Каары ашынган ак поляктар

<<<<< Башы

Акылга сыйбас жарандык согуштун тарыхы” китебинен

1916-жылы Польша Германиянын жана Австро-Венгриянын окуппациясы астында болгон. Өзүнө душман санаган Россия Империясынан бөлүнүп чыгуу боюнча окуппанттар менен келишип алып, Польша өзүн эгемендүү деп жарыялаган. 

Жаңы түзүлгөн Польша мамлекетинин башына профессионал революционер жана ашынган улутчул Юзеф Пилсудский келген. Ал өкмөттү ага диктатор укугун берүүгө мажбурлоо менен 1918-жылы Польшада пайда болгон советтерди, Кызыл гвардияны жана муну менен байланышкан иш таштоону темир колу менен аёосуз баскан.

1918-жылы большевиктер Польшанын көз карандысыздыгын тааныган. Бирок 1919-жылы Кремль ал жакка эки адамдан турган миссияны жөнөткөн учурда аны поляктар атып салышкан. Польша дегеле орустардан эч качан жакшылык күткөн эмес.

1920-жылдын башында Пильсудский орустарга (актарга да, кызылдарга да) каршы чогуу аракеттенүү үчүн Петлюра менен келишим түзгөн. Жазында поляктар Украинага чабуул башташкан. Кызылдарды жана ага боор тарткандарды Киевден кууп чыгышкан да, андан ары чыгышты көздөй жылышкан. Бирок май айында кызылдар фронтторду тартып, Тухачевский, Буденныйдын командачылыгы астындагы Биринчи Атчандар Армиясы келген да поляктарды төпөштөп, Варшавага чейин кынына киргизе кууган.

Анан эле Висладагы керемет жүз берип, кызылдар талкаланганда, ызы-чуунун арты менен Польша өзүнүн түпкү жерлери эсептеген Батыш Украина менен Батыш Белоруссияны кертип алган. Ошол бойдон абал 1939-жылга чейин тынчып калган.

Бирок. 1020-жылдын июлунда Улуу Британиянын тышкы иштер министри лорд Керзон РСФСР менен Польша Батыштын: согуш аракеттери токтотулсун, аскерлер мындан эки жыл мурда Антантанын Кеңеши аныктаган чектерге кайтарылсын деген ультиматумун койгон.

Ленин макул болгон, бирок Пилсудский буга каршы чыккан: себеби поляктар чек араларын кыйла кеңейтип, ири аймактарды, алтургай, Одессаны ээлеп алышкан. Бир жума ичинде кызылдар поляктарды кайра кууп чыгып ультиматумду четке кагышкан. Үч күндөн кийин бул ультиматумду поляктар кабыл алышкан, бирок кеч болуп калган эле – кызылдар токтоосуз бастырып кирип келаткандыктан аны уккулары да келбеген.

Анан поляктар кызылдарды кайра кууп, кызылдар ультиматумду кайра кабыл алышкан, бирок эми аны Польшанын уккусу жок эле.

Дүйнө Керзондун дипломатиясынын үстүнөн каткырып күлүп жатты. Бирок бул каткырык узакка созулган жок: 1945-жылы польшалык-советтик чек ара ошол эле тилке менен аныкталган.

ПАНОРАМА

Ошентип Түндүктөгү Мурманск жана Архангельскиде генерал Миллер турду. Прибалтика жактан генерал Юденич жүткүнүп келатты. Батышта болсо бары жоктун баарын басып алган Польшанын начальниги, большевиктердин кечеки эле социалист-революционер  тууганы Пилсудский жатты. Украинада болсо батькалар менен Петлюра өз билгенин кылышты. Дон менен Кубандагы Түштүк фронтунда Деникин менен Врангель демитип, кысмактап келатышты. Уралдан тээ Сибирге чейин Колчак бийлеп турганы. Бирок бул иш-аракеттердин ортосундагы аралыктар миңдеген чакырымдарга чейин созулуп жатты. Поезддер кадимкидей каттап, бул үрөйдү учурган башаламан жамандыктан алыс качкысы келген адамдар эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатышты. 

Ал эми Түркстан, башкача айтканда, Орус Орто Азиясы Империянын бөйрөгүнөн тээ 1917-жылы эле бөлүнүп калган, анткени ал жактагы байлар, хандар, эмирлер каргыш тийгир каапырлардын бийлигине баш иймек турсун, көрөйүн деген көзү жок болчу. Орустар ал жакта аз санда болчу, Түркстан фронту болсо Деникин менен Колчактын фронтторунун ортосундагы алыстыкта аңырайып турду, ошондуктан большевиктер аны да кези келгенде териштирип алышы керек эле, анткени большевиктерде ал жерлерди чоочун колдорго карматып жиберели деген ой түк да болгон эмес.

Дүйнөлүк Революция адамдардын башында тутанып, жер бети анын өртүнө жапырт чулганганы турду. Немис коммунисттеринин партиясы баш көтөрдү, бавариялык кызыл республика, Венгер Советтик Республикасы, кызыл эстондор, кызыл латыштар чыкты, Белорус жана Литва Советтик Республикалары ыктыярдуу түрдө кошулду. Советтик Закавказье, Перс Советтик Республикасы, Монгол Советтик Республикасы түзүлдү!!! Кытайда, Жапонияда компартиялар калыптанды!!! Ал эми жумушчу дыйкандардын маршын жетектеген социалист Муссолини ана мына Римди алганы турду! Мына ушундай акыл жетпеген башаламан, кандуу күрдөөлдүү, отко чулганган кымгуут мезгил өкүм сүрүп турду Дүйнө Тарыхында....

КРОНШТАДТТАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ ЖАНА НЭП

1921-жылдын мартына карата Жарандык согуш негизи аяктаган. Польша менен Прибалтиканын көз карандысыздыгы белгиленди. Закавказье советтешти. Актар талкаланып, бүт жерден куулду. Ыраакы Чыгышта гана анча-мынча кыймылдар болуп жатты. Белорусия менен Украина бир эле мамлекет болсун дешти.

Ошенткен менен ак кайыңдардын астында тынччылык болбой турду. Тамбов жакта партизандык согуш жүрүп жатты — ким менен? — өзүбүздүн эле дыйкандардан турган «антоновщина» менен. Анан эле бул эле Кронштатта революция сыймыгы болгон балтиялык моряктар баш көтөрүштү! Алар: бул үрөй учурган диктатураны токтотуш керек, советтерге өз алдынча башкаруучу орган катары ролун кайтаруу керек, дыйкандарды тоноону токтотуу керек ж.б. талаптарды коюшту. Кыскасы, пролетарийлер аскердик коммунизмди, террорду, карточокалар менен берилген жыргалчылыктарды, дегеле бийликтин зомбулугу, өзүм билемдигин каалашпайт. Эркиндик болсун деп турушат!

Бул жакшы иш эмес. Жумушчу дыйкандардын жүрөгү делген борбордо ушинтип атса, калгандары не болот.

Биринчиси. Большевиктик төбөлдөр төңкөрүштү кантип жеңил жасап жиберсе болорун абдан жакшы билишет, ага куралдуу бир ууч топ менен нараазы болгон кара таман катмар гана болсо жетиштүү. Абал чынында курч. Армия чоң, террор менен болсо да элдин жүрөгүн алып коюшкан, бирок өлкө алсырап турат, экономика кыйраган, айыл чарбасы ойрону чыккан. Мына ушундай кырдаалда кокус төңкөрүш чыгып кетип, демократиялык өкмөт орночу болсо, анда эле каргыш тийген Батыш кайрадан тынчтык орнотуучу күчтөрүн жиберип, козголуңчуларга жабдууларын, тамак-аш, курал-жаракты күргүштөтпөйбү. Ал эми матростор, дыйкандар, жумушчулар сага демократиялуу сыпаа интеллигенттер эмес. Алар көтөрүлөр болсо узакка келжиреп отурбай көздөгөн максатына жетиш үчүн эч кимди аябайт, баарын четинен аёосуз, ырайымсыз басат.

Экинчиси. Мындай болуп аткан соң демек, балким биз бирдемелерди таптакыр туура эмес кылып аткан окшойбуз дешет большевиктер. Дүйнөлүк революция болсо али жеңишине толук жетише элек. Өзүбүздүн эле эл биздин саясатты колдобой жатканында демек бир мандем болуп жүрбөсүн?

Ушуну ойлонгон Ленин НЭПти жылдырат. Буга БКнын басымдуу бөлүгү каршы чыкканына карабайт. Анткени Ленин өз чечими туура экенинен ныпым шектенбейт. Ленин дайыма чындыкты көрүп, ал жеңишке жетишүүгө көзү жетип турса, өзү жалгыз баарына каршы тура алат. Көзү жетпесе, ким менен болсо да бириге коюп, анан кези келгенде аларды ыргытып коё берет. Айлампалардан айланып же буйтап отуруп болсо да иши кылып көздөгөн максатына жетет.

Бөлүштүрүүчү карточкалар жокко чыгарылат. Соодага болгон толук монополия да алынат. Эми каалаганыңды алып чыгып сата бер. Салыкты төлөгөн соң чөнтөгүңдө канча акча калса, анын баары сеники. Эгин сеп, аны жыйна, сат да байый бер. Эмне кылсаң өз эркиң. Кааласаң өз устаканаңды же киреше табар дагы бирдемени ача бер. Салык төлө, ишке жалдаган адамдарыңа мыйзам чектеген ченден ылдый эмес айлык акы төлө да иштей бер – өндүр, байы деген саясат айтылат Ленин сунуштаган НЭПте.

Мунун үзүрүн анан көрүп ал! Өлкө болгону бир жыл ичинде ачкачылыктын, кедейликтин сазынан суурулуп чыгып кетет!

Ошентип Жарандык согуш мына ушундай ымалага келишүү менен аяктайт. Большевиктер оппоненттерине анча-мынча жол берип, алардын айткандарынын бир бөлүгүн аткарышат.

Анткен менен большевиктердин колу темирдей бекем, духу ырайымсыз бойдон кала берген.

БОЛЬШЕВИКТЕР ЖАРАНДЫК СОГУШТА КАНТИП ЖЕҢИШКЕН?

Алар адегенде азчылык эмес беле, калың элге таасири деле жок болчу.

Биринчиси. Большевиктер гениалдуу саясатчылар болушкан. Ооба, алар каталарды кетиришкен, былжырак бирдемелерди айта беришкен, экономикада жана саясатта баёолугун, сабатсыздыгын көрсөтүшкөн. Бирок. Бирок алар эч нерседен корккон эмес, эч кандай чектөө дегенди билишкен эмес. Анткени бүткүл адамзат тарыхында ал эңсеген, уккандын эсин оодарган Дүйнөлүк Революция деген реалдуу, улуу жана асыл баа түшүнүк болгон. Эмгекчил адамдардын, миңдеген жылдар бою эзилген кара таман шордуулардын эси көөнүнөн кетпеген нерсе мына ушул эмес беле.

Мына ушул улуу жана асыл баа максатка чексиз умтулууда большевиктер тарыхта эч кимди астына салбаган, эң эле үрөй учурган кылмышкерлер болушкан. Дайра эмес деңиз болуп аккан адам каны алар үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган. Алардын кызыл террорунан кийин дүйнөдө большевиктер десе жүрөгү зырт этпеген, тула бою муздабаган жан калган эмес.

Большевиктер кадрлык офицерлерди өзүнө иштөөгө мажбурлап, дыйкандарды армияга тарта алышкан. Алар аман калуу же жеңишке жетишүү үчүн ар кандай улуттук баалуулуктарды сатышкан.

Практикалык саясатта алар таптакыр принцип дегенди билишпеген, баарын ойлонбой жалмап мойсогон прагматтык иш тутушкан. Принцип бирөө эле болгон – бул кандай болбосун, жеңишке жетишүү. Калганын көрө жатабыз дешкен.

Революция жана диктатура калктын эң эле төмөнкү катмарынан большевиктерге керектүү адамдарды тандап алганга мүмкүнчүлүк берген. Ал адамдарды большевиктер башка кызмат тепкичтеринен кыйгатып эң эле жогорку кызмат орундарына көтөрүшкөн. Жаш таланттардын кайраты карьера жасоого эмес, практикалык ишке жумшалган. Ал адамдар атаандаштардан жана аңдыган интригандардан дегеле коркушкан эмес: анткени аларга кимди болбосун, каалаган убакта эч кандай сот-моту жок эле атып салганга укук берилген.

Ошентип согуш созулган үч жыл ичинде өйдө жакта бүтүндөй таланттардын жылдыздуу тобу өсүп чыккан. Алардын сабатынын аздыгына же дөөпөрөстүгүнө күлүүгө болбойт. Алар талантын эң башкы нерседе – керек болгон милдетти эң эле оор шарттарда аткара билгени менен көрсөтүшкөн. 20 жылдан кийин бул адамдардын басымдуу көпчүлүгү кул мүнөз көк мээлерге айланышкан. Бирок өз кезинде алар тандалган мыкты кадрлар болушкан жана жеңиштен жеңишти жаратып турушкан.

Мындан тышкары, большевиктер бардык түйүндүү маселелерди көз ирмемде шарт чече билишкен. Жер, заводдор, сөз жана соода эркиндиги, эл аралык союздар жана партиялык бөлүнүп-жарылуу маселелери көз ирмемде чечилип, бул боюнча чыгарылган чечимдер атылып кетүү коркунучу астында эң эле кыска мөөнөттө аткарылып турган. Дөөпөрөс дейсиңерби? – бирок колдорунан келишинче аракет кылышкан!!!

Дагы айта берсек дагы толтура.

Эми акыркысы. Ошол доордун аталышын эстегилечи. «Ревком», «Реваскерсовет», «командарм», «нарком». Келесоо чалыш сөз айкаштарынан куралган бул аталыштар башкысы, уккулуктуу жана сүрдүү эле! Бул аталыштардан ошол тилди алып жүргөн элдин күч-кайраты сезилип турган.

Калыс айтканда — большевиктер Россияны кудуреттүүлүккө жеткиришти. Кудуреттүүлүк – система катары ар бир мамлекеттин максаты. Бирок бул кеп биздин китептин алкагынан тышкары чыгып кете турган кеп. Айтор, большевиктер тарыхтын объективдүү жүрүшүнүн куралы жана жандуу кыймылдаткычы болушкан.

Алар ошончолук кыйын болсо анда СССР эмне үчүн кыйрады? Себеби дүйнө ушундай жаралган, кудуреттүүлүктүн туу чокусуна жеткен соң баары акыры келип кыйрайт...

Эми актар туурасында кепке келели. Бардык ыйык нерселер үчүн күрөшкө аттанган асылзаада бул рыцарлардан интеллигенттер жана ар кандай түстөгү демократ союздаштары болуп туруп эмне үчүн жеңилишкен деген суроо туулат.  

Биринчиси. Жакшы нерсени Учредителдик чогулуш деп атамак беле. Атын атасаң эле көз алдыңа узун катары тизилген кеңсе отургучтары, көз айнекчен таз баштар,  бухгалтерлердин ачуулуу жүздөрү, мугалимдикиндей насаат үндөр, ичине чымын түшүп кеткен графиндеги суу, президиумдун өңү өчкөн жашыл мата салынган столу тартылат. Күчтүн, кайраттуулуктун солгундугу ушинтип буюмдардын эле кебетесинен байкалат.

Экинчиси. Алардын большевиктердей бөлүнүп кеткен улуттук аймактардын көз карандысыздыгын таанууга акылдары жеткен эмес. Анан эмне болду? “Бирдиктүү жана бөлүнбөс империя” үчүн болгон кармашта актар бардык улуттардын душманы болуп чыга келишти.  

Үчүнчүсү. Актардын элдин негизги көйгөйү болгон маселени өз убагында аныктоого баам парасаты жеткен эмес, алар жерди дыйкандарга бөлүп берүүнү создуктуруп, аны өзүлөрүнүн жеңишине чейин жана Учредителдик чогулушка чейин коё турууну чечишкен. 

Мындай болуп аткан соң алардын элге кереги бар беле?

Төртүнчүсү. Генералдар атак-даңк жана кызмат үчүн ич ара атаандаштыкка ыктап кетишкен, кимдин кызматы чоң, кимдин эмгеги чоң деген тейде. Натыйжада, большевиктер тарапта болсо бул кырктан ашып ашпаган таланттуулар - Слащев, Врангель, Каппель фронтторго же Куралдуу Күчтөргө командачылык кылышмак. Жок булар тескерисинче, кызганчаак, ичи тар начальниктердин астына бүгүлүп турууга аргасыз болушкан. Алардын баштарынан аттап кеткенге баш ийүү, тартип, мундирдин намысы жол берген эмес.

Бешинчиси. Алар большевиктер менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүн текке кетиришкен. Антанта аларга тимеле мурундарына сөөмөй такап: балдар, бири-бириңерди кырганыңар жетишер, андан көрө туугандарча ийри отуруп түз келишимге келбейсиңерби деп көбеле жолу какшаган. Бирок кайдан, актар ага барабы? Дымагы күч эле булардын.

Алтынчысы. Актар большевиктердин бардык душмандарынын – демократтардын, конституционалисттердин, эл башчылардын баштарын бириктире алышкан эмес.

Жетинчиси. Актар жадагалса, Жарандык согуштун эң эле күжүрмөн, согушка жарамдуу бөлүгү казактар менен да сүйлөшө алышкан эмес.

(Уландысы бар)

Которгон Бахтияр ШАМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз