Нурайдай Жекшенова: Бейтааныш кыздын күндөлүгү

  • 24.02.2024
  • 3583

ЭССЕ

I

– “Бейтааныш аялдын катын” окудуң беле?

– Жок, агай.

– А “Бейтааныш кыздын күндөлүгүнчү”?

– Жоок...  Ошондой да чыгарма барбы?

– Бар. Бирок... Аны сен жазасың го, сыягы…

– Менби?! Кандайча?..

Агай сырдуу күлүп койду да, колума бозомук тартып калган калың бир дептерди карматып:

– Окуп чык да, жазгының...

– Өзүңүз...

– Мен жазсам, бузуп салам...

– Эмнеге, бузуп...

– Биринчи окуп чыкчы, анан...

Агай ойлуу жылмайып койду.

Арадан күндөр өттү. Калың мукабалуу, ичиндеги барактары бир-бирине сүрүлүшүп, кээ бир тамгалары окулбай калган, канча мезгил өтсө дагы ичине табышмактуу да, түбөлүктүү да сырды камтып жаткансыган бул күндөлүк мени көпкө чейин түйшөлтүп жүрдү.

Кантсе да бул бир адамдын жеке сыры эмеспи. Сыр...  Ооба, бирок мен анын кандай сыр экенинен таптакыр кабарым жок эле. Ар кандай ой кетти…  

Болгондо да бир адамдын жеке сыры, купуя сыры. Окусамбы же окубай эле койсомбу? Негедир жүрөк даабайт. Бирок күндөлүктө кандайдыр бир өзгөчө сыр жаткансыйт. Ошол сыр жанга тынчтык бербей, өзүнө чакыргансыйт. А түгүл сени жалооруп карагансыйт. Чыдамым жетпей калды окшойт...  Акыры мен күндөлүккө үңүлүүгө аргасыз болдум.

Бозомук тартып, өңү өчүп бараткан калың дептер. Үстү жагынын сол бурчунда “1”, андан кийин “1969-1970-жыл” деген бадырайган жазуулар турат.  “Биринчи бөлүгү окшойт, окуя ушул жылдары өткөн го”. Ушинтип ойлоп коёсуң. Ортосу бош, сыягы, бир сүрөт чапталып, ал түшүп калса керек, тагы калыптыр. Этегинин оң бурчунда кыңкайта “Күндөлүк! Дневник!” деген сөздөр жазылыптыр, анын ылдый жагында мындай эскертүү бар: М.А.С. Род. 1954 года. 6 марта”. Ичимден эсептеп кирдим да: “Азыр 67ге келген экен да...”– деп, өкүнгөндөй башымды чайкадым. Сыртынын арткы бетинде күндөлүк түн кызматын көрсөтүп кетиптир: “Күндөлүк өткөндөрдү элестетип эске салат”. Кошулгандай башымды ийкегилеп койдум. Бул эскертүү да түз эмес, баракты тегерете жазылган. Сулуу, кооз көрүнсүн деп ойлосо керек.

96 барактуу, мукабасы калың дептер. Эң кызыгы – өз мезгилинде 40 тыйынга сатып алынган бул дептерди күндөлүктүн ээси Латипа сатып албай эле, өз колу менен жасагандай сезим жаратты.

Барактай баштадым. Саргайып кетиптир. Күзгү жалбырактар сыяктуу. Акыркы барактары үбөлөнүп, оңойлук менен окулбай да калыптыр. Баса, сол барагында (экинчи бетинде) баш тамгалар менен сүйүүгө байланыштуу орусча, кыргызча учкул сөздөр, афоризмдер, белгилүү адамдардын сөздөрү, ыр саптары жазылган. Бул да жөн эмес экен. Алар оң баракта (биринчи бетинде) баяндалган окуяларга, сезимдерге шайкеш келип турат. Кыязы, Латипа аларды өзүнө жөлөк-таяк тутса керек…

Мына, окуп да чыктым. Латипа Назаркул деген баланы сүйүп калыптыр. Экөө сүйлөшүп жүрүптүр. Анан Назаркул кызды таштап кетиптир… Болгону ушул. Чын эле, ушул элеби? Анда неге жүрөк сыздатат? Барынан да Латипаны айтам да. Эмне үчүн өзүн-өзү анчалык басмырлайт? Кичине намыс деген болуш керек да. Назаркул өзүнө татыктуу болсо бир жөн. Кубулма, а түгүл эки жүздүү десем да болот. Латипадан башка да эки-үч кызга көз артып жибериптир. Анан ушундай немени... Жиним келди. Кайра аядым. Латипаны. Өзүнүн ууз сүйүүсүн, жүрөктү алоолоткон жаштыгын бүтүндөй бир адамды ойлой берип өткөрүп жиберген тура. Кошулбагандай башымды чайкадым. Ууз сүйүүсүн кимдир-бирөөгө ыроолоп жаштыгын ошентип жалындуу өткөрүш керек да. Башым маң. Назаркул Латипаны сүйө албай койгону, Латипа Назаркулду өзүн (Латипаны дегеним) сүйдүрө албай койгону үчүн кимди күнөөлөш керек? Назаркулдубу? Латипанын өзүнбү? Же бул жарык дүйнөнүбү?..

Жүрөгүбүз акыл-эсибизге дайым эле баш ие бербейт тура. Аны ооздуктап турууга чама-чаркыбыз жетпейт экен да. Мына ушундай абалга туш болуп, кусалык жүрөктү мыкчып турганда, ушул күндөлүк жазылган турбайбы. Эгер жазылбай калса эмне болмок, кургур жүрөк чарт жарылып кетмекпи!.. Калем эмес, жүрөктүн өзү менен жазылган. Окуп жатканыңда жүрөктүн дик-дик этип уруп турганын кадимкидей сезесиң. Ушул дикилдектен качкансып, ушунчалык тездик менен окуп чыктым окшойт. Алоологон жаштыкты желбиреткен окуялар. Жөнөкөй эле окуялар. Кээде күлкүң келсе, кээде жүрөгүң мыкчылып, бооруң ооруйт. Демек, жөнөкөй эле окуялар эмес экен да…

Түшүнүп туруп эле түшүнбөй калган нерселер көп экен бул күндөлүктө…

Негедир селт эттим... “Мен жазсам, бузуп салам…” Ушул сөз жаңыргансыды. А мен кантип бузбай жазышым керек? Деги эмнени бузбашым керек? Башың жетпейт. Жүрөк менен жазылганды калем менен кантип жаза аласың. Башым катты. Сүйүнүп кеттим. Сыягы, таптым окшойт. Күндөлүктү эч кандай өзгөртүүсүз берүүнү чечтим. А балким, урматтуу окурманым, бейтааныш кыздын күндөлүгү (тагдыры десем туура болот ко) сизди да кызыктырып жаткан чыгар. Анда окуп коюңуз. Сизге кошулуп, мен да кайрадан окуп чыгайын.

II

17/X. 68-жыл.

– Латипа!

– Ии.

– Азыр бизге кол эмгек сабагы, жүрү тигиндей сүйлөшүп туралы.

– Жок, Чынар, агай урушат да?

– Сакин, сен тура тур, Латипада сөзүм бар. Агай эчтеке дебейт.

(Чынар экөөбүз дөң жакка бастык).

- Эмне айтмакчысың..?

- Кызык, Латипа!

- Эмне кызык? (“Бул эмнегедир мамилеси жакшы болуп калган” деген ойдо болдум).

- Мен бир сөз айтсам, макул болосуңбу? Эжейге айтып жыйналышка салбайсыңбы?

- Эмне себептен?

- Сени бир бала сүйөт экен.

- Койчу, Чынар, тамашаңды! Сенин баягы эле тамашаң, мен да бир жакшыраак “жашыруун сөз” экен десе.

- Өлөйүн, чыпчын! Ал бала Айтбекке айтыптыр. Айтбек биздин убадабызды алды, макулдатып бер деп.

- Ал кайсы бала экен?

- Азыр көрсөтөм. (Чынар балдардын арасынан издей баштады). Латипа, тээтиги теректин алды жагында бир бала бизди карап турбайбы?

- Кайсы жерде?

- Тигине, “көк шымчан” бала.

Мен Чынарды түртүп жиберип, класска кирип келдим. Бетим албырып, бардык окуучулар мени карап жаткансып сезилди. Эмне кыларымды да билбей Сакинди чакырдым. Бардыгын ага айттым. “Ойлонуп көр,”- дегенден башка жооп болгон жок.

18/X. 1968-жыл.

Комсомолго өтүш үчүн районго бардык. Ушул күн негедир кубанычтуу сезилет. Комсомолго өттүк. Анча деле кыйбат суроо берилген жок. Саат бештеги автобус менен келдик. Почто жанында “ошол бала” менен Айтбек деген бала олтурушуптур. Биз өтүп кеттик.

19/X. 1968-жыл.

Мен ал баланын “көз карашын” сездим. Негедир ушул баланы көп кездештирчү элем. Бирок ким жана кимдин баласы экенин билчү эмесмин. Чынардан атын сурайын дейм, уялам. Бул ким деген бала? Кызык... Бардык оюм ушул бала жөнүндө болуп жатты...

Бир күнү Гүлшакан эже бизди баскетбол ойнотуп жаткан. Ушул бала, Шамшыбек, Дада болуп ойнодук. Ушул бала бизде болчу. Ал мага топту көп жолу берди. Бир маалда ал экөөбүз тиктеше түштүк, ал кечке карады... Эмнегедир кызара түштүм. Мүмкүн бетимде топурак болбосун, ошого караган чыгар деп ойлоп, калонкага барып жуунуп келдим. Көрсө, эч кандай топурак жок эле жөнөкөй көз караш тура.

- Кызык, ушул бала эмне үчүн биз жакка көп келет, Сакин?

- Сени сүйөт да.

- Сүйөт да?! Эмне деп сүйөт?

- Эмне деп сүйөт деп коёт! Сүйүүнү эмгиче билбейсиңби? Жакшы көрөт да!

- Ээй, кызык...

- Сүйүү, сүйүү!

Биз сабакта ушинтип (ойлонуп) сүйлөшүп олтурдук.

Менин оюмду ал бала бийлеп алган окшойт. Аты ким болду экен?...

(Чынар келе жатат, мейли).

- Латипа, макул болосуңбу?

- Келжиребечи.

- Койчу, эжекеси, мени уятка калтырасыңбы?! Айтбек, Жибек, Бейшекан үчөөбүздү өлтүрөт, уятка калабыз. Бир жолу макул деп койсоң.

Мен тилимди чыгарып, башымды ийкеп койдум.

Ал мени кучактай калып:

- Болду эми, ушул сөзүңдөн танбайсың, мен азыр алардан “сүйүнчү” алам.

- Жинди болгонсуңбу?! Айтсаң – өлөсүң!

Сабактан тарап, үйгө келдим. Үйдөгүлөр папамдардыкына барганы жатышыптыр. Мен да барганы камынып жатсам, эшиктен “Латипа” деген үн чыкты.

- Ии, азыр! – дедим да, чуркап чыктым.

Бейшекан экен. Мен айылга бара турганымды билдирдим.

- Барбай эле койчу. Бир сонун сөз бар, көпкө сүйлөшөбүз.

- Болуптур, таенеме айтып көрөйүн.

Таенеме айтып, калып калдым. Аларды остоновкага чейин узатып коюп, үйгө келдим.

Бейшекан экөөбүз диванга отуруп, концерт угуп жаттык.

- Ме, мобуну окусаң, сонун, - деди.

- Эмне экен?

Шашып ача салсам, кызыл авто карандаш менен жазылган тегиз тамгалар көзүмө урунду.

- Бул кимге?

- Сага!

- Магабы, кимден?

- Назаркулдан!

- Назаркулуң ким?

- Бая күнкү бала!

(Мен бакырып, дивандан кулап түштүм. Бейшеканга жаман сөздөрдү айтып, урушуп жаттым). Мен ал катты калтырап жатып араң окудум.

21/X. 1968-жыл.

Кыздардын кыйноосу менен ага (катка) жооп жаздым. Кыскача айтканда, ал экөөбүз кат алышып турдук. Бара-бара ал мага жакын адамдай сезиле баштады. Ким билет, кандай мамиледе болорубузду...

Биздин мындай мамиледе жүргөнүбүздү бардыгы билишет. Кызык, сүйүүнүн күчүбү, ким билет..? Келечек жөнүндө ойлонуу, сүйүүгө кызыгуум артыла берди. Классташтарыма салкын кароо, эмнегедир түнт жүрүү адат болду. Сабакка да көңүл буруп окуум өзгөрдү. Араңдан зорго “төрт” деген баага жетишем, болбосо “үч”. Дайыма Чынар, Жибек, Бейшекан, Сакин болуп сабактан качып кетүү, ушул кездеги ойлорубуз жалаң гана сүйүү тууралуу, келген каттарга жооп жазуу гана болуп калды. Эжелерибиз бул кылганыңар чекилик деп айткан учурда: калп шылтоолорду айтып тануу, өз ишибизди гана туура деп жактоо менен күндөр айга айланып өтө берди.

19/XII. 1968-жыл.

Кыздардын жыйналышында биздин тартибибизди талкууга алды. Бардыгы Бейшекан жөнүндө болду. Айтбек экөөнүн жолугушкан жеринен бери айтып, Бейшеканды аябай уят кылды. Гүлшакан эже мен жөнүндө мындай деди: “Мен бул кызды жакшы окуйт, спортко кызыгат деп жүрсөм, бул да Назаркул деген бала менен кат жазышат экен...

- Койчу, Гүлшакан, бул ударница кызыбыз андайга барбайт, - деп Гуля эже колдоп кетти.

Гүлшакан эже унчуккан жок. Бизге акылдарын айтып, эскертүү беришти. Бул жолу да биз “эмне болуп баратабыз” деп ойлоп да койгонубуз жок. Мейли үйдө, мейли сабакта болсун ойлонуу, бир нерсени күтүү... Менин мындай “жаман” өзгөрүштө болгонум жалаң гана сүйүү тууралуу.

Турмушта кыйноо тарткан он беш жашың,
Алгачкы ирет жаралат, ашык болуу махабатың.
Айыпсыз соккон жүрөк азап тартып,
Ачык айтпай өзгөрүлөт кабак-кашың.

Наристе кезимде сүйүүм ата-энеме арналса, эми Назаркулга кандайча арналды? Ойлоп көрсөм, сүйүүсүз турмуш кызыксыз көрүнөт. Мени эч нерсени түшүнбөгөн балалык кезим эми кызыктырат.

Ойлосом, мага кымбат балалык кез,
Түшүнбөйт, өйдө-ылдый боло берет.
Жүрөгүм жаралантып кыйнабастан,
Кызыктуу оюн менен алп урушат.

Кайда кетти, ошол жөнөкөй окуучулук күндөр, экинчи кайрылып келеби?

Эмне үчүн ал эки классты кошуп окутканда качып кетет же уялабы? Классташ кыздарына мамилеси жөнөкөй. Кезиккен жерибизде жай жылмайып, карап коёт.

Классташ балдар тийишсе кагып жиберем. Эмне үчүн? Назаркулдан жазгангандыктанбы? Балдар айтышат, кой буга тийишпегиле, бул “занита” деп какшыктап. “Занит” десеңер, тийишпегиле деп басып кетем. Эмне себептен? Эмне үчүн бардык классташтарыма бирдей мамиледе эмесмин? Буга өзүм да түшүнбөйм.

15/III. 1969-жыл.

Биздин мамилебизди турмуш өзгөртүп коёрун такыр сезбепмин. Мен жакын курбумдан: “Назаркул менен ажырашып кеттиңби?”- деген сөзүн капысынан угуп калдым. “Ким айтат? Ажырашкан жокпуз,”- дедим. Көрсө, Назаркул мен жөнүндө тескери ойдо экен. Мен аны сезбепмин. Эмнегедир анын мүнөзү тез арада өзгөрө түшкөнүн байкагам. Буга эмне болду, оорубу же бир нерсеге капабы? Үйүндөгүлөрдө капалануу болдубу деген ойдо болдум. Классташым Нурманбетти Назаркулдун абалын толук билип бер деп жибердим. Ал Назаркулдан мындай деген жооп алып, тез эле келди:

“Тоого барып, жүдөп келдим, ошонуку го,”- деп сыр билгизбей жооп бериптир. “Рахмат! Ошондой эле болсун,”- деп школго кирип кеттим.

19/III. 1969-жыл.

“Ганга и Джанна” фильмине бардык. Мурат биздин жаныбызга келип олтурду. Мен андан Назаркул жөнүндө сурасам, ал бир топко кыйылып турду. Мен кыстап сурай бердим.

- Болуптур, бирок айтпа,- деди. Сени Назаркул “жалап” деп айтат, ошого ажыраштым дейт.

Бир нерсе басып калгандай болду. Көздөрүм жукарып, айыпсыз жаштар чубурду...

Кинону көрүүгө мүмкүн болбогондуктан, Сакин экөөбүз чыгып кеттик. Назаркул мындай ойдо болсо, мени убара кылбай, түзүктөп айтпайбы?! Кандай акылсыздык!!! Менин туңгуч сүйүүмө ишенбейби? Эх, адамзат... Мен ага кайсы жерден жалаптын ролун аткардым экен. Назаркул, беш тамгадан турган сөзүңө кандайча алкыш айтууга болот?! Жок дегенде классташтарыма да мамиле кылганга ич тарытасыңбы? Же бузукунун сөзүнө алдандыңбы? Мен мындай сөздү күтмөк тургай, ойлогон да эмесмин. Эмне үчүн ага макул болуудан мурун аягын ойлонбодум?! Көзүңө көрүнбөөгө аракеттендим, бирок аракетим ишке ашкан жок. Бир мектепте окугандан кийин болбойт экен. Ушул күндөрдө мага “өлүү” гана жеңил көрүндү. Бирок кантип, бир адам үчүнбү? Ооба, бир адамдын күйүтү мени өлүмгө чейин алпарууга тийиш эле. Жүрөк чиркин дагы эле ишенбей, аныгын өзүнөн угууну күттүм. Жок дегенде окууну аяктаганда бул жерден алыс кетүүнү чечтим.

7/V. 1969-жыл

Жыйналыш болуп тарап келатканда, андан жолдош баласы аркылуу “акыркы кат” деген темада, ажырашуу маанисинде кат алдым. Ушул күндөн тартып жүрөгүмө кеткис так, эригис муз, түбөлүк кайгы орноду. Кирсиз наристе сүйүүм өчтү. Алыс кетүүнү өзүмө максат кылдым. Бирок туңгуч сүйүүм күнүмдүн ызалануу, кайгылануу менен түбөлүк өчө койгон жок. Эмнегедир аны аяп, андан үмүт үзбөй күтөм!

Бир ай бири-бирибизге карашпай жүрдүк. Эч качан мээримдүү жылмаюуну кездештирбедим жана кездештиргим келген жок. Анын (Назаркулдун) кош жүрөк экенин сезип, эки жүздүүлүгүн угуп жүрдүм. Мен анын Розага Динар деген кыз менен тааныштырып кой деп жүргөнүн уктум, анан да Малика менен жакшы мамиледе экенин билем. Мен ойлочумун, аны Шатенге көндүрүш үчүн ошондой мамиледе деп, бирок менин оюмдай болбоду. Мен мындай кабарларды укканда, көзүмө гана күч келтирчүмүн жана таалайыма, жашоомо, тагдырыма нааразы болуп, Назаркулга наалат айтчумун.

Экзаменге жакшылап даярдандым.

10/VI. 1969-жыл.

Экзамен кызуу жүрүп жатты. Мырзабектин чыкырганын угуп, укмаксан болдум. Бирок ал жакындап келип, чыкырды. Биз кыздардан бөлүнө түшкөндө, ал мага бүктөлгөн кагаз сунду.

- Бул эмне?

- Кат.

- Ким берди?

- Назаркул.

- Өзүнө алпарып бер, кереги жок мага. (Ал менин колума катты кыстарып коюп, жүгүрүп кетти). Ошол жерден ача салып окудум. Абалымды сураптыр жана эмне үчүн жолугушалы десе болгон жоксуң дептир. Мүмкүн кийин эстегенге жакшы болор. Ошондуктан каттын көчүрмөсү төмөндөгүчө:

Салам кат!

Кандай, Латипа? Ден соолукта, экзамениң ийгиликтүү өтүп жатабы? Балким менден кат алам деп ойлобогон чыгарсың. Ооба! Шарт ошону күтөт. Баягы күнү эмне үчүн жолугалы десе болгон жоксуң? Же мени ушунчалык эле жек көрүп калдыңбы? Кийинчерээк табышып, келечекти карай бир кадам... Сени быйыл окууга барат деп угуп жатам. Эмесе, барган окууңа ийгиликтүү өтүшүңө мен да тилектешмин!

Саламым менен Назаркул!

Мына кызык! Мени эмне үчүн жаш балача алдайт? Же мени эчтекеге түшүнбөйт деп ойлойбу? Өзү “унут мени” деп ажырашуу катын жазат да, жолук дейт. Жолукпай койсом, минтип... Эх, Назаркул, деги сага кандайча түшүнсө болот?! Сен менчелик кайгы тартып, менчелик тирүүлөй аза күтөр бекенсиң? Жок! Эч качан! Мага арналган бир кездеги көз оту азыр башка адамга арналды. Анан кантип ушул катты жазууга кудуретиң жетти?

Мындан төрт күн мурун Сыргак аттуу баладан кат алгам. Бирок ага кубанычтуу жооп берген жокмун. Анын катынын көчүрмөсүн бул күндөлүккө жазууга ыраа көрбөдүм. Балким ал мага Назаркул сыяктуу жасалма сүйүү арнап, ручканын учуна күч келтиргендир. Баары бир сүйүүгө да, сүйгөн адамга да ишенбейм. Чындыгында Назаркулдан үмүтүмдү үздүм, бирок ага деген сүйүүмдү жалган жеринен өчүрө албадым.

11/VI. 1969-жыл.

Мырзабек аркылуу дагы кат алдым.

Мына менин алдымда бир барак кагазга тааныш кол менен жазылган жупуну кат жатат. Мен аны кайра-кайра окуп, терең ойго тунам. Ооба, шарт да ошондой эмеспи! Балким... Ким билет, аны токтоолук менен гана чечүүгө тийишпиз. Же ошол океандын тереңдигиндеги ой чечилбестен, жаанда калган кагазча кала береби? Жок, жок, антүүгө болбойт! Аны терең ойлонуп гана чечиш керек. Ооба, мен аны чечиш үчүн чындап кириштим. Мындан ары бул ой чечиле баштаар. Ал дагы чечиш үчүн аракеттенер. Мен аны чечиш үчүн бир нерсени баян этмекчимин. Мен ошол эки гүлдүн күбөсү болгон элем.  “С” аттуу кыз менен “И” аттуу баланын ортосунда сүйүү оту жанат. Мына ушулардын сүйүүсү көпкө созулган жок. “С” аттуу кыздын эрксиздигинин натыйжасында “И” аттуу бала сүйүүсүн соолутуп салат. Ажырашына себепчи - кыздын (өбүрө-чөбүрө) сөздөрү. Андан кийин “С” аттуу кыз Сыргак аттуу баладан кат алат. Ага берген жообун “И” аттуу бала толук угат. Кайрадан “С” менен “И” кат алыша баштайт. Ошондо да кыз ал жөнүндө билдирбейт. Бирок экөөнүн сүйүүсү уланабы ким билет? Экөөнүн эрки чечет.

Саламым менен Назаркул.

Эсиңдедир, Назаркул, ушу катыңа жоопту бардыгына мен күнөөлүмүн деп жазгам. Сенин сүйүүң мен үчүн таза, тунук болсо, ар кандай сөздөрдүн натыйжасында сүйүүңдү өчүрбөс элең да жана өчүрүүгө да мүмкүн эмес болучу. Өбүрө-чөбүрө сөз кандайча чыкканын жана эмне сөзүңдүн натыйжасында айтылганын сезесиңби? Бул чоң жаңылыштык. Сенин сүйүүң мен үчүн таза болсо, кантип ушул сөздөрдөн соолусун! Мен буга эч качан ишенбейм жана ишенгим да келбейт. Жигиттер чын эле ручканын учун шилтегенге устат болушабы? Деги сенин сүйүүң үчүн башым катып бүттү.

Бул каттын жообун жаздым.

13/VI. 1969-жыл.

Мен дөң жак менен школго кетип бараткам консультацияга. Сен Темиш деген бөбөгүңдү велосипедге учкаштырып, Жекшенбектердин үйүнүн астынан өтүп кеттиң. Мен мектептин оң жак тарабында олтургам. Мырзабек келип учурашып, кат берип кетти. Ача салып окусам, мындайча экен:

Мындан ары экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү алоолонот. Сен да ошондой ойлогон чыгарсың. Каталык экөөбүздөн тең кетти, эч нерсени түшүнбөстүктөн. Эми экөөбүз тең арт жакка кылчактабашыбыз керек. Бардык иш өттү, кечирилсин! Эми ар кандай ушактарга ишенбей, сүйүүбүздү улантуубуз керек. Эми экөөбүз мындан ары бактылуу боло алабыз. Ишен!

Сыргак деген эме мага кандайдыр бир нерсе кылмакчы. Эгерде уруш чыгарса, эч качан качпас элем. Бирок элге (үйгө) шерменде болуу... Ошондуктан сен мени ага сүйгөнүм дебе, мен аны менен бузулушкам деп кой. Мен дагы сени менен бузулушкам деп коём. Сүйгөнүм башка жакта де. Бирок абайлай жүр. Ал өтө эле катуу чыгып алыптыр.

Саламым менен Назаркул.

Түшүнүктүү, кандай метод менен жазганың белгилүү. Курбуларыма окутсам, алар чексиз сүйүнүштү. Мындан ары чексиз бактылуу болосуңар деп каалоолорун айтышты. Бирок менин жүрөгүм бул калемдин учуна ишенбеди.

14/VI. 1969-жыл.

Экзаменден чыктым. Школдун артына бастым, шпаргалка ыргытайын деп. Сен Рысбек, Малика болуп сүйлөшүп турупсуң. Ошол убакта классташым Эсен (К) менин комсомол билетимди алып, тамашалап коё бербей жатты. Аңгыча сен Эсенди чыкырып кеттиң. Сен ага мага болушуп, бир нерселерди айтыптырсың. Мен Нурманбет аркылуу уктум. Комсомол билетимди кайтарып берди. Эч нерсе дебестен үйгө кайттым. Сенин болушканыңа, кызганганыңа таң калдым.

15/ VI. 1969-жыл.

Кечээ силер школдун көмүрүн машинадан түшүрүп жаткансыңар. Ошол минутада сен Медетбектен сурапсың, “Латипа менен Эсен сүйлөшүп жүрөбү,”- деп, ал “Жок, ким айтат? Быйыл Рыбачьеге кетет, бул жерден окубайт,”- десе, сен айтыпсың: “Кайсы жерде болсо да бири-бирине сүйүүсү таза болсо болду да”, - деп, муну мен жакын классташымдан уктум. Саат 12 ченде Сакин келди. Ал экөөбүз Кочкорго бармак болчубуз. Сакин шаштырып жүрү деди:

- Латипа, сага бир нерсе айтсам макул болосуңбу? Айтсаң макул болом деп.

- Эмне дейсиң, Сакин? Эмне айтмаксың? Сенин айтканыңа макул болбой жүрчү белем,- дедим.

- Болуптур, тез басалы, автобус да келип калат.

Мектепке жакындадык.

- Айтпайсыңбы эми?

- Айтсам таарынбайсыңбы?

- Эмнеге таарынам? Айтчы!

- Назаркул жолугушалы дейт.

- Койчу! Кантип? Ушинтмек белең, Сакин?

- Анан эмне кылам? Биринчи сунушун кантип аткарбайм?! Ээрчитип келейин дедим. Күтүп турушат, бол ылдам!

- Кантип жолугушабыз? Эмне деп айтабыз?

- Жөн эле суроолоруна жооп беребиз.

Биз кобурашып олтуруп мектепке жеттик. (Алар: Назаркул, Мурат, Мирбек, Төлөбай бакта олтурушуптур.) Мастерскойдун астынан саламдаштык. Сүрдөгөндүктөнбү же мындай жолугушууну баштан өткөрбөгөндүктөнбү, айтор, айталы деген оюбуз кайда кеткени белгисиз. Сенин ошондогу айткан убадаларың, колумду кысканың жүрөгүмө түбөлүк сакталды. Ошентип биринчи жолугушуу өтө жөнөкөй, салкын өттү. Ошондой болсо да, элес калтырды. Мына ушул жолугушуудан кийин да көп узабай кайрадан таарынуу, ушак сөздөргө ишенүү пайда болду. Байланыш үзүлдү. Бул ишке салкын көз карашта болдук. Менин тунгуч сүйүүмдү кароосуз калтырып, Малика менен байланыш түздүң. Маликанын ата-энеси жокто, сени Мурат аркылуу чакыртып, жолугушуп жүргөнүңөр угулуп, айдан ачык белгилүү болду. Мен Маликадан мындайча сынап сурадым: “Кыз менен жигит сүйүшүп жүрсө, жигитти башка да бир кыз сүйсө, кыздын жакшы мамилесинин натыйжасында ал кызга жакындаса, кыз бузукулук кылбаса да, ал жигиттин кызы бар экенин билип туруп, макулдугун билдирсе, жигитти да бактылуу кылып, өзү да бактылуу боло алабы?” Бирок бул сыноомо маанилүү жооп алалбадым. Анын ушул жерине сүйүүгө жеңил караарына толук ишендим. Кайта мени ал жабышкандай кабыл алып, жек көрдү. Мейли мен эки адамдын жек көргөнүнөн эч нерсе болбойм жана болууга тийиш эмесмин.

Бардыгын жыйыштырып, алыс кетүү максатымдын ишке ашышын күттүм.

Сакин экөөбүз Фрунзедеги Финансы-экономикалык техникумуна бирге барып, достук мамилебизди уланта берүүнү чечтик. Үйдөгүлөр да макул болушту. Документ камдадык. Шартка байланыштуу Сакин документтерин почта аркылуу жиберди. 26-июль күнү “Любовь в Кашмире” деген фильмге бардык. Мындай чыныгы сүйүүнү көрүп, өз сүйүүмө салыштырып, айырмасын сезгендиктенби, көз жашымды токтото албадым. Менин бул түндөгү күйүтүм күчтүү эле. Эгер Назаркул менен жакшы мамиледе болсом, анын жакшы каалоо-тилеги менен узабаганыма өкүнүчтүүмүн. Эртең шаарга жөнөйм. Сакин извещение келсе эле бармай болду.

27/VII. 1969-жыл.

- Латипа, сага жаңы бакыт, жаңы таалай каалайм, келечекте өз сүйгөн адамыңа жетишиңди күтөм. Экзаменден ийгиликтүү өтүшүңө тилектешмин,- деп узатып калды Сакин.

Жездем, эжем болуп шаарга жөнөдүк. Фрунзенин жаркыраган кең көчөлөрү мени өз кучагына жылуу кабыл алып, сугумду, кызыгуумду арттырды. Кашкар байкем аркылуу Сакин экөөбүздүн документибиздин кабыл алынганын билип, 31-июль күнү Сакинге 2ден калбай кел деп, Галя эжем экөөбүз телеграмма жибердик. Бирок Сакин экзаменден бир күндөн кийин келди. Байкем сүйлөшсө, бир бала үчүн экзамен кантип алабыз деп, документтерди берди. Мына, Сакин экөөбүздүн тилегибиздин бири ушинтип ишке ашпай калды. Фрунзеде бирге окуп, билим алууну эңседик эле, бирок буга турмуш, шарт жол бербеди. Байкем, Сакин болуп Панфилов паркын аралап, “Достук” ресторанында болдук. Сакин экөөбүз каруселге түшүп, келечекти кыялдандык. Экөөбүздө тең өкүнүч бар экени жүздөрүбүздөн гана билинип жатты. Мына ушинтип үч жыл ажырабай уланып келаткан достугубуз үзүлдү. Сырдашуу бизден алыстады. Турмуш жолубуз башкача болуп чыкты. Бири-бирибизден алыс болсок да, байланыш үзүлгөн жок. Ошол мезгилде, мен экзамен тапшырып жүргөн убакта Сакин Кара-Балтага кетти. Мен үчүнчү общитте жаттым. Бир комнатта эки орус кыз, анан мен элем. Негедир орусчаны начар билгендиктенби, алар менен таанышууга аракеттенбедим. Бирок алардын жакшы мамилесинен бат эле таанышып алдык. Аттары Оля менен Наташа. Өзүлөрү Токмоктон. Алар сельхозго тапшырышыптыр. Мен госстрахта болчумун. Алар мага диктант жазуунун жолдорун үйрөтүштү. Алар алгачкы экзамендеринен эле кулашты. Комнатта мен жалгызмын, бат эле эригип кеттим. Анан терезеден карасам Молодая Гвардия бульвары көзүмө жакшы көрүнүп, мени өзүнө чакыргансыды. Мен жай басып, ачкычты швейцаркага берип, бульварды көздөй бет алдым. Скамейкада экзаменге карата математикадан даярданып олтурдум. Түш да болду. Оля, Наташа болуп столоваядан тамактандык. Кечки саат сегизге чейин окуп, тамактанып 11де жаттык.

Саат жетиде аларды автовокзалга узатып койдум. Саат тогузда экзамен. (Түркүн ойлор келет).

Ал адамдын образы жүрөгүмө кеткис из калтырды. Ким билет, мүмкүн ал экөөбүз жөнүндө ушундай окуялар болбосо, балким мен бул жерде болбос белем. Эмне болсом да, 8-класстан бир жаңылдым. Эмнеге андан алыстагым келди? Ушул минутада мен эки ойдо болдум: бир оюм – кулап эле калсам дейт. Себеби Сакиндин алыс болушу мен үчүн кыйынчылык болчудай. Экинчи оюм – үйдөгүлөргө, элге, классташтарыма, Назаркулга шылдың болуп, техникумга өтпөдү дегенди уккум келген жок. Экзаменди ийгиликтүү тапшырдым (орус тилден).

Бүрсүгүнү математикадан. Негедир коркунучтуу сезилет. Бирок ийгиликтүү өткөнсүдү. 10-августа үйгө келдим. Он тогузунда чакыруу келди (27синен калбай кел деген). Эртең кетем деген күнү Сакин болуп киного бардык. Чыгып келе жатканда, Назаркул, сен көзүмө уруна түштүң. Көрбөөгө аракеттендим... Анткени сенин элесиң мен үчүн пайдасыз эле. Мен сени душманым деп сезчүмүн. Бирок жүрөгүм сен деп сокчу. Жалаң сен деп жашоочу! Муну сен билдиң бекен? Эч качан... (Тирүү болсом да, өлүк деп сезчүсүң).

Эжем экөөбүз Колянын таксиси менен Фрунзеге келдик. Общит алдым. Беш кыз жатабыз: Дилорам, Баян, Пахтагуль, Сакин. Булар оштук, калининдик, сокулуктук, жумгалдык. Баян экөөбүз бат эле ынтымактуу боло баштадык. Сабак башталды. Классный руководитель Виталий Борисович деген орус. Биздин группага бүт орус мугалимдер сабак берет, бардык лекция, сабактар орусча өтүлөт. Старостабыз Абдымомун Исаев деген солдаттан келген бала. Сабак көңүлдүү өтүп жатты. Сентябрдын алгачкы күндөрүндө эле үйдү эстөө, өзүмчө бук болуп кусалануу башталды. Негедир Назаркул түшүмө көп кирчү болду. Канчалык түшүмдөн көрбөөгө тырышам, бирок ал ар дайым түшүмдө.

15/IX. 1969-жыл. 

Почтого барып кат каратып, остоновканы көздөй бастым. “Чоң кыз, шашылбаңыз, чогуу барабыз”,- деген үн аргасыздан артка каратты. Бейтааныш бала. Көңүл бурбастан алтынчы троллейбуска түштүм. Ал да түштү. Мен чочулай илгери (алдыга) жылдым.

- Чоң кыз, чочулабаңыз, чогуу барабыз. Мен сиз окуган техникумда окуйм.

Мен уялыңкы туруп калдым.

- Атыңыз ким болот?

- Асипа!

- Меники...

- Жакшы!

- Кай жерликсиң?

- Кочкордук. Өзүңүзчү?

- Ат-Башылык.

- Канчанчы курстасыз?

- Үчүнчү.

Остоновка “Академия”. Биз түштүк. Мен общитти көздөй бурулдум.

- Сиз ушул жерде жатасызбы?

- Ооба!

- Сизди дайыма эле көрөм. Кайсы группасыз? I Bдабы?

- Ооба. Кайдан билесиз?

(Мен ага суроолуу карадым, ал жөн гана күлүп койду). Комнатка кирип кеттим.

17/IX. 1969-жыл.

Крыльцодо кыздар менен турсам, биздикине окшош “Москвич” келип токтоду. Бирок ага көңүл бурганым жок. Аңгыча бир адам бери көздөй келе жатты. Сакин менин папама окшош экен деп калды, карасам жездем. Мен жүгүрүп бардым. Учураштык. Таенең келди деди. Абдан сагынгандыктанбы, ыйлап жибере жаздадым. Эки күндөн кийин алар кетишти. Күндөр өтүп жатты. Айылдагылардан кат келип турду. Бул күндөлүккө жазбасам деле “мен үчүн” болуп жана өтүп жаткан окуялар унутулгус болду.

7/X. 1969-жыл.

Чындыгында келгени кыздар менен биригип киного, көчөгө, чакырган компанияга да бара элекмин. Келелек жатып мындайларга барууну эп көрбөдүм. “Жок дегенде телевизор көрүүгө барсаң боло, Асипа. Дайым эле сен жалгыз каласың. Кээ бирөөлөр ойлошпойбу, тигил кызын кошушпайт деп. Жүрүсөң, ушул атайлап чакырылган туулган күнгө барып келели”,- деп кыйнап жатты Баян.

- Жаман ойлуу адамдар ойлой беришсин, өзүбүз таза болсок болду да. Баары бир барганыбыз менен мен көңүлдүү отура албайм, анан алар кыйнашат. Ошондуктан бардыгы өзүмчө, өз ишим менен алек болгонум жакшы.

- Койчу, баралычы! Сагынтай да сөзсүз ээрчитип кел деген.

- Кыйнабасаң, Баянка! Мен сенден биринчи жолу суранып жатам го.

- Эчтеке эмес, кийин!

- Токтотчу сөзүңдү! Мен сени сынап, эмнеликтен мындай абалда жүргөнүмдү, чыкырган жерге барбаганымдын, жигиттер менен тааныш десе, жигитим бар дегенимдин себебин сенден жашырып, өзүң сезээр бекен деп жүргөнүмдү кечирип кой! Менин күйүтүм күчтүү, жайнаган жаш жүрөгүм али жаш болсом да соолуган. Сен мени кыйнабай бара бер, барар жериңден кечикпе. Бош убакытта толук айтып берем.

(Аны воротага чейин узаттым). Ал саат он эки ченде келди. Жанымды койбой, диванга ээрчитип келди. “Бардыгын айт, Асипа, бирөөнү да жашырба”, - деп диванга олтургузду. Мен бардыгын баяндадым.

- Баянка, эмнеге мага кошулуп ыйлайсың? Кызыксың го, эч качан ыйлаба! Силерди ыйдан сырткары, бактылуу болушуңарды тилейм. Сагынтай токтоо эмеспи, андайга барбас. Деги менин балдарга ишеничим жок. Ал бала деле токтоо, андай иштерге барбайт деген бала болчу. Бирок адамдар ар кандай, характери ар башка болот турбайбы?!

Ал экөөбүз бир күлүп, бир ыйлап, эч нерсени сезбей отуруп, саат үч болгонун да билбей калыптырбыз. Ваннага барып жуунуп, массаж жасап жаттык.

8/X. 1969-жыл.

Саат алтыда туруп, жетиге чейин бир сыйра сабакты кайталап, Бухгалтерский учеттон баланс түздүк. Жуунуп, тамактанып техникумга келдик. Сабак көңүлдүү өттү. Маден таарынгансып кетти. Анткени киного экинчи жолу чакырып келиши. Мен кабагымды бүркөгөндүктөнбү, кирип келер замат:

- Эмне капалуусуң? Жаман сөз айттыбы? Эмне сөз айтты?

- Эмне десин, киного эле дейт...

Баян түшүнгөндүктөн жогорку суроолорду берип, унчуккан жок. Пахта менен Сакин кошо жарыша: “Бекер киного барып эле келбейсиңби”, - дешти.

- (Мен оор үшкүрүп) Киного барсам, сабакты ким окуйт?

- Үшкүрүгүң башкача... Ачык айтсаң бизге деле.

Жооп бербестен чыгып кеттим. Баян артыман кошо келди.

- Барбайм деп кесе айттыңбы?

- Анан эмне кылам, сабакчы?

- Экиге чейин окусаң жетишет элең го. Конспект, эсептериңди мен жазып коёт элем. Жакшы бала. Абдан капа болду го.

- Болдучу, Баянка, киного баргым келбесе да күнөөлүү боломбу?!

- Жок! Ошентсе да аясаң боло!

- Кимди? Мадендиби? Тапкан экенсиң аячу кишини. Аяп жүрүп деле жыргап кеткеним өзүңө белгилүү го.

- Деги койдум, Асипаш, капаланбачы!

- Жүрү, Баян, башым чирип кетти. Тигилер кеткенде биротоло сабакка отуралы.

(Экөөбүз кийинип эшикке чыктык). Академия алдында басып жүрдүк... убакыт тогуз болду, биз общитти көздөй бастык.

Кирип келсек, диванда Маден олтуруптур. Сыягы киного барбай калса керек. Мен шашыла басып өтүп кеттим. Ал көз кыйыгы менен узатып кала берди. (Деги жигиттер кызык! Бир таанышып койсоң эле кишинин тынчын алып, кинолоп эле турушат. Барбай койсоң таарынчактарын кантесиң! Кыздардан назик болушабы?)

Комнат бек экен, кайда кетишти экен? Баянды ачкыч алып келүү үчүн жиберип, лестницага жөлөнүп турсам, Маден жер карап өтүп кетти. Кыздар телевизордо олтурушуптур. Баян экөөбүз сабак окуп, Технический вчислениеден эсепти чыгара албай, “Даммер Наташага” барып чыгартып, 12ден өткөндө жаттык. Наташа экөөбүз бир олтурабыз, улуту немис. Сабактан көп жардам берет. Мүнөзү токтоолугу мага абдан жагат. Өткөндөрдү эстеп, “Наташа” деп ат койгонубузга күлкүм келет. Кээде Наташа сезип калабы, сурап калат. Өткөндөр жөнүндө айтып берсем, абдан таң калат. Өз аты ким дейт? Мен Назаркул дейм. Столдорго же конспект тетраддарга анын атын жаза берет. Эмнеге жаза берерин сурасам, көргөн сайын эстеп жүр дейт. Ансыз деле баары эсимде. Мындай сабак убагында жашыруун сөздөрүбүз көпкө созулбайт. Эгер сумкасында конфет же алма болгон учурда, бирөө – өзүң үчүн, экинчиси – Назаркул үчүн деп ар дайым түгөйү менен берет. Деги Наташанын характери жакшы. Группага кадырлуу, ударница.

9/X. 1969-жыл.

Бүгүн суббота болгондуктан Калининскийдеги группалаш Акмат туулган күнүнө чакыргандыктан, Токмокто эжемкине барам деп кетип калдым. Баяндын жердеши болгондуктан, мени аябай кыйнады Баян. Биздин үйдү да көрөсүң, жүрү барабыз деп. Мен көшөрүп, болбой кетип калдым. (Баян ак көңүл, таарынычын келгенде бат эле жазып алам деген ойдо болдум). Саат беште эжемдердикинде болдум. Эжемдин баласы Төлөгөн, жолдош баласы Нурбек болуп, “Любовь в семье” деген индийский фильмге бардык, абдан жакты. Алар университетте окушат.

10/X. 1969-жыл.

Саат ондо Фрунзеге келдим. Кечке сабак окудум. Онго чейин концерт уктум. Концертте таякем “Он үч жашар баланын арманын” сураптыр. Ондон өткөндө жаттым. Окуу өтүп жатты, эч өзгөрүү, жаңылык болгон жок. Бардыгы кадимкидей.

27/X. 1969-жыл.

Бул күнү биз бир айга Сокулукка жумушка бардык. Бул жерде 5 группа кызылча иштеп жатабыз.

I B биз, II B, I D, I A, I Г.

3/XI. 1969-жыл.

Саат сегиз. Волейбол ойноп жатканбыз.

- Сиз Кочкордон болосузбу?

- Ооба.

- Таанышып алалы. (Тармал чач, аксаргыл кара көз жигит колун сунду).

- Асипа!

- Орозобек. Кайсы жериненсиз?

- Ленин колхозунан.

- Мен райондонмун. Сиз мага тааныштай сезилесиз.

- Мүмкүндүр. (Сагынтай ушулар менен окучу, ал бизди көздөй басып келди).

- Оо, жердештер табыша баштаган го!

Биз унчуккан жокпуз.

- Асипаш, мүмкүн болсо Валечканы 9да деп койчу?

- Жакшы болот. (Жакшы калгыла деп жатакана жакка бастым).

7/XI. 1969-жыл.

Жумушка 5 машина күнүгө жарышып барат. Ыр жагынан да жарышабыз. Күндөр көңүлдүү. Ушул күнү кечинде биз Сагынтайлардын жатаканасына Баян экөөбүз “Көңүлдүү кечиңер менен” деп кирип барсак, Канатбек менен Анатолий, Сантос болуп гитара чертип, он чакты бала шейк, твис бийлеп жатышыптыр, дароо туруп калышты. Биз аларга шылтоо болбос үчүн шахматын сурап чыгып кеттик.

- Эй, Асипа, сени бир жигит чыкырып жатат,- деп калды Канатбек.

- Кандай жигит экен?

- Пушкиндей жигит экен.

- Пушкиндей дегени эмнеси, тааныйсыңбы?

- Пушкиндей дегеним, чачы тармал Орозобек, ооз бекигенде төрөлгөн бала. Ишенбесең жүрүсөң, көрсөтөйүн.

- Турчу ар жакка, өзүм эле барам,- колун кагып жибердим.

Чыксам Орозобек. Аны менен 15 минуттай ары-бери басып, саат тогуз болуп калгандыктан кайра келдим. Саат тогузда отбой болот. Виталий көрсө жаман көрөт. Комнатка кирсем, Сакин чыдабай жатыптыр, “порог сердце” болучу. Саат ондо продуктынын машинасы менен шаарга узаттык.

8/XI. 1969-жыл.

Орозобек дагы чыкыртыптыр, барган жокмун. Сагынтайга “Айтып койчу, Орозобек экинчи мага келбесин, кыздар жигитиң деп уят кылып жатышат,”- деген шылтоо менен аны да келгис кылдым. Жөнөкөй гана саламдашып калдык жердештик түрдө.

11/XI. 1969-жыл.

Кухняда дежурный болуп, капуста туурап жатсам, Орозобек кирип келди. Учураштык. Көпкө олтурду.

- Жигитиң барбы?

- Сизге кандай тиешеси бар?

- Айтсаңыз?

- Жок!

- Сизге бир сөз айтсам капа болбойсузбу?

- Кандай сөз?

- Махабаттуу сырлардан.

- Сиз кызыксыз го, мен сизди жердешим деп жүрсөм, сиз эмне деп олтурасыз? Сиз экинчи мындай сөздү айтпагыдай болуңуз, мен укпагыдай болоюн. Сиздин экинчи саламыңыздын да, сөзүңүздүн да, өзүңүздүн да кереги жок мага. Туура түшүнүңүз! (Кухнядан чыгып кеттим).

Ушул жолугушуудан кийин биз саламдашууну унуттук. Күндөр өтүп жатты.

20/XI. 1969-жыл.

Жумуш бүттү. 5-автобус менен шаарга келе жаттык. Үчүнчү автобуста биз I B жана II B бар эле. Орозобек гитара чертти, бирок ырдаган жок. Мен Руслан менен отургам.

- Орозобектин гитарасын коштоп, ырдап кой, Асипаш.

- Өзүң ырдай берчи. Таттуу оюмду бузуп, кызыксың. (Мен терезеге бурулуп, көчөнү карап олтура бердим).

Автобустун дөңгөлөгү чимирилген сайын жүрөгүм алып учуп, түркүн жаңы ойлор курчайт. Сокулук районунун көчөсүн аралап, биринен-бири обгон жасап, автобустар жарышып келе жатышты. Саат бир ченде техникумга келдик. Эртең окуу.

21/XI. 1969-жыл.

Саат сегизде техникумга келдик. Сабак башталды. Ольга Тарасовна келишибиз менен куттуктады. Алла Петровна Думбровская Ленинградга командировкага кеткендиктен, экинчи парда бош болдук. Үчүнчү пар бухучет болчу. Саат жетиде Россиядан “Агент по не воле” деген фильм көрдүк. 1:30га чейин сабак окудук. Шессирдин счетун сурап келип, эсеп чыгарып, 2:30 ченде жаттык.

22/XI. 1969-жыл.

Сабактан 1:05те чыктык. Экиге ченде чыкырып жатат деп айтышканынан чыксам, Рысбек экен. Аны көптөн бери көрө элек болчумун. Учураштык.

- Үйгө бардыңбы?

- Баягыда барып келгем.

- Ии, эмне жаңылык? Айыл кандай экен? Бардыгы жакшы жатышыптырбы?

- Жакшы. Назаркулга сенден салам айттым, башын ийкеп, күлүп койду. Латипанын күндөлүгүн алып бер дегенинен, жеңеңе барсам, таппай койду.

- Кызыксың го, ал алып бер деген күндө да, сен барбашың керек болучу. Ал эмне кылат экен күндөлүктү?

- Билбейм.

- Кызык...

- Сага бир сөз айтайын макул болосуңбу? Менин убадамды алды эле, макул кылып бер деп.

- Айтсаң адегенде, сенин кандай орго түртөрүңдү кайдан билем?

- Сен Назаркул менен жүрө электе, Назаркул менен дос болчу. Сени менен жүргөндө ажырашып кетишкен. Мурун сени сүйчү.

- Бул эмне деген сөзүң? Ал ким?

- Муктар!

- Муктар деген ким?

- Мураттын байкеси.

- Өзүбектин баласыбы? Рысбек классташтык катарында келсең, сыйың менен жөн кел. Келбесең мына, жолуң ачык. Эгер мындай сөзүңдү токтотпосоң, сени менен жолдош болуунун зарылчылыгы жок. Сеникиндей менин жүрөгүм кош жүрөк эмес, болгону бирөө. Менин Назаркулду сүйөөрүмдү билип туруп, кантип чыдап айттың?

- Кечирип кой, Латипа, сага катуу тийсе. Айтып кой дегенинен...

- Сен дагы ага айтып кой, көңүлүнө алып, сүйүп койгону үчүн рахмат!

- Кечирип кой, кийинип чыкчы, киного барып келебиз.

- Убакыт жок, сабак окуйм!

- Азыр эки. Беште келебиз. Он экиге чейин окуйсуң да.

- Болуптур. (Барбасам да эмне деген сөздөрдү айтат деген ойдо, комнатка барып кийинип чыктым). “Октябрдын” алдына келсек, бир бала учурашты.

- Таанышып кой, нарындык, биздин техникумда экинчи курста окуйт.

- Асипа!

- Мурат!

Октябрда кино жок болгондуктан, Россияга бардык, саат төрткө билет алдык. Үчүнчү звоногунда кирдик. Эки сериялуу “Крах” фильмин көрдүк. Саат жетиде комнатка келдик. Саат сегизде Баян экөөбүздү Сагынтай филармонияга чакырып келиптир. (Таарынат ко деп, башым ооруп жатат деген шылтоо менен экөөнү узатып, жатып алдым). Кечке кино, филармониялап жүргөндө, эртеңки сабак эмне болот? Кыздар телевизорго кетишиптир.

30/XI. 1969-жыл.

Бүгүн “Жаштык” кафесинде жердештердин кечеси экен. Руслан чакырып келиптир, кийинип, аны менен бардым. Адегенде сүрөткө түштүк. Анан кафеге олтурдук. Тост көтөрүлүп, куттуктоо, жолугушуу жөнүндө сөздөр айтылды. Мен ичкен жокмун. Кыйнап жаткандыктан, ооз тийип, кайра койдум. Кечки саат сегизге чейин олтурдук.

3/XII. 1969-жыл.

Бүгүн 70 минуттан окуп, алтысына чейин тарадык. Таенем, эжемдер келип кетишти. Айылга бар дешкендиктен, 2 күнгө эмне деп болгон жокмун. Кыздар Ала-Тоого киного барсак, Руслан, Камчыбек, Сагынтайлар жүрүшүптүр, алар билет алышты. Дзержинский бульварын аралап, Люкска бардык. Саат 1:15те киного кирдик. Үчтө чыктык. Кыздар өзүбүзчө бөлүнүп кеттик. Политехнический техникумдун алдына келип, сүрөткө түштүк. Баянды 5те автовокзалга узаттык.

5/XII. 1969-жыл.

Мен дежурный болгондуктан, хозсумканы алып, Гострономго баратсам, Сакин менен Дилорам да Женскийге барабыз дегенинен чогуу чыгып баратканбыз. Крыльцодо Маден, Жумагул, Самудин туруптур. Кимдир-бирөө айтып калды, “ортоңкусу” деп. Мага кызык угулду, себеби ортосунда бараткан мен элем. Ал экөөбүз бейтааныш адамдай болуп калдык. Бирок анын көз карашы сүрдүү, ошондой болсо да, мага эч таасирин тийгизбейт. Эмне себептен көз караштын ээси болуп жүргөндүгүнө таң калам. Балким, ал да жеңил ойдун ээси болуп жүрбөсүн? Ар дайым кездешүү, көз караш менен узатуу, күнүгө саат сайын кездешип калат. Сүйбөгөндөн кийин билмексенге салып, өтүп кетем. Бажырайган кара көзү жалооругансыйт, күчүм жетпейт.

8/XII. 1969-жыл.

Дилорам комнатта жок болгондуктан, чыкырып жаткан жердешине мен чыгып, жок экенин айтууга аргасыз болуп эшикке чыктым.

- Дилорамды сиз чакырттыңызбы? Азыр комнатта жок эле...

- Эрте келеби же кечпи?

- Кечирээк.

- Анда муну сиз ага берип коюңузчу!

- Жакшы болот.

- Таанышып алалы. (Колун сунду).

- Асипа!

- Иса!

- Болуптур эмесе, жакшы калыңыз.

Бул менин байкем менен бир комнатта жатат. Бирок тааныш эмес болчубуз.

9/XII. 1969-жыл.

Исаны көрдүм, учурашып өтүп кеттик. Мен физкультурадан подготовкага шашып бараткам. Спорт залдан улам эле Жумагүл чыкырып жатат дегенинен чыксам, Жумагүл да, Мурат да туруптур. Кимисине барарымды билбей туруп калдым. Адегенде Жумагүл анан Мурат менен учураштым. Мурат бош болсоң операга жүрү дегенинен, тиги жолдош кызым да келиптир, сени менен кетип калсам уят ко, капа болбо, кечирип кой деп узатып жибердим. Жумагүл да бат эле кетти.

10/XII. 1969-жыл.

Саат 9 болуп калганда сени чыкырып жатат дешти. Чыксам Иса экен. Жүрү мындай, бульвар жакка басып келели дегенинен каршы болдум. Техникумдун артына беседкага барып олтурдук. Бир маалда сигарет тартып, мага үйлөп жиберди. Мен башка жакты карап олтура бердим. Бир кезде өзүнүн сүйгөн кызы жөнүндө айтты. Мен да ага тескерисинче баяндап бердим. 9:30да кайра болбой жатып, комнатка келдим. Биз телевизорго барсак, кино жок экен, кайра келдик. Иса менен жолугушуу кандайча өткөнүн баяндап берүүнү сурашты. Мен анын папирос тартып, мага үйлөгөнүнөн өйдө айтып бердим.

- Балдар сүйүүсүн айталбай турганда, папирос тартып, үйлөп кызга билдирет, сен ага түшүнбөптүрсүң, - деди Пахтагүл.

- Эй, чын эле! Ал папирос тартчу эмес мурун,- деди Дилорам.

Мен таң калып карап калдым кыздарды.

- Билбейм, жаңы сигарет алып, бузуп тартты.

- Эмгиче билбейсиңби?- деди Сакин.

- Мен эмне сендей болуп папирос үйлөшүп жүрүптүрмүнбү,- десем, Сакин тура калып кроватка чыгып, “Менин үйлөшкөнүмдү көрдүң беле?”- деди. Мен: “Карачы, түндө мойнуңа засос койгонун да көргөм”- десем, мени аябай кытыгылады, калп айтам деп жатып араң кутулдум.

- Арам Куйручук десе, сени шашпа, засосту мен өзүм гана коюп туруп, Иса, Мурат же Маденге жалаа жаап, сени бир ыйлатпасам элеби?!

- Ыйлата албасаң эле, Кеңешбегиңдин атасына келин болуп бар.

Ал мени кууганда эшикке качсам, Шессир келе жатыптыр, аны карма десе, Шессир мени кармап калды. Экөөлөп карга оонатканда, Иса келе жатыптыр, ал мага жардамдашып, Сакинди карга оонатып жатты. Мен Шессир менен аянтчада кубалашып жүрдүм. Саат он бир ченде жаттык. Эртең воскресенье болгондуктан, сабак окуган жокпуз.

11/XII. 1969-жыл.

Саат сегизде туруп тамактандык. Анан Алик, Жаныш, Замир, Иса болуп, мен, Дилорам, Баян, Клара карга сүйрөшмөй ойнодук. Кутанов келе жаткандыктан, комнатка кирип кеттик. Филармониянын столовоюна барып, биздин комнаттын кыздары тамактандык. Келе жатсак режиссёр Гена байкем келе жатыптыр. Мен жашынып калдым, өтүп кетти. Саат бештен сегизге чейин сабак окудук, эсеп чыгардык. Онго чейин телевизор көрүп, красный уголокко дежурить эттик. Он экиге чейин кайрадан сабак окудук. Анан жуунуп, лимондон массаж жасап жаттык.

21/XII. 1969-жыл.

Мен почтого барыш үчүн эшикке чыксам, Маден Токтобек менен туруптур. Мен остоновкада турсам, алар да келип турушту. Онунчу троллейбуска түштүм, алар да түштү. Почтого алар да келишти, бирок кат караткан жок. Мен кайра 6-троллейбуска түштүм, алар да түштү. Кайрадан комнатка бир келдик. Эмне булар сообу деги же градусу көтөрүлүп калганбы? Сакин дежурный болчу, Маден менен Токтобекти тамак ич деп чыкырып келиптир.

- Эмнеге чакырдың, Сакин? Швейцарка көрсө эмне дейт?

- Мен тамакты алып келе жатсам көрүп калышты, уят да.

- Мейлиң, бере бер. Бирок биз уятка калбасак болду.

Мен Ахмеджандын конспектисин берип келейин деп кетип калдым. (Деги кызык Сакин, балдарга жакындыгын кантесиң?!)

23/XII. 1969-жыл.

Сабактан 3:45те чыгып, шар эле эжемдикине барып, саат беште келе жатсам, воротанын жанында Мурат турат. Учураштык.

- Көпкө күттүңбү?

- Аз эле.

- Канчада келдиң эле?

- Төрттө.

- Төрттөн бери бир  саат, ушу аз элеби? Көпкө күттүргөн турбаймынбы!

- Эчтеке эмес, убактың болсо кино көрүп келели?

- Кеч болуп калды да.

- Саат алтыга алгам билетти. Эрте эле тогузда чыгабыз.

- Жолдошторуң менен бара берчи.

- Бирөөгө арналган билет бирөөгө болмок беле?

- Болуптур, комнатка барып келейин.

Комнатка кирсем...

- Мурат келип кетти.

Мен кийинип чыгып баратсам:

- Кайда барасың, Асипа?

- Мурат менен киного.

- Эчакта эле келди эле, кыйын жигит ко ушунча күткөн,- деди Сакин.

- Кааласаң тааныштырып коёюн.

- Кой, айланайын, менден кичүү көрүнөт.

Мурат экөөбүз 23-автобуска түшүп, “Манас” кино театрына келдик. Назаркулдун байкесин көрүп, артка бурулуп кеттим.

- Эмне болду?

- Биздин айылдык бала, мобу чачы ёжик.

- Экинчи звоногунда кирелиби?

- Мейли, качан болсо.

Ал мени жетелеп, астыңкы этажга түштү. Мен буфетке ээрчитип баратканын сезип:

- Жок, Мурат, ал жакка барбайлычы, суранам.

- Эмне болду?

- Жок, барбайм, сен али студентсиң, кийин иштегенде өзүм эле кирем.

- Болуптур.

Экинчи звоногунда кирдик. “Материнская любовь” деген фильм көрдүк.

- Жактыбы, Латипа?

- Жакты. Сагачы?

- Мага да.

Ал мени Латипа дечү, себеби Рысбек айтыптыр мурунтан эле таанычу экен. Эки остоновка жөө басып, анан 15-автобуска түштүк. Остоновкадан түшсөк жаан жаап жатыптыр. Воротанын жанында байкем туруптур.

- Байкем турат, жүрчү сени узатып коёюн. Өзүм эле кетем, жакын эмеспи,- дедим.

Байкем бизди көрүп калган окшойт, дароо комнатасына кирип кетти. Биз остоновкада көпкө турдук.

- Үшүдүң го, бара берчи, өзүм эле түшүп кетем.

- Эмнеге үшүмөк элем? (Мен анын жүзүнө тике карадым).

- Бирөөбүз эле суу бололучу.

- Эч нерсе эмес.

Жаан төгүп жатты. Бул жаан биздин жөнөкөй курбулук сезимдин күбөсү. Аны 9-автобуска салып жибердим. Комнатка келе жатсам, Маден туруптур. Жер карап кирип кеттим.

25/XII. 1969-жыл.

Биздин техникумдун опера балетке заказ боюнча вечер (балл маскарад) болот экен, жаңы жылга карата. Кыздардын баары кетишкен. Комнатта жалгыз калгам, жүрү дешкенинен көнгөн эмесмин. Себеби байкем кызы менен барат, мага эмне бар, уят эмеспи. Эшикти кимдир-бирөө стучить этти. Карасам Иса менен Маден. Мени вечерге чакырып келишиптир.

- Жок, Иса, Маден, кечирип койгула. Баргым келсе жана комнаттагы кыздар менен деле барбаймынбы. Рахмат! Өзүңөр бара бергиле.

- Жок, Асипа, атайлап чакырып келгенден кийин сунушубузду четке какпа. Экөөбүз тең суранабыз. Дайым эле барбайсың, экөөбүздүн тең бир чакыруубузга барып кой.

(Түшүнүшпөгөн соң, барктана берүүнү каалабадым). “Азыр кийинип келейин” деп эшикти жаптым.

Экинчи троллейбус менен театральная остоновкасынан түшүп калдык. Адегенде танцы болду, анан концерт көрдүк. Экинчи танцыга баралы дегенинен болгон жокмун. Буфеттен тамактандык. Анан ёлканын жанынан Иса Маден экөөбүздү сүрөткө тартты. Маден Иса экөөбүздү тартты. Саат ондо бүтө электе кайра келдик. Комнатта эч ким жок, сыягы келише элек сыяктуу. Азга сабак окуп, анан жаттым.

28/XII. 1969-жыл.

Мен стипендия алыш үчүн бухгалтерияга барсам, Иса стипендия алып жатыптыр. Баш ийкеп учураштык. Жанындагы балдарга бир нерсе дегендей болду. Мен стипендия алып, кол коюп жатсам, колду сулуу коёт экенсиң деп орусча айтып күлдү. Кассир аял да, кыздардыкы балдардыкына караганда сөзсүз сулуу болуш керек деди. Мен “рахмат,”- деп чыгып кеттим. Отелге барсам, выходной экен. Сабакка даярданып олтурдум. Саат сегиз. Комнатта кыздар жок. Дежурный болгондуктан, гастрономго барууга туура келди. Бульварга жакындаганда мен үчүн коркунуч туулду. Токтоп турган плюстун жанындагы эки адам мени көздөй басып келип, эки жагыма туруп калышты. Эмне кыларымды билбей, баса бердим.

“Токто” деген сөз өкүм чыкты. Алды жагымда беш бала келе жатыптыр, Маден да бар экен.

- Эмнеге кармап турасыз?- деди Маден эки кишиге суроолуу карап.

Алар унчукпай туруп калышты. Маден мага бурулуп:

- Гастрономго барасыңбы?- деди.

- Ооба.

- Жүрү, экөөбүз бирге баралы.

Экөөбүз барып, продукты алып, кайра келе жатсак дагы эле турушуптур.

- Жигит!

- Эмне демекчисиз?

- Сиздин кызыңызбы?

- Ооба!

- Эрте келгениңиз жакшы болду, биз менен кетип калмак эле. Кечирип коюңуз,- дешип, какшыктай машинасына түшүштү.

Мен кызарып кеттим.

- Комнатта Баяндар жок беле?

- Эч ким жок. Жалгыз мен, дежурный болчумун. Рахмат, Маден! Жакшылыгыңды унутпайм. Саламатта кал!

- Өзүң дагы жакшы бар, эчтеке эмес.

31/XII. 1969-жыл.

Күндөгүдөн бир саат он беш минут эрте тарадык. Клара менен сүйлөшүп турсам, Маден келе жатыптыр.

- Клара, мобул бала сөз айтып жүрөт, макул болоюнбу?

- Ирбийген арык немени кубартып эмне кыласың?

- Ирбийген менен кубарганында эмес кеп. Кеп характеринде, акылында. Мага эмне кереги бар балдардын? Наташаны сүйдүм, жетет ошол.

- Койчу Наташаңды! Андан Иса беш эсе өйдө, кандай сулуу.

- Клара дагы айтам, сулуулугу менен мени бактылуу кылбай эле койсун. Назаркулдан башканы сүйбөйм, сүйгүм да келбейт.

- Бирөө менен жүрүп ажырашсаң эле, экинчи сүйгөндөрдү сүйбөйсүңбү? Наташаң кандай экени белгилүү го. Малика кандай көп эле жигит менен жүрөт, сен ошондон кемсиңби?

- Жигиттер менен көп жүргөндө Маликадан да, Назаркулдан да кыйын, жакшы болмок белем?! Кеп көп жүргөндө эмес. Ар адамдын акылы өзүнө эп. Мени мындай акылсыз ойлоруң менен азгырба!

Комнат жакка бастым. Бул күндөлүктү калидордун терезесинин жанында кийим гладить эте турган стулда олтуруп, жазып жаттым. Тигинде баскетбол аянтчасында бир орус бала көзүмө уруна түштү. Анын ар бир кыймылы мага тааныш, мага жакын адамдыкындай сезилет. Ооба! Ал менин бир кездеги сүйгөн адамыма окшош бейтааныш орус бала. Кийими, түзүлүшү так эле Назаркулдукундай. Эх! Ал кездеги убактылуу өткөн турмушту элестетким келген жок. Бирок түркүн ойлор өз кучагынан оңой бошоткусу келген жок. Анын кош жүрөгүн өз жүрөгүмө салыштыргым келген жок. Оо, таш боор тагдыр, турмуш! Ошол өткөн мезгил, ал адам менин жүрөгүмдү жараксыз кылып, түбөлүк жаман абалда калтырбадыбы! Ушундай ойдо тунжурап олтурсам, Баян келип бузду.

- Асипаш, эмне ойлоно түштүң? “Назыкең” оюңду бийледиби?

- Туурасын айттың. Кантип оюмду билдиң?

- Сенден дагыбы, кандай болбосун ички сырды билесиң.

- А сеники оңой. Себеби мен Назаркул жөнүндө гана ойлоном. Башкаларга башты чиритсем жан калабы?!

- Асипаш, Жаңы жылды кандайча тособуз?

- Эч нерсе эмес, Баянка сага. Себеби Сагынтайың бар эмеспи.

- Сага да бир күндүк убактылуу табылар.

- Зарылчылыгы жок.

- Деги кабагыңды бүркөбөчү, Назыкеңдин элеси менен тосоорсуң. Бүгүн Пахтагүл дежур, ал Сакин экөө тамак кылат. Биз Сагынтай, Руслан болуп, Октябрдан кино көрүп келебиз. Сагынтай билет алган сегизге. Ондо чыгабыз. Он экиде жаңы жылды тособуз, почти экиде жатабыз...

- Эх, Баянка, бактылуу болсоң ээ!

17:30да Сагынтайлар келишти. Биз үчөөбүз чыктык. Октябрга кирип, актрисаларды көрүп жатканда үчүнчү звонок болду, кирдик. “Неподсуден” деген фильм көрдүк. Ондо чыктык, он бирге чейин кышкы бульварды жеңил аралап жүрдүк. 12:00 тост көтөрүп, жаңы жылды тостук. 50 граммдай вино ичтим. Саат бирден өткөндө жаттык.

1/V. 1970-жыл.

Бул күнү Жусуптун день рождениеси байкесинин үйүндө болду. Анда жетиден баштап болдук. Эртесинде алтыда келдик. Сегизде сабакка келдик. Сабакка көңүл коюп олтурган жокпуз. Деги кандай күндөр өтүүдө...

Автор: М. А. С.

Карааныңа жалынам,
Көрбөй калсам, неге мынча сагынам,
Сагынычымды билбейт ко деп таарынам.
Жолукканда байкамаксан боломун,
Бирок ичтен карааныңа жалынам.

Сен табасың, мен да табам бирөөнү,
Сен деп жүрүп, жаш жүрөгүм жүдөдү.
Сен да капа, мен да капа болбостон,
Жолукканда саламдашып жүрөлү.

Жүрөгүмө жүрөгүңдү тосподуң,
Акылыма акылыңды кошподуң.
Сүйөм деген бир сөзүңдү укпастан,
Айла канча, түбөлүккө коштоштум.

Кош бол эми, кош бол менин сүйгөнүм,
Акыл-эстүү адам болсун сүйгөнүң.
Сабыр түбү сары алтын дейт турбайбы,
Мага дагы буюргандыр бирөөнү.

III

Мына ушинтип кайрадан да окуп чыктым.

“На память о первой встрече. Ты не забывай мою любовь”- бул күндөлүктүн акыркы кагаз бетине түшүрүлгөн сөздөр. Айла канча, жүрөккө сайылбай койбойт.

Бирок кызык... Жүрөгүм мыжылып турса да, мен а деп окуп чыккандагыдан таптакыр башкача сезимге кабылгансыдым. Таңдана күндөлүктөгү окуяларды кайрадан чабата баштадым. Мурдагы эле окуялар, бирок ушул эле маалда таптакыр бөлөк окуялар. Кызык... Мурда эмнеге мынчалык өзүн ушунчалык басынтат, эмне Назаркулдан башка жигиттер калбай калыптырбы? Намыс деген кайда дебедим беле. Латипага, негедир жиним келбеди беле.

Азыр мунун бири жок. Латипа муңайып турса да, көзүмө ушунчалык сүймөнчүктүү көрүндү. Назаркулчу? Ал жок. Учуп, жок болуп кеткенсиди. Өзүнүн ыпыр-сыпырлары менен кошо… Ошентсе да байкуш Назаркулда эмне айып? Эмне, сүйө албай койгондугу үчүнбү?.. Деги эле бул үчүн кимдир-бирөөнү күнөөлөгөнгө акыбыз барбы…

Латипа сүймөнчүктүү көрүнүп кетти дедим ээ. Мен ушул үчүн бөлөкчө сезимге кабылып отурам го сыягы. Мына, Латипа! Ал эмне кылмак элем, колумдан келгени ушул болбодубу – Назаркулду жүрөгүмдөн ыргытып салууга кудуретим жетпей койбодумбу дегенсип, мени муңайым да, жалооруй да тиктеп тургансыды. Мен көзүмдү ала качууга аргасыз болдум да, мындай бир ойго келбеген ойлорго кабылдым.

Латипа менен сырдашып да, муңдашып да жаткансыйм.

Латипа, курбалдашым Латипа, не деген шумдукка жолуккансың. Латипа, сен менден 50 жаш улуусуң, бирок ошентсе да, курдашсың, анткени күндөлүктөгү жашың араң 19да болуп жатпайбы, мен да 19 жаштамын. Демек, XX кылым менен XXI кылымдын Латипасы жолугушуп отурбайбы. Бул Латипалар, балким XXX кылымда да жолугушар. Кылымдан кылымдарга аттаган Латипалар…

Кылымдан кылымга Латипа аттап өткөн жок да, жүрөктөр өтүп отурбайбы, жок, жүрөктөр өткөн жок да, ошол жүрөктөрдү жалынга чулгаган бир шумдуктуу сезим өтүп отурбайбы. Ошол шумдуктуу сезим Сүйүү эмеспи. Ууз сүйүү. Тунук сүйүү. Алгач сүйүү.

Сыягы, эптеп күндөлүгүмдү толтурсам, анан балалык сезимдериңди биротоло чийип өчүрүп, жаңы жашоо баштар элем деп ойлогон чыгарсың.

Балким, баштаган да чыгарсың. Бирок…

Бирок ошол шумдуктуу сезимди биротоло чийип, өчүрүп сала алдың бекен! Эгер өчүрүп сала албасаң, өзүңдү жемелей бербе…

Латипа! Сен, чындыгында, алигиче ошол шумдуктуу нерсе менен жашап келатасың, ошол сезимдердин кучагында кечирген күндөр сени Бакытка чулгап турбайбы! Кайрылгыс болуп кеткен бактылуу күндөрдү эстеп жашоонун өзү да бакытка тунуу эмеспи. Жүрөгүндө кымындай жалыны бар жандар буга ынанат ко дейм, курдашым Латипа!..

Автор тууралуу: Нурайдай Жекшенова 2002-жылдын 25-февралында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган. 2019-жылы ушул эле айылдагы Мамбет Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясын бүтүрүп, азыркы учурда Эл аралык Кувейт университетинин журналистика жана коом менен байланыш кафедрасында 3-курста окуйт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз