Динара Бейшеналиева: Жанып турам жаныңызда от болуп...

  • 11.10.2021
  • 4008

Тааныган Кудай – бактыңыз,
Тазалык экен тактыңыз

Айларыбыз айланып, жылдарыбыз жыла берсин. Аманчылык болсун. Бүгүн менин бактыма эң жакын адамымды, өмүрлүк жолдошум Мамат Сабыровду 60 жылдык маарекеси менен куттуктоо озуйпасы жазылыптыр, Кудайдын кулагы сүйүнсүн.

Адатта, үйгө чакырылган конок бир максатта келет. Түлөөгө, бешик тойго, бата тойго дегендей. Биз пенделер да бу дүйнөгө конок катары чакырылганыбызды, келгенден кийин кетмегиң бар экенин аңдап билип, мен эмнеге келдим экен деп калам. Бу, мени конокко чакырган дүнүйө - ажайып.Чымчыгы бар, чынары бар, Айы бар, Күнү бар. Кирсең чыккыс сулуулугун айтып түгөтө албайм жалгандын.

Жай өтүп, кыш келгени жалгандыгын айкайлап тур. Чындыкты тап дейт... Жоболоңдуу жолдор көп экен, издедим. Жол издедим. Таптым. Адам таптым. Ал менин апам болуп чыкты. Ал менин өмүрлүк түгөйүм, анын апасы болуп чыкты. Апаларыбыз Күн экен. Күн өз жылуулугуна өзү жылынбай, өзгөлөрдү жылытат. Ушул үч адамга салыштырып, дүйнө тааныдым. Акты тааныдым. Актын артында Кудай барын билдим, эң башкысы.

Тээ бала кезде жетелеген эч ким жок, эмнеге жалгыз келе жатырмын дечүмүн. Көрсө, жалгыз эмес экем, Кудай бар экен. Көрсө, ошол түптүз жолдордо, түптүз жашап жаткан түгөй болчу сиз бар экенсиз...

Апам бакты. Андан кийин Кудай мени Сизге табыштады. Отуз жыл болду бирге түтүн булатканыбызга. Сууктан корголоп, ысыктан калкалап, көз болуп, акыл болуп жетелеп келе жатасыз. Сиздин жасаган ишиңиз жакшылык экен. Тааныган Кудай – бактыңыз, тазалык экен тактыңыз. Сизге жолуктурган Жогоркуга миң мертебе шүгүр! Ушул шүгүрдү айтыш үчүн, адамгерчиликти баалар кезде сиздин чен-өлчөм менен баалап, аруулукту сиздин көз менен ченеп, жакшылыкты сиздин жүрөк менен тилеп, сиздин жупуну, бирок акактан артык жалтыраган өмүр менен жашап, бакытты сиз менен сезип, сиздин жаныңызда сезип, айланган ааламды ырга салып, нурун тизмектегенге, тазалык тамчыларын тергенге, көргөнгө келиптирмин. Озуйпам ошол экен. Өзүм ким, өзгө ким, өмүр эмне таанып, өкүттө жашабай, өзөктүү жашоодо өрттөнүп сүйүп, улуулукка башымды ийип жашаганга келипмин...

*     *     *

Ыр менен бала кезде жолугушкам. Турмушка чыгып, таштап койдум.

Жүрөктүн жаны, үнү бар, үшүсө, адам жылытат. Жандын көзү, үнү бар, жабыкса, Кудай жылытат. Дүнүйөнүн дүйүм дүңгүрөгү кээде, балким, салмаксыз...

Анча-мынча ырларымды папкеңизге салып жүргөнүңүздү көрөм. “Мыкты экен” деп коёсуз. Көңүл улап жатыр дейм.

“Жаз, гезитке берем” - деп таштап койгон калемимди эске сала берер элеңиз. Таарынып калбасын деп бирдемелерди чиймелей салам. Ошентип, бир-ар жыл колдон түшө калган калемимди кайрадан кармап калдым...

Асман өзү чалкалаар. Бирок адам чалкалап асман тааный албас. Эңкейип, эрмешип, боортоктоп жүрүп жер таанысаң, ал бир күнү сени төбөсүнө көтөрүп, төгөрөктүн төрт бурчун көкүрөгүңө сала берери бар тура. Ошондо, Жараткандын астында жаратылгандын улук эмес экенин көрүп, Мээрман Затка башыңды ийет турбайсыңбы. Көк асманды сиз менен көрдүм. Адаштырбай жолго салган сиз болдуңуз. Бир өмүр бүлүнүп текке кеткен жок, сиздин бардыгыңыз үчүн. Ырларымды кумдан алтын жыйнагандай казып, таап, багып, бапестедиңиз. Шайлообек Дүйшеев, Султан Раев, Кубат аке, ыраматылык Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев агалайлар да “Динара, жаз. Иште, иштей бер” деп сүрөп, жол көрсөтүп турушту. Жакшылыктар унутулбайт. Жакшылыктар унутулбайт эч качан...

*     *     *

Адам турмушунда өйдөнү да, төмөндү да көрөт экен. Замандын күрөө тамырын кармаган гезит, журналдарда, ак үй, көк үйдө да иштедиңиз. Иши жок калган күндөрүңүз да болду. 50 жашыңызда ишсиз калгансыз. Ошондо досуңуз Кыяз Молдокасымов “Кыргыз туусу” гезитине ишке алган. Ошондон кийин бу кишини сыйлап калдым. Эстесем, же атын бир жерден окуп калсам өмүрүн тилеп калам.

Негизи, сиз достордон жолдуу экенсиз. Кезинде, Мелис Эшимканов айлыгыбызды асмандата коюп, үстүбүзгө үй алып берип, эмгек сыйлоодогу, көңүл улоодогу көсөмдүгүн көрсөттү эле. Соолубас сооп жыйнаган экен кайран киши...

Студент кезиңизден бери өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон досторуңуз Султан Раев, Ибрагим Жунусов, Бегалы Наргозуев, Бекен Назаралиев, Надыр Момунов, Ашым Полотов, Рустам Умаралиев, Дөөлөт Мундузбаев, Ниймат Мавлянов, ыраматылык Таалай Дүйшөналиев, Марип Тайчабаровдор ырахмат гана айта турган инсандар.

Союз кулаган кыйынчылык мезгилдерде биздин үйгө биринчи жолу Казакстандын желеги желбирген “Мерседес” келген бизди жеткизип. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Мухтар Шахановдун үйүндө конокто болгонбуз да. “Кызыңарга” деп акча бергени эч эсимден кетпейт. Эмгектеп жүрүп, бир бутунун баш жагын күйгүзүп алган эле. Ошол акчага дары алып, айыктырганбыз. Мухтар Шаханов эле эмес, бүтүндөй казак элине ичим жылыйт аны эстегенде.

Акелерден да жолдуу экенсиз. Жолборс Жоробеков, Кубатбек Жусубалиев, Абдыганы Эркебаев, Өмүрзак Мамаюсупов, Абдимухтар Абилов, Абдиламит Матисаков, Абдыкерим Муратов, Бекташ Шамшиев, Шайлообек Назаралиев, ыраматылык Мурза Гапаров, Камбараалы Бобулов, Эсенбай Калдаров акелер сыйга гана татыктуу кишилер.

*     *     *

Акыйкатка алпарчу жолдор өтө көп. Бири кыскараак, бири узагыраак, бири кыйыныраак. Сиз ошол кыйыныраагын тандап алган экенсиз. “Ушуга шүгүр”дейсиз, “болот” дейсиз. Эч бир мааракеңизди дүңгүрөтүп өткөзө албадык. Мен өзүмдү ойлобойм, ойлогон да эмесмин. Сизди сүйүнүп калабы дегеним.

Шайлообек Дүйшеев байкенин 60 жылдыгы сонун өткөн. Теле-радиолор акындын өмүр жолунан кеп салып, узак убакытка чейин куттуктоолорун узатып атышты, айтып атышты. Кайсы бир жазуучунун “Айтматовдун 60 жылдыгы да мындай өткөн эмес” дегенин эшиткем. Шайлообек байке дал ошондой журтчулугу кубаттаган маареке-даңгазага татыктуу инсан чындыгында, жакшылыктары кут болсун!

Жазуучу досубуз Султан Раевдин да 60 жылдыгы дүңгүрөп өттү. Бу киши да татыктуу андай сый-урматка. Ар жагы Россия, бул жагы Өзүбекстан, Казакстандан келишип, түз эфир менен Лондондон, Кореядан чыгып куттуктап атышты. Мага эң жакканы – ар тартаптуу таланттуу инсандын тарткан сүрөттөрү коридордо көз жоосун алып, тизилип коюлган. Ошол сүрөттөргө оркестрдин ойноп жаткан музыкасы шай келип, 17-кылымдагы аристократтардай костюм-шым, узун көйнөк кийгендер эки-экиден басып жүрдүк ресторандын кире бериш залында. Той башталарына али көп. Үстөлдөрдө жемектер, ичмектер. Кыргыздын мен-мендеген үлкөндөрү жүрдү, маанайлары майрамдык.

Мен да ушундай кылбасамбы... Атабыздын алтымыш жылдыгына оркестр ойносун... Чыгармачыл жадыма алда-кайдан жарк эте калды бул ой. Ошол ойду өзүм элестетип алып жыргап, жылмайып калдым.

Анда мен жүрөгүмө катуу тийген Баткен чекарасындагы кагылыштан, каптап келаткан жаман тумоодон алыс элем. Адам назик болот турбайбы. Мындай күндөрдөн кийин күч-кубатка кириш кыйын экен. Жыл маалы кетет тура.

Кичине кызыбыз да эми-эми жакшы болду, өмүрлүү болсун!

Амандык болсун деп калдым...

Таластыктарым келатыптыр, “Жездебизди куттуктабасак болбойт” деп. Оштуктарым келатыптыр “акебизди куттуктабасак болбойт” деп. Балдардын, бир туугандардын башын кошуп, дасторкон жайайын. Комуз, кыягын өздөрү көтөрүп келатыры...Чайхана издеп баратам...

*     *     *

Сиздин тээ көктө каалгып, айланып учуп жүргөнүңүздү көрөм. Көрөм дагы сүйүнөм. Сүйүнөм дагы, дал эле сиздей булут аралап учкум келет. Ал үчүн канча жол бар, түздөш керек, иштеш керек, издениш керек.

Билесизби, сизди учурган ошол канат-сабырыңыз менен ыйманыңыз. Экөө – эки канат. Ыйман - аба, ал энди калем болсо - мөмө жемиш. Абасыз жашаганга болбос. Абасыз жашасаңыз - жоксуз. Эгер ошол мөмө жемишти ыйман менен, адамгерчилик менен сугарып, адамдарга тартууласаңыз канча жандын өмүрү узарат. Көңүл куунайт. Агарат. Бул сулуу, бул ширин жүзүм, өрүк, алма, кайноолу, дарак-бутагы менен шамалга ыргалып, сулуу болуп, даамдуу болуп дүйнөнү сактайт турбайбы. Калемдин өзөгү, өтүмү, башаты, булагы, түбөлүктүүлүгү - адамгерчилик. Сиз аны мага унчукпай, үнсүз гана айтып койдуңуз...

*     *     *

Сиздин Кудай жолунда, акыйкат жолунда жазгандарыңыз дүйнө жарааттарына шыпаа. Ааламдагы жашоо дагы, бир тамчы шүүдүрүмдөгү көзгө көрүнбөгөн миң-миңдеген жандыктардын жашоосу да Кудай үчүн бирдей. Кичинекей жакшылык чоң ааламды сактап кала алат. Кичинекей жамандык да чоң дүйнөгө жарака кетирет. Дүйнө шундай чиеленген айлампа экенин, жалган экенин, чындыкты өз жүрөгүңөн издеш керек экенин билдим сиз менен...

Сиз жөнүндө сөз баштасам агылып, төгүлүп келе берет. Жүздөн бирин да айтып түгөтө албайм. Калганы тулку боюмда, турмушумда, жүрөгүмдө. Күч-кудуретимдин жетишинче ыраазылыгымды бүт жазган ырларыма сүңгүтүп жиберем. Атыңыз аталбаган ыр саптарда да сиз барсыз. Анткени, менин өзүмдүн бардыгым - сиздин бардыгыңыз үчүн.

*     *     *

Нурдун ичи сырты да нур, жүздөнөм.
Күнүм күүлү, күңгүрт эмес, түз, кенен.
Эч ким эмес жоктуктарда жоголбос,
Эч бир өлбөс доорлор көрөм сиз менен...

Жалгыз келсем, жанып өчүп калмакмын,
Жаныңызда болсом дагы жок болуп.
Кудай менен акыретте, азыр да
Жанып турам жаныңызда от болуп...

Жараткандын асман, суусун ак дебей,
Актыгыңыз кайдан кантип, көрмөкмүн.
Баалабасам өлүм менен өмүрүн
Башымды ийбей, кандай, кантип өнмөкмүн.

Дервиш жандар дем болбосо абага,
Деңиз бийи кайдан, кантип туйламак.
Деңизге окшош терең дүйнө сиздейди
Делбе жүрөк кайдан, кантип ырдамак...

Керемет кен, көрүнгөндүн бүт баары.
Келип турган Сөздөрүнө миң алкыш.
Көңүлдө экен - көктүн, жердин ачкычы,
Көсөп берген, Көздөрүнө миң алкыш...

Нурдун ичи сырты да нур, жүздөнөм.
Күнүм күүлү, күңгүрт эмес, түз, кенен.
Эч ким эмес жоктуктарда жоголбос,
Эч бир өлбөс доорлор көрөм сиз менен...

*     *     *

Бир акылмандын сөзү мени ойлондурду. Кээде алтымыш жашаган өмүр алты күнчөлүк болбос, кээде алтымыш жылдык өмүр алты кылымга тете дегендей ойду айтат. Сиз алты кылымга тете өмүр сүрүп койдуңуз. Бак тиктиңиз, жакшы балдарды өстүрдүңүз, мыкты шакирттерди даярдадыңыз. Ал энди, кыямат кайымга чейин жете турган жакшы кептин, сооп иштин өмүрү түбөлүктүр...

15 жашыңызда планды ашыгы менен аткарган пахтачы жөнүндө райондук гезитке жазган экенсиз. Ошондон ушул күн, эли-журтуңузга жакшылыктын жарчысы болуп кызмат өтөп келесиз. Омоктуу китептериңиз окурмандын жүрөгүнөн орун алган. Өйдө карап өкүттө калып, ылдый карап үшкүрбөдүңүз. Бир калыпта келе жатасыз. Ушул калыбыңыздан жазбаңыз! Балдарга атаңарды карап түздөнгүлө деп айта алам. Бул дүйнө утурумдук, түбөлүктү көрө билгиле деп айта алам...

Бу заман дегениңиз оомал-төкмөл экен, басыгы, жүрүшү түздөлүп кеткей. Басар жолу ыраак-ыраак болгой. Заманга эмес, адамгерчиликке карап, Кудайдын жолуна түздөлүп, Жараткандын сыйлыгынан, сыйынан, назарынан калбаңыз!

Кутман курагыңыз кут болсун!

Эл чети тынч, калайык калың журт аман болсун! Калк ичинде бала-чака, тууган-урук менен бар бололу!

Сизди тапкан ата-энеге, сизди баккан Ноокат элине, Ош элине, кыргыз элине башымды ийем.

Бар болуңуз, асман-жердин түркүгүндөй ой-мүдөөлү Көктүн Адамы, көптүн Адамы!

Бар болуңуз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз