1917-жылы Орусияны ким канга сугарган

  • 05.09.2021
  • 4266
  • 2

же «Октябрь революциясы эң коркунучтуу сценарий менен өнүккөн»

Сүрөттө: «Пролетардык диктатуранын» плакаты. Александр Апсит, 1918-жыл

Фото: Public Domain / Wikimedia

Большевиктик коммунисттердин кандуу жолу – II

«Лента.ру» сайты СССРдей чоң державанын жаралышына үңүлүп, коммунистердин бийликке келиши боюнча макалалар сериясын жарыялайт. Анда орус тарыхчылары, саясатчылары жана саясат таануучулары менен бирге ошол кандуу жылдардагы чечүүчү окуялар, адамдар жана коомдогу кубулуштар эскерилет. Эмне үчүн 1917-жылы күзүндө Убактылуу Өкмөт кулатылган? Жарандык согуш ким үчүн пайдалуу эле? Эмне үчүн бийлик үчүн күрөштө эсерлер менен меншевиктер большевиктерге жеңилген? Бул суроолорго жооп табуу максатында «Лента.ру» сайты РАНдын  (Российская академия наук) илимий кызматкери, тарых илимдеринин доктору, Санкт-Петербург тарых институтунун башкы илимий кызматкери, Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору Борис Колоницкий менен маек курган.

Корниловдук чек

«Лента.ру»: Сиз Орусия Октябрь төңкөрүшүнөн кийин эмес андан мурда эле, тактап айтканда корниловчулар[1] жеңилгенде эле жарандык согушка кириптер болгонун бир нече жолу айткансыз. Эмне үчүн?

Колоницкий: Кандай революция болбосун өзү менен кошо жарандык согуш коркунучун ала келет. Тарыхты карап көрсөк кандайдыр ыңкылаптардан кийин жарандык кагылышуулар сөзсүз болуп турган. Мисалы, Германияда 1918-жылдан 1923-жылга чейин (Бавар жана Бремен аймагындагы советтик республикалар, Капповдук жана “сыра” козголоңдору, Гамбургдагы коммунисттик көтөрүлүш) жергиликтүү деңгээлдеги бир топ козголоңдор болуп өткөн. Анткен менен бул кагылышуулар бүткүл улуттук жарандык согушка өсүп жетилген эмес.

Орусияда революциядан улам жарандык согуш чыгып кетүү коркунучу дээрлик 1917-жылы бою кармалып турган. Апрель жана июль кысымдары, Корниловдун чабуул коюусу – бул окуялар өлкө элин дайыма куралдуу каршылаштыкка түртүп келген. Бирок булардын ар биринде тынчтыкты сактап калуу аракеттеринин жолу болгон.

«Лента.ру»: Эмне үчүн?

Колоницкий: Анткени августка чейин ашынбаган аракеттеги социалистер (меншевиктер, эсерлер) менен “буржуазиянын” (либералдар, ишкерлер жана генералитет) биримдиги эриш-аркак жашап, ийгиликтүү иш алып барган. Корниловдук чыгуулардан кийин да Керенский бул биримдикти кайрадан түзө алган, анткен менен ал эми оңдон да, солдон да иштиктүү саясый колдоого ээ боло албай калган. Орусия коомчулугу бул учурда бытырандылыкка учурагандыктан жарандык согушту карай жылмышып бара жаткан жана аны эч ким токтото алмак эмес. Болуп кетиши мүмкүн болгон окуялардын бардык варианттарынын арасынан эң коркунучтуусу – жарандык согуш оту тутануу мүмкүнчүлүгү улам чамдап өнүгүп бара жаткан. Менин оюмча, Керенскийден да тажрыйбалуу же акылдуу саясатчы бийлик башында турса да,  мындай кырдаалда тынчтыкты сактап калыш үчүн иштиктүү аракетке барышы же кандайдыр амал табышы кыйын болчу.

«Лента.ру»: Сиздин оюңузча Корниловдун ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүгү бар беле?

Колоницкий: Корнилов Керенскийдин саясый колдоосу жок жеңе албайт болчу, бирок ал муну түшүнгөн эмес. Бул генерал абдан эле начар саясатчы болгондуктан өз жеңишине кымындай да мүмкүнчүлүк табылбай турган жарандык согушту баштоого да даяр болчу. Ал аскердеги катаал тартипти калыбына келтирүү максатында солдаттардын революциялык комитети менен жаңжалдашып кеткенде эле жеңилүүнү карай кадам жасаган.

Керенский эки кызматтын ортосунда

«Лента.ру»: Сиз дагы “Октябрь ыңкылабы сентябрда эле башталган” деп айтып жүрөсүз. Бул бүтүмдү эмнеге таянып чыгардыңыз эле? Сиз ошол кездеги “Советтерди большевиктештирүү” деген сөзгө кандай карайсыз?

Колоницкий:  “Советтерди большевиктештирүү” – бул 1917-жылдын сентябрындагы абалды абдан жөнөкөйлөштүрүп көрсөтүш үчүн ойлоп табылган советтик термин. Менден муну тактап берүүмдү суранышса, анда бул Советтерди радикалдаштыруу болгон деп эле ачык айтмакмын, анткени ал жерде бир эле большевиктер эмес, алардан да катаал солчул эсерлер же анархистер үстөмдүк кылып жүрүшкөн.

Керенскийдин армиянын алдына чыгып сүйлөгөндөгү сүрөтү

Фото: Public Domain / Wikimedia

Бирок мен ушул жагдайды эле айтып токтолуп кала албайм. Корниловдук чыгуулар учурунда Орусиянын көптөгөн аймактарында өз ыйгарым укуктарын өзүлөрү аныктаган бийликтин өзгөчө кырдаалга жараша түзүлгөн органдары пайда болгон. Корнилов кармалгандан кийин Керенский аларды таратууга аракет кылган, бирок бул аракет бардык эле жерлерде ийгиликке жеткен эмес. Ошондуктан өлкөнүн кээ бир аймактары 1917-жылдын сентябрында эле Убактылуу Өкмөттүн көзөмөлүнөн чыккан. Мисалы, Киевдин Борбордук Радасы өз алдынчалыкка көбүрөк умтула баштаган, Дон облусунун аскери Петрограддан болушунча алыстоо аракеттерин жасаган.

Финляндия Керенскийдин бийлигинен түрдүү себептерден улам көз карандысыз болууга аракеттене баштаган. Алардын ичинен финдерди Орусиядагы улам күчөп бара жаткан башаламандык көбүрөк чочулаткан. Анын үстүнө корниловдук чыгуулардан кийин Финляндияда жайгаштырылган армия менен флоттун эң чоң бөлүгү (Гельсингфорс Балтика флотунун эң чоң базасы болчу) Керенскийдин буйруктарын аткаруудан жөн гана баш тартып койгон.

«Лента.ру»: Тактап айтканда 1917-жылы Убактылуу Өкмөткө туш тараптан сокку урулуптур да.

Колоницкий: Ооба. Анын үстүнө 1917-жылдын күзү башталганда Орусия өлкө катары бардык тараптарынан чыккан козголоңдордон улам безгек болгон немедей титиреп калган. Булар көбүнчө жумушчу-дыйкандардын абдан тажаалданган көтөрүлүштөрү же арак-шарап заводдоруна кол салган “мас” козголоңдор болчу. Большевиктер жана алардын тилектештери (солчул эсерлер, анархистер жана интернационалистер) ушул өкүм-зордукчул толкундоолордун арты менен бийликке келүү аракетин жасашкан, булардын каршылаштары деле мунун арты менен бийликти алган соң өлкөнү кандайдыр тартипке келтирүүгө умтулушкан. Кандай болбосун кырдаал Убактылуу өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып, жаман жагына оой берген. Элестүү айтканда, башында Керенский эки бийликтин тагында бирдей отура алган болсо, 1917-жылдын күзүндө алардын бирине да ээ кылбастан туш тараптан тартканы аз келгенсип, бардык жагынан кол салышкан.  

«Лента.ру»: Эмне үчүн 1917-жылдын сентябрында Убактылуу Өкмөт өлкөнү Россия республикасы[2] деп жарыялоосу же Предпарламенттин[3] чакырылышы жарандык согушту алдын алууга жардам берген эмес?

Колоницкий: Россия республикасынын (мындан ары Орусия республикасы - кот) жарыяланышы жөн гана символикалуу ишарат болгон, анткени 1917-жылдын күзүндө монархияны калыбына келтирүү тууралуу иш турмак сөз да жүрбөй калган. Анын үстүнө бул кадамы үчүн көптөр Убактылуу өкмөттү сөгүп жүрүшкөн, анткени алардын пикири боюнча Орусиянын келечектеги башкаруу формасын бир гана Негиздөөчү жыйын чечиши керек болчу. Андыктан бул аракет Керенский менен солчул күчтөрдүн аброюн көтөргөн эмес. Мисалы, Балтика флотунун кээ бир кемелери Убактылуу өкмөттүн Орусияны республика аташына каяша катары мачталардан Андреев байрагын алып салып, ордуна кызыл тууларды көтөрүшкөн.  Революциячыл матросторго бул дагы жетишсиз болгон, алар өлкөнү  «демократиялык республика» атоону талап кыла башташкан.

Ал эми Предпарламент өзүнүн макамы жана мүнөзү боюнча Негиздөөчү жыйындын татыктуу орун басары боло алмак эмес, болгону Убактылуу өкмөттүн жаңы курамын кыска убакытка легитимдештирген. Ал эми качан гана бийликти сындоодон көп упай топтогон эң таасилүү большевиктер партиясы ызы-чуу чыгарып Предпарламенттен чыгып кеткенде ал таптакыр эле маанисин жоготкон да, өзүнө жүктөлгөн милдеттерин таптакыр аткара албай калган.

Эсерчилердин альтернативасы

«Лента.ру»: 1917-жылдын декабрь айында эсерлер партиясынын[4] лидерлеринин бири Евгения Ратнер Негиздөөчү жыйын августа, жок эле дегенде сентябрда чакырылса башкача болмоктугун айткан. Эгер Убактылуу өкмөт ушундай кылганында анын ишмердигине легитимдүүлүк кошо алат беле?

Колоницкий: Кошо алмак деп ойлойм. Бирок Убактылуу өкмөт юридикалык оңдоп-түзөөлөр менен алектенип туруп алган. Революциялык шартта мындай укуктук перфекционизм (кемчиликсиздик) эч кандай жакшылыкка алып келмек эмес. Мисалы, Октябрь революциясынан бир жыл кийин Германияда революция болгондо ал жерде курамында социал демократтар менен алардын союздаштарынан болуп саналган буржуазиялык партиялар көпчүлүктү түзгөн Веймар улуттук жыйынын жетиштүү ылдамдыкта чогултушкан. Мындан улам Веймар республикасы демократиялык революциянын шартында эң зарыл болгон легитимдүүлүккө жетише алган. Ал эми эч ким шайлабаган Керенский жана анын Убактылуу өкмөтү ким эле? Демократиялык көз караштагы адамдар ал тургай бул бийлик түзгөн партиялардан колдоо таба алышкан эмес.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү

Фото: Public Domain / Wikimedia

«Лента.ру»: Сиз Убактылуу өкмөттүн акыркы курамында эч ким колдобогон либералдар менен аша чаппаган социалистер болгонун айттыңыз. А эгерде оңчул эсерлер (мисалы, Николай Авксентьев жана Абрам Гоц) Убактылуу өкмөттүн жоюлушун камсыздап, башка солчул күчтөр менен (меньшевиктер менен жана аша чаппаган большевиктер) жер жана тынчтык боюнча келишимге келишсе, Октябрь төңкөрүшүн алдын алса болот беле?

Колоницкий: Эгер эсерлер бийликти колго алууга чыгынышса, алардын легитимдүүлүгү Убактылуу өкмөткө караганда көбүрөк болмок (мисалы, алар демократиялуу шайлоолордун натыйжасында Москвада, Петроградда жана көптөгөн шаарларда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жетектеп турушкан). Бирок бул жагдай өлкөнү жарандык согуштан сактай алмак эмес. Эсерлер ошол кезде Орусиядагы эң чоң жана абдан таасирдүү саясый күч болсо дагы 1917-жылдын октябрына карата өз популярдуулугун акырындан барып жоготкон. Анын үстүнө эсерлер партиясынын өз ичинен оң-солго бөлүнүүгө учурашы улам күчөп бараткан. Көптөгөн либералдар менен генералдар, ошондой эле ишкерлер Ленин менен эсерлер партиясынын лидерлеринин (мисалы, Черновдун) ортосундагы айырмачылыкты көрө алышкан эмес. Ошондуктан эсерлер оң тараптан келчү колдоодон айрылышкан, ал эми сол жактан большевиктер жана башка солчулдар уламдан-улам катуулата кысым жасап келе жатышкан. Ал эми биринчи дүйнөлүк согушту аякташ үчүн Германия менен өзүнчө түзүлчү “сепараттык” тынчтык келишимине[5] келсек, менин оюмча эсерлердин мындай кадамга барууга чечкиндүүлүгү жетишмек эмес. Алар коргонуучу революционерлерден болушкан жана союздаштарсыз немистер менен сүйлөшүүлөргө барууга башынан эле каршы болушчу. Бирок тынчтык маселеси 1917-жылдын күзүнө карата Орусия үчүн чечүүчү ролдо болчу, ал эми аны чечмейин эсерлердин колунан эч нерсе келмек эмес. Дагы бир жолу кайталап койоюн – 1917-жылдагы революциядан кийин жарандык согуш болбой коймок эмес.  Ал эми анын “тарыхта болуп өткөн өтө катаал сценарий менен кетүүсүн алдын алса болот беле?” деген суроого “ооба, болот болчу” деп жооп берсе ынанымдуу болот. Мисалы, ошондон жыйырма жыл өткөндө Испаниядагы ыңкылаптай болуп, солчулдардын кеңири түзүлгөн коалициясы менен эскичил күчтөр кагылышса, көтөрүлүштүн көп тереңдебөө ыктымалдуулугу бар болчу.

«Лента.ру»:  Башкача айтканда кеңири түзүлгөн солчул коалиция Лениндин жана анын жолдошторунун куралдуу көтөрүлүштү карай кеткен жолун торой алмак деп ойлойсузбу?

Колоницкий: Албетте, бизге белгилүү болгондой большевиктик партия Ленинди дайыма эле колдой берген эмес. Көптөгөн көрүнүктүү большевиктер көтөрүлүшкө каршы болчу. Эгер эсерлер менен меншевиктер аларга коалицияга кирүүнү сунушташса, анда Ленинге өз эркин тилектештерине таңуулоодо алда канча кыйынчылык жаратмак.

«Лента.ру»: Эмне үчүн 1917-жылдын күзүндө эсерлердин колунан эч нерсе келбеген?

Колоницкий: Эсерлерге саясый эрк жана чечкиндүүлүк жетишпеген – алар либералдар менен бир коалицияга бириккенде өзүлөрүн абдан жакшы сезишкен. Эсерлердин көптөгөн лидерлери бийликтен жана жоопкерчиликтен коркушкан. Алар бул үчүн өзүлөрүндө саясый жана иш жүзүндөгү тажрыйба жогун аңдашкан жана моюндарына алышкан. Анын үстүнө алар партиядагы жарылуу мындан дагы тереңдебеш үчүн кескин кадамдарга баруудан коркушкан. Ал эми эсерлерден айырмаланып большевиктерди өзүлөрү бийликти басып алгандан кийинки тутана турган жарандык согуш оту эч кандай коркуткан эмес. Алар маданий да, психологиялык жактан да мындай кагылышууга даяр болчу. А

1917-жылдын күзү, «Фиат» броневиги Смольныйдын алдында

Фото: Public Domain / Wikimedia

Бирок бул жерде сөз бир гана большевиктер жөнүндө болгон жок – жарандык согуш өлкөдө эбактан бери жетилип келе жаткан. ХХ кылымдын башында Орусияда өз ара ымалага келүү, сүйлөшүп чечүү маданияты жок болчу, саясый күрөш нормалдуу жүргөн эмес, башкалардыкынан өзгөчөлөнгөн “чыр-чатак маданияты жаратылган”. Каршылаштарына кордук көрсөтүү адаттагы иш болчу – бийлик саясый жүрүштөр менен иш таштоолорго каршы армияны дайыма колдонгон. Ал эми коомдун бир бөлүгү колдогон революционерлер мындай зордукка күч менен жооп беришкен. Мунун баары жарандык согушту даярдап жаткан оң да, сол да саясый күчтөрдүн өзүн актоосу үчүн укуктук алкак түзүп берген. 

Анын дагы бир күчөткүчү Биринчи дүйнөлүк согуш болгон. Мисалы, генерал Корнилов Орусия Антантада калышы үчүн эле жарандык согушту баштоого даяр турган. Ошол эле учурда анын каршылаштары кандай болбосун дүйнөлүк согуштан чыгууну каалашкан, анткени аларга мындан өткөн жамандык жана коркунучтуулук жок болчу. Бирок кийинки окуялар алардын баары жаңылышканын көрсөттү.

Маектешкен Андрей МОЗЖУХИН

Котормочудан: Окурманга көп деле кызыксыздай сезилгендиктен маектин аягы кыскартылды. Анткени анын мындан аркы жүрүшүндө  Октябрь революциясынын (маек 2017-жылы алынган) азыркы саясатка тийгизген таасири тууралуу кетип, маек ээси өзү мурда айткандай жүз жылдык маараке “кутумдашкан теориялардын форматында, башкача айтканда коммунистик, улуттук, эскичил-православдык, либералдык жана башка ар түрдүү партиялардын пикир келишпестик кагылышуусу астында” өтпөй калганын, анткени отуз жыл мурдакы бойдон өспөй калган алар бул юбилейди шылтоолоп өзүлөрүнүн маселелерин көтөрүп калбастан шалаакы жана кайдыгер карап жатышканын, бийлик болсо бул юбилейге абдан токтоо мамиле жасап, тезирек өтүп кетишин каалап, дегеле мамлекеттик чиновниктер ыңкылаптын жүз жылдыгы өзүлөрүнүн маселелерин чечүүгө ыңгайлуу маараке деп эсептешпесин айтып келип, бир гана орус православ чиркөөсү бул “оюнга жигердүү катышкан оюнчу” болгонуна абдан таң калган.

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ

[1] (Орус падышалык армиясынын башкы командачысы генерал Л.Г.Корниловдун 1917-жылы августа (сентябрь) өлкөдө “катаал бийликти” калыбына келтирүү же аскер диктатурасын орнотуу максатында жана сол радикалчылардын (большевиктердин) бийликке келүүсүн болтурбоо үчүн жолу болбой калган аскердик аракеттери).

[2] Росси́йская Респу́блика —  1917-жылдын 1-сентябрынан 1917-жылдын 25-октябрына чейинки Орусиянын мамлекет катары аталышы. Убактылуу Өкмөт 1917-жылдын 1-сентябрында мамлекеттик түзүлүш маселесин чечүү үчүн Негиздөөчү жыйын түзүп, анын токтому менен Россия Республикасын жарыялаган.

[3] 1917-жылдын 2-октябрында (5) Орус Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн алдында кеңешүүчү орган катары Предпарламент (Убактылуу кеңеш) түзүлгөн. Предпарламентти түзүү чечими Демократиялык кеңешменин 1917-жылдын 20-сентябрындагы (3-октябрь) кеңейтилген отурумунда кабыл алынган.

[4] Социали́ст-революционе́рлердин па́ртиясы (СРдеген кыскартылып айтылышынан улам эС еР - эсер болуп айтылып калган. 1917-жылдан кийин бул партия оңчул эсерлер аталышын алган.) — Орусия империясынын революциялык саясый партиясы, кийин Орусия республикасынын жана РСФСРдин учурунда жашаган жана жоюлган.

[5] Сепара́ттык тынчтык (лат. separatus — «өзүнчө», «өзгөчө») — коалицияда согушуп жаткан бир өлкөнүн союздаштарына билгизбей, алардын макулдугусуз каршылаштар менен түзүлгөн тынчтык келишими. Сепараттык тынчтык келишими адатта согуш жалпы токтогуча түзүлөт... Брест тынчтыгы (1918-ж) — Советтик Орусия Антанта боюнча союздаштарынан бөлүнүп, Германия менен түзгөн тынчтык келишими.

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Утепление фасада частного дома снаружи цена

    Наша команда опытных мастеров подготовлена предлагать вам инновационные системы, которые не только обеспечивают надежную оборону от холодильности, но и подарят вашему жилищу изысканный вид. Мы занимаемся с современными составами, утверждая постоянный запас использования и выдающиеся результаты. Изоляция внешнего слоя – это не только сокращение расходов на отапливании, но и забота о экологии. Экономичные технологические решения, какие мы производим, способствуют не только своему, но и поддержанию природной среды. Самое главное: <a href=https://ppu-prof.ru/>Утепление фасада здания снаружи цена</a> у нас стартует всего от 1250 рублей за кв. м.! Это доступное решение, которое преобразит ваш помещение в настоящий тепловой район с минимальными издержками. Наши примеры – это не исключительно теплоизоляция, это созидание помещения, в где каждый элемент символизирует ваш свой образ. Мы примем все все ваши пожелания, чтобы осуществить ваш дом еще еще более удобным и привлекательным. Подробнее на <a href=https://ppu-prof.ru/>www.ppu-prof.ru</a> Не откладывайте занятия о своем корпусе на потом! Обращайтесь к спецам, и мы сделаем ваш домик не только более теплым, но и стильнее. Заинтересовались? Подробнее о наших предложениях вы можете узнать на сайте компании. Добро пожаловать в сферу спокойствия и качества.

  • - Услуги по утеплению фасадов частных домов

    Наша группа квалифицированных специалистов проштудирована предлагать вам перспективные системы, которые не только снабдят надежную охрану от мороза, но и дарят вашему собственности изысканный вид. Мы деятельны с новейшими средствами, обеспечивая продолжительный период работы и замечательные результаты. Изолирование наружных поверхностей – это не только экономия на подогреве, но и внимание о экологической обстановке. Спасательные технологии, каковые мы претворяем в жизнь, способствуют не только зданию, но и сохранению природных богатств. Самое центральное: [url=https://ppu-prof.ru/]Утепление фасадов цена за м2[/url] у нас открывается всего от 1250 рублей за метр квадратный! Это бюджетное решение, которое изменит ваш резиденцию в подлинный теплый корнер с минимальными затратами. Наши произведения – это не всего лишь изоляция, это составление помещения, в где каждый элемент показывает ваш личный образ действия. Мы возьмем во внимание все все ваши просьбы, чтобы осуществить ваш дом еще более удобным и привлекательным. Подробнее на [url=https://ppu-prof.ru/]https://www.ppu-prof.ru[/url] Не откладывайте занятия о своем обители на потом! Обращайтесь к исполнителям, и мы сделаем ваш домик не только уютнее, но и по последней моде. Заинтересовались? Подробнее о наших предложениях вы можете узнать на официальном сайте. Добро пожаловать в пределы уюта и стандартов.

Комментарий калтырыңыз