Лев Толстой: Чычкан кыз

  • 04.11.2021
  • 2619

ЖОМОК

Бир киши дарыя бойлоп баратып, карганын чычканды көтөрүпкелатканын көрүп калат. Ал каргага таш шилтегенде, карга чычканды коё берди. Чычкан сууга түштү. Киши аны суудан чыгарып, үйүнө алып келди. Анын балдары жок эле. Ошондуктан:

-- Эх, ушул чычкан,кыз болуп калсачы! - деп эңседи.

Ал ойлогондой чычкан кызга айланды. Кыз бойго жеткенде атасы минтип сурады:

 - Кызым, кимге турмушка чыккың келет?

Кыз:

- Дүйнөдө баарынан ким күчтүүболсо, ошого эрге тием, - деп жооп берет.

Атасы Күнгө барат да:

- Күн! Менин кызым дүйнөдөгү эң күчтүүгө турмушка чыгууну каалайт. Сен баарынан күчтүүсүң; менин кызыма үйлөн, - дейт.

Күн болсо:

- Мен баарынан күчтүү эмесмин. Мени булуттар тосуп турат.

Киши эми булуттарга барып, мындай деди:

- Булуттар! Силер баарынан алдуусуңар; менин кызыма үйлөнгүлө.

Алар болсо:

- Жо-ок, биз баарынан күчтүү эмеспиз, бизди шамал айдап турат, - дешти.

Адам андан ары шамалга жетти:

- Шамал! Сен баарынан күчтүүсүң; менин кызыма үйлөнчү.

Шамал да:

- Мен баарынан кубаттуу эмесмин, мени тоолор токтотуп турат, - деди.

Адам эми тоолорго барды:

- Тоолор! Менин кызыма үйлөнгүлө; силер баарынан күчтүүсүңөр.

Тоолор:

- Бизден да келемиш күчтүү; ал бизди кемирип салат.

Адам анда келемишти таап, ага минтет:

- Келемиш, келемиш! Сен баарынан күчтүүсүң; менин кызым сага турмушка чыккысы келет.

Келемиш макул болду. Киши кызына кайтып келип:

- Келемиш баарынан күчтүү болуп чыкты; ал тоону кемирет. Тоолор шамалды токтотот. Шамал булуттарды айдайт, булуттар күндү тосот. Ошентип келемиш сага үйлөнө турган болду.

Бирок кызы чочуйт буга:

- Эх! Мен эми эмне кылышым керек? Келемишке кантип эрге тием?

Анда атасы:

- Эх, эгер! Менин кызым кайрадан чычкан болуп калсачы! - деп тилейт.

Ошентип кыз чычканга айланды. Чычкан болсо, келемишке эрге тийди.

Кыргызчалаган Ырысбай АБДЫРАИМОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз