Омор Сооронов: Адалат күткөн акын

  • 15.10.2021
  • 3022

Молдо Багыш Сарыбай уулу[1] Совет доорундагы профессионалдык жазма адабият пайда болгонго чейинки кыргыз жазма акындарынын ичинен өз кол тамгасында жазылган араб арибиндеги ырлары бизге жеткен саналуу акындардын бири болуп саналат.

Анын кол тамгасындагы жазмалары менен элден жыйналган айрым чыгармаларын араб арибинен азыркы тамгага көчүрүп, китеп кылып түзүп, жээн-небереси Малабек Токтоболотовдун демөөрчүлүгүнүн негизинде 1998-жылы биринчи жолу «Абак дептери» деген ат менен китеп кылып чыгарганбыз. Бирок мен даярдап, Малабек басмага өткөргөн кол жазмага, мага кабарлабай туруп эле, Абдымамбет Сариев дегенди жооптуу редактор кылып («Басманын редактору Жумабек Медералиев» деп тургандан кийин, «жооптуу редактордун» эмне зарылдыгы болгонун түшүнгөн жокмун, эгер китептин араб арибинен көчүрүлгөнүн эсепке алып, илимий негиз берип аткан болсо, адис редактор катары бирөөнү сунуштаса болмок, «жооптуу редактордун» анте турган укугу да, жөндөмү да жок эле) койгон экен, менден уруксатсыз айрым материалдарды өз эркинче китепке кийире бериптир, андай ырлардын, айтыштардын Молдо Багышка канчалык тиешеси бар же жоктугун далилдеш кыйын.

Анткени жазылып алынган түп нуска ордуна жүрө турган жазмалардын өзүн көргөнүм жок, «чыгармалардын» өзү да көркөмдүк, мазмун жагынан жасалмадай көрүнүп, күмөн санатып турат.

Ошондуктан бул китепке Молдо Багыштын өз кол тамгасында жазылган жана Алибек, Жоробек Турдалиевдердин Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн араб арибиндеги чыгармалардын азыркы арипке биз көчүргөндөрүн, ошондой эле жазуучу, эл оозеки чыгармачылыгын активдүү жыйноочу жана өзүбүз ишеним берген Абдымомун Калбаев топтогон чыгармалардын Молдо Багыштын 1998-жылы жарык көрөн «Абак дептери» китебине жарыялангандарын гана кийирдик.

Эми Молдо Багыш Сарыбай уулунун өзүнө келсек, ал 1886-жылы азыркы админстративдик бөлүштүрүү боюнча Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Авлетим айлынын Ой-Алма (Тегермен-Сай деп да жүрүшөт) деген жеринде туулуп, ал жөнүндө: «Окумалдар жердеген,// Олуялар чендеген, // Авлетим-Сай туругум. // Сан түтүн саруу ичинен // Сарыбайдын уулумун» - деп сыймыктанып айтат.

Багыш 3 айлыгында энеден, 3 жашында атадан жетим калат. Ата-энеси малчылык менен күн көргөн адамдар болот. Жетим калган Багыш 6 жашынан 12ге чыкканча акесинин колунда кой, эчки багып чоңоёт. Он эки жашында Молдо Асан дегендин колунан арапча тамга тааныйт. Аны: «Асан Молдо устатым, // Билимине канамын. // Арапча жазып арипти // Такшалып күндө барамын» - деп ырга кошкон. Кыскарта айтканда, Багыш өз киндигин өзү кесип чоңойгон, аны төмөнкү ыр түрмөгүнөн эле баамдаса болот:

«Авалдан ата-энемден жетим калдым,
Адам болдум, агайын, өлдүм-талдым.
Азап менен мээнеттен малды таап,
Жыйырма беш жашымда катын алдым.»

Ошол 25 жашка чыкканга чейинки Молдо Багыштын өмүр жолуна курбусу Абдисамат Осмон уулу, 1957-жылы 16-июнда, мындайча кошумча айткан: «Молдо Багыш экөбүз тең элек. Алгач ушуектен Молдо Асан дегенден эскиче «Аптиек», «Куранды» бүтүрүп, түркий китептерден төрттү окуп алып, анан Шоркендеги кожолордон 6 жыл окуганбыз. Ал азыркы Наманган областынын Жаңы-Коргон районунан болот. Ошерден үч дарс китепти окуп бүтүп-бүтпөй кайра айылга келип аял алдык да, окууга кайра барбай калдык. Бул аял деген илимдин душманы экен» (КУИАнын Кол жазмалар фондусу. Инв.№475, 1-блокнот, 31-бет. Мындан ары инвентар номурун гана көрсөтөбүз). Молдо Багыштын дагы бир 1897-жылы туулган замандашы Үсөнбай Айдаралиев акындын өмүр баянын кыскача мынтип баяндайт: «Молдо Багыш кичинекейинде жетим калып, кийин окуп жетилген. Молдого Карабай деген авасы берген. Ошентип жүргөндө бир нерсе кезигип калып (даарып го?), акын болуп калган. Жаш кезинен эле санат ырларынан ырдап чыккан. Кийин басмачынын убагында өзүнүн алган аялы үчүн бир кыпчак Абдиламит Аширбай уулу деген ушактын негизинде каматып жиберген. Кийин андан кутулуп келгенде, мечит өрттөндү деп дагы кууган. Ошондо качып жүрүп пенделик кылды» (Жогорку инвентардын б-бетинде).

Молдо Багыш, жогоруда белгиленгендей, 25 жашында үйлөнгөн, ал аялы бир кыз төрөп кайтыш болот. Анан «өз өлтүрбөйт» деген ниеттен бир балдызына үйлөнсө, ал да жантаслим кылып кетет. Ошол себептен:

«Калкымдан катын албай ырым этип,
Башка журттан алганга ырым эттим» - дейт да, азыркы бөлүнүш боюнча Өзбекстандын Жаңы-Коргон районундагы карадарактык Сабиркан деген кыпчак келинге үйлөнгөнүн айтат. Биринчи аялынан калган кызынын аты Тургунбүбү, дагы бир аялынан (балдызынан) калган уулунун аты Мамат кул болот.

Молдо Багыштын кыпчак аялы Сабиркан ырчы экен, экөөнүн табышып калганына да сөз өнөрү себепчи болгон өңдөнөт, Сабиркандын: «Алты арыш кыпчак калкынан // Анча адамды сүйбөдүм» - дегенине караганда, көкүрөгүн ыр тиреп, оозунан сөз төгүлүп турган жаш жубан көп жигиттерди теңсинбей, жалындаган Молдо Багыш акынды жактырса керек. Сабиркандын ыр жандуулугун (ырчылыгын) Молдо Багыш: «Ар макалдан Сабиркан сөз баштаса, // Келеди уйкалышып аккан суудай» - деп белгилесе, Сабиркан Таштөбө (Кербен) түрмөсүндө Молдо Багышка жолуккандагы айтышында: «Сөзүнө сөз таба албай калганым жок, // Айтыштык овон менен арманым жок» - деп, өз ырчылык жөндөмүнө ыраазы болуу менен овон сала айтышкандарын баса белгилеп өтөт.

Сабиркандын авасынын улуу баласы Абдыгафур менен анын бажасы Аштөрө деген ГПУнун (МКК - Мамлекеттик коопсуздук комитети) агенттери болуп, ошолордун душмандык арекеттеринен улам Молдо Багыш түрмөгө түшөт. ГПУнун адамына алар: «Молдо Багыш басмачыларга курал сатып бериш үчүн бир нече миң сом пул берген» - деп айтышат. ГПУнун адамы Молдо Багышка: «Басмачыларга бир нече миң сом пул берипсиң. Абдыгафур, Айтөрө агенттерим айтты» - деп күнөөлөйт, беркилерге беттештиргенде да Абдыгафур ошондой деп бекемдейт. Бирок акындын жалындуу, далилдүү сөздөрүнөн кийин Абдыгафур өзү да түрмөгө камалат. Дагы бир маалыматка караганда Абдыгафур менен Айтөрөнүн Молдо Багышка каршыгышып калуу себеби: Сабирканды алар бирөөгө алып беребиз деп атышканда, Сабиркан Молдо Багышты каалап турмушка чыгып кетет. Анын өчүн алыш үчүн Молдо Багыш Таш-Төбөдө (Кербен базарында) койлорун сатып турган жеринен бул басмачыларга акча жыйнап атат деген жалаа менөн ГПУга кармап беришет.

Молдо Багыштын: «Касташкандан кармалдым, // Кайсы бирин айтайын!» дегенине карасаң, «Менин атым сурасаң Молдо Багыш, // Курусун бир пейлим бар тентек чалыш» - дегенин уксаң, оюндагысын тайманбай бетке айткан акындык курч сөздөрү айыл атка минерлеринин тескери иштерин сындап ырдап, ага тим болбой, кылык-жоруктарын ырга айлантып сотко жазган каттары («Макал», «Кабарнай» деген ырларын эске алып атам) да себепчи болуп, жектеп калгандардын тапшырмасы менен абакка салдырууга көмөктөшүштөрү да мүмкүн. Кантсе да, Абдыгафурдун ГПУнун агенти экени, Молдо Багыштын үстүнөн кеп ташып келгенин акын Наманган түрмөсүнө Заркенден жөнөтүлүп аткан жерде Сабиркан агасы Абдыгафурга ыр менен айткан сөзүнөн көрүнөт:

«Жарымды кармап бергендей
Кастыгың, ага, бар беле?
Ыманы жок каапырга
Условия кылышкан
Таштыгың, ага бар беле?
Тантырап айгак болгудай
Мастыгың, ага, бар беле?
Акчага сатып өзүңдү
Ачтыгың, ага, бар беле?

Кармап бер!» - деген каапырдан
Жарлыгың, ага, бар беле?
Каапырдан алып жей турган
Айлыгың, ага, бар беле? - дегендей толгон-токой суроолор менен жарга такаганынан улам, анан Абдыгафур:

«Кейибе, синим, кейибе,
Кейиген менен эмине?
Келишпестен бир ишим
Кедери кетти кемине.
Айтканыңча иш болду,
Адаболбос сөз болду...»

деген моюнга алуусунан белгилүү болот. Аны Абдысамат Осмон уулунун: «Кыпчактан аял алган. Көрсө, ошол катынды Абдыкапар (Абдыгафур) деген НКВД (ГПУнун) агенти сүйлөшүп жүргөн экен. Ал күнүлүк кылып, Кербенде кой сатып турган жеринен Молдо Багышты «Басмачылар менен тилдеш (сөзү бир). Койдун пулун аларга беш атар (мылтык) алганга бермек имиш» - деп НКВДга карматкан. Андан Алтайский Мор деген жерге айдалып барып, беш жыл чамасында келген» - деген сөздөрү ырастайт.

Молдо Багыш 1919-жылы айылдагы бир канча адамдар менен биригип мечит курат, жүзгө жакын баланын сабатын ачат. Шакирти Жоробек Турдалиевдин жазганы боюнча ошол мечитти Чоң-Таш деген жерге Осмон, Атабай, Атантай, Карабаш, Дөөлөтаалы дегендер менен бирге курушуп, Молдо Жакып, Молдо Абдираимдер менен бирге имамдык кылып, мечиттин бир бөлмөсүндө жашап калат.

Ал 1923-жылдан 1928-жылга чейин Айылдык комитеттин катчысы болуп иштейт. Бул мезгилде ырчылык жактан жетилип, эл аралап, чыгармаларын кагазга түшүрүп жүрөт. 1931-жылы, жогоруда көрсөтүлгөндөй, Абдыгафур менен Айтөрөнүн чагымдарынан улам ГПУга кармалып, он ай бою түрмөдө болот. Акындын бул күндөрү “Абак дептери” деген калың дептерде Молдо Багыштын өз кол тамгасы менен бизге жетти. Аны Молдо Багыштын жээн-небереси Малабек Анаш уулу Токтоболотов айылдык журналист, жазуучу Абдымомун Калбаевден келди. Акындын кол тамгасындагы бул “Абак дептери” бийиктиги 20,5 сантиметр, туурасы 14,5 сантиметр келген 60 беттүү калың дептерден турат. Дептердеги араб тамгасындагы жазманын ар бир жолуна экиден төрткө чейинки ыр саптары батырылып жазылган. Текст араб алфабити кыргыз тилине ылайыкталып реформаланганга чейинки эски жазма менен жазылган.

Бул түп нуска кол жазма баштан-аяк Таштөбо (Кербен), Заркен, Жаңы-Коргон, Наманган түрмөлөрүндө жазылып, 1932-жылы 20-мартта Молдо Багыш Абдымалик деген таанышы аркылуу түрмөдөн чыгарып берип жиберген. Кол жазма бүт бойдон 7,8,11 муундуу ыр саптары менен жазылган, 2215 ыр жолунан турат. Ырларын Молдо Багыш «казал», «кысса», «макал», кээде «икая» деп атай берет. Чыгарма жаратуу ыкмаларында кат формасы, монолог, суроо-жооп, алым-сабак айтыштар формасы, жайынча баяндар бар. Мазмуну Молдо Багыш ГПУ адамдары тарабынан кармалганынан баштап, Наманган түрмөсүнө камалып, андан сүргүнгө айдаланга чейинки 10 айлык мезгилди камтыйт. Муну дептердин аягындагы: «Баш-аягы түрмөдө он ай жатып, ошондо өткөн сөздөн макал жазды. Бул икая жазылды ошол жылда - бир миң үч жүз элик бирде» деген саптар кошумча далил деп турат. Мындагы 1351 саны Мухаммат пайгамбардын Хижра жыл санагы, азыркыча 1932-жылды түшүндүрө турганы да ошерде көрсөтүлгөн.

«Абак дептери» кыргыз поэзиясындагы түрмө күндөрүн сыртынан эмес, ичинен чагылдырган, татар акыны Муса Жалилдин «Маобит дептери» сыяктуу өзгөчө чыгарма болуп саналат. Айрымасы: «Маобит дептери» Муса Жалилди Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде немецтик фашисттер камаган түрмөдө жазылса, «Абак дептери» Молдо Багышты жалган жалаа менен өзүбүздүн ГПУ камаган өзүбүздүн түрмөдө жазылган. Молдо Багыштын айгакчысы айылынан чыгып, чекесине чыккан чыйкандай болуп, бетме-бет келип, жанын жеп жалган айтып, бетине көө сүйкөп турушу жанын аябай кашайткан. Жанынан түңүлгөн акын:

«Кырк төрткө кирген жашымда
Кыямат түштү башыма...
Жандууда мындай бар бекен
Жалган бир ишке кармалган.?..»

«Дүйнөнүн билдим жалганын,
Түгөнбөйт менин арманым» - деген саптарды жазып, ата-энесиз жетим калган жаш балдарын ойлоп чабалактап:

«Мукамматкул - жалгызды,
Тургунайым байкушту,
Туз ичишкен бар болсо,
Арбак үчүн, туз үчүн
Көрүп өткүн туугандар!?» - деп, туугандарына кайрылып:

“Багып турчу бир жылча!?” – деп, айылдагы алыс эле Бурулча, Буурулбек деген аялдардан өтүнөт, ага да болбой,

«Балдарымды тапшырдым,
Дөөлөтаалы агама ай!» - деп, алысыраак агасына тапшырган болот. Ага да көңүлү чыдабай, алты ай араң өмүр курган кыпчак аялы Сабирканга карата:

«Жалгызды сага тапшырдым,
Кор кылып, Сабир, койбогун!» - дегендей саптарды жазат. Анан туруп:

«Адамга тамыр болор деп,
Алдым эле кыпчактан.
Азабын тартып атамын
Аркамда жалгыз ушактан» - деп Сабирканга үйлөнгөнүнө бир алдын кейип да алат. Кайра:

«Кыпчактан алган зайыбыма
Кылчайбастан койбоңор!
Таги-заты бар болсо
Теги-түбүн ойлонор» - деп туугандарынан Сабирканга көз салып, жардамдашып турууларын суранат. Ж.б ж.б.

«Абак дептерин» окуган киши Молдо Багыштын психологиясындагы кубулуштарды: «Колума чөп-чар илинип калар бекен!» деп жанталашып чапчылап сууга чөгүп бараткан адамдай элестетет. Ага дептердеги жогорудагыдай улам өзгөрүп турган, бул жашоодон балдарына тырнактай болсо да жардам тилеген сандаган саптар күбө болот. Акырында акын:

«Калкымдан узак айдалып,
Каапырдын көрдүм токмогун» - деп алыска - сүргүнгө айдалып кете берген.

Молдо Багыштын жазгандарынан шакирти Жоробек Турдалиев араб алфабитинде көчүрүп алган тексттер: «Молдо Багыш каламы», «Бузулдугой заманың», «Калкыңдан кетти адалат», «Макал», «Кабарнай», «Кабаев Асанбекке» деген чыгармалар бар, алар 1277 ыр сабын түзөт. Аталган чыгармалар негизинен Молдо Багыш камалганга чейин, б.а., 1931-жылга чейин жазылганы мазмунунан да, башталышында же аягында коюлган даталардан да маалым болуп турат. Аларда Өктөбүр төңкөрүшүнөн кийинки өзгөрүштөр, ислам жолуна үндөө, бай-кедей ортосундагы мамилелер, түрмөдөн түрмөгө которулганда аялына жазган кабарлары ж.б. жөнүндө сөз болот.

Молдо Багыштын алгачкы чыгармалары, б.а., 1920-жылга чейин жараткан ырлары табыла элек. Бул деген 1886-1920-жылдар аралыгындагы акындын балалык, жаштык чактары өткөн 34 жылдын кат таанып, ыр жаза баштагандан кийин жараткан мурастарынан кабар жок дегенди түшүндүрөт, жаштык оту дүркүрөп тургандагы чыгармалары бизге жетпей калганынан кабар берет. Сүйүү лирикаларынын учурабаганы да ошол себептен болушу мүмкүн.

Совет бийлиги кыргыз жергесине келе баштаганда жетим өсүп, жарды чоңойгон Молдо Багыш аны оң кабыл алып, айрым ырларында чын ыкыласы менен даңктаганы «Кедейлерге насият» деген ырынын башталышында эле:

«Сөзүмдө бар аңгеме,
Албан түрлүү ар неме.
Айтса болор жакшы сөз
Акылы бар пендеге.
Казал окуп берейин
Казак, кыргыз жергеме.
Баштагыдай кедейлер,
Бай-манапты кел дебе,
Кезеңинде канчалык
Салба, кедей, башыңды
Караңгылык кермеге» - деген чакырык-ураан менен чыкканынан көрүнүп турат. Андан ары бул 165 саптан турган ырында кедейлердин мурдагы заманда бай-манаптардан көргөн азаптуу күндөрүн эскерте келип, өзгөрүш берген дөөлөттөргө шүгүр кылуу керектигин айтат:

“Өзгөрүштүн амалын
Алып өткүн, кедейлер!
Өзү берген кашыгын
Салып өткүн, кедейлер!” - дегендей чакырыгын андан ары улантат. Бирок андай ураандары көпкө созулбайт. НКВДга кармалып, түрмөнүн түбүнө түшүп, сүргүнгө бейкүнөө айдалып кетет. Андан ары: «Акыр заман кез болуп, // Алды го душман алкымдан», «Көйгөйлүү заман кез болду // Көрүшмөк бизге күмөн а!» дегендей ар менен корго, намыс менен ариетке толгон ачуу чаңырык коштогон саптарды жаза баштайт. Кечээ эле бактылуу келечек болуп көрүнүп турган түзүлүш акын үчүн кедери заманга айланат:

«Кедери заман кез болуп,
Кеби-сөзүң сыйдырбайт.
Кенен даарат кылдырбайт.
Кери кадам жылдырбайт.»

Акын: «Кармалып келдим, агайын, // Кайырдиндин колуна.» «Байлоого салдым башымды, // Бадирек каапыр ургандар.» «Канатым кайра байланып, // Калкымдан узак айдалып, // Каапырдын көрдүм токмогун» - деп, кайырдиндин заманына акаарат айтат. «Карында кайып болбостон, // Кандай келдим жалганга!» - деп жарык дүйнөгө келгенине кейип да жиберет. Анан, мунун баары Кудайдын буйругу, пешенеге жазылганы деп жыйынтык чыгарат.

Замандын тескери айланып баратканын жыйырманчы жылдары эле «Бузулду гой заманың», «Калкыңдан кетти адаалат» сыяктуу ырларында:

«Ойлоп турсам, агайын,
Албан-албан замана.
Адамдар болду жаман а.
Журтка келди ар балаа,
Куруду журттун дарманы а!» - дегендей өкүнүч толгон, жүрөк титиреткен саптар менен билдирген. Акын өзү айткан - «Журтка келген балаа» өз башына түшүп, өзү байкаган жаман адамдар айгак болуп, сүргүндөн келгенден кийин да артынан калган эмес. Ошентип жүрүп 1937-жылы каза болгон.

О.СООРОНОВ, КРдин Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КУУнун ардактуу профессору.

[1] Араб арибиндеги тексттерди азыркы кыргыз тамгасына көчүрүп китеп кылып түзгөн, баш сөзүн жана түшүндүрмөлөрүн жазган Омор Сооронов.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз