«Жолдош Коба жакшы кызматкер» же эмне үчүн Сталин 1917-жылы саксынган

  • 09.09.2021
  • 3399

Александр Чиженоктун фотосу / «Коммерсантъ»

«Лента.ру» жарыялаган Орусиянын коммунистик дооруна көз жүгүрткөн макалаларын кыргызчага оодарууну улантабыз. Орус тарыхчылары, саясатчылары жана саясат таануучулары менен бирге орчундуу окуяларды, өзгөчө көрүнүктүү адамдарды, саясый кубулуштарды эскеребиз. Эмне үчүн 1917-жылы Сталин Ленин менен келише албай Убактылуу өкмөт менен кызматташкан? Эмне үчүн ал Каменскийге жана Зиновьевге болушам деп Троцкий менен чырдашкан? Эмне үчүн Октябрь төңкөрүшүнөн кийин болочок диктатор Негиздөөчү жыйынга шайланууга аракет жасаган? Булар тууралуу «Ленте.руга» тарых илимдеринин кандидиты, Орусия мамлекеттик социалдык-саясый тарых архивинин директору (РГАСПИ) Андрей Сорокин маек курду.

Токтоо большевик

«Лента.ру»: Февраль революциясы ишке ашканда Сталиндин Ачинскиде сүргүндө жүргөнү маалым. Ал Петрограддагы окуялар тууралуу кантип билген?

Сорокин: Ачинскидегилер Петроградда ишке ашкан революция тууралуу 1917-жылдын 2-мартында  юстициянын жаңы министри Александр Керенскийдин сүргүндөгүлөрдү бошотуу тууралуу буйругу жазылган телеграммасы келгенде билишкен. Ал эми  7-март күнү Сталин сүргүндөш досу Лев Каменев менен бирге Ачинскиден  Петроградды карай жол тарткан.

«Лента.ру»: Борбордо ал эмне менен шугулданган?

Сорокин:  Сүргүндөн 1917-жылдын март айында кайтып келгенден кийин Сталин большевиктик жетекчиликтеги маанилүү, бирок партиянын ички саясатын аныктоого катыша албай турган кызматты аткара баштаган. Ал   РСДРП БКнын жетекчилеринин бири катары   «Правда» гезитинин редколлегиясына мүчө болгон да, Каменев досу менен биргеликте бул басылманы дээрлик өз көзөмөлүндө кармай баштаган. 

«Лента.ру»: Ал учурда Сталин кандай көз карашты карманган? Ал жана анын досу Каменев башында Убактылуу өкмөт менен кызматташууну туура көргөнү, токтоо идеяларды карманганы, ал тургай оңчул большевик болгону да  чынбы?

Сорокин:  Чынында эле Сталиндин көз карашы башында орточо болчу. Башкача айтканда, буржуазиянын бийликке келишин саясаттагы мыйзамченемдүүлүк катары карап, социализмдин келечегине кайдыгер эле. Ошондуктан ал Убактылуу өкмөттү мүмкүнчүлүгүнө жараша колдогон. Мындан улам чечкиндүү аракеттерге барууну көздөгөн большевиктик БКнын жана Лениндин көз карашына каршы чыккан Сталин орус социал-демократтарын бириктирүүнү көздөгөн меншевиктердин демилгесин колдоого алган.

«Чыгармачыл» марксист

«Лента.ру»: Эмне үчүн кийинки натыйжада Сталин Каменевден айырмаланып, Лениндин радикалдуу багытына чын көңүлдөн ооп кетти?

Сорокин:  БКнын көпчүлүк мүчөлөрүндөй эле Сталин Лениндин “апрель” тезистерин дароо эле кабыл ала койгон эмес. Анткен менен Ленин эмиграциядан кайтып келгенине бир нече күн болгондон кийин партиянын айныксыз лидеринин көз карашын туура көрүп, ал тарапка өтүп, “буржуазиялык-демократиялык” февраль революциясын пролетарлардын социалистик революциясына айлантуу ураанын колдой баштаган. 1917-жылдын күзүндөгү большевиктик партиянын жетекчилигиндеги чоң пикир келишпестикти куралдуу көтөрүлүш чыгаруу маселеси жараткан. 

Иосиф Сталиндин (Жугашвили) турухан сүргүнүндө жүргөн кези

Фото: РИА Новости

Сталин башка большевиктик жолбашчылардай эле Лениндин акылга бекем таянган ой жүгүртүүсүнө кандай жеңилсе, анын кармана албаган чорт кыялына каршылык кыла албаган. Анын үстүнө Сталин өкүм сүрүп турган саясый режимдин алкагында меньшевиктер менен ымалага келгенге караганда, бийликти басып алуунун лениндик планынан бир өзү үчүн чоң келечекти көргөн. Мындай кылса өзүнүн саясый, уюштуруучулук жана башкаруучулук жөндөмү партиядагы биринчи, экинчи болбосо да үчүнчү орунга көтөрөрүнө көзү жеткен.

Апрель айында Сталин делегат катары большевиктердин Петроград шаардык 1 конференциясына делегат болгон, андан соң РСДРП(б)нын VII конференциясына катышкан. Ал окулган докладдарга карата жарыш сөзгө чыгып, Лениндин көз карашын колдогон, улуттук маселе боюнча доклад жасаган. Натыйжада, Лениндин сунушу менен аны БКнын мүчөлүгүнө тандап алышкан, болгондо да ал тизмеге Ленин менен Зиновьевден кийин жазылган. Ошондо Ленин өзү Сталин жөнүндө мындай жакшы пикирин айткан: «Жолдош Коба… жакшы кызматкер, баардык жооптуу иштерде өзүн көрсөтө алат».

Июнда Сталин Жумушчулар менен солдаттар кеңешинин 1-Бүткүл орусиялык съездине делегат болгон, аны ВЦИКтин (Всероссийский центральный исполнительный комитет) мүчөсү жана анын Жогорку Бюросунун мүчөсү кылып шайлашкан. Анткени бул убакка чейин Коба «Правда» жана «Солдатская правда» гезиттеринде көптөгөн саясый макалаларды жазуу менен үзүрлүү иштеп, белгилүү публицист болуп чыга келген.

1917-жылдын августунда Сталин мындай деп айткан: «Сындалбай турган (догматический) марксизм жана чыгармачыл марксизм бар. Мен бул экөөнүн кийинкисинде турам». Анын биографы Олег Хлевнюк мындай деп жазат: "Чыгармачыл марксизмдин" кыртышы ушунчалык ыңгайлуу болуп чыкты дейсиң, Сталин ал жерге биротоло орношуп алды, анткени бул жер учурдагы саясый кызыкчылыктарга жараша баарын ойнотконго, пайдаланганга, көз боёгонго жана баарын башкарганга эң ыңгайлуу орун болчу”.

«Лента.ру»: Сиз Сталинге берген ушундай мүнөздөмө менен макулсузбу? Чынында эле Сталин Ленин сыяктуу эле көрүнүктүү оппортунист (оппортунист - өз кызыкчылыгына алдамчылык, жалганчылык, митаамдык ж.б. ыпылас жолдор менен болсо да умтулган адам) болгонбу?

Сорокин: Сталиндин жүрүм-турумун оппортунистик кылык деп чечмелеп кереги жоктой. Оппортунизм марксисттердин ою боюнча — күрөштүн революциялык түрүнөн баш тартуунун теориясы да, практикасы да болчу, пролетариаттын буржуазиянын алдындагы бөкчөңдөшү эле, түшүнүктүү айтканда алар үчүн коммунисттик идеялардан баш тарткандан өткөн оппортунисттик жок болчу. Анткени коммунисттер жеңиш үчүн бардык куралдарды колдонушкан, анын ичинде жалган менен алдамчылык болгон. Андыктан Хлевнюк баа бергендей оппортунистик кылыкты алар жөн-жай иш катары көргөн.  Сталин да Ленин сыяктуу эле текшерилбеген маселени мезгил үчүн орчундуу чындык, саясый тапшырма катары таңуулай берчү. Анткени ал олуттуу теоретик эмес болчу.

Ленин, Сталин жана Разлив

«Лента.ру»: 1917-жылы «Июль күндөрүндө» Сталин большевиктердин негизги сүйлөшүү жүргүзүүчүсү болуп калган. Бул жагдай эмнеден улам жаралган?

Сорокин: Июлдун башында козголоң чыгаруу аракеттери ишке ашпай калгандан кийин большевиктик лидерлерди куугунтуктаган Убактылуу өкмөттүн тизмесине Сталин кирбей калган. Мисалы, алар Троцкийди кармап “Крестке” отургузушкан, анда ал жолу болбогон корниловдук чыгууларга чейин отурган. Баса, Троцкийдин өзү Сталиндин көмүскөдө жасаган иштерин баалаган: “Сталиндин эл менен иштей билгени баалуу. Өзгөчө ал орточо курамдагы аскер адамдарын жана кыштактыктарды ынандыра билет...”

Иосиф Виссарионович Сталин, Владимир Ильич Ленин жана Михаил Иванович Калинин (экинчи  катардын так ортосундагы Лениндин эки жагында Сталин менен Калинин отурат) РКП нын VIII съездинин делегаттары менен. 1919-жыл.

Фото: РИА Новости

Анын үстүнө март айында БК бюросу Сталинди делегат катары солдаттар менен жумушчулардын Петроград аткаруу комитетине жиберген. Ал жерден Сталин ашынбаган социалистер менен (меньшевиктер жана эсерлер) ошондой эле Советтин жетекчилиги менен мамилени жөндөп, жакшы байланыш түзүп келген. 

«Лента.ру»: Июлдагы чыгуулар ийгиликсиз аяктагандан кийин большевиктер партиясы оор абалда калган: Ленин Зиновьев менен бирге Разливде жашынып жаткан, Троцкий «Крест» абагында отурган.  Сталинди эркиндикте калган аз сандагы большевиктик лидерлердин бири десек жарашабы?

Сорокин:  Албетте. Жашыруун жайга бекинген Лениндин жоктугунан улам Сталин  РСДРП(б) БКнын 5-августагы отурумунда Борбордук комитеттин мүчөлүгүнө шайланган)  БКнын мүчөсү катары РСДРП(б) нын VI съездинде отчёттук доклад менен чыгып сүйлөп, “Орусиянын социализмди карай жол салган биринчи өлкө болуп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин четке какпайбыз”, - деген Лениндин идеясын ураан катары айткан. 

«Лента.ру»: Сталиндин расмий өмүр баянында ал Разливде жашынып жаткан Ленин менен эки жолу жолугушкан деп жазылган. Бул чындыкка таянып айтылган сөзбү? 

Сорокин:  Жолуккан эмес. Сталин менен Лениндин Разливде жолукканы жумушчу Николай Емельяновдун эскерүүлөрүнүн кийинки варианттарында пайда болгон. Пролетариаттын жол башчысын Зиновьев менен бирге каткан бул жумушчунун биринчи эскерүүлөрүндө  Разливде Ленин менен Сталин жолуккан эмес. Аны кийин кошуп коюшкан, ал эми чындап эле ал жерде Ленин менен бирге болгон Зиновьевди тескерисинче алып салышкан. 

«Лента.ру»: Сталиндик репрессия учурунда Емельянов кандай тагдырга тушуккан?

Сорокин: Аны абдан кайгылуу тагдыр күтүп алган. Өзү тургай бүткүл үй-бүлөсү (ата-энеси, үч уулу) отузунчу жылдардагы репрессияда атылып кеткен. Емельяновдун Сталиндин пайдасына тарыхты бурмалоосу да аны репрессиядан сактап кала алган эмес.  

Сталин жана Троцкий

«Лента.ру»: Даярдалып жаткан куралдуу көтөрүлүш тууралуу Зиновьев менен Каменев макала жарыялагандан кийин аларды Сталин эмне үчүн Ленин менен жараштыргысы келген? Бизге белгилүү болгондой Ленин бул экөөнү партиядан чыгарууну талап кылган, бирок буга Сталин каршы чыккандыктан Ленин өз максатынан кайткан.

Сорокин: Чынында эле 1917-жылы октябрда Ленин куугунтуктан кайтып келгенде Сталин ага ачыктан-ачык каршы чыккан. Бирок качан гана Зиновьев менен Каменев Лениндин бийликти куралдуу жол менен басып алуу планын сындап макала жазганда экөөнү партиянын катарынан чийип салмакчы болуп жинденген Ленинди Сталин араң токтоткон. Сталин ал тургай экөөнүн элдешкиси келген катын «Правдага» басып, өзү дагы буларды ынтымакка чакырган. Сталиндин андагы чыныгы максатын азыр болжоп айтыш кыйын. Жакшылап талдай карап келгенде Сталин окуялардын өнүгүшү лениндик план менен кетпей калат деп корккон окшойт. Ошондуктан ал аша чаппаган коммунисттер менен мамилесин бузгусу келбегендей (Каменев менен бир нече жыл сүргүндө бир болгонун унутпайлы), анан дагы ал ошол учурдагы бийликтин алдында  мыйзамдуу жашоо мүмкүнчүлүгүн өзүнө калтырууга аракет кылгандай.

«Лента.ру»: 1917-жылы Сталин менен Троцкийдин мамилеси кандай болгон?

Сорокин:  Буга токтолуунун кажети деле жок. Эгер кыскача айтчу болсок, алар башынан эле каршылаштардан болушкан. Токтоо жүргөн Сталин  Троцкийдин кызуу кандуу чечкиндүүлүгү менен келише алган эмес. Көрүнүктүү инсандардын өз ара мындай мамилеси келечектеги саясый кагылышууларга, чабышчудай болгон пикир келишпестиктерге оттук болуп берген.

Сталин Октябрь революциясында

«Лента.ру»: Октябрь төңкөрүшүнүн даярдалышындагы жана анын ишке ашырылышындагы Сталиндин ролу кандай болгон?

Сорокин: Бул жаатта абдан көп көз будамайлоолор бар. Дегеле Сталиндин 1917-жылдагы ролу боюнча азыркы адамдардын аң-сезиминде карама-каршылыктуу ой-пикир бар. Бирөөлөр Сталинди революцияда Ленин менен бирге жүргөн чыныгы жол башчы, элге дем берүүчү катары санашса башкалар аны “революцияда уктап калган” адам деп эсептешет. Бул божомолдордун экөөсү тең тарыхый чындык менен дал келишпейт. 

Сүрөттө: Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы документтеринин бири - И.В.Сталин жазган Орусия элдеринин укугу жөнүндөгү Декларация. Ал 1917-жылдын  2 (15) ноябрында  РСФСРдын эл коммиссарлар Совети тарабынан кабыл алынган.

Фото: РИА Новости

«Лента.ру»: «Сталиндин революцияда уктап калганы» тууралуу биринчи болуп Троцкий айткан…

Сорокин:  Бул сөз Сталиндин 25-октябрдын (7-ноябрь) түнүндөгү БКнын тагдыр чечер отурумуна катышпаганадыгынан улам чыккан. Эмне үчүн ал жерде Сталин болгон эмес? Бул суроого ушул кезге чейин так жооп жок. Сталин көтөрүлүштүн бийлик тарабынан кууп таратуу, башчыларын камакка алуу ыктымалдуулугунан сактанып четте күтүп турушу мүмкүн. Бирок 10-октябрда эле БКнын отурумунда куралдуу көтөрүлүшкө чыгуу үчүн добуш берген, ошол чогулушта аны Саясый бюронун мүчөлүгүнө шайлашкан.   Ал эми 16-октябрдын түнүндө өткөн БКнын отурумунда Аскердик-революциялык борбордун мүчөсү болгон. Анткен менен бизге белгилүү болгондой, ошол эле учурда шайлоо боюнча Ставрополь округдук комиссиясына Негиздөөчү жыйындын шайлоосуна большевиктердин атынан катыша турганын билдирген телеграмма жөнөткөн.

Ошондуктан Сталиндин Петрограддагы Октябрь төңкөрүшүнө жеткиликтүү өлчөмдө жигердүү катышпаган же даярданбаган деп айта албайбыз, дагы бир бардыгыбызга белгилүү факты бар: 24-октябрда (6-ноябрь) Керенскийдин буйругу менен «Правда» гезитинин басмаканасы жабылганда Сталин дагы бир большевиктик «Рабочий путь» гезитин чыгышын камсыздаган, ага өзүнүн Убактылуу өкмөттү кулатууга, ордуна Эл комиссарлар Советин дайындоого чакырык таштаган “Бизге эмне керек?” деген макаласын бастырган. Натыйжада, наркомдун улуттар иши боюнча кызматына дайындалган. 

«Лента.ру»: Кандай ойдосуз, жаңы өкмөт келгенде дал ушул кызматка ал эмнеден улам дайындалган?

Сорокин: 1913-жылы эле Сталин «Марксизм жана улуттук маселе» деген макаласын жарыялаган, мына ушундан улам большевиктик чөйрөдө аны ушул жааттагы адис катары көрүшкөн.  Анын үстүнө Сталиндин ошол учурда саясый, уюштуруучулук жана интеллектуалдык деңгээли Совнаркомдун жогорку кызматтарына татыксыз болгон, муну ал өзү деле билген.

Лениндин шакирти

«Лента.ру»: Сиз азыр эле Сталиндин Негиздөөчү кеңештин шайлоосуна катышууга арыз бергендиги тууралуу айтып өттүңүз. Белгилүү болгондой большевиктер партиясынын тизмесинде ал алтынчы болуп, Каменев менен Коллонтайдан кийин жазылыптыр. Ага мунун эмне кереги бар эле?

Сорокин:  Сталин өтө сак, алдыга көз жүгүртө билген саясатчы болгон. Мен азыр эле айтып өтпөдүмбү, кандай болбосун анын колу байланбашы же кол тийбестиги алынбашы керек болчу, башкача айтканда саясат талаасындагы мыйзамдуулугун сактап калышы зарыл эле. Ал эми Негиздөөчү жыйын ошол кезде Орусиядагы мыйзамдуулугунан эч ким күмөн санабаган, ал тургай большевиктер да алдын торой албаган саясый институт болчу.

Владимир Серовдун «24-октябрь, 1917-жыл» картинасы.  Киев шаарындагы Орус искусствосу музейи

Фото: РИА Новости

«Лента.ру»: Кандай ойдосуз, 1917-жылы Сталин Ленинден бирдемени үйрөнө алдыбы? Мисалы, зор өлкө бийлигин колго алып, аны отуз жылдай кармап туруусунда Ленинден сабак алуусунун пайдасы тийгенби? 

Сорокин:  Сөзсүз пайдасы тийген. Сталин Ленинден көптү үйрөнгөн. Ошол эле чечкиндүүлүктү, максатка ырааттуу иш-аракет менен жете билген тырышчаактыкты үйрөнгөн. Бул жерге Напалеондун оозунан чыккан, Ленин жактырып көп айткан “биринчиден согушка кириш керек, андан аркысы өзү эле көрүнөт” деген саясый авантюралык афоризм туура келет. Анткени Ленин бийликти куралдуу көтөрүлүш менен колго алууну максат кылганында эч кандай оңгулуктуу программаны сунуштаган эмес. Мунун сыңарындай көптөгөн большевиктер үчүн эң негизгиси жана биринчи кезектегиси бийликке жетүү жана аны кандай болбосун кармап калуу башкы максат болгон. 

Ошентип курал алып, өзүлөрүнө таасирленип кандай бийлик болбосун аңтарып түшүүгө даяр солдаттардын күчү менен бийликке жеткен большевиктер үчүн «социалистик» коомду кандай курабыз деген суроо экинчи, үчүнчү маанидеги маселе болгон. Сталинди көп изилдеген Олег Хлевнюк адилет жазгандай кийин Лениндин көзү өткөндө Сталин өз устаты 1917-жылы чечкиндүүлүккө баргандагыдай болуп, эң бир кара өзгөйлүк менен “жутунган радикалдуулукка” барган да, хандыкынан кем эмес жеке бийлигин орнотууга жетишкен. Бул учурда Сталин саясатта тажрыйба топтоп, бийликтин даамын татып, ойлогонун ишке ашырып, максатына жетиш үчүн эч нерседен, ал тургай кан төгүүдөн да кайра тартпай калган.

Маектешен Андрей Мозжухин

Кыргызчалаган Кубанычбек Аркабаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз