Михаил Саакашвили: Путин эмнеден кыжырланса, дал ошол нерсе көңүлүмдү көтөрөт
- 07.12.2021
- 3639
♦ ♦ ♦
Грузия — таңгалыштуу өлкө. Эртең менен ашата сөгүшүп чырдашкан адамдар кечинде эле баары чогулуп, бир үстөлдүн четинде ичип-жеп отурган болот.
♦ ♦ ♦
Грузия бүгүн демократия күрөшүнүн флагманы, эгер утулсак, анда жакшылыкты жамандык биротоло жеңет, ага жол бербешибиз керек. Биз өз келечегибизди коргойлу, жакшылыкты коргойлу.
♦ ♦ ♦
Россияга чыгарчу биздин негизги экспорт вино эмес, кылмыш төбөлдөрү менен криминалдык элементтер.
♦ ♦ ♦
Владимир Путин бүкүлү денеси чыкпай турган тешикке кирип кеткен, ошон үчүн Россиянын келечеги жок.
♦ ♦ ♦
Орустарга акылынан ажырагандар эле суктанышы ыктымал.
♦ ♦ ♦
Өлкөдө башаламандык болгон кезде, экстремизм баш көтөрөт, бул кадимки көрүнүш.
♦ ♦ ♦
Дүйнөдө баарына тийиштүү жападан жалгыз эреже жашайт: атаандаштык бар жерде – кардар утат, атаандаштык жок жерде – утулат.
♦ ♦ ♦
Мен россиялык журналисттерге интервью бербейм [...] Анткени россиялык журналисттерди журналист деп эсептебейм.
♦ ♦ ♦
Эларалык валюта фонду – хирург сыяктуу. Эгер бармагыңды таңдырыш керек болсо, ал сага: “Эмнеге таңдырасың, кел, колуңду түбүнөн кесели, тобокелге салып не убара”, - дейт.
♦ ♦ ♦
Путин эмнеден кыжырланса, дал ошол нерсе менин көңүлүмдү көтөрөт.
♦ ♦ ♦
Чектен ашкандарга согуш жарыялайм, прокуратурадагы жемкорлор, силер элди тоноп, басынтканыңарга жол бербейм... Баса, силерге окшогон прокурорлорду түрмөдөн көргөм. Мындан ары Одессадагы рэкетчиликке чыдагым келбейт.
♦ ♦ ♦
Грузияга россиялык туристтер эмне үчүн керек эле? Себеби, Россиянын пропагандасына караганда миллион турист баарынан күчтүү курал. Өзгөчө, Москва бизге каршы колдонгон түндүккавказдык туристтер. Мен алардын келишин каалагамын, анткени бул жер – алардын үйү, ошон үчүн талкалабаш керектигин түшүнүшсө дейм. Алар менин калканычым болучу.
♦ ♦ ♦
Булуттуу көктүн астында, муундуу чөптүн үстүндө күн кечирген өлкөлөр бар. Бизди анын бетинен ары кылсын. Биз же чоң ийгиликтерди жаратабыз, же Грузия түп орду менен жок болуп тынат.
Которгон О`Шакир