Дубалга такап атканга маш большевиктер

АЛТЫН ЭШЕЛОН

Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы” китебинен

<<<<<< Башы

«Алтын эшелон» жөнүндөгү эски фильм элдин эсиндедир? Ал Жарандык согуш туурасындагы советтик эпостун өзөгүн түзгөн мотив эмес беле. Россиянын, эми болсо жаш Совет Республикасынын алтын кору туурасындагы тасмачы. Анда ошол маалдагы дөңгөлөктөрү эки октуу вагондор, алтын куймалары шыкалган жащиктер, Сибирдин кары, күзөтчүлөр, партизандар, Колчак, ак чехтер, ЧК... Миңдеген пуд, башкача айтканда, ондогон тонна алтындын чоо жайы баяндалат. Эрдиктер, кара баштын камын ойлобогон агадилдик, элдин жыргалчылыгы айтылат ошол тасмада...

Суроо! Мамбанктын алтыны кандайча вагондорго жүктөлүп, Сибирдин ортосуна барып калган?! Ал Петроград шаарындагы чычкан кире алгыс жер асты кампаларда бекем сакталуу эмес беле. Питерде актар болгон эмес, баары өз кишилер, кызылдар, өкмөт иштеп турган. Өлкөнүн алтындарын вагондорго жүктөп, чыгышты көздөй айдаган кимдер?! Эмне үчүн?!

1918-жылдын 8-мартында Совнарком, ВЦИК дегендер Москвага көчүп өткөн. Балээден алыс бололу дешсе керек. Ал эми Питер Псковго (немистер турган), Выборгго (финндер), Нарвага (Юденич жана эстондуктар) жакын эмеспи. Айтор, абал чатак, түшүнүксүз, кесепеттүү эле.

Москва деле большевиктер үчүн жайлуу, тынч болгон эмес. Немистер менен пикир келишпөөчүлүк бар эле! Бийлик кыл учунда илинип турган! Жегенге тамак жок, өлкө башаламан, элдин жаалы шакардай кайнап, жетер жерине жетип турган учур эле. Анан ошондой шартта алтынды сыртка чыгарып кетиш керек болчу. Көңүл да тынчыраак болмок. Дагы эмне болуп кетерин ким билсин. (Биздин азыркы учур деле ал мезгилден эч нерсеси менен айырмаланбайт!..)

Кара деңиздеги порттон ары түртүп жиберсечи алтынды? Ал жак деле тынч эмес, немистер, актар бар. Же Мурманск-Архангельск аркылуубу?

Финндер мобул эле жердеги темир жол бутагында отурушат, алар алтынга опоңой эле тиш салышы ыктымал, Петроградды жойлогон батыштык чалгынчылар болсо — логикага таяна айтканда, тезек терип жүрбөгөн чыгар! Чет элдиктерден ыраак турган Сибирь менен Владивостокко чейин жеткирсечи? Же КВЖД менен Харбинге жеткирип алсак андан ары эмне болорун көрө жатар элек деген ойго токтошот большевиктер. Анан алтынды азырынча Казанга алып барып коюшту. (Каппель аны так ошол Казандан кармап атпайбы.)

Айтор, большевиктер Питерди гана эмес, Москваны да таштап кеткенге кайыл эле, жок дегенде Вологда-Вятка-Екатеринбург үч бурчтугунда эптеп бекемирек жайгашып алсак дешкен…

Ак чехтер, Колчак, Семенов жана башкалар менен калаймакан ызы-чуу башталат деп ошол учурда ким болжоптур дейсиң…

СЫЙЛЫГЫШТЫРУУЛАРДЫН МЕЗГИЛИ

Эми азыр эле окуганыңардын баарын болуп жаткан окуялар менен бир эле маалда аңдап алууга аракеттениңиздер:

Большевиктерди сындаган гезиттердин баары жабылган. Кадеттердин партиясына тыюу салынып, анабашчылары камакка алынган. Учредителдик чогулушка өтө турган шайлоо ноябрдан январга жылдырылган. Учредителдик чогулушту колдоп чыккан жумушчу демонстрациялар ок атуу менен кууп таратылган, жана болгону бир күн иштеген соң Учредителдик чогулуштун өзүнө да куралдын күчү менен тыюу салынган.

Ошондой эле. соодага мамлекеттик монополия киргизилген, “кызыл кулактык” үчүн адамдарды ата башташкан, кыймылсыз мүлктү сатууга, сатып алууга байланышкан ар кандай иш-аракеттерге тыюу салынган, “коммуналдык батирлердин” киргизилиши менен турак жайларда жашаган адамдардын үстүнө үйү жокторду тыга башташкан, үйлөр тинтүүгө алынып, “буржуазия” делингендердин баалуу буюмдары казынага тартып алынган. Банктык салымдар алынган. Контрреволюция жана саботажга каршы күрөшүү боюнча Өзгөчө комиссия түзүлгөн. Административдик атуулар жүргүзүлгөн.  

Ошондой эле. Армия таратылып, фронт токтогон. Совет бийлиги үй-үй боюнча орнотулуп, “буржуйларды” тирүүлөй кескилеп союшкан же кубалап чыгышкан, оокаттуу үйлөр талоонго алынып, жерлер бөлүштүрүлгөн.

Ошондой эле. Держава ыдыраган: Прибалтика, Польша, Финляндия, Украина андан чыгып кеткен, Түркстан башкарууга моюн бербей, Закавказье болсо эгемендүүлүккө умтулуп турган.

Ошондой эле. Октябрь төңкөрүшүн тааныгысы келбеген офицерлер Донду көздөй жөнөшкөн, ал жакта Актардын кыймылы жана Ыктыярдуу армия уюштурулуп жаткан.

Ошондой эле. Брестте сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, немистер эбегейсиз ири аймактарды жана ресурстарды ээлеп алышкан.

Ошондой эле. Мунун баары бир эле учурда кайталанып турган, бул мезгилде тиги жакта, бул жакта дегендей. Мунун баары ырааттуу түрдө эмес, биринин үстүнө экинчиси тыгылып, басылып, кагаздын кесиндилерин томолок кылып мыжыккандай кыйчалыш жүргөн. Түшүнүктүү да? Адамдардын сезимдери, кырдаал, жалпы маанай, күтүү, элдин реакциясы деген бар да – муну да түшүнүү керек. Баары көз ирмемде, ит куугандай тездик менен өзгөрүп тургандыктан, кесепети кыйын, опуртал жана мүшкүл болорун айтып кереги жоктур.

Айтор, окуяларга толгон жана опурталдуу мезгил өкүм сүрүп турду. Не бир улуу, түп-тамырынан бери өзгөртүүлөр саналуу эле апталарда, айларда – жашоонун бардык чөйрөлөрүндө жүрүп жатты! Кулак угуп көз көрбөгөн, таманын башына кептеген не бир өзгөрүүлөр жүрүп, ойго келбеген иштер болуп жатты, дегеле буга чейин болуп көрбөгөн шумдуктар кадыресе көрүнүшкө айланды. Адам дегениң колунан баары келген кудуреттүү жан тура, кааласа баарын баштан аяк өзгөртүп, өзү каалагандай эркин жасап коёт экен! Буга болгону тайманбастык менен көбүрөк ишеним гана керек тура! Ошол эле маалда адам дегениң бир бүркүм чаңча турбаган бир байкуш да турбайбы – кимисин болбосун каалаган убакта ит аткандай атып салса болот экен, бул да күндө боло жүргөн көнүмүш көрүнүшкө айланды, качан караба, кайсы бир шордууларды дубалга такап эле татыратып атып атканы, айтор, ушундай бир жексур заман башка келип, ушундай иштер болуп атса не дейсиң... Огуңду аясаң, карабашыл кишини мууздап сал да, анан жайбаракат ишиңди уланта бер, дегеле өлүм, адам өлтүрүү ошол мезгилде түү деген түкүрүккө турбаган оңой ишке айланып калган эле, каалайсыңбы жокпу, жагдай ошондой болчу, мындай иштер көнүмүш да, зарылдык да эле.

Айтор, жашагың келеби – колуңан келсе жаша. Кумар кандыргың келеби – кандыра кой, менчик мүлккө мамиле – келе бери! деген жашоо келип турду. Мыйзамга карата мамиле – жинди чалыш декрет жазылып дубалга жабыштырылган бир үзүм кагаз болсо да, бирок атууга келгенде баары олуттуу эле. Ток этери – бул бары жоктун баарын заматта каптап кирген не бир тарыхый социалдык өзгөрүүлөр! Не бир үңкүр доорундагыдай жапайы мезгил эле.   

ЖАРАНДЫК СОГУШ ЧЫНЫНДА КАЧАН БАШТАЛГАН

1918-жылдын майларында болсо керек. Кыш-жаз салыштырмалуу тынч өткөнсүгөн. Украинада немистер, Финляндияда финндер, Прибалтикада прибалттар, Дондо дондуктар жана офицерлер менен буржуйлар, ар кандай юнкер - студенттер жашап турушту. Дыйкандар болсо ар кимиси энчисине тийген жерин айдап, чарба жүргүзүүгө аракет кылып жатышты. Советтер бүт жерде башкарып турушту. Кана эми – мунун эмнеси жаман болду? деген суроо жаралар. Болорунча болду да.

Биринчиден. Шаарларда колго тийгендин баарын, аттарга чейин мүлжүп жеп салышты. Эмеректи, тосмо кашааларды кошо баарын отко жагышты. Ошондуктан бийлик азык-түлүк даярдоону камсыз кылууну киргизди, анын мааниси: мужук, өлсөң тирилсең да айтылган нанды мамлекетке тапшыр деген буйрук болду. Мужук болсо “мегиле!” деп турмугун сырайтпаспы. Анан азык-түлүк отряддары түзүлдү. Кыскача аталышы ӨМБ, өзгөчө маанидеги бөлүк. Азык-түлүк диктатурасы жөнүндө декрет чыгарышты да нанын бергиси келбеген мужук шордууну атып салабыз дешип опузалап, болгон азыгын тыптыйпыл шыпырып ала башташты. Жинине кутурган мужук болсо азык отрядындагылар менен жазалоочуларды четинен союп кирген. Мына, согуш ушундан чыккан.

Экинчиден. Түштүктөгү Ыктыярдуу армия күчкө толо баштаган эле. Себеби жаңы бийликке нааразы элдин катмары калың болгондуктан, большевиктерди алып ыргытуу үчүн биригүүгө ынтызар болчу.

Үчүнчүдөн. Так ушул маалда «ак чехтердин» козголоңу чыгып кетти. Бул эми өзүнчө айтыла турган эки ооз сөз.

Төртүнчүдөн. «Интервенция» башталды, бирок ал таптакыр биздин кулагыбызга куюлгандай даражада эмес болчу.

Бешинчиден. Кызыл Армияны түзүү жана өстүрүү күрдөөлдүү жүрүп жатты, анын бөлүктөрүн ошол замат эле пролетардык диктатуранын туура, жаңы эрежелерин мүмкүн болгон жердин баарында орнотууга колдонуп жатышты.

Алтынчыдан. Большевиктер эң башкы иште – бийликти кармап калууда мыкты саясатчылар болушкан. Алар кечеки союздаштар эртең эле максаттарына жана бийликке жетиш үчүн бирин бири сөзсүз жеп салышарын билишкен. Ошондуктан апрелде алар анархисттерди жоготсо, июнга барып эсерлерди талкалашкан. Бийлик бир партиянын колуна өтүп, бул ички саясый позицияларды бекемдеген. Бирок бийлик кечээги союздаштардын арасынан активдүү жана ырааттуу иш тута билген жаңы душмандарды арттырган. Күрөш курчуган!

БИЗ АСКЕР-ДЕҢИЗ ФЛОТУН УШУНЧАЛЫК СҮЙӨБҮЗ ДЕЙСИҢ!

Брест тынчтык келишими боюнча Россиянын Аскер-деңиз флоту толугу менен Германияга өткөрүлүп берилиши керек эле. Бирок анткен менен «Аскольда» же «Памяти Азова» деген кемелер көмүрдү палубасына чейин шыкай толтуруп, немистердин мурду астынан Түндүк деңизге жакыныраак шынаарлай деңиздерди чарк айланып жүрө беришти, алардын максаты якорун Мурманскиде же Архангельскиде таштоо болчу. Бирок немистер Кара деңизди, айрыкча Балтиканы эчак көзөмөлүнө алган болчу. Анан эмне болду? Немистер: кана биздин кемелер, русише социалистен мырзалар? Же силердин Петроградыңар менен Москваңарга өзүбүз баралыбы дешти.

Кара деңиз флотунун командачысы адмирал Колчак 1917-жылы эле кеткен. Аны матростордун кеңеши башкарып калган, флотту чыңдоого балтикалык большевиктерди жөнөтүшкөн. Бирок патриот-анархисттер немистерди да, башкасын да урганыбыз жок, анткени саныбыз да көп, күчүбүз да жетишерлик деп флотту Севастополдон азырынча немистердин колу анчалык жете бербеген Новороссийскиге которуп кетишкен.

Бирок өзүлөрүнүн колу кыскалыгын немистер акылынын күчү жана эркинин бекемдиги менен жеңип кетишти: силер эмне, толугу менен басып алганыбызды каалап турасыңарбы деп маселени кабыргасынан катуу коюшту. Совнарком ошол замат флот чөктүрүлсүн деген буйрук чыгарды. Мындан абдан кыжыры кайнаган флоттун төрттөн үч бөлүгү куйту, саткын большевиктер менен мындан ары кайнасак каныбыз кошулбасын деп чыгышты. Флот өзү кыймылдап, 250 желекче (!!) (кеме деп түшүн) Бизертке (Тунистеги шаар) көздөй бет алды. Балким жакында большевиктердин күнү бүтөр, флот болсо калат, ал керек дешти. Же союздаштар менен бириксекпи деген да ой болду. Чынында эле түшүнгөн кишиге көп жыл кызмат өтөп өз үйүндөй болуп калган кемени кайсы матрос эч нерседен эч нерсе жок эле өз колу менен деңизге чөктүргүсү келсин?! Андан көрө өзүңөр чөгүп өлгүлө дебейби!

Новороссийскинин жанында калган 80 кеме чөктүрүлдү. Кыйылгандарга төбөсүнө кызыл желек илип, лейтенант Кукель башкарган «Керчь» миноносеци жардамга келди: ал кемелерди тике эле кыйрата сүзүп, суу астына кетирип жатты.

Убайымга баткан большевиктер болсо германдыктардын алдында алакандарын жайып чачтарын жулуп атышты: колубуздан келгени ушул, элди башкара албай жатабыз, флотто болсо анархия өкүм сүрүп, андагы бийликти анархисттер басып алышкан, башка да эмне кылалы дешти.

Басып алышса өпкөлөрүн үзбөйсүңөрбү!!! — деп жооп беришти каарданган немистер. Анан анын чыгашасын да эсептеп беришти. Мындан ары минтчү болбогула деп сес көрсөтүп да коюшту.

Кудай жолду мындай бербеспи, большевиктер буга ичинен кым дешти, анархисттерди бүт өлкө боюнча чилдей кууп таратышты. Эң сонун! Биздин кандай чараларды көрүп жатканыбызды немистер билсин дешти да. Алтургай, анархисттерди мыйзамдан тыш деп таанып да жиберишти!

А балтикалык флот кайда? Ээ, шайтан алгырдыкы… Кечиресиздер… калганын да жайлап беребиз дешти.

Офицерлердин теңин кырып, калганы качкан соң флотто аргасы куругундар, бири бирин кыйбаган достор, анан флоттун фанаттары калышкан эле. Флотко биринчи рангадагы капитан Щастный командалык кылып турган. Албетте, наамы ээлеген кызматына төп келбейт дечи, демейде мындай кызматты адмирал аткарат эмеспи.

Балтфлот өзүнүн эки ири алдыңкы базасында – командачы өз туусун көтөргөн Гельсингфорсто, экинчиси Ревелде турду. Ошентип Щастныйга: флотту Германияга өткөрүп бер деген буйрук берилет. Эч кандай жооп бербей туруп Щастный флотту бир да кораблин калтырбай эки базадан тең Крондштатка алып чыгып кетет.

Анан эмне болду? Албетте, ал ЧК тарабынан камакка алынган. «Сиз эмне үчүн буйрукту аткарган жоксуз деген суроого ал: “Мен орус офицеримин. Мен бийликке эмес, өлкөгө кызмат кылам. Бул орус флоту. Мен өз парзымды аткардым — флотту өлкөм үчүн сактап калды. Билгениңерди кылып алгыла!» - деп жооп берет.

Чын эле ыңгайсыз абал келип чыкты… Щастныйды эми кантип күнөөлөш керек? Ошондуктан күлкү келер күнөө ойлоп табышат – флотто ак гвардиячыл кутум уюштурууну көздөгөн деп айыпташат. Бирок! Щастныйдын ишинде... аскер флотунун наркому жолдош Троцкийдин өзү күбөлүккө өткөн! Ал эмнеге күбө боло алмак? Мааниси жок! Ошенткен менен командачылыктагы башкы фигура эсептелген адам өзү эл аралык келишимди аткаруу туурасындагы буйрукту аткарбаган офицерди жазалаган атпайбы!

Щастныйды атып салышат. Ал сактап калган кораблдердин аттарын өзгөртүп коюшат, кийин алар «Советтик флоттун сыймыгы» деп аталат. Ооба, ооба, сиздерге «Марат» жана «Октябрь революциясы» линкорлорунан салам дегендей.

Большевиктердин кубанычында чек жок эле. Флотту да сактап калышты, немистердин алдында да эптеп актанып алышты, өзүлөрү колдорун муздак сууга урбай туруп “күнөөлүү” офицерлерди да атып салышты. Бали, чыныгы саясатты мына ушунтип жасайт!

АК ЧЕХТЕРДИН КОЗГОЛОҢУ

Булар кандайча «актар» болуп алышкан? Анткени алар большевиктерге жакпаган. Ким баш ийбесе – аны ак деп аташкан. Ак деген немелер өзүлөрүн маа демектен үч бурчтук алма эсептесин дегендей. 

Ошентип дейли. Австро-Венгрия Россия Империясы менен согушуп жаткан. Австро-Венгриянын славян жарандары өзүлөрүнүн мамлекетин анча деле сүйгөн эмес, ошондуктан аның үчүн согушкусу да келбеген, туткунга да кез келген жерден опоңой түшүп берип, негизи эле орустар тарапка качып өткөнгө ыкташкан. Алар көз карандысыз Чехия, Словакия туурасында кыялданышкан.

1915-жылы оңбогондой жоготууларга учурагандан кийин Россияда 1916-жылга ыктыярчы чехтер менен словактардан саны 40 000 адамдан турган чехословакиялык корпус түзүлгөн. Ошентип чехословактар каргыш тийгир австро-вернгриялык монархияны кыйратууга жардам берип согуша башташкан, аны менен өзүлөрүнүн эркиндиги жана азаттыгын жакындаткылары келген. 

Анан эле революция, Брест тынчтык келишими чыгып атпайбы! Ал эми Россия тараптан кол коюлган капитуляция шарттары боюнча — армия таратылып, бардык туткундар мекенине кайтарылышы керек эле.

Ал эми чехтер менен словактар болсо мекенине бара албайт, барса аларды саткын, аскер кылмышкери катары соттошот. Анткени алар армиясын таштап, берген антына жана коронага (таажыга) чыккынчылык кылышты, өз ыктыяры менен колуна курал алып, душмандын армиясынын катарында өзүлөрүнүн мекендештерине жана бир туугандарына каршы согуша башташкан. Буларды атуу керек! Согуш мезгилинин мыйзамы ушундай, уруш жүрүп жатат! Андыктан чехословактар үйгө кайтууну таптакыр каалашпайт.

Батыштан каптап келаткан немистерге туруштук бере албаган чехословактык жоокерлер өзүлөрүнүн уюмун сактап калуу үчүн артка чегинишет. Канды булоон түшкөн башаламандыкта аларды Корпус гана сактап кала алат, анткени биримдик да, күч да ошол Корпуста, жалгыз кала турган болсоң анда эле ишиңдин бүткөнү.

Анан корпус Кремлге: бизди Францияга кетиргиле, согушту ошол жактан улантабыз дейт. Германия менен Австрияны жек көрөбүз, өзүбүздүн мекенибизди азат кылгыбыз келет, Франция — Антантанын анабашы жана аскери Европада, силердин ички орус ишиңердин болсо бизге тиешеси жок дейт.

Немистер болсо Кремлге: ошентип эле көргүлөчү деп эскертип турушат! Силер менен куралдуу корпустар менен биздин душмандарды камсыздагыла деп келишим бекиткен эмеспиз дешет. Немистерди деле түшүнсө болот.

Ал эми Кремлде отургандар кеңкелестер эмес да. Ал жакта бөрк ал десе баш алган ырайымсыз, шашма, авантюрист – бирок акылдуу, кайраттуу, каарына алса эч нерседен кайтпас адамдар отурат. Алар чехословактарга, демек кеп мындай: силерди кара деңиздик порттор аркылуу жөнөткөнгө болбойт балдар. Ал жактын кирген чыккан жагын толугу менен немистер жана австралиялыктар кайтарып отурушат, шак эле кармап алышат. Архангельск менен Мурманск аркылуу да опурталдуу: немистер так Питердин астында, Финляндияда, Маннергеймде да немистер, ал өзү да суволуч немис, алар каалаган убакта чек араны бойлой кеткен жападан жалгыз темир жол бутагын кесип салышы ыктымал – ошондо ишиңердин бүткөнү. Ал эми Транссиб, КВЖД — мына бул башка иш. Эки нугу бар, тынымсыз кыймыл каттап турат, эки аптадан кийин эле силер Владивостокко жетесиңер – анан каалаган корбалге мархамат кылгыла да төрт тарабыңар кыбыла дешет.

Корпуста мүлкү – чатырлары, талаа ашканасы, лазареттери бар. Вагондордочу? — «40 адам, 10 ат». Салмактуу эшелондор арийне зыпылдап уча албайт. Буу менен жүрчү 50 паровозду дагы кайдан алмак?! Немистердин алдында турган артка Пензага жылат да, ошол жактан чыгыштагы Сибирди көздөй созула жөнөй баштайт.

Станцияларда кымгуут мушташ: паровоз бергиле деген эл! Ал эми аларды утурлай батышты көздөй туткундан алардын мурдакы мекендештери агылып келүүдө, качан караба алар мадьярлар менен мушташып жүргөнү — венгрлер менен чехтердин бирин бири көрөйүн деген көзү жок эле. («Сен мадьярларды билбейсиң тууган», — деген эле картаң бир сапер. — Баарыңарга Швейктен салам.)

Немистер болсо Кремлге: эмне үчүн курал көтөргөндөр силерден биз менен согушканы Европаны көздөй баратышат дешет. Каары башына тепкен Троцкий — жергиликтүү органдарга: чехтердин куралын дароо алууну жеке жоопкерчилигиңирге тапшырам деп буйрук берет! Чехтер болсо куралыбызды тартып алчу болсоңор анда бизди көрүнгөн эле атып кете бербейби, биз куралыбыз менен кетебиз деп келишпедик беле силер менен дешет. Ток этер жери: жергиликтүү советтер жана ЧК чехтердин куралын тартып алууга аракет кылып, каршылык кылышканы үчүн аларды анча-мынча атымыш этишет. Бир тууган деген славяндардын мындай жоругуна кыжыры кайнаган чехтер өзүлөрү кете турган багыт - Пензадан тартып Иркутскиге чейин жергиликтүү советтерден ЧК менен кошуп куралын тартып алышат. Башкача айтканда, бул алар тарабынан жасалган коргонуу чарасы болучу: анткени алар тезирек Россиядан жылт коюп чыгып кеткенге эки көзү төрт эле, анүстүнө алар бул жерде өзүн коргой албагандардын көргөн күнү эмне болорун жакшы билип калышкан.  

Большевиктер аларга: мында либералдар, тигинде Учредителдик чогулуштун тарапташтары, мобул жакта болсо анархисттер, интеллигенттер жана офицерлер баары аралашып жатып калган, силер гана жетишпей аттыңар эле: кош келипсиңер, чех мырзалар! Биз силер менен, биз силерге баарын беребиз, керек болсо Париждин өзүнө жеткире тургандай ар бириңерге бирден паровоз берели, бирок бизге жер-жерлерде жойлогон германдык тыңчы шпиондорду алып түшкөнгө бир аз жардамдашкыла, алар силерди да аз жерден атып сала жаздашты дешет. Мындайча айтканда, советтер жинденип алган чехтерден коркуп баштарын катып калышканда — большевик эмес калган элементтер ошол жердеги бийликти ээлеп алышкан. Учредителдик чогулуштун сыныктары десек болот буларды…

Бул 1918-жылдын 25-майында башталган эле. Күзүндө болсо Австро-Венгрия кулап чачыраган.

ТЕМИР ЖОЛ КАНДАЙЧА ИШТЕП ТУРГАН?

Бул туурасында көптөгөн эскерүүлөр жана документтен калган: шордуу станция начальниктерин паровоз, көмүр, вагондор жок үчүн атып, семафорлорго илишкен, дааратканаларга чөктүрүшкөн. Анда алар эмне үчүн кара баштарын алып качкан эмес?! Ии баса дагы: бронепоезддер жүрүп турган – анда эмне үчүн бандалар жана башка жергиликтүү партизандар темир жолдорду жардырып салышкан эмес? Кызылдар өз аскерлерин ичкери терең тылга ташыбасы, нанды жана башка нерселерди алып кетпеси үчүн эмнеликтен темир жолдордун быт-чытын чыгарып салышкан эмес? Учу-кыйырына көз жетпеген Сибирде жолдун нугун жардырып туруп чачып сал да, аралда жаткандай камырабай жата бер да!

Себеби темир жол жумушчулары жана кызматкерлери аскерий абалда иштейт деп жарыяланган, жумуш ордун таштап кеткени үчүн, темир жол катнашын үзгүлтүксүз камсыз кылбаганы үчүн саботаждык жана контрреволюция үчүн ЧКнын каарына кабылышкан. Качып кеттиби – дезертир деп атып салышмак. Кармалбай кеттиби — үй-бүлөсүн барымтага алышкан, аларды да атып салышмак, ал эми 19-жылдан тарта концлагерлер иштей баштаган. Камсыз кылбадыңбы — демек, зыян келтиргениң ошол: сени дубалга такаса болот. Ошон үчүн эптеп жан сакташкан!! Зомбулуктун мындай керемет натыйжасына большевиктер өзүлөрү да таң калышкан, аларды мактап, бири бирине жайылтышкан.

Жолдун нугуна болсо темир жолдон оңду-солу он чакырым тилкеде жаткан калктуу пункттардын эли керт башы менен жооп берген. Бандиттерди өзүңөр кармагыла, ар кандай шыбышты кызылдарга жеткирип тургула, жарылган жерлерди өзүңөр оңдогула, айтор, каалаганыңарды кыла бергиле деген уруксат болгон. Бир жер жарылдыбы, өтүүгө болбойбу, ага кол кабыш кылган деп бүткүл айыл айыпталып, жашоочулары түгөл жексен кылынган. Ошентип шордуу дыйкандар өзүлөрү нөөмөт уюштуруп, жойлоп келген партизандардын бутуна жыгылып, түнкүсүн болсо аларды сатуу үчүн ЧКга чапкылап турушкан, кызылдар келип билип калса атылып кетпейли дешип күнөөкөрлөрдү өзүлөрү жазага тартып, жардырылган жерлерди баарылап оңдоп турушкан.

Акылга сыйгыс, чындыкка жакын келбеген күмөн нерселер мына ушундайча жүрүп, Жарандык согуштун калаймакан түшкөн башаламандыгында темир жолдор иштөөсүн улантып турган.

Баса, мүнөздүү нерсе бул: советтердин аймагында ЧК аткарган ошол эле темир жол милдеттерин чехословактар Сибирде аткарып турушкан.

Уландысы>>>>>>>

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз