СССР учурунда жашырылган Лениндин буйруктары

  • 10.09.2021
  • 21570

Владимир Ильич Ульянов -Ленина

СССР доорунда 22-апрель абдан чоң майрамга тете маанилүү күн болчу. Дегеле ишенчээк Совет адамына Ленинге байланышкан нерселердин баары ыйыктай сезилчү. Жыргал жашоону Кудай эмес Ленин берген деп билчүбүз. Андыктан лениндик ар бир сөз, ар бир сап пайгамбардыкына тете эле.

Мектепте тарых жана коом таануу сабактарынан өтүлгөн, кийин жогорку окуу жайларынан милдеттүү окуу программасына киргизилген Лениндин калың томдорун мээге жеткиче кайра-кайра окуп, дептер толтура конспектилеп, айткан учкул сөздөрүн жаттачу элек. 

Кере карыш калыңдыктагы “Лениндин жыйнактары” менен жыйырма томдон турган “Лениндик өмүр баян” аталган калың китептерге пролетариаттын жолбашчысынын “мээси короп, колу тийген” 24 миң документ бириктирилген. Бирок Совет учурунда эч качан жарык көрбөгөн жолбашчынын колу коюлган 400дөн ашык (кээ бир маалыматтарда мындан да көп) документ элге жарыяланбаптыр.

"Токтоосуз дарга асылсын!"

Ошол Ленин тарабынан жазылган 400дөй макала, кат жана башка документтерди Коммунистик партияны башкаргандар тобу ондогон жылдар бою архивдерде жашырып, жарыкка чыгарууга, башкаларга окууга тыюу салышкан. Алардын көбү жакында гана жарык көрдү. Мындай карасаң дүйнөнүн жарымына жакыны мактап, Кудай кыла жаздаган. Айткан учкул сөздөрү жаттатылып, мынча документтер узак убакыттар бою катылып жатканы акылга сыйбайт.

Эмне үчүн мындай болгон? Себептери бир нече. Мисалы, адамда жок акылмандыгын, боорукерлигин, адамгерчиликтүүлүгүн мактап ырлар чыгарылып, китептер жазылган жолбашчынын канкордук менен буйрук берген кагаздарын элге жарыялоо бери болгондо ыңгайсыз болчу, ары болгондо...

Мисал үчүн Лениндин 1918-жылы 11-августа Пенза губерниясына жиберген телеграммасын карайлычы. Бул жерде “продразверстка” аталган дыйкандардын эгинин мамлекетке тартып алуу жараяны абдан катуу жүргөн. Эгинди дыйкандардан Петрограддан жиберилген Кызыл армиянын куралчан топтору жыйнаган. Акыры мындай талап-тоноого чыдабаган пензадагы кыштактардын биринен дыйкандардын көтөрүлүшү дүрт этип, ал катуу кеткен өрт сымал бир нече волосту каптаган. Ленин бул тууралуу укканында абдан жинденип, губерниянын жетекчилерине жана башка “пензалык коммунистерге” мазмуну төмөндөгүдөй телеграмма жөнөткөн:

"Жолдоштор! Беш волостун кулактарынын көтөрүлүшү айоосуз басылсын... Биринчиден, жүздөн кем эмес козголоңчул  кулак, байбача жана кан ичкич даргага асылсын (эл көрсүн, сөзсүз аскыла!)

Экинчиден, алардын ысымдарын жарыялагыла!

Үчүнчүдөн, алардын бардык эгини, бүт мүлкү тартылып алынсын!

Төртүнчүдөн, башкалар сестениш үчүн көптөрдү камагыла, эл жүз верстен көрүп сабак алсын, аларды көз көрүнөө барымтада кармагыла...”

Ленин "концлагерлер" жөнүндө көп жазган жана айткан. 1919-жылы май айында Кронштатты эвакуациялап жүргөн Зиновьевге “актардын” басып киришине байланыштуу төмөндөгүдөй телефонограмма жөнөткөн:

"Жолдош Зиновьевге.

... Ал жакшылыкты билбегендерди концлагерге жөнөткүлө".

"Лениндик жыйнактардын" бирине бул жетиштүү көлөмдө узун телефонограмманын үзүндү жарыяланган, андагы "Концлагер" сөзү кийин алынып салган. Демек жолбашчы да цензурага кабылган.

Сейрек эмес учурларда Лениндин катаалдыгын согуш мыйзамдарына, учурдун талаптарына такап акташка аракет кылышкан (ошондо да бир эле советтик пропагандистер эмес). “Сен же мен өлөм деген согуш жүрүп жаткан, кызыл террорго каршы кызыл террор керек болчу...” – деген сыяктуу актоолор айтылган. Бирок Ленин бир эле актар менен согушпаган, ага Антанта менен да жоолашууга туура келген.

Көп каттарынын биринде (1919-жылы 1-августа жазылган) ал мындай деп жазат: "Эч кимдин көзүнө карабай баардыгын жазалаш керек!"

Жолду көрсөтүүдө

Эч кимден коркпогон ал Кудайга да каршы чыккан десек болот. Анткени ал азыркыча айтканда, Кудайдын үйү делген чиркөөгө согуш ачкан. Анын биринчи душманы чиркөө кызматкерлери менен интеллигенттер болгон. Шуя шаарындагы чиркөөдөн баалуулуктарды алып кетмекчи болгон өкмөт адамдарына катуу каршылык кылган динчилдер кызыл аскерлер тарабынан атылган. Бул окуяга карата саясый бюронун бардык мүчөлөрүнө сыртына "Өтө жашыруун. Көчүрүп жазганга эч качан болбойт" грифи бар  чоң кат жөнөткөн. Анда мындай деп айтылат:

"...Саясый бюро сот бийлигине оозеки түрүндө буйрук берет: Шуй козголоңчулары болушунча тез жазалансын (...) алардын ичинен абдан таасирдүү жана коркунучтуу  черносо́тенцылардын (Орусияда 1905—1917-жылдарда самодержавия жана православия деген ураан менен чыккан оңчулдардын уюму.) бири калбай атылсын, мүмкүн болсо ушул шаардагы эле эмес Москва баш болгон башка диний борборлордогу булардын тилектештери жазалансын...

Биз Шуйдагы окуяга шылтоолоп булар сыяктуу реакциячыл динчилдер менен буржуазия өкүлдөрүн канчалык көп атып жок кылсак, ошончо жакшы. Так азыр-бүгүн, бул жамааттын жазасын мүчөлөрү бир нече жылга чейин каршылык кылмак тургай баш көтөрүүнү ойлобогудай кылышыбыз керек”.

"...Саясый бюро сот бийлигине оозеки түрүндө буйрук берет...” – деген сөзгө көңүл бурсак козголоңчулардын тагдыры партиялык жетекчилик тарабынан алдын ала чечилип, телефон аркылуу буйрук берилгени, бул жерде эч кандай сот болбостугу ачык байкалат. Иличтин бул “осуятын” зым аркылуу уккан анын мураскерлери “телефондук укуктарынан” пайдаланып, эч нерседен тартынбастан тездик менен ишке ашырышкан. 

Алсыздыгы жок адам

Бирок бир гана лениндик катаалдык себеп болуп анын каттары жашыруун кармалган эмес. Башка себептер менен да анын каттары көмүскөдө сакталган. Мисалы, анын Иннеса Арманд деген айымга жазган каттары да Совет учурунда жарыяланган эмес. Өзү менен интимдик жакын мамилелери бар деп болжонгон бул аялга Илич 1916-жылдын 13-ноябрында Люцернде революциячыл ишмердигинен улам куугунтукта жүргөнүндө жазган катына көңүл бурсак:

“Кымбаттуу досум!

... Мен Сизге бир нече достук сөзүмдү арнагым келди жана Сиздин колуңузду бекем-бекем кысууну кааладым... Сиз мага азыр жооп кат жазып жаткан болсоңуз, колуңуз менен бутуңуз сууктан титиреп жатканын элестетип турам. Бул... бул абдан жаман. Ансыз деле  Сиздин колуңуз дайыма муздак эмеспи...

Сиздин”.

Эч кандай таарыныч же сезим ойготпой турган жөнөкөй кат. Интимдин изи билинбейт. Бирок жолбашчыга адамдык алсыздыктарды кетирүүгө жол берилген эмес (Ал бир гана Бетховендин "Аппассионата" чыгармасына (монолог түрүндө) сүйүүсүн билдирген), анын үстүнө катты көңүлдөшүнө жазып атпайбы.  Анткен менен Лениндин Инесса Армандга жазган каттары жашыруун архивден жоголуп кеткен. Ал жерде күнүмдүк турмушту чагылдырган бир нече кат да катылган.  Мындайча айтканда, Лениндин өз колу менен жазылган турмуш шарты тууралуу каты. Алардын арасынан бирөөсүн окуп көрсөк:

"Жыл башында Смольныйдан (Петроград) батир алдым, андан соң акырындан Моквадагы өкмөт үйү Кремлге көчүп келүүгө туура келди. Батирдин көлөмү төрт бөлмөлүү, ашканасы жана үй кызматчысы үчүн дагы бир бөлмө бар".

Азыркы чоңдордун турмушуна салыштырсак, бул үй жөнөкөй айыл өкмөтүнүкүнчө да болбойт. Бирок ал доордо адам жалдагандар айоосуз жазаланганын (азык түлүк карточкасы тартылып алынгандан баштап, үй мүлкү конфискацияланган, сүргүнгө айдалган ж.б.) унутпашыбыз керек. Совет доорунун башталышында эч ким өз туугандарын, ал тургай балдарын да кызматка ала алган эмес. Ал эми кызматкер кармаган буржуйларды штыкка сайып көтөрүшкөн. Анан ушул сыяктуу идеяларды көтөргөн Владимир Иличтин үй кызматкер кармаганын кандай түшүнсөк болот?.. Кандай болсо да жакшы эмес ко.

Макаланын жазылышына авторго "В.И. Ленин. Белгисиз документтер. 1891—1922" китеби эргүү берди/ Федер. архив. агентство, Рос. мам. архив соц.-саясый. тарыхы. М.: саясый энциклопедия (РОССПЭН).

Ефим ШУМАН

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз