Большевиктик коммунисттердин кандуу жолу – I

Белгисиз фактылар, бурмаланган тарых, көмүскөдө жаткан документтер

Кыргыз коомунда большевиктик коммунисттердин саясый ишмердиги тууралуу жеткиликтүү маалыматтар жоктугунан бүгүнкү күнгө чейин Лениндин жүргүзгөн саясаты канча миллиондогон адамдардын канына забын болгону белгисиз бойдон келди.

Тек, коммунисттик пропаганданын кесепетинен бир тараптуу гана маалымат алып келген элибиз али күнчө Ленин жана большевиктик коммунисттер болбогондо, кыргыз эли улут катары жок болуп тынмак; агарып-көгөргөн бүгүнкүдөй абалга жетмек эмес деген карапайым түшүнүктөр оголе көп кездешкендиктен, “РухЭш” сайты мындан ары большевиктик коммунисттердин жана Лениндин саясый ишмердиги бүтүндөй Совет өлкөсүн акыры кандай туңгуюкка кептегендигин кашкайта ачып берер архивдик материалдарды кыргыз тилдүү окурмандарга кеңири жайылтууну эп көрдүк...

Арийне, зирек окурмандарыбыз бул теманын ийне-жибине чейин өз алдынча жыйынтык чыгарып алуусуна толук мүмкүнчүлүк болсун үчүн архивдик материалдарды сүрөттөрү жана документтери менен бирге жарыялап турууну чечтик.

“Большевиктик коммунисттердин кандуу жолу” деген аталыштагы архивдик материалдарды белгилүү жазуучубуз Кубанычбек Аркабаевдин котормосунда сунуштайбыз.

РДФР – унутулушуна албан аракеттер жасалган республика...

Орусия Демократиялык Федеративдик Республикасы (РДФР) тууралуу СССРдин да, РФнын да тарых китептеринен окуй албайбыз. Эмне үчүн? Анткени бул чындык ачыкка чыга турган болсо, өлкө тарыхынын эң көп бөлүгүн кайрадан жазып чыгууга туура келет. 

1918-жылы эл тарабынан шайланган Негиздөөчү Жыйын ошол учурдагы Орусиядагы эң эле мыйзамдуу бийлик органы болгон.

Большевиктер бийликти колго алганда өзүлөрүнүн өкмөтү СНК (Совет народных комиссаров) өлкөнү Негиздөөчү Жыйын шайланып келгенге чейин гана башкарарын убадалаган.

 

1917-жылы ноябрда орус коомчулугу жаңы мамлекетти түптөй турган жана анын конституциясын кабыл алчу Негиздөөчү Жыйынды (Учредительное собрание) шайлоо менен тынчтыкты карай абдан ишенимдүү түрдө кадам жасаган.

 

Большевиктер шайлоого өтө жигердүү катышып, катуу аракет кылышса да утулуп калышкан:

Жогорудагы тизмеде аз эмес таанымал адамдар бар.

 

Бардыгы болуп 715 делегат шайланган.

Алар 1918-жылы 5-январда (18) алгачкы жыйынга чогулган. Отурум күнү-түнү жүргөн.  Ага 410 депутат катышкан. Бүткүл орусиялык Негиздөөчү жыйындын төрагасы болуп Виктор Михайлович Чернов шайланган. Ал 244 добуш алган эсерлер партиясынын лидери эле. Отурумдун экинчи бөлүгүндө, тактап айтканда, саат түнкү экиден өткөндө  большевиктердин өкүлү Фёдор Раскольников большевиктер (Декларациянын кабыл алынбаганына каршылык белгиси катары) отурумду таштап кетерин мындай деп жарыялаган: «Эл душмандарынын кылмышын бир мүнөт да жашырып-жабууну каалабаган биз Негиздөөчү Жыйынды таштап кетебиз. Муну менен биз Негиздөөчү Жыйындын контрреволюциячыл депутаттардан турган бөлүгүнө карата Совет бийлигинин терс мамилесин билдиребиз жана бул акыркы чечимибиз экенин жарыялайбыз».

Буга карабастан Жыйындын калган депутаттары Черновдун төрагалыгы астында ишти улантып, төмөндөгү бир нече документтин кабыл алынышы үчүн шашылыш түрдө добуш беришкен:

Жерди бүткүл элдин менчиги катары жарыялаган Жер жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам СНК тарабынан кабыл алынган “Жер жөнүндө декрет” документинин дээрлик кайталандысы болгон (анда “Российская республика” термини колдонулган. Муну менен Убактылуу өкмөт тарабынан 1917-жылдын 1-сентябрында (14) чыгарылган Орусияны республика катары жарыялоо боюнча чечими бекемделген).

  • Согушуп жаткан тараптарга тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча чакырык ташталган;
  • Орусия Демократиялык Федеративдик Республикасын жарыялоо боюнча токтом чыгарылган (эки күн мурда Бүткүл орусиялык шайлоо комиссиясы (ВЦИК)  Орусия Советтик Республикасын Советтик Улуттук Республикалар Федерациясы катары жарыялаган).

Дал ушул съезде большевиктер тарабынан Бүткүл орусиялык Негиздөөчү жыйынды кубалап таратуу боюнча чечим кабыл алынган.

Ленин отурумдун аякташын күтүүнү, андан соң Таври сарайын жабууну, кийинки күнү эч кимди киргизбөө буйругун берген. Отурум кийинки 6-январь (19) күндүн таңкы бешине чейин узарган. Коргоо бөлүмүнүн башчысы анархист Железняков Черновго кароол чарчаганын, бул боюнча көрсөтмө алганын сылык түрдө билдирип, депутаттарды үй-үйлөргө таратууну сунуштоо менен отурумду жапкан. 4:40та депутаттар кечки 5:00дө чогулуу боюнча токтом чыгаруу менен тараган. Ленин Таврия сарайынын күзөтүнө Негиздөөчү жыйындын контрреволюциячыл тобуна эч кандай кордук көрсөтпөөнү, бардыгын эч каршылыксыз чыгарууну, бирок жогорудан буйрук болмоюн эч кимди ичкери киргизбөөнү буюрган.

Ушундай жол менен большевиктер өзүлөрүнөн айырмаланып бүткүл эл тарабынан шайланган Негиздөөчү Жыйынды мыйзамсыз түрдө  таратып тынышкан.

Бирок РДФР идеясы биротоло эстен чыгып калган эмес.

Орусия демократиялык федеративдүү республикасын орнотууга жасалган аракеттер

РДФР карамагындагы аймактын жалпы картасы:

Негиздөөчү жыйын талкуулаган Конституциянын долбоору боюнча Орусия Федерация болуп түзүлмөк. РДФРдин 20 жаштан өйдөңкү жалпы жарандары шайлоо укугуна ээ болмок.

Салык төлөө сыяктуу жарандык милдеттердин көпчүлүгү Орусия империясынын мыйзамдарынан көчүрүлгөн.

Аткаруу бийлигинин башында эки палаталуу парламент депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланган (шайлоонун кыйыр түрдөгү системасы) президент турмак. Парламент алдында президент жооп бермек. Анткен менен президенттин төмөндөгү ыйгарым укуктары императордуку менен дээрлик түрдө бирдей болчу:

  • Өкмөт чиновниктерин дайындаган жана жумуштан ала алган;
  • Аскердин башкы башкаруучусу болчу;
  • Тышкы жана ички саясатты тескеген;
  • Мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ болгон;
  • Өкмөттүк түзүмдүн үстүнөн көзөмөлдөгөн, укук коргоо органдарынын туура иштөөсүнө көз салган.

2 палаталуу парламенттин мыйзам чыгаруу бийлиги.

Жогорку палата болуп саналган РДФРдин Мамлекеттик Кеңеши аймактардагы мыйзам чыгаруу органдары тарабынан шайланган.

Төмөнкү палата саналган РДФРдин мамлекеттик Думасы жарандар тарабынан шайланган.

Бир кезде Убактылуу өкмөт тарабынан кабыл алынган, Орусиянын азыркы герби болуп саналган эки баштуу бүркүттүн сүрөтү РДФРдин мамлекеттик туусуна тартылмак...

Жарандык укук жана милдеттер

РДФРдин болжолдонгон герби.

Республиканын 20 жашка чыккан ар бир жаранына шайлоо укугу берилген. Анткен менен жарандардын милдеттери менен укуктары «иш жүзүндө кандай болору» көрсөтүлгөн эмес. Орус империясынын жарандарынын аскердик, салык төлөө сыяктуу көпчүлүк милдеттери сакталган.

Чехослав корпусу жана анын РДФРди түзүүдөгү ролу

Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18-ж.ж.) Австрия-Венгер империясынан Орусия тарапка өткөн чехословактардан орус өкмөтү Чехослав корпусун түзгөн.

Чехословак корпусунун жоокерлери

Корпус большевиктерге каршы чыгып, Самара шаарын басып алган жана 1918-жылдын 8-июнунан 7-октябрына чейин бул шаарды кармап турган.

Чехословак корпусу Дворянск көчөсүндө марш менен баратат.

Большевиктер Самарадан качканда чехословактардын колдоосу менен бош калган бийлик орундарына  РДФРди кайра түзүүнү жактагандар отуруп, аларга бул шаарда өз идеясын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жаралган.

Борбору Самара шаары боло турган РДФРди кайра түзүш үчүн башында Бүткүл орусиялык Негиздөөчү жыйындын (КомУч)  5 мүчөсү аракет кыла баштап, август айында алардын саны 97 депутатка чейин жеткен.

Борбору Самара шаары боло турган РДФР бийлигинин №1буйругу

РДФР курамына Самара губерниясы, Симбирск, Казан, Уфа жана Саратов губернияларынын көпчүлүк бөлүгү жана Оренбург менен Урал облустары кирген. КомУч июль айында Самарага казактардын Алихан Букейханов менен Мустафа Шокай башчылык кылган «Алаш-Ордосун» чакырып, алар менен бирге  РСФСРге каршы аскердик-саясый биримдик түзүшкөн.

КомУч башкарган РДФРдин курамына кирген аймактын картасы

РДФР желеги катары эсерлердин кызыл туусу кабыл алынган.

Жаңы бийлик Каппел башчылык кылган Элдик армияны түзгөн, бул жаңы аскердик түзүмдүн РККАдан (Рабоче-крестьянская Красная армия) бир топ артыкчылыктары болгондуктан, 1918-жылдын жайында бир топ жеңиштерге жетишкен:

— 1918-жылы 11-июнда Каппель Сызранды караткан;

— 12-июнда Каппелдин ыктыярдуу кошууну Самарага кайтып келип, бул жерден Волга бойлой жүрүш жасап, жээк боюндагы айыл-кыштактарды кызылдардан тазалагыча Ставрополь (азыркы Тольятти) шаарын алган;

— 10-июлда Каппель кайрадан кызылдардын колуна өткөн Сызранды алгыча РККА аскер бөлүктөрүн талкалап, бул шаарды кайрадан КомУчтун карамагына өткөргөн;

— Мелекесс станциясынын (азыркы Димитровград)  жанында болгон оор кагылышууда кызылдарды талкалап, Бугуруслан менен Бузулукту алып, большевиктерди андан ары Симбирскиге чейин сүрүп барып, Самаранын коопсуздугун бекемдеген;

— 17-июлда Каппелдин башкаруусундагы күчтүү куралданган орус-чех кошууну (2 батальон жөө аскер, атчандар эскадрону, орус-казак жүздүгү, 3 батарея) Симбирскини карай көп чакырымдык чабуулга чыгып, 1918-жылы 21-июлда Кызыл Армиянын күчтүү колу коргоп турган Лениндин туулган жери саналган шаарды караткан;

— 1918-жылдын 7-августунда «революция коркунучта» экенин жарыялаган Троцкийдин Волга боюна кошумча күчтөрдү алып келип, күчтүү кол топтогонуна карабастан Каппелдин колбашчылыгындагы кошуун Кама суусундагы флотилиянын мизин майтарып, 5-Латыш полкунун айыгышкан каршылыгын бузуп өтүп, чоң жеңишке жетишүү менен, Казань шаарындагы  курал-жарак, дары-дармек, ок-дары сакталган кампаларды алган, бул калаадагы Орусиянын байкаларлык өлчөмдөгү алтын запасына ээлик кылган.  

Георгиев лентасын желек кылган чехословактар РДФРдин Элдик армиясына жакшы жардам берген.

РДФРчилер Самара шаарындагы катуу чыңалууда турган кырдаалды жумшартышкан, өзүлөрүнө каш кайтарган адамдардын алдын атып, артын абакка тыгышкан, ал тургай жаш өспүрүмдөрдү да аябастан жазалашкан.

Экономиканы жайгарууга аракеттенишкен:

"КомУчтун акчасы"

Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жакшы аракеттер жасалган:

РДФРдин өздүк гезити да жарык көргөн:

1918-жылы сентябрда КомУчтун Элдик армиясы РККАнын шашылыш күчтөндүрүлгөн Чыгыш фронтунан бир катар жеңилүүлөргө учураган. Казандын алдында талкаланган соң качып барып Свияжскиге отурукташкан Кызыл Армиянын бөлүктөрүнө РСФСРдин Жогорку Аскердик Кеңешинин төрагасы, аскер иштери боюнча элдик комиссар Троцкий келип, эрки мокоп, эмне кыларын билбей турган жоокерлердин үстүнөн тартипти бекемдеген (артка чегинген ар бир онунчу жоокер атылган), жеңишке шыктандырган абдан жигердүү ишмердик жүргүзгөн. Жумушчу-дыйкандардын Кызыл Армиясы Волгага Императордук армиядан сакталып калган, большевиктерди башынан эле колдоп келген, эң күчтүү делген латыш полкторун “ар бир өлкө өз тагдырын өзү аныктайт” деген ураан менен жөнөтүп, кысымды күчөтө берген.

Ал эми Элдик армиянын ыктыярдууларынын катары абдан суюлуп кеткен. Чехословак корпусу Транссиб боюнча Чыгышка багытталгандан кийин Элдик армия Самараны таштап салган. 1918-жылдын 23-сентябрында КомУч иш жүзүндө таратылып, бийлик большевиктердин колуна өткөн.

Чехословактар менен Элдик Армиянын жоокерлери чегинип баратып, Самарадагы Волга аркылуу өткөн көпүрөлөрдү жардырып жиберишкен.

1918-жылы 23-сентябрда Уфа шаарында өткөн Мамлекеттик кеңешмеде Бүткүл орусиялык Убактылуу өкмөт түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Бул бийлик органын 5 адамдан турган Директория башкарып, КомУчту жана аны менен атаандашкан Сибирдин Убактылуу өкмөтүн жана башка жергиликтүү өкмөттөрдү бириктирүүнү максат катары алдыга коюп, өз ишмердүүлүгү боюнча Негиздөөчү Жыйындын алдында  отчёт берип турууга милдеттенген.

1918-жылы 8-23-сентябрь күндөрү Уфа шаарында Убактылуу өкмөттүн мамлекеттик кеңешмесинде кабыл алынган Бүткүл орусиялык жогорку бийликти түзүү боюнча Актысы:

Курамында Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйындын мүчөлөрү жана Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйындын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бар, ошондой эле Сибирдин Убактылуу Өкмөтүнүн, Уралдын облустук Өкмөтүнүн, орус-казак аскерлеринин; Оренбург, Урал, Сибирь, Иркутск, Семиреченск, Енисей, Астрахан облустук өкмөттөрүнүн; Башкыр, Алаш, Туркестан өкмөттөрүнүн, Ички Орусиянын жана Сибирдин улуттук башкаруудагы түрк-татар элдик Өкмөттөрүнүн жана Эстон өлкөсүнүн Убактылуу Өкмөтүнүн; Сибирь менен Уралдын жана Повольжя шаарларынын съездеринин, земстволорунун; саясый партиялардын: Социалист-революционерлердин, Орус социал-демократиялык жумушчу партиясынын, Эмгекчилердин элдик-социалистик партиясынын, “Элдик Эркиндик” партиясынын, Бүткүл орусиялык “Биримдик” социал демократтар партиясынын жана “Орусиянын кайра жаралуу партиясынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы Кеңешме токтом кылат: өлкөнү жана анын көз карандысыздыгын сактап калып, тынчтыкта өнүгүп-өсүүсүн камсыз кылуу үчүн Бүткүл Орусиянын мейкиндигиндеги бардык бийлик органдары курамын Николай Дмитриевич Авксентьев, Николай Иванович Астров, генерал-лейтенант Василий Георгиевич Болдырев, Петр Васильевич Вологодский жана Николай Васильевич Чайковский түзгөн Бүткүл Орусиялык Убактылуу Өкмөткө өткөрүлсүн.  

Бүткүл Орусиялык Убактылуу Өкмөт тапшырылган милдеттерди аткарып, максаттарга жетүү үчүн төмөндөгү жалпы жоболорду чыгарган:

  • Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйын шайланып, ишин баштагыча Орусия мамлекетинин аймагындагы эң жогорку бийликти алып жүргөн бирден-бир бийлик органы болуп саналсын.
  • Шартка жараша башкарылып жаткан облустук бийлик органдары Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөткө баш ийсин жана кызмат орундарын ал талап кылары менен өткөрүп берсин.
  • Кеңири автономияда иш баштоону көздөгөн облустук Өкмөттөр Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөттүн көрсөтмөсү менен жана ал түзгөн программа менен иш жүргүзсүн.

Жергиликтүү өкмөттөрдүн Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйынынын алдында сөзсүз аткарылчу милдеттери:

  • Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйынга мамлекетти башкарууга мыйзамдуу укугу бар бирден-бир орган катары иштеп кетүүсүнө ар тараптуу жардам берет. Убактылуу Өкмөт бийликтин бардык бутактарын Негиздөөчү Жыйынга баш ийүүсүн камсыз кылат жана анын өз алдынча жасаган бардык иштеринде, чечкен маселелеринде колдоп, коштоп, коргойт,  мамлекетте мыйзамдуу бийлик орноосун камсыз кылат, бул аракеттерге каршы чыккандарга катуу чара көрөт.
  • Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт өз ишмердигинде өлкө ичиндеги өзгөрүүлөргө байкоо салып турган, буга жараша саясатты аныктаган Бүткүл орусиялык Негиздөөчү жыйындын көрсөтмөлөрүн кынтыксыз жана кечиктирбестен аткарат.
  • Өлкөдөгү эң жогорку жана бирден-бир бийлик органы катары Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт өзү баш ийген Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйынга аткарган иштери боюнча отчёт берет.

Эскертүү: Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт иш аткаруучу эң жогорку бийлик органы катары таанылуусуна Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйын мүчөлөрү тарабынан 1918-жылы 16-сентябрда өткөргөн Съездде чыгарган Токтом жол берет.  

Убактылуу Өкмөттүн иш жүргүзүү боюнча программасы. Мамлекеттин бүтүндүгүн калыбына келтирип, Орусиянын көз карандысыздыгын сактап калыш үчүн Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт биринчи кезекте кол алдындагыларга төмөндөгүдөй тапшырмаларды берет:

  • Орусияны Совет бийлигинен куткарыш үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүлсүн.
  • Орусиянын бүлүнгөн, таланган, кароосуз калган облустарын бириктирүү жана калыбына келтирүү колго алынсын.
  • Февраль революциясынан кийинки Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйындын чечимдеринен бөлөк Орусиянын жана башка анын бөлүктөрүнүн атынан чет мамлекеттер менен түзүлгөн Брест келишими сыяктуу документтер мыйзамсыздыгына байланыштуу жокко чыгарылсын жана Негиздөөчү Жыйындын мурдагы чечимдери менен макулдашууларынын  аткарылуусу камсыздалсын.
  • Герман коалициясына каршы жүргүзүлгөн согуш улантылсын.

Ички саясат чөйрөсүндө Убактылуу Өкмөт төмөндөгүдөй максаттарды алдына коёт:

I. Аскер тармагында.

  • Күчтүү жана согушка жөндөмдүү, эч кандай саясый партиялардын таасирине кабылбаган, бир гана Бүткүл Орусиялык Убактылуу Өкмөткө баш ийген Бүткүл орусиялык бирдиктүү армияны түзүү.
  • Согуш аракеттери жүрүп жаткан жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардан башка республиканын бардык жерлеринде жарандык башкаруу чөйрөсүнө аскер адамдары кийлигишпөөсүн камсыз кылат;
  • Өлкөдө мыйзамдуулук сакталыш үчүн жана жөнөкөй жаранды урматтоо максатында тынч убакта аскер үстөмдүгү көрсөтүлбөйт, бул үчүн армияда бекем тартип орнотулат.
  • Саясый уюмдардын аскер бөлүктөрүнө аралашуусуна жол берилбесин, армия саясаттан алыс кармалсын.

II. Жарандык чөйрөдө.

  • Географиялык, экономикалык шарттарга жана этникалык белгилерге ылайык Орусиянын айрым облустарынын, аймактарынын элинин эркине жараша кеңири автономия берилсин жана федеративдик башталыштарда толук бийлиги бар Негиздөөчү Жыйын тарабынан бул жараян мыйзамдуу түрдө бекитилсин.
  • Өзүнчө аймакты ээлебеген улуттук азчылыктардын улуттук жана маданий жактан өзүн аныктоосуна укук берилсин жана алардын өзүнчө автономиясы бийлик тарабынан расмий түрдө таанылсын.
  • Кеңеш бийлигинен бошотулган аймактарда, шаарларда, земстволордо демократиялык өзүн-өзү башкаруу укугу калыбына келтирилсин, жакынкы убактарда кайра шайлоо өткөрүү мөөнөтү дайындалсын.
  • Бардык жарандардын эркиндикке болгон укугу орнотулсун.
  • Коомдук коопсуздукту коргоо жана мамлекеттик тартипти орнотуу боюнча чаралар көрүлсүн.

III. Эл чарбачылык чөйрөсүндө.

  • Чарбалардын бүлүнүшүнө каршы күрөш жүргүзүлсүн.
  • Өлкөнүн өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүшү үчүн биргелешип аракеттенүү керек. Өндүрүшкө жергиликтүү жана чет элдик менчик каражаттарды тартуу каралсын. Өз алдынча демилгелүүлүктү жана жеке ишкерликти сыйлоо милдет.  
  • Өндүрүш менен соода мамлекет тарабынан жөнгө салынсын.
  • Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы үчүн чаралар көрүлсүн жана улуттук кирешенин өндүрүштөн сырт коротуу кыскартылсын.
  • Эмгекти коргоо, жумушчуларды жалдоо жана иштен бошотуу боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу, аларды өнүктүрүү каралсын.
  • Коалициялардын толук эркиндиги таанылсын.
  • Өндүрүштүк саясат чөйрөсүндө жүргүзүлчү иштер: дан азыктарына болгон жеке басарлыктан жана баа ээнбаштыгынан баш тартуу зарыл, аз өлчөмдөгү азыктарды бөлүштүрүүдө нормаларды сактоо керек. Жеке соодагерлердин жана кооперативдик аппараттын катышуусундагы мамлекеттик даярдоолорду жүргүзүү милдет.
  • Каржы чөйрөсүндө – кагаз акчалардын баасыздануусу менен күрөшүү, салык аппаратын калыбына келтирүү, түз жана кыйыр киреше түрүндөгү салымдарды алууну күчтөндүрүү.  
  • Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт жерди пайдалануу боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизбейт, жер маселелерин чечүүдө тоскоол болчу жагдайларды жойгонго аракеттенет, жерди колдонуучулардын колунда калтыруу менен иштетилүүчү аянттардын болушунча кеңейүүсүнө шарт түзөт, дыйканчылыктагы талаш маселелер көпкө узарбастан жөнгө салынуусун көзөмөлдөйт, өзүнчө райондор менен облустардын экономикалык өзгөчөлүктөрүн колдонуу менен жерди болушунча натыйжалуу иштетүүгө жол ачат.

Өкмөт курамын өзгөртүү тартиби.

  • Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт жогорку бийлик тарабынан көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш жүргүзүү менен коллегиялуу орган катары аракеттенет. Анын мүчөлөрү Негиздөөчү Жыйындан башканын алдында жооп бербейт жана алмаштырылгыс. 
  • Убактылуу Өкмөт курамынан кайсы бир мүчөсүнө чыгууга туура келсе анын орунбасары катары кармалып турган төмөндөгү адамдардын бири шайланат: Андрей Александрович Аргунов, Владимир Александрович Виноградов, Михаил Васильевич Алексеев, Василий Васильевич Сапожников жана Владимир Михайлович 3ензинов.
  • Кокусунан Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт мүчөсүнө иш ордун таштап кетүүгө туура келсе төмөндөгүдөй тартипте орунбасарлар Өкмөт мүчөсүн алмаштырсын: Н.Д.Авксентьевдин ордун А.А.Аргунов басат; Н.И. Астровдун ордун В.А. Виноградов; В.Г. Болдыревдин ордун М.В. Алексеев; П.В. Вологодскийдин ордун В.В. Сапожников жана Н.В. Чайковскийдин ордун В.М. 3ензинов ээлейт.
  • Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өлкөнү башкарууга киришүү алдында адистер тарабынан жазылган тиешелүү текстти салтанаттуу түрдө окуп, милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаруусун айтып, эл алдында ант беришет.

РДФРдин 5 адамдан турган аткаруу бийлиги болуп саналган Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөттү  дайындаган бул документтин аягына  Бүткүл орусиялык Негиздөөчү Жыйындын мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын, саясый партияларынын жана башкалардын аты жазылып, колу коюлган (макаланын бул бөлүгү анча кызыктуу болбогондуктан котормочу тарабынан кыскартылды).

Уфа директориясы

Орусия Демократиялык Федеративдик республикасынын жоюлушу

1918-жылдын август-сентябрь айларында Кызыл Армиянын Уфага басып кириши Бүткүл орусиялык Убактылуу Өкмөт директориясын Омск шаарына качууга аргасыз кылган. Бирок алар бул жерде омскилик аскер адамдары тарабынан кууп-таратылып жок кылынган.

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Булак: https://zen.yandex.ru/media/id/5ec000bb7f5192548fb26d8f/rdfr-staratelno-zabytaia-respublika-5ecfb71d2339cb5e1bc1e789?fbclid=IwAR3ovlVuZnZLH0qIIrrCSwKkBqD2tpNqiwYSfs4J-UGAXIsqj5SRmuo7n44

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз