Кеңешбек Капсалаңов: Молдо Мамет

  • 19.12.2020
  • 3662

АҢГЕМЕ

Таң аткандан бери жоо чапкандай тып-тыйпыл жаткан айылга, күн обочо көтөрүлүп, шашкеге таяп калганда жан кирди. Дегеле кышкысын бул айылдын чет-жакасында кыймыл өтө эле сейрек кездешет. Бирин-серин кар тээп оттоп жүргөн жылкы жаныбарын, кыштоого бараткан же келаткан жалгыз атчан малчыларды эсепке албаганда ак булуттай көлкүп жаткан кардан башка көзгө урунар ныпым жок. Сөөк сыздаткан суукка кол шилтей, минген атын күрткү жиретип, ызгаардын эпкининен чала күйгөн дөңгөчтөй карарып талаа-түстө жан кейитип жүргүсү келбейт эчкимдин. Андан көрө тоютуңду, отун-сууңду кенен камдай, күн жымыңдап жаз болгуча үйдө жаткан дурус.

Айылдын жогорку тарабынан удаалаш чыккан машиналар, бирден-экиден атка учкашып-чиркешкендер өр таяна кечээ күнү грейдер түртүп кеткен жалгыз аяк жол менен тоо этегин көздөй акырын жылып баратты. Мындай көпчүлүк бир гана күздүн күнү улак оюнун көрүү үчүн тоо койнундагы түздөккө барат. Бул жолу андай эмес. Азыр кыш. Атчандар бака-шака. Биринин сөзүн бири жула качып кобурашып баратат. Машинанын ичиндегилер деле өз ара күдүңдөшөт. Бир гана эскилиги жетип, тоо жаңырта күркүрөгөн үнүнөн башка ырыстуу жери калбаган кара кочкул ЗИЛ авто-унаасынын үстүндөгү койдун коргоолундай чокмороктошкон он чакты адам үнсүз.

Алда немеден корккондой өңдөрү кубарып кеткен. Элдин алды тоо этегиндеги тектирге жетип токтоду, эми арты түрүлүп жеткиче күтүшөт. Качан гана жолдо келаткан адамдардын карааны үзүлгөндө, ЗИЛдин арткы темир эшигин ача салып, карылуу жигиттер жыгач табытты жерге сүйрөп түштү. Өткөн түнү айылдын саны дагы бирге кыскарган. Котологон көпчүлүк журту абалаган, келиндер акелеген, балдары аталаган Маметти түбөлүккө жер астына жашырууга келишти.

*      *      *

Ушул эле айылдын баласы болучу. Чоң аталары Алай тараптан ооп келген дешет. Анысын тактаган деле киши жок. Атадан жалгыз. Туугандарынын колунда жетим өстү. Акыл-эс кирип, эр жетип мектепти бүткөндөн кийин башкарма агасы кой артына салды. Ошондон тарта союз ыдырап кеткиче баккан-көргөнү кой болду. Өзгөчө ак кой баккан жылдары башына бак конду дейсиң. Үч-төрт жыл катары менен беш жүз койдон, алты жүз козу алды. Чабандын эмгегин акташ керек деп тызылдаган башкарма нары-бери чуркап жүрүп, акыры кызыл кирпичтен беш бөлмөлүү үй салдырып берди. Жардынын оозу ашка тийсе мурду канайт болуп, Мамет ошондо бир кутурду бейм, түбөлүккө элдин эсинде калгыдай. Өкмөттүн жинди суусун күнү кур эмес жутту. Далай жолу сүткө тойгон күчүктөй жайдын күнү топо-күлгө, кыштын күнү кар-музга оонап жатканда, аялы байкуш атына арта салып үйүнө алып келген. Аттан түшпөс манаптай, эски үзөнгүнү чирене тээп турганда жарк этип жанган союз жалп этти. Энчисине тийген он койду бир айда бөтөлкөгө айырбаштап жиберди. Тартыштык жалпы элди каптап, жакырчылыкка моюн сунуп баратканын сезген Мамет бир күнү мылтыгын асынып тоого чыгып кетти.

Ошол күндөн кийин Мамет айыл-апага анда-санда түшөт. Болбосо тоо арасында. Кой дээр кожосу жок, ээн талаада жайбаракат жайылган кудайдын макулуктарын четинен тандап атты. Жалгыз жүргөнүнө карабай кууганын куткарбас, атуудан жаңылбайт. Колго тийген кийикти түн катып айылга жеткирмей, эртеси аялы базарга жөнөйт. Сатат, үйүнө жеп-ичкенин, балдарынын кем-карчысын толуктайт. Бир аз өргүгөн Мамет дагы жылаан сыйпагандай жоголот. Бир жылы тоо текелерди кууп жүрүп мен кыйын деген мергенчилер көксөгөн аркарды, сүлөөсүнгө капкан салам деп жалама зоону тиктей берип илбирс атып алды. Сүйүнүчү койнуна батпаган Мамет, айылга жеткиче көрүнгөнгө, шыралга сураганга бирден жилик кармата берип, үйүнө түшкөндө куржунунда бир үзүм каргыча эти калган. Андан да эң жаманы – илбирс ичик тиктирип кийем деген кыялын таш капты. Бир тери бир ичик чыкпайт экен. Эми экинчисин атуу керек. Бирок андан көп өтпөй Мамет мергенчиликти таштады. Эмне себеп болгонун өзүнөн башка бир кудай билет. Бир арманы ичинде калды, эми ичикти кийе албайт. Терини аялына ашаттырып, балдарына ийлетип туруп, төркү үйүнүн дубалына кердирип илип салды, көрк үчүн.

Өмүр бою кой менен кийик артынан кууган Мамет жашы элүүдөн өтүп калганда ойдо жок жерден саждага башы ийилди. Бул окуя тоолуктар үчүн күтүүсүз болду. Себеби айылда динчилдер жок. Он жылдан бери эшиги ачылбаган мечитке жан кирди. Таң ата электе “аллоху акбарлап” озондогон коңур үнү тургундардын уйкусун бузду. Мечиттин алдындагы суу алчу кудукка туруп алып, элге даабат айткан Маметтен жаа бою айланып качкан адам көбөйдү. Бейкапар тынч жаткан айылга бүлүк салган Мамет тууралуу эчендеген ушак жайылды:

- Тиги Маметке эмне болгон, ээгине сакал чыкканда жөн жатпайбы, элдин мазасын албай.

- Ээ коккуй, эми беш маал ушунун эшектей айкырганын угабызбы?

- Ээ, жайына койгула аны, кой бакканда канжыгага байланып ичкен арагы менен чилдей таратып аткан кийиктери үчүн кудайдан кечирим сурап жатса керек, бейишке чыгайын деп. Хи-хи-хи.   

Тоо койнунда мал менен жан баккан элге анын жоругу аша чапкандай сезилди. Аларга молдо деген мокочо бирөө өлгөндө гана керек. Болбосо желкемдин чуңкуру көрсүн. Мечитти айылдын тың чыкма балдары салдырып, бир чоочун молдону имам кылып дайындап берген. Ал байкуш имам үч айдан кийин:

- Бул айылга үч жыл тынбай даабат кылсаң да, бирөө басып келбейт, - деп баса берди. Эмне кылсын ал, ыйманга келгиле, бейиш сеники деп ар кимдин бутуна жыгылмак беле. Аны кеткени эч кимди кызытырган жок. Эл көндүм жашоосун уланта берди.

Мамет айтканынан кайткан жок. Көгөрдү. Күнү кур эмес колуна тийгенине кадырын салып, мечитке ээрчитип келет. Анысы кайра кеткенче шашат. Эптеп таап келген беш кишиси намаз бүткүчө жылып жок болот. Адаттагыдай эле жалгыз кудайга жалбарып кала берет. Бирок айылда андан башка молдо жок эле, өлүм-житим болгондо башка жакка чуркагысы келбегендер “Мамет акелеп” өздөрү келет. Анда эле Маметке чындап кудай берди дей бер:

- Өлүккө өкүрбөгүлө, аялдар кошок кошпосун, бирден ашык мал сойбогула, ысырап, шариятта ушундай. Эгер макул болбосоңор башка молдо таап келгиле, - дейт. Аны уккан аксакал, көксакалдар чалкасынан кетет:

- Эми даана өлгөн турбайбызбы, өлгөндүн артынан көмгөн кылабы.

- Көк мээ, ал ушуну кылмак, жер жуткур десе!

- Ушуну жаназа оку деген биз...

Курулай сөздөн пайда барбы. Жаназа окулуп, жайына коюлган соң ар ким билгениндей кылат. Билими болбосо да китептен окуган бир аз маалыматы менен Мамет жаназачы аталып кетти. Туура окуп атабы, туура эмеспи – кызыккан эч ким жок. Эптеп иши бүтсө болду.

Күндөр өтө берди. Жыл айланды. Айылда баякы эле көрүнүш. Элди динге чакырган Мамет, аны көрө калып жылт койгон жаштар, шылтоосу даяр тургундар:

- Эртең келейин эми Мамет аба, бүгүн болбой калды го, уй жок, кашка уй, ошону издеп баратам.

- Арпага кулак байлап келгем аксакал, тез жетпесем жырып кетет, эмген талаага кетпейби, - деп качып жөнөмөй.

Эл чогулган көпчүлүккө барып, зекетти төлөгүлө, садага бергиле десе эркектерден биринчи улгайган кемпирлер атырылып беттен алат:

- Кайдагы акча, жок, сен эле жетишпей тургансың.

- Бере көрбөгүлө, чөнтөгүнө салып алат, башка эмне кылмак эле акчаны.

Мамет катуу сөз уккан сайын чыйралды. Артына чегинген жок. Бир күнү эле кыш чилдеде Мамет дайын-дарексиз жоголуп кетти. Мечит да тынчый түштү. Эл көнгөн адаты кармап, кийикке чыгып кеткен экен дешти. Чынында ал даабатка кеткен, өзбек тарапка. Арадан үч ай өткөндө, жаздын ала-шалбырт күнү жанына сакалдары саксыйган тили буруу беш-алты адамды ээрчитип жетип келди. Мына кызык, жай жаткан эл кайра дүрбөп калды:

- Мамет келиптир, жөн келбептир, энеңди... жанында хисбуттар жүрөт деп атышат. Эми барыбызды кырып кетет булары, - десе бири:

- Мен сезгем муну башынан эле, каапыр болчу бул, ушуну кылмак.

Ошол беш-алты адам менен Мамет көчөгө чыкканда өмүрү жабылбаган эшиктер шак бекиди, аттуулар ат тизгинин келген жолуна тартса, жакын жерден көргөндөр жеткен тешигине кире качкыча шашты. Алыстан келген даабатчыларды бир жума айланганда айылды таштап кетти. Мамет ошондон тарта “хисбут” атка конду.

Канча аракет кылган менен Мамет айыл элин ыйманга келтире алган жок. Бир гана жетишкени – анда-санда кээ бир адамдар өз ыктыяры менен мечитке кире калып жүрдү. Болбосо он жыл мурунку абал өзгөрүүсүз бойдон. Элдин эмнеге мечиттен алыс экенин Мамет өзү да аңдап түшүнгөн жок. Тек гана чала акылында тоо этектеп конгон, мал жандуу эл динди жек көрөт деп ойлоду.   

Жаны тынбай күндө беш маал мечитке каттаган Маметти бир күнү кокустан тагдыры тооруй чалып, төшөккө сулатты. Күүгүм талаш жетип келген ак халатчандар:

- Иньсулт, - деди, ийне менен денесине сайгылап көрүп. – Эми бир ыптасы толук кыймылдабайт. Андан көрө көңүлүн калтырбай жакшылап баккыла.

*      *      *

- Мамет кандай киши эле? - деди жаназачы үнүн өкүм чыгарып.

- Момун адам болчу, жакшы адам болчу, - деди катарлаш тургандар.

Мындай жерде ким жаман дейт маркумду...

Казылган чуңкурду эптеп дөмпөйтө салган көпчүлүк, кайрадан келген жолуна түштү. Кээси жеке ишине шашса, кээси жанатан казанда боркулдап кайнап жаткан жылкы этинин жыты мурдун өрдөп, ошого шашты. Артында кышкы тоңдо азап менен чукулуп үймөктөлгөн топурак менен көзөнөктүн ичинде кепинделген Мамет кала берди. Эч кимиси качандыр бир күнү өзү да ушул жерге келерин ойлогон жок. Ыйманың саламат болсун Мамет. Ыйманың...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз