Цицерон: Түркөйлүк – акылдын түнү, ал – айсыз, жылдызсыз түн

  • 11.02.2024
  • 3190

Улуу ойчул Цицерон мамлекетти элдин орток байлыгы катары караган. Көп мезгил бою мамлекеттик ишмер болуп эмгектенген Марк Туллий Цицерон саясый жана соттук иштер боюнча эл алдына чыгып сүйлөп жүргөн, мындан улам ал өз доорунун улуу чечени деген наамга ээ болот. Цезарь башында турган бийликтин каарына калган Цицерон философияга кайрылып, ага өмүрүнүн орчундуу бөлүгүн арнайт. Ал жашаган катаал доор Цицерондун таамай, курч айтылган ойлорун кечире алмак эмес. Бийлик чечендин башын алганы менен анын кылымдарга калган учкул сөздөрүн жок кылууга мүмкүн эмес эле...

*     *     *

Ар бир адам каталык кетирет, бирок келесоо адам гана кетирген катасын өжөрлүк менен мойнуна албайт.

*     *     *

Адамды сүйүп калганга чейин соттоп көр, сүйүп калгандан кийин соттобойт.

*     *     *

Баарынан бактылуу адам – өзүнөн гана көз каранды жана бир өзүнөн башканын баарын көргөн адам.

*     *     *

Өзүн сүйгөн адамдын атаандашы болбойт.

*     *     *

Чыныгы достук кытмырлыктан жана көшөкөрлүктөн алыс.

*     *     *

Бактылуу жашоо акылдын тынчтыгынан башталат.

*     *     *

Мактанчаактык алсыздыктын алгачкы белгиси, ал эми улуу ишти жасачулар тилин тишине катып жүрүшөт.

*     *     *

Кимдин кулагы акыйкат үчүн керең болуп аны досунун оозунан угууга даяр болбосо, аны эч ким сактап кала албайт.

*     *     *

Адам өзүнө өзү баш ийүүгө жана өз чечимдерине моюн сунууга үйрөнүүсү керек.

*     *     *

Эң улуу жеңиш – бул өзүңдү жеңүү.

*     *     *

Учурда сыймыктанар иши жок адамдар кечээги сиңирген эмгектери менен мактанышат.

*     *     *

Чечендин улуулугу – керектүү нерсени айтканында гана эмес, керексиз нерсени айтпай да коё алганында.

*     *     *

Ар бир адам – ички дүйнөсүнүн чагылуусу. Адам кандай ойлосо, ал жашоодо да ошондой.

*     *     *

Ата-энеге болгон сүйүү – изгиликтердин башаты.

*     *     *

Эркин болуу үчүн биз мыйзамдын кулу болушубуз керек.

*     *     *

Адамдын жүзү – жан дүйнөнүн күзгүсү.

*     *     *

Эгерде сенин китепканаң менен бакчаң болсо, анда сага керектүүнүн баары бар.

*     *     *

Бакытты Кудайдан сура, акылмандыкка өзүң жет.

*     *     *

Канчалык акылман болсоң да, эгерде үшүп жатсаң калтырабай койбойсуң.

*     *     *

Акын болуп төрөлөт, чечен болуп жетилет.

*     *     *

Жан дүйнөнү дарылоо илими философия деп аталат.

*     *     *

Түркөйлүк – акылдын түнү, ал – айсыз, жылдызсыз түн.

*     *     *

Атак-даңк үчүн жазбаган ойчулдар деле китептеринин аягына ысымдарын жазууну унутушкан эмес.

*     *     *

Философия – илимдердин энеси.

*     *     *

Табигатка байкоо салуу жана аны изилдөө илимди жаратты.

*     *     *

Китеби жок үй – жаны жок денедей.

*     *     *

Акыйкатка шектенүүлөр менен жетебиз.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз