар нечак эле кайткыс болуп мезгил түпкүрүнө түшүп кеткен. Анын поэзиясы канчалык даражада күчтүү таланттын түшүмү болсо, ошончолук эле даражада коомдук шарттардын да натыйжа-жемиши деп билишибиз керек. Ал өзгөчө (исключительный) бир учурга, кыргыз элинин турмушунда бир эле мезгилде эки-үч доордун көрүнүштөрү аралаш өмүр сүрүп турган кызык кырдаалга туш чыгып, аз гана убакыт ичинде ошолордун баары менен катар жашап, баарынын тең рухий булактарынан катар азыктанып, бири-бирине куюлуп, ашташып өтүшүп жаткан процесстин дал кайноолорунда тарбияланып, калыптанды. Кантип?

Тээ түп-тегинен келсек, Байдылда Сарногоевди табийгат-тагдыр Эсенаман, Чоңду, Эшмамбет, Жеңижок баш болгоп «чоң суулар аккан арыктан агызыптыр». Ал ошондой таланттардын тандамал уругу бузулбай өнүп, чатырап оожалып кетүүгө бар шарты жарашкан кереметтүү Таластын сынаакы кыртышына түшүптүр. Бактысы экен, биринчи шарт аны эне сүтүнө кошо ыр менен оозандырды. Көзү жарык дүйнөнү карап, кулагы ачылаары менен улуулардын ыр, күүлөрүн укту. Ошолордун ыр, күүлөрү тараган абадан дем алып, ошолордун ыргак-шаңын угуу, туюу сезимдеринде кайрып, жаңырыктатып жатты. Аларга кошумча: «Энеси эл жомогун удаа-мудаа, куйчу эле күндүр-түндүр кулагына». Анан мектепке каттап калганда «эрте-кеч санаасынан чыкпай окуган китептери «Эр Төштүк» менен «Кедейкан» болот («Адабий кызык китептер, аз эле анда саны абдан»), Ошентип, «элдик жомоктон наар алып», жатып-туруп тиленип «кудайым акын кылгын деп, жок экенин сезбей жалынып» ырга ышкын артат.

Келип-келип таланттын дартына чалдыккан балапан Байдылданын үлбүрөгөн наристе дил, сезиминде ырчылык шыгы (жазуучулук эмес) кеберлеп, нук ала баштайт. Райондук газетага чыккан биринчи ырын жазганда профессионал акын болсом деп ойлобоптур. Ал мындан көрүнөт. 1946-жылы өнөрпоздордун областтык кароосунда эл алдына:

Көк-Арык менин мектебим,
Көп акын болуп кетпедим.
Ойнотуп кызыл тилимди,
Осмонкулга жетпедим – деп жамактатып ырдап чыгат (комуз менен), үйрөнчүк бала ырчы катары кабыл алынат.

Мына ушинтип, бала талапкер али жазуучу акын эмне экени капарына көп түшө элек, аларчылап окуп бергидей ыр жазууга өтө элек, профессионал поэзиянын өкүлдөрү Аалы Токомбаевдей же Алыкул Осмоновдой акын болсом деп көксөбөй, Осмонкулдай ырчы болсом деп самап, ошого камынып, жан дүйнөсүндө төкмө ырчылыктын уюткусу түптөнүп, өзөк байлап калган кезинде Фрунзеге келип, жазуучу, акындардын чөйрөсүнө кирет.

Эми түшүнө ыр кирип, ойгонсо оозуна ыр келип, дилгирленип турган өспүрүм Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Мидин Алыбаев, Райкан Шүкүрбековдор менен аралашып, ошолор жараткан профессионал поэзияны жата калып окуп, ошолордой акын болууга ниетин оодарат. Жаңы шарт аз-аздан барып аны «Пушкиндин мөлтүр булагына тааныш кылат». Жаш акындагы эки башталма - түбүнөн негизделип жүлүн улап келаткан ырчылык камылга менен жазуучулук маанай жалгашып да, катарлашып жанаша да өнүгө баштаганда, ал үчүнчү жаңы шартка туш келди. Чоң Москванын адабий чөйрөсү менен орус жана дүйнөлүк классиканын эстетикалык таалимине кирди.

Дүркүрөп эмнени болсо да өзүнө тез сиңирип алып турган жаш сезим, жаш канга баары табийгий кабылдана берди. Айылдан эне сүтү менен кошо сиңирип алып келген нукура элдик жандуу речь, ырчылар менен эпостон алган бай тил, акын кийин өздөштүргөн адабий тилге өзүнүн алгачкы тумсак абалында сакталып жеткен керемет түс, боёктору менен угум, татымын ала кирди.

Карап турсак, жаш акын беш-он жыл ичинде эле канча доорду жашап салыптыр. Жомок менен эпостон чыгып келип, Роберт Бернс, Ж.Байрон, А.Пушкин, А.Кольцов, С.Есенин, А.Твардовский, Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаевдерге шакирт түштү. Ошол эле учурда кайрадан классикалык ырчылар поэзиясынын акыркы өкүлдөрү Осмонкул, Алымкул, Ысмайылдар менен катар басып, замандаш, пикирдеш, табакташ болду. Жыйырманчы кылымдын Гомери - Саякбай менен Сашка деп азил-аския айтышып, чөйчөк кагыштырган «жашы улуу, жаны бирге» дос. Буларга кошо элдик музыканын классиктери Карамолдо, Ибрай, Атайлардан күүлөрдүн кайрыктарын үйрөнүп жүрдү.

Мына ушундай бир эле учурда аралаш келген, өзгөчө шарттар туш кылган түрдүү типтеги көркөм мектептердин баарына бир эле учурда ой-туюмун табийгый ыңгайлаштырып өсүп, бир эле учурда ошолордун барын таланттуу өздөштүрүүдөн келип өзүнчө Байдылда Сарногоев деген синтез чыккан. Ал эч кимге окшобогон жеткен оригиналдуу акын.

Ошол эле учурда баарына да окшош. Элдик лирика менен эпоско да окшош, Барпы менен Ысмайылга да окшош, Алыкул Осмонов менен Мидин Алыбаевге да окшош, Роберт Бернс менен Байронго да окшош, Пушкин менен А.Кольцовго да окшош, С.Есенин менен А.Твардовскийге да окшош (муну тамгалай маанисинде түшүнүп алба, окурманым!).

Анын өзү канчалык «көп катмардан» турса, тили да ошончолук көп боёктуу, миң кубулмалуу, өзгөчө жөнөкөй жана татаал, элдик жана адабий. Анын чыгармаларында элдик поэзиянын тили кандай, жазма адабияттын тили кайда, фольклор кайда, профессионал поэзия кайда деп ажырата албай жүргөнүбүз да ушунда эмеспи.

Б.Сарногоевдин биринчи жалпы өзгөчөлүгү акындык тагдыр күткөн акын экендигинде болсо, экинчи чоң индивидуалдуу өзгөчөлүгү мына мында: анын чыгармаларында баштан аяк өзүнүн личносту катышып, бар турум-турпаты, оң-терс кыял-жоругу, жүрүш-туруш манерасы менен кошо көрүнүп, бизди бирде олуттуу, бирде ачуу ойлонтуп, кээде жылмайтып, кээде ичтен сыздырып, кээде итиркейиңди козголоп, кээде сүйдүрүп, кээде боор оорутуп, түрдүү көңүл жагдайларга түшүрүп жүрүп отурат. Өз биографиясын, тагдырын, өйдө-төмөнү бар баскан жолун алдыңа тартып жүрүп олтурган ал кызык личность чыгармаларга айрыкча бир жагым берет, ошол бар үчүн алар көңүлдүү окулат.

Бирок ошол личность деген сапат негизинде бардык эле акындарда болгон менен аны баары эле поэзиясына чыгара албайт. Ыймандай сырын жашырбас ашкере ачыктыгы бар таланттар гана чыгармаларына өз личностун түшүрө алышат. Мындай сапат Б.Сарногоевде эң жогорку деңгээлде өнүктүрүлгөн. Ал окурман менен өтө жакындан сырдаштык маанай түзүп туруп чындап агынан жарылып чечилишет, бар дүйнөсүн жашырбай, бул ашыкча кеткен жерим, бул айып-өксүгүм билинбей калсын, кеп-сөз болот дебей, эң бир жакын, эң бир ишенген, бирден бир санаалаш кишисинин алдында тургансып, минтип төгүлүп таштайт:

Мен эсенмин. Бирге жүргөн
«Көк сулуудан» айрылгам.
Махабаты терең экен,
Терең жерди жай кылган.
Аз-аз жерден чөгө жаздап,
Араң калды Байдылдаң.

Жебедей учсам дейт элем,
Жел менен кошо сызыла.
Жеңил баа кылдым өзүмдү
Жете албай максат учуна...
Желбей да калдым бир топ жыл
«Жем» түшүп кетип бутума.

Акынга мындай ачык-айрым болуунун таасир-күчү ушунда: ал ырларынын биринчи эле саптары менен куплеттеринде өзүнө карата окурмандын ысык ымаласын жандырып, ишенчине кирип кетет. Заматта окурман менен акындын ортосундагы чек-сызык жоюлуп, экөө мамыр-жумур жуурулушуп, ийиндерине колдорун артышып туруп сүйлөшүп калышат. Чыгармаларына өзүнүн личностун бар керемети менен таасын түшүрө алышы жагынан, ыймандай сырын жашырбас ашкере ачык, ашкере чынчылдыгы жагынан, окурман чөйрө менен ортосуна чек-сызык күтпөй бет чыккан эле жерден «Салам сага, Карвалан!», «Салам сага, Сарногойдун коргону», «Салам айтам, саан уйлар, барыңа» деп гана жадырап көкүрөгүн эркин ачып келип арапашып кетүүгө болгон табийгый машчылдыгы жагынан ал дүйнөлүк поэзияда Роберт Бернс, Сергей Есенин, Расул Гамзатовдор жеткен бийиктикте турат.

Б.Сарногоевдин поэзиясында ушул күнгө чейин биз жакшылап ачып бере элек, өзү көрүнүп туруп, жашынып алып, көпчүлүк окурмандарды адаштырып келаткан бир өзгөчө «сыйкыр» бар. Ал сыйкыр - анын ырларынын «архитектуралык» түзүлүшү өтө жөнөкөй жасалып, бирок абдан бек жана ажайып кооз болушу. Ал жөнөкөй эле жөнөкөйлүк эмес, алыстан жалтыраган түнкү оттой алдамчы жакын көрүнгөн чексиз талаанын учундай алыс. Асан-Үсөн (күн желеси) түшкөн горизонттой ыраактан-ыраак, жеталбайсың. Окшоштуруп жазайын десең, жазылбайт, жамактатайын десең жамалбайт. Акын болсо кыйналып-кысталбай, дем алып, дем чыгаргандай ушунчалык табигый, ушунчалык эркин төгүлүп:

Жумшак колдуу жытсыз түтүн
Тоо баштарын ушалап,
Жел көбүктөй жеңил сампар
Жердин бетин упалап,
Жыртыгынан түнт булуттун
Жылдыз турду шыкаалап.
Тынбай муздак тили менен
Муздун жалап капталын,
Анда-санда серпип коюп
Агыш тармал чачтарын,
Өзөн жатат дем албастан
Өжөрлөнтүп акканын.
Тиштем эт жок түлкү жагы,
Былк-былк этип сүйлөсө.
Оркоң этип кекиртеги
Шилекейин күрмөсө.
(«Баяс»)

Жашырын сырдуу күү чалып,
Жай толкуп кайра тынч алып,
Жаңгактуу тоонун койнунда
Жатканын көрчү суйсалып.

(«Сары-Челек»)

Оң жагың деле былдырайт,
Сол жагың деле былдырайт.
Баладай бал тил булактар,
Бардыгы ырдап, үн курайт.

Кай бири көбүк сапырып,
Капталдан төмөн шашылып.
Камала түшүп корумга
Кайрадан чыгат атылып.

(«Чаткал баяны»)

Өзүбү кыздын, саныбы...
Өзөндө өскөн кайыңы.
Жаштыгың эске түшүрүп,
Жалындап иет жаныңы, -

(«Чаткал баяны»)

сыяктуу ушунчалык жөнөкөй сөздөр менен колуңа алып кармалап, аяк-быякка аңтарып карап көргүдөй таңкаларлыктай жандуу, жүз түрлөнүп, жүз кубулган керемет кооз сүрөттөрдү катар-катар тартып, музыкада гана бере алчу түркүн дабыш, үндөр менен адамдын ар кыл абалга өтүп турган көңүл жагдайларын тарам-тарамы, жик-жиги боюнча кагаз бетине сал түшүрүп таштап кете берет, кете берет. Сен суктанып гана артынан ээрчип жүрүп отурасың.

Бир сөз менен айтканда Б.Сарногоевдин поэзиясындагы жөнөкөйлүгү кээ бирөөлөр ойлогондой примитивизм эмес, ал чеберчиликтин бийик үлгүсү - классикалык жөнөкөйлүк. Буга жетем дегендин баары эле жете бербейт. Бул жөнөкөйлүлүктүн татаалдыгы ушунда турат. Муну түшүнмөйүн акындын поэзиясынын жалпы эле өзгөчөлүгүн түшүнбөйбүз. Ага туура мамиле жасай албайбыз.

Б.Сарногоевдин кыргыз поэзиясына кошкон дагы бир чоң салымы, ачкан жаңылыгы тууралуу айтпай кетүүгө болбойт, айтылбай да жүрөт. Ал бизде профессионал адабиятта боло турган көркөм песня (художественная песня) жанрын негиздеди. Анын элдик песня менен профессионал ырдан - стихтен бөлүнүп, өзүнчө «түтүн булатып» жашап, мисалы, орус поэзиясындагыдай (А.Кольцов, М.Исаковскийдин көркөм тажрыйбалары сыяктуу), айкын таанылып, гүлдөө дооруна бет алышы түздөн түз Б.Сарногоевдин ысымы менен байланышат. Ал тубаса песенник. Башкалар песняны атайылап жасап, окшоштуруп жазса, Б.Сарногоев туруш-турпаты менен песнянын өзү. Түпкү айырмачылыгы ушунда.

Бул сейрек өзгөчөлүктүн табийгый уюткусу акындын алгачкы көк канат «Шумкар» (1952) аттуу жыйнагындагы «Кызыл гүл», «Акбары» (учурунда ырдалып жүргөн) деген ырларынан эле кылайып көрүнүп турган. Ал башталма улам кийинки жыйнактары чыккан сайын калыңдап, тереңдеп отуруп өзүнчө бир өзөнгө айланды. «Биз калдык», «Кайсы сенин терезең», «Жайдын бир түнү», «Музыка», «Курсактагы балама», «Сөзүң жана билегиң», «Дилбар», «Жашасын аял», «Селки, бозой ырдашат», «Жылкычы бозой», «Ак чыны», «Көкүрөгүм шыбырайт» ж.б. көптөгөн ырларды кимибиз гана ырдабадык, алар кайсы гана тоолор менен талааларда, кыштактар менен калааларда жаңырыктабады. Кимдердин гана өз арзуу сезими, асыл ой, тилеги болуп туюнтулбады. Акындын көркөм песнясына алдыда далай-далай обончулар менен композиторлор кайрыларына эч кандай божомол-түзөмөлөрү жок эле ишене берсек болот.

Автордун таланты стих түрүндөгү ырларды жаратууга канчалык кудуреттүү болсо жана поэзиянын бул тармагында өзүн канчалык эркин сезсе, ал жөндөм көркөм песняга келгенде да ошондой эле көбүрүп-жабырып ташып турат, бардык учурдагыдай эле элпек ийкемге келип, өзүн өз төрүндө отургандай абдан ыңгайлуу сезет. Башка жанрдагы чыгармалары менен катарлаш:

Көздөн чачып сен жалын,
Көктөн чачып күн жалын,
Эки ортодо чыдабай
Эрип барат бир жаным.
Эрк өзүңдө не кылсаң
Эх, Дилбарым, Дилбарым!..

өңдүү өзүнөн өзү лепилдеп обонго түшүп, сени үн кошууга чакырып турган песнялык ырлар акындын учкул каламынан табигый чуурат. Болгону автор песнялык көңүл жагдайга гана түшүшү керек, калганы өзүнөн өзү эле келет... Кыргыздарда көп жатталып, көп ырдалыш жагынан бир да акын Б.Сарногоевдин алдына чыга албайт. Өзгөчө анын обонго салынган махабат ырларычы. Алар кыргыз поэзиясында Барпы, Аалы, Мидин шекилдүү чанда бир келчү таланттардын гана чыгармаларынан табылчу нукура асыл кенчтердин категориясына кирет.

Байдылда Сарногоев ар кандай көрүнүшкө улуттук мүнөздүн стихиясынан караган нукура элдик акын. Анын ачуу сарказмы да, астыртан тымызын жылжып келип анан заматта жан-дүйнөңдү жаркыратып жиберип, «күтпөгөн жерден күлдүрүп, күлбөстүн тишин ырсайткан» табийгый юмору да, даанышман жышаанасы туюнткан таасын афоризмдери да калк духунун тереңинен келет. Ал улуттук колоритинин молдугу, дааналыгы, кайталангыс күчү боюнча азыркы совет поэзиясында Расул Гамзатов менен барабар турат.

Акындын жаратылышынан сергек туйгусу, аналитикалык ойлоо жөндөмү, ачуу чындыкты, олуттуу түрдө айтылчу кеп-кабарды жылмаюу менен туюнткан жайдары юмору, акын-жазуучулардын чыгармаларындагы эң башкы өзөктүк белгилерди, - өзгөчөлүктөрдү, бирден-бир «өлө турган» талуу жерлерди жаземдебей кармай билүү артыкчылыгы, ашкере чынчылдык жөрөлгөсү, айрыкча достук азилдер менен эпиграммаларды жазууга келгенде бир ажайып көрк, күчү менен жадырап ачылып берет. С.Каралаев, А.Токомбаев, К.Маликов, Ж.Самаганов, Ч.Айтматов, М.Борбугулов ж.б. арналган достук азилдери менен эпиграммалары дал мына ушул чындыкты далилдешет.

Б.Сарногоевдин поэзиясындагы бул жаңы салаа асыресе анын кийинки «Мидинге кат» аттуу поэмасындагы айрым акын-жазуучуларга берген чыгармачыл портреттик мүнөздөмөлөрүндө дагы бир баскычка көтөрүлдү десек болот. Акын ушул жааттагы циклдеринде Мидиндин атактуу «Адабий парадын» тематикалык-идеялык жактан улантып, адабияттын бул кенже жанры алган жеңишти бекемдеп гана тим болбостон, аны өнүктүрүп, жаңы форма, жаңы ыкма, жаңы боёктор, табылгалар менен байыткан. Айтылуу устаты бийик үлгүлөргө эгедер кылып жаратып кеткен көркөм салттарга Байдыкең бийиктен туруп чыгармачыл мамиле жасаган. Мында ал Мидин менен кадимки талант, өнөр жарышында келет...

Менин жекече баамымда Б.Сарногоев быйыл чыккан «Ашуудан берген отчёту» менен өзүнүн эң сонун акындык формасына түштү. Ал чыныгы катаал реализмге эми келди. Акын ушул формасын сактап, дал ушул деңгээлинен тайыбай, кокустан «бутуна жем түшүп кетпей» түз жолун уланта берсе, кыргыз поэзиясынын бактысын ачыша турган эң мыкты китептерин эми жазат. Кайсы далилдерге таянып, кайсы конкрет белгилерден улам ушундай ишеним, жыйынтыктарга келип жатам.

«Ашуудан берген отчётум» - Байдылда Сарногоевдин чыгармачылык жолунда экинчи бурулуш мезгилди көрсөткөн (биринчиси «Ак калпакта» болгон - 1960) этаптык жыйнак. Анын башкы нарк-баасы, башкы сапаттык өзгөчөлүтү — акынга чындап акындык тагдыр күттүргөн китеп экендигинде. Ушул китеп менен анын мурдатан бардык жагынан даярдалып келаткан акындык тагдыры биротоло чечилип, аныкталып бүттү. Дүйнөнүн түпкүлүктүү маселелерине кайрылуу, турмуштун татаал көрүнүштөрү тууралуу нукура реалисттерче олуттуу ой жүгүртүү, адамдын жан-дүйнөсүнө ичкертен талдоо жасоо жактары өөрчүп, чыгармаларынын мазмуну тереңдеп, формасы жаңыланды.

Ырас эле, форма демекчи, көпчүлүгүбүз уйкаштын түрлөрүн, ак ыр же эркин менен жазып, муун өлчөмдөрүн өзгөртүп койсо эле форманы жаңылоо, форма жаатында изденүү деп түшүнөбүз. Форманы жалаң гана ыр түзүлүшүнүн сырткы белгилерине байлап, ошолорго салып чектеп, аны муун өлчөмдөр менен уйкаштык белгилердин суммасына айлантып келебиз. Нукура новатордук мисалы, он бир муунду он алты муун менен, болбосо тогуз муун өлчөмүн ак ыр, же эркин ыр менен алмаштырып чыгууда эмес, а поэтикалык ойду айтуунун, ошол ойду кандайча ырга салып чыгуунун бүтүндөй формасын жаңылоодо, мурда болбогон көркөм ыкма табууда.

Барпынын орозо жөнүндөгү «Эмне бар бул жерде?.. А.Осмоновдун мекенге арналган «Ата журт» наамдуу классикалык чыгармаларындагы накта жаңычылдык уйкаштын түрлөрү менен муун өлчөмдөрүнөбү? Албетте, жок, алардын жекече табылгасы, көркөм ачылыштары ойду туюнтуу ыкмасына өзүнчө оригиналдуу форма бергендигинде турат. Экөөнүн тең ыр уйкаштары менен муун өлчөмдөрү башка ырчы, акындар колдонгон эле өлчөм (биринчисинде тогуз муун, экинчисинде он бир муун), ошолорго коюлчу эле үтүр, нокот, илеп же суроо белгилери. Ал эми поэтикалык ойду алып чыккан көркөм ыкмасын, ошол ыкманын формасын башкалар тарабынан ошол темада жазылган ырлардын калыбына салып көрчү, окшош схемага түшөт бекен, эч качан.

Эмесе Байдылда Сарногоевдин «Мидинге кат» поэмасы да дал мына ушулардай өзүнчө оригиналдуу ой, идеясы, өзүнчө оригиналдуу көркөм ыкмасы, өзүнчө оригиналдуу формасы менен айырмаланган нагыз жаңычыл чыгарма. Ал — автордун жекече адабий тажрыйбасы үчүн эпикалык жанрда буга чейин жетип көрбөгөн чеги, алып көрбөгөн бийиктиги болсо, жалпы кыргыз поэзиясы үчүн кол менен санала турган ири поэмалардын дагы бир жакшы үлгүсү.

Акындын жаркын личносту, бар пендечилик сапаттары кошо чагылып турган синкреттик стили, өнүккөн артистицизми, күлгүн юмору менен ачуу ирониясы, ойчулдук жөрөлгөсү менен таамай лаконизми, портретчил машчылдыгы менен мүнөздөп баа бергич жөндөмү ушул чыгармасында айрыкча бир кулпуруп ачылган.

Мында калам ээсинин турмуштан алган катаал сабагы да, өйдөлөп бараткан жаш курактын нускасы да, кызык жана карама-каршылыктуу татаал чыгармачылык жолдон жыйнаган адабий тажрыйбасы да жатат. Эстетикалык кредосу, жазуучулук, граждандык позициясы, адамга жасаган гуманисттик мамилеси канчалык туура, канчалык бекем экендигин дагы бир жолу талашкыс кылып далилдеп салды.

«Мидинге кат» сыртынан тамашалуу туюлуп, бир окуганга жеңил кабыл алынганы менен ичинен олуттуу, көп маселелер жөнүндө чекеңди бекем таянтып олтургузуп, терең ойлонто турган поэма. Анда шаттык менен кайгыга, жеңиш менен утулушка, трагедия менен оптимизмге толо түркүн-түркүн кайчылаш тагдырлар бар. Болгондо да алар чыгармачыл адамдардын тагдырлары.

Акын өзүн өзү аңдап-билүүгө алат, өмүр жолун, жасаган ишин чыныгы эрдикчил реалисттерче калыс жана катаал таразага салат, адеп-актык талабынан баалайт. Мындай батылдык ишке бардык эле калам кармагандар бара бербейт, бул өтө кыйын маселе. Өзүн өзү эч качан аябаган, өз ишине өзү айрыкча бир сын көз менен карап, өзүнө өзү туура баа бере алган калам ээси гана башка таланттарга да туура баа бере алат, алардын көзүнө түз карап туруп, оюн тайманбай айта алат. Ошондо гана бирөөгө сөзү өтүп, «эм болот».

Куду ушундай өрнөктүү салт, сапат Б.Сарногоевге да толук бойдон тиешелүү. Ошол үчүн ал кыргыздын «Мен» деген тандамал өнөрпоз, акын-жазуучуларына мүнөздөмө берип, нарк-салмагын өлчөп-бычууда зор чыгармачыл дараматка эгедер, адеп-актык жактан аруу, жеке субъективдүү эгоисттик ойлордон алыс, кандай сөз айтса жараша турган моралдык укугу бар, турмушка бийик карап, бийик мүдөөлөр менен жашаган адамдын бийиктигинде туруп жатат. Кеп-сөзгө алган улуу-кичүү каламдаштарынын да, өзүнүн да «маркасын» түшүрбөйт.

Чыгарманын бир өзгөчөлүгү мында: автор Мидиндин акындык тагдырын айтуу менен ошол эле учурда өзүнүн да өмүр акыбетине кайрылат. Мидин жөнүндө канчалык кубанычтуу жана асирет-армандуу кеп-сөз курса, ошондой эле даражада өзү жөнүндө баян этет. «Мидинге кат» - Байдылданын Байдылдага да жазган каты. Ал кайсы бир даражада Мидиндин тагдырынан өз тагдырын көрүп турат.

Ошол окшош өмүр таржымалдарынын ачуу-таттуу сабактарын бизге жарыялап, абайлап бакпай «арам өлтүрүп», «табийгат берген белектин ай талаага көбүн ыргыткан» ай, жылдардын алдында абийир сотуна түшүп, анан жаңыча акыл-эстүү жыйынтыктарга келип жатат. Ал жыйынтык - «кара так калган жылдарын» агартып, «ак бойдон калган дептерин» толтуруп калууга ашыгуу, мындан наркы басар жолдун багытын өзгөртүү, керт баштан кеткен каталыктарды кайталабоо, башкаларды ушундай опурталдуу азгырыктардан сактанууга чакыруу.

Б.Сарногоевдин «Ашуудан берген отчёту» алып келген дагы бир сапаттык жаңылык - акындын поэзиясында философиялык ырлардын пайда болушу. Мисалы, «Жараткан», «Өмүр автобусунда», «Бак жана чал», «Жашап келем», «Кабылсам кайра кайгыга», «Кырсык» ж.б. лар менен «Мидинге каттын» айрым бөлүмдөрү. Булардын артыкчылыгы жасалма акыл күтүп, чолок философчулук кылып, окуган китептерине карап отуруп бирөөлөргө окшоштуруп жазуудан эмес, а табийгий түрдө автордун менчик табылгасы, өз керт башы менен ачып чыккан чындыгы катары жаралгандыгында.

Таланттын таланттыгын, тапкычтын тапкычтыгын, чебердин чеберчилигин сыноочу болсоң, анын башкалар жүз жолу кайрылып, узун-туурасын аралап «актап бүткөн» темалар менен идеялардан эч ким көрүп, жаза элек жаңылык чыгарып, капарга алынбаган майда-барат «таштанды» материалдардан «жогорку сапат белгиси бар» асыл буюмдарды жасай ала турган артыкчылыгынан бир карап көр.

Эргежээл арымдуу чабал акын жаңыдан эски, бийиктен пастык жаратат. Жаңычыл каламгер төңкөрүшчүл — көөнөргөндү кулпуртуп, жапызды бийикке, майданы залкарга айлантат, баарын деңгээлине көтөрөт. Муну «Ашуудан берген отчётундагы» бир цикл куп гана ырастап берет да.

 

[1] Даутов К. Акындын акындыгы // Кыргызстан маданияты. - 1982. - 4 ноябрь.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз