Молдо Багыш: Жеңижокту жоктоо

  • 22.10.2021
  • 4253

Казалын баштап азатка,
Кабарың кеткен казакка.
Кадырың кантип айтпайын,
Кошот деп элин каалашса.
Кан Бакайдай Жеңижок,
Кайгыңды тартып турабыз,
Колдон келбес иш экен,
Кадиксиз ажал талашса.

Канча айтсам жетпейт санатым,
Кут конгон жерим Таласым.
Кайрыган калктын намысын,
Кадимки айкөл Манасым.
Кан Манастан кем эмес,
Калкына айткан санатың.
Кайгыртып кеттиң Жеңижок,
Калың журт кыргыз баласын.

Караңгыда чырагым,
Кайрылып акыл сурарым.
Канча түмөн кол келсе,
Качырган баатыр Чубагым.
Кан Чубактан кем эмес,
Калкына кылган кызматың.
Кадимки акын Жеңижок,
Кадырың айтып турамын.
Кайрылбай дүйнө салганга,
Кайгырып турган убагым.

Калкым деп баштоо ырларын,
Кадимтен сенин урааның.
Калк үчүн жанын арнаган,
Кайра тартпас Сыргагым.
Кан Сыргактай Жеңижок,
Калк үчүн айткан ырларың.
Капилет оору айынан,
Калкыңда көпкө турбадың.
Кадырың көпкө сиңгенден,
Кайгыңды тартып турамын.

Кезинде тийип керегиң,
Көтөргөн кыргыз желегин.
Кыраандын бири эмеспи,
Кыйын баатыр Серегиң,
Кан Серектей Жеңижок,
Калкыңа берген белегиң.
Кадырыңды билерде,
Кыйылды өмүр терегиң.
Күлүстөн жаның аманда,
Көп эле тийген керегиң.
Көсөмүң кетти дүйнөдөн,
Көзүмдүн жашын төгөмүн.
Кайттыңыз мынча эртелеп,
Кыйналдык билбей себебин.

Кырк чоронун Кыргылы,
Кылымды билген дыңгылы.
Кыргылдан өйдө кызматың,
Кыргыздын кыраан туйгуну.
Кылчайбай кеттиң Жеңижок,
Кыргыз элдин булбулу.
Кыргызга тарап атагың,
Кыйлага тийип жардамың.

Кош тизгиндей ардагым.
Кошойдой ырга балбаным.
Козголтту элди мындагы,
Коштошуп дүйнө салганың.

Ар иштин тапкан акылын,
Аталаштай жакыным.
Айтылып жүрчү атагы,
Алманбет арстан баатырым.
Алманбеттен кем эмес,
Айтканга тапкан акылың.
Акырет кеткен авакем,
Арбагын козгоп жатырым.

Жер түбүнө барганда,
Жете кылган көктүгүн.
Элдин баары билишет,
Элемандын Төштүгүн.
Эр Төштүктөй бар эле,
Эзил авам өткүрү.
Өлүмгө айла жок экен,
Эл булбулу өттүбү?

Токтогул келген болуучу,
Кенен жер Кетмен-Төбөдөн.
Айдалып кетти аргасыз,
Манаптар жапкан «күнөөдөн».
Таңдайын жанып ырдаса,
Жыргалга элди бөлөгөн.
Жетик акын Жеңижок,
Азапка салып Токоңду
Акырет көздөй жөнөгөн.
Калык келген болуучу,
Жер соорусу Жумгалдан.
Үйрөнө албай санатын,
Ак куржун толгон ыр калган.
Атпай кыргыз журтуна,
Ажал,
Акындардан тууну алган.
Ала Тоо кыргыз ажырап,
Асылым деп чуу салган.

Жолугуп Барпы Кыргоодо,
Жанына келип жанашкан.
Жеңижок менен ошондо,
Жоргосу жолду талашкан.
Табышмак ырга келгенде,
Такылдап тилин сабаткан.
Шарият ырга келгенде,
Шалдайып таппай адашкан.
Батасын алып Барпы акын,
Үйрөнүп кеткен санааттан.
Ак таңдай акын экен деп,
Алтымыш акын баалашкан.
Пендеде сиздей туулбайт,
Кем берет экен жараткан.
Айла жок ажал экен да,
Эми,
Жай берсин Кудай жаннаттан.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз