ТАМСИЛ
Илмийген карышкыр кыштакты айланчыктап жүрүп, күлтүйгөн семиз итти жолуктурду. Бөрү ага суроо салат:
- Айтсаң, дөбөт, силер жемди кайдан аласыңар?
- Бизге адамдар беришет, - деп жооп берди Ит.
- Туура, силер кишилер үчүн оор жумушту аткарасыңар.
- Жок, биздин иш оор эмес, - деди Ит. – Биздин жумуш болгону, түнкүсүн короо кайтарыш.
- Силерди ошон үчүн эле ушинтип багышабы?- деп сурады Бөрү.- Анда азыр силердин ишиңерге барсам окшойт. Антпесе, бизге, бөрүлөргө жан багыш, жем табыш кыйын.
- Эмне экен, бара гой, -деди Ит. – Кожоюн сени да бизге окшотуп багат.
Карышкыр кубанып, Ит менен бирге адамдарга кызмат кылмак болду. Ал короого кирип баратып, иттин моюн териси сыйрылганын көрө койду.
Ошондо бөрү:
- Дөбөт, мойнуң эмнеден сыйрылды? – деди.
- Бул жөн эле...
- Ал эмнеси?
- Эчтеке эмес, бул каргыдан. Мен күндүзү чынжырга байланып турам. Ошол каргы мойнумду өйкөп, жүнүн бир аз түшүрдү.
- Анда кош бол, Дөбөт, – деди Карышкыр. – Адамдар менен жашагым келбейт. Семиз болбосом да, ээн-эркин жүрөйүн.
Орусчадан оодарган Ырысбай АБДЫРАИМОВ