Тарых: Орустун оторчулук саясаты кандай жүргөн?

16-жылдагы кыргыздар козголоңу жөнүндө, 1931-жыл 11-августта Интергелпо кулубунда жумушчулардын жалпы жыйнальшында Ысак уулу Баялы жасаган дакылат.

РЕДАКЦИЯДАН: Колубуздагы бул материал тарыхый мааниге ээ болгондуктан, грамматикалык жана пунктуациялык айырмачылыктарын эч өзгөртүүсүз жарыялоону туура көрдүк.

КОЗГОЛОҢДУН САТСЫЙАЛДЫК ҮНӨМ ЖАНА САЯСАТ НЕГИЗДЕРИ

Жолдоштор, 3 күн илгери Б. Б. Комитеттин Орто Азыйа бүйрөсүнүн, 1916-жылда Орто Азыйада болгон козголоң тууралуу жазган тезистери жарыйа кылынган болучу. Козголоң жөнүндөгү негизги сайасы учурлар жана бардык негизги сайасы кортундулар ошол тезистерде эң туура жана ачык көрсөтүлгөн. Мындагы жолдоштордун көбү ал тезистер менен тааныш чыгаар. Бул, менин 1916-жылдагы козголоң жөнүндөгү дакылатымдын милдеттерин бир топ жеңилдетет.

Бүгүн дакылатымдын негизги милдети козголоңдун, айрыкча биздин Кыргызстан Кеңеш Республикеси кирген мурунку Жети-Суу обулусундагы козголоңдун бардык негизги учурларын түшүндүрүп берүү болот. Мен өзүмдүн дакылатымда анык-матырыйалды айтууга жана ошону менен тезистерде көрсөтүлгөн сайасы корутундулардын туура экендигин далилдеп берүүгө жана негиздөөгө тырышайын.

Козголоңду мүнөздөп жана тийиштүү корутундуларды чыгаруудан мурда 1916-жылда эмгекчи кыргыздарды козголоң чыгарууга түрткөн себептер жөнүндөгү негизги маселени түшүндүрүп өтүүнү зарыл табамын.

КОЗГОЛУУНУН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ

1916-жылдагы козголоңдун тарыгый-сатсыйалдык үнөм сайасы шарттары менен негизги себептери мына булар:

Биринчи. Козголоң чыгар учурда Орто Азыйада өкүм сүрүп келген падыша өкмөтү тарабынан болунган чексиз адам баласы чыдагысыз болгон эзүү, талоончулуктар болду.

Дал 1916-жылдын өзүндө падыша өкмөтү Түркстан өз кол астына каратканга 50 жылдан артып кеткен болучу. Бул 50 жылга созулган оторчулук зулуму жана сайасы теңсиздикке Кыргызстан эмгекчилери чыдай алышпай, бул зулумга каршы чыгууга мажбур болушту.

Козголоңдун экинчи негизги себеби: Кыргыз байларынан чыккан бай-манап пийодал-аксакал элементтер кыргыз эмгекчилеринин күчүнөн айоосуз жана жырткычтарча пайдаланышкан.

Түркүстан 1864-жылы урушунун үчүнчү жылында болгондугун билесиңдер. Империйачылар урушунун оордугу, уруш керектери үчүн алына турган нөлөктөрдүн, чыгымдардын жана башка оордугу бир канчалык Кыргызстан эмгекчилеринин желкесине түштү жана алардын матырыйал жагына чарданышына таасир кылды. Козголоң чыгууга туптуура сайасат шылтоосу болгон төртүнчү себеп уруштан арттагы жумуштарга жумушчулар алуу болду. Мына козголоңду чыгарган негизги себептер ушулар. Эми бул маселелерди абдан жакшылап талдайлы жана козголоңдун негизги шарттары менен себептерине тиешелүү үнөм жана сайасат талдоосун берели.

КЫРГЫЗСТАН ЖЕРИН ОТОРЛОШТУРУУ

Биринчиден жер маселесин алалы. Баштагы Түркстан кырайын, эмки Орто Азыйаны Падыша өкмөтү кол астына алган соң, негизги жол (Түркүстанда) оторчулук майдандарын чыңоо болгондугун билесиңер. Көбүнчө оторчулук сайасаты Түркстандын, аны менен кошо Кыргызстандын жерлерин оторлоштурууга бет алган.

Түркүстан крайындагы жана Кыргызстандагы жерлерди оторлоштуруу иштери кандайча кылып жүргүзүлгөн? Орусийанын Жаарупадагы борбор бөлүгүнөн Түркүстанга келимсектер 1914-жылда көчө баштаган. Башкача айтканда, алар Түркүстан алынгандан кийин бир нече жылдар өткөн соң көчө баштаган. Түркүстан 1864-жылда алынгандыгын билесиңер. Мына ушул учурдан тартып 1916-жылга дейре Түркүстанга 5 миңден артык чарба көчүрүлгөн. Башкача айтканда, келимсектерден 74 жаны баселке уйуштурулган. Мындан тартып көчүү абдан күч алат. 1916-жылга Түркүстандагы орус келим-1 сектеринин кыштактары 941ге жетет. Бул келимсектердин колунда эң мыкты жерлерден (өзөндөгү сугат ж. б.) милийан теше жер болгон. Ошол кездеги Түркүстан кырайынын айдоо жерлерин алып караганда эмине болуп чыгат. Бул эки милийан жер кырайдын бардык айдоо жерлеринин 57,6% болуп ар бир орус келимсегине 3,17 тешеден туура келген. Калган жерлер ар бир жергиликтүү элдин түтүн башына (өзүбек, кыргыз, түркмөндөргө) 0,21 тешеден туура келген. Башкача айтканда, алар орус келимсегине караганда жерден 15 мертебе кем пайдаланышкан.

Ошол кездери Түркүстандагы элдин 94% ти айдоо жерлердин 42,4%тине гана ээ болуп, 6% орустар жердин 57,6%тин ээлешкен. Бул Түркүстанды жонунан алганда ошондой болуп чыгат. Эгерде биз Кыргызстан кирген Жети-Суу обулусун алып карасак, мында жерди оторлоштуруу Түркүстандын башка жерлерине караганда абдан күчтүү жүргүзүлгөн. Мисалы: 1915-жылда орус келимсектеринин Жети-Суу обулусунда 600 кыштагы болуп алардын колдорунда кыргыз жерлеринен 4,200 миң теше жер болгон (буга айдоолор, чабындылар, мал жайыттары кирет). Мунун ичинде жалаң айдоо жерлер 1200 миң теше болгон. Келимсектерге эң мыкты жана айдоого оңой болгон жерлер берилген.

Мына жолдоштор, бул сыйпырлардан (цифра) жалпы Түркүстанда, анан кала берсе баштагы Жети-Суу обулусунда, демек Кыргызстанда жерди оторлоштуруу канчалык күчтүү экендиги жөнүндө толук кортунду чыгарууга болот.

Мындан төмөнкү суроо келип чыгат — жерди мындайча күчтүү оторлоштурууда жана Орусуйанын борборунан бул жакка, күн чыгышка, көбүнчө Түркүстанга орустарды көчүрүүдө эмне максат көздөлгөн?

Мында үч максат көздөлгөн. Негизги максат – дыйкандарды мындайча көп көчүрүп, падыша өкүмөтү борбордук Орусуйадагы дыйкандардын кыймылын бошоткусу жана баскысы келген. Ошол кезде бүткүл борбордук Орусуяда дыйкандардын мыкты жерлери памещиктердин колунда болгон. Дыйканчылыктын памешчиктик түрү борбордук Орусуядагы эмгекчи дыйкандарды кысып чыгарган. Буга дыйкандар нааразы болуп козголоңдор чыгарышкан.

Падыша өкмөтүнүн көздөгөн экинчи негизги максаты – Түркүстан кырайындагы абдан көп жер байлыктарын ошол кездеги капыйталчылык өнөр жайлары үчүн пакта жана башка технике өсүмдүктөрдүн базасьш түзүүгө пайдалануу болгон.

Үчүнчү максат – кийинчерээк сүйөнүүгө мүмкүн болгон памешчик кулак чарбаларын түзүү жолдору менен Түркүстанда оторчулук сайасатын жүргүзүү, оторчулук майдандарын чыңдоо болгон.

Күчтүү оторчулук сайасатын жүргүзүүдө падыша өкүмөтү ушул үч максатты көздөгөн. Бул пикирди кубаттоо үчүн мен ошо кездеки бир өкүмөт документин окуп бермекчимин. 1910-жылда Мамлекет Кеңешинин (Думасынын) жыйналыштарынын биринде, анын атактуу мүчөсү болуп эсептелген, келимсектик саясаты жөнүндө төмөнкү пикирин айткан. Ал: «Менин пикиримче орустарды көчүрүүдө үч максат бар. Биринчиден максат — борбордук Орусуйада жер аз болгондуктан чыңалуу мүмкүн болбогон дыйкандарга Сибирдеги бош жана бай жерлерге олтурууга мүмкүндүк берүү дейт (Түркүстанга да ошондой деп карашкан — Б.Ы.). Көчүрүү аркалуу элди суйултуу деген көз карашы менен кароонун бир аз гана жери чын. Эгерде Орусуйада жыл сайын артып турган элдин саны 2.500.000 киши болгондо, жыл сайын көчүрүлгөндө 700—800 миң киши көчүрүлсө, элди суйултуу максаты көздөлөт деп айтууга болобу?

Экинчи максат – Сибирде болуп мамлекеттин колуна өткөн абдан көп бай жерлерден пайдалануу (демек Түркүстандын жерлеринен да пайдалануу — Б. Ы.).

Үчүнчү жана эң керектүү максат: «Четтеги бай жерлерди Орусуйага бекитип коюу. Элдин күнчыгыштан күнбатышка көчүүсү табыйгы иштерден болгон. Тоскоолдуктар аз болгон сайын күнбатышка эл абдан көп көчкөн. Ошондуктан өкүмөттүн мүдөөсү кимге жакын болсо, ал биздин сары жүздүү коңшуларыбыз күнбатышка көчпөсүн үчүн жакын жана ыраак күн чыгышта тоскоолдук курууга аракет кылуу керек. Мамлекеттин мүдөөсү кымбат болгон кишилер элдин кемиши үчүн эмес, ыраак жана жакын күн чыгышка мыкты чарбаларды түзүүгө аракет кылууга тийиш» дейт.

Мына жолдоштор, ошол кезде элди көчүрүү жөнүнөн мамлекеттин туткан сайасатын ачык мүнөздөгөн өкүмөт дакументтеринин бирөө ушул. Ушул максат менен оторлоштуруу сайасаты күчтүү жүргүзүлгөн. Ошондуктан падыша өкүмөтү ошол кезде каражаттарды жана күчтү айабастан өтө зарыл болгон чаралардын баарын көрдү. Түркүстанга эл көчүрүүчү атайы башкарма түзүлдү. Бул башкарма кымбат турууга карабастан кандай кылып болсо да, бүткүл Түркүстанда жана Кыргызстанда анын тармактары түзүлдү.

Келимсек чарбаларга жер кесил бергенде падыша өкүмөтү кандай саясатты колдонгон? 1869-жылда Түркүстан генерал губернатырлары тарабынан келимсек чарбанын душа (жан) башына 30 тешеден жер алган чарба киши күчүнөн пайдалануучу кулак чарбасына бат эле айланып кетиши айкын. Мындан башка дагы ошол кездери келимсек чарбаларга мамлекет тарабынан абдан чоң жардам берилген. Мисалы: келимсек чарбалар 15 жылга дейре нөлөктөн бошотулган. Аларга чарбасын куруу үчүн карыздар берилген жана башка бир топ чаралар көрүлгөн.

Кыргызстандын турмушунан төмөнкү ачык учурду алалы. Ошол кездеги Пыржыбал үйөзүндө баштагы Kaракол кантонунда, Ысык-Көлдүн боюнда, келимсек чарбадагы эркек жан башына 9,2 теше, мунун ичинен 8,5 теше айдоо жер туура келген. Пишпек үйөзүндө, бул кездеки Чүй өзөнүндө ар бир эркек жан башына 6 теше айдоо жер жана 8 теше жалпы жер туура келген.

Ошол кезде жер жагынан жергиликтүү элдин абалы кандай экендигин буга теңештирип көрөлү. Ошол кезди мүнөздөгөн мамлекет дакументтеринен бирөөнү айтып берейин. Бул убакта Чүй өзөнүнө жана Каракол кантонуна жер маселелери бойунча келген бир чиновник төмөнкүлөрдү көрсөтөт: Келимсек казак-орустарга түтүн башына 6,1 теше айдоо жер, келимсек дыйкандарга 9,9 теше айдоого жарамдуу жер, таранчылар менен дуңгандарга 3,8 теше жана кыргыздарга 1,4 теше жер туура келген. Мал жайыттарынан келимсек казак-орустарга 8,8 теше, дыйкандарга 17,9 теше, таранчы менен дуңгандарга 4,1 теше жана кыргыздарга 12,4 теше жер туура келген.

Мына жолдоштор, жер байлыгын пайдалануу жана аларды улут түрүнө карай бөлүүдө ушундай иштер болгон. Жердин мыктысы жана көбүрөөгү орус келимсектерине тийип, жергиликтүү эл жердин начарына куулуп, жана аларга келимсек чарбага берилген жерге караганда эң аз тийип турган. Жергиликтүү эл көбүнчө дыйканчылык кылууга жараган жерлери жок жана турактуу мал чарбачылыгын жүргүзүү мүмкүн болбогон тоолорду көздөй куула берген.

Негизги жер маселеси ушул, бирок андан башка дагы жандама маселе бар, ал да болсо аренде мамилелери жөнүндө. Ал кездерде аренде мамилелери абдан күч алган болучу. Анын үстүнө көбүнчө арендага алуучулар да ошол келимсек чарбалар эле. Алар жерди көп алса дагы ага тойбостон жана жерди арендага алгандыктары эң кызык. Мунун себеби эмине? Мунун биринчи себеби, кыргыздарда көбүнчө буурсун менен иштетүү мүмкүн болбогон дың жерлер калды. Аларда соко жана ушул сыяктуу күчтүү жер куралдары жок эле. Чындыгында болсо дың жер түшүмдү көп берет. Кедимсектерди арендага жер алууга түрткөн негизги себептин бири ушул.

Экинчи ал кездерде жерди арендага, уруу аксакалдары же бай-манаптар берип туруучу. Ал кезде жардылар өз үчөскөлөрүнө кожойундук кыла алышкан эмес, муну жакшы билесиңер. Жардылардын жери бай-манап, уруу аксакалдарынын колунда болучу, алар сатып, акчасын да өздөрү алып туруучу. Ушуга гана колдонуп бай манаптар жердин аз экендигине карабастан эң, арзан баа менен жардылардын жерин арендага бере берген.

Мындан башка, ал кезде аренда маселеси мындайча чечилүүчү: жерди арендага коом атынан же айыл кыштактын «жакшысы» атынан түзүлгөн бүтүм боюнча берилүүчү, падыша өкүмөтү үчүн бул «жакшылар» бай жана манап элементтери болгондуктан алар пиригаварларды түзүп, жерди 30—35 жылга арендага бере беришкен. Келимсектер жерди 30—35 жылга арендеге алууга эмине үчүн кызыккан? Алардын кызыккандыгынын себеби жогоруда айтылган мөөнөттөн кийин жердин кайтарылып берилбегендиги анык.

Мына бул учурлар аренде мамилелери өөрчүүгө кызмат кылышкан. Ал кезде орустар эки жактар (менен) көчүшкөн: биринчиден пландуу жол менен. Мында дыйкандар мамлекеттин жардамы менен көчкөн. Экинчиден өз ыктыйары менен көчүү. Мында келген дыйкандарга мыкты жана көп жер берилгендиктен борбордук Орусуйадагы жерсиз жана аз жердүү дыйкандар бул жакка көчүүгө аракет кылышкан. Ошондуктан мында өз ыктыйарлары менен келүүчүлөр көп болгон.

Кыргызстан үчүн мүнөздүү болгон кичине гана мисал. Баштагы Пишпек үйөзүнүн багыш болушунда (бул кездеги Ак-Суу районунда) Петропке деген кыштак бар. Бул кыштактын жерин кыргыздардан өз эрки менен көчүп келген келимсектер тартып алышкан. Алар кыргыздарды кысуу менен катар эскиден көчүп келген орустарды да кыса башташкан. Буга кыргыздар жана орустар нааразы болуп үйөз начендигине, жер башкармасына арыз беришкен. Бул маселени чечүү 10 жылга дейре барып, иш Түркүстан генерал губернатырлыгына жеткен. Бул 10 жылдын ичинде жаңы келимсектер келе бергендиктен, чарбалардын саны бир далай көбөйөт. Кыргыздар узак күрөшкөн соң, тартып алынган жерлерин кайтарылып берилүү жөнүндө үйөз начендиги буйрук чыгарган. Бирок жерди кыргыздарга кайтарып берүү жөнүндөгү буйрукту орундатуу мезгили келгенде, «Өз ыктыйарлары менен орношкон Орустар жайыттарында кала беришсин» деп Туркүстан генерал губернатырынан буйрук келет.

Мындай учур бир гана эмес. Мындай учурлар көп болгон. Бул учур өз ыктыйары менен келүү кандайча өөрчүгөндүктү мүнөздөйт. Мындан башка дагы жерди оторлоштуруу алыштардын баштарын алуу жолу менен да жүргүзүлөт.

Мындай болгондо алыштын ылдый жагындагы жерлерге суу жетпегендиктен кыргыздар аларды көп убакытта бошотуп кете беришкен.

Буга төмөнкү учурду мисал кылып алалы. Бул кездеги Аламүдүн районунда Байтик деген жер бар. Бул жер суунун башында болгондуктан Байтик Павлупке деген кыштак орногон. Мында келимсектер өз ыктыйарлары менен зордук кылып келип суунун башын колдоруна алышкан. Ылдый олтурган кыргыздарга алар бир нече жыл боюнча суу бербей койгондуктан аягында барып кыргыздар жерлерин амал жоктон бошотуп беришкен. Мындай мисалдар толуп жатат.

Өшөнтүп жерди зордук менен тартып алуу, мыкты жерлерди, суунун башын алуу жолдору менен жүргүзүлгөн. Чөп чабындыларды жана мыкты мал жайыттарын тартып алуу учурлары да болгон. Анан барып кыргыздарга малдарын мал айдап өтө турган жолдордон айдап өтүү тыйылган. Малын айдап өткөнү үчүн белгилүү акы алынган. Мына ушинтип бул жерде оторлоштуруу ар жактан жүргүзүлгөндүгүн көрөбүз.

Түркүстанда өнөр жайлары жок болгондуктан кырайдагы эл чарбасынын жалгыз жана негизги тармагы айыл чарбасы болучу. Элдин бүткүл оокаты дыйканчылыкка, демек жерге байланышкан эле. Ошондуктан жергиликтүү эмгекчил элдин жерин эч бир акы бербестен тартып алынышы эмгекчил дыйкандардын колунан бардык оокатын тартып алгандык болот.

Мындай болуп олтургандыктан 1916-жылдагы козголоңдун дагы кайсы себептерин издөө керек? Жер маселеси жөнүндө жергиликтүү байлар менен манаптардын кылыктарынан бир топ мисал келтирүүгө болот. Ал кезде жерди жардылар менен орто чарбалар ээлебестен байлар, манаптар жана жергиликтүү «улуктар» ээлегендигин жогоруда айтып кеттим эле. Мыкты жерлерди тилеген убакытта сатууга жана арендага берүүгө алардын колунан келген. Мындан башка дагы алар келимсектер албай калган жакшы жана мыкты жерлерди өздөрүнө калтыруу сайасатын жүргүзүшкөн. Буга мисал: Баштагы Пишпек үйөзүндө, эмки Аламүдүн районунда Таштөбө деген кыштак бар. Мында Байтик деген атактуу манап турган. Кыргыздар жана бул жакта узак турган орустар аны жакшы билишет. Бул Байтик дем алыш үйүнөн тартып жогорку Аларчага дейре болгон жерди өзүнүн энчилүү мүлкү деп жарыйлаган. Ошол өзөндөкү жерлердин бары Байтикке карагандыктан бул жерге эмгекчил кыргыз болсун, эмгекчил орус болсун кирүү турмак ал жер аркалуу малын айдап өтө албаган. Ал жерде кыргоолдор көп болгон. Бир жарды кыргыз ошол жерден бир кыргоолду кармап үйүнө алып кеткенин Байтик билген соң, бул кыргызга айып салып, тогуз карасын тартып алган.

Экинчи мисал: Кочкордо Көбөгөн ажы деген атактуу манап болгон. Бул ишти мен өз көзүм менен көргөмүн. Кочкор суусунун бойундагы эң мыкты жерлер 12—15 чакырымга дейре анын жери болучу. Бул жерлерде уруксаатсыз куш кармоого да эч кимдин акысы болбогон. Шабдан деген экинчи бир атактуу манап Чүй өзөнүндө туруучу. Ал Каракол жакка барганында Балыкчы ыстансасынан Тору айгыр ыстансасына дейре болгон Ысык-Көлдүн бойун көрүп (бул жерлер аңчылык үчүн эң мыкты жерлер) өзүнүн энчилүү жери деп жарыялаган. Мында анын балдарынан башка эч ким аңчылык кыла албаган.

Аз жердүү орус дыйкандарды борбордук Орусуйадан күнчыгышка, көбүнчө Түркүстанга көчүрүп орноштуруу көз карашы менен жараганда жер маселесиндеги саясатты туура жүргүзгөнбү? Бул саясат шексиз, туура жүргүзүлбөгөн. Мунун туура болбогондугунун негизги себеби жерден капыйталчылык системинде пайдалануу болот. Бул систем дыйкан чарбаларынын жерлерин тартып алып жерсиз калтырат. Алардан алынган жерлер болсо киши күчүнөн пайдалануу жолдору менен иштелет. Владимир Илич бул учурду төмөнкүчө мүнөздөгөн: «Каупман мырзанын бул туура пикирлеринин ичинде кандай да болсо абдан маңыздуу бир жаңылыштык бар. Каупман мырза төмөнкүчө ойлойт: Келимсектер мындайча тандалып жиберилип, алардын турмуш даражалары ушул түрдө, алардын маданыйаты ушул даражада болгондо орус дыйкандарын көчүрүү аркалуу аларды канааттандырууга жер албетте жетишпейт. Ошондуктан ал мырза кадеттердин дыйканчылык пыргырамын жактап, — жаарупалык Орусуйадагы жай кишилер пайдаланган жерлерди зордук менен сатып алуу өтө зарыл» дейт. Жолдош Ленин болсо жер саясатын туура чечүү үчүн жердин жай кишидердин жана памешчиктердин пайдалануу пормосун жойуу керек. Мында болсо жалаң дыйкандарды көчүрүү менен гана маселени чечүү мүмкүн эмес.

Алар бул жерде орус памешчик жерлеринин кулдуктар мүнөзүндө болушуна каршы салмак салбастан, таптарды тынчытуу памешиктин кыйналбай гана мужукту канааттандыруу мүмкүндүгүнө бир ооз сөз менен айтканда жалган «сатсыйалдык тынчтыктын мүмкүндүгүнө салыш» дейт.

Анан кийин Владимир Илич мындай деп жазат: «Бул биздеки үнөмчүлөрдүн кадимки либиралчыл пикирлери. Ал төмөнкү кортунду чыгаргандай кылып түзүлөт: элди көчүрүүгө ылайыктуу жерлер жетиш болсо памешчиктердин жерлерине тийбесе да туура келмек. Жакшылык тилеген болуп көрүнүүчү чиновниктин көз карашы сиңген кадет мырзалар да жана ал ар өңдүү сайасат ээлеринде таптын үстүндө туруу, тап күрөшүнөн өйдө чыгып кетүү деген бар. Алардын айтууларына караганда крепыснайчулукту, ал курулуш киши күчүнөн пайдалануу болгон үчүн жана милийандаган жергиликтүү эл көпчүлүгүн эзип, алардын өндүрүш күчтөрү өөрчүүгө, тоскоолдук кылган үчүн эмес милийандаган дыйкандарды Сибирге же Түркүстанга жиберүү мүмкүн балбогондуктан жоготуу керек болуп чыгат».

«Түркүстандагы жана Орусуянын башка жерлериндеги милийандаган теше жерлери суу чыгарылууну гана» күтүшпөйт. Алар орустардын дыйкандары крепыснай калдыктарынан, ак сөөктөрдүн зулумунан кутулууну да күтүшөт.

Владимир Илич дыйканчылык маселеси жөнүндө бул сөздөрдү ачык жана туура айткан. Бул саясаты менен падыша өкүмөтү борбордук Орусуйадагы агырардык маселени чече алган жок. Тетиринче Түркүстандагы дыйкандардын кыймылын күчөтүп жиберди.

Түркүстандагы элдин падыша өкүмөтүнө 1916-жылга дейре нааразы экендигин мүнөздөгөн бир мисалды көрсөтмөкчүмүн. XIX кылымдагы кыймыл төмөнкүчө мүнөздөлөт. 1885-жылда Парганада козголоң чыгарды. 1897-жылда Ташкенде чоң козголоң чыкты. Мындан башка дагы уйумдаштырылган элдин баш көтөрүүлөрү 1900-жылда 75, 1905-жылда 235, 1910-жылда 75—334 жана 1915-жылда 372 болгон. 1901-жылдан 1915-жылга дейре шаардагы эл дагы бир нечен жолу баш көтөргөн. Падышанын башкаруучулары менен шаар эли ортосунда 87 мертебе кагылыш болгон. Бул кагылыштардын натыйжасында падыша башкаруучулары тарабынан 38и өлтүрүлгөн жана 47 киши жарадар болгон. Бул катылыштарда кедейлер да курбан болбой койгон эмес. Бирок падышанын чиновниктери кедейлер тарабынан өлгөндөрдү жазууну керек деп эсептебеген.

КӨТӨРҮЛҮШТҮН МҮНӨЗҮ

Оторлоштуруу сайасатынын экинчиси болгон нөлөк маселесин алалы. Падыша өкүмөтүнүн нөлөк саясатында тап катарына бөлүү, тап максаты, жалчылар менен жардыларга жеңилдик берүү деген болбогондугун билесиңер. Ал кезде чөп ооз (земиской — земской, нөлөк) деген нөлөк болгон. Чөп ооз ар бир үйдөн, ар бир түтүндөн бай, орто жана жарды болууга карабастан тең алынган. Кийинки убакыттарда уруш ж. б. нөлөктөр көбөйгөн. Бирок алар дагы элге теңме-тең кылып салынган. Нөлөктөрдүн кордугу кедейлерге жана ортолорго түшкөн.

Мындан башка дагы нөлөк малдын туйагына салынган. Ал кезде байлардын мүдөөсүн көздөгөн болуштар, ыстарчындар, жүзбашчылар жана онбашчылар эмине кылуучу? Малдын тизими түзүлгөндө алар 10—15 койу бар кедейдин 200—300 койу бар деп, 500—1000 кою бар байлардын 30—40 койу бар деп жазып койушчу. Алардын бул кылыктарын мен өз көзүм менен көргөнмүн.

Мына чиновниктер, болуштар жана ыстарчындар ушундай жырткычтык кылышкан. Алар бул кызматтары үчүн абдан көп пара жешкен. Алардын калптарынын зыйаны кедейлердин мойнуна түшкөн.

Манаптарга, «жакшыларга», болушка, ыстарчынга жана башкаларга берүү үчүн элге чыгым салынган. Болуш мамлекет иши менен шаарга барганда көп чыгым кылуучу. Анын бул чыгымы элге, көбүнчө кедейлерге чачылып кайта чогултулчу эле.

Ал кезде пара алуу адат болуп кеткен эле. Элден параны көп жеген болуштар менен манаптар анык «улук» болуп эсептелүүчү. Параны аз алгандарга жаман көз караш менен карашуучу. Ошондуктан падыша өкүмөтүнүн жана жергиликтүү улут байларынын эч бир чеги болбогон зулум эзүүсү жарды, ортолор көпчүлүгүнө өз башына чарба куруу мүмкүндүгүн жойуп аларды батыракташууга, дыйканчылыктан ажыратууга бет алууга кенен жол ачып беришкен.

1916-жылдагы козголоң чыгуунун алдынан орто дыйкандар жардыларга, жардылар жалчыларга айланып кетиши күчтүү сүрөттө жүрүп турду. Оторлоштуруу саясатынын өөрчүшү, оторлор менен жардылардын күчүнөн жергиликтүү улут байларынын пайдаланышы, мына ушул жолдор менен барган.

Мамлекеттик жардам көп берилген келимсектердин чарбалары, жалчылардын арзан эмгеги аркасында, белгилүү бир бөлүгүндө, абдан ылдам кулак чарбасына айланып кетишкен. Демек, күнчыгышта, Түркүстан менен Жети-Сууда падыша өкүмөтү үчүн сүйөнүү боло ала турган чын кулак, чарбаларын куруу жөнүндө падыша өкүмөтү алдыга койгон милдеттер турмушка ашырылган.

Бул учурду мүнөздөгөн сыйпырлар төмөнкүлөр. Келимсектердин чарбаларын орто эсеп менен алганда 50 прасенттин да ашыгы менен алганда 90 прасентында дайым иштөөчү 1—3 батырактар, 3—15 мезгилдүү жумушчулар болгон. Мына жолдоштор, бул чарбалардын эмгек кылбастан киши күчүнөн гана пайдалануучу чарбага айланып кетиши ушул жол менен болгон. Мындан атактуу Жети-Суудагы кулактар келип чыккан.

СОТ БАШКАРУУ КЫСЫМЧЫЛЫГЫНЫН ООРДУГУ

Соттор менен башкаруучуларды алалы. Жардылардын арыздарын текшергенде аларды сот жанына жолотчу эмес. Аларга падыша өкүмөтү тарабынан болсун, жергиликтүү интелегенттер тарабынан болсун такыр көз салынуучу эмес.

Жолдоштор, мен камакка алынган бир кыргыздын катындагы бир сүйлөм сөздү айта кетейин (бул кат ошол кыргыздын жанынан камакка алгандан кийин табылган). Ал төмөнкүлөрдү жазат:

«Арыз берер жер жок, себеби ал арыздар каралбайт, кыргыздардын арызына кулак салуу деген жок. Ал аз келгенсип аксакалдар, болуштук айыл ыстарчыны жана эл Соту боломун деп, ал орундарды Орус өкүмөтү тарабынан дайындалган өкүмөтчүлөрүнүн катышуу астындагы чогулуштарда талашуудан башканы билишпейт. Бул орун тандоо талашы наадан аксакалдар жол башчылык кылып жаткан кыргыз элинин бардык ойун, жанын жана турмушун бүт жутуп отурат. Ошондуктан улут жөнүндөгү жер жана толуп жаткан башка маселелер алардын оюна кирбей олтурат. Кыргыздын бай адамдары «аксакалдар» жалпы кыргыз элинин тилегин унуткан, алар а дегенде 1868-жыл 21-өктөбүрдөгү чыккан убактылуу жобо бойунча, анан 1891-жыл 25-марттагы талаа жобосу бойунча келип чыккан орундар жөнүндөгү маселе менен гана убара, муну жакшы билип койгон. Шайлоолорду бекитүү укугу мийзам бойунча начендиктерине жана губернатырларга берилгендиктен, кыргыздар ортосунда тыңчылык, бир бирин жамандоо жана жакын кылуулук абыдан күч алып кеткен. Өз камын гана жеш аксакалдардын эң биринчи иши болду. Алар үчүн эч кандай коомдук иш, эч кандай коомдук тилек жок. Бирок да жерлерибиз кеткенден кетип жатат, аксакалдар болсо эки жүздүүлүк кылып өз жерлерин талагандарды мактап, ал гана эмес, ал жерди коргоого тырышкандарды каралашат. Начендиктерге каршы чыккандар алардын ойунча акмактар болуп олтурат».

Ал кездеки дыйкандын Кыргыздын абалы тууралуу пикири ушул. Мындан кыргыз жардыларынын ал кездерде бардык жагынан падыша өкүмөтүнүн эзүү кордуктарын гана эмес, жергиликтүү эзүүчүлөрдүн да кордугун башынан өткөрүп тургандыгы апачык көрүнүп турат.

ИМПЕРИЙАЛЧЫЛАР УРУШУНУН ТААСИРИ ЖАНА ТЫЛ КЫЗМАТЫНА АЛУУ

1916-жылда козголоң чыгуунун ачык себеби империялчылар урушунун оордугу болуп эсептелет. Уруштун үчүнчү жылында падышалык Орусуя саясат жана үнөм жагынан бир канчалык бошогондугун билесиңер. Уруш нөлөктөрү жана башка чыгымдар көбөйгөн. Мыкты жылкыларды жол кире каражаттарын (төөлөрдү) маблизабайт кылуу жана тартып алуу жүргүзүлгөн. Урушкереги үчүн элден кийиздер, каптар, аркандар жана башкалар алынган. Бул иштер деле кыргыз эмгекчилеринин нааразычылыктарын күчөтүп жиберишкен.

Мындан башка дагы козголоң чыгууга негизги себеп болгон бир учур — тыл жумуштарына жумушчулар алуу болду. Империялчылар урушунда үч жыл удаасы менен урушуп келген падыша өкүмөтү шексиз бошоп калгандыктан аскердин күчүн көбөйтүү үчүн бир топ чараларды көрүү талап кылынган. Ал кезде аскердин бир далайы тыл жумуштары менен алек болгон. Мисалы уруш имараттарын куруу, окопторду казуу, жол кире жумуштары жана башкалар. Кыскасын айтканда бул жумуштарда жүргөн аскерлерди алып урушка жиберүү үчүн жумушчулар күчү керек болгон. Падыша өкүмөтү аскер жетишпегендикти сезген соң, Түркүстан кырайындагы жергиликтүү элден пайдаланууну ойлогон. Бул максат менен падыша өкүмөтүнүн уруш министрлиги Түркүстан кырайындагы жергиликтүү элдин 19 жаштан тартып, 43 жашына дейре болгон эркектерин кара жумуштарга маблизабайт кылуу жөнүндө 1916-жыл 25-ийунда буйрук чыгарган.

Бул жерде падыша өкүмөтү Кыргыз гана эмес жалпы Түркүстан элине берген убадасындагы бир учурду унуткан.

«Ак падыша» Түркүстан элин жеңип чыкканда силер аскер ишине алынбайсыңар, маблизатсыйа уруш нөлөгү менен алмаштырылат деп убада бергенин карыйалар эмдигиче унутушпайт.

Буга карабастан пирказ берилип, 28-ийунда бул приказ тилгирем менен Түркүстандын генерал гүбүрнатыры 8-июлда Түркүстан кырайына өзүнүн пирказын берет.

Бул Түркүстан кырайына берилген пирказда 19дан 31 жашка чейинкилерди маблизабайт кылуу тууралуу жазат. Бул жаштагыларды биринчи гана жолу алынууга белгиленип, андан кийин 43 жашка чейинкилерди маблизабайт кылуу делген. Ушинтип Түркүстан кырайына 220 миң жумушчуга, мындан Жети-Суу обулусуна 43 миң жакын жумушчуга жакын тийген.

Падыша өкүмөтүнүн буйругу жергиликтүү байлардын тап мүдөөсүн абыдан эске алынып түзүлгөн болучу.

Бул жумушчу күчтөрү кимдерден түзүлүп, бул адамдарды тап жагынан алуу кандай болуу керек эле? Мен силерге ачык болсун үчүн ошондогу бир генерал гүбүрнатырынын документин окуп берейин. Жумушчуларды алуу үчүн жарыйалаган нускоосунда ал төмөнкүлөрдү сүйлөйт. Бошотулууга тийиштүүлөр:

Болуштук айылдык башкаруучулар жана кызматтагы адамдар.

Жергиликтүү элден чыккан кичи палийса (полиция).

Ыймам, молдо жана муаристтер.

Чоң кызматтагы жергиликтүүлөр, демек ак сөөк укугундагы табыйгы кадырлуу адамдар жана өзүнчө ардактуулукту сактаган манап, аксакал жана башкалары.

Текен полкесиндеги (Түркмөндөргө айтат) ар бир кызматта турган же башка уруш бөлүмүндөгү жергиликтүүлөрдүн ага инилери жана балдарынын эркектеринен 3 киши эл кызматына нарат (наряд) берүүдөн куткарылат.

Жергиликтүү элден тыл кызматына белгиленгендер өзү ордуна жумушчу жалдап алмак болсо жергиликтүү элинен гана жалдоого акысы бар. Ал дагы орус падышасына караган элден болууга тийиш.

Мына жарыйаланган буйруктун тап жагынан көз карашы ушундай болгон. Бул жерде бул ишке ким кетүү керек экендиги өзүнөн өзү ачык. Албетте, сөзсүз жалчы, жарды жана ортолор барууга тийиш. Дүнүйөсү көп жана биз өйдө жакта атын санап өткөн бошотулган бөлөк адамдар болсо өзүнүн балдарын бошотуп калуу үчүн адамды сатып алууга кубаты жеткен.

Жумушчу алганда ушул өңдүү болуп чыкты. Буга биз өзүбүз күбөбүз. Ошентип исписке түзгөн убакта ага бир дагы бай, манап же болуштук ыстарчындар кирбестен жалаң гана кедей, батырактар кирип, кокусунан дүнүйөлүүлөрдүн баласы же туугандары кирип калса, алар кедей батырактарды сатып алып, аны жумушчулар эсебине санап жибере берген.

Демек, биринчиден өйдө жактагы биз айткан тарыгы—сатсыял үнөмдүк шарттары негизги себеп болуп, 2-ден жумушчуларды тупадан туура тыл жумушуна алуунун саясы ыңгайы 1916-жылдагы көтөрүлүшкө түрткү болду деп жыйынтык чыгарууга болот. Көтөрүлүштүн алдындагы элдин кыял-жоруктарын мындай деп мүнөздөөгө болот. Негизги кедей орто дыйкандар көпчүлүгү нааразылык туудуруп «биз бул жумушка барбайбыз. Андан көрө ушул жерде өлөбүз, же ушул алууга себепчи болгондор менен урушабыз» деп ачык арызданышкан.

Жашы чакырылууга туура келип калган жаштар топтошуп алышып каршылык көрсөтүүгө дайарданышкан. Испискелерди өкүмөт орундарына эч бир бербөө керек деген кыялдар болгон.

Кээ бир убактарда жергиликтүү башкаруучулардан болуштук башкаруучулар, старчындар четинен списка, түзүп, пиргабар чыгарып өкүмөт орундарына бергени дагы болду. Бул абалдардын бетин ачкандан кийин кедейлер биринчи иретте жергиликтүү падыша куйруктарына каршы чабуул койуу методун колдонушту. Жазып бербесин деп айылдык башкаруучулардын печеттерин алып койгон күндөрү болгон. Буга карабастан алар кээ бир убактарда жашырып, билгизбестен пиргабар кылып бере берген.

Бул жерде кедей, батырак, ортолор алууга каршы келишсе да, тыл жумушуна киши берүү арасында сайасы чарба пазытсыяларын чыңап, паракордукту өтө өстүрүп байычу болуштар жана жергиликтүү улуктар киши берүүгө да макул болушкан. Кыргыздын кедей  батырактарын бул пайдалануу аларга эчтеке эмес эле. Мына ушундан бул маселенин таптык маңызы көтөрүлүштүн келип чыгышын белгилеп, үйрөнүүдөгү таптык көз караш маселе чыгат.

КОРУТУНДУ

Демек мында айтылып өткөн маселелер жөнүндө корутунду чыгарууга болот. Биринчи корутундукту мындай деп кылууга болот. Байлар өкүмөтүнүн оторчу саясаты аркасында 1916-жылдагы көтөрүлүштүн алдында четтен көчүп келген кулактар жер суунун жакшысын тартып алуу жолу менен киши күчүнөн пайдалануу мүмкүндүгү өскөнүн көрөбүз.

Экинчи кортунду: жергиликтүү батырак жана орус кедейлеринин күчүнөн пайдалануу аркасында көчүп келген кулак чарбаларын капыйталдыкка бет алышынын чыңалышы болот.

Үчүнчү, улут байлар, бай манаптары падыша өкүмөтүнүн чын жөлөктүгү менен өздөрүнүн аксакалдык пеодалдык байланыштарын, жергиликтүү кедей батырактын күчүнөн пайдалануу ишин чыңаган.

Төртүнчү корутундуну өйдөкү айтылгандарга карата мындай деп кылууга болот. Орустун көчүп келген кулактарынын жогорку катмарларынын жана жергиликтүү улут байларынын сайасы-үнөмүн киши күчүнөн пайдалануу күчүн чыңады (булар Түркүстан жана Жети-Суу обулусунун бардык элине караганда эң, азчылык болучу). Ошентип падыша өкүмөтүнүн жардамы менен эмгекчи көпчүлүгү эпсиз эзилген. Эң акыркы 5-корутунду: ошол убактагы элдин көпчүлүгү болгон жергиликтүү кедей, батырак, ортолордун кедейлениши болот. Бул алардын нааразычылыктарын күчөттү. Мына жолдоштор, сайасы кортунду ушундай болуп чыгат. Демек 1-жактан элдин күчүнөн пайдалануу мүмкүндүктөрү өсүп чыңалса, экинчи жактан кең көпчүлүк болуп эсептелген жергиликтүү кедей батырактардын маданий турмуш жана үнөмдүк камсыздыгы коркунучтуу сүрөттө төмөндөгөнүн көрөбүз. Ушуга карата эң туура жалпы кортунду чыгарууга болот. Кыргыз эмгекчи дыйкандардын негизги көпчүлүгү ушул өңдүү саясаттар аркасында жер сууларынан ажырап калгандыктан дыйканчылык чарбасын жүргүзүүгө мүмкүндүгү жок болгоңдугунун аркасында тоо жагына сыгылып мал чарбасын жүргүзүүгө бет алган. Бирок алар ал жерде дагы туруктуу мал чарбасын жүргүзө алышкан эмес, неге десең, тоо жакта тоют каруу түзүүгө мүмкүндүк жок болучу. Мына ошентип кыргыздардын малдары жутка учурап тойутсуз калган.

Ошондуктан мал өлөтү, мал чарбанын туруксуздугу келип чыгат. Жана үнөм жагынан алсыз чарбалар пайда болот. Буларды биз азыр сатсиялчыл жол менен кайра куруп олтурабыз.

Мына ушул өңдүү артта калган жөпжөнөкөй түрлүү кээ бир жагынан жарым тубаса түрдөгү мал чарбасы падыша өкүмөтүнүн оторчул саясатынын натыйжасында биздин азыркы Кыргызстаныбызда да бар.

Ушул шарттардын сомосу 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себеби болду. Көтөрүлүштүн себеби Кыргыздарды тыл жумушуна айдагандан гана келип чыкты деп түшүндүрүүгө жарабайт.

Бул киши алуу жалаң гана тупадан туура сайасы себеп болуп, мен силерге айтып өткөн тарыкы — үнөмдүк жагынан болгон себептерге түрткү берди.

КӨТӨРҮЛҮШТҮН МҮНӨЗҮ ЖАНА АНЫН АРАКЕТКЕ КЕЛТИРҮҮЧҮ КҮЧҮ

Ушуларга байланыштыра көтөрүлүштүн аракетке келтирүүчү күчү эмне болгонун белгилеп өтүүгө болот.

Сөзсүз 1916-жылдагы көтөрүлүштүн аракетке келтирүүчү күчү кедей, батырак ортолор, Кыргыз дыйкандар көпчүлүгү болду. Көтөрүлүштө чабуул койуу, урушуп жеңүү жактарындагы бүтүн кыйынчылыктар алардын мойундарына түштү.

КӨТӨРҮЛҮШТҮН МҮНӨЗҮ

Көтөрүлүштүн мүнөзү негизинде улут азаттыгы түрүндө болду. Көтөрүлүш өзүнүн токмогун падыша өкүмөтүнүн башкаруучуларын жана учаскелик начендиктердин мекемелерин талкалоого, бул учаскалик начендиктерине, полномочундарына, көчүрүү башкармасына, почто-тилгирем канторлоруна жана почто-тилгирем чиновниктерине чабул койууга бет алдырган, ж. б. Негизги от ушул бөлүмдөргө чогултулган, мындан башка орус кулак чарбаларына жаңы көчүп келген орус паселкелерине чабуул койу болгон. «Өзгөрүштүн негизги аракетке келтирүүчү күчү, Орусуйа имперализими жана жергиликтүү эзүүчү таптын эзүүсү астында болгон Орто Азыйанын мал чарбасы жана дыйкандар көпчүлүгү, шаардагы жергиликтүү элдин пролитар элементтери болгон.

Алар биринчи кезекте дүнүйө урушунун тыл жумушуна айдаган падыша өкүмөтүнө каршы турушкан. Алар өкүмөттүн оторчул сайасатын жана анын зыяндуу калдыктарын жоюу максаты менен оторчулук эң кең өскөн райондордо (Кыргызстанда) көтөрүлгөндөр орус паселкелериндеги кулактар жана алдууларга өздөрүнүн токмокторун урушкан (б. к-нин Орто Азыя бүйрөсүнүн тезисинде). Көтөрүлүштүн өзүнүн негизги мүнөзү мына ушунда.

Бул козголоңдо бай манап элементтери жана жашап турган байлар партыйасынын сайасаты кандай болгон.

Козголоңду баштоочу жергиликтүү элдин батырак, кедей, ортолор көпчүлүгү өзү болгон. Ал убактагы эсерлер партыйасынын саясаты кырайды оторлоштуруп, жерди тартып алуу болду эле. Неге десең Түркүстанда болгон эсерлер партыйасынын пыргырамасы биз айтып өткөн жерди оторлоштуруу пыргырамына кошулган болучу. Ж. Педороб: «Эсерлер Түркүстанда дыйкандардын жер үчүн памешчиктерге каршы күрөшүн, көчүп келген дыйкандардын Кыргыз жери үчүн күрөшүнө айландырышты. Бул эсерлердин Түркүстандагы өзүнчө өзгөрүшкө каршы иши болду» дейт.

Ошол убакта болуп келген «Кадетчилик» жана «панысламчылык» кыргыз эмгекчилерине эч кандай кереги жок болучу. Кадетчилик байлардын башка агымы сыяктуу өзүнүн байчылдык чектемесин көрсөтүп, дыйкандардын өзгөрүшчүл көтөрүлүшүнө эч кандай түрткү көрсөтө алган жок.

«Панысламизим» өзүнүн тескерисинче мүнөзү аркасында жалаң аксакалдык байланыштардын гана эски эзүүчүлүк системесин чыңоого тырышкан. Демек бул байлар уйуму дагы көтөрүлүшкө өзгөрүшчүлүк түрткү берип жардам көрсөтө албады.

Өзүнүн табыйгы түзүлүшү жагынан байлардын сайасы агымы болгондуктан бул эки уйум капийталчылык үстөмдүгүнүн ыштурмасына (штурм) каршы көтөрүлүшкө башчылык кылып аны жүргүзүүгө жарабады. Кыргыздын манаптарынын көбү 1916-жылкы көтөрүлүш убагында кыянатчылык сайасатын жүргүзүү, агенттик ролун ойноду. Азыр мен силерге бир чоң дакумент окуп берем. Ушул убакытка чейин бул дакумент биздин басма сөзүбүздө толук басылып чыккан эмес. Ташы Кудайберген уулу басма сөздө көтөрүлүштүн анык колбашчылары Шабдан уулу жана бир катар башка манаптар болду деп ишендерди. Бул жерде ал Шабдан балдарынын атын атады. Мен сиздерге Шабдан уулу көтөрүлүш убагында жана көтөрүлүшкө чейин кандай орун алгандыгын мүнөздөгөн дакимент келтирейин. Барыга маалим Шабдандын бир баласы ошол убакта болуш болуп болуш белгисин алган болучу.

Ал падыша өкүмөтү үчүн эч канча бура тартпастан «адалдык» менен кызмат кылып анын тапшырмасын, пырказын мыктап орундайм деп берген ардактуу убадасын ордуна жеткире орундатты. Ошону менен ал көтөрүлүш убактында бир тууганын Пишпекке үйөз начендикке жиберет. Ал «Кыргыз жаштары, артыкча кедей батырактар жумушчу алууга тоскоолдук кыла ала турган, нааразылык билдирип жатат» деп арызданган.

Жаштардын түрүн караганда алар жумушчу күчтөрүн алууга каршы турмак. Ошондуктан кысымчылык жана күч менен жумушчуларды алуу үчүн өзүнчө аскер бериңиз деген. Мына көтөрүлүштүн алдында Шабдандын бир уулу Самүдүн ушул өңдүү жол кармаган.

Эми Шабдандын бөлөк балдарынын көрүнүштөрүнө кирели. Пишпектеги үйөздүк начендик көтөрүлүштөн кийин генерал-губернатырга рапорт жазат. Бул рапыртта мындай деген: Көтөрүлүшчүлөрдүн калың тобу чогулганда сарбагыш болушу Кемел Шабдан уулу ж. б. кадырлуу адамдар бул ишибиз пайдасыз деп үгүттөй баштаганда топтогулар «дин жолунда өлүүгө баш байладык» деп кыйкырышты дейт.

Мындан бөлөк да мисалдар келтирүүгө болот. Кээ бир кишилер Канат Абыке уулу тоо арасында көтөрүлүүдө анык жол башчы болду дешет. Бул дагы туура эмес.

Мына бул жерде Канат көтөрүлүшкө башчы эмес, көтөрүлүштүн кыянатчысы болгондугу тууралуу бир дакумент көрөлү. Бул аны кармап сурак кылганда көрсөткөнү. Ал мындай деп айткан: «7—8-августа көтөрүлүш  башталды. Биз 300чө киши үйөздүк башкаруучунун эшигинде болдук. Ал жерден үйөз Питинсөпкө жаштар жумушчу берүүгө макул эмес деген арызды кылдык. Үйөздүк начендик менен үч киши сүйлөштүк. Алар Самүдүн Шабдан уулу (сарбагыш болушу) Курман Лепес уулу (Курманкожо болушу) жана мен.

Котормону кат жүзүндөгү тилмеч Абдыкерим Сыдык уулу жасады. Үйөздүк начендик Питинсөп мен ишимди өткөрүп бергемин. Ошондуктан силер жаңы үйөздүк начендик Римшибич менен сүйлөшүүңөр керек деп жооп берди, жана ал жерден өзү орундан түшкөнүнө карай Арашанга оорулар үчүн калканыч тургузарын айтып, бизден жардам сурады. Биз ал жерде болгон бардык болуштар түтүн башына 30 тыйындан берүүнү убада кылдык. Питинсөп менен сүйлөшүп жаткан убагыбызда Римшоп чыга калды, ага биз баягы жаштардын исписке жана өкүм түзүүгө баш ийүүнү каалабагандыгы жөнүндөгү арызыбызды айтып аскер чакырууну сурадык. Биз арыз кылганда Питинсөп да бар болучу.

Агустун башында 1, 2, 3-үндө аскер чакыруу тууралуу ат алууга келген Меншебекопке кайрылып андан дагы сурадык.

Меншебекоп мен өзүм Пишпекке барам. Ошондо начендикке айтам деп жооп берди. Биз Пишпекке келип 7-августа арыз кылганыбызда деле ал бар болуучу. Римшоп экөө биз менен сүйлөшкөн жок. Жөн эле кайра тартып кетип калды. Бул жерден биз: бизди жумушчуларды качыруу тууралуу эмес, арашанга Питинсоптун атында калканыч жасоого акча жардамын сурап чакырган экен деп ойлодук».

Бул дакумент кыргыз манаптары көтөрүлүш убагында кандай роль ойногонун өтө ачык көрсөтөт. Демек кыргыз бай манаптары көтөрүлүштүн иш жүзүндөгү жол башчысы болду деп айтуу эч бир туура эмес.

Алар дыйкандар көпчүлүгү катуу кысып тупадан туура өздөрүнө чабуул койушбасын, элдин ортосунда манап жана туугандык баркы жоголбосун деп коркконунан кээ бир орундарда көпчүлүк менен жүрүш убактында кыймыл башында турушту. Көтөрүлүштүн иш жүзүндөгү жол башчысы алар боло алган эмес. Алардын ошол убакта элге саясы үнөмдүк таасири туугандык жана аксакалдык байланыштары күчтүү болуу аркасында гана көтөрүлүш убактында алардын кыйанатчыл агенттик ролунун тамырын кыркуу үчүн эмгекчилер ортосунда мыкты иш жок болгондуктан гана алардын кээ бирөөлөрү кан болушту. Мөкүш Шабдан уулу, Канат Абыке уулу ж. б. кан болуп дайындалды.

Эгерде алар кармап тура албай турган тарыкы көтөрүлүшкө ачык жана активдүү сүрөттө каршы чыгышса мансап жана байлыктан ажырап, катуу токмок жейт эле.

КӨТӨРҮЛҮШТҮ БАСУУ

Мен өзүмдүн дакылатымдын негизи болгон жыйынтык чыгарууга киришүүдөн мурун көтөрүлүштү басуу жана көтөрүлүш чыгаруучулардын Кытайга качып кайта келгендиги тууралуу болгон маселеге токтолуп өтүүгө уруксат кылгыла.

Мен муну убакыттын көбү өткөндүктөн кыскача гана айтууга тырышам.

Түркүстан кырайында көтөрүлүш чыккандан кийин Түркүстан кырайынын губурнатыры тарабынан көтөрүлүштү басуу үчүн эң катуу чара көрүлдү. Чоң куралдуу күчтөр чогултулгандан кийин көтөрүлүш эң катуу айоосуз түрдө басыла баштады.

Бул жерде ал чараларды көтөрүлүштүн башында бир обулустун гүбүрнатыры тарабынан жарыйаланган кагаз мүнөздөп көрсөтө алат.

Ал мына: «Паргана обулусуна артелери менен аскер келгенин жергиликтүү элге жарыйалайм. Бул аскерлер жеке менин өзүмдүн ыктыярыма келди. Жиберилген аскерлер жалаң гана баш ийбеген топторду багынтууга жетиштүү болмок турсун, ар бир айылды, шаардагы кибарталдарды же бүтүн жергиликтүү элдин шаарын талкалап жер менен теңөөгө күчү жетишет» деген. Эми жумушчуларды алуу, элдин каалоо менен болот деп көрсөтүп келип, үндөөсүнүн айагында төмөнкүлөрдү сүйлөйт:

«Эл топтолуп чогулбасын үчүн башында мээси бар ар бир жергиликтүү адам, эл паланча жерге паландай бөлүккө чогулсун деген чакырыкты угары менен, ал чакырыктын кайдан чыкандыгына көңүл берсин жана ал чакырыкты салган адамдардын атын билип алышсын. Элди чакырган бул адамдар кийин жагынан ошол топтун кылып кеткен тартипсиздиктери, зордук зомбулуктары, жаралоо жана өлтүрүүлөрү үчүн жана куралдуу аскердин колунан кеткен адамдардын өлүү-кырылуу, үчүн жооптуу болуп, эң биринчи айыптуулар катарында эсептелет.

Бара-бара тартипсиздиктер басылгандан кийин уруш соттору дайындалат. Эгерде менин суроом бойунча Паргана облусу уруш абалында деп жарыйа кылына турган болсо ал убакытта коргоосуз түрдө уруш талаа соттору түзүлөт жана бардык абалдар тез текшерилгенден кийин гана күбөлөрдүн көрсөтүү бойунча топту жыйууда айыптуу экендиги билинген адмдардын бары өлүм жазасына буйурулат. Эгерде топ жыйууга чакырган адамдар табылбай, кармалбай кала турган болсо ал убакытта тартипсиздик башталган ар бир кыштак менин буйругум бойунча жер менен тең, кылынат да жери казынага алынат. Муну менен катар мен медреселерге болсун, аларга караштуу жерлерге болсун жана да жай мүлүктөргө болсун этибар кылбаймын. Дагы бир ирет айтаарым: айыптуу деп топту жыйган адамдар гана эсептелет. Эгерде ал адамдар табылбай калат экен, же аларды эл өзү сотко кармабайт экен ал убакта мындан ары тартипсиздиктер болгон кыштактарды жана алардын жерлерин как ушул жогоруда айтканымдай кыламын».

Козголоңду басуу жагынан падыша өкүмөтү как ушул айтканын кылды. Куралсыз эмгекчил дыйкандарга карата падыша өкүмүтү тарабынан так ушундай катуу чаралар көрүлдү.

«Пыролитарийаттын өзгөрүшчүл Балшебек партиясы ал кезде Орто Азияда айласыздан жашырыкча иштөөгө бет алган болучу. Орусуйа пролитарийатынын көпчүлүгү ал кездерде дыйкандарга жардам көрсөтүү максатында падыша өкүмөтүнө каршы ачыктан ачык чыга алышкан эмес».

«Алар ортосунда өзгөрүш кыймылынын жогорулашы көп анчалык бийик болгон эмес. Алар колдоруна курал алып, ошондон бир нече ай өткөндөн кийин гана 1917- жылдын пибирал, март күндөрүндө чыга алышты. Ошондуктан оторлук дыйкандардын козтолоңу пролитар жана балшебектер партийасынын жолбашчылыгы жок бойдон кала берди.

Биримдик, борбордошкон жолбашчылык кылуучу уйумсуз жатып, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып иштей албай жана саясы уйушкан пролитарийат тарабынан жол башчылык кылышбаган жана кубатталбаган. Орто Азыянын эмгекчил дыйкандары гана мал чарбачылыгынын көпчүлүгүнүн өзгөрүшчүл улут боштондук кыймылы ага Орусийанын борборундагы өзгөрүш жардамга келгенче эле, падыша өкүмөтү тарабынан быт-чыт кылынып бастырылды. 1917-жылдык өзгөрүш 1916-жылы козголоң өз алдына койгон милдеттерди чечти.

Өзүнүн күрөшүн жалгыз эмес, Орусуйа пролитарияты менен бириктешип жана балшебектер партыйасынын жолбашчылыгы астында илгери карай алып жүрүп олтуруп Орто Азыйанын жумушчу жана дыйкандары падышачыл өкүмөттүн жана Орусуйа импирийализиминин анан бара-бара жергиликтүү эзүүчү таптардын кордуктарынан кутулуп, ошону менен Орто Азыйанын Кеңеш республикесинде сатсыйалчылыкты куруу жана кеңештер сойузунун улуттарынын толук түрдөгү чыныгы теңдигин  орнотуу мүмкүндүктөрүн, камсыз кылышты» (Партиянын Б. Б. Комитетинин Орто Азыйалык бүйрөсүнүн тезистеринен).

КЫТАЙГА КАЧУУ

Эмгекчилер оттуу соккулардын кыйынчылыктарын (оордуктарын) көтөрө албай Кытайга качуудан башка амал таппай калышат. Кытайга качуу эң оор болду» Малдын көбү жолдо, кардуу ашууларда, ач талааларда кала берди. Анан Кытайга келген кезде Кытайдын башкаруучулары качкындарга карата айбанча мамиледе болуп далай кордукту Кытай өкүмөтү көрсөттү. Качактардан чек арадан өткөрүү үчүн, белгилүү бир жерге койо берүү үчүн гана ушул сыйактуу башкалары эсепсиз көп пара алышты.

Ар түрдүү параларды өкүмөт оруңдары менен кызмат адамдары гана эмес, жергиликтүү кытай байлары дагы алышты. Мына ушул оордуктардын бары эмгекчил кыргыздардын ансыз дагы бүлүнгөн чарбасын андан бетер бүлүнттү.

Кытайда малга берүүгө жем-чөп жок себептүү качкын кыргыздардын турмушу эң жаман болду, кышкы жем-чөп жок себептүү мал көптөн өлө баштап, эң арзан баага сатыла берди, үй-эмеректери кийиз, көрпө, килем, жакшы кийимдер, идиш айак жана ушул сыяктуу башкалары азык алуу үчүн көптөн сатыла берди.

Кытайда качактар көпкө чыдай алышкан жок, болжолдоп айтканда бир жыл чамалаш турушту анан 17-жылдан тартып кайта бери карай келе башташты.

Кытайдан кайта келүүдөгү кыйынчылык кордуктар андан бетер болду, аздыр-көптүр малы барлардан башкабызга жөө келүүгө, бийик ашуу жана коркунучтуу белдерди өтүүгө, алыс жолду басууга жана азык-түлүк жагынан болгон жетишсиздиктин оордугун башыбыздан өткөрүүгө тyypa келди. Качактардын көбү ачкалыктын азабын тартып талааларда, белдерде, ашууларда өлүп кала беришти.

Эмгекчил кыргыздар кытайдан кайткандан кийин кандай абалда калышты? Чыдагысыз оор шарттарда калышты. Ал кездеки убактылуу өкүмөт «Керинискей» качактарга эч кандай жардам көрсөткөн жок. Мунун тескерисинче кулактардын эмгекчил кыргыздарга көрсөтүп жаткан кордуктарын колдоду. Кыргыздардан биринчи жолу сокку жеген Жети-Суу кулактары кандай да болсо кыргыздарды кырып жок кылгысы келишти. Ошол кездеки дакументтер, убактылуу өкүмөттүн Түркүстандык кемитети ошол тилекти колдогондугун мүнөздөйт.

Ал кезде убактылуу өкүмөттүн Түркүстандык комитетинин составына жергиликтүү улут интелегенттери да киргизилген болучу, анын үстүнө алар чоңдордун тукумунан болгон интеллегенттер эле. Маселен Мустапа Чокой уулу.

Жергиликтүү интеллегенттер кандай пазитсыяда тургандыгын билесиңерби? Алар да убактылуу өкүмөттүн сайасатын колдошкон. Мустапа Чокой уулунун өзгөрүшкө каршы иштегендиги азыр да баарына белгилүү. Жергиликтүү байлардан чыккан интеллегенттер (убактылуу өкүмөттүн состабындагылары) эмгекчил кыргыздардын турмушуна көз салышкан эмес, алардын турмушун оңоонун чараларын көрүшкөн эмес.

Ал интеллегенттер убактылуу өкүмөт менен өз мамилелерин оңоого тырышып, бара-бара кыргыздарды кырып түгөтүү сайасатын колдонушту.

Ушундай оор абал себептүү малсыз, эгинсиз кайткан кыргыздар ачка калып далай эмгекчилер ачкадан өлөт. Буга Жети-Суу кулактарынын кыргыздарды кыруу үчүн баштаган мергенчилиги да жардам кылат. Бул абал 1917-жылдын айагыңда Өктөбүр өзгөрүшү жеңгенге дейре болуп турду.

Өктөбүр өзгөрүшү гана байлар бийлигин кулаткандыгы жана пролитарийат бийлигинин орнотулгандыгы гана эмгекчил кыргыздардын жанын сактап калды. 1918-жылдын башында пролитарийат бийлиги орногондон кийин гана эмгекчил кыргыздарга жардам уйуштурулду. Качактарга жардам кылуучу атайын комитет, эгин берип туруучу атайын пүнкүттөр жана ушул сыяктуу башкалары уйуштурулду. Бул чаралар каран күндө калган эмгекчил кыргыздардын жанын сактап калууда чоң жардам кылды.

Силер билесиңер партыйанын Б. Б. Кемитетинин деректиби бойунча (ал кезде В. И. Ленин иштеп турган) 1920-жылда Орто Азыйанын бардык жеринде, көбүнчө Жети-Сууда жер-суу төңкөрүшү өткөрүлгөн болучу. Ошо 1920-жылда эле жардылардын атайын уйуму «сайуз кошчу» уйуштурулуп, ал биздин партыйага негизги жөлөк болду.

1920—1921-жылдагы жер-суу төңкөрүшү Жети-Сууда оторчулук сайасатынын калдыктарын жойуу жагын көзөдөдү. Ушул төңкөрүш аркасында гана кыргыздарга алардан тартылып алынган жер-суу кайтарылып берилди. Ошол чара аркалуу гана кыргыз жардылары жерге орноштурулду. Чын, бул жер-суу өзгөрүшүнүн кемчиликтери болду, ал кезде биз Кыргызстандын улут байларын, манаптарын тупадан туура жетердик сого алганыбыз жок, бирок ал өзгөрүш Жети-Сууда оторчулардын пазитсыяларын кыйратуу көз карашынан алганда өз милдетин актаган өзгөрүш болду.

ЖАЛПЫ САЙАСЫ КОРТУНДУЛАР

1916-жыл Орто Азыйада жана ошонун ичинде Кыргызстанда болгон көтөрүлүш улут боштондугу үчүн болгон кыймыл болуп, ал оторчулук эзүүсү менен орусуйа импирийалчыларынын талоосуна каршы коюлган.

Ушуну менен көтөрүлүштүн төнкөрүшчүл маанисин түшүнүүгө болот. Ошон үчүн биз Түркүстандын жергиликтүү элинин көтөрүлүшүнө чоң маани беребиз, ошонуң үчүн ал (көтөрүлүш) биздин төңкөрүшчүл кыймылыбыздын тарыгында калат. Ошонуң үчүн бүгүн биз сиздер менен бирге кубанычтуу түрдө бардык мезгилдерин белгилеп, тийиштүү кортундуларын чыгарабыз; 1916-жылкы көтөрүлүш Орто Азыядагы Орусуя империялчыларынын, көбүнчө алардын уруш пиодал бийлигине карты болгон улут боштондугунун урушу болду. Улут урушунун жетиштүү болуу үчүн,— дейт, Ленин, — эзилген өлкөлөрдүн элинин көпчүлүгүнүн күчүнүн биригиши, же болбосо интернатсоналдык абалынын айрыкча жагымдуу байланышуу (маселен импириялчылар падышалыктарынын аралашып тоскоолдук кылуунун бошоңдошу, алардын күчсүздүгү, алардын урушу, алардын душмандыктары дагы ошолор сыйактуулар менен күчсүздөнүүлөрү), же болбосо чоң падышалыктын биринин пролитарларынын байларга каршы көңтөрүшчүл көтөрүлүшү талап кылынат». (Ленин жыйынтыгынын XIX тому, 2-чыгарылышы, 184-бет).

1916-жылдагы көтөрүлүштүн жеңиши үчүн Ленин көрсөткөн шарттардын бири да болгон эмес. Ал ошонун үчүн кулады. Бирок көтөрүлүштүн бардык сабактары аны эң башкы күчү болгон мал чарбачылар жана дыйкандар көпчүлүгүн жана шаарлардагы жергиликтүү элдин пролитар жана жарым пролитар табын, алардын жеңиши үчүн болгон бирден бир жол — Орусуйанын пролитарлары жана дыйкандары менен тыгыз саюзда болуп, пролитарийат жолбашчылыгы астында күрөшү экендигине ачык ишендирди, (Ж. К. в РВК Орто Азыйа бүйрөсүнүн тезисинен).

Кыргызстандын Орто Азыйанын эмгекчилери ал убакта эки кабат келген эзүүчүлүктү алып ыргытышмак болгон. Бир жагынан падышачылыктын оторчулук сайасаты, экинчи жагынан жергиликтүү байлардын айбандарча адам күчүнөн пайдаланышы. Бирок эмгекчилер бул максатка жете алышпай көтөрүлүш жеңүү менен бүттү.

Падыша өкүмөтү бул көтөрүлүштү айоосуз таптады, бирок ал натыйжасыз калган жок. Дыйкандар 1916-жылындагы көтөрүлүшү менен өзүнүн тап мазмунун, өзүнүн таптык ыраазы эместигин көрсөткөндүгүн жана төңкөрүшчүл жумушчу табы менен, ал убакта пролитарлар төңкөрүшүнө дайардануу жагынан чоң жумуш жүргүзгөн тап менен бирдикте экендигин көрсөткөндүгүн сиздер жакшы билесиздер.

Эмгекчи дыйкандар өздөрүнүн көтөрүлүп чыгыштары менен, аларды эч ким уйуштурбаса дагы өз турмуштары ошол убакта Орто Азыядагы эмгекчилер башынан өткөрүп турган үнөм сайасы абалдары алардын эң чын уйуштургандыктан сайасы партыйанын жол башчылыгысыз болсо дагы алар Орто Азыйанын бардык орундарында чыгышты, алар импирийализмдин күн чыгыштагы күчтөрүн бошотушуп, өзгөрүш милдеттерин чечүүнү жеңилдетишти, өзгөрүшчүл пролитарийаттын өктөбүр өзгөрүшүн жетиштүү жасашына жардам кылышты.

Ошондуктан биз, бул көтөрүлүш сөзсүз кыргыз эмгекчилери жумушчулар табы менен бирдикте экендигин, байлар бийлигин коңторуп таштап, эмгекчилер көпчүлүгүн эзилүүдөн, күчүнөн пайдалануудан кутулуунун бирден бир куралы болгон пролитарыйат бийлигин орнотуу маселесинде алардын жумушчулар менен бирдиктүү экендигин белгилөөгө акылуубуз.

Пибрал төңкөрүшүнөн кийин өкүмөттү колуна алган байлар кыргыз эмгекчилерин кубаттоого жараксыз экендиги тууралуу корутунду чыгарууга болот. Өктөбүр төңкөрүшүнөн кийин, пролитарыят бийлиги курулгандан кийин гана кыргыз эмгекчилери керектүү болгон жардамга ээ болушту.

III. ИМПИРИЙАЛЧЫЛАРДЫН ОТОРЧУЛУК ЭЗҮҮЛӨРҮ

Талоолорунан жана укуксуздуктан сатсыялизмге

Өктөбүр төңкөрүшүнөн кийин пролитарыйат бийлиги түзүлгөндөн кийин кеңештер сойузунун бардык жеринде жүргүзүлүп жаткан камунус партыясынын жана кеңеш өкмөтүнүн туура саясаты бир канчалык ири чаралар жүргүзүүнү камсыз кылды. Мал чарбачыл дыйкандар көпчүлүгү оторчулук талоонуна каршы куралдуу ачык күрөшкө чыккан кезде падыша өкүмөтү көтөрүлүш жасагандарды жеңип, кай бир үйездү бүтүнү менен жергиликтүү элден тазалап, аларды башка жакка сүрмөк болгон. Пролитарыйаттар менен сойузда жана анын жол башчылыгы менен малчы дыйкандар көпчүлүгү ал пыланды ишке ашырууга жол беришпей өзгөрүшчүл күч менен оторчулук эзүү жана талоо системесин таптакыр жойушту.

Которулуп келген кулактардын алкымына таш каптырып, алардагы жерлерди кайтадан кыргыздарга кайтарып берип (1920-жылдагы төңкөрүш) кеңеш өкүмөтү менен партыйа, эзилип келген эмгекчи дыйкандарды жана жергиликтүү малчы дыйкандарды бириктирип кулактарга каршы, бай-манаптарга каршы беш жылдык үчүн, пакта үчүн, Орто Азыядагы жеке малчы эгинчи чарбаларды сатсыйалчылыкка кайта куруу үчүн көрөшүүгө уйуштурду. Туташ бирикмелештирүүнүн негизинде бай˗кулактарды тап катарында жойу үчүн күрөшүүгө да уйуштурулду.

Падыша өкүмөтү Орто Азыйадагы мал чарба жана дыйкандарды Орусуйанын киреписчилери (крепостной) менен импирийалчылары «Галитсыйаны» алып, Укурайынчылардын боштондугун таптакыр жойу үчүн, Жебирей Константенопол жана ошолор сыйактууларды колго алуу үчүн жүргүзүлгөн уруш жумуштарына айдаган.

Көпчүлүктүн бул маблизатсыйага кылган каршылыктарын падышачылык курал менен басты.

1917-жылдагы Өктөбүрдүн жеңиши натыйжасында Орто Азыянын эмгекчилери пролитарийаттын жана анын балшабек партыйасынын жолбашчылыгы астында сатсыйалчыл ата журтун коргоо үчүн дүнүйө импирийалчыларын толук жеңүү, 1914-жылдагы сыйактуу импирийалчылар урушунун чыга калуу мүмкүндүктөрүн жойу үчүн импирийалчылардын оторго үстөмдүк кылууларын такыр жойу үчүн жумушчу дыйкан Кызыл Аскеринин ажырабас бир бөлүмү болуп саналган улут аскер бөлүмдөрүн түзүшөт.

«Азыркы жүргүзүлүп жаткан 1909-жылы туулгандарды аскер катарына чакырууда Орто Азыянын эмгекчилери өздөрүнүн балдарын Кызыл аскер катарына жан дил менен жиберишет. Анткени, бул чакырык талоо жана эзүү армыйасына чакыруусу эмес, аларды дүнүйө импирийалчылары каракчыларынын талоосунан, аларды бай кулактардын тыңчылары болгон басмачылардан коргоп туруучу армыйага чакырылат» (Ж. К. в РВК Орто Азыйа бүйрөсүнүн тезисинен).

Камунус партыйасынын жолбашчылыгы астында жана Кеңештер Сойузундагы жумушчулар табы менен Кыргызстан эмгекчилер көпчүлүгүнүн активдүүлүгүнүн катуу өсүшү аркасында, бүлүнгөн эл чарбасын оңоо жөнүндө партыйа койгон милдеттерди жетиштүү жана бат орундай алдык.

Биздин партыйа менен кеңештердин туура сайасаты аркасында биз улут маселесин дагы чече алдык. Лениндин улут саясатын туура жүргүзүү аркасында бардык улуттардын эмгекчилерин бирдик майданы менен капыйталчылыктын калдыгына каршы чабуул койуп, сатсиалчыл коомун куруп жатабыз.

Улут сайасат жана партыйа койгон бир канчалык чарба сайасы милдеттерди туура өз убагында жана жетиштүү чечүүнү камсыз кылды.

Дан маселесинин бат чечилиши партыйанын сайасатынын абыдан туура экендигинен улут маселесинин туура чечилишинен болуп саналат.

Колкоздоштуруу жана айыл чарбасын сатсыйалчылыкка кайта куруу жагынан болгон биздин жетишкендиктерибиз дагы ушул сайасаттын тууралыгын көрсөтөт.

Биз азыр бай кулактарды тап катарында жойууну жетиштүү жүргүзүп жатабыз. Камунус партыйасы жана өзгөрүшчүл пролитарыйаттын башчылыгы астында Кыргызстан эмгекчилер көпчүлүгү бошоңсуз, дайым чың катуу жана туруктуу сүрөттө биздин республекедеги капыйтализмдин калдыгына чабуул койууда.

1916-жыл бай кулак элементтеринин адам күчүнөн пайдаланууларына каршы нааразычылыктарын билдиришкен Кыргызстан эмгекчилери азыр туташ колкоздоштуруунун мезгилинде аларды тап катарында жойууга киришип жатышат. Биздин партыйа менен төңкөрүшчүл пролетарыйат кыргыз эмгекчилер көпчүлүгүн ушунчалык чоң чаралар ири жеңиштерге камсыз кылышты.

Комунус партыйасынын жолбашчылыгы астында кеңештер сойузундагы жумушчу табы жана бардык улут эмгекчилеринин актиптүү катышуулары менен мал асыроо маселесин чечүү, колкоздоштуруу жактарынан партыйанын койгон милдеттерин сөзсүз орундайбыз. Айыл чарбасын сатсыйалчылыкка кайта куруу негизинде биз пакта маселесин дагы сөзсүз чечебиз.

Беш жылдыктын 3-чечүүчү жылында партыйа белгилеген пыргырамды жетиштүү орундоо менен катар, өткөн жылдардагы сыйактуу жетишкендиктер менен биздин алдыбызда партыйа койгон чоң милдеттерди, биздин кеңештер сойузуна сатсыйализмди куруу милдеттерин орундай алабыз.

Даярдаган Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз