Эрнест Хемингуэй: Чал жана деңиз

  • 17.11.2021
  • 24467

Жазуучунун «Чал жана деңиз» повести Пулицер (1953) жана Нобель (1954) сыйлыктарына татыктуу болгон. Жазуучу 1961-жылы 21-июнда Кетчумда өзүн өзү атып өлгөн.

ПОВЕСТЬ

Чал жалгыз өзү кайыгына түшүп, Гольфстримде балык уулап жүрдү. Ал деңизге сексен төрт күн такай чыкса да, бир да балык кармай албады. Алгачкы кырк күнү аны менен бирге бала болду. Бирок күн артынан күндөр өтүп, балык карматпаган соң, эне-атасы ал балага: «Чал эми анык Salao», башкача айтканда, «жолу болбогон эң эле бир шордуу неме экен», сен деңизге мындан ары башка кайык менен чыгып жүр дешти. Чын эле, бала кеткен башка кайык биринчи эле жумада үч жакшы балык алып келди. Чалдын күндө куру кол кайтканына зээни кейиген бала чалдын балыкчылыкка керектүү шайман-аспаптарын же багорун[1], гарпунун[2] же болбосо мачтага оролгон парусун үйүнө чейин жеткиришип келүү үчүн жолун тосуп жээкке барчу. Таар жамаачы салынып тамтыгы калбаган парус оролгондо, согушта кыргынга учураган полктун туусуна окшоп калчу.

Чал арык жана жүдөө, желкесинин бырыштары тереңдеп, ал эми эки жаагын мелмилдеген тропик деңизинин бетине чагылышкан күндүн нурларынан пайда болгон коңур түстүү зыянсыз тери рагы каптаган. Жаактарынан желеленген темгилдери мойнуна чейин жеткен, чоң балыктарды суудан тартып жатканда жип кыйган колдорунун тырыктары көрүнүп турат. Бирок жаңы тырыктар жок эле. Бул эски тырыктар илгертен суусуз калган чөлдөгү жаракаларга окшоп кетет.Анын көзүнөн башкасынын баарында тең карылыктын белгиси бар, көзү болсо деңиз түстөнүп, эч нерсеге багынбаган кишинин көзүндөй ойноктоп турат.

– Сантьяго, – деди бала чалга, кайыкты жээкке байлап коюп, жол менен өйдө чыгып баратышканда, – эми мен сени менен деңизге кайтадан чыга алам. Биз эми анча-мынча акчалуу болуп калдык.

Балык кармоону чал үйрөткөндүктөн, бала аны жакшы көрчү.

– Жок, – деди чал, – сен жолдуу кайыкка туш болдуң. Ошо кайыкта жүрө бер.

– Баягында сен сексен жети күн деңизге чыгып жүрүп, бир да балык кармай албай койгонсуң, анан биз үч жума бою күнүгө бирден чоң балык алып келип турбадык беле, ошол эсиңдеби?

– Эсимде, – деди чал. – Сен менден мага ишенбегендигиңден кетпегениңди билем.

– Мени атам кыстабадыбы, мен азыр баламын да, тил алышым керек.

– Билем, – деди чал. – Антпесе болбойт.

– Ал сага көп ишене бербейт.

– Туура айтасың, – деди чал. – Сен экөөбүз ишенебиз. Чынбы?

– Чын. Террасадан пиво алып берейин, ичесиңби? Шаймандарды үйгө анан деле алып барабыз.

– Мейлиң, – деди чал. – Балыкчы балыкчыны сыйласа...

Алар Террасага келип олтурушканда, көп балыкчылар чалды шылдыңдагандай болушту, бирок чал аларга таарынган жок. Улгайган балыкчылар чалды аянычтуу карашты, бирок шек билдирбей, кайырмактарын кандай тереңдикке салышкандыгын, деңизден эмне көрүшкөндүгүн кеп кылышып, деңиз агымдары жана аба ырайы жөнүндө жайма-жай аңгемелешип олтурушту. Бүгүн жолу болгондор уудан небак кайтып келишиптир, марлиндеринин[3] ичеги-кардын алып, эки тактайдын үстүнө туурасынан таштап, эки киши тактайдын ар бир учунан кармап, балыкты балык складына көтөрүп алып барып жатышты. Андан ары балыкты рефрижераторлор[4] менен Гавананын базарына алып кетишет.

Акула кармаган балыкчылар аны кичинекей булуңдун аркы жээгиндеги акула сойгон заводго өткөрүштү; заводдо акулаларды блокторго илип коюп, боорун сууруп, канаттарын кесип алышты, терисин сыйрып, этин туздаш үчүн жука-жука тилип коюшту.

Шамал чыгыштан урганда, акула фабрикасынан сасык жытты Террасага айдап келчү, бирок бүгүн жыт дээрлик жок эле, анткени шамал которулуп, түндүктөн сокту да, анан басылып калды, азыр Террасага күн тийип, жыргатып турган учур эле.

– Сантьяго, – деди бала.

– И-и? – Чал пиво куюлган стаканын тиктеп, небак өткөн күндөрдү эстеп олтурган.

– Сага эртеңкиге сардина[5] кармап берейинби?

– Тим эле кой. Андан көрө бейсбол ойноп ал. Кайыкты өзүм деле айдай алам, торду Роджелио салат.

– Кой, андан көрө мен салайын. Сени менен балык кармашпасам да, сага кичине кол кабыш кылгым келет.

– Сен мага пиво алып бербедиңби, – деди чал. – Сен эми чоңоюп калдың.

– Мени биринчи жолу деңизге алып чыкканыңда мен канчада элем?

– Беште. Ошондо мен тирүү балыкты кайыкка салып, балык кайыкты талкалап коё жаздаганда, сен өлүп кала жаздабадың беле, ошол эсиңдеби?

– Ал куйругу менен чапкылап, отургучту сындырганда, сен аны союл менен тарсылдатып сабаганың эсимде. Сен мени кайыктын тумшук жагындагы суу болгон шаймандардын үстүнө ыргытып жибердиң беле. Сенин союлуң карагай жаргандай такылдап турганы да эсимде. Ошондо айлана каңырсык жыттанып турган.

– Сен чын эле мунун баарын унута элексиңби же мен сага кийин айтып бердим беле?

– Сен мени деңизге ала чыккан биринчи күндөн бери баары эсимде.

Чал балага күндөн кызарып чыккан көздөрү менен жароокер карады:

– Сен менин балам болгондо тобокелге салып азыр эле деңизге ала кетер элем. Бирок сенин ата-энең бар да, анан сен олжолуу кайыкка да туш келип калдың.

– Ошентсе да мен сардина кармаганы барып келейин. Анан да кай жерден төрт живец[6] таба аларымды билем.

– Бүгүнкүлөрүм деле түгөнгөн жок. Аларды туз салган жашикке салып койгом.

– Мен сага жаңысынан төрттү таап берем.

– Бирди эле, – деп чал көнбөй койду.

Ал ансыз деле үмүтүн да, келечекке ишеничин да эч качан жоготчу эмес, бүгүн болсо деңизден салкын шамал сокконсуп, анын жүрөгүндөгү үмүтү менен ишеничи ого бетер күчөдү.

– Экини, – деди бала.

– Мейли, – деди чал макул болуп, – эки болсо эки болсун. Ой, сен аларды кымтып алып жүрбө?

– Керек болсо, кымтып да алар элем. Бирок мен сатып алдым.

– Ыракмат, – деди чал.

Ал өзүнүн элес албаган аңкоолугунан качантан бери моюн сунуп момун болуп калгандыгын капарына да алчу эмес. Бирок бул момундун аны маскаралабай да, адамдык сапатынан кетирбей да келгенин билчү.

– Эгерде агым башка жакка бурулуп кетпесе, эртең күн жакшы болот, – деди чал.

– Сен кайсы жерден кармайсың?

– Жээктен алысыраак, шамалдын багыты өзгөргөндө кайта келем. Таң азандан чыгам.

– Меникин да алысыраак барууга көндүрүшүм керек. Сага эң чоң балык түшүп калса, биз жардамдашабыз.

– Сеники жээктен өтө алыс кетүүнү жакшы көрбөйт.

– Туура, – деди бала. – Бирок мен ал жакшылап көрө албай турган бир белги табам, чардактар эле жарайт... Анда алтын макрель[7] кармайбыз деп аны алысыраак кетүүгө көндүрүүгө болот.

– Көзү ошончо эле начарбы?

– Сокур болоюн деп калды.

– Кызык. Ал таш бака кармаганга эч качан чыкчу эмес эле го. Көбүнчө ошо таш бакадан сокур болосуң.

– Сен бир топ жылдар бою Москит жээгине таш бакага барып жүрдүң, бирок көзүң сопсоо эле го.

– Мен – укмуштуу чалмын.

– Эң чоң балык түшүп калса, ага күчүң жетеби?

– Жетишет деп ойлойм. Мында баарынан мурда эптүүлүк керек.

– Жүр, шаймандарды үйгө алпаралы. Анан мен торду алып, сардина кармап келейин.

Алар кайыктан шайман-аспаптарды алып чыгышты. Чал мачтаны ийнине салып алып жөнөдү, бала болсо кайырмактын катуу эшилген боз жиптери салынган жыгач жашикти, багорду, саптуу гарпунду алды. Чоң балыкты суунун үстүнө алып чыкканда эсин оодара чаба турган союл менен жем салган жашик кайыктын ичинде калды.

Чалдын шайман-аспаптарын ким эле уурдап кетет дейсиң, бирок шүүдүрүмдө суу болбосун үчүн парус менен оор шайман-аспаптарды үйгө алып барып таштоонун зыяны жок эмеспи. Бу жердиктер анын мүлкүнө суктанбасына ишенсе да, чал кырсыктан тышкары болсун деп, гарпун менен багорду кошо ала кетчү.

Алар жол менен өйдө чыгышып, чалдын кепесине жетишти, аңырайып ачылып турган эшиктен киришти. Чал парус оролгон мачтаны кепенин дубалына жөлөдү, бала анын жанына шаймандарды коюп койду. Мачтанын узундугу бул жакта Риапо деп аталган падыша пальмасынын жалбырагынан салган алачыктын узундугундай. Алачыктагы буюм: керебет, стол, орундук; жерде – жыгач көмүргө тамак бышыруу үчүн казылган кемеге. Ныкталган жалбырактан тургузулган күрөң дубалдарда Santa Mariadel Cobrel Coвчe менен кудайдын жүрөгүнүн боёлгон сүрөттөрү илинип турат. Булар чалга маркум аялынан калган. Мурда аялынын боёлгон сүрөтү да илинип турчу, бирок чал аны кийин катып койгон, анткени аны көргөндө чал аябай капалана турган. Азыр сүрөт бурчтагы текчедеги таза көйнөктүн астында жатат.

– Кечинде жегидей эмнең бар? – деп сурады бала чалдан.

– Бир табак сары күрүч менен балык бар. Жейсиңби?

– Жок, мен тамакты үйдөн ичем. От жагып берейинби?

– Тим эле кой. Өзүм кийин жагып алам. Балким, күрүчтү жылытпай эле жеп алармын.

– Торду алайынбы?

– Ал, ала бер.

Небактан бери эле эч кандай тор жок болчу аны алар сатып жиберишкени баланын эсинде. Ошондой болсо да, экөө тең күнүгө чалдын тору бардай түр көрсөтүшчү. Бир табак сары күрүч менен балык да жок эле, бала аны да билчү.

– Сексен беш – акжолтой сан, – деди чал. – Эртең салмагы миң кадак[8] болгон балык кармап алып жүрбөйүн?

– Мен торду алып, сардина кармап келейин. Босогого отура тур, күн тийип турбайбы.

– Макул, кечээки газета бар эле, бейсбол жөнүндө окуп олтурайын.

Газета чын эле барбы же бу дагы жалганбы – муну да бала билчү эмес. Бирок чал чын эле керебеттин астынан бир газетаны сууруп чыкты.

– Муну мага вино сатуучу дүкөндөн Перико берген, – деп түшүндүрдү чал.

– Мен сардина кармап, азыр эле кайра тартам. Сеникин да, өзүмдүкүн да музга коём, эртең менен бөлүп алабыз. Кайра келгенимде мага бейсбол тууралуу айтып бересиң.

– «Янкилер» уттуруп коюуга тийиш эмес.

– Кливленддик «Индеецтер» аларды жеңип албагай эле!

– Коркпо, балам. Улуу Ди Маджиону эстечи.

– Мен жалаң гана «Индеецтер» эмес, детройттук «Жолборстордон» да корком.

– Сен уялбай цинциннатилик «Кызыл беттүүлөрдөн» да, чикаголук «Ак байпактан» да коркуп кетип жүрбө?

– Газетаны окуп чык да, мен келгенде айтып бер.

– Номери сексен бешинчи лотереялык белетти сатып алсак кандай болот? Эртең сексен бешинчи күн эмеспи.

– Эмнеге болбойт? – деди бала. – Балким, сексен жетинчи номерди сатып алсак туура болор? Баягында сексен жети күн өтпөдү беле.

– Эки жолу эч нерсе кайталанбайт. Сен сексен беш деген саны бар белетти таба аласыңбы?

– Заказ берип коём.

– Бир кабаттуусу болсун. Эки жарым долларлык. Аны кайдан карызга алсак?

– Ой, ал кеп эмес! Эки жарым долларды мен качан да болсо карызга ала алам.

– Балким, мен да таба алар элем. Бирок карыз алгандан дайыма качам. Адегенде карызга сурайсың, анан кайыр сурайсың...

– Байка, суукка урунуп алба, абышка. Азыр сентябрь экенин унутпа.

– Сентябрда чоң балык келет. Май айында балык кармоону ким деле болсун билет.

– Эмесе, мен сардинага кеттим, – деди бала.

Бала кайра келгенде күн батып калган эле, чал болсо орундукка олтурган калыбында уктап калыптыр. Бала керебеттен эскирип калган солдаттык одеялды алып, орундуктун жөлөнгүчүнө жана чалдын ийнине жапты. Анын ийни укмуштуу ийин эле, карылыгына карабастан күржүйүп кең, мойну да буржугуй, ушул азыр башын көкүрөгүнө салаңдатып уктап олтурганында желкесинин бырыштары анчалык билинбейт. Көйнөгүнө кайыгынын парусундай эле жамаачынын үстүнө жамаачы салынган, жамаачылардын түсү ар түрдүү, анткени күнгө бирдей оңбой калган эле. Бирок чалдын шалбыраган картаң бети абдан кары, көзүн жуумп-уктап олтурганда таптакыр жансыз сыяктанат. Шамал учуруп кетпесин деп чыканагы менен бекем басып алган газетасы тизесинде жатат. Жылаңайлак.

Бала аны ойготпой, кетип калды. Бир убакта кайра келсе, чал баягысындай эле уктап атыптыр.

– Ойгон! – деди бала чалдын тизесине колун коюп.

Чал көзүн ачты да, бир паска кайдагы бир алыс жактан келаткансып кетти. Анан баланы көрүп жылмайып койду.

– Эмне алып келдиң?

– Тамак. Азыр тамак ичебиз.

– Мен анча деле ачка эмесмин.

– Кел, ичип ал. Ачкарын балык кармоого болбойт.

– Мен кармагам, – деп чал газетаны бүктөп ордунан турду.

Анан одеялды жыйнай баштады.

– Одеялды алба, жамын, – деди бала. – Мен тирүү турганымда сага тамактанмайынча балык карматтырбайм.

– Андай болсо өзүңдү сактап, көбүрөөк жаша, – деди чал.

– Эмне тамак ичебиз?

– Күрүч аралашкан кара буурчак, куурулган банан, быктырып бышырган уйдун эти.

Тамакты бала Террасадагы кичинекей ресторандан калай идишке салып келген. Вилка, кашык, бычактар чөнтөгүндө: ар бир прибор кагаз майлыкка бөлөк-бөлөк оролгон.

– Мунун баарын сага ким берди?

– Мартин, ресторандын ээси.

– Ага ыракмат айтыш керек.

– Айттым, – деди бала. – Сен кам санабай эле кой.

– Мен ага чоң балыктын эң эле эттүү жеринен берейин, – деди чал. – Бул анын биринчи жолу берип жаткан жардамы эмес да?

– Ооба, биринчи жолу эмес.

– Анда балыктын эттүү бир бөлүгү ага аздык кылат. Ал бизге көп жакшылык кылды.

– Мына, бүгүн пиво да берди.

– Мен баарынан консерваланган пивону жакшы көрөм.

– Билем. Бирок бүгүн ал бөтөлкөгө куюлган пиво берди. Бөтөлкөлөрүн кайра алпарып берем.

– Ыракмат сага. Тамак ичелиби? – деди чал.

– Мен баятан бери же деп атпайымбы, – бала чалды жароокерленип жемеледи.

– Сенин столго олтурушуңду күтүп, тамак сууп калбасын деп идиштерди ачпай отурам.

– Кана эмесе. Баса, мен жуунуп алышым керек эле да.

«Кайда барып жуунуп алат элең?» – деп ойлоду бала. Колонкага чейин эки көчө. «Буга суу алып келип, самын, жакшы сүлгү даярдап койбосом. Эмне үчүн бул оюма мурда келбеди экен? Буга жаңы көйнөк, кышкы кемзел, бутуна кие тургандай бирдеме, дагы бир одеял керек».

– Даамдуу эт экен, – деп мактады чал.

– Бейсбол жөнүндө айтып берчи, – деп бала андан суранды.

– Америка лигасында, мен айткандай эле «Янкилер» утуп атышыптыр, – деди чал сөзүн ыраазы болгондой баштап.

– Аны билем, бирок аларды бүгүн жеңип коюшпадыбы.

– Ал эчтеке эмес. Анткен менен улуу Ди Маджио кайрадан күчүнө кирди.

– Командада жалгыз ал эмес да.

– Аның туура. Бирок оюндун натыйжасын ошол чыгарат. Экинчи лигада – бруклиндиктер менен филадельфиялыктар. Үмүт жалгыз гана бруклиндиктерде калды. Баса, Дик Сайзлердин урганы эсиңдеби? Ал эски паркта ойноп жүргөндө тим эле укмуш урчу эмес беле!

– Ооба, укмуш урчу! Ал баарынан алыс урат.

– Баягында, ал Террасага келбеди беле? Мен аны балык кармоого чакырайын дедим, бирок уялдым. Сени чакыр десем, сен да уялып болбой койбодуң беле, эсиңде барбы?

– Ооба.

– Ошондо коркуп, мен да келесоо экем. Ошондо макул болуп койсо кантээр элек? Өмүр бою эстеп жүрбөйт белек!

– Улуу Ди Маджидау деңизге алып чыксак кандай сонун болор эле, – деди чал. – Анын атасы да балыкчы болгон имиш. Ким билсин, бир кезде ал өзү да биз сыяктуу кедей болгон чыгар, бизден жийиркенбей барар беле, балким.

– Улуу Сайзлердин атасы эч качан кедей болгон эмес. Ал мендей кезинде эле мыкты командаларда ойногон.

– Мен сендей чагымда парусникте[9] юнга болуп, Африканын жээктерине баргам. Кечкисин жээкке келген арстандарды көрчүмүн.

– Аны айтып бергенсиң.

– Эмне жөнүндө сүйлөшөлү: Африка жөнүндөбү же бейсбол жөнүндөбү?

– Бейсбол жөнүндө эле сүйлөшөлү. Улуу Жон Мак-Гроу жөнүндө айтып берчи.

– Ал да мурунку жылдарда Террасага келип турчу. Бирок ал ичип алганда аны эч ким тыя алчу эмес. Анын оюнда жалаң гана бейсбол эмес, күлүктөр да болор эле. Ат чабыштардын программаларын дайыма жанына салып жүрчү, акча сайганда күлүктөрдүн аттарын телефон менен гана айтып койчу.

– Ал улуу тренер экен, – деди бала. – Атам аны дүйнөдөгү эң улуу тренер болгон дейт.

– Анткени атаң аны башкалардан көбүрөк көргөн. Дюроше да бизге жыл сайын келип турса, дүйнөдөгү эң улуу тренер деп атаң ошону айтмак.

– Сенин оюңча, эң атактуу тренер ким? Люкпу же Майк Гонсалеспи?

– Менимче, экөө тең бири-биринен калышпайт.

– А эми дүйнөдөгү эң кыйын балыкчы сенсиң.

– Жок. Мен өзүмөн кыйыныраак балыкчыларды билчүмүн.

– Que va[10]! – деди бала. – Дүйнөдө жакшы балыкчылар аз эмес, эң кыйындары да бар. Бирок сендей балыкчы эч жерде жок.

– Ыракмат. Сенин мындай ойлогонуңа кубанам. Мага өтө чоң балык илинбесе экен, болбосо менден көңүлүң калып калат.

– Мурдакы күчүңөн ажырай элегиң чын болсо, дүйнөдө андай балык жок.

– Билбейм, күчүм оюмдагыдан азыраактыр. Бирок эптүүлүгүм бар, чыдамкайлыгым да жетишет.

– Эми жатып укта, таң атканча күчүң толсун. Мен идишти алпарып берейин.

– Макул. Жакшы жат. Эртең менен сени ойготуп коём.

– Сен мага будильниктей элесиң, – деди бала.

– Менин будильнигим болсо – карылык. Эмне үчүн кары кишилер мынчалык эрте ойгонушат? Же өзүнө ушул күндү аз да болсо узартып алыш үчүнбү?

– Билбейм. Жаштардын уйкусу катуу болорун гана билем.

– Ал эсимде, – деди чал. – Мен сени өз убагында ойготом.

– Эмне үчүндүр мени башка бирөө ойготконду жаман көрөм. Мен андан кем болгонсуп...

– Түшүнүп турам.

– Жакшы жатып жай тургун, абышка.

Бала кетип калды. Алар тамакты от жакпай жарыксыз жешти эле, эми чал шымын чечип, караңгыда уктаганы жатты. Арасына газета коюлган шымын тоголоктоп бүктөп жаздык ордуна башына коюп алды. Одеялга оронуп, оркойгон пружиналарына жалаң эски газеталар төшөлгөн керебетке суналды.

Ал бат эле уктап кетти. Чалдын жаш кезиндеги Африка, анын узун сары жээктери, көздү карыктырган аппак тайыздыктары, бийик аскалары менен заңкайган күрөң тоолору түшүнө кирди. Чал ар түнү ушу жээктерге келип токтойт, ар түнү түшүндө күркүрөгөн деңиздин үнүн угат, ар түнү жергиликтүү адамдардын кайыктарын толкун жээкке кууп баратканын көрөт. Түшүндө ал палубадан эрип чыккан чайыр менен кендирдин жытын кайтадан искейт, таң жели менен кошо келген Африканын жытын искейт. Бул жыттар каңылжарын өрдөгөндө, чал дайыма ойгонуп кетчү да, кийинип алып барып баланы ойготчу. Бүгүн жээктин жыты ага өтө эле эрте жетти. Бу жытты түшүндө сезип жатканын билип, уктай берди, анткени деңизден чыккан аскалардын ак чокуларын, Канар аралдарынын гавандарын, булуңдарын көрүп алайын деди.

Эми бороондор да, аялдар да, чоң окуялар, чоң балыктар да, мушташтар да, күч сынашкан мелдештер да, жада калса өз аялы да чалдын түшүнө кирбей калды. Түшүнө алыскы өлкөлөр менен жээкке чыгып келатышкан арстандын күчүктөрү кире турган болду. Алар иңир кирип калганда кудум эле мышыктын балдарындай оюн салышат. Чал аларды баланы кандай көрсө, так ошондой жакшы көрөт. Бирок бала түшүнө бир да жолу кире элек.

Аңгыча болбой чал ойгонуп кетти, ачылып турган эшиктен айды карап, шымын жазып кийди. Кепеден чыгып заара кылды да, баланы ойготкону жол менен өйдө басты. Эртең мененки суук аны чыйрыктырды. Бирок чыйрыкканы басыларын билет, көп узабай эле кайыкка түшүп, калактарды эше баштаганда жылып кетет.

Бала жаткан үйдүн эшиги ачык экен, жылаңайлак чал дабыш чыгарбай басып, үйгө кирди. Кетилип калган айдын нурунда биринчи бөлмөдө керебетте жаткан баланы тааныды. Чал аны бутунан алды да, бала ойгонуп, чалкасынан оодарылып аны караганча кармап турду. Чал ага башын ийкеди; бала керебеттин жанындагы орундуктан шымын алып, отурган калыбында кийди. Чал үйдөн чыкты, бала артынан жөнөдү. Баланын уйкусу алигиче тарай элек; чал аны бир колу менен далысынан сүйөй кучактап:

– Кечирип кой мени, – деди.

– Que va! – деди бала. – Эркектин бешенесине ошондой жазылган да. Айла канча.

Алар жол менен ылдый чалдын кепесин көздөй басышты, ошол эле жолду бойлоп, караңгыда кайыктарынын мачталарын көтөргөн жылаңайлак кишилер кетип баратышты. Кепеге келгенде бала кайырмактын түрмөктөлгөн жиптери салынган себетти, гарпун менен багорду алды, чал болсо парус оролгон мачтаны ийнине салды.

– Кофе ичесиңби? – деп бала чалдан сурады.

– Адегенде шаймандарды кайыкка салалы, анан барып кофе ичебиз.

Алар балыкчыларды тейлеген эрте ачылган ашканага келишип, консерванын банкасы менен кофе ичишти.

– Жакшы уктадыңбы, абышка? – деди бала; уйкудан ажыраш өтө кыйын болсо да, баланын уйкусу тарайын деп калды.

– Абдан жакшы уктадым, Манолин. Бүгүн куру келбесиме ишенем.

– Мен дагы, – деди бала. – Азыр барып сенин живецтериңди, биздин сардиналарыбызды алып келейин. Менин чалым шаймандарды өзү ташыйт. Буюмдарын башка бирөө ташышса жаман көрөт.

– Экөөбүздүн мамилебиз андай эмес. Мен шаймандарымды сага беш жашыңда эле берчүмүн.

– Билем, – деди бала. – Күтө тур, азыр эле келем. Кофеден дагы ич, биерде бизге карызга беришет.

Ал маржан рифин[11] жылаңайлак буттары менен чалпылдата басып, живецтер сакталган муздаткычты карай кетти. Чал кофеден шашпай ууртап коюп олтурат. Бүгүн мындан башка тамак ичпесин билет. Ошондуктан кофеге аябай тоюп алыш керек. Тамак ичүү шаан-шөкөтү аны алда качан эле тажаткан, ал деңизге чыкканда тамак ала жүрчү эмес. Кайыктын баш жагында бир бөтөлкө суу турат, андан башка кечке чейин ага эч нерсенин кереги жок.

Сардиналарды, газетага оролгон живецтерди алып бала келди. Балыкчылар тамандарынан өткөн майда ташты тепсеп, кайыкты саал көтөрүп туруп сууга түртүштү.

– Жолуң ачылсын, абышка.

– Сенин дагы.

Чал калактардын жиптен жасалган илгичтерин казыкчаларга илип, бир аз алга обдулуп, караңгыда кайыкты гавандан чыгара баштады. Башка тайыздыктардын деңизге бөлөк кайыктар да чыгууда, ай дөңдөргө жашынып, чал аларды көрбөсө да, калактардын шарпылдатып сууну эшип жатканын угуп турду.

Кез-кезде кээ бир кайыктардан кобур-собур үндөр угулат. Бирок кайыктардын көпчүлүгүндө жымжырттык өкүм сүрүп, калактардын шарпылдаганынан башка добуш жок. Булуңдан чыккандан кийин кайыктар туш-тушка тарап кетишти, балыкчылардын ар кимиси балык бар деп үмүт кылган жерлерине жөнөштү. Чал болсо мурунтан эле жээктен алыс кетүүнү чечкен; жердин жытын артына калтырып, океандын эртең мененки салкын демин түптүз бет алып кетип баратты. Океандын «чоң кудук» деп балыкчылар атаган жеринен өтө берерде, суу түбүнөн жылтыраган балырды көрдү. Биердин түбүнүн тереңдиги чукул эле жерден тупатуура жети жүз саржан төмөн кетет; биерде ар түрдүү балыктар чогулат, анткени суунун агымы деңиздин түбүндөгү типтик жантаймага соктуга берип, ирим болуп калган. Биерге сансыз креветкалар[12] жана майда балыктар чогулат, эң эле терең жерде кээде жыбыраган каракатидалар[13] топ-топ болуп самсып жүрүшөт; түн ичинде суу үстүнө чыгып, жортуулдап жүргөн балыктарга жем болушат.

Караңгыда чал таң атарын сезип турат; калак шилтегенде дирилдеген добушту угуп калды – бу суудан сүзүп чыгып, катуу канаттарын зуу-зуу эткизе, учма балыктар сызып өтүп жатканы. Чал учма балыктарга өтө эле мээримдүү карайт, анткени биерде, океанда жүргөндө, алар анын эң жакын достору. Куштарды аячу. Бөтөнчө жан-алы калбай безилдеп учуп жүрүп издеген тамагын табалбаган кичинекей, назик деңиз чардактарына боору ооруйт. «Тарпчылдар менен чоң, күчтүү куштарды эсептебесек, канаттуулардын турмушу биздикинен да оор. Океандын кээде өтө ырайымсыз болуп кетерин билип туруп, эмне үчүн куштарды деңиз чабалекейлериндей назик жапа алсыз жараткан? Океан март жана сонун, бирок кээде өтө эле ырайымсыз болуп кетет, жемдин артынан сууга чүмкүп кирип, муңдуу үн менен бири-бирин чакырып учуп жүрүшкөн канаттуулар океан үчүн өтө эле назик келишет» – деп ойлочу чал.

Чал деңизди өз оюнда la mar деп атайт. Деңизди сүйгөн кишилер гана аны испанча ушинтип аташат. Кээде деңизди сүйгөндөр да деңиз жөнүндө жаман айтышат, бирок аял жөнүндө сүйлөшүп жаткансып сүйлөшөт. Акуланын боору кымбат болуп турган күндөрдө моторлуу кайык сатып алышкан балыкчылардын ичинен чыккан жаш балыкчылар деңизди эркекти айтып жаткансып el mar деп аташат. Алар деңизди мейкиндик жөнүндө, тең тайлашчу жөнүндө, анан калса кээде душманы жөнүндө сүйлөшүп жаткансып аташат. Чал болсо деңиз жөнүндө өтө мээримдүүлүк менен берилген же болбосо ырайымдыгын унуткан аялды айтып жаткансып сүйлөчү, океан кээде ойлобогон же жаман иш кылса, айла канча, аялдын жаратылышы ошондой да. «Ай деңизди аялдай толкундатат», – деп ойлочу чал.

Чал күчүн салбай, шашпай, ырааты менен калак шилтейт, анткени айлампасыз жерлердин баарында океан мелмилдеп тынч. Ал ишинин үчтөн бир бөлүгүн агымдын жетегине берип койгон, ошондуктан таң агара баштаганда жетем деген жеринен небак эле өтүп кетиптир. «Терең жерлерден бир жума уулап эч нерсе кармай албадым, – деп ойлоду чал. – Бүгүн бонито менен альбакоренин[14] топтору жүргөн жерден бактымды сынап көрөйүнчү, балким, чоң балык да ошо жерде жүргөндүр?»

Чал таң ата электе эле жем сайып кайырмактарын салды да, агым менен акырын жыла баштады. Бир живец кырк саржан тереңдикке, экинчи жетимиш беш саржан тереңдикке жеткен, үчүнчүсү менен төртүнчүсү көгөргөн сууга жүз жана жүз жыйырма беш саржанга чөккөн. Живецтердин башы төмөн карай салаңдап турат, анан дагы кайырмактын түз жагы балыктын ичинен өткөрүлүп, бекем байланып тигилген; кайырмактын өзүнө болсо – анын ийри жагы менен учуна – чал бала кармап берген сардинаны жыш сайган. Кайырмакка эки көзүнөн өткөрүлгөн сардиналар тасмадай болуп салаңдап турат. Чоң балык кайырмакка жакындап калса, анын жегиликтүү таттуу жытын ошол замат сезер эле.

Бала чалга эки жаңы тунец берген. Чал аларды тереңирээк салынган кайырмакка сайды да, калган экөөнө чоң көк макрель менен сары умбрицаны[15] сайды. Аларды чал мурунку жолу да пайдаланган эле, бирок алар азыр деле жакшы сакталыптыр, сонун сардиналар аларга жакшы жыт берип, кызыктырып турат. Балык жемге араң эле тийип кеткенин байкап калыш үчүн чал жоондугу сөөмөйдөй болгон кайырмактын боосун солкулдак чыбыктарга илип койгон, жиптер узундугу кырк саржанга жеткен дагы башка жиптерге байлоого болот, ошентип, керек болсо балыкты үч жүз саржандан ашык жерден уулоого мүмкүнчүлүк бар. Азыр чал көк чыбыктарды карап коюп, жиптердин сууга типтик жана тийиштүү тереңдикке кетишин байкап, кайыкты акырын айдап баратты. Жарык болуп калды, биртикеден кийин күн да чыгыш керек.

Күн көрүнөр-көрүнбөс деңизден көтөрүлгөндө чал башка кайыктарды көрдү; алар агымдын туурасын бүт ээлеп, сууга батып турат. Анткени менен бул кайыктар жээкке жакыныраак. Ана күн ысып, нурлары жаркырап деңиздин бетине чагылышты, күн горизонттон өйдө көтөрүлгөндө, нурлары көздү ачыштырып, деңиздин бетин жаркыратты. Сууну карабоого умтулуп, чал кайыгын айдап баратты. Ал караңгы тереңдикке кеткен кайырмактын жиптеринен көзүн албайт. Анын жиптери башка балыкчылардын жиптеринен түз кетчү. Караңгы сууда, ар кандай тереңдикте, чал болжогон жерлерде жем балыкты күтүп турат. Башка балыкчылар шайман-аспаптарын агымга бош коё беришет, ошондуктан алар шайман-аспаптарын жүз саржан тереңдикке салдык деп ойлошсо, чынында жем алтымыш саржан жерге жетпей жүрө берет.

«Мен шайман-аспаптарымды дайыма туптуура салам, – деп ойлочу чал. – Ошентсем да ишим оңунан чыкпай койду. Бирок ким билет? Балким, бүгүн бактым мага да жылмайып коёр. Бүгүнкү күн кечээкиге окшобойт эмеспи. Албетте, адамдын иши оңунан чыгып турса жакшы дечи. Бирок мен ишимди так аткарганды туура көрөм. Бакыт келе турган болсо, мен ага даярмын».

Күн чыкканына эки сааттай болду да, чыгышты караганда көз анчалык ачышып оорубай калды. Эми үч эле кайык көрүнүп турат, бу жерден алар сууга таптакыр эле чөгүп кеткенсип жана жээкке кадалып калган сыяктанат. «Эртең мененки күн өмүр бою көзүмдү ачыштырат, – деп ойлоду чал. – Ошентсе да көзүм жакшы көрөт. Кечинде күндү карап тура алам, көзүм караңгылабайт. Кечинде күн өтө күчтүү тиет эмеспи. Бирок көзүмдү күн эртең менен оорутат».

Ушул учурда ал узун кара канаттарын жайып, асманда айланып учуп жүргөн фрегатты[16] көрүп калды. Канатын куушуруп, куш ылдый катуу сызып кирди да, анан кайтадан көтөрүлүп айлана баштады.

– Олжосун көрдү, – деди чал үн чыгара сүйлөп. – Бекер айланбай калсын.

Чал кайыгын куш айланган жакты көздөй айдап, калактарды акырын, бир калыпта тарта баштады. Ал кайырмактын жиптери сууга типтик кирсин деп шашпай байкап барат. Бирок кайык суунун агымынан батыраак жылат да, чалдын балык кармоосу мурдакыдай эле туура болсо да, анын кыймылы фрегатты көргөнгө чейинкиге караганда тезирээк эле. Фрегат бийигирээк көтөрүлүп, канатын кыймылсыз жайып кайта айлана баштады. Анан күтпөгөн жерден сууга чүмүп кирип чыкты. Чал ошондо суудан учма балык ыргып чыгып, жанынын бардыгынча сабалап суунун үстү менен учуп баратканын көрүп калды.

– Макрель, – деп чал катуу айтты. – Чоң алтын макрель.

Ал калагын суудан сууруп, кайыктын баш жагында далдаада жаткан жипти колуна алды. Жипке зым менен байланган кичинекей кайырмакка сардина сайды. Кайырмакты сууга салып, анын бир учун кайыктын артына бекитилген шакекчеге байлады. Анан дагы бир кайырмакка жем сайып, жибин оролгон бойдон кайыктын ичиндеги көлөкөгө таштады. Калактарды колго алып, суунун үстүнө жакын учуп балык уулап жүргөн канаты узун кара кушту карап олтурду. Куш канатын куушуруп сууга кайрадан кирди да, учма балыктын артынан кууп канатын чапкылап, шашкалактап жөнөдү.

Чал суунун кээ бир жерлери көбүрүп чачыраганын көрүп, алтын макрель учма балыктарды кууп баратканын түшүндү. Макрель балык сууга кирерде так алдынан чыгыш үчүн, өтө ылдамдык менен анын жолун тосуп, туурасынан качырып баратты. «Макрель көп болсо керек, – деп ойлоду чал. – Макрелдер бири-биринен оолак сүзүп, көп жерди ээлеп алышыптыр, учма балыктардан бирөөнү да калтыра турган эмес. Куштун го аны кармоого эч кандай үмүтү жок, анткени учма балык фрегат үчүн өтө эле чоң жана шамдагай».

Чал суудан улам-улам секирип чыгып жаткан учма балыктарды куш кармай албай ыксыз аракет кылып жатканын көрүп турду. «Макрель менден кетти, – деп ойлоду чал. – Алар өтө эле бат, өтө эле алыска сүзүп баратышат. Мүмкүн, мага, адашып артта калган макрель илинип калар, а балким, менин чоң балыгым да ошонун жанында жүргөндүр? Анткени ал кайсы бир жерде сүзүп жүрүшү керек да».

Булуттар тоо кыркасына окшоп өйдө көтөрүлүп, жээк узун көк тилке болуп созулуп, андан ары буурул дөңдөр көрүнөт. Суунун өңү өзгөрүлүп отуруп, кызгылт көккө айланды. Чал сууну караганда, караңгы тереңдикте кулпурган кызгылтым планктонду, көздүн жоосун алган күндүн чагылышкан жарыгын керет. Чал жиптердин сууга туз кетишин байкап, планктондун көптүгүнө кубанат, анткени бу белги балыктын көп болушуна ишендирет. Бийик көтөрүлгөн күндүн нурлары, жер үстүндө салаңдап турган булуттардын түрлөрү аба ырайы жакшы болорун билдирип турат. Баягы фрегат алыс учуп кетти, ал эми суунун үстүндө күнгө күйүп оңуп калган саргас балырынын сары тутамдары менен кайыктын жанында сүзүп бараткан португалиялык физалиядан башка эчтеме жок. Кубулган кызгылт көк физалия көбүктөй килкилдеген денесин жамбаштата оодарды да, кайта мурдакы калыбына келди. Ал өлтүрүүчү узун муруттарын сүйрөп, күнгө жаркырап суунун үстү менен шайдоот сүзүп баратат.

– У-ух, сениби митайым! – деди чал.

Чал калагы менен сууну жеңил эшип, суу түбүнө көз жиберер эле, физалиянын муруттарынын арасында сүзүп жүргөн физалиянын кызгылт көк муруту менен түспөлдөш кичинекей чабактарды көрдү: алар көбүктүн көлөкөсүндө сүзүп ойноп жүрүшөт. Физалиянын уусу алар үчүн зыянсыз. Адамга анын уусу башкача тиет: чал балыкты тартып кайыкка салып жатканда мындай былкылдаган муруттар аспаптарга оролсо, колдорун уу чырмоокко күйгүзүп алгандай чыканагына чейин былжыраган жара каптап кетчү, физалиянын уусу денеге бат тарайт, камчы менен чапкапсып сыздатып оорутат.

Кулпурган көбүктөр укмуштуудай кооз. Бирок деңизди мекендегендердин эң арамзасы ушу болот. Ошондуктан буларды килейген таш бакалар жеп жатканын көрүп калса, чал аябай кубанчу. Физалиянын уусу таш баканын көзүнөн башка жерине коркунучсуз. Таш бакалар физалияны көргөндө көздөрүн жуумп, астынан тосуп чыгышат да, аларды муруттары менен кошо бүт бойдон жеп алышат. Чал таш бакалар физалияны жеп жатканын карап турганда, моокуму канчу; анан өзү да катуу бороондоп кийин толкун менен жээкке сүрүлүп чыккан физалияларды тебелегенди жакшы көрчү. Чорлуу таман көбүктөрдү басканда, алардын тарс деп жарылганын тыңшап калчу.

Чал жашыл таш бакаларды көрктүүлүгү жана шамдагайлыгы үчүн, кымбат баалангандыгы үчүн жакшы көрчү. Португалиялык физалияны жеген, сүйүү иштерине кесирлүү, калың сары соот кийген эби жок келесоо бисстерди камкорсунуп жек көрчү.

Чал бир топ жылдар бою таш бака уулоочулар менен бирге чыгып жүрсө да, таш баканы көргөндө башкаларча ырымчыл коркунучту сезчү эмес. Коркмок түгүл, аларды аячу. Жадакалса килейген, узундугу кайыктай, салмагы бир тоннага жеткен луты деген терилүү таш баканы да аячу. Адамдардын көпчүлүгү таш бакаларга өтө эле ырайымсыз мамиле кылышат. Анткени бул айбанды өлтүрүп, союп жиликтеп салгандан кийин да анын жүрөгү көпкө чейин согуп тура берет экен. «Бирок менин жүрөгүм таш баканыкындай эле да, – деп ойлоду чал, – анан колдорум да, буттарым да аныкына өтө окшош».

Чал күч жыйнаш үчүн таш баканын ак жумурткасын далай жеген. Ал жумуртканы май айында жей турган себеби, сентябрь жана октябрь айларында чоң балык жүргөндө, күч абдан керек болот. Андан башка чал күнүнө акуланын боорунан сызгырылган майдан бир чөйчөктөн ичет. Ал май балыкчылар шаймандарын каткан сарайда чоң челекте сакталып турат. Майды ар бир балыкчы пайдаланса болот. Ал майдын даамы балыкчылардын көпчүлүгүн жийиркентчүдөй көрүнчү, бирок аны ичиш таң ата электе төшөктөн туруудан кыйын эмес, ал май сууктан сактайт жана көзгө абдан пайдалуу.

Чал асманды карап, баягы фрегат деңиздин үстүндө кайтадан айланып учуп жүргөнүн көрүп калды.

– Балык тапты, – деди чал үн чыгара сүйлөп.

Бир да учма балык деңиздин тегиз бетинин тынчын албайт, майда балыктар да көрүнбөйт. Бирок орточо келген бир тунец суудан секирип чыгып, аласалып башы менен кайтадан сууга кирип кеткенин чал байкап калды. Тунец күнгө күмүштөй жарк дей түштү, анын артынан башка тунецтер алыс-алыс секиришип, майда балыктарды кууп, сууну чачыратып туш-тушка жөнөштү. Майда балыктарды тегерете курчап алдыга салып айдап алышыптыр.«Эгерде алар эң тез сүзүп кетишпесе, мен бул үйүрдү кууп жетем», – деди чал. Тунецтерден качып суунун үстү менен сүзүп бараткан чабактарды фрегаттын илип алып жатканы, тунецтердин сууну агарта чапкылап сүзүп баратканы чалга даана көрүнүп турган эле.

– Куш – балыкчынын ишенимдүү жардамчысы, – деди чал.

Аңгыча болбой чал буту менен бир түрмөгүн басып отурган кыска жип солк дей түшүп керилип калды. Чал калактарын таштап орточо келген тунецтин салмагын сезип, жипти акырын тарта баштады. Колдон чыгып кетчүдөй булкунган жеңил жипти тартып отуруп, балыктын көк жону менен кубулган канаттарын аны суудан сууруп кайыкка салардан мурун эле көрдү. Куйган октой салмактуу тунец чоң көздөрүн чакчайтып, куйругу менен чапкылап, жаны менен коштошууда. Чал жаны чыкпай кыйналып жаткан балыкты аяп, башка чаап өлтүрдү да, буту менен кайыктын артындагы жаткан төшөмөнүн астына түртүп койду.

– Альбакоре, – деди чал угуза сүйлөп. – Бул сонун жем болот. Салмагы он кадакка барат, андан кем эмес.

Чал качантан бери өзү менен өзү сүйлөшө баштаганын унутуп да калган. Мурда жалгыз калганда, ырдачу, кээде түн ичинде, чоң парусникте вахтада турганда же таш бакага чыкканда ырдачу. Балким, бала андан кетип калып, өзү жалгыз калгандан бери өзү менен сүйлөшө баштагандыр. Азыр эсинде жок. Бирок бала менен балык кармап жүргөндө деле, эң эле зарыл болсо гана сүйлөшчү эмес беле. Алар түн ичинде же жаан-чачында аргасыз бекерчиликте гана сүйлөшчү. Деңизде бекер эле сүйлөшө берүү балыкчылардын адатында жок нерсе. Чал да муну жаман деп ойлойт, ал адатты сыйлайт.

Мына эми чал өзүнүн оюн угуза айтып, көп эле кайталаганга көнүп калган, анткени бул эч кимдин тынчын албайт да.

– Өзүмчө эле сүйлөп жатканымды бирөө укса, мени акылынан тайып калган экен дейт ко, – деди чал. – Демек, мен жинди болбогон соң, кимдин кандай иши бар? Байлардыкы жыргал. Кайыктарында алар менен сүйлөшүп, бейсбол жөнүндө айтып бере турган радиолору бар.

«Азыр бейсбол жөнүндө ойлой турган кез эмес, – деди чал өзүнө өзү. – Азыр бир гана ой болуш керек. Мен эмнеге төрөлгөм, ошону ойлошум керек. Бул тунецтердин жанында, балким, менин чоң балыгым бараткандыр. Мен бир эле альбакорени кармадым, ал да болсо тобунан адашып калса керек. Алар жемди жээктен алыс издешет да, абдан бат сүзүшөт. Бүгүн деңизден кезиккендердин баары түндүк чыгыш жакка өтө бат сүзүп кетип баратышат. Балким, ушу маалда дайыма ушундайдыр? А балким, аба ырайы өзгөрүлгөнү тургандыр, бул мен билбеген белги болуп жүрбөсүн?»

Азыр жээктин көк тилкеси да чалга көрүнбөй калды, биерден карга бөлөнгөндөй агарган көк дөбөлөрдүн чокулары гана көрүнөт. Чокулардын үстүндөгү булуттар да карлуу бийик тоолорго окшош. Деңиз өтө эле карарып кетти да, күндүн нурлары сууда чагылыша баштады. Чак түштө планктондун жаркыраган сансыз учкундарын так төбөгө келген күн өчүрдү, чал эми кара көгүш суунун ичинен күндүн нурларынын чагылышканынан пайда болгон кубулган темгилдер менен караңгы тереңдикке кеткен жиптерден башка эч нерсени көрбөй калды. Биерде тереңдик бир миля[17] эле.

Тунецтер кайра тереңдеп кетишти. Балыкчылар ушул тукумга караштуу балыктардын баарын тунец деп аташат, алардын анык атын базарга алып барганда же жем катары сатканда гана билишет.

Барган сайын ысыган күн чалдын желкесин күйгүзүп жиберди. Калак шилтеген сайын далысынан тер шорголоп агат. «Кайыкты агымга салып, уктап алсам болор эле, – деп ойлоду чал. – Жипти бутумдун бармагына байлап койсом, убагында ойгоном. Бирок бүгүн сексен бешинчи күн, даяр болуп туруш керек».

Аңгыча болбой көк чыбыктардын бирөө солкулдап, сууга ийилгенин байкады.

– Мынакей, мына! – деп, чал кайыкты чайпалтпай, калактарын акырын суудан алып чыкты.

Жипке созулуп жетип, аны оң колунун бармагы жана сөөмөйү менен коомай кармады. Жип кайта термелди, бирок булкунушу анчалык күчтүү эмес. Бул эмненин белгиси экенин чал жакшы билет. Азыр бир жүз кырк саржан тереңдикте тунецтин башынан чыгып турган балка менен согулуп колго жасалган кайырмактын ийилген жери менен курч учуна тизиле сайылган сардиналарды марлин жеп жатат.

Чал жипти колунан чыгарбай, сол колу менен абайлап чыбыктан чечип алды. Эми балыкка шек билгизбей, жипти акырын жылдырып бошотууга болот.

«Жээктен ушунчалык алыс, анан калса жылдын ушул маалында жүрсө, килейген балык болсо керек. Же, балык же. Жей бер, айланайын. Сардиналар абдан сонун, жаңы эле сайылган, сен болсоң деңиздин түбүндө, караңгыда үшүп жүрөсүң. Дагы бир жолу айланып келип же!»

Чал балыктын жипти акырын булкканын сезди, анан балык катуураак тартты – сардиналардын бири кайырмакка бекем илинип калса керек. Андан кийин тынчып калды.

– Бол эми, – деди чал угуза сүйлөп, – дагы бир жолу айланып кой. Жыттап көрчү. Кандай, сардиналар сонун бекен? Жакшылап же. Анан тунецке да жетесиң. Ал муздак жана катуу, тим эле ширин. Тартынба, балык. Же, балык же, сураганым ушул!

Чал жипти кармап, башка кайырмактарга да көз салып турат, анткени балык башка жакка кетип калышы да мүмкүн. Чал кокусунан жипти акырын, коомай тартканын сезди.

– Тартат, – деди чал. – Тартат, кудай ага ден соолук берсин!

Бирок ал тарткан жок. Ал кетип калды да, жип былк этпей салаңдап калды.

– Ал кете албайт, – деди чал. – Кудай бар, ал кете албайт! Жөн эле кайта кайрылып келип киргени турат. Балким, ал мурда кайырмакка илинип, ошону унута электир.

Чал ошо замат жиптин акырын булкуп тартылганын туйду да, жүрөгү ордуна келе түштү.

– Кайра келет деп айтпадым беле, – деди чал. – Ал эми сөзсүз тартат!

Чал балыктын жипти акырын жулкулдатып жатканына сүйүнүп олтуруп, кандайдыр бир укмуштуудай оор салмакты сезе койду. Килейген балыктын салмагына чыдай албай, жипти коё берди эле, түрмөгүнөн жазылган жип чалдын манжаларынын арасынан жылмышып, улам ылдыйлап сууга сызып кирип баратты. Чал жипти араңдан зорго кармап турса да, аны чубап жаткан эбегейсиз чоң нерсенин оор салмагын сезип жатты.

– Бул эмне деген балык! – деди чал угуза сүйлөп. – Кайырмакка илинип алып, эми аны менен качып кеткиси бар.

«Ал баары бир кайрылат да, кайырмакты жутуп жиберет», – деп ойлоду чал. Бирок көз тийип калбасын деп, бул оюн угуза айткан жок. Чал бу балыктын чоң экендигин билди да, караңгыда оозуна кептелип калган тунец менен алыстап кетип баратканын тим эле даана көрүп тургансыды. Бир оокумда кыймыл токтосо да чал анын салмагын сезип жатты. Анан жип кайра катуураак тартылганда, чал аны бошотту. Чал жипти бир секундча кармап турду, салмак ого бетер оордоп, жипти типтик ылдый тартып кетти.

– Тартты, – деди чал. – Эми жакшылап жесин.

Ал жипти манжаларынын арасынан акырын жылмыштырып, сол колу менен запаста жаткан эки түрмөк жипти экинчи кайырмактын эки түрмөк жибине улаштырды. Эми баары даяр. Балык илинген жипти эсептебесе, чалдын карамагында дагы ар бирөөнүн узундугу кырк саржан болгон үч түрмөк жип бар.

– Дагы кичине жеп койсоң, – деди чал. – Тартынбай жей бер.

«Кайырмактын учу жүрөгүңө жетип, сени өлтүрө тургандай кылып же, – деп ойлоду чал. – Өзүң эле калкып чык, мен гарпунду сага матырып алайын. Жакшы болот. Даярсыңбы? Аябай тойдуңбу?!»

– Эмесе баштайын! – Чал жипти катуу булкуп, суудан бир ярдга [18]жакын тартып чыкты да, эки колу менен алмак-салмак тартып, колдорунун, денесинин күчүнүн баарын салып, жипти кайра-кайра силке баштады. Бирок анын аракеттери текке кетти. Балык акырын гана алыстап кете берди, чал аны өзүнө бир сөөмөй да жакындата алган жок.

Чалдын жиптери бекем, атайы чоң балыкка арналган. Чал жипти далысына салып тартты. Керилип тартылган жиптен суунун тамчылары типтик чачырады, анан жиптен суу шырылдай баштады, чал болсо чалкалап, отургучту тээп, жипти баягы бойдон кармап олтурду. Кайык аз-аздан түндүк-батышты көздөй жыла баштады. Балык күзгүдөй мөлтүрөгөн деңиз бетиндеги кайыкты сүйрөп тынбай кетип баратты. Башка кайырмактар да сууга салынган, бирок аларды кароого чалдын чамасы жок.

– Кап, бала азыр жанымда болсочу! – деди чал. – Мени балык сүйрөп баратат, а мен болсом биртенгдин[19] милдетин аткарып баратам. Жипти кайыкка байлап койсо болот. Бирок анда кырсык болуп, балык бошоп кетпесин. Жипти бекем кармап, керек болсо кичинеден бошото берейин. Балыктын төмөн чөкпөй, сүзүп баратканына кудайга шүгүр... Эгерде ал тереңдикке кете турган болсо, мен эмне кылмакчымын? Эгерде ал таштай чөгүп, суунун түбүнө өлүп калса, эмне кылмакчымын? Билбейм. Ошондо көрүшөрбүз. Менин кыларым толуп жатат!

Чал далысы менен жипке сүйөнүп, анын сууга кыйгач киргенин карап, кайыктын түндүк-чыгышка акырын жылып баратканын байкап олтурду. «Ал жакында өлөт, – деп ойлоду чал. – Ал өмүр бою сүзүп жүрө албайт». Бирок төрт саат өткөн соң да, балык деңизге тынымсыз кете берди; чал баягы бойдон далысы менен жипти тартып, олтургучту чирене тээп олтурду.

– Мен муну кармаганда чак түш эле, – деди чал, – ал эми ушуга чейин аны көрө элекмин.

Чал балыкты кармай электен мурун чий калпагын чекесине баса кийген эле, азыр калпак чекесине батып оорутуп жиберди. Чал суусады. Жипти булкуп албайын деп, акырын чөгөлөп, кайыктын тумшук жагына сойлоп барды да, бир колу менен бөтөлкөгө жетти. Аны ачып, эки-үч ууртады. Анан кайыктын тумшугуна жөлөнүп, эс алмак болду. Күчүн сактоого аракеттенип, эч нерсени ойлобой, парус оролгон мачтанын үстүнө олтуруп эс алууда. Анан артын карап, жер көрүнбөй калганын билди. «Эчтеме эмес, – деп ойлоду ал. – Гавананын отторун карап жүрүп отурсам, жерге качан да болсун жете алам. Күндүн батарына эки саат калды. Балким, ага чейин ал калкып чыгар. Андай болбосо, айдын жарыгында чыгат. Же болбосо, таң атканда. Колумдун тарамыштары тырыша элек, күчүм да толуп турат. Кайырмакты мен жуткан жокмун, ал жутту. Ушунчалык катуу сүйрөп келатат, кандай балык болду экен? Зымды бекем тиштеп алса керек, жок дегенде көзүмө чалдыкса боло, ким менен алышып баратканымды билип алар элем».

Жылдыздарга караганда, балык багытын өзгөртпөй, түн бою жүрүп отурганын чал баамдай берди. Күн баткандан кийин, суук боло түштү. Аркасынан, ийиндеринен, карыган буттарынан аккан тер кургап, чал чыйрыга баштады. Жем салган жашикти жапкан капты күндүз алып чыгып, күнгө жайып койгон эле. Күн баткандан кийин кендир капты мойнуна байлады да, жиптин астына келтирип, далысына төшөдү. Эми жип далысын анчалык кеспей калды. Чал кайыктын тумшугуна жөлөнүп, ыңгайланып олтурду. Чынын айтканда, бул калыпта олтуруш анын абалын бир аз гана жеңилдетти, ошентсе да чал абдан ыңгайлуу олтурдум деп, өзүн өзү ишендирип алды.

«Кандай болсо да, бир жаңы амал тапканга чейин, мен балыкты эчтеме кылалбайм, ал да мени эчтеме кылалбайт» – деди чал.

Ал заара кылыш үчүн жана жылдыздарды карап, кайыктын кайда кетип баратканын байкаш үчүн бир жолу ордунан турду. Сууга кыйгач баткан жип чалга өзүнүн ийининен чыккан нурдай болуп көрүндү. Алардын жүрүшү мурдакыдан акырындап калыптыр. Гавананын оттору түнөрүп, бозоро баштаган – кыязы, агым аларды чыгышты карай алып бараткан окшойт. «Гавананын оттору жоголгон соң, биз чыгышка кетип баратабыз», – деп ойлоду чал.

– Балык багытын өзгөртпөсө, отторду дагы бир далайга чейин көрүп турат элем. Бүгүн бейсбол боюнча беттешүүлөр кандайча аяктады болду экен? Кайыкта радио болсо кандай сонун болор эле! Чал ойлорун бөлдү: «Алаксыба! Кылып жаткан ишиң жөнүндө гана ойло».

Анан угуза мындай деди:

– Баланын жоктугу жаман болду го. Ал мага жардамдашат эле да, өзү көзү менен баарын көрөт эле.

«Карыганда адам баласы жалгыз калууга болбойт, – деп ойлоду ал. – Бирок бул болбой койбос нерсе. Тунец сасый элегинде жеп алууну унутпасам экен, мен алсырабашым керек. Ачка болбосом да, эртең менен унутпай жеп алсам экен. Унутпасам экен» – деп ал өзүнө улам-улам айтып эскертип коёт.

Түн ичинде кайыктын жанына эки деңиз чочкосу келди, чал эркегинин катуу күшүлдөгөнүн, ургаачысынын үшкүргөнсүп акырын бышылдаганын даана укту.

– Булар жакшы, – деди чал. – Калжаңдап ойноп, бирин бири сүйгөндөн башканы билишпейт. Учма балыктардын өзүндөй эле булар да бизге кадимкидей тууган.

Анан өзү кайырмак менен кармап алган соң балыгына боору ооруду. «Бул балык укмуш балык эмеспи, анын дүйнөдө канча жашаганын кудайдан башка эч ким билбейт. Капырай, мунун мынчалык кызык жүргөнүн карасаң. Ал өтө акылдуу болсо керек, ошондуктан секирбей жатат ко. Эгерде ал секирсе же күчүнүн бардыгынча жулунса, мени өлтүрөт эле да. Же болбосо мурун да кайырмакка илинип, ушундай кылса өмүр үчүн күрөшүү ал үчүн жеңилирээк экенин түшүнүп турабы? Ага каршы жалгыз эле киши, болгондо да чал экенин кайдан билсин? Эмнеси болсо да, бул чоң балык. Эти таттуу болсо, далай акчалай пайда берет! Ал жемди кадим эле эркектей сугунду, эркектей тартты, мени менен коркпой күрөшүп баратат. Кызык, эмне кыларын билет болду бекен же менчилеп алды-артын карабастан кетип баратабы?»

Чал бир жолу марлиндин ургаачысын кармаганын эстеди. Эркек марлин тамакка ургаачысын дайыма өзүнөн мурун жиберет сыйлап. Кайырмакка илинген ургаачы марлин коркконунан ачуусу келип, жанынын бардыгынча алышты да, бат эле чарчап калды. Эркеги болсо андан бир кадам артта калбай ээрчип, аны менен бирге сүзүп, деңиздин үстүндө айлана берди. Ал өтө жакын жүрдү. Чал аны карап, балык ороктон курч, өзү да орокко окшош куйругу менен жипти кесип кетпесин деп коркту. Чал ургаачы балыкты багор менен илип, найзадан учтуу, туурулган тумшугунан кармап туруп союл менен бир койгондо да, анын өңү күзгүнүн тескери бетин боёгон амальгамга окшогончо сабаганда да, бала экөөлөп аны кайыкка сүйрөп салып жатканда да, эркек марлин анын жанында болду. Анан чал жипти түрүп, гарпунду даярдап жатканда, тиги жолдошунун эмне болгонун көрөйүн деп, суудан бийик секирип чыкты да, көгүлтүр төш канаттарын жайып, ылдый кирип кетти, анын көгүлтүр жол-жолдору бар жону даана көрүндү. Анын сулуулугун чал алигиче унута элек. Анан ал жолдошун акырына чейин таштаган жок.

«Мен деңизден эч качан мындай кайгылуу нерсени көрө элекмин, – деп ойлоду чал. – Бала дагы кейиди, экөөбүз ургаачы марлинден кечирим сурадык да, анан аны союп салдык».

– Кап, баланын жоктугун карачы, – деп, ал үнүн чыгарды.

Ийнин кесип ооруткан жип аркылуу өзү каалаган кайсы бир жакка кетип бараткан чоң балыктын зор күчүн сезип, кайыктын тумшугундагы тегерек тактайларга жөлөнүп, оңтойлоно олтурду.

– Капырай, менин айлакерлигимден гана бул өзүнүн чечимин өзгөрттү го!

«Мунун тагдыры – адамдын арамзалыгынан, ар түрдүү тузактардан, кызыктырган жемдерден озуп, океандын түбүндө жүрүү эле. Анын артынан түшүп, аны эч ким барбаган, бир да киши жетпеген жерден таап кармоо – менин тагдырым эле. Эми экөөбүз чак түштөн тартып байланыштык. Ага да, мага да жардамдаша турган эч ким жок».

«А балким, мен балыкчы болууга тийиш эместирмин, – деп ойлоду чал. – Бирок мен атайын ошол үчүн төрөлбөдүмбү. Эмнеси болсо да, таң атканда унутпай тунецти жесем экен».

Күн чыгарына аз калганда анын артындагы кайырмактардын бирөө тартты. Чал кайырмактын сабынын сынганын, жиптин кайыктын кыры менен жылып баратканын укту. Караңгыда бычагын кынынан сууруп алып, балыктын салмагын бүт бойдон сол ийнине которду да, чалкалап туруп, кайыктын кырындагы жипти кесип жиберди. Анан жанындагы жипти кести да, белен жаткан эки түрмөк жиптин учун караңгыда бекем байлаштырды. Түйүндү катуураак тартыш үчүн түрмөктөрдү буту менен басып, бир колу менен шамдагай шилтеди.

Эми запаста тупатуура алты түрмөк бар: кесилген жиптерден ар бирөөнөн эки түрмөктөн жана балык түшкөн жиптен эки түрмөк; алты түрмөктүн баары бири-бирине уланган. «Таң атканда кырк саржанга салынган жипти эптеп алыш керек, – деп ойлоду чал. – Аны кесип, запас түрмөктөрдү ага улаштырам. Ошондо кайырмак менен коргошундан тышкары, эки жүз саржан бышык каталон жибин жоготом. Эчтеке эмес, мындай дүнүйөнү табууга болот. Эгер башка дагы бир балык илинип, бул балыгыман ажыратса, мага жаңы балыкты ким таап берет? Азыр кандай балык тартканын билбейм. Балким, марлиндир, а балким, тумшук балык же акуладыр. Мен аны сезе албай да калдым. Андан батыраак кутулуш керек эле».

Ал угуза:

– Кап, бала жанымда болгондочу! – деди.

«Бирок бала жанымда жок, – деп ойлоду. – Өзүңдүн күчүңө таян. Андыктан көп сүйлөбөй, караңгы болуп турса да, калган жалгыз жипти эптеп-септеп алып чыгып, аны кесип, белен турган эки түрмөккө байлаштырсаңчы».

Ал ошондой кылды. Караңгыда иштөө өтө кыйын эле. Бир жолу балык катуу жулкунганда, чал эт-бети менен жыгылып, көзүнүн алдын айрытып алды. Айрылган жеринен кан шорголоду, бирок ээгине жетпей токтоп, катып калды. Чал кайыктын тумшугуна кайра сойлоп келди да, эс алуу үчүн ага жөлөнүп жатты. Капты ондоп, жипти ийнинин башка, сүрүлө элек жерине жылдырды да, балыктын кандай сүйрөп баратканын билиш үчүн, бүт салмакты далысына которду; анан кайыктын кандай ылдамдык менен баратканын байкаш үчүн колун сууга салды.

«Кызык, ал эмнеге мындай жулкунду экен, – деп ойлоду чал. – Анын дөбөдөй болгон жонунан зым жылмышып кеткен го? Анын жону меникиндей катуу оорубайт дечи. Бирок ал канчалык чоң болбосун, кайыкты дайыма сүйрөп жүрө албайт да. Мен эми кырсыкка учурата турган нерселердин баарын жок кылдым, запаста жип көп, адамга андан башка эмне керек?»

– Балык, – деп акырын чакырды. – Мен өлмөйүнчө, сенден ажырабайм.

«Ал да менден ажырай албай калды го», – деп ойлоду да, таң атарын күтө баштады. Азыр, таң атайын деп калганда, өтө эле суук, куру дегенде кичине жылып алыш үчүн чал тактайларга бекем сүйөнүп олтурду. «Балык чыдагандан кийин мен да чыдашым керек эмеспи».

Бир маалда таңдын шооласы деңиздин түбүнө кеткен жипти көрсөттү. Кайык тынбай алга кетип бараткан болчу; күндүн чети горизонттон чыкканда, анын жарыгы чалдын оң далысына тийди.

– Ал түндүктү карай баратат, – деди чал. – Агым болсо бизди чыгыш жакка бир топ жерге алып кетсе керек.

Балык агымга түшсө, жакшы болор эле. Анда анын чарчаганы билинет. Бирок күн аркан бою көтөрүлгөндө, балыктын кенедей да чарчабаганын чал түшүндү. Бир гана кубанычтуу нерсе: жиптин сууга чөгүшүнө караганда, балыктын мурдакыдан тайызыраак баратканын байкоого болот. Бул балыктын суу үстүнө сүзүп чыгышын туюндурбайт. Бирок сүзүп чыгышы ыктымал эле.

– Кудай, калкытып чыгара көр! – деди чал. – Аны жеңүүгө жип жетишет.

«Катуураак тартсам анын оозу ооруйт, балким, ошондо секирип чыгар, – деп ойлоду чал. – Жарык түшүп калды, эми чыга берсин. Ошондо анын жонундагы каканактары желге толот да, суунун түбүндө өлүш үчүн кирип кете албайт».

Чал жипти катуураак тартууга тырышты. Бирок ал чалкалап жипти тартканда, ансыз эле керилип, болушунча чоюлган жип анын далысын кесип, оорутуп жиберди. Мындан артык тарта албасын чал түшүндү. «Жулкууга болбойт, – деп ойлоду. – Жулккан сайын кайырмак сайылган жердеги жарат кеңейе берет да, балык сүзүп чыкса, жырылып кетиши мүмкүн. Эмнеси болсо да, азыр, күн тийип турганда, мен өзүмдү түзүгүрөөк сезип калдым. Анын үстүнө азыр менин күндү карашымдын кереги жок».

Жипке сары балыр оролуп калыптыр, бирок чал ага кубанды, анткени балыр балыктын жүрүшүнө тоскоолдук кылат. Бу балыр түн ичинде жаркырап көрүнгөн сары балырдын дал өзү.

– Балык, – деди ал. – Мен сени аябай жакшы көрөм да урматтайм. Ошентсе да мен сени кечке чейин өлтүрөм.

«Муну кылалам деп ишенип туралы», – деп ойлоду чал. Түндүк жактан бир кичинекей чымчык кайыкка жакындады. Ал өтө эле жапыз, суунун так үстү менен учуп келатты. Чал анын өлөрчө чарчаганын көрдү. Чымчык кайыктын артына конду. Анан чалдын үстүнөн бир аз айланып жипке конду.

– Жашың эчеде? – деп чал андан сурады. – Бу сенин биринчи саякатың го?

Чымчык жооп бергенсип чалды карады. Жиптин бекемдигин текшерүүгө чамасы жетпей чарчаган чымчык, ага илмийген ичке буттары менен жабышып, ыргалып олтурду.

– Коркпой эле кой, жип катуу тартылган, – деп чал ишендирди. – Өтө катуу. Мындай шамалсыз түндө чарчабашың керек эле. Капырай, азыр чымчыктар да илгеркидей болбой баратат!

«Кыргыйлар силерди тосуп деңизге чыгышат», – деп ойлоду чал. Бирок бул оюн чымчыкка айткан жок, баары бир ал чалды түшүнбөйт эле. Эчтеме эмес, жакында кыргый жөнүндө өзү баарын билип алар.

– Кичинекей чымчык, жакшылап эс ал да, жээкти карай жөнө, – деди чал. – Ар бир адам, ар бир чымчык же балык күрөшкөндөй сен да күрөш.

Чал чымчык менен сүйлөшүп, кайраттана түштү. Антпесе түнү бою үшүп, уюп калган далысы ооруп турган болчу.

– Чымчык, кааласаң бир аз менин жанымда болчу, – деди ал. – Кап азыр парусту орнотуп, сени жээкке жеткизип койсом жакшы болор эле. Анткени азыр сыдырым жел согот. Бирок биерде менин досум бар, аны таштай албайм.

Аңгыча балык катуу жулкунуп, чалды кайыктын тумшугуна жыкты; эгерде чал кайыктын тумшугун бекем таянып, жипти бошотуп жибербесе, балык аны кайыктан тартып сууга түшүрмөк. Жип тартылганда чымчык учуп кеткен эле, аны чал байкабай калды. Оң колу менен жипти сыйпалап, колунан кан агып жатканын көрдү.

– Балыктын да жанына баткандыр. – Чал аны башка жакка бура алар бекемин деп жипти тартты. Жипти күчүнүн барынча тартты да, мурдакы калыбынча былк этпеди.

– Абалың начарбы, балык? – деп сурады ал. – Кудай бар, менин абалым деле сеникинен жакшы эмес.

Ал бирөө менен сүйлөшкүсү келип, эки жагын карап, чымчыкты издеди. Бирок чымчык эч жерден көрүнбөдү. «Сен менин жанымда аз эле болдуң, – деп ойлоду чал. – Бирок сен кеткен жакта шамал катуу, жээкке чейин согуп жатат. Балык бир жулкунганда эле мен кандайча жарадар болуп калдым? Чын эле, мен келесоо болуп калыптырмын. А балким, чымчыкты тиктеп олтуруп, ошону эле ойлой бергем го? Эми мен иш тууралуу гана ойлоймун да, күч жыйнаш үчүн тунецти жейм».

– Кап, баланын жанымда жоктугу, туздун жоктугу жаман болбодубу, – деди ал үн чыгара.

Ал балыктын салмагын сол ийнине оодарды, саал тизелеп олтуруп, колун жууду, кандуу издин сууга жайылып жатканын жана каршы агымдын колду айланып акканын карап колун бир паска сууга салып турду.

– Азыр балыктын жүрүшү мурдакыдан бир топ эле акырындап калды, – деди ал угуза сүйлөп.

Чал колун туздуу сууга көбүрөөк кармап тургусу келди, бирок балык кайрадан тартып жибербесин деп коркту; ошондуктан ал ордунан турду да, жипти аркасы менен керип, колун күнгө тосту. Колунда жип тилип кеткен бир гана жарат бар болчу, бирок ал жарат колунун ишке эң керектүү жеринде эле. Колдорунун бүгүн да бир далай керек болорун билген чал, колдорун эмитен эле жарадар кылып алганына кейиди.

– Эми, – деди ал колу кургаганда, – тунецти жешим керек. Мен аны багор менен бери тартып алалам да, шашпай жешим керек.

Чал кайра чөк түшүп, багор менен кайыктын арт жагын сыйпалап тунецти тапты. Жиптин түрмөктөрүнө тийбөөгө аракеттенип, аны өзүнө шилеп алды. Балыктын салмагын кайра сол далысына салды, сол колу менен кайыктын кырын таянды да, тунецти кайырмактан чыгарып, багорду ордуна койду. Тунецти тизеси менен басып, желкесинен куйругуна чейин кочкул кызыл этти тилке-тилке кылып шылый баштады. Узун-узун алты тилке кесип алып, кайыктын тумшугундагы тактайларга жайды, бычакты шымына аарчыды, тунецтин сөөгүн куйругунан кармап сууга ыргытты.

– Бир тилимин түгөтө албайм го, – деп ал бир тилимди эки бөлүп кести.

Ал чоң балыктын мурдагы калыбынан жазбай тартып баратканын сезип турду, сол колу болсо таптакыр карышып калды. Ал оор жипти тырышып кармап турду. Чал сол колун жек көргөнсүп карады.

– О кудай ай, ушундай да кол болобу, – деди ал. – Мейлиң, каалап жатсаң уюй бер. Чымчыктын шыйрагындай болуп кал, баары бир айда да кутулбайсың.

«Тамактанып ал, – деп ойлоду ал карарган сууну, ага кыйгач чөккөн жипти карап. – Ошондо колуң күчтүүрөөк болот. Колдо не жазык? Сен канча сааттан бери балыкты кармап турасың. Бирок сен андан аягына чейин ажырабайсың. Ага чейин тамактанып ал».

Ал балыктын бир кесим этин оозуна салып, шашпай чайнай баштады. Даамы анча деле жаман эмес экен. «Жакшылап чайна, – деп ойлоду ал. – Бир тамчы ширеси да кур кетпесин. Лимон сүйкөсө, кур дегенде туз сепсе дурус болор эле».

– И-и, абалың кандай, кол? – деп ал өлгөн кишиникиндей дээрлик сенейип, уктап калган колунан сурады. – Сенин урматыңа дагы бир кесим жейм».

Эки бөлүнгөн тилимдин дагы бир кесимин жеди. Ал мазасын чыгара чайнап, терисин түкүрүп таштады.

– И-и, кол, жеңилдей түштүбү? Же эч нерсени сезе элексиңби?

Ал дагы бир тилимди алып, аны да жеп алды. «Бу дени таза, каны толук балык, – деп ойлоду ал. – Макрель кармалбай, тунец кармалганы жакшы болду. Макрель өтө таттуу. Ал балык таттуу эмес, ошон үчүн анын этинин кубаттуулугу сакталган. Бирок башка ойлорго алагды болбо, – деп ойлоду ал. – Кап, бир чымчым туз болгондо... Балыктын калган эти күнгө кургайбы же бүкшүп кетеби – мунусун мен билбейм. Ошондуктан кардым ачпаса да, баарын жеп алайын. Чоң балык азырынча тынч баратат. Тунецти жеп бүтүрөм да, бардыгына даяр болом».

– Чыдай тур, кол, – деди ал. – Сен үчүн аракет кылып жатканымды өзүң көрүп турасың.

«Чоң балыкка да тамак берсем болмок эле. – Ал менин тууганым эмеспи. Бирок мен аны өлтүрүшүм керек. Аны өлтүрүш үчүн мага күч керек».

Чал тунецтин калган этин шашпай жана адал ниет менен жеди. Колун шымына аарчып, түзөнүп олтурду.

– Мынакей, – деди ал. – Эми, кол, жипти коё берсең деле болот; сен акмакчылыгыңды койгончо, ага менин оң колумдун күчү жетет.

Чал сол колу менен кармап турган жоон жипти сол буту менен басып, чалкалап, балыктын салмагын аркасына оодарды.

– Кудай берип, колумдун тырышканы жазылса экен! – деди чал. – Бул балыктын оюна дагы эмне келерин ким билет.

«Жүрүшүнө караганда жоош көрүнөт, – деп ойлоду чал, – кылган ишин ойлоп кылат. Бирок анын ою кандай? Анда мен эмне кылмакчымын? Өзүмдүн планымды анын планына ылайыкташтырышым керек, ал өтө чоң эмеспи. Ал сүзүп чыкса, мен аны өлтүрө алам. Ал ушу бойдон суу түбүндө калсачы? Анда мен аны менен кошо калам».

Ал карышып калган колун шымына сүртүп, бармактарын жазууга аракет кылды. Бирок колу жазылбады. «Балким, аны күнгө кактасам жазылып кетер, – деп ойлоду. – Балким, жеген тунецим боюма сиңгенде жазылар. Ал мага өтө эле керек боло турган болсо, мен аны башымды кессем да жазып алам. Бирок азырынча ага күчүмдү салгым келбейт. Өзү жазылып, өз эркинче жанга кире берсин. Канткен менен, мен түн ичинде жипти кесип, улаштырып жатканда, ал жакшы эле көргүлүктү көрдү».

Чал алдындагы чексиз мейкиндикти карап, так ушул тапта жалгыз экендигин түшүндү. Бирок ал түнөргөн тереңдикте чагылышкан күндүн кызыл-тазыл нурларын, керилип төмөн тартылган жипти, деңиздин бетинин укмуштуудай мелмилдеп турганын көрүп турду. Кургак шамал согоорун билдирип, булуттар уюй баштады. Чал алды жагына көз жиберип, асманда даана сүрөттөлгөн бир топ жапайы өрдөктү көрдү; мына ошол өрдөктөр бозомук тартып баратып, кайра даана көрүнгөндө, ал адам деңизде эч качан жалгыз болбосун түшүндү.

«Кээ бир адамдар ачык деңизде кичинекей кайыкта калуудан коркушат, – деп ойлоду чал. – Алар жаан-чачын капысынан каптап кирген айларда гана коркушары ажеп эмес. Бирок азыр катуу бороон-чапкындардын мезгили, азырынча андай бороон жок, ошон үчүн бул мезгил жылдын эң жыргал убагы».

Деңизде жүргөндө, жакындап келаткан бороон-чапкындын белгилерин асмандан күн мурунтан эле көрүүгө болот. Жээктен аны көрүшпөйт деп ойлоду чал, себеби жээкте эмнени караш керек экенин билишпейт. Анан жерде булуттардын түрү да башкача. Бирок азыр бороон болбойт.

Чал асманды карап, ал өзү жакшы көргөн балмуздакка окшош ак түрмөк булуттарды, төбөсүндөгү сентябрь айынын бийик асманындагы тыткан жүндөй чачылган тунук булуттарды көрдү.

– Жакында желаргы жүрөт, – деди чал. – Анын жүргөнү сага караганда мага пайдалуу, балык.

Сол колунун тарамыштары дале түйүлүп жатты, бирок чал колун аз-аздан кыймылдата алды. «Колдун карышканын жек көрөм, – деп ойлоду чал. – Өз мүчөң болуп туруп, ушунчалык арам иш кылат! Элдин ичинде жүргөндө ич өткөк кармаса же балыктан уугуп куссаң кандай кордук. Бирок тарамыштын түйүлүшү (өз ичинде аны calambre деп койчу) кишини жалгыз жүргөндө аябай кемсинтет».

«Эгер бала жанымда болсо, колумду чыканагымдан ылдый ушалап берет эле. Эч нерсе эмес, ал ансыз эле кайта жанданат».

Аңгыча, чал жиптин сууга мурдагыдай кыйгач чөкпөй калганын байкай электе, балыктын тартканы жеңилдеп калганын оң колу сезе койду. Ал чалкалап, сол колу менен күчүнүн бардыгынча санын койгулап киргенде, жиптин акырын өйдө калкып чыгып келатканы көзгө урунду.

– Калкып келатат, – деди ал. – И-и, теңир жалгагыр колум, жандана көр!

Жип калкып чыгып узара берди да, акыры кайыктын жанында деңиздин бети өркөчтөнүп, балык суудан чыга келди. Суудан токтоосуз чыгып келаткан балык учу-кыйрысыз сыяктанат да, эки капталынан суу шорголоп агып жатты. Балык бүт бойдон жаркырап, күнгө күйүп тургансыйт; башы менен жону кызгылт-көк, капталдарындагы жол-жол темгилдери күндүн көз уялткан жарыгында өтө жазы жана көгүлтүр болуп көрүнөт. Мурдунун ордунда бейсбол ойной турган таяктан узун, учу найзадай курч кылычы бар экен. Балык суудан бүтүндөй чыга келди да, кайрадан суучулдай табыш чыгарбай акырын сууга чөгө баштады, анын орокко окшош килейген куйругу сууга кирер замат жип өтө тез чубалып жатты.

– Бул менин кайыгыман эки фут[20] узун экен, – деди чал.

Жип деңизге бат, бирок бир калыпта кирип кетип жатса да, балыктын чочубаганы айкын. Чал жипти эки колдоп, алынын барынча тартып турду. Эгерде чал балыкка ушундай эле бир калыпта туруштук берип, анын жүрүшүн басаңдатпаса, балык болгон жиптин баарын чубап, анан кайырмактан чыгып кетерин чал билет.

«Бул балык эмес эле өзүнчө бир тоо экен, мен ага күчүмдү билгизбейм, – деп ойлоду чал. – Азыр алды-артын карабай качса, эмне болорумду түшүнсө... Жок, ага жеткирбеш керек. Мен анын ордунда болсом, азыр тобокел деп туруп, бир нерсе үзүлмөйүнчө алга карай кете берет элем. Бирок кудайга шүгүр, балыктардын шамдагайлыгы жана асылзаттыгы адамдыкынан жогорураак болгону менен, өздөрүн өлтүрүп жүргөн адамдардай акылдуу эмес».

Ушунча жашка келгени чал далай чоң балыкты көргөн. Салмагы миң кадактан ашкан балыктарды көп көргөн, өзү да бир убакта ошондой эки балык кармаган, бирок жалгыз өзү мындай иш кыла элек болчу. Ал эми мындай чоң балыкты көрбөгөн, ал тургай мындай балык болот деп да укпаган, чал азыр ачык деңизде өзү килейген балыкка катуу байланды, анан калса сол колу да бүркүттүн чеңгелиндей болуп карышып калды.

«Колум го жазылат дечи, – деп ойлоду чал. – Жок дегенде оң колго жардам бериш үчүн жазылат, ал сөзсүз. Илгери үч бир тууган болуптур: балык менен менин эки колум. Сөзсүз жазылат. Карышып калганы тим эле уят».

Балык жүрүшүн акырындатып, мурдагы ылдамдыгы менен кетип баратты.

«Кызык, балык эмне үчүн сүзүп чыкты экен, – деп ойлоду чал. – Атайын эле өзүнүн чоңдугун мага көрсөтөйүн деп чыкты деп ойлосо болот. Андай болсо, мен эми билем. Атаганат, мен ага кандай адам экендигимди көрсөтө албайм, ээ. Ал анда менин тырышкан колумду көрүп калат эле деп коёлу. Ал менин чынында эле кандай экендигимди билбей, андан жогору баалай берсин, анда мен да жакшыраак болом. Мен балык болуп калсам, бирок анда менин кайратым менен айлакерлигиминен башка да балыкта бар нерсенин бары менде болсо».

Чал кыңк этпей, өзүн кыйнаган ооруга чыдап, кайыктын бооруна жөлөнүп олтурду. Балык карайган суунун үстү менен кайыкты кашкая сүйрөгөн бойдон алга кетип баратты. Чыгыштан соккон шамал деңизди кичинеден толкундата баштады.

Түштө чалдын сол колунун тырышканы тарап, жан кирди.

– Эми сага кыйын болот ко, балык, – деп чал аркасындагы жипти жылдырды.

Ооруган жери баягыдай эле кыйнап жатса да, чал аны билмексен болуп, өзүн жакшы сезип олтурат.

– Мен кудайга ишенбейм, – деди чал. – Бирок ушул балыкты кармаш үчүн он жолу «Богородицаны»[21], ошончо эле жолу «Отче нашты» [22]окуйм. Бул балыкты чын эле кармап алсам, анда касиеттүү бир жайга барып, зыярат кылам. Убадам ушул.

Чал дуба окуганга кирди. Кез-кезде чал шалдырап, дубанын сөздөрүн унутуп калат. Анда сөздөрү өздөрү эле айтыла берсин дегенсип, дубаны батыраак окуйт. «Богородицаны» кайталоо «Отченаштан» жеңилирээк, – деп ойлоду ал.

– Богородица, касиеттүү кыз, сүйүн, берекелүү Мария, сени кудай жалгасын. Аял болуп бактылуусуң, сенин ичиңен чыккан балаң да бактылуу, анткени сен биздин жаныбызды сактап калуучуну төрөдүң. Оомийин. – Минтип кошуп койду: – Балык өлсүн деп дуба окуп кой, касиеттүү Богородица. Ал балык абдан сонун болсо да, эми эмне кылабыз.

Дубаны окуп бүткөн соң, ооруган жери басылбаса да, анын ого бетер күчөгөнүнө карабастан өзүн мурдакыдан жеңилирээк сезип калды. Ал кайыктын бооруна жөлөнүп, аны ойлонбостон сол колунун манжаларын машыктыра баштады. Күн куйкалап, шамал аз-аздан күчөп келатат.

– Кичинекей кайырмакка жем сайып, кайра салсам түзүк болор, – деди чал. – Балык дагы бир түн сүзүп чыкпаса, тамак жеш керек, бөтөлкөдө суу да аз калды. Бул жерден макрелден башка эчтеме кармай албасым шексиз. Бирок аны кармар замат жеп алса, даамы анчалык деле жаман көрүнбөйт. Түнүчүндө кайыкка учма балык түшүп калса жакшы болор эле. Бирок аны алдап кайыкка түшүргөндөй от жок. Чийки учма балык – сонун тамак, ичеги карынды да тазалаштын кереги жок. Азыр күчүмдү сакташым керек. О кудай, мунун мынча чоң экендигин мен кайдан билдим... Бирок мен аны чоңдугуна да, кооздугуна да карабастан баары бир жеңем, – деди ал.

«Бул адилетсиздик болсо да, мен ага адам эмнеге жарамдуу экендигин, адам эмнеге чыдарын көрсөтөйүн», – деп кошумчалап койду.

– Мен балага жөнөкөй чал эмесмин деп айтпадым беле, – деди ал. – Ошону далилдей турган кез эми келди.

Чал муну миң жолу далилдеген. Далилдесе эмнеси бар экен? Азыр аны кайрадан далилдөөгө туура келип турат. Эсеп ар дайым башынан башталат; ошондуктан чал бирдеме кылганда, өткөн ишти эч качан эсине алчу эмес.

«Анын уктап калышын ушунчалык каалар элем, анда мен да уктап, түшүмө арстандарды көрүп алар элем, – деп ойлоду ал. – Эмне үчүн арстандар менде калгандардын эң жакшы нерсеси?»

– Чал, кой, ойлонбо, – деди ал өзүнө. – Тактайга жөлөнүп бир аз эс алып ал, эч нерсени ойлобо. Балык азыр эмгектенип жатат. Сен болсоң азыраак иштөөгө тырыш.

Түш оогон, кайык болсо тынымсыз алга кетип барат, чыгыштан соккон шамал кайыкты айдап алган, чал жип өткөн далысынын ооруганына чыдап, жапыз толкундарга чайкалып барат.

Түштөн кийин бир кезде жип кайра көтөрүлө баштады. Бирок балык жүрүшүн токтотпой, мурдакы тереңдиктен кичине гана өйдө көтөрүлдү. Күн азыр чалдын аркасын, сол далысы менен колун кактап турат. Чал муну байкап, балыктын түндүк-чыгышка бурулганын түшүндү. Чал балыкты бир жолу көрүп алгандан кийин, анын караңгы тереңдикти күчтүү куйругу менен жарып, кызгылт көк төш канаттарын кенен жайып баратканын көз алдына даана келтирип турат.

«Кызык, ал мындай тереңдикте эмнени көрө алат болду экен? – деп ойлоду чал. – Анын көздөрү өтө чоң. Аттын көздөрү аныкынан кичине, ал эми ат караңгыда көрөт. Бир кезде мен да караңгыда жакшы көрчү элем. Албетте, көзгө сайса көрүнгүс караңгылыкта эмес, бирок көзүм дээрлик мышыктыкындай эле».

Күн жана тынымсыз машыктыруу тырышып калган сол колун жазды. Ошондуктан чал далысынын ооруганын басуу үчүн, далысынын булчуңдарын кыймылдатып, балыктын салмагын сол колуна жылдыра баштады.

– Алигиче чарчабасаң, сен анда укмуштуу балык экенсиң, – деди чал.

Чал өзү аябай чарчады, жакында түн кирерин билип, башка нерселерди ойлоого аракеттенди. Ошон үчүн ал Gran ligas болгон атактуу бейсбол лигалар менен нью-йорктук «Янкилер» менен детройттук «Жолборстордун» бүгүн боло турган оюну жөнүндө ойлоп олтурат.

«Luegos [23]натыйжасын билбегениме мына эки күн болду. Бирок мен өз күчүмө ишенишим керек да, улуу Ди Маджиого татырлык болушум керек. Ал кандай иш кылса да, жадаганда согончогундагы сөөк чорунан кыйналса да, баарын сонун аткарат. Сөөк чору деген эмне болду экен? Un espuelo de hueso. Бизде, балыкчыларда андай жок. Кантип эле ал урушка салган короздун текөөрү менен согончокко тепкендей оорусун? Мени бирөө андай урса, чыдабайт элем, короздордукундай бир көзү чукулса да, эки көзү чукулса да, чыдап тура албайт элем. Укмуштуу айбанаттар менен канаттууларга салыштырганда адам баласы кыбыраган эле бирдеме. Азыр мен тиги, деңиздин тереңдигинде сүзүп бараткан айбан болгум келип турат».

– Жок, акула гана тийбесе, – деди ал үн чыгарып. – Акула тийсе аны да, мени да кудай өзү сактасын!

«Улуу Ди Маджио балык менен сенчилеп ушунчалык тырышып кармашат деп сен чын эле ойлоп турасыңбы? – деп чал өзүнөн сурады. – Албетте, ал менин ордумда болсо, так ушундай кыларына ишенем. Балким, мындан да жакшы кылар эле, себеби ал менден жаш жана күчтүү да. Анын үстүнө атасы балыкчы болгон... Анын сөөк чору катуу ооруйт болду бекен?»

– Билбейм, – деди ал угуза. – Менде сөөк чору деген балаа эч качан болгон эмес.

Күн баткандан кийин, чал өзүнүн көңүлүн көтөрүш үчүн, бир жолу Касабланканын тавернасында сьенфуэгостук чоң негр менен күч сынашканын эстей кетти. Ал негр порттогу эң күчтүү киши болчу. Чал менен негр стол үстүндө бор менен сызылган чийинге чыканактарын таяп, бири-биринин алакандарын бекем кармашып, бир сутка бою бетме-бет олтурушту. Алар биринин колун бири столго жаткырууга тырышышат. Тегеректеп тургандар акча сайышып мелдеше кетишти, керосин чырактары менен жарык кылынган караңгы бөлмөдө эл ары-бери басып, кирип-чыгып жүрөт; а чал болсо былк этпей, негрдин колунан, чыканагынан жана бетинен көзүн албай тиктеп карап олтурат. Алгачкы сегиз саат өткөндөн кийин, судьялар калыстар уктап алыш үчүн ар бир төрт сааттан кийин алмаша башташты. Эки балбандын тырмактарынын түбүнөн кан сызылып чыгып жатат, алар болсо кадала тиктешип, колдорун, чыканактарын карап олтурушат. Мелдешкен кишилер бөлмөгө кирип-чыгып жүрүшөт, алар беттешүү эмне менен бүтөрүн күтүшүп, бөлмөдө тегерете коюлган бийик отургучтарда олтурушат. Бөлмөнүн көпкөк боёк менен сырдалган жыгач дубалдарына чырактардын жарыгынан көлөкө түшүп турат. Негрдин көлөкөсү чексиз чоң көрүнөт, чырактарды шамал кыймылдатканда, анын көлөкөсү да дубалда ары-бери жылып турат. Артыкчылык бирөөнөн-бирөөнө түн бою өтүп жатты; негрге ром ичирип, сигарет күйгүзүп берип жатышты. Негр ромду ичкен сайын күчүнүн бардыгынча аракет кылат; бир жолу ал чалдын колун (ошол кезде аны чал дебей, Сантьяго Ее Сатреоп [24]деп аташчу) үч дьюмага[25] жакын ийди. Бирок чал колун кайра түзөттү. Чал андан кийин негрди жеңеринен шектенбей калды. Негр жакшы жигит жана чоң балбан экен. Таң атканда ошердегилер эч ким жеңген жок деп жарыялансын дешип судьялардан талап кылышты. Судья ийнин куушуруп, эмне кыларын билбей турганда, чал күтпөгөн жерден бардык күчүн жыйып, негрдин колун бара-бара басып отуруп, столго жыкты.

Мелдеш жекшемби күнү эртең менен башталып, дүйшөмбү күнү эртең менен бүттү. Катышуучулардын көбүнүн эч ким жеңген жок деп эсептөөнү талап кылышкандыгынын жөнү мындай: алардын жумушка чыга турган убактысы келип калган. Алар портко барып, Гавана кампаниясы үчүн пароходдорго көмүр же кант салынган каптарды жүктөшмөк. Антпесе, алар мелдешти аяктаганча күтүүгө макул эле. Бирок чал жеңди. Жеңгенде да жүк ташуучулар жумушка чыгарда жеңди. Ошондон кийин чалды көпкө чейин Чемпион деп атап жүрүштү.

Чал жазында негр менен дагы бир жолу беттешип, утулуп калышын жандырууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок сайган акча биринчи жолку мелдешке караганда азыраак эле. Чал негрди экинчи жолу оңой жеңди, анткени сьенфуэгостук негр биринчи мелдештен кийин өз күчүнө анчалык ишенбей калган. Кийин чал дагы бир топ мелдештерге катышты, бирок бат эле бул ишти таштап койду. Чал кааласа, ким болбосун жеңип аларын түшүндү: анын үстүнө мындан мелдештер оң колуна чоң зыян келтирет деп ойлоду. Оң колу балык уулаганда абдан керек да. Чал эки-үч жолу сол колу менен да кармашып көрдү. Бирок сол колу ага баш ийбей, чалды оңтойсуз абалда калтырчу, ошондуктан чал ага ишенчү эмес.

«Күн эми аны жакшылап кактайт, – деп ойлоду чал. – Ал мага өчөшүп, уктап калууга азыр батына албайт. Түнүчүндө өтө суук болуп калбаса гана болду эле... Бул түн мага эмне камдап турат болду экен».

Чалдын үстүнөн Майами жакка бараткан самолёт учуп өттү. Анын көлөкөсүнөн чочуп, көлдөн учуп чыккан бир топ учма балыкты чал көрүп калды.

– Биерде учма балык көп болсо, жакын жерде макрель да болушу керек, – деп, чал балыкты жакындатыш үчүн жипти катуураак тартты. Бирок жакындата албасына бат эле көзү жетти, себеби үзүлүп кетчүдөй болуп, кылдай кериле тартылган жиптен салааланган суу тамчылары дирилдей баштады. Кайык акырын алга жылып баратты. Чал самолёттун карааны кайым болгончо көзүн айырбай карап турду.

«Самолёттон караганда мунун баары өзгөчө кызык көрүнөт ко, – деп ойлоду чал. – Мындай бийиктиктен деңиз кандай болуп көрүнөр экен? Алар жапысыраак учушса: менин балыгымды көрүшөр эле. Мен эки жүз саржан бийиктикте жай учуп, балыгымды көрсөм кандай сонун болор эле. Таш бака уулап жүргөнүмдө, мачтанын башына чыгып далай нерселерди көрчү элем. Мачтадан караганда макрель жашылыраак болуп көрүнөт, жакшылап караса, анын кызгылт-көк темгилдерин сүзүп бараткан учурунда да көрүүгө болот. Эмне үчүн терең жүргөн бат сүзүүчү балыктардын жону кызгылт-көк, көп учурларда кызгылт-көк темгилдери же жол-жолдору бар? Макрель болсо жашыл болуп көрүнөт, ал эми чынында алтын сымал, бирок макрелдин карды ачып, тамак уулап чыкканда, анын капталдарында марлиндикиндей кызгылт-көк темгилдер пайда болот. Ырас эле, бул анын жини келгенден болуп жүрбөсүн? А балким, батыраак сүзгөнүнөндүр?»

Кечке маал кайык топтолгон саргас балырынан пайда болгон аралчанын жанынан өттү. Жеңил толкунга көтөрүлүп, чайпалып турган балырды карасаң, океан сары одеялдын астында бирөө менен кучакташып жаткандай көрүнөт. Ошол аралдын жанынан кайырмакка кичинекей макрель илинди. Чал аны батып бараткан күндүн нурларында алтындай жалтырап суудан секирип чыгып, канаттарын шамалга дирилдетип каккылап, коркконунан эки бүктөлүп, дөңгөлөктөй ийилип жатканда көрүп калды. Ал кайра-кайра кадимки эле акробаттай секире берди; чал кайыктын арт жагына өтүп, чөк түшүп олтурду да, чоң балык түшкөн жипти оң колу менен чыканагына сүйөй кармап, сол колу менен макрелди алып чыкты.

Суудан улам чубап алып жаткан жипти сол буту менен басып турду. Макрель кайыктын кырына жакындап, жанынын бардыгынча ары-бери жулкунуп жатканда, чал кайыктын кырынан эңкейип, алтындай жаркырап көздү уялткан балыкты сүйрөп кайыктын ичине салды. Макрель оозун тырыштыра кайырмакты тиштейт, анын узун жалпак денеси, башы жана куйругу жанталашкансып кайыктын түбүнө урунат. Чал анын алтындай алоолонгон башына бир чапкандан кийин, ал титиреп туруп тынчып калды.

Чал балыкты кайырмактан чыгарып алды да, ага кайра сардина сайып, жипти кайра сууга салды. Андан кийин акырын жылып, кайыктын тумшугуна келди. Сол колун жууп, шымына аарчыды, оор жипти оң далысынан сол далысына жылдырып, оң колун жууду да, деңизге чөгүп бараткан күндү карап олтурду. Жип сууга кыйгач кирип турганын карап алды да:

– Иш мурдакы бойдон, – деди. Бирок колун сууга салып, кайыктын жүрүшү акырындап калганын сезди. – Эми калактарды бири-бирине байлаштырып, кайыкка туурасынан бекитип койсом, түнүчүндө кайыктын жүрүшүнө тоскоолдук кылат. Бу балыктын күчү түнгө жетет. Меники дагы.

«Макрелди кийинчерээк тазаласам жакшы болот ко, – деп ойлоду ал. – Анда анын каны бүт бойдон агып кетпейт. Муну кийинчерээк кылайын, ошондо калактарды да байлаштырам. Азырынча, өзгөчө күн баткандан кийин, балыктын тынчын албоом керек. Күндүн батышы кандай балыкка болбосун жаман таасир берет».

Чал колун шамалга тосуп кургатты да, жипти кармап, өзүн балыкка сүйрөтүп, кайыктын капталына тыгыз жөлөндү. Ошентип балыктын салмагын өзүнүн денесинен кайыкка которду.

«Мен аны-мунуга кичине үйрөнүп калдым, – деп ойлоду ал. – Азырынча балыкка кандай мамиле жасаш керек экенин билем. Анын үстүнө ал баягы жемди жуткандан кийин оозуна эчтеме ала элек. Мындай дөөгө тамак абдан көп керек. Муну унутпоо керек. Мен болсом бир тунецти бүт бойдон жедим. Эртең макрелди жейм, – чал макрелди dorado деп атачу эле. – Мүмкүн, аны тазалаганда бир кесим жээрмин. Тунецке караганда макрелди жеш кыйыныраак. Бирок дүйнөдө оңой эле келе турган эч нерсе жок».

– Абалың кандай, балык? – деп ал катуу үн чыгарып сурады. – Менин абалым сонун. Сол колумдун ооруганы мурдакыдан басылып калды: тамак бу түнгө, анан дагы бир күнгө жетет. Мейлиң, балык, кайыкты сүйрөп кете бер.

Бирок чал өзүн анча деле жакшы сезип турган жери жок, себеби жип өткөн далысы мурдакыдай оорубай, тынымсыз сыздап, чалдын тынчын алды. «Мен мындан жаман абалдарга да учурагам, – деп өзүнө өзү кайрат айтат. – Колум кичинекей эле жарадар болгон, экинчи колум эми тырышпай калды. Буттарым сопсоо. Анан тамак жагынан алсам да, менин абалым балыктыкынан жакшы».

Капкараңгы, сентябрь айында караңгы капысынан, күн батары менен каптайт. Чал тузга желип, жешилген тактайларга жөлөнүп, жакшылап эс алууга тырышат. Асмандан биринчи жылдыздар көрүндү. Ал Ригель деген жылдыздын атын билбейт, бирок аны көргөндөн кийин жакында башка жылдыздар да чыгып, бу алыскы достор кайрадан өзү менен бирге болорун түшүндү.

– Балык дагы менин досум, – деди ал. – Мен мындай балыкты көрмөк тургай, мындай балык болот деп уккан да эмесмин. Бирок аны өлтүрүш керек. Жылдыздарды өлтүрүүнүн бизге зарылдыгы жок экендиги кандай сонун!

«Өзүң ойлоп көрчү, кудайдын куттуу күнү адам баласы айды өлтүрөм деп, аңдып жүрсүн. Ай болсо андан качып жүрсүн. Макул, ал эми адам күндү уулап артынан аңдып жүрсө эмне болор эле? Жок, эмне десең да, адам баласынын иши оңунан чыккан», – деп ойлоду ал.

Анан чал ачка бараткан чоң балыкты эстеп, өтө кейиди. Бирок бул аянычтуу ой чалдын балыкты өлтүрүш керек деген чечимине эч кандай тоскоолдук кылган жок. Бул балык канча кишини тойгузат! Бирок бул балыкты жеш үчүн адамдын баркы жетеби? Сөзсүз, жетпейт. Анын этин жеш үчүн дүйнөдө бир да татырлык адам жок; балык өзүн кандай асылзаттык менен алып жүрөт – ошону байкагылачы.

«Мен көп нерсени түшүнбөйм, – деп ойлоду ал. – Бирок күндү, айды, жылдыздарды өлтүрүү биздин тагдырыбызга тийбегени кандай жакшы! Деңизге жалынып, андан тамак сурап, өзүбүздүн бир туугандарыбызды өлтүргөнүбүз эле жетишет. Эми мен калактардан тормоз жасашым керек. Анын жаман жагы да бар. Буга көп жип кетет: балык жулкунуп кутулам десе, балыктан ажырап калышым да мүмкүн, калактан тормоз жасасам, кайык мурдакыдай ары-бери бош жүрө албай калат. Кайыктын жеңилдиги менин азабымды да, балыктын азабын да улантып жатат. Бирок менин кутулушумдун шарты дал ошондо. Бу балык кааласа мындан да бат жүрө алат да. Кандай болсо да, макрелди сасый элегинде тазалаш керек, анан күчкө келиш үчүн кичине жеп коюш керек. Эми дагы бир саатча эс алам, анан балык эчтеме кылбаса, кайыктын арт жагына барып, кылаар ишти кылам, калактар тууралуу бирдемени ойлоп табам. Ага чейин балык өзүн кандайча алып жүрөрүн байкап алам. Калактан тормоз жасаш – абдан акылдуу ой, бирок азыр жаңылышсыз иштеш керек! Балыктын күчү али толук, кайырмак ууртуна илингенин көрүп калдым, оозун болсо катуу жаап алыптыр. Оозунун ооруганы ал үчүн анчалык деле азап эмес. Аны көбүнчө ачкалык жана ага түшүнүксүз коркунуч кыйнап жатат. Эс алып ал, чал, азыр балык иштесин, анан сага да кезек келет».

Чал өз оюнда эки саатча эс алды. Айдын бу мезгилде кеч чыккандыгынан кайсы маал экенин биле албады. Чынын айтканда, чал аздыр-көптүр эс алымыш болду. Ал мурдакыдай эле балыктын салмагын далысы менен сезип турат, бирок сол колу менен кайыктын тумшугунун кырына таянып, балыктын салмагын кайыкка салууга аракеттенет.

«Жипти кайыкка байлап коюуга мүмкүн болсо, баары опоңой эле, – деп ойлоду ал. – Бирок ал акырын эле жулкунуп койсо, жип үзүлөт. Мен балыктын тартышын өзүмдүн денем менен тынымсыз токтотуп турушум керек да, жипти ар мүнөттө эки колум менен тең коё берүүгө даяр болуп турушум керек!»

– Бирок сен уктаган жоксуң, чал, – деди ал өзүнө. – Жарым күн, анан бир түн, анан дагы бир күн өттү, а сен болсоң алигиче кирпик кага элексиң да, кага элексиң. Балык тентектик кылбай, жоошуп турганда кичине чырм этип алуунун бир амалын тап. Эгер уктап албасаң, башың маң болуп калат.

«Азыр акылым тунук, – деп ойлоду ал. – Өтө эле тунук. Асманда жаркырап турган менин бир тууган жылдыздарымдай эле ачык. Анткени менен баары бир укташым керек. Жылдыздар да укташат, ай да уктайт, күн да уктайт, кез-кезде – агым жокто жана жымжырт болуп турганда океан да уктайт. Уктап алууну унутпа, – деп, ал өзүнө эскертти. – Өзүмдү өзүң уктат. Жиптен бошоно турган бир жөнөкөй жана ишенимдүү арга тап. Азыр арт жакка барып макрелди тазала. Уктап калчу болсоң, калактан жасалган тормоз – коркунучтуу нерсе. Бирок мен уйкусуз эле чыдай алам, – деди ал өзүнө. – Ооба, чыдай аласың, бирок бу дагы коркунучтуу иш».

Чал балыктын тынчын албайын деп, төрт аяктап кайыктын арт жагына жыла баштады. «Балким, ал дагы үргүлөп келаткандыр, – деп ойлоду чал. – Бирок мен анын эс алышын каалабайм. Ал өлгөнгө чейин кайыкты сүйрөсүн».

Кайыктын арт жагына жетип, балыктын салмагын сол колуна которду да, оң колу менен бычагын кынынан сууруп чыкты. Жылдыздардын жарыгында макрель даана көрүнүүдө. Чал аны бычак менен башка сайып, кайыктын арт жагындагы тактайдын астынан сууруп чыкты. Балыкты буту менен басып, анын боорун куйругунан баштап бакалооруна чейин жиреди. Анан бычакты таштап, балыктын ичин тазалады, колкосун сууруп салды. Балыктын карыны оор жана жылмакай экен. Чал карынды жарып, андан эки учма балык тапты. Алар бузулбаптыр жана катуу бойдон экен; чал аларды кайыктын түбүнө жанаша таштап койду да, макрелдин иче-кардын сууга ыргытты. Иче-карын чөгүп баратып, сууда жылтыраган из калтырды.

Жылдыздардын күңүрт жарыгында макрель боз болуп көрүнөт. Чал макрелдин башын буту менен басып, анын бир капталынан терисин сыйырды. Анан макрелди оодарып, экинчи капталынан терисин сыйырды да, балыктын башынан куйругуна чейин эки капталынан этин кесип алды. Макрелдин сөөгүн сууга ыргытып, анын түшкөн жери айлампа боло түшөр бекен деп карап турду, бирок суу түбүнө акырын чөгүп бараткан балыктын тулкусунун жылтыраган изинен башка эчтеме көрө албады. Андан кийин чал кайра бурулуп, эки учма балыкты макрелдин кесилген этинин арасына сойлотту да, бычагын кынына салып, кайыктын баш жагына кайра өттү. Жиптин салмагы анын далысын басып, белин бүкчүйттү; чал балыкты оң колу менен кармап баратты.

Чал кайыктын тумшугуна жетип, балыктын этин тактайга жайды да, анын жанына учма балыктарды койду. Андан кийин жипти далысынын ооруй элек жерине жылдырып, салмактын баарын кайыктын кырына жөлөнө таянып турган сол колуна которду. Чал кайыктын кырынан эңкейип, учма балыкты жууду да, ошону менен бирге колунун астынан суу кандай ылдамдык менен өтүп жатканын байкап турду. Чал макрелдин терисин сыйрыганда колу калтырап калды, ошондуктан ал айланып аккан сууну карап турду. Азыр суу мурдакыдан акырыныраак агып калды, чал колун кайыктын кырына сүрүп, фосфордун жылтыраган кичинекей бөлүкчөлөрү кайыктын арт жагына акырын агып кетип жатканын көрдү.

– Балык же чарчады, же эс алып жатат, – деди чал. – Батыраак тамактанып, кичине уктап алыш керек.

Чал балыктын жарым этинин теңин, анан бир учма балыкты жеди. Ал учма балыкты мурда эле, барган сайын күн суук болуп баратканын байкап, жылдыздардын жарыгында тазалап алган.

– Бышкан макрелден жегиликтүү эмне бар, – деди ал. – Бирок чийки макрелден жаман эч нерсе жок! Мындан кийин деңизге эч качан туз менен лимонсуз чыкпайм.

«Менде мээ деген болсо, күнү бою кайыктын тумшугуна суу чачып, кургатып отурсам, кечинде туз да болот эле, – деп да ойлоду. – Ырас, макрелди күн батарда кармадым. Ошентсе да, көп нерсени эске албапмын. Анткени менен макрелдин бир кесим этин бүт жедим, ал эми алигиче кускум келе элек».

Чыгыш жактан асманды булут каптап, тааныш жылдыздар биринин артынан бири өчө баштады. Ал булут каптаган терең капчыгайга кирип бараткансыйт. Шамал басылып калды.

– Үч-төрт күндө жаан-чачын башталар, – деди чал. – Бирок бүгүн да эмес, эртең да эмес. Балык тынч баратат, уктап ал, чал.

Чал жипти оң колу менен бек кармады, саны менен колун басты да, бүт салмагын салып, кайыктын капталына ыгыра жабышты. Анан аркасында калган жипти ылдыйыраак жылдырып, сол колу менен да кармап алды. «Оң колум жазылганча жипти кармап турат. Эгерде ал мен уктап калганда жазылып кетсе, сол колум жиптин деңизге зуулдап кирип баратканын сезип, мени ойготот. Албетте, оң колго оңой болбойт. Бирок ал азап-тозокторго чыдамкай неме. Эгерде мен жок дегенде жыйырма мүнөт же жарым саат уктап алсам, ошондо да жакшы болот дечи».

Ал кайыктын капталына ныктай жөлөнүп, балыктын салмагын оң колуна салды да, уктап кетти. Ал түшүндө арстандарды көргөн жок. Бирок сегиз же он миля жерге жайылган сансыз көп деңиз чочколору түшүнө кирди. Куут мезгили болгондуктан, чочколор суудан бийик секирип чыгып, кайра эле ошол суу үңкүрүнө кирип кетип жатышты. Андан кийин ал кыштактагы алачыгында, керебетте жаткандай түш көрдү. Алачыкта түндүктөн соккон шамал алкынып, чалды үшүтүп жатты, башына жазданып жаткан оң колу уюп, уктап калыптыр. Ошондон кийин гана узун сары тайыздык чалдын түшүнө кирди. Кеч күүгүмдө биринчи арстан, анын артынан чубап башкалары чыкты; чал якордо турган кеменин кырына сүйөнүп, жээктен соккон кечки шамалга бетин тосуп, жаңы арстандар көрүнөр бекен деп күтүп турду. Ал чексиз бактылуу эле. Ай небак чыккан, чал дале уйкуда, балык болсо шашпай, бир калыпта кайыкты булут капчыгайына сүйрөп баратты.

Чал балыктын катуу жулкканынан ойгонуп кетти: оң колунун муштуму бетине чабылды, а жип болсо колун сыздата кесип, сууга житип баратты. Чал сол колун сезген жок, жипти оң колу менен тартып токтотууга тырышты, бирок жип жин ургандай сууга кете берди. Акыры сол колу менен сыйпалап жипти тапты; чал балыктын салмагын сол колуна көчүрүп, жипти аркасы менен басып алды. Эми жип сол колду да, чалдын аркасын да сыздатып кыйып атты. Чал мойнун буруп, даярдалган түрмөктөрдү карады, алар бат-бат жазылып жатыптыр. Так ошол убакта балык океандын тегиз бетин жарып, мөңкүп чыга келди да, сууга чулп этип кайра кирди. Анан ал кайра-кайра туйлады. Чал жипти катуу тартып, бир паска коё берип, үзүлүп кетпесин деп коркуп, анан тобокелге салып күчүнүн бардыгынча кайра тартса да, жип сууга сызып кирип кайык алга ылдам кете берди. Чал жипке сүйрөлүп, кайыктын тумшугуна жетти, бирок сүрдүгүп барып баягы жайылып жаткан макрелдин этине бети жабыша түштү, кыймылдай алар эмес.

«Биз ушуну гана күтүп турганбыз, – деп ойлоду ал. – Эми сак бол. Мен андан жиптин өчүн алам. Андан өч алам!» Чал балыктын секиргенин көрө албады, океандын шарп этип жарылганын, чалп эткен оор дабышты угуп турду. Сууга сызып кирген жип анын колдорун аябай кесип жатты, бирок чал мындай болорун билген, ошон үчүн азыр алакандары менен манжаларын жарадар кылбас үчүн жипке колунун чор баскан жерлерин тосууга аракеттенди. «Бала жанымда болсо, жипти суулап турар эле, – деп ойлоду ал. – Кап, бала жанымда болсочу! Бала жанымда гана болсочу!»

Жип тынымсыз чубала берди, бирок анын жылышы мурдакыдан оорураак болуп калды да, балык жиптин ар бир укумун оор күрөштүн аркасында гана алып жетти. Чал эптеп башын көтөрүп, жупкадай болуп жанчылган макрель этинен бетин окчундатты. Андан кийин тизелеп турду, анан акырын өйдө туруп да алды. Ал жипти дале бошотуп жатканы менен, анда жарытпады. Караңгыда буту менен жиптин түрмөктөрүн таап, басып көрдү да, жип али көп экенин билди. Суудагы жипке да балыктын күчү оңой-олтоң жете турган эмес.

«Мынакей, – деп ойлоду чал. – Ал он чакты жолу мөңкүдү, тарсылдактарына жел толтуруп алды. Эми киши жетпес жерде өлүш үчүн, тереңдикке кете албайт. Ал азыр тегерене баштайт: ошондо мен иштешим керек. Кызык, бул эмнеге кыжырланды болду экен? Же курсагы ачып, айласы кеттиби, же караңгыда бир нерседен чочудубу? Балким, ал кокусунан коркунучту сезип калгандыр. Ал мага эр жүрөк, өзүнө ишенген неме көрүнгөн эле... Кызык!»

– Андан көрө, чал, сен өзүң коркунучту унут да, өзүңдүн күчүңө көбүрөөк ишен, – деди ал. – Сен балыкты кармап турганың менен жиптин бир укумун да сууруп ала элексиң. Жакында ал айлана баштайт.

Чал эми жипти сол колу, ийни менен кармап турду; ал бетине жабышкан макрелдин этин жууюн деп, эңкейип оң колу менен суу сузуп алды. Ал кусуп жиберип алсырап калуудан коркту. Ал бетин жууп, агарып келаткан асманды карап, оң колун туздуу сууга бир паска кармап турду. «Азыр ал түптүз эле чыгышты карай баратат десек болот. Демек, ал чарчап калып, суунун агымы түштү. Жакында ал айланып сүзүүгө аргасыз болот. Анык иш ошондо башталат».

Чал колун туздуу сууга биртике кармап туруп, анан жакшылап карады.

– Корко турган жери деле жок, – деди ал. – Эркекке ооруксунуу эчтеке эмес.

Чал колунун жаңы кыйылган жерлерине жип тийбесин деп, жипти абайлап кармады да, сол колун да сууга салыш үчүн денесинин салмагын оодарды.

– Байкуш, кейпиңе караганда, анчалык деле жаман жүргөн жоксуң, – деди ал сол колуна. – Сен мени кыйын абалда калтырган учуруң да болгон.

«Мен эмне үчүн эки колум тең бирдей жакшы болуп төрөлбөдүм? – деп ойлоду ал. – Балким, өз убагында сол колго жакшы иштөөнү үйрөтпөй, өзүм айыптуу болуп жүрбөйүн? Бирок кудай бар, ал өзү деле үйрөнүп алууга мүмкүнчүлүгү бар эле го! Чынын айтканда, ал мени бүгүнкү түнү анчалык деле алдаган жок, анан тарамыштары да бир эле жолу тырышты. Эми бу дагы бир жолу кайталанса, андан көрө аны таптакыр эле жип кыйып кетсин!» Муну ойлогондон кийин, чал өзүнүн башы маң болуп калганын түшүндү. Макрелдин этинен дагы бир кесим жеш керек. «Жок, жей албайм, – деди ал өзүнө. – Мейли, кусуп алсырагандан көрө башым айланып турсун. Өз бетим менен жанчып салган эт мага аш болбойт. Бул этти айла кеткенче сактайм. Анын үстүнө азыр тамактануу баары бир кеч, пайдасыз. Эй, келесоо чал! – деп ал өзүн өзү тилдеди. – Экинчи учма балыкты унутуп койдуңбу?»

Мына, ал тазаланган бойдон жатат. Чал аны сол колу менен алып, сөөктөрүн шашпай чайнап, бүт бойдон жеп алды. «Башка балыктарга караганда мунун эти берекелүү, – деп ойлоду ал. – Кандай болсо да, мында мага керектүү нерсенин баары бар. Мына эми, мен колуман келген иштин баарын иштеп бүттүм. Эми ал айлана баштасын, аны менен салгылашайын».

Чал деңизге чыккандан бери күн үчүнчү жолу деңизден көтөрүлдү да, ошондо балык айланып сүзө баштады. Чал жиптин сууга кандай кыйгачтык менен киргенин, балыктын айлана баштаганын байкаган жок. Муну, жипти карап билүү али эрте болчу. Чал жиптин жеңилдей түшкөнүн гана сезди да, аны оң колу менен аз-аздан тартып, түрө баштады. Жип мурдакыдай керилип тартылды, бирок мына-мына үзүлөт деп турганда, кайра бошоп кетти. Ошондо чал эңкейип, талып кеткен далысын жиптен бошотту да, жипти бир калыпта жыйып ала берди. Ал эки колун ирети менен шилтөөдө. Анын карыган буттары менен ийиндери колдорунун кыймылдарына жардам берүүдө.

– Ал өтө эле алыстан айлана баштады го, – деди чал. – Иши кылып, айлана баштады.

Капысынан жип токтоп калды, бирок чал жип солкулдап, андагы күнгө жаркыраган суунун тамчылары серпиле баштаганча тарта берди. Андан кийин жип кайта тартылып деңизге кете баштады. Чал тизелеп, жипти аз-аздан караңгы сууга айласыздан кайрадан бошото берди.

– Азыр балык өз айланасынын эң алыскы жеринен өтүп баратат, – деди ал.

«Аны күчтүн келишинче кармап туруш керек. Тартылган жип тегеректи улам кыскарта берүүдө. Балким, мен аны бир сааттан кийин эле көрүп калармын. Адегенде мен аны күчтүүлүгүмө ишендиришим керек, андан кийин аны жеңем».

Бирок эки саат өттү, ал эми балык болсо баягы бойдон кайыкты айланып сүзүп жүрдү. Чалдан шорголоп тер агып жатты. Ал өлгүдөй чарчады. Анткени менен балыктын айланганы кыскарып, жиптин сууга киргенине караганда, балык тереңдиктен көтөрүлүп, суунун үстүнө жакындап келатты. Бир сааттан бери чалдын көзү алачакмак болуп караңгылай баштады. Ачуу тер көзүнө куюлуп, көзүнүн үстүндөгү жараны, чекесиндеги дагы бир жараны ачыштырып каарып жатты. Көздөрүнүн алачакмак болгонуна чал чочуган жок. Жипти тартканда жаныңа кандай күч келерин эстесең, алачакмак болгонуна таң калбайсың. Бирок чал эки жолу алсыраганын сезип, абдан коркту. «Чын эле мен жаңылышып, ушул балык үчүн өлөмбү? – деп ал өзүнөн сурады. – Анан калса азыр, иш оңолуп, баары жакшы болуп тургандабы? О, кудай, чыдоого күч бере көр! Мен жүз жолу «Отче наш», жүз жолу «Богородицаны» окуюн. Бирок азыр эмес, азыр окуй албайм».

«Окуду деп эсептей бер, – деп ойлоду ал. – Мен аны кийин окуйм». Чал эки колу менен кармап турган жипти балык жулкуп алып бирдеме менен чапкылап жатканын сезди. Жулкунганы өтө күчтүү болду. «Өзүнүн кылыч тумшугу менен кайырмак байланган зымды чапкылап жатат, – деп ойлоду чал. – Муну күтүш керек эле. Ал так ушуну кылууга тийиш болчу. Бирок минтип отурса, мөңкүп да жүрбөсүн. Азыр анын мөңкүшүнүн кереги жок, андан көрө айлана берсин. Анын мөңкүп секиргени аба жутуп алышы үчүн керек. Эгер азыр мөңкүсө, мөңкүгөн сайын кайырмак илинген жери жырылып отуруп, балык бошонуп кетиши ыктымал».

– Мөңкүбө, балык, – деп жалынды ал. – Сураганым ушул, мөңкүй көрбө.

Балык удаа-удаа жипти чапкылады; башын чайкап, чал жипти кичинеден бошотту. «Анын денесин оорутуп албашым керек, – деп ойлоду ал. – Менин оорум болсо – ал меники. Ага мен чыдайм. Ал эми балыктын денеси катуу ооруса, ал жинди болуп кетет».

Бир топ убактан кийин балык зымга урунганын токтотуп, кайтадан акырын айлана баштады. Чал бир калыпта жипти суудан сууруп жатты. Бирок чалдын көңүлү дагы айланды. Ал сол колу менен деңиздин суусунан сузуп, башына куйду. Анан башына дагы кичине суу куюп, желкесин ушалады.

– Кудай жалгап, баягыдан бери тарамыштарым түйүлө элек, – деди ал. – Балык жакында сүзүп чыгат, мен ага чыдайм. Сен чыдамкайлык кылышың керек, чал. Чыдай албайм деген оюңда да болбосун.

Чал чөк түшүп, убактысынча жипти аркасына салды. «Ал айланып жүргөнчө, мен эс алып турайын, анан ал жакын келгенде жипти тартып жыйнай баштайм». Чал балык айланганча жипти тартпай, кайыктын тумшугуна жөлөнүп көбүрөөк эс алгысы келет. Бирок жиптин тартылышы менен балык тегеректин жартысынан өтүп, кайыкка кайтып келатканын билдиргенде, чал өйдө туруп, жипти көбүрөөк тартып алыш үчүн, денеси менен ары-бери чайпалып, эки колдоп алмак-салмак тарта баштады. «Өмүрүмдө мынча чарчаган эмес элем, – деп ойлоду чал, – шамал да күчөп келатат. Ырас, балыкты үйгө алып жөнөгөндө, шамал мага чоң жардам берет. Мага бул шамалдын кереги абдан тиет».

– Ал кайра тегерене баштаганда мен эс алып алам, – деди чал. – Анын үстүнө, мен өзүмдү тыңыраак сезип калдым. Эми эки-үч жолу айланса колума түшөт.

Чалдын чий калпагы желкесине жылып кеткен. Балык бурулуп, кайра тартканда, чарчаган чал кайыктын тумшугуна суй жыгылды. «Эми сен иште, балык, – деп ойлоду ал. – Сен кайта бурулуп келгенде, ошондо сени менен алпурушам».

Деңиздин үстү менен чоң толкун жүрө баштады. Бирок толкунду жакшы шамал айдап келди. Ал шамал ачык күндүн жолдошу, ал шамал чалды үйүнө жеткизет.

– Түштүк менен батышты көздөй айдап жүрүп отура берем. Мына ошондой кылам. Деңизде адашууга болобу? Анын үстүнө биздин аралыбыз узун.

Чал балыкты үчүнчү жолу айланып келатканда көрдү. Адегенде чал балыктын кара көлөкөсүн көрдү. Кайыктын астынан өтүп бараткан көлөкөнүн чоңдугун көрүп, өз көзүнө ишенбеди.

– Жок, – деди ал. – Ал мындай чоң болууга мүмкүн эмес.

Чал ишенбесе да, балык чоң эле. Балык үчүнчү жолу айланып бүткөндө, суунун үстүнө кайыктан отуз ярддай эле жерден чыкты да, чал анын суудан сороюп чыккан куйругун көрдү. Анын куйругу эң чоң ороктон да чоң, кара-көк суунун үстүндө көгүлжүм тартып көрүндү. Балык сууга кайра киргени менен, анчалык терең кеткен жок. Чал анын кызгылт-көк жазы чийиндер менен курчалган килейген денесин даана көрүп турду. Анын аркасындагы канаты жайылып, боорундагы далдайган канаттары кенен жазылган.

Балык айланганча чал анын көзүн жана балыктын жанында бараткан эки боз жабышкак балыкты көрүп калды. Жабышкак балыктар кез-кезде чоң балыкка жабышып, анан андан кайта качышат. Кээде алар балыктын көлөкөсүнө киришип, ойноп сүзүшөт. Ар биринин узундугу үч футтан ашык, алар бат сүзгөндө жыландай иймеңдешет.

Чалдын бетинен тер куюлуп агып жатты, бирок ал азыр жалаң гана күндүн ысыгынан эмес. Балык шашпай, жоош өңдүү айланган сайын чал жипти тартып алууда. Балык дагы эки айлангандан кийин ага гарпун саярына чал шек санабайт. «Мен аны аябай жакындатышым керек, – деп ойлоду чал. – Анан башка мээлештин кереги жок. Жүрөккө уруш керек». «Сабырдуу жана күчтүү бол, чал», – деди ал өзүнө. Балыктын кийинки жолку айланышында анын жону суудан чыкты, бирок кайыктан деле алысыраак эле. Балык дагы бир жолу айланды, эми суудан мурдакыдан көбүрөөк чыгып турганы менен кайыкка анчалык жакындаган жок: чал жипти тартса, балыкты кайыктын так жанына алып келерин билип турду.

Ал гарпунун бая эле даярдаган; бир түрмөк ичке трос тегерек себетте жатат, учу кайыктын тумшугундагы казыкчага байланган. Балык аябаган чоң куйругун жай шилтеп, жакындап келатты. Ушунчалык жоош, ушунчалык кооз! Чал күчүнүн бардыгынча жипти тартып, балыкты жакындатууга тырышты. Балык бир заматка капталына жантая кетти. Анан кайта түзөлүп, айлана баштады.

– Мен аны ордунан козголттум, – деди чал. – Канткени менен мен аны оодарылууга аргасыз кылдым.

Чалдын башы кайтадан айлана баштады. Ошентсе да ал жипти алынын бардыгынча тартууда. «Мен аны капталына оодарбадымбы, – деп ойлоду ал. – Балким, азыр аркасына оодара алармын. Тарткыла – деп чал колдоруна буйрук берди. – Буттарым, мени көтөрүп тургула! Башым, мага дагы кызмат кылып бер. Кызмат кылып бере көр. Сен мени эч качан оңтойсуз абалда калтыра элек эмессиңби. Эмки жолу мен аны чалкасынан түшүрөм».

Балык кайыкка жакындай электе эле, чал күчүнүн баарын салып, жипти тарта баштады. Бирок балык кичине гана капталына ооп барып оңолуп кетти да, кайыктан алыстап сүзүп жөнөдү.

– Уксаң боло, балык! – деди чал ага. – Сен баары бир өлөсүң да. Ал эми менин да өлгөнүмдүн сага эмне кереги бар?

«Минтип отурсам, мен эч нерсе кылалбайм», – деп ойлоду чал. Чалдын таңдайы кургап, ал үн чыгара албай калды. Бөтөлкөгө жетүүгө алы жок. «Ушу жолу мен аны кайыктын жанына алып келишим керек, – деп ал өзүн кубаттандыра сүйлөдү. – Сенин кайратың түбөлүккө жетет, чал». Балык дагы айланып келгенде, чал аз эле жерден ага жетпей калды. Балык түзөлүп, кайта алыстап кетти. «Сен мени өлтүрүп жатасың, балык, – деп ойлоп жатты чал. – Бу сенин укугуң дечи. Өмүрүмдө сендей чоң, татынакай, жоош жана асыл жанды көрө элекмин. Мейлиң, мени өлтүрө, бер. Кимди ким өлтүрөт, эми мага баары бир».

«Ай, чал, акылың кайтадан чатышып баратат! Оюң тунук болуш керек! Оюңду иретке келтирип кыйынчылыктарга адамча чыдасаң боло... Же балыкча», – деп ал оюнда кошумчалап койду.

– И-и, баш иште, – деди чал араң эле үн чыгарып, өзүнүн үнүн өзү араң укту. – Иште, дебедиби сага.

Балык дагы эки жолу айланды, бирок иш кейпи мурдакы бойдон кала берди. «Эмне кылыш керек? – деп ойлонот чал. Балык ары кеткен сайын, чал өзүн эсинен танып бараткансып сезет. – Эмне кылам эми? Дагы бир жолу аракет кылайын». Ал дагы бир жолу аракеттенип, эсинен ооп баратканын сезди, ошентсе да балыкты чалкасынан түшүрдү. Анан балык аласалып калыбына келди да, килейген куйругун булгап, ары сүзүп кетти. «Дагы бир жолу оодарып көрөйүн», – деп көзү караңгылап, колдору таптакыр эле чарчап калса да, чал өзүнө убада берди. Ал дагы бир жолу аракет кылды, балык дагы кетип калды. «И-и, ушундай дечи? – деп ойлоду да, өзүн өмүрү өчүп бараткандай сезди. – Мен дагы бир жолу аракет кылам». Чал тулку боюнун бүт ооруганына чымырканып, калган күчүн жана небак жоголгон намысын жыйнап туруп, балыкты кыйнаган азап менен жекеме-жеке таймашууга багыттады, ошондо балык бир капталына оодарылып, килейген кылыч тумшугу менен кайыкка тие жаздап, акырын өтө баштады. Ал килейген, учу-кыйыры жок сыяктуу көрүнгөн, кызгылт-көк жазы тилкелерге оролгон тулкусун күмүштөй жылтылдатып кайыктын жанынан аз эле жерден өтүп кете жаздады.

Чал жипти кайыктын түбүнө таштап, буту менен ороп, гарпунду бийик көтөрүп, калган күчүнүн баарын жыйнады да, балыктын боорун мээлеп туруп оркойгон көкүрөк канатынын так түбүнө матырып алды. Ал темирдин жумшак этке кирип баратканын туйду, гарпунду денесинин салмагы менен ныктап, тереңдете сая берди. Ошондо, денесине өлүм киргенине карабастан, балык жандана түштү, өзүнүн чоңдугуна, күчтүүлүгүнө, өтө кооздугуна мактангансып, суудан бийик секирип чыкты. Ал чал менен кайыктын үстүндө асылып тургансып көрүндү. Анан кайык менен чалды көлдөгөн сууга каптатып, деңизге чалп этип кайра түштү.

Чал алсырап, башы айланып, көзү тунарып жакшы көрбөй калды. Гарпундун жибин бошотуп, аны кесилген колдору менен кармалап олтурду, анан көзү жакшы болуп калганда, балыктын күмүштөй жаркырап чалкасынан жатканын көрдү. Гарпундун сабы анын аркасынан сороюп чыгып турат, айланада суу балыктын жүрөгүнүн канына боёлгон. Адегенде көгөргөн сууну балыктардын үйүр тобу бир миля тереңдикке чейин ээлеп алгандай капкара болуп калды. Анан кан сууга жайылып булутка окшош кетти. Күмүш сымал балык толкундарга чайкалып жатты.

Көзү кайра тунарганча, чал балыкты тиктеп турду. Анан гарпундун жибин кайыктын башындагы казыкчага эки жолу ороп, башын төмөн салып, бетин алакандары менен басты. «Башым эмне болуп жатат, – деп ойлоду ал, кайыктын капталына бети менен сүйөнүп, – мен картаң кишимин, ошон үчүн абдан чарчадым. Ошентсе да балыкты өлтүрдүм, ал мага бир туугандан кымбат болуп калса да. Эми кара жумуш гана калды. Эми мен жип даярдап, балыкты кайыкка байлашым керек. Биз эки киши болуп кайыкты чөгөрө түшүп, балыкты анын ичине салсак, анан кайыктагы сууну сузуп төгүп, кайыкты жеңилдетсек да, кайык мындай салмакты көтөрө албайт эле. Мен эми керек нерселерди даярдайын, анан балыкты кайыктын жанына тартып келип кайыкка байлап, парусту коюп үйгө жөнөйм».

Бакалоору менен оозунан жипти өткөзүп кайыктын тумшугуна балыктын башын байлаш үчүн, чал балыкты кайыктын жанына тарта баштады. «Мен аны бир карап алгым келип турат, – деп ойлоду ал. – Аны колум менен кармалап, кандай балык экенин билгим келет. Себеби бул балык менин байлыгым да. Бирок муну ушул себептен колум менен кармап көргүм келбейт. Эмне үчүндүр жана денесине гарпунду түбүнө чейин жеткире сайганымда, мен өзүмдү анын жүрөгүнө колум менен тийгендей сездим, – деп ойлоду ал. – Болду эми, андан көрө берирээк байла, куйругуна илмек сал да, кайыкка жакшыраак байлаш үчүн денесин да чырма. – Чал, кириш эми ишке, – деп ал бир ууртам суу ичти. – Эми, салгылашуу бүткөндөн кийин, дагы көп кара жумуш калды». Чал асманды карап, анан балыкты карады. Ал күндү телмире тиктеп турду. «Азыр жаңы эле түштөн ооду. Пассат күчөп келатат. Жиптерди оңдоо азыр пайдасыз. Үйгө жеткенде эле бала экөөбүз улаштырып алабыз».

– Бери келчи, балык!

Бирок балык чалдын тилин уккан жок. Ал толкунда капарсыз термелип жатат. Чал өзү кайыкты ага жакындатты. Кайык жакындап, балыктын башы кайыктын тушуна келгенде, чал анын чоңдугуна кайта таң калды. Бирок ал гарпундун жибин кайыктын тумшугундагы казыкчадан чечип, балыктын бакалоорунан өткөрүп, оозунан чыгарды да, балыктын кылыч тумшугуна ороду, анан жипти кайта дагы бакалоорунан өткөрүп, кылыч тумшугуна дагы бир жолу ороду да, эки түйүн кылып казыкка байлады. Арткан жипти кесип алып куйругун байлаш үчүн кайыктын арт жагына өттү. Балыктын күмүш-кызгылт көк денесинин өңү өзгөрүп, эми таптаза күмүшкө айланды, денесиндеги узун тилке темгилдери анын куйругундай ачык кызгылт-көк болуп калды. Бул темгилдер эркек кишинин тарбайтып жазган алаканынан жазы, балыктын көзү перископтун күзгүсүндөй же кресттүү жүрүштө иконага тартылган олуялардын жүзүндөй дүйнөдөн капарсыз.

– Мен аны башкача өлтүрө албайт элем, – деди чал.

Сууну ичкенден кийин ал өзүн жакшы сезип калды. Эми эсинен танбасын билип турат, башы да айланбайт. «Мунун салмагы жарым тоннадан кем эмес, – деп ойлоду ал. – Мүмкүн, андан да ашыктыр. Мунун үчтөн бир бөлүгү таза эт болуп чыгып, ар бир фунтун 30 центтен сатса, ал канча акча болот? – Калемсиз санай албайсың, – деди чал. – Калемсиз санаш үчүн, башың соо болуш керек. Бирок улуу Ди Маджио бүтүн мага сыймыктана турган акысы бар деп ойлойм. Менде сөөк чору жок, анысы чын. Бирок колдорум менен далым аябай эле ооруду. Кызык, сөөк чору деген эмне болду экен? Балким, ал бизде да бардыр, биз аны жөн эле байкабай жүрбөйлү? Чал балыкты кайыктын тумшугуна, отургучка жана арт жагына байлады. Анын зор денесин карап, өзүнүн кайыгын чоң кеменин капталына байлап койгондой сезет. Балыктын оозу ачылып, кайыктын жүрүшүнө тоскоолдук кылбас үчүн анын астыңкы жаагын кылыч тумшугуна байлап койду. Анан мачтаны коюп, гафелдин ордуна таяк колдонуп, шкотту тартты. Жамаачылаган парус керилип, кайыкты алга айдады. Чал кайыктын арт жагына жамбаштап жатып алып, түштүк-батышты карай жөнөдү.

Түштүк-батыш кайда экенин билүүгө чалга компастын кереги да жок. Пассаттын каякка сокконун сезип, парустун кандай керилгенин көрүп турса эле болду. «Кайырмак салып көрсөмбү? Блеснага бирдеме түшүп калар. Таптакыр тамак жок». Бирок ал блеснаны табалбай койду, сардиналар болсо бүкшүп кетиптир. Чал багор менен кайыктын жанынан өтүп бараткан, бир тутам сары балырды илип алып силкти; балырдын арасынан кайыкка ондон ашык майда креветкалар[26] түштү. Креветкалар бүргөдөй секирип, кичинекей буттарын тыбырчылатышат. Чал эки манжасы менен алардын башын жулуп, куйругу менен кабыгын чайнап, бүт бойдон жеди. Креветкалар өтө эле кичинекей, бирок алардын даамы сонун жана күчтүү тамак экенин чал билет. Бөтөлкөдө кичине суу калган. Чал креветкаларды жегенден кийин суунун төрттөн бир бөлүгүн ичти.

Тоскоол күчтүү болсо да, кайык жакшы жүрүп баратты. Чал румпелди чыканагы менен басып, кайыкты алып жүрүп олтурду.

Балык дайыма анын көз алдында, бирок колун карап же аркасы менен кайыкка жөлөнгөндө гана бул түшүндөгү окуя эмес, өңүндө болуп турган иш экенин сезет. Бир жолу, иш аяктап калганда чалдын башы айланып, ал муну түшүмдө көрүп жатамбы деп ойлоду. Андан кийин деле балык суудан секирип чыгып, бирдемеге илингенсип биртике типтик туруп, анан кайра сууга киргенче, чал бир укмуш көргөнсүп өз көзүнө ишенбеди. Ошондо көзүнүн курчу кетип начар көрүп калгандыгы чын эле, ал эми азыр болсо көзү өз калыбында.

Чал мындай балыктын бар экендигин жана колдору менен далысынын сыздап ооруганы түш эмес экендигин азыр жакшы билет. «Колдорум бат айыгат, – деп ойлойт ал. – Кан жакшы эле акты, эми жараттар ириңдебейт, анан туздуу суу аларды бат айыктырат. Булуңдардын кара суусу – дүйнөдөгү эң сонун дары. Ойлорум гана чатышпаса болду. Колдорум өз ишин аткарышты, кайык да жакшы баратат. Балыктын оозу жабык, куйругу түз, экөөбүз эки бир туугандай жанаша баратабыз». Анан башы айлана түштү да, чал: «Кимибизди кимибиз алып баратабыз – мен аныбы же ал мениби? – деп ойлоду. – Эгерде мен аны кайыкка сүйрөтүп, алдыга түшүп кетип баратсам баары түшүнүктүү болор эле. Же болбосо ал кунары кетип кайыктын ичинде жатса, анда да түшүнүктүү болор эле. Ал эми биз бир бирибизге бекем байланышып, жанаша баратабыз. Андай болсо, мейли, ага жакса мени сүйрөсүн. Мен аны амалдуулук менен гана албадымбы. Ал мага каршы эч бир жамандык ойлогон эмес».

Эми тынбай кетип баратышты. Чал акылдан тайбаска аракеттенип, колдорун туздуу сууга чайкап келет. Түрмөктөлгөн булуттар бийик жылып баратышат; алардын үстүнөн тарам-тарам булуттар сызып өтүүдө; шамал түн бою согорун чал билет. Чал бул чын эле түшүнө кирген окуя эмеспи деп улам-улам балыкты карап коёт.

Биринчи акула чалга жеткенче бир саат өттү. Акула аны кокусунан кууп жеткен жок. Ал балыктын канынын кара булуту коюлуп, анан суу менен бир миля тереңдикке жеткенде, океандын түбүнөн чыкты. Ал эч нерседен коркпой, суунун көк мейкинин жарып, күнгө жаркырап чыкты. Анан сууга кайра кирди, кандын жытын кайра таап, кайык менен балык калтырган изге түшүп жөнөдү. Кээде ал изди жоготуп жиберип жатты. Бирок аны кайта таап же анын жытын алыстан сезип, бир жолу да туура багыттан адашкан жок. Бул мако тукумуна караштуу чоң акула эле. Мындай акулалар деңиздеги эң ылдам сүзгөн балыктардан калышпай сүзүүгө жаралган; анын оозунан башка жери өтө кооз. Анын аркасы кылыч тумшук балыктыкындай көк, боору күмүштөй, териси жыпжылмакай жана кооз, айтор, азыр бекем жабылган килейген жаактарын эске албаса, ал бүт эле бойдон кылыч тумшук балыкка окшош. Аркасындагы бийик канаты менен сууну оңой жиреп, ал деңиздин үстү менен сызып баратат. Оозунун бек жумулган эки кабат ээгинин ары жагында арсайган сегиз катар тиши бар. Анын тиши башка акулалардыкындай учтуу түз тиш эмес, айбандардын тырмактарына окшоп ийилген, кишинин манжаларына да окшоп кетет. Узундугу чалдын сөөмөйүнөн кем калбайт, кырлары устарадай курч. Бул акула башка балыктарды, жадаганда абдан шамдагай, күчтүү, жакшы куралданган, эч кимден коркпогон чоң балыктарды жеш үчүн жаралган.

Азыр ал жемдин жакындыгын сезип, жонундагы көгөргөн канаты менен сууну бычактай кесип, шашып баратты. Чал аны көргөндө, бул акула эч нерседен коркпой, оюна келгенин кыла берерин түшүндү. Гарпунду даярдап, анын жибин бекитти да, акуланын жакындашын күтүп турду. Жип кыска эле, себеби балыкты байлаганда, андан кесип алган.

Чал үмүт менен өзүн жубатпаса да, азыр кайраттуу, башы сопсоо, ою тунук. «Иш өтө эле жакшы болуп келаткан, мындан ары андай боло бермек эмес», – деп ойлоду чал. Келаткан акуланы карап, чоң балыкка бир кез жүгүртүп алды. «Мындан көрө мунун баарын түшүмдө көрсөм жакшы болор эле. Анын мага кол салышына тоскоолдук кылалбайм, бирок аны өлтүрө алармын! Dentuso[27],деди ал ойлонуп. – Энеңе чума тийгир!»

Акула кайыктын так түбүнө келди. Чал анын аңырайган оозун укмуштуу көзүн көрдү, анан акуланын тиштери балыктын этине кирип, карс дей түшкөнүн укту. Ал балыктын куйругунан өйдө тиштеди. Акуланын башы суудан чыгып турат, анын артынан жону да көрүнөт. Чал акуланын тиштери балыктын этин чалпылдата тытып жатканын угуп, гарпунду акуланын башына, эки көзүн кошкон сызык менен тумшугунан өйдө кеткен сызык кезиккен жерге сайды. А чындыгында андай сызык жок эле, салмактуу, сүйрү көк башы, чоң көздөрү жана оозуна илингенди жеген карсылдак оркогой тиштүү жаактары гана бар. Бирок акуланын мээси так ушу жерде, ошондуктан чал гарпунду ушул жерге таамай урду. Ал канга боёлуп, жарадар болгон колдору менен гарпунду бекем ныгыра кармап туруп урду. Ал эч нерседен үмүт кылбай, бирок чечкиндүүлүк менен каарданып туруп урду.

Акула чалкасынан кетти, чал анын өчүп бараткан көзүн көрдү. Анан акула дагы оодарылып жипке оролду. Чал акуланын өлгөнүн түшүндү. Бирок акула ага көнбөдү. Ал чалкалап жатып куйругу менен чапкылап сууну жарышкан кайыктардай көбүртүп, тиштерин карсылдатат. Акуланын куйругу тийген жерде деңиз апаппак; акуланын денеси суудан теңинен көбүрөөк көтөрүлүп чыкты, жип керилип, солкулдап, акыры анын салмагын көтөрө албай үзүлүп кетти. Акула деңиздин үстүндө биртике жатты, чал аны карап турду. Анан акула акырын гана сууга чөгүп кетти.

– Акула балыктын кырк фунтка жакын этин алып кетти, – деп үн катты чал.

«Ал гарпунумду да, калган жипти да бүт бойдон алып кетти, – деди ал оюнда акуланы кошумчалай сөгүп, – балыктын каны токтобой агып жатат, бул акуланын артынан башкалары да келишет». Чал эми балыктын көркү кетип калгандан кийин аны көргүсү келбейт. Акула балыкты качырып, терисин жырып, этин сугуна баштаганда, чал акула анын өзүн качыргандай сезди. «Эмнеси болсо да, менин балыгыма кол салган акуланы өлтүрдүм. Мен көргөн dentusoнун эң чоңу ушул эле. А мен, кудай бар, өзүмдүн өмүрүмдө чоң акулаларды далай эле көргөм. Иштерим өтө эле жакшы болуп бараткан. Мындан ары ошондой болуп уланууга тийиш эмес эле. Азыр мунун баары түшүмдө болсо, эч балык кармабай эле, гезит төшөлгөн керебетимде жатсам».

– Бирок адам баласы жеңилип калыш үчүн жаратылган эмес да, – деди ал. – Адамды жок кылууга болот, жеңүүгө болбойт.

«Деги балыкты өлтүргөнүм аянычтуу, – деп ойлоду ал. – Мага эми кыйынчылыктар кезигет, мен гарпунумдан да айрылдым. Dentuso шамдагай жана ырайымсыз, акылдуу жана күчтүү айбан. Анткени менен иш жүзүндө мен андан акылдуу болуп чыктым. А балким, акылдуу эместирмин. Жөн эле мен андан жакшы куралдангандырмын».

– Көп ойлонбо, чал, – деди ал үн чыгара. – Шамал менен кете бер да, кырсыкты кезиккен жерден тосуп ал.

«Жок, мен ойлонушум керек, – деди ал ичинен өзүнө каршы чыгып. – Андан башка мага эч нерсе калган жок да. Ушу жана бейсбол. Кызык, улуу Ди Маджио акуланы так мээге урганымды жактырар беле? Албетте, мында анчалык деле таң каларлык эч нерсе жок. Ким деле болсо мындан жаман кылбайт болчу. Бирок ойлоп көрчү, чал, сенин колдоруң сөөк чорлорунан аз тоскоол кылдыбы? Мен кайдан билем? Менин согончокторума өмүрүмдө эч нерсе боло элек. Бир жолу гана сууга түшөм деп, электр скатка[28] чактырып алгам; ошондо бутум тиземе чейин шал болуп, тим эле сөөгүмдү сыздатып ооруган».

– Андан көрө бир көңүлдүү нерсе жөнүндө ойлон, чал, – деди ал. – Мүнөт сайын сен үйгө жакындап келатасың. Анын үстүнө балыктын кырк фунтун жоготкондон бери кайык жеңилдеп калды.

Агымдын ортосуна түшкөндө аны эмне күтүп турганын чал жакшы билет. Бирок айла жок.

– Калп айтпа, айла бар, – деди ал угуза. – Бир калактын учуна бычагыңды байлап алсаң боло.

Чал румпелди колтугуна кысып, парустун жибин буту менен басып, калакка бычакты байлады.

– Мынакей, – деди ал, – кексе чал болсом да, куралым бар.

Шамал күчөп, кайыктын жүрүшүн ылдамдатты. Чал балыктын баш жагын гана карап олтурду; чалдын үмүтү бара-бара жана баштады. «Үмүттөн ажыраш – акылсыздык, – деп ойлоду ал. – Анын үстүнө бул кудайга күнөөлүү боло турган иш болсо керек. Эмне күнөө, эмне күнөө эмес экендигин ойлоп эмне кыласың? Дүйнөдө ансыз деле жоруктар үчүн кудайга күнөөкөр болорун да түшүнбөйм. Түшүнбөйм, анан ишенбешим да керек. Балким, балыкты өлтүрүү – күнөөдүр. Мен аны өзүм ачкадан өлбөс үчүн жана дагы толгон кишилерди тойдуруш үчүн өлтүрсөм да, күнөөлүү иш деп ойлойм. Андай болсо кылганыңдын баары күнөө. Эмне күнөө, эмне күнөө эмес жөнүндө ойлобоо керек. Азыр аны ойлоо кеч. Анын үстүнө күнөө жөнүндө ойлогону үчүн акы алгандар ойлошсун. Балык балык болуш үчүн туулгандай, сен да балыкчы болуш үчүн туулгансың, улуу Ди Маджионун атасы сыяктуу, касиеттүү Петр да балыкчы болгон».

Бирок ал өзүнүн айланасында болгон бардык нерселер жөнүндө акыл жүгүртүп ойлонууну жакшы көрчү, окуй турган эч нерсеси жок болгондуктан, радиосу да болбогондуктан, ал көп нерселер жөнүндө, ошонун ичинде күнөө жөнүндө да ойлоно олтурду. «Сен балыкты башкаларга сатып, жаныңды сакташ үчүн гана өлтүргөн жоксуң, сен аны намысына келе түшүп өлтүрдүң, анын үстүнө сен балыкчысың, – деп ойлоду ал. – Сен аны тирүүсүндө абдан жакшы көрүп калдың, азыр да жакшы көрөсүң. Жакшы көргөнүңдү өлтүрүү күнөөлүү иш эмес. А балким, тескерисинче, эң эле күнөөлүү иш ушу болуп жүрбөсүн?»

– Сен өтө эле көп ойлонуп кеттиң, – деди ал угуза.

«Бирок сен dentusoну моокумуң кана өлтүрдүң. Ал дагы сен сыяктуу эле балыкты өлтүрүп жашайт. Ал башка акулалардай өлүктү жеген тойбос курсак эмес. Ал коркунуч дегенди билбеген кооз жана асыл айбан».

– Мен аны өзүмдүн өмүрүмдү коргойм деп өлтүрдүм, – деди ал үнүн чыгарып. – Мен аны, тим элеби, чебердик менен өлтүрдүм.

«Анан калса, – деп ойлоду ал, – иши кылып жандуулардын баары жандууларды өлтүрүшөт же жансыздарды жок кылышат. Балык уулоо бир жагынан мени өлтүрүп, бир жагынан жанымды сактап келатат. Бала менин жанымды сактап келатат. Азгырылба, чал». Ал кайыктан эңкейип, балыктын акула тиштеген жеринен бир үзүм эт жулуп алды. Эттин сапатын жана даамын билиш үчүн чайнап көрдү. Эт кызыл болгону менен моюнчанын этиндей ширелүү жана жумшак. Базарга алып чыкканда эң жогорку бааны аларын билди. Бирок анын жыты деңизге тарап жатат, буга чал тоскоолдук кылалбайт. Кыйынчылыктар алдыда экенин да билип турат.

Шамал басаңдабады. Ал түндүк-чыгышка карай бир аз бурулду – бу шамалдын басаңдабасынын белгиси эле. Чал алдында керилген мейкиндикти карап, кеме да, парус да, түтүн да көрө албады. Учма балыктар гана деңизден учуп чыгып, туш-тушка тарашат да балырдын аралчалары саргаят. Куру дегенде куш да жок.

Эки саат өткөндөн кийин чал эки акуланын биринчисин көрдү. Ал кайыктын арт жагына жөлөнүп, балыктын этин чайнап, батыраак күч жыйнайын деп жаткан эле.

– Ай! – деп жиберди чал. – Бул маанисиз добушту киши алаканын мык тешип жыгачка кадалып баратканда гана чочугандыктан чыгара турган үн. – Galanos[29],– деди ал угуза.

Ал биринчи канаттын артынан суудан дагы бирөө чыкканын көрдү. Чал ушул үч бурчтуу күрөң канаттарды карап, куйруктарынын арбаң-тарбаң эткен кыймылынан, жазы тумшук акулалар экенин түшүндү. Алар балыктын жытын сезгенден кийин тынчы кетип, ачкалыктан жин тийгенсип, бул кызыктырган жытты улам жоготуп, улам табышат. Иши кылып, алар мүнөт сайын жакындап келатышты.

Чал парусту былкылдатпай байлап, рулду бекитти. Анан ал баягы бычак байланган калакты колуна алды. Ал калакты коомай кармады, анткени аябай ооруган колдору бек кармабайт. Колдорун жазыш үчүн муштумдарын түйүп, кайра ачты. Анан колдору ооруганын дароо сезип, кийин жумуштан качпасын деп калакты бекем кармады да, жакындап келаткан акулаларды күтүп турду.

Чал алардын жазы тумшук, жалпайган баштарын жана ак сызык менен кырланган чоң көкүрөк канаттарын көрдү. Бул эң кара ниет акулалар, өлүктөрдү да жеген сасыган жырткычтар, өтө ачка болсо кайыктын рулун да, калагын да кемирүүгө даяр немелер. Мындай акулалар деңиздин үстүндө уктап калган таш бакалардын буттарын тиштеп жулуп кетишет; ачка болсо суудагы кишиге да кол салышат, ал киши балык жыттанбаса да мейли.

– Ай! – деди чал. – Мейли, бери сүзүп келе бергиле.

Алар көп күттүрбөй эле сүзүп келишти. Бирок алар мако сыяктанып сүзүп келишкен жок. Бирөө бурулуп, кайыктын астына кирип кетти; ал балыкты жулкулдатып жеп жатканда, кайыктын титирегени чалга билинди. Экинчиси кичинекей сары көздөрү менен чалды карап турду да, анан оозун аңырайта ачып, балыктын мурда мако жеп кеткен жерине асылды. Чалга акуланын күрөң башынан тартып мээси менен аркасынын кошулган жерине чейинки сызык даана көрүндү; чал калакка байланган бычакты так ошол жерге урду; анан бычакты сууруп алып, акуланын мышыктыкындай сары көзүнө малып алды. Өлүп бараткан акула ошондо да тиштеп алган этти жута, балыктан ажырап төмөн кетти.

Экинчи акула баягы бойдон балыкты тытмалап, кайыкты титиретип жатты. Чал акуланы кайыктын астынан чыгарыш үчүн парусту бошотуп, кайыкты бурду. Акуланы көрүп, кайыктын кырынан эңкейип туруп, бычак менен сайды. Бычак анын жумшак жерине тийди, бирок акуланын калың териси бычакты терең жиберген жок. Бу жолу чалдын жалаң гана колдору эмес, ийни да ооруп кетти. Бирок акула араандай ачылган оозун суудан чыгарып, кайтадан качырды; ошондо чал бычакты анын жалпайган башынын так ортосуна сайды. Бычакты сууруп алып так эле ошо жерге кайта урду. Бирок акула жаагын бекем жаап, балыкка тырышып жабышып калды. Чал бычакты анын сол көзүнө сайды. Ошондо да акула балыкты коё берген жок.

– И-и, ушинтейин дедиңби? – деп, чал бычакты көк шилиге сайып калды.

Ушул тапта бул оңой эле; ал акуланын кемирчегин бычак кесип өткөнүн туйду. Калактын башка жагын акуланын оозуна тыгып, анын жаагын ача баштады. Калакты эки-үч жолу толгогондо, акула балыктан бошоду.

– Төмөн жөнө, galano,– деди чал. – Бир миля төмөн жөнө... Жанагы досуң менен көрүшкүн. Же ал сенин энең беле?

Чал бычактын мизин аарчып, кайыктын ичине койду. Анан парусту орнотту. Ал шамалга керилгенде, кайыкты мурдакы багытка салды.

– Алар эң кеминде балыктын төрттөн бир бөлүгүн алып кетишти, анын үстүнө эң жакшы этин жешти, – деди чал угуза. – Бул түшүмдө болуп, бу балыкты кармабасам, кандай сонун болор эле. Эх, балык, ушундай болгонуңа мени кейибейт дейсиңби.

Чал сөзүн токтотту; азыр балыкты көргүсү келбейт. Канынан ажырап, сууга чыланган балыктын түсү күзгүнү сырдаган амальгамадай, бирок денесиндеги сызыктары али көрүнүп турат.

– Деңизге мынчалык алыс кетпешим керек эле, – деди ал. – Ай, балык ай, ушундай болгонуңа өтө өкүнөм. Сага да, мага да жаман болду.

«Эй, абайла, чал! – деди ал өзүнө. – Бычак байланган жип кесилбептирби, карачы. Анан колуңду калыбына келтир, себеби жумуш али бүтө элек».

– Кап, бычакты курчутууга кайрактын жогун карачы, – деди ал, калактын сабындагы жипти текшерип, – кайракты ала жүрүш керек эле.

«Сен ала жүрө турган нерсе толуп жатат чал, – деп ойлоду ал. – Ала келбептирмин, эми эмне дейсиң. Азыр эмне жетишпейт деп ойлоп отурууга убакыт жок. Андан көрө колуңда бар нерсени пайдаланууга айла тап».

– Өх-х, сен ушул өзүңдүн кеңештериң менен мени жадатып жибердиң, – деди ал угуза.

Чал румпелди колтугуна кысып, эки колун тең сууга малды, кайык болсо алга кетип баратты.

– Жанагы акула балыктын канчасын жегенин кудай өзү билет, – деди ал. – Бирок балык жеңилдеп калды.

Чал балыктын көркү кеткен ичи жөнүндө ойлогусу да келбейт. Акула кайыкты түрткөн сайын балыктын этинен килейтип сугунуп жатканын чал жакшы билип турду. Эми балыктын артынан кара жолдой кенен из калып жатты. Бу жол дүйнө жүзүндөгү акулалардын баарына ачык. «Мындай балык кишини кыш бою багат эле... Муну ойлобо, чал! Андан көрө өзүңдө калганын коргош үчүн эс алып, колдоруңду жайына келтир. Суу менен тарап жаткан балыктын жытына салыштырганда менин колумдун канынын жыты жокко эсе. Анан колумдун каны токтоюн деп да калды. Колдорум терең кесилген жок. Кичине кан акса, кайта сол колумдун тарамыштарын тырыштырбай сактап калат. Азыр эмне жөнүндө ойлосом? Эч нерсени ойлобо. Андан көрө башка акулаларды күт. Ушунун баары чын эле түшүмдө болгонун тилейт элем. Бирок ким билет? Иш оңолуп кетери да ажеп эмес».

Эмки акула жалгыз келди, ал дагы тумшугу жалпак акулалардын тукумунан экен. Чочко өз тепшисине кандай келсе, акула балыкка так ошондой келди. Бирок кишинин башын бир тиштеп жулуп ала тургандай, чочконун мунукундай оозу жок.

Чал акула балыкты тиштегенче күтүп туруп, калакка байланган бычак менен башка койду. Бирок акула арт жагына жулкунуп, ала салды да, бычактын мизи сынып кетти. Чал рулга олтуруп алды. Акуланын чөгүп, бара-бара кичирейип, анан тыптырмактай болуп көрүнгөнүн караган да жок. Бул көрүнүш чалды дайым аябай кызыктырчу. Эми азыр көргүсү да жок.

– Багорум гана калды, – деди ал. Бирок анда эмне пайда? Андан башка эки калак, румпель жана союл бар.

«Мына эми алар мени жеңишти, – деп ойлоду ал. – Мен акуланы союл менен уруп өлтүрүш үчүн өтө эле картаңмын. Ошондой болсо да, союл, румпель, калак барда, салгылашка аларды пайдаланам». Ал колдорун кайта туздуу сууга малды. Күүгүм жакындап, тегеректе асман менен деңизден башка эч нерсе көрүнбөйт. Шамал мурдакыдан күчөп келди, жакында жер көрүнөт деп үмүт кылды чал.

– Сен чарчадың чал, – деди ал. – Сенин жаның чарчады.

Андан кийин акулалар күн батып баратканда гана кол салышты. Чал эми балык деңизде шексиз калтырган жазы изди кууп келаткан күрөң канаттарды көрдү. Алар изди издебей, түптүз эле кайыкка келатышты.

Чал румпелди бекитип, парусту байлады да, союлду колуна алды. Узундугу эки жарым фунтка жакын союл сынган калактан кесилип алынган. Анын сабынан башка жакшылап кармай турган жери да жок. Чал аны оң колу менен бекем кармап, акулаларды күтүп, союл кармаган муштумун күч менен имерип алды. Акула экөө экен, экөө тең galanos. «Биринчиси балыкты бекем тиштегенче күтүп турушум керек, – деп ойлоду ал. – Ошондо тумшугунун учуна же баш сөөгүнө урам».

Эки акула балыкка тең жетишти. Чалга жакыныраак акула оозун ачып, тишин балыктын күмүштөй жалтыраган капталына матырганда, чал керилип туруп, союл менен акуланын жалпайган башына бир чапты. Чалдын колу катуу серпилгенин сезип калды, бирок акуланын сөөгүнүн таштай катуулугун да сезди. Чал акуланын тумшугунун учун күч менен чапты. Акула акырын жылып, сууга кирип кетти.

Экинчи акула өз энчисин жулуп алып, ары качып кеткен, эми оозун ачып алып дагы келди. Акула балыкты качырып тиштейин дегенде, чал анын жаагына жабышкан балыктын апаппак этин көрдү. Чал шилтеди, бирок союл башына тийип калды, акула чалды кылчая карап алып, анан эттен дагы бир жолу жулуп алды. Акула бул этти жутуш үчүн балыкты коё бергенде, чал аны дагы бир жолу чаап калды, бирок союл кайта эле анын катуу башынан серпилип кетти.

– И-и, жакыныраак келчи, galano, – деди чал. – Дагы бир келип койчу.

Акула аткан октой балыкты качырды, аны күтүп турган чал акуланын жаагы жабылар замат чапты. Ал союлун бийик көтөрүп туруп, күчүнүн бардыгынча чапты. Бу жолу союл акуланын каракушуна тийди, чал ошол эле жерге дагы бир жолу чаап калды. Акула балыктан араң эле бир тиштем эт үзүп алып, сууга жылып түштү.

Чал акулалар кайра келеби деп күтүп турду, алар көрүнгөн жок. Кийин чал кайыктын айланасында сүзүп жүргөн бир акуланы көрдү. Экинчи акуланын канаты кезден кайым болуп көрүнбөй калды. «Тигилерди өлтүрө алам деп ойлогон да эмесмин, – деп ойлоду чал. – Мурда колуман келчү. Кандай болсо да, мен экөөнү тең аябай майып кылдым, алар эми мурдакыдай жакшы жүрө алышпай калышты. Союлду кош колдоп кармай алсам, биринчи акуланы өлтүрө чабат элем. Ооба, ушу жашка келгениме карабастан өлтүрө чабат элем».

Ал балыкты карагысы келбеди. Анын теңи жок болгонун билет да. Чал акулалар менен салгылашып жүргөнчө, күн да батып кетти.

– Жакында караңгы түшөт, – деди ал. – Ошондо Гавананын отторунун жарыгын көрүп калармын. Эгерде мен чыгышка алыс чегинип кеткен болсом, анда жаңы курорттордун биринин отторун көрөм.

«Мен жээктен көп алыс болууга тийиш эмесмин, – деп ойлоду ал. – Алар аерде курулай эле тынчсыздана беришпей тургандыр. Бирок мени баладан башка ким эстейт дейсиң. Ал болсо менден шек кылбайт. Балким, улуураак балыкчылардын тынчы кеткендир. Жаштары деле, балким, чочуп калышкандыр, – деп ойлоду ал. – Мен деги жакшы кишилердин арасында турам го».

Ал балык менен андан ары сүйлөшө албай калды, анткени балыктын тамтыгы кетип калган эле. Аңгыча болбой анын башына бир жаңы ой кылт дей түштү.

– Жарты балык! – деп чакырды ал. – Мурдагы бүтүн балык! Мен деңизге ушунчалык алыс кеткениме өтө өкүнөм. Мен экөөбүздү тең өлтүрдүм. Бирок экөөбүз көп акуланы жок кылдык, андан да көбүн майып кылдык. Эң картаң балык, сен өмүрүңдө алардын далайын өлтүргөндүрсүң? Алдагы башыңдагы кылыч бекер эле сороюп турат дейсиңби?

Балык тирүү болуп деңизде өз эркинче жүрсө, акуланы эмне кыларын ойлоп отуруу чалга абдан жагып калды. «Акулалар менен салгылашуу үчүн мунун кылычын кесип алышым керек эле» – деп ойлоду ал. Бирок анын балтасы жок, эми бычактан да ажырады. «Эгерде анын кылычы менде болсо, калактын сабына байлап алсам, укмуштай курал болмок экен! Ошондо биз чын эле жанаша салгылашат элек! Эми алар түнүчүндө келишсе, айла эмне болот? Эмне кыла аласың?»

– Кармашам! – деди ал. – Өлгөнүмчө кармашам.

Бирок караңгыда оттор да, оттордун кызарган жарыгы да көрүнбөдү, жел жана желге капталып бөрсөйгөн парус гана бар; чал капысынан өзүн өлүп калгандай сезди. Ал колу менен колун кайчылаштыра кармап, алакандарын сезди. Алакандары жан-серек экен, колун ачып-жумуп оорутушу мүмкүн эле. Ал эми колдору ооруса, демек, ал тирүү да. Ал кайыктын артына жөлөнүп туруп, тирүү экенин билди. Муну далылары туюндурду. «Эгер балык кармап калсам окуйм деген таат-ибадаттын баарын азыр окушум керек, – деп ойлоду ал. – Бирок мен азыр абдан чарчадым. Андан көрө капты алып ийнимди жабайын».

Чал кайыктын арт жагына жатып алып, кайыкты башкарып, Гавананын отторунун кызыл жарыгы качан көктөн көрүнөт деп күтүп олтурат. «Менде балыктын жартысы эле калды, – деп ойлоду ал. – Бактым болсо, жок дегенде анын алдыңкы бөлүгүн үйгө жеткизип алар бекенмин. Ушунча болуп мага да бирдеме буйрар!.. Жок, – деди ал өзүнө. – Сен деңизге мынчалык алыс кеткениңде эле ишиңдин ийгиликтүү бүтүшүн келекелегенсиң».

«Жөнү жок келжиребе, чал! – деп, ал өзүнүн сөзүн өзү жулуп алды. – Уктабагын да, рулду кара. Балким, сага да бакыт конор».

– Эгерде бак-таалай бир жерде сатыла турган болсо, мен андан жок дегенде бир чымчым сатып алар элем, – деди чал.

«Эмнеңе сатып аласың? – деп кайра өзүнөн сурады. – Аны жанагы жоголгон гарпунга, сынган бычакка же жарадар болгон колдоруңа сатып алмаксыңбы? Ким билет? Бактыны деңизде жүргөн сексен төрт күндө сатып алгың келбеди беле. Ара-чородо аны сага сатып да жибере жаздашты. Капкайдагы сандырактаган ойлорду ойлоп эмне кыласың. Бакты адам баласына ар түрдүү болуп келет, аны таанууга болот дейсиңби? Мисалы, мен болсом, бактыны кандай түрүндө болсо да кичине сатып алып, анысына эмне сураса, ошонун баарын берер элем. Гавананын отторун көргүм келет, – деп ойлоду ал. – Сен өтө көп нерселерди каалап турасың, чал. Бирок мен азыр Гавананын отторун гана көргүм келет – андан башка эч нерсенин кереги жок».

Ал рулдун жанына ыңгайланып отурмакчы болду да, оорусу күчүркөгөн соң, чынында эле тирүү экенин билди. Чал шаардын отторунун жарыгын саат онго жакындап калганда көрдү. Адегенде ал айдын чыгып келатканда асманга тийген муңайым жарыгындай көрүндү. Анан ал оттор, бийик көтөрүлгөн толкунду катуу шамал бетинен кубалаган океандын сызыгынын ары жагынан даана көрүндү. Чал кайыкты ошол жакка буруп, азыр эле Гольфстримге кирип барам деп ойлонуп кетти. «Мына эми бүттү, – деди ал. – Алар сөзсүз дагы келишет. Ал эми түнкү караңгыда жалаң колдору менен адам эмне кыла алат?»

Анын тула бою бүт бойдон сыздап ооруйт; түнкү суук жараттарынын жана кыйналган колдору менен буттарынын оорусун ого бетер күчөттү. «Мен эми мындан ары салгылашпасмын деп үмүт кылам. Деги салгылашпасам экен!» Бирок түн ортосунда ал акулалар менен кайта салгылашты, бу жолку салгылашуу пайдасыз экендигин билди. Алар бир үйүр болуп келишти, чал алардын канаттарынын суудагы издери менен балыкты качырып киргенде алардын тулкулары тараткан жарык шооладан башка эч нерсе көргөн жок. Ал союл менен чапкылап жатты, тиштерин карсылдатканын угуп, балыкты астыртан келип тыткылап жатканда, кайыктын кандай чайпалганын билип турду.

Ал караңгыда эч нерсени көрбөй, кулагы менен угуп, сезген нерсени гана союл менен шакылдатып чапкылап жатты. Бир маалда колундагы союлунан да айрылып калды. Ал румпелди ордунан жулуп алып, эки колу менен бекем кармап, тарсылдатып үстөкө-босток сабай баштады. Балыкты бир-бирден жулкуп же баары биригип жабалактап талап, жылтырап агарган этин лапылдатып сугунуп жатышты. Акыры бир акула балыктын башына жетти, ошондо чал иштин бүткөнүн түшүндү. Ал балыктын башынын катуу сөөгүн кемирип жаткан акуланы тумшуктан ары бир салды. Бир жолу урду, эки жолу, анан үчүнчү жолу. Чал румпелдин чатырап сынганын угуп, акуланы жарылып калган сабы менен сайды. Жыгачтын акуланын этине киргенин сезип, анын учтуу экенин билип, дагы бир жолу уруп калды. Акула балыкты таштап, ары карай сүзүп кетти. Бул акула балыкты талаган үйүрдүн эң акыркысы эле. Эми алар жей турган эч нерсе калган жок. Энтигип, араң эле дем алып турган чал оозунан башкача бир түрдүү даам сезди. Даам таттуураак жана кичине жез кошулгансыйт. Чал чочуп кетти. Бирок ал даам бир аздан кийин жоголду.

Чал океанга түкүрдү.

– Жегиле, galanos, какагыла! Түшүңөрдө кишини өлтүргөнүңөрдү көргүлө.

Чал эми биротоло жеңилгенин билди. Ал кайыктын артына келип, румпелдин сыныгын рулдун тешигине ченеп, эң болбосо кайыкты ушу сынык менен айдоого болорун көрдү. Ал капты үстүнө жамынып, кайыкты туура багытка бет алдырды. Азыр ал жеңил жүрүп баратты. Чал эч нерсени ойлобойт, эч нерсени сезбейт. Эми ага баары бир, анын бир гана максаты – кайыкты иши кылып киндик каны тамган жээкке батыраак жана түзүгүрөөк жеткириш.

Түн ичинде акулалар дасторкондо калган кешикти талашкан соргоктордой, балыктын мүлжүлүп бүткөн сөөгүнө асылышты. Бирок чал аларды карап да койгон жок. Ал өзүнүн кайыгынан башкага көңүл бурбайт. Ал балыктын олчойгон салмагынан бошогон кайыктын бош жана жеңил кетип баратканын гана сезип олтурат. «Жакшы кайык, – деп ойлоду ал. – Румпелди эсептебесек, бүпбүтүн. Жаңы румпел коюш опоңой».

Чал жылуу агымга киргенин сезди, жээктеги кыштактардын оттору ага көрүнүп турду. Кайсы жерде экенин ал азыр билгендиктен үйүнө жетип алуу ага кыйын иш эмес. «Шамал, ал шексиз бизге дос, – деп ойлоду ал. – Ошондой болсо да, дайыма дос эмес. Чексиз деңиз дагы ошондой, анда досторубуз да, душмандарыбыз да толуп атат. Төшөкчү... – деп ал оюн бурду. – Төшөк болсо менин досум. Ооба, кадимки эле төшөктүн өзү. Төшөккө жатыш – бу чоң иш. Бирөөгө жеңилгенде, өзүңдү кандай жеңил сезесиң! – деп ойлоду ал. – Мынчалык жеңил болорун мен билген да эмесмин. Сени ким жеңди, чал? – деп өзүнөн сурады. – Эч ким, – деп жооп берди. – Мен жөн эле деңизге өтө алыс кетип калдым».

Чал кичинекей булуңга киргенде, Террасада жарык жок экенин көрүп, эл уктап жатканын түшүндү. Шамал тынымсыз күчөп отуруп, эми абдан катуу сого баштады. Бирок гавань тынч экен. Чал асканын түбүндөгү майда шагылга келип токтоду. Ага жардамдаша турган эч ким жок болгондуктан, ал кайыгын жакыныраак айдап келди. Кайыктан чыгып, аны аскага байлады. Мачтаны сууруп, парусту ага ороду да, бекитип байлады. Анан мачтаны ийнине салып өйдө карай жөнөдү. Ошондо гана канчалык чарчаганын түшүндү. Бир паска токтоп артын карады да, көчөдөгү фонардын жарыгында балыктын кайыктан бийик көтөрүлүп турган далдайган куйругун көрдү. Ал анын агарган кыр аркаларын оркойгон кылычы бар башынын көлөкөсүн көрдү.

Чал кайта тырмышып өйдө чыга берди. Дөңгө чыгып жыгылып калды да, мачтаны далысынан түшүрбөй, бир аз эс алып жатты. Анан турайын деди, тура албады да, жолду карап олтуруп калды. Аңгыча болбой өз иши менен бараткан мышык чуркап өттү, ал кеткен жакты чал көпкө чейин карап отурду. Анан ээн жолду тиктеп калды. Акыры мачтаны жерге таштап, ордунан турду. Анан мачтаны алып, ийнине кайта салды да, жол менен өйдө карай жөнөдү. Кепесине жеткенче беш жолу эс алууга мажбур болду.

Үйүнө кирип, мачтаны дубалга жөлөдү. Караңгыда суу куйган бөтөлкөнү таап, суусунун кандырды. Анан керебетке жатты. Одеялды далысына тартып, аркасын, буттарын жапты да, бетин гезиттерге басып көмкөрөсүнөн түшүп, эки колунун алаканын жая сунуп, уктап кетти.

Эртең менен бала кепеге баш бакканда, чал уктап жаткан экен. Шамал катуулап, кайыктар деңизге чыкпай калган, бала да уктап калып, анан эртең менен адатынча чалдын кепесине барды. Бала чалдын дем алып жатканын туйду, бирок анын колдорун көрүп ыйлап жиберди. Бала чалга кофе алып келиш үчүн алачыктан акырын чыкты да, жол бою ыйлап жүрүп отурду. Кайыкты көп балыкчылар тегеректеп, ага байланган нерсени карап турушуптур; бир балыкчы багелегин түрүп сууга кирип, жип менен балыктын тулку сөөгүнүн узундугун ченеп жүрдү.

Бала аларга карай төмөн түшкөн жок; төмөн жакта ал мурда эле болгон, бир балыкчы кайыкка көз салып турам деп, ага убада берген.

– Ал-абалы кандай? – деп балага кайрылып бир балыкчы кыйкырып калды.

– Уктап жатат, – деп жооп берди бала. Алардын баланын ыйлап жатканын көргөн-көрбөгөнү бала үчүн баары бир эле. – Анын тынчын албагыла.

– Тумшугунан куйругуна чейин он сегиз фут экен! – деп балыкты ченеп жүргөн балыкчы балага кыйкырды.

– Андан кем эмес, – деди бала.

Ал Террасага кирип, бир банка кофе сурады.

– Мага ысык кофе, көбүрөөк сүт жана кант бергиле.

– Дагы бирдеме ала барсаңчы.

– Кереги жок. Ага бирдеме керек болсо, кийин көрүшө жатарбыз.

– Ой, балык эмес бекен! – деди Террасанын ээси. – Тим эле адам баласы көрө элек балык экен. Сен дагы кечээ эки жакшы балык кармадың.

– Менин балыгым куруп калсын! – деп бала кайрадан ыйлап жиберди.

– Бирдеме ичесиңби? – деп сурады Террасанын ээси.

– Жок, – деди бала. – Тигилерге айтып койчу, Сантьягонун тынчын алышпасын. Мен дагы келем.

– Мен дагы ага өтө кейип турганымды айта бар.

– Ыракмат, – деди бала.

Бала чалдыкына кофени алып келип, чал ойгонгончо жанында олтурду. Ал бир жолу ойгончудай болуп баратып, кайра оор уйкуга батып кетти. Бала жолдун аркы жагындагы кошуналарга барып, кофе жылытыш үчүн карызга отун сурап келди.

Акыры чал ойгонду.

– Жат, жата бер, – деди бала. – Мына муну ич! – Ал стаканга кофе куюп берди.

Чал стаканды алып, кофени ичти.

– Алар мени жеңишти, Манолин,– деди чал, – алар мени жеңишти.

– Бирок ал өзү сени жеңе алган жок да! Балык сени жеңген жок да!

– Жок. Аның накта чындык. Бул кийин болду.

– Педрико кайыкты, шаймандарды карап турам – деди. – Башын эмне кыласың?
– Педрикого айтып кой, торго сала турган жем кылып керте-керте чаап алсын.

– Кылычтычы?

– Кааласаң, сен эстелик кылып ал.

– Каалабай анан, – деди бала. – Эми мындан кийин эмне кылабыз?

Ошону сүйлөшөлүчү.

– Мени издештиби?

– Сөзсүз да. Жээктин сакчылары да, самолёттор да.

– Океан чексиз чоң, кайык болсо кипкичинекей, аны байкабай калууга да болот, – деди чал. Ал өзү менен өзү жана деңиз менен сүйлөшпөй, башка бирөө менен сүйлөшкөнүнө жыргап калды. – Мен сени өтө сагындым, – деди ал. – Сен бирдеме кармадыңбы?

– Биринчи күнү бир балык. Экинчи күнү бирди, анан үчүнчү күнү экини.

– Сонун болгон турбайбы!

– Эми мындан кийин балыкты экөөбүз бирге уулайбыз.

– Жок. Мен бактысызмын. Менин ишим оңолор эмес.

– Сен ага көңүл бурба, – деди бала. – Бактыны сага мен алып келем.

– Эне-атаң сага эмне дешээр экен?

– Эмне дешсе, ошо дешсин. Мен кечээ эки балык кармабадымбы. Бирок мындан ары экөөбүз бирге уулайбыз, мен дагы көп нерсени үйрөнүшүм керек.

– Жакшы дегээ таап, мындан ары дайыма ала жүрүш керек. Мизин эски «форддун» рессорунан жасоого болот. Гуанабакоага барып курчутуп алабыз. Ал курч болуш керек, бирок чыңоосуз, анда морт болуп калат. Менин бычагым таптакыр эле сынып калбадыбы.

– Мен сага жаңы бычак таап берем. Рессорду да курчутам. Бул катуу brisa[30] дагы канча күн болор экен?

– Мүмкүн, үч күн. А балким, андан да көбүрөөк.

– Ага чейин баары жайында болот, – деди бала. – Сен колуңду айыктыра бер.

– Колумду эмне кыларымды билем. Түнүчүндө мен бир кызык суюк нерсени түкүрдүм, көкүрөгүмдө бирдеме үзүлүп кеткенсип калды.

– Муну дагы айыктыр, – деди бала. – Жата тур, абышка. Мен сага таза көйнөк алып келип берейин. Тамак да ала келем.

– Мен жокто чыккан гезиттен да ала келсең, – деп сурады чал.

– Сен батыраак айыгышың керек, анткени мен сенден көп нерсени үйрөнүшүм керек. Сен мага дүйнөдөгүнүн баарын үйрөтө аласың. Абдан оорудуңбу?

– Абдан, – деди чал.

– Мен тамак менен гезит алып келейин. Эс ал, абышка. Аптекадан колуңа жарай турган дары ала келем.

– Педрико балыктын башын өзү алсын, айтып кой. Унутпа.

– Унутпайм.

Бала кепеден чыгып, таштуу жол менен ылдый түшүп баратып, дагы ыйлап жиберди.

Ошо күнү Террасага бир топ туристтер келип калышты. Туристтер чыгыштан соккон шамал булуңга кире бериш жерде бийик толкундарды айдап жатканын карап турганда, бир аял пиво куя турган бош калайлар менен өлгөн медузалардын арасында чайпалып турган, учунда далдайган куйругу бар узун ак омуртка сөөктү көрдү.

– Бул эмне? – деп аял ошол килейген балыктын сөөгүн көрсөтүп, официанттан сурады.

– Tiburon, – деди официант. – Акулалар. – Ал болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып бергиси келди.

– Акулалардын куйругу ушунчалык көрктүү, кайкы болот деп мен эч качан ойлогон эмес элем, – деди аял.

– Мен дагы билген эмесмин, – деп ал аялдын жолдошу макул болду.

Өйдө жакта, өз кепесинде, чал кайта уктап жатты. Кайтадан көмкөрөсүнөн түшкөн чалды бала кайтарып олтурду. Чал түшүндө арстандарды көрүп жатты.

Которгон Марс Токтомушев

[1] Багор – узун саптуу илгек (котормочудан).

[2] Гарпун – деңиз айбандарын кармоого арналган найзанын бир түрү (котормочудан).

[3] Марлин – балыктын бир түрү.

[4] Рефрижератор – муздаткычы бар вагон же пароход.

[5] Сардина – майда балыктын бир түрү.

[6] Живец – балыктын бир түрү, кайырмакка сая турган жем катары пайдаланылат.

[7] Макрель – балыктын бир түрү.

[8] Кадак  409,5 (башка маалыматтарга караганда 454) граммга тең салмак өлчөмү.

[9] Парусник – жел кеме.

[10] Que va кой, антпе! (Испанча).

[11] Рифиндеңиз, суу бетине оркоюп чыгып турган же суу түбүндөгү арсак таштар.
[12] Креветкалар деңиздеги майда чаяндын бир түрү.

[13] Каракатидалар килкилдек денелүү омурткасыз майда жаныбарлар.

[15] Макрель, умбрица – балыктын түрлөрү.

[16] Фрегат – деңиздеги чоң куштун бир түрү.

[17] Миля – 1852 метр.

[18] Ярд – узундукту ченөөнүн өлчөмү, 0,9144 метрге барабар.

[19] Биртенг – кеменин тумшук жагына орнотулган жоон казык, кеме буксирге алынганда ага трос байланат.

[20] Фут – 30,479 см. барабар узундук өлчөмү.

[21] Христиандык дубалар. Богородица – Кудайды төрөгөн кыз имиш; христиандардын диний китептеринде ал Кудайды төрөгөндөн кийин да кыз бойдон калган деп айтылат.

[22] «Отче наш» – Кудай деген мааниде.

[23] Luegos спорт оюндары (испанча).

[24] Чемпион (испанча).

[25] Дьюм – 23 мм ге барабар узундук өлчөмү.

[26] Креветка – майда чаян.

[27] Dentuso, – Акуланын бир түрү (испанча).

[28] Скатка жалпак денелүү жана шуштугуй куйруктуу, жырткыч балык.

[29] Galanos акуланын бир түрү (испанча).

[30] brisa жээктен соккон шамал (испанча).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз