Будда: Миңдеген шамдарды бир гана шам менен күйгүзүүгө болот...

  • 28.02.2024
  • 3416

Будда (Сиддхартха Гаутама) – рухий устат, диний-философиялык «буддизм» окуусунун жол салуучусу. Анын учкул ойлору, окуучулары менен болгон сукбаттары, жашоосу жөнүндөгү икаялар менен осуяттары Будда өлгөндөн кийин жолун жолдоочулар тарабынан жыйналып, ал жазмалар «Трипитаки» (буддизмдин ыйык китеби) деп аталып калат. Будданын туулган күнү Калмыкия республикасынын улуттук майрамы катары белгиленет.

Бүгүнкү күндөгү биз – бул биздин кечээки ойлорубуздун натыйжасы, ал эми бүгүнкү ойлорубуз эртеңки күнүбүздү жаратат. Жашоо бул – биздин акылдын туундусу.

* * *

Жек көрүү менен жек көрүүнү жеңе албайсың. Сүйүү гана жек көрүүнү жеңип чыгат. Бул түбөлүк мыйзам.

* * *

Үч нерсени жашыруу мүмкүн эмес: күндү, айды, акыйкатты.

* * *

Эгерде өткөн жашооңдо эмне кылганыңды билгиң келсе, анда бүгүнкү абалыңа кара. Эгерде келечегиңди билгиң келсе, бүгүнкү кылык-жоруктарыңа баам сал.

* * *

Сени кимдир бирөө бактылуу же бактысыз кылат деп ойлоонун өзү күлкү келерлик.

* * *

Жер бетиндеги кайсы нерсеге болбосун байланып калуу – азаптардын булагы.

* * *

Жеңиш жек көрүүнү жаратат, жеңилген адам кайгыда жашайт. Жеңиш менен жеңилүүдөн баш тарткан адам гана тынч жана бактылуу турмушта өмүр сүрөт.

* * *

Ким жасай алам деп ойлосо, ошол ишти чынында жасай алат.

* * *

Адам эң алгач өзүн өзү сүйүп, өзүнө өзү берилгендик менен мамиле кылууга татыктуу.

* * *

Карга сыяктуу бетсиз, тайманбас, тажатма, акылсыз жана бузулган адамга жашоо жеңил. Бирок жөнөкөй, дайым тазалыкты издеген, салмактуу, салкын кандуу, кыраакы, жашоосу тунук адам үчүн жашоо дайым кыйынчылыкка толо…

* * *

Өзүңдү жеңсең, миңдеген салгылаштан жеңүүчү болуп чыгасың.

* * *

Миңдеген шамдарды бир гана шам менен күйгүзүүгө болот, мындан ал шамдын өмүрү кыскарып кетпейт. Бакытыңдан башкаларга бөлүшсөң, бакыт андан азайып кетпейт.

* * *

Жамандыкка жамандык менен жооп бербе, антпесең мунун аягы бүтпөйт. Жооп ордуна душманыңды өөп кой, жаны миңге бөлүнүп зыркырасын.

* * *

Жакшылык менен гана жооп бергиле, ошондо гана бул дүйнөнү жакшыртууга болот. Жакшылык менен гана жооп кайтаргыла, бул колдон келбесе тим койгула.

* * *

Дүйнөдө көп сандаган окуу бар, бирок ким өзүн кишенге чырмап алса, ага эч кайсыл окуу жардам бералбайт.

* * *

Акылдуу адам да өзүн өзү өстүрбөсө, макоого айланат.

* * *

Сөзүнүн өтөөсүнө чыкпаган адамдын тил безегенинен пайда жок.

* * *

Жакшылык тууралуу «ал мага келбейт» деп ойлобо. Кумура дагы тамчы суудан толот.

* * *

Кичинекей чымчыктын канатынан жасалган калем сап дүйнөнү дүңгүрөтөт.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз