Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы

МАССАЛЫК ТАЛАП-ТОНОО

Большевиктер кан сарайларды басып алуу менен имараттарды гана эмес, алардын ичиндеги болгон байлыктарды да бүт энчилеп алышкан. Өзүлөрүнүн бул кылганын алар «эмгекчилердин кызыкчылыгына» төп келет деп эсептеп, аларды жымсалдап жаап-жашыруу ойлоруна да келген эмес. Бирок бул башталышы гана эле.

1917-жылдын 14-декабрында бардык банктар мамлекеттики болуп калган. Таң заардан банктардын имараттарына кызыл гвардиячылардын, солдаттардын жана балтикалык матростордун куралдуу отряддары келген. Алар кирип чыккан жерлердин баарын жаап, документтерди, кампалардын жана жеке адамдардын сейфтеринин ачкычтарын тартып алышкан. Атайын комиссарлар басылып алынган банктардагы баалуулуктарды чогулта башташкан. Салымдардын жана «болот жащиктердеги» баалуу мүлктөрдүн ээлерине мунун баарын силер эмгекчи элден уурдагансыңар, ошондуктан эми алар элге кайтарылат деп түшүндүрүшкөн.

1918-жылдын январында Ленин бардык мамлекеттик, анын ичинде чет элдик займдарды жокко чыгарган. Муну патриоттук сезимден улам жүз миңдеген адамдар колдоого алышкан. 

Негизи кандайдыр бир кымбат баалуу буюмдар көп эле үй-бүлөлөрдө, анын ичинде дыйкан бүлөлөрдө да болгон. Албетте, маселе кимдин канча байлыгы жана ал канча суммада болгонунда. Айталы, улуу княздын үй-бүлөсүнө таандык кымбат баа тарыхый буюмдар миллиондогон акча турары анык эмеспи. Банкирдин же адвокаттын аялы ак чөйрө көзүнө наркы миңдеген же он миңдеген акчага турган шуру же сөйкө салынып чыккан. Ал эми “Алыбек алына жараша” дегендей, кесипкөй жумушчунун, наабайчынын же гимназия мугалиминин кызынын тагынчактарынын наркы он, же ашып кетсе жүз сом турган. Бирок алтын тыйындар, шакектер же асыл таштуу буюмдар миллиондогон адамдарда болгонун айтсак аша чаппастырбыз. Буга нике шакектерин кошо эсептесек – алтын буюмдар ондогон миллион адамдарда болуп атпайбы.

1918-жылы банктагы баалуу буюмдарын алып чыгып кеткенге үлгүрбөй калгандарды же аларды үйүнө катып сактагандарды ЧК жапырт баскан (ошол кездеги атайын кызмат-Б.Ш.). Сенин эч кандай күнөөң жок, сени айыптаган да киши жок, болгону алтыныңды келе дешкен.

Булгаков акчасы менен кымбат баа буюмдарын элдик бийликтен каткан буржуйларды камап алып, ачкачылык менен кыйноого алган «театрды» боорду эзген юмор менен жазганы бар. Бирок жашоодо мунун баары анчалык күлкүлүү болгон эмес.   

ТУРАК ЖАЙ МАСЕЛЕСИ

1917-жылдын декабрында кыймылсыз мүлк боюнча келишимдерге тыюу салынган, ал эми 1918-жылдын августунда шаардагы кыймылсыз мүлктөр расмий түрдө улутташтырылган. Бирок турак жай ээлерин алмаштыруу 1917-жылдын ноябрь айынын башында эле күрдөөлдүү башталган: ээн жаткан батирлерди ээлөөгө жана «көчүп кирүүгө» уруксат берилген. Мында албетте, ошол турак жайлардын  эмне үчүн «ээн» турганына эч ким деле баш ооруткан эмес. Командировкалап же иштери менен сапарга чыгып кеткендердин, дарыланууга жаткандардын, же башка шаарларга барып убактылуу жашагандардын батирлерин ар ким каалагандай эле опоңой ээлеп ала берген. Алардын баарында керектүү оокаттар белен эле – эмеректер, шейшеп, жууркандары, от жакканга меши, шкафтарында кийими, дубалдарында илинген сүрөттөрү, кире бериште көлөчтөрүнө чейин ошол бойдон турган; кел да, кирип алып жашай бер.

Кенен батирлерде жашагандардын үстүнө жаңы бийлик каалаган маалда каалаган кишисин кийирип, «сыйыгыштыра» берген. Антпесе чын эле – «кимдир-бирөө жалгыз кара башына жети бөлмөдө чалкалап жатса, башка бир шордуу таштанды челектен тамак таап жеп жүрбөйбү». Бул тартипке жатпайт дешкен.

Кайсы батир «абдан эле чоң» экенин кимдер чечкен? Бул маселени ар кайсы деңгээлдеги каалаган жергиликтүү кеңеш эле чечип койгон. Же муну көп учурда куралдуу «эмгекчилер» өзүлөрү каалагандай калчай беришкен. Кеңеш болсо жаңы тургундарга турак жай ордерин арткы число менен, тагыраак айтканда, басып алуу фактысы боюнча берип турган.

Так ушул мезгилден тарта бардык ири шаарлардагы бир нече кожоюну бар батирлер - «коммуналкалар» кадыресе көрүнүшкө айланган. Аларда жеке менчик ээлери жашаган эмес, жалпы коммуналдык чарба жүргүзүлгөн.  

АЧКАЧЫЛЫКТЫН УЮШТУРУЛУШУ

Совнаркомдун экономикалык декреттеринен кийин шаарларда жашаган калк толугу менен жападан жалгыз жумуш берүүчү жана багуучуга айланган - мамлекетке көз каранды болуп калган. Жумуш менен нанды мамлекет гана бере алган.

1918-жылдын 21-ноябрында ички соодага мамлекеттик үстөмдүк жарыяланган, жеке соодагерлер болсо кызыл кулактарга айланып, ЧКнын куугунтугуна алынган.  

Шаарларды дайыма дыйкандар же шаар четтеринде уй кармап, чарба жүргүзгөндөр багып келишкен эмеспи. Мына ушул абдан пайдалуу адамдар өзүлөрү күтпөгөн, түк ойлобогон жерден шаарларда нан болобу, сүтпү, быштакпы, капустабы же картөшкө болобу, дегеле бирдеме сатуу укугунан таптакыр ажыратылган. Кыскасы, таптакыр эч нерсе сатууга болбойт деген тыюу салынган. Жеке менчик соодагер кааласа, каалабаса, капитализмди жаратат, ал эми капитализм чечкиндүү күрөшүүнү талап кылат дешкен.    

Бабель 1918-жылдын кышында Петрограддын Москва вокзалында «жакындап келаткан поездди күтүп алган тосмо отряд асманга мылтык аткылап, анда келген «мүшөкчөндөрдү» перронго тизип, үстүндөгү кийимдерин сыйрып алышканын» сүрөттөп жазган. 

«Мүшөкчөндөр» — булар ташып келген тамагын шаарга алып кирип кетүүгө аракеттенгендер. Анткени азык-түлүккө муктаж болгон шаардыктар аларга каалаган акысын төлөп, кийим, патефон, зер буюмдарын, алтын өңдүү ырыстуу оокаттарына чейин кармата бергенге даяр эле...

ЖЫРГАП, ЧАРДАГАНДАР

1917–1918-жылдардын кышында Петрограддан мурдакы үч миллион делинген бир миллиондон кем эмес адам качкан. Он миңдеген адамдар ачкачылыктан, жылытылбаган батирлердеги сууктан өлүшкөн. Шаарда саркынды акчу түтүктөр иштебей, отундун каатчылыгы күчөп турган учур эле.

Бирок өлүм жыттанган мына ушул сюрреалисттик падышачылыкта да жыргап, чардагандар болгон. Жок эле дегенде 20 миңдей адам «өзгөчө партиялык» же «совнаркомдук» паёк деп аталган азык-түлүк үлүшүнө ээ болгон. Муну «кремлдик» деп да жүрүшөт. Партиялык паёкко бир нече азык: ак нан, таруу, жашылча-жемиш, эт, сүт азыктары ж.б. кирген. Айтор, өлкөнүн чарбасы канчалык талкаланган учурда да он миңдей адамга тамак-аш жетишерлик өлчөмдө кенен табылып турган.

Москванын Кремлинде «ашкана» уюштурулуп, анда ресторандагыдан кем эмес тамак берилген. Тамактануу үчүн сөзсүз Кремлге баруунун деле кажети жок эле: тейлөө кызматындагылар тамакты батирлерге өзүлөрү жеткирип берип турушкан. 

Арийне, бул азыктарды кимдир-бирөөлөр бөлүштүрүп, даярдап турушу керек эле. Бул жагын тейлеген сансыз кызматчылардын болгону анык, демек, аларды биз ачкачылыктан өлгөндөрдүн катарына коша алабызбы? Бир эле «совнаркомдук паёкко» 2-3төн кем эмес суюгураак паёктун туура келгенин эске алсак, аны алгандар ачка өлүмгө кабылган деп айтканга түк ооз барбайт.

1918-жылдын кышында кээ бир аргасы түгөнгөн петрограддыктар мүрт кетип, өлүктөрү Невск проспектисинде жайнап жаткан аттардын ичеги-карындарын тазалап алып жатышса, аларды багабыз деп келген «кызыл кулактарды» жакындата койбой алыс кубалап, тиги шордууларды ач өлүмгө дуушар кылышкан.  

Петрограддын Москва вокзалындагы тосмо отряд «мүшөкчөндөрдүн» башынан ашыра аткылап, кийимдерин сыйрып жатышканда алардын алып келгендери кайда кеткен болот? Анткени алар шаарга ун, эт жана чочкомай жана башка толгон-токой азыктарды ташып келип жатышпады беле?

Баса, «мүшөкчөндөр» деп жалаң гана «кызыл кулактарды» айтышкан эмес! «Мүшөкчөн» деп дегеле Петроградка, жадагалса, өз үй-бүлөсүнө деле кандайдыр бир тамак-аш алып келген адамдарды да атай беришкен. Мисалы, бирөө кыштакта жашаган туугандарыныкына барып, ал жактан үч баласына азганакай таруу көтөрүп келаткан бойдон үйүнө жетпей калат. Анткени апкелатканын же тартып алышат, алтургай, атып да салышы ыктымал, айтор, бул ошол шордууну кармагандардын маанайына жараша болот.    

ЗАМАТТА МИЛЛИАРДЕР БОЛУП ЧЫГА КЕЛГЕНДЕР

Большевиктер Россиядагы фантастикалык байлыктарды басып алышкан. Россиялык төбөлдөрдүн жана жогорку аристократиянын бүт казынасы, буржуазия жана анын башындагылар чогулткан эбегейсиз байлык түгөл алардын колуна өткөн.  

Кан сарайлардын жана музейлердин чылк казынасы, Россиянын бүткүл элинин – улуу княздар жана миллионерлер Гучков менен Милюковдордон тартып жумушчулар менен майда чиновниктердин банктардагы жана «болот жащиктердеги» жупуну салымдарына чейин большевиктердин энчисине тийген. Бүткүл эл кылымдар бою чогулткан улуттук баалуулуктар большевиктердин партиясынын менчигине айланган. Бул партиянын төбөлдөрү эсептелген он чакты гана адам көз ирмемде Европадагы эң бай адамдардан болуп чыга келишкен. Анткени алар жомоктогудай казынаны калчап, башкарып калышкан.

Ошенткен менен кимдир-бирөөлөр баалуу оокаттарын чет мамлекеттерге чыгарып кетүүгө же катып салууга үлгүргөндүктөн, большевиктер дагы далай нерселерди таба алышкан эмес. Бирок 1918-жылдын кышында большевиктердин байлыгы жок эле дегенде ошол кездеги бир нече миллиарддаган алтын рублди түзгөн.

Бул каражаттар кайда жумшалат деген гана маселе бар эле.

Яков Самуэлевич Рейх момундай бир окуяны баяндап берген. Ага 1919-жылы Берлинде Коминтерндин резидентурасын уюштурууну тапшырышат. Көрсө, партиялык жана мамлекеттик кассадан тышкары, жашыруун дагы бир касса болуп, аны Ленин өзү гана тескечү экен. Ал кассаны Ганецкий деген неме башкарган имиш...

Рейх минтип жазат: «Мен Ганецкийди көп жылдардан бери билчүмүн, ошондуктан ал мени эски тааныш жолдош катары кабыл алды. Мага немис жана швед валютасы менен 1 миллион рубль берди. Анан мени купуя сыр катары сакталган партиялык кассанын кампасына алып барды... Ал жакта алтын жана кымбат баа буюмдар тимеле таман астында шагырап жатыптыр. Алкактан жулунуп алынган асыл баа таштар додо болуп үйүлүп, полкаларда эле чачылып жатат, кыязы, кимдир-бирөөлөр мунун баарын ирээттеп, ылгайын деп барып таштап салгандай. Кире бериштеги турган жащикте жалаң алтын шакектер толтура экен. Дагы биринде ташы чыгарылып алынган алтын алкактар шыкалып жатат. Ганецкий кол чырагын ары-бери айландырып, анан жылмайган бойдон: «Каалаганыңызды тандаңыз!» - деди. Мунун баарын ЧК Лениндин буйругу менен жеке адамдардан тартып алганын түшүндүрдү. «Бул байлыктарды капиталисттер элди тоноо жолу менен табышкан», — деп Ленин айткан имиш. Мен бирдеме тандагандан ыңгайсызданып турдум, анын үстүнө баасын кантип билесиң? Анан таштарды дегеле түшүнчү эмесмин да. «Мени көбүрөк түшүнөт деп турасызбы? — деп жооп узатты Ганецкий. — Бул жерге Ильич ишенген адамдар гана кире алат. Карап туруп эле каалашыңызча тандап ала бериңиз. Ильич сизди көбүрөк ала берсин деп жазган»… Ошентти да бир чамаданга толтура асыл таштардан шыкап туруп колума карматты. Жүк болобу деп алтындан алган жокмун. Алган таштарыма эч кандай тил кат сурашкан да жок, бирок жанагы берген валютага мен албетте, тил кат жазып бердим…».

1918-жылдын каары ашкан кышында Инесса Армандын жана БКнын жарымысынын көңүл жакын курбусу Лариса Рейснер ак мармар кан сарайда кызматчылардын чоң штатын кармап турган жана шампандын беш сортунан толтурулган ваннага түшчү экен. Ага мунуң ашыкча го демиш эткендерге Рейснер таң кала көзүн сүзүп:

— Эмне, биз революцияны өзүбүз үчүн жасаган жокпузбу? – дечү экен.

Рейснердин го мындай жоругу балким ашыкчадыр, бирок элдик киши, анан большевик атанган, Бороктун үч желекчелүү эки кабат үйдөн жана эбегейсиз кенен сейил багынан турган ээ жайын өмүрүнүн акырына чейин менчиктеп алган Морозовду кантесиң.

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Михаил Веллер, Андрей Буровскийдин «Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы» китебинен

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз