Лев Толстой: Искусство жөнүндө

  • 16.07.2020
  • 3380

Искусство  чыгармаларынын  жакшы  же жаман болмогу – художник эмнени айтып, кантип  айтып  жана  канчалык  жан  дилден айтканына байланыштуу.

Художниктин айткандары бардык адамга жарк  эткен  жаңылык  жана  керектүү,  зарыл  нерсе  катары  жетсе,  ал  художниктин көкүрөгүнөн кайнап чыгып, эң көркөм, эбегейсиз  ишенимдүү  айтылса  гана  искусство чыгармаларынын телегейи тегиз болот. Художниктин  айткандары  жарк  эткен жаңылык жана керектүү, зарыл болмогу – художниктин нравалык сабатына байланыштуу, а сабат дегенибиз, художник жалаң кара курсагынын камына эмес, жалпы адамзат турмушуна жабыгып жашоого тийиш дегендик.

Художниктин айткандары абдан жакшы болмогу  –  художник  өз  чеберчилигинин чегин  билмегине  байланыштуу,  а  чегин билүү  дегенибиз,  басып  бараткан  адам  ар кыймылын  аңтара  аңдабаган  сыяктуу  эле художник  иштеп  атып  чеберчилигинин эреже-каадасын эсептеп-чоттобойт дегендик. Андай  касиет  менен  камсыз  болуу  үчүн художник өз эмгегин өнтөлөп карап, өзгөчө баалабайт,  басып  бараткан  адам  кыймыл эрежелерин  эч  бир  эстебеген  сыяктуу  эле художник  иш  үстүндө  ошол  чеберчилик эрежелерине эч маани бербейт.

Художник көкүрөктө кайнап, көөдөнүнө батпаган аруу ниетин ак дилден айтуу үчүн, биринчиден, ал чындап сүйгөнүн сүйдүрбөөгө аракет  кылган  майда-бараттардан  арылуу,  тазаруусу  шарт,  экинчиден, башкалар сүйүүгө татыктуу деп эсептегендердин баарын катардан калбоо үчүн калп сүйүмүш этпей, башканын эмес, өз жүрөгү менен өзү сүйүүгө тийиш. Художник ал мүдөөнүн үдөөсүнө чыгуу үчүн  анча-мынча  сый-урматка  кулдук  уруп,  кудайдын  буйругун унутуп, падышанын жетегине көнүп берген, ошонусу менен көзүн май,  көкүрөгүн  дат  басканын  минген  эшеги  туура  туюп  турса  да, өзү аңдап-билбеген Валаамдын аракет-ниетин туурабай, художник кудайдын буйругун күтүп, ал айт деген сөздү гана айтуу үчүн алты ийилип  бөгүлүп-чөгүлүп  алдына  келген  элчилерден  алыс  басып кеткен Валаамдын аракет-ниетин туурашы төтөн ийги.

Искусство чыгармалары төмөнкү үч салаада кандайдыр бир даражада бышып жетилет жана көркөм нарк жаатынан бири-биринен айырмаланат. Ошентип чыгармалар: 1) маанилүү, эң көркөм жана чын  жүрөктөн  чыкпаган,  чындыкка  жакын  эмес  болуп  калышы ыктымал;  2)  маанилүү,  көркөмдүгү  начар  жана  чын  жүрөктөн чыкпаган, чындыкка жакын эмес болуп калышы ыктымал; 3) анча мааниси  жок,  эң  көркөм  жана  чын  жүрөктөн  чыккан,  чындыкка жакын  ж. б.  болуп  же  бардыгы  орун  алмашып  же  чырмалышып биригип кетиши ыктымал.

Ага окшогон чыгармаларда, албетте, кандайдыр бир жетишкендик  бар,  арийне  алар  накта  көркөм  нарк  болуп  эсептелбейт.  Искусствонун накта чыгармаларынын мазмуну маанилүү жана жаңы болот, көрөсөн көркөм келет, айтайын дегенин чын жүрөктөн айтат, демек, анда чындык чыңырып турат. Андай чыгармалар ар дайым болгон жана сейрек болот. Башка, андан чийкирээк чыгып калган чыгармалар көркөм өнөрдүн негизги шарттары боюнча үч чоң салаага бөлүнөт: 1) мазмунунун маанилүүлүгү жагынан мыкты чыгарма; 2) формасынын көркөмдүгү боюнча мыкты чыгарма; 3) чын жүрөктөн чыккандыгы жана чындыкка жакындыгы жагынан мыкты, бирок ар бири жогорку эки касиетти камсыз кылалбай калган чыгарма.

Айтылган үч салаа тең нукура искусствонун нугу, аларсыз искусство болбойт. Эсеби маселен, жаш художниктерде бардыгы көбүнесе жандүйнөдөн  чыгат,  бирок  маани-мазмуну  эч  нерсеге  арзыбайт, аздыр-көптүр көркөм формасы жок, ал эми карыларында теңирден тескери;  кара  жанын  карч  урган  устат  художниктер  форма  жаатын куп келтиргени менен мазмунунан аксайт, айтарын жүрөктөн өткөрүп айтпайт.

Искусствонун ушул үч салаасынан искусствонун негизги үч жалган теориясы агып чыгат, алар боюнча жогорку үч шартты денесине коргошундай уюталбай, искусство улагасында турган чыгармалар жөн эле чыгарма эмес, үргүлжүсүнөн көркөм өнөрдүн үлгүсү катары бааланат.  Ал  теориялардын  бири  –  көркөм  чыгарманын  керемет-кемелин  жалаң  мазмундан  көрүп,  көркөм  формасына  жана  чын жүрөктөн чыкканына көңүл бөлбөйт. Бул теория болумуш, албетте, ашкере бир жактуу.

Экинчилери  чыгарманын  мазмуну  эч  нерсеге  арзыбаса  да,  чыгарманын чыныгы баасын жалаң формасынын кооздугунан көрөт, чыгарма художниктин чын жүрөгүнөн чыккан-чыкпаганына маани бербейт; бул искусство – искусство үчүн теориясы.

Үчүнчүлөрү мазмуну маанисиз болсо да, формасынан аксап турса да, чын жүрөктөн айтылган, чындыкка дал чыккан, художник чагылдырайын дегендерин чексиз берилип сүйгөн чыгармалар гана көркөм болот дейт. Бул теория – реализм теориясы аталат.

Ушуга окшогон жалган теориялардын негизинде көркөм чыгармалардын көөнө мезгилдеги көөрү өчтү, бир муун аралыгында, ар жыл сайын айрыкча борборлордо (шаан-шөкөтчүл адамдар көп жерде) ар тармак сайын бирден, экиден болуп отуруп, жүз миңдеген чыгармалар бардык тармактар боюнча искусство дегенге айланып кетти.

Биздин мезгилде искусствого илешкиси келген адам өзү чындап берилип сүйө турган, сүйгөнүн ага өңдөш-теңдеш формага айланта турган кандайдыр бир маңыздуу жаңы мазмун жандүйнөсүн даарып өтүшүн күтүп отурбайт да, биринчи теория боюнча өзү акылдуу деп эсептеген адамдар ошол учурда көкөлөтө мактаган мазмунду алып, ага алынын жетишинче форма кийгизет же экинчи теория боюнча техникалык  чеберчилигинин  чамасына  чак  предметти  качырып, жанды таштап иштеп, өзү искусство чыгармасы деп түшүнгөн нерсени  жаратат.  Же  үчүнчү  теорияга  ылайык  өзүнө  жакшы  таасир калтырганына  байланыштуу  өзүнө  жаккан  предметке  кайрылат жана ага жаккандыктан гана андан көркөм чыгарма жаралат деген куру үмүткө алданып алат. Ошентип көркөм чыгарма атыккандар көбөйгөндөн көбөйүп, сансыз болуп барат, ар кесиптин өтөлгөсү сыяктуу андайларды анчалык акыл коротпой жасап алса деле болот: модалдуу белен ойлор коомдо ар дайым арбын, ар кандай чеберчиликти чымырканган адам чындаса бат эле өздөштүрүп алат, жана ар кимдерге ардеме ар дайым жагат.

Ушундан улам биздин мезгилде кызык кырдаал түзүлдү. Көркөм чыгарма аталууга тап койгон, бирок колго жасалган иштен эч кимге кереги жоктугу, атүгүл зыяндуулугу жагынан гана айырмаланган чыгармалар бул дүйнөнү чырмап алды. Ушундан улам искусство түшүнүгүн чалды-куйду чаташтырган бир укмуш кубулуш чыга келди... Ушундан улам адам айраң калар көрүнүш пайда болду: акылсыз акмактар гана аткара турган акыбети жок  иштер  менен  алек  болгон,  көпчүлүккө  учурда  адеп-ахлактан куру жалак адамдар көбөйүп кетти, башкача айтканда, алар китеп окуп, китеп жазганды, сүрөт көрүп, сүрөт тартканды, музыка, театр пьесаларын, концерттерди угуп жана ошолорду чыгарганды ашкан акылдуу, жеткен пайдалуу, уңгусу улуу иш деп чын дилинен ишенип алды.

Биздин замандын кишилери антташып алгансып бир сөзгө токтоду  сыяктанат:  искусство  чыгармалары  жакшы  жана  пайдалуу, андыктан алардын арбын чыгышына кам көрүү зарыл. Арбын чыкканы, албетте, жаман эмес, жакшы, арийне, искусствонун жогорку үч шарты жок, үч шарттын ажырымы аябай чоң чыгармаларды гана заказ берип чыгарууга болот – ошонусу жаман, ошонусу азап.

Ошол  үч  шартты  өнө  боюна  уюткан  чыныгы  чыгармалар  заказ менен  жаралбайт,  анткени  искусство  чыгармалары  агып  чыккан художниктин жандүйнө абалы илимдин асмандан ачылышы, жашоо сыйкырынын жандырмагы. Андай абал эң бийик илимби, ал илимди өздөштүргүсү  келген  художникке  жол  көрсөтөр  башка  илим  жок жана болбойт.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз