Үмүт Култаева: Улуттук ар-намыстын жазуучусу

Төлөгөн Касымбеков – 90.

Кыргыз адабиятында тарыхый жанрдын классикалык үлгүсүн жаратуу Төлөгөн Касымбековдун энчиси болгондугун эч ким жокко чыгара албайт. Албетте, ага чейин тарыхый темада жазылган чыгармалардын ичинен “Кандуу жылдар” менен “Узак жолдун” улуттук адабияттын тарыхында өз орду бар. Анткени менен эл аралык масштабда, “чоң чөйрөдө” Төкөмдүн калеминен жаралган “Сынган кылыч” гана боордош элдердин тарыхый романдарынын катарында сыймык менен аталып, жанрдын атак-даңкы “Ала-Тоонун аскасынан ашканы” талашсыз.

Буга З.С.Кедринанын бул романды М.Ауэзовдун “Абай жолу”, В.Яндын “Чынгызхан”, С.Бородиндин “Самаркан жылдыздарына”[1] салыштырганы далил. Мындай жетишкендиктин себеби эмнеде?

1. Көрсө, чыныгы тарыхый чыгарма “...турмушту тарыхый-философиялык аңдоонун ички муктаждыгы менен байланышкан жазуучунун чыгармачылык жетилүүсүнүн критерийи”[2] катары жаралат экен. Башкача айтканда, “Сынган кылыч” улуттук адабий процесстин да, автордун жетилишине кепил боло алган. 1985-жылы Москвадан чыккан “Советский многонациональный роман” жыйнагына кирген К.Даутов менен А.Эркебаевдин макаласында “Сынган кылычты” – кыргыз адабиятындагы биринчи көп пландуу тарыхый роман” катары улуттук адабиятта эле эмес, көп улуттуу роман искусствосундагы өзгөчө ачылыш катары бааланган[3].

2. Дүйнөлүк адабиятта улуттун рухий жана материалдык маданиятын синтездөөгө жөндөмдүү чыгармалар гана тарыхый аталууга тийиш болсо, дал ошол элдик турмуштун философиясын аныктоочу этноцентризмди нарк-насилин Т.Касымбеков улуттук адабиятта биринчилерден болуп сезип-туйган. Натыйжада, ошол кездеги идеологиялык зомбулукка карабай “элдик турмуштун жан-сырларын” (Надеждин) тайманбай алып чыгууга жазуучунун ички руханий күч-кайраты жеткен. Анткени, калемгерде улуттук ар-намыстын көрөңгөсү уюп жаткан эле.

Т.Касымбековдогу улуттук ар-намыстын ички көрөңгөсү аны өзүнө чейинки тарыхый романдардын катарындагы гана эмес, “... нравалык инфантализм менен рухий жетесиздиктен келип чыккан келемтенин ордун толуктоочу”[4] бул жанрдын жаңы моделин жаратууга дем берген. Бекеринен З.Кедрина “Сынган кылычты” Т.Касымбековдун А.Толстойдун, М.Ауэзовдун, А.Кадыринин, Айбектин, С.Бородиндин тажрыйбасына Т.Касымбековдун берген жообу деп атаган эмес. Анткени анда төмөнкүдөй эпопеялык белгилер Касымбековго чейинки, андан кийинки жазылган романдарда “Сынган кылычтын” деңгээлине жеткен жок. Парадоксалдуу көрүнүш – жазуучунун өзүнүн кийинки чыгармалары да ага жетпей калды.

I. Романдагы тарыхый окуянын сыйымдуулугу Т.Касымбековго чейин мындай иштеле элек болчу. “Сынган кылычта” чыгарманын нагыз сюжетин түзүүчү  тарыхый окуялар Шералы хан таажысын кийген 1842-жылдан баштап, Болот-Исках дарга асылган 1876-жылды – Кокон хандыгынын Россиянын карамагына толук өтүшүнө чейинки 34 жылды камтыганы менен автор тарабынан колдонулган тарыхый экскурс доорлордун тереңине кетет. ХIХ кылымда эл тагдырына туш келген өтө опурталдуу,  чалкеш,  кандуу, кыйын жана кызык  мезгил капысынан пайда болгон көрүнүш эмес. Шералини хан шайлоонун (тарыхый окуянын) себебин окурманга жеткирүү үчүн жазуучу кыргыз тарыхый романдарынын композициялык структурасында архивдик материалдын ролун ойногон санжырага кайрылган. Анткени “хан” аталган так менен таажыга болгон бийлик кумары саясий интригаларды өз апогейине жеткирген учурда, анын запкысы жалпы элдин трагедиясын жаратып, калк ичиндеги карыялар туңгуюктан чыгуунун жолун издеши да кыргыз адабияты үчүн салттуу көрүнүштөрдөн.

Улуттук этнопсихологияга ылайык жазуучу эл ичиндеги көсөм карыя аркылуу улуттук эстутумду күүгө келтирет. “Аппак суюк сакалын калтыраган алсыз колу менен акырын сылаган Ажыбай датка” айткан санжырага ылайык,  бир кезде чексиз зор өлкөгө ээлик кылган Амир Темир Көрөгөндүн ар кайсы шаарга мураскор болуп бекиген балдарынын ыркы келишпей, ата мурасын  жүз жылга сактай алышпай,  Амир Темирдин Миран-Шах, андан Султан-Мухаммад, анын уулу Абдусаиддин Өмөр-Шайх бийлеп турган Фергана акыры тун уулу Бабырга калыптыр. Бул окуя 1493-жылга таандык. Акылы жетик Султан Бабыр атка конгон жакшы уул бабасы Амир-Темир Көрөгөндүн зор өлкөсүн кайра калыбына келтиргенге аракет кылып, ошол кезде  Самарканга ээлик кылган Шайбани хан менен кармашат. Туугандары өздөн чыккан жат болуп, ынтымакка келмек турсун, кайра душман тарапка өтүп кетишкенде, өз өлкөсүнөн орун таба албаган  Султан Бабыр үй-бүлөсү менен Ооганга качып баратып, Сейде-Бак деген ай күнүнө жетип олтурган аялынан уул табат. Кан жолдо бараткан жүргүнчү наристени “энесинин ууз сүтү менен оозантып, алтын сырлуу бешикке салып, ... анан белиндеги каухар кемерин чечип бешиктин үстүнө арта таштап”[5] кетет. ...Аны кыргыз кыпчак уругунан бир адам таап алып, жаш эмчектүү аял таап бактырып, кийин эр жеткенде султан тукумунан көп урпак чыксын деп, шариятка ылайык төрт уруу журттан төрт аял алып беришкен. Дагы так талашуу коогасында, Фаргана билермандары ошол төрт аялдын биринен туулган урпак 60 жаштагы Теңирярды султан тукуму деп бий көтөрүп жиберишет. Бул – 1597-жыл экен[6]” – деген тарыхый экскурстун өзүндө тарыхый мезгилдердин учугун бири-бирине жалгап турган жандуу жиптер (П.Шермухамедов) – тарыхый романдын жанрдык касиети ажарын ачат.

Жазуучу санжыраны тарыхый хроника менен шайкеш келтирип, кайра көркөм иштеп чыгуу менен романдын композициясындагы ретроспектикалык ыкмада бүтүндөй тарыхый окуялардын масштабдуулугун камсыз кылган. Чындыгында эле “Бабур Захиредин Мухаммад (1483- 1530) Индияда Моголдор мамлекетинин (1526) негиздөөчүсү; акын жана жазуучу. Тимурийлер (Амир Темир Көрөгөн) тукумунан; Омор Шайыктын уулу, Бабур 12 жашында атасынан Фергана тагын мурастап калган”[7]. Жазуучунун санжыраны колдонуу чеберчилиги  ага улуттук тарыхтын сырын эпикалык баяндоого мүмкүндүк берген. Автор бул мезгил социалисттик идеологиянын доору экенине карабастан, улуттук тарыхтын сырын өз тамырынан издегендиги адабий процесстеги күтүлбөгөн окуя эле. Натыйжада 500 жылдык тарых 7 бетке сыйып кеткен.

Тарыхый окуянын масштабдуулугу жалаң гана ретроспективалык ыкма менен чектелбейт. Романда түндүк-түштүк кыргыздарынын биримдигине арналган эпизод көлөмдү көбөйтүү максатында эмес, улуттук биримдик идеясын тереңдетүү үчүн романдын структурасына кошулган. Түштүк жергесинен эл биримдиги үчүн келген Алымбек датканы Сары өзөн Чүйдүн билерманы Жангарач бийдин “Жыламыштын көз кайкыган түзүнө атайын он эки канат жумурткадай ак өргөө көтөрүп”[8] тосуп алышы кыргыздын мейман күтүү маданиятынын гана белгиси эмес. Бир туунун алдына биригүү идеясы улуттук ар-намысты курчутуу максатында көркөм-эстетикалык жалпылоого жеткен.

II. Эпопеяга таандык дагы бир белги эл турмушунун кеңири панорамада сүрөттөлүшү “Сынган кылыч” романында ийгиликтүү ишке ашкан. Эл турмушунун купуя сырлары: коомдук-социалдык мамилелер, бийлик жана адам коллизиясы, ата-бала ортосундагы келишпестик (Эсенбай – Нүзүп), жубайлар ортосундагы мамиле (Алымбек – Курманжан), тууган ортосундагы мамиле (Сарыбай – Мадыл), улуттун жашоо образы, этнографиясы, этнопсихологиясы, дүйнө таанымы жогорку көркөм-эстетикалык деңгээлде чагылган. Улуу тоону мекендеген элдин бейпил турмушуна бүлүк түшүргөн кара мүртөз тарыхый доордун жүзү дан багар Теңирберди менен саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, кол өнөрчүлүк сыяктуу ажайып өнөрдүн ээси Сарыбайдын адам чыдагыс трагедиясы аркылуу көркөм интерпретацияланат. Айрыкча чыгарманын төртүнчү бөлүмүндө кыргыздардын аш берүү (Жаманкулдун ашы) үрп-адаты аркылуу бүтүндөй элдик турмуштун кеңири панорамасы кенен мейкиндикке чыккан. Ашка келаткан Насредин бекти көк бөрү менен тосуп чыгуу, аштагы элдик оюндар (ат чабыш, балбан күрөш, эр чабыш ж.б.), тамак берүү, кийит кийгизүү салттары мезгилге ылайык, тарыхый кырдаалга жараша көркөм сүрөттөлөт. Намыс үчүн кара башынан кечкен эрлерге “ак сарбашылын” айта жаратканга жалынган энелердин тилеги, намыс алган тарапты ырга кошкон жарчы акындардын таңшыган ырлары, колунан чыккан көрктүү кийимдери менен наздана кылык көрсөткөн чебер айымдардын конокторго көрсөткөн сый-урматы убактылуу болсо да мезгилдин апаат күндөрүнөн элди унуткарат.

Элдик турмуштагы өзгөчө мамиле кудалардын бирин-бири кыя албаган тагдыр азабы казатта шейит болгон кырчын жигит Темирдин атасы Теңирберди менен жаш жесир, айдай сулуу Айзааданын атасы Жамгырды кыйнайт.

Жазуучу улуттук тагдыр кылыч мизинде турганына карабай, турмуштун уулу мыйзамына ылайык, махабат отуна күйүп жанган жесир Айзаада менен Эр Эшимдин жеке тагдырларына романдын жалпы структурасынан орун тапкан. Автор жалаң кургак тарыхый окуялардын хроникасы менен чектелбей, эл тагдыры объективдүү өнүккөн тарыхый окуялардын тепсендисинде калганын беш үйлүү нойгуттун абалы, Сарыбайдын үй-бүлө трагедиясы аркылуу жүрөк титиреген драматизм менен берүүгө жетишкен. Жазуучунун дал ушул чеберчилиги убагында “чоң чөйрөдө” жогору бааланып: “Доор тууралуу автордук маалымат эмес, сюжеттин өзүнөн өзү келип чыгышы Т.Касымбековдун романында улуттук тарыхты сүрөткерлик менен аңдоого мүмкүндүк бергени”[9] жаш адабияттагы чыгармачылык жетишкендик, жаңы чыгармачылык тажрыйба катары бааланган.

III. Эпопеяга мүнөздүү дагы бир маанилүү өзгөчөлүктөрдүн бири андагы каармандардын көптүгү, анын ичинде тарыхый инсандардын улуттук же мамлекеттик кызыкчылык үчүн күрөшкө чыгышы эсептелет. “Сынган кылыч” романында эки жүзгө жакын каарман катышат, алардын ичинде улуттук аң-сезимде аты өчпөй жашап келаткан тарыхый инсандар: Алим хан, Алымбек, Алымкул, Ажыбай датка, Абдырахман, Абдылдабек, Байтик, Болот-Исках, Жангарач, Жантай, Жаркынайым, Ионов, Ибрагим хаял, Иса олуя, Курманжан датка, Камчыбек, Кудаяр хан, Канат-шаа, Мусулманкул, Музаффар, Нарбото, Нармамбет, Насирдин, Нүзүп, Скобелев, Колпаковский, Шабдан, Шерали, Шер даткалардын коомдук саясий ишмердүүлүгү көркөм аңдоого алынат. Амир Темир Көрөгөн, Бабыр, Арстанбек, Калыгулдар тууралуу кыйыр сөз болот.

Кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы үчүн Алымбектин, Нүзүптүн башы топтой томолонуп, Абдылдабек Ата журтун таштап, Ооганга ооп кетет; кыпчактарды коргойм деп, Мусулманкул айбан чыдагыс өлүм кыйноосуна кабылып, денеси бирден кескиленет; ак жеринен Камчыбек дарга асылат; Болот-Исках чыккынчылардын кесепетинен колго түшүп дарга асылат. ж.б.

IV. Эпопеянын дагы бир белгиси эл тагдырынын татаал кырдаалга дуушар болушунан пайда болгон тарыхый реалдуулук романдык мазмунду жаратат. Ушул кырдаалда “...элдик ойлом” өз мазмунуна “адам тагдырларын” сиңирип алат да,[10] эпопеялык принцип үстөмдүк кылат. Романда коомдук бардык катмардын өкүлдөрү катышкан: хандар, бийлер, бектер, даткалар, баатырлар, балбандар, чыккынчылар, айымдар, дан багарлар жана мал багарлар, кол өнөрчүлөр, күзөтчүлөр, жан жигиттер – кыскасы кыргыз турмушу кайнаган жашоодо миң түрдүү мамилелердин татаал байланыштары көркөм сүрөттөлөт. Жазуучунун чебер калеминен жаралган типтүү образдар (Абил бий, Каракаш айым, Сарыбай, Теңирберди, Айзаада) эле эмес, тарыхый инсандар: Мусулманкул, Нүзүп, Шер датка, Кудаяр хан, Шерали, Алымбек датка, Курманжан датка, Абдырахман, Болот-Исках, Скобелевдин эстен кеткис мүнөздөрү түзүлгөн.Сарыбайдын тагдыры жеке адамдын гана эмес, доор трагедиясы катары терең психологизм менен сүрөттөлөт.

Ордо ичиндеги саясий интригалардын кесепетинен элдин азабы: тартууга кеткен күң, кул карапайым эл ичинен тандалганы аз келгенсип, кагылыштарда кырчын жигиттер окко учкан. Элдин улуттук тагдырындагы трагедия момун адам Мадылдын жалаага кабылышы, жалгыз перзенти тартууга кеткенин көтөрө албай, Сарыбайдын аялынын акылынан адашып тентип кетиши менен дагы тереңдетилген.

Теңирбердинин уулу Темир Айзаадага баш кошконуна жыл айланбай, Ордого кызмат кылуу үчүн кошунга алынып, жаш жубайы “шырп” эткен дабышка кулак түрүп, делбиреген үмүт менен жарын күтүп жүргөндө, ачуу өкүрүк менен мизине кан каткан кылычы келет.

- О тагдырым, бышкан алма болуп араң отурган чагымда... тагдырым, сага не жазыгым бар (астын сызган – К.Ү.)[11] эле?! – деген кутман кары Теңирбердинин тагдыр-трагедиясы бийлик жана эл коллизиясынын туу чокусун мейжийт. Жаш жесирдин тагдыры улгайган кайнатасын да, өзүн да азапка салганына карабай, жашоонун “улуулугу” жеңип, экинчи жолу “азгырылган” келин ааламга батпай  качышы эл үчүн түзүлгөн тарыхый кырдаалдын бир көрүнүшү. Тагдыр азабынан улам тирүүлөй тозокто калган Айзааданы кыйбай Эр Эшим элинен безип тааныбаган бөтөн элге баш паанек издеп кошо кетти. Аз да болсо жашоо бактысын жаңы тапканда, Эр Эшим калың элге келген козголоңго кайдыгер карап тура албай, Болот-Искахка кошулуп кетип, эл үчүн курман болду. Айзааданын башына түшкөн бир эмес, эки жолку жесирлик карасы –  мезгил түсү.

V. Тарыхый чыгармада улуттук мүнөздү алып жүрүүчү элдик каарман болбосо, ал эпопеялык касиетке ээ боло албайт. “Сынган кылыч” романында улуттук мүнөз мүнүшкөр Сарыбайдын образына типтештирилген. Чыгарманын көркөм структурасында Сарыбайдын тагдыры  эл кайгысын коштогон күү, оркестр сыяктуу.  Жаратылыш, коом, жеке адам, бийлик мамилелеринин татаал системасында: адам жана жаратылыш гармониясы бузулуп, бир жагынан  жалынычтуу  үн чыгарып, жем сураган бүркүттүн жырткычтыгын Сарыбай түшүнбөйт; экинчи жагынан, анын өзү менен жан шерик болуп калгандыгын, мүнүшкөр жакынынан ажырап калчудай кайышып, коё бербей жаткандыгын бүркүт түшүнбөйт. Жердин да, элдин да куту качкан мезгилдин каарына моюн сунгусу келбей, Сарыбай перзентиндей болуп калган бүркүткө жем издеп, жер кезип колуна эч нерсе илинбеген соң, жанында жүргөн тайгандын мойнун кайрып өлтүрүп бериши элдин жашоосу кептелген тунгуюктун метафоралык бир көрүнүшү. Жырткыч арааны ачылган ичтейин тыя албай, өзүнө жем издеп жүргөн ээси көзүнө айбан көрүнүп, кол  салышы, өмүр үчүн болгон кармашта мүнүшкөрдүн көзүнүн чукуп  өлүшү жаратылыш “перзенттеринин” дисгармониясына алып келген тарыхый кырдаалдын суру качкан жүзү. Эгер автор Сарыбайдын тагдырын ушуну менен бүтүрсө деле логикалык бир жыйынтык чыкмак. Улуттук адабиятта мергенчи менен мүнүшкөрдүн оор жазага тартылышы эпикалык салттардан. Автор эл тагдыры тушуккан тарыхый кырдаалдын ички маңызын дагы терең ачуу үчүн Сарыбайдын турмушуна биринин артынан бири келген кырсыкка улам каалгасын кактырып, тирүү жан чыдагыс абалга жеткирген.

Бул жылдары да адатта жок кыштын ызгаары, узакка созулушу турган жеринде канаттууну тоңдуруп кырды. Сарыбайдын “менин жолум болбосо, иттин жолу болор”, менин жолум болбосо, куштун жолу болор” деп, “айласы кеткенде арсчычкандын ийинин тырмагы сынганча” чукуп, бирок иттин да, куштун да, адамдын да тумшугуна эч нерсе илинбей куру кол кайтышы куту качкан доордун символу сыяктуу.

Тарыхый кырдаал курчуган кезде (алмустан бери) жеке адам жана жалпы эл менен бийлик ортосундагы мамиле болуп көрбөгөндөй бузулары белгилүү. Бийликтин азезил кумарына баткан “жогоркулар” үчүн адам тагдыры оюнчук боло баштагандыктан, Сарыбайдын асыл жылкы Тору кашкасы уурдалып,  беш үйлүү нойгут жалган жалаага кабылды. Бардык ишке куулук менен өзү жумшап, аягы адам өлүмү менен бүткөн чуу жөнөкөй элди азапка салганда, Абил бий кыздан тартуу берип, хан тукумунун көңүлүн алмакчы болгондо, бул азаптуу кайгы да Сарыбайдын тагдырына туш болду.

- Чара  жок... –  деди, Сарыбайдын алсыз үнү, –  соо калсын биртке тууган... – Ушуну айтты да Сарыбай бүк түшүп жатып калды.

Жалгыз кыз туягы – Кундузайдын тартууга кетишин көтөрө албаган ЭНЕ акыл-эсинен ажырап, ээн талаага кутуруп кетип, Сарыбайдын сокур жашоосуна, жалгыздык кошулат. Өзү жалгыз калганы аз келгенсип,  бир тууганы Мадыл Абил бийдин саясий оюнунун курмандыгы болот. Тагдыр аны ташбоордук менен мүлжүп олтурат: жан-дүйнөсүнүн эрмеги болгон мүнүшкөрлүк менен саяпкерлик өнөрү анын дилин ташка чаап, жакын адамдарын улам бирин жоготот. Турмуш кыйындай баштаганда беш үйлүү нойгуттун үч үйлүүсү башка жакка көчүп кетерде, алардын жолун тоспой, өз түйшүгү менен эски журтта жалгыз калышы, анын инсан көтөрө алгыс трагизми жазуучу тарабынан элдин атынан Сарыбайдын мойнуна жүктөлгөн. Сарыбайдын үй-бүлөсүнүн тагдыры – улуттун жок болуп кетүү коркунучунун бир жаңырыгы. “Сарыбай – элдик турмуштун негизин эң терең түбүнө сиңирген улуттук мүнөздү алып жүрүүчү айсберг.”[12]

Ошол эле учурда тарыхый доор канчалык жексур, кырдаал канчалык катаал болсо да, эпопеялык чыгармада “элдин өлбөстүгү”[13] даңкталат. Бул критерийге романда Кокон ордосу аталган бийлик системасынын күнү бүтүп, тутанган өрттөй күч менен эл козголоңу каптап келгенде, Насирдиндин “кыргыз айымды” чакырткан эпизод күбө. Бир кезде тартууга кеткен Кундузай эми келме кезек тагдыр тамашасына күлүп турду. “Ак шайы көйнөк, үстүнөн карала кымкап камзол кийген, башында алтын сайма керене, эки билектей кош өрүм чачы толорсугунан ылдый түшүп, күмүш чачпак согончогуна төгүлүп келген”1 кыргыз айымдын алдында айласы түгөнгөн Насирдин сабылып турду:

- Тартууга келген күң эдиңиз. Эсиңиз менен, көңүлүңүздүн түздүгү менен ордомдун эркеси, ак никелүү зайыбым болдуңуз... баланы сактап калың...

- ...Жети атасы хан болуп эмне тапты?! Кимге пайдасы тийди?! Теги башка, атасы башка дейм, атын башка коём – деген Кундузайдын бүтүмү – элдин өлбөстүгү.

VI. Эпопеядагы мезгил жана мейкиндик адабий тектин башка жанрларына сыйбай, жалгыз романдык өзгөчө түрдү талап кылганы да “Сынган кылычка” толук мүнөздүү. Тарыхый мезгилге жараша каармандардын түзүлгөн мүнөзү эпопеялык деңгээлде кайталангыс көп түрдүүлүккө ээ. Сарыбайдын, Теңирбердинин, Абил бийдин, Шер датканын, Мусулманкулдун, Бекназардын мүнөздөрү улуттук гана эмес, тарыхый доор талап кылган жана аларды “калыптандырган” (А.Толстой) индивидуалдуу мүнөздөр. Романдык кырдаалды түзгөн тарыхый мезгил - бийликти мурастаган феодалдык коомдук-социалдык түзүлүштүн күнү бүтүп бараткан, доор жаңы системага муктаж боло баштаган, тарыхый объективдүү өнүгүү адам эркине баш ийбей калган татаал учур. Ушул мезгил Абил бийди, Нүзүптү, Мусулманкулду, Кудаяр ханды жаратты. Ушул мезгил Таластын даркан талаасында жүргөн Шералинин эркин, адамдык дареметин сынады. Бул мезгил “Кокондо хан тактысы үчүн болгон күрөш менен кандуу кагылыштарда жүздөгөн, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылып, элге жат саясат жаралып, урууларды бири-бирине кайраган ыпылас саясий оюндар башталган мезгил.”[14] Дал ушул мезгилге жараша романдын көркөм аянты анын мейкиндиги улам кеңейип, элдик көтөрүлүштүн өрттөй тутанышын шарттайт, бийликтин саясий кризиси улам тереңдей берет. “1842–1876-жылдардагы Кокон мамлекетиндеги социалдык-саясий кризистердин күчөшү жана хандыктын кулашы”[15] менен падышачылык Россиянын колониялык саясатына ыңгайлуу тарыхый шарт түзүлөт. Натыйжада, бул мезгилге чейин “илимий экспедицияны” түндүк кыргыздарга жиберген падышачылык Россиянын колониялык чабыты кеңейип, Скобелевдин Алай тоолоруна болгон жүрүшүнө себеп болгон. Улуттун улуттук тагдыры коркунучта калган татаал тарыхый кырдаалда бир жагынан саясий кризистен чыгуунун айласын издеп, Ордо билермандарынын жергиликтүү кыргыз феодалдары менен мамиле түзүүгө жасаган аракетинен, бийликке жагуу үчүн бири-биринен жол талашуу уруулар ортосундагы ички ынтымакты ыдыраткан. Экинчиден, ички ынтымактын жоктугунан ар бир уруу башчысы жардамды сырттан издеп, падышачылык Россияга кыргыздар өздөрү “колтук ача баштаган” мезгил. Үчүнчүдөн, кыргыз жергесинен калмактар сүрүлгөндөн баштап, Иле, Чимкент аймактары талашка түшүп, казак-кыргыз ортосундагы мамиле бузулган.

Романда сүрөттөлгөн мезгил ХIХ кылымдагы дүйнөлүк геочөйрөдөгү чоң бурулуш, өзгөрүүлөрдү камтыгандыктан, алардын пайда болуу өбөлгөлөрүн көркөм аңдоо үчүн автор тарыхый экскурстарга кеңири орун берген. Кыйын мезгилде улутту сактап калуунун аргасын издеп таап, хан көтөргөн Шералинин ата тегинен башка да, тарыхый инсандар: Алим хан, Нарбото бий, Нүзүптүн атасы Эсенбай, Нармамбет датка, Алымбек даткалардын ата теги аркылуу романист байыркы кыргыз турмушунун көркөм элесин ишенимдүү чагылдырган. Улут намысы үчүн болгон күрөштө каармандар көөнө тарыхтын сабактарын пайдаланышкан. Мисалы, аталык бийлиги кайдан чыккандыгын, анын укугун тактоо үчүн Нүзүп казыйдан жол сураганда, мындайча түшүндүрдү: “...мамлекет иши башта башынан өтпөй, ага ылайык камы болбой, тарбиясы болбой, иштин көзүн билбей турса, ...башка бир жетик адамды ханга аталык бийлигине чакырса болот... Албетте, бул мамлекеттин пайдасы үчүн! Бул бийлик эгесинен бийликти зордуктап алганга жатпайт. ...Аталык таксыз падишах, тажысыз өкүмдар...

- Мисалы?

- Амир Темир! Жаңгер Амир Темир Көрөгөн! Заманында Чыңгыз-хандын тукумунан Жагатайдын кызын алып, ага күйөө болуп коюп, кийин анын хан балдарын хан деп төргө отургузуп, а бийликти өзү туткан! ...[16]

Өткөн мезгилдеги улуттун жашоо образын, анын өзгөчө дүйнө таанымын сүрөттөөдө автордук ойдон жаратуу чыгармада эл турмушун кеңири панорамада, көп пландуу эпикалык формада баяндоого мүмкүндүк берген. Ушундай тарыхый экскурстардын бири эл ичинде “баатыр” аталган Бекназардын ата тегине арналат.

Романда жазуучу тарабынан сүрөттөлгөн азем буюмдар: кайыш саадак, тоо текенин мүйүзүнөн жасалган сур жаа, кош миздүү шап кылыч, кийимдер жөн гана кооздук үчүн же бир гана каарманды идеализациялоо үчүн эмес, элдин түптүүлүгүн, нарктуулугун, байыркылыгын баяндоо үчүн, анын ичинде жеке инсандын кадыр-баркын, түпкү тегин баалоо критерийи катары колдонулган. Демек, жазуучу сүрөттөгөн буюмдар элдик маданияттын уникалдуулугунан кабар берүү үчүн сүрөттөлөт. Алар тарых күбөсү, муундарды байланыштырган материалдык маданиятты чагылдырган мурастар. Көрсө, бул буюмдар убагында даңазасы таш жарган бий, чыгышта даңазасы таш жарган, улуттук адабиятта али образы түзүлө элек тарыхый инсанга таандык.

Бул буюмдар Бекназар үчүн “...өткөн аталарынан калган аялуу эскерме мурас мүлк... Саруу бийден небереси Көлдөйгө калган дешет” – деген автордук экскурс дагы бир көөнө тарых катмарынан маалымат берет. Саруу бек Румга (Рим), бир кулачы Кытайга жайылып турган оң канаты Ак Ордо, сол канаты Көк Ордо аталган Алтын Ордонун алдыңкы бийлеринен экен. О кийин анын тың небереси Көлдөй “таркан” атанып, элбегиси болуп, кышкы отоосу Сары Өзөндө Арка деген сепилде, жайкы өргөөсү Суусамырдын төрүндө, Көк Ордонун өкүмүн өткөрүп турган дейт”. Жазуучу өз каармандары Бекназарга черттирген комуз күүлөрүндөгү “...суу койсо соорусуна төгүлбөгөн, сулуу деп тандап боз жорго минген, үстүндө дөөлөткө мас адамзааданын  ... асылдан күткөн дүйнөм деп, аялуу жаным биргем деп, алпечтеп” баккан аялы душманына этегин ачып, ... калмакка качып, баатырды намыска жыкканы, же Сарыбай черткен “жер түтөтүп, мелмилдеген түз талааларга, арасын көгүлтүр мунарык басып жаткан улуу тоолорго батпай, деңиз суусундай лыглык болуп жаткан көп элдин караанын көзгө апкелген ...баатырдыкты, эрдикти даңаза кылган ” баяндары ар түрдүү мезгилдер байланышынан кабар берет.

Ошондой эле романдын көркөм аянты ээлеген мейкиндикти да башка жанрларга сыйдырууга мүмкүн эмес. Т.Касымбеков “...татаал баяндоонун миңдеген жибин өз колунан чыгарбай кармай билген” (К.Бобулов) чебер прозаик катары мезгил менен мейкиндиктин да татаал байланышын да бири биринен өксүтпөй камсыз кыла алган.

Тарыхый кырдаал кыргыз бийлеринин башын кошуп, Алай-Анжияндын “азуусун айга бүлөгөн” Алымбек даткасы Сары өзөн Чүйдү “суудай бурган” Арканын билермандарына жолугуп, Кокондон терс бурулуунун белгисин билдирип, Канат-шааны “орустарга салып берип жатса”, экинчи тараптан, кыргыздардын мындай баш кошуусу жөн эмес экендигин байкаган Дюгамель төрө Россия империясынын аскер министрине “кабарлоо” жазып жатты. Ушул эле мезгилде Кокондо Малаханды өз төшөгүндө думуктуруп өлтүрүштү. Артынан көп узабай Алымбектин “башы кетти”. Хан тактысы жана таажысы үчүн болгон күрөш, кандуу кагылыштар, бийлик талашуу интригалары Кокон эле эмес, Анжиян, Ташкен, Бухара, Маргалан сыяктуу шаарлардагы бийлик өкүлдөрүнө таасирин тийгизип, ал күрөштөрдүн таасири улам сыртка сүрүлө масштабын кеңейтип олтуруп, “...тарыхтын өнүгүү энергиясынын улуу кубатынан” дүрмөт алган элдик каарман Исках-Болотхан “тарыхый крисизтин көз мелжиген бийиктигин”(Гулыга А.) көрсөтүп турат.

Бийликтегилер ит тартыш “ойноп жатканда” эл менен бийликти жараштырабыз деп ортого түшкөн Абил бий менен Абдырахмандын “амал-акылы” менен кыргыздан “кылым азабын, дүйнө салмагын көтөрүп”(Суровцев Ю) Ордого келген кырк элчинин башынын алынышы тарыхый кырдаалдын курчуп жеткен чеги болчу. Тарыхый фактынын тамырын кармай билген жазуучу кашкөй кырк эл кишисинин шейит өлүмү аркылуу окуяны көркөм-философиялык жалпылоого жетишип, мазмун менен форманын биримдигин камсыз кыла алган. Элдик кыймыл “бал аарынын уюгундай дуулдап, дагы ураан кыйкырып, ат туягынан жер дүңгүрөп, мыкты куралданган үч миң ашуун эрегишчи Чаткалдан кара селдей каптап түштү”. Кыска, убакытта көтөрүлүш Алабука, Актам, Көкжар, Нанай, Мамай, Сефитбулан кыштактарындагы элди дүүлүктүрүп, кийинчерээк Көгарт, Өзгөн, Алай аймагына жайылып, көтөрүлүшкө бүтүндөй карапайым калктын уруусуна карабай биригиши, аларга Ордо аскерлери кошулуп 70 миңге жетиши романдык мазмундагы окуя. Акырында Кудаяр өзүн да, мамлекетин да “...улук даражалуу императордун колуна тапшырып”, Скобелевдин казак-орус отрядынын курчоосу астында Кокондон чыгып кетүүгө аргасыз болушу менен бүтпөгөн сюжет андан ары Искахтын “бүркүт планы” менен шаарды алып койгондон кийин да уланат.

Жарым паша Фон Кауфман “Түркстандын Пугачы” менен сүйлөшпөй кырдаалды курчутуп, Самарканды алуу үчүн кыргын салып, атагы чыккан Скобелев Искахтын ишенген Балыкчыдагы колун талкалап, Анжиянды камоого алды. Көтөрүлүшчүлөр Ош тарапка, Каратегинге чегингенде, айыл кыштакты каратель каптап, мелмилдеген Фаргана кызыл өрткө айланды. Ошондо да, боштондук издеген эл өкүлү Абдылдабек жардам сурап Оуган жерине ооп кетти. Романдагы мындай эпизоддор бүгүнкү кыргыздын улуттук намысын ойготууга тийиш.

[1] Кедрина З.С. Глубинные корни братсва  // Дружба Народов, 1975, №10, - 261-265-б.

[2] Пауткин А.И. Советский исторический роман сегодня (70-годы)  // Вест. Моск. Ун-та.Сер.Филология, 1978, № 4. – С.19.

[3] Советский многонациональный роман. – М., 1985. – С.179.

[4] Юдин В.А. Человек. История. Память. – М.: Современник, 1990. – С.16.

[5] Т. Касымбеков. “Сынган  кылыч”.  – Б., 1998. – 55-б.

[6] Ошондо. 57-б.

[7] Кыргыз тарыхы: Энциклопедия. – Б.:Мамл.тил ж-а энциклопедия борбору, 2003. – 128-б.

[8] Сынган кылыч. – 185-б.

[9] Оскоцкий В. Роман и история:Традиции и новаторство советского исторического романа. – М.:Художественная литература, 1980. – С.254.

[10] Бобулов К. Новая ступень:киргизская проза сегодня  // Дружба народов, 1968. – 259 –б.

[11] Сынган кылыч. – 527 –б.

[12] Бобулов К. Новая ступень:киргизская проза сегодня  // Дружба народов, 1968. – 259 –б.

[13] Суровцев Ю. Люди и время: Статья  вторая  // Новый мир, 1984, №9. – С.232.

1  Сынган кылыч. – 527 –б.

[14] Лебедева Л. Пора великих перемен. /К-те:Рухту көтөргөн улуу сөз:Адабий сын, пикир, илимий макалар жыйнагы. /Түз. К.Даутов. – Б.:Шам, 2000. – 130-б.

[15] Кыргыз тарыхы: энциклопедия. – Б.: Мамл.тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 24 –б.

[16] Сынган кылыч. – 93 –б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз