Авраам Линкольн: От гана болотту эң мыкты курчутат

  • 22.11.2021
  • 3436

Авраам Линкольн дүйнөдөгү эң көрүнүктүү инсандардын бири. Америка Кошмо Штаттарындагы кулчулукту жоюуда анын салымы чоң болгон, ошондуктан  А.Линкольн Улуттук Баатыр атыккан.

Анын төрт  уулу болгон, экөө кичинекей мезгилинде, бирөө эрезеге жеткенде (төрт, он бир жана он сегиз жаш куракта) курган учук жана  тердеме  оорудан көз жумган.

1855-жылы А.Линкольн “Уулумдун окутуучусуна кат” деген белгилүү эмгегин жазат, бул кат өзүнүн беш жаштагы уулу, Президенттин суйуктүү  баласы Уильмдын окутуучусуна арналган. Тилекке каршы, Уильм алган билимин колдонууга мүмкүнчүлүгү болбой, он бир жашында жарыкчылык менен кош айтышкан. Анын сөөгүн атасы менен бирге көмүшкөн.

* * *

Мен түшүнөм, ал бардык эле адамдар акыйкатчыл, баары эле ак жүрөк эмес экенин билүүгө тийиш. Аны мына буларга; кайсы бир акмактан баатыр чыгарына, ар кандай өзүмчүл саясатчыдан Ата мекенге берилген лидер чыгарына үйрөтүңүз.

* * *

Аны буларга үйрөтүңүз: эгерде душманы болсо, дос да табылат. Ал үчүн убакыт керек. Мен сизге ишенем, бешене тер менен табылган бир доллар жөн эле табылган беш долларга караганда алда канча кымбат  турарын. Жеңилүүнү көтөрө  билүүгө, ошону менен бирге  жеңишке кубанып,  магдыраганды сиз ага үйрөтө аласыз.

* * *

Эгер колуңуздан келсе, аны көрө албастыктан качырыңыз да, чын дилден анчалык катуу эмес күлүүнүн сырларына окутуңуз. Эң эле эрте жашында таанып-билүүгө, баарынан да мактанчаактык менен жалкоолукту жеңүү оңой эместигине үйрөтүңүз. Эгер туура көрсөңүз, китепке кызыгууну, китеп менен достошууну үйрөтүңүз.

* * *

Ага бош убактыны да бериңиз, өзүнүн айлана-тегерегиндеги  табият көрүнүштөрүнүн сырларына  баам салып,  асманда кайкып учкан куштар, күн желесиндеги ызылдаган аарылар жана жашыл өрөөндөгү  бажырайган гүлдөр жөнүндө ой жүгүртсүн.  

* * *

Ал мектепте жүргөндө жалган айтканга, алдаганга  караганда жолу болбогондукка  чыдоо бир канча ардактуурак экенине, кимдир бирөө сен адашып жатасың  дегенине карабай, өзүнө жана өзүнүн жеке  идеясына бекем ишенүүгө үйрөтүңүз. Сиз  ага жумшак адамдар менен жумшак, катаал адамдар менен катаал болууга үйрөтүңүз.

* * *

Менин уулума  жеңүүчү  тараптагы жөөлөшкөндөр -  сүрмө топтун  артынан эмес, өз жолуна түз барууга күч бериңиз. Бардык адамдар аны угууну, ошону  менен бирге  ал аң-сезимдүүлүк менен  калптан  чындыкты  угуп-байкап, айырмалап, жалаң гана  жакшы жагын бөлүп алууну үйрөтүңүз.

* * *

Эгер колуңуздан келсе, кайгырганда да күлсө боло турганына, көз жашта эч кандай уят жок экенине үйрөтүңүз. Ага ашыкча кекирейүүчүлүктөн качууну, жүзү каралык менен элдешпестикке үйрөтүңүз.

* * *

Ага өзүнүн мээсин жана булчуңдарынын күчүн кымбат баада сатууну үйрөтүңүз, бирок эч качан жүрөгү жана жандүйнөсү менен соодалашканды эмес...

* * *

Ага  уюшулган  көпчүлүктү, сүрмө топту  ээрчүүнү эмес, өзүнүкү туура болсо, өз  акыйкатына ишенсе, ал үчүн тикеден-тик  туруп салгылашууну үйрөтүңүз.

* * *

Ага жумшак  кайрылыңыз, бирок ашыкча сылыктык менен эмес, эмнеге дегенде бир гана от болотту эң жогорку  сапатына  жеткире курчута алат. Ал кыйынчылыкка чыдаган  кайраттуу, эр жүрөк, майышпас болуш үчүн  чыдамкайлык да керек.

* * *

Анын дайыма өзүнө болгон ишеними бекем болсун, ошондо гана ал адамзаттын бийик ишенимине жеткирет .

* * *

Булар оңой иштер эмес, ишениңиз, сиз аны жасай аласыз. Анткени ал ушундай жакшы, менин уулум!

Орусчадан  оодарган Ризван ИСМАИЛОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз