Ленин ким болгон, эл аны эмне үчүн ээрчиген?

  • 17.09.2021
  • 5818

Азыркы түшүнүк боюнча алып карап, Совет мамлекетинин биринчи жолбашчысы Владимир Ленин ким болгонун талдап көрсөк...

Белгилүү болгондой Ленин адвокаттыкка окуган, бирок андан кыйраткан адвокат да, юрист да чыккан эмес. Бир нече адвокаттык иш алып, алардын бирөөндө да ута албаган. Андыктан кийин адвокаттык кылбаган, кандайдыр юристик билим талап кылынган жумушта иштеген эмес. Бул так маалымат!

Балким ал журналист болгондур? Бул суроого да жок деп жооп берсек болот. Анткени анын бир дагы журналистик эмгек дегидей “иши” жок. Көп томдук чыгармалар жыйнагында бир дагы макала, репортаж, кабарчылык иш же кандайдыр бир интервью жок. Владимир Ленин (псевдоним) басма сөздө калеми менен бир дагы жумушчуну, дыйканды, аялды же жабыркаган Орусиянын жаранын коргогон эмес, бир дагы кычап турган көйгөйдү көтөрбөгөн, бир дагы журналистик изилдөө жүргүзбөгөн.

А балким Ленинди саясатчы атаганыбыз туура болор? Бул дагы туура келбейт! Ал шайлоолорго катышпаган, саясый акцияларда жүрбөгөн. Дегеле ал өлкөнүн саясый жашоосунан өзү эле сыртка чыга берген, ал эми ал түзгөн партия дайыма көмүскөдө (подпольеде) жашырынып жүргөн.

Лениндин философиялык темадагы бир нече иши болсо да, аны философтордун катарына коюш кыйынчылык жаратат. Ал үчүн философия болгону революциялык идеялардын көз карашындагы “башкалар менен бирге” жасалган илимий кол эмгек эле...

1920-жылы толтурулган анкетадагы кесиби боюнча берилген суроого Ленин “адабиятчымын” деп жооп бериптир. Анткен менен ушул эле анкетанын №43 суроосуна “гезиттерге макаланы сейрек жазам” деп мойнуна алыптыр, ага улай бул кошумча акча табуучу жумушу болгонун билдириптир. Мында Ленин адабиятчы экенин айтуу менен эмнени билдиргиси келген? Жазуучулугун эмеспи? Анда кана аңгемелери, повесть, романдары? Же журналист болгонбу? Буга жогоруда жооп бердик...

Кебетеси 1917-жылдагы улуу төңкөрүштөн кийин бул адамды мамлекеттик ишмер, ал тургай жогорудагы өз жүйөбүзгө каршы чыгып, саясатчы десек жарашчудай. Бирок 17-жылга чейин ким болгон?

Өзү да, башкалар да жазган өмүр баянына, жакын жолдошторунун мүнөздөмөлөрүнө, өз эскерүүлөрүнө, күндөлүктөрүнө, күнүмдүк кол жазмаларына көз жүгүртүп отуруп, айланасында болуп жаткан окуяларга же жөн эле жүрүп жаткан турмушка ал дайыма сергек карап, ыкчам ой жүгүртүп, тез аракет кылганын байкоого болот. Ал тургай чет өлкөдө жүрүп да тимеле он-лайн режимде көрүп тургансып Орусияны көз алдында кармаган. 

Демек Ленин БЛОГЕР болгон! 100 пайыз блогерлик кылган! Популярдуу, ийгиликтүү, саясый салмакка ээ блогер. Мисалы, ал өз доорунда азыркы Навальный сыяктанган каарман болгон (чиркей менен төөнү катар койгондой сезилсе да салыштыра кетели).

А бирок блогер деген ким өзү? Бул кандай суроо болсо да жооп бере алчу, эмне маселе жаралбасын чечилиш жолун айтып берчү, бардыгынан маалыматы (өзгөчө саясат жагынан) бар жана бардыгын жаза берүүчү адам. Эң негизгиси өзүнүн бир да сөзүнө жооп бербеген пенде. Айтты да койду, бүттү! Жумушу ушул...

Дал ушул учур удулуна жараша жасаган курч аракети менен, көйгөйлүү көрүнүшкө өзгөлөрдүкүнө окшобогон өзгөчө баа берүүлөрү менен, болуп жаткан окуяга жараша тилинен чаң чыгара тирукмуш сүйлөй билгени менен Ленин орус элин “багындырган”. Телесиз жана интернетсиз, ал тургай радиосуз, бир гана жашыруун чыгарылган аз нускалуу гезиттин жардамы менен ал миллиондордун жүрөгүн жылыткан, кыялдарына ишендирген, чоң үй-бүлө сыяктуу бириктирип, коммунистик жаркын келечекти карай артынан ээрчиткен. Блогер Ленин элди ийгиликтүү уюштурган,  революцияны фантастикалуу түрдө ишке ашырган, каршылаштарын жеңген (жарандык согушту дагы), нөлдөн баштап мамлекеттик жаңы аппаратты түзгөн, жамандыр-жакшыдыр 70 жыл жашаган Совет империясын түптөгөн. Ар бир эле блогердин колунан мындай ийгиликтер жарала бербейт.

pregel.info сайтынан алынды

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз