Үмүт Култаева: Адабият – адам турмушунун энциклопедиясы

  • 27.02.2024
  • 5557

Култаева Үмүт Баймуратовна – билим берүүнүн отличниги, филология илиминин доктору. Улуттук тил жана адабият, Ата Журттун коопсуздугу, билим берүүнүн проблемалары боюнча демилгелүү позициясы, мекенчил көз карашы, жасаган эмгеги жалпы коомчулукка белгилүү окумуштуу-педагог жана коомдук ишмер.

6 томдук илимий эмгектин, 300дөн ашуун илимий, 100дөн ашуун публицистикалык макалалардын автору. Илимий эмгектери Кыргызстандын аймагынан тышкары Кытай, Польша жана Түркияда жарык көргөн.

- Убакыттын өтүшү менен алыскы келечекте адамдарды дагы да жаңыча жашоо ыңгайы, жаңыча баалуулуктар күтүп турганы белгилүү. Муну менен кээ бир окумуштуулар болжогондой, эволюция дагы эле өз нугунда бараткан окшобойбу деп ойлонууга аргасыз болобуз. Азыр заман тогошуп, адамзат технология дооруна кадам шилтеп турган убагы десек жаңылбайбыз. Айтайын дегеним, адабият илимине зор салым кошкон сизге узатар собол: ошол алыскы адамзатты күтүп турган замандарда адабият кечээки-бүгүнкүдөй анын бирден-бир баалуулугу катары жандап жүрө алабы? Адабиятта айдала элек дыңдар калдыбы же айтчу сөз айтылып бүтүп баратабы?

- Адамзат тарыхында бул суроо мезгил-мезгили менен карама-каршылыктуу пикирлер толкунун жаратып келгени белгилүү. Буга башкасын айтпаганда да, 1959-жылдан англиялык жазуучу жана физик-окумуштуу Чарлз Сноу «Эки маданият жана илимий революция» аттуу лекциясы менен университеттин бүйүрүн кызытып, гуманитардык жана табигый илимдердин ортосундагы тиешелүү байланышты камсыз кыла албаган Англиянын билим берүү системасын сынга алганы бүт дүйнөгө чагылгандай тарап, лириктер менен физиктердин кыл чайнашкан талкуусун дүйнөлүк масштабга көтөргөнү белгилүү. Андан бери 65 жыл өттү. Илимий технология дагы өнүктү, физиктер айткандай адабияттын «күнү бүткөн жок». Ошол эле учурда бул суроо дайыма актуалдуу. Бул маселеге улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да абдан кабатыр эле. Менимче, адабиятты «тебелеп» кеткиси келген цивилизациянын айрым тенденциясын жалпы адамзат, анын ичинде гуманисттер ооздуктоого тийиш. Болбосо «Кассандранын эн тамгасында» айтылгандай, жан дүйнөсүндө мээрими, сезими жок жасалма робот адамдарды жаратуу менен адабиятты жоготуп алуу мүмкүн. Анда адамзаттын асылдыгы жоголот, андай коомдо жашагандан Кудай сактасын. Адабият адамзат коомун жандап жүргөндө гана жашоо кызык.

Ал эми суроонун экинчи бөлүгүнө ачык жооп берүүгө болот. Адабият – адам турмушунун энциклопедиясы. Улам турмуштагы өзгөрүүлөр, коомдогу жаңы пайда болгон кырдаал, дүйнөлүк масштабдагы жаңылыктар адабиятка жаңы идеяларды тартуулай берет. Ошондуктан адабияттын айдалбаган дыңдары арбын. Айталы, миграция темасы мындан 20 жыл мурун адабиятта жокко эсе болчу. Азыр өзгөчө курч мүнөздө.

Улуттук адабиятка келсек, биз өз тарыхыбызды көркөм аңдоодо канатташ элдерден бир топ артта калдык.

- «Учур адабияты» деп эле какшап келатабыз. Кээси учур адабиятын адабият деп атоого да болбой турганын кеп кылып жүргөнү бар. А чынында көркөм дүйнөнүн өсүүгө карай басыгы кашаң экенин моюнга алууга туура келет деп ойлойм. Проза жанрында бир караганда Султан Раевден башка бир да жазуучу жаңы агымдарга чыйыр салууга ашыкпай жаткандай. Же дарамети жетпейби, же бир эле чыйыр менен бир эле кечүүдөн өтүүдөн жадашпайбы? А мүмкүн материалдык пайда күтүү максаты күч болуп, алар массалык адабиятка мүнөздүү чыгармаларды жазууга шымаланып жүрүшкөндүр?

- Учур адабиятын такыр эле жокко чыгарууга болбойт. Бирок жазмасы жаралгандан тарта идеологиялык көзөмөлдүн негизинде калыптанган адабият, андан кутулуп, эгемен болгондо эмчектен чыккан баладай, даяр азыгынан ажырап калгандай болду. Тапталган жол жок. 1990-жылдары буга чейин тыюу салынып, куугунтукка алынган тарыхый инсандарга арналган чыгармалар биринин артынан бири басмадан чыгып, сынчы Кеңешбек Асаналиевдин сөзү менен айтканда, магдыроодо жаткан «экинчи демин» ойготту. Тарыхый темада буга чейин куугунтукка алынган  айрым чыгармаларга өзгөртүү киргизүү тенденциясы башталды. Натыйжада 1930-жылдарда кыргыз адабиятында тарыхый роман жанрына биринчи чыйыр салган чыгармалар: «Кандуу жылдар» романы, «Балбай» поэмасы (1991), кийин 1970-жылдары «милитаристтик» чыгарма аталган «Көк асаба» романы (1993) кайрадан басмадан чыгып, «Көчмөндөр кагылышы» романы (1993) оңдолуп, «Сынган кылычтын» (1998) сюжетине өзгөртүүлөр киргизилди.

1990-жылдардагы экинчи тенденция – тарыхый темадагы жаңы чыгармаларды жазууга болгон кызыгуу күчөдү. Бир эле мезгилде эки түрдүү: тажрыйбалуу жана адабиятта аты белгисиз авторлордун тарыхый темада чыгармалары жазылып, жарыкка чыга баштады. Белгилүү акын-жазуучулар: С.Жусуевдин «Курманжан датка»(1994), «Раззаков баяны» (поэма – 1996), Ш.Бейшеналиевдин «Тайлак баатыр» (даректүү баян) (1998), Ж.Субанбековдун «Барс-Бек кагандын көрөр көзү» (2002), Т.Касымбековдун «Баскын» (2000), «Кыргын» (2004), Э.Турсуновдун «Балбай» (2002), «Боромбай» (2004), ысмы белгилүү журналисттер: С.Станалиевдин «Касым Тыныстанов: Чагылгандын көз жашы» (2001), Б.Боркеев «Рыспай» (2004); адабий чөйрөгө ысымы анча белгисиз авторлор: Ж.Токтоналиевдин «Хан Ормон» (эки китеп: 2000, 2001), «Баатыр Шабдан» (2006),  К.Бакиевдин «Дарыялар жайыкта кошулушат» (2002). Р.Абдиевдин «Алай закымдары» (2005), Ж.Егембердиевдин «Канат хан» (2006), А.Стамовдун «Хан Тейиш» (2009) романдары биринин артынан бири чыга келгени менен, окурмандын бүйүрүн кызыткан жаркын чыгарманы бөлүп көрсөтүү кыйын болду. Саналган чыгармалардын ичинен С.Станалиевдин «Касым Тыныстанов: Чагылгандын көз жашы» (2001) романы гана окумдуу келип, бир топ жакшы баага арзыганы ырас. Анткени менен, көпчүлүк чыгармалар өзгөргөн коомдогу окурмандын талабын эске алууга жетишпей калды. Көрсө, калемгерлерибиз адабияттагы жаңыча жазууга даяр эмес экен. Окурмандар арасында бир топ кызыгууну К.Акматовдун «Архат» романы жаратты. Чыгарманын темасы да, анын сюжеттик структурасы да башка чыгармалардан кескин айырмаланат.

Ошол эле учурда өзгөргөн реалдуулукка жараша чыгармалардын сюжетинде да өзгөрүүнүн болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин, ал турмак мындай тенденция Ч.Айтматовго да таасирин тийгизип, «Тоолор кулаганда» романына детективдик сюжет (Ташавган жана канзаадаларды барымтага алуу сыяктуу) киргендигин адабиятчы М.Апышев аргументтүү жакшы жазды. Мындай көрүнүш М.Мамазаированын кийинки жылдары чыккан «Аймаран» романында, А.Койчиевдин «Бакшы жана Чыңгыз хан» романында да байкалат. Демек, адабият – коомдук өзгөрүүлөргө сезимтал көркөм өнөр. Мыкты чыгарма үчүн жаңычыл агым негизги мааниге ээ эмес деген ойдомун, окурмандын кабыл алуу психологиясы да менталдык мүнөзгө ээ. Башкысы чыгарма окурмандын руханий керектүүлүгүн канааттандырууга тийиш.

- Ал эми поэзия жанрында бир кыйла өсүш бар деген пикирлер жөн эмес чыгар. Эгер жаштардын арасынан жарк этип, көзгө урунуп эле койбой, ошо өз учурунда ысымын ташка тамга баскандай калтыра алгандарды, формалык, мазмундук жактан новатордук кылып ийгиликтүү эксперименттер жасай алгандарды, бейаң түрдө адабияттагы мезгил жана мейкиндиктин жаңы моделин жаратууга далалат кылгандарды санай келсек, беш манжа жетпегендей. Ал эми дүйнө адабияты менен иши да жок, бирок акынмын деп өзүн ишенимдүү атагандардын көптүгү учур адабиятына канчалык пайдасы менен зыяны бар деп ойлойсуз? Бул ыңгайдан карасак, поэзияда эч кандай дүркүрөп өсүү болбогонун белгилөө туура болобу?

- Поэзияда дүркүрөп өсүү болбосо да, анын өнүгүү эволюциясы башка жанрларга караганда төөчөлүк өйдө. Балким, бул жанрдын табияты менен түшүндүрүлөт. Мейли калеми төшөлгөн улуу муун акындары болсун, мейли көптүн арасынан төбөсү көрүнүп калган жаш калемгерлер болсун, алар учур адабиятын тематикалык жактан да, ички мазмундук жактан да байытты. Миграциялык агымдын таасири поэзияда жаңы теманы гана пайда кылбастан, мекен темасын актуалдаштырып, аны бир топ тереңдетти. Анатай Өмүрканов, Кыялбек Урмамбетов, Кожогелди Култегин, Бурулкан Сарыгулова, Алтынай Темированын поэзиясындагы динамикалык өсүштөр менен бирге Толукбек Байзак, Жыргалбек Касаболотов, Зайырбек Ажыматов, Нурлан Калыбеков, Керимбек Кадыракунов, Нарсулуу Гургубаева, Назгүл Осмонова, Афина Бакирова ж.б. (аты аталбагандар таарынбасын, эгер санасак, бул санды 100гө чукулдатууга болот) акындардын чыгармаларында поэзияга болгон жаңычыл мамиле байкалат. Поэзиянын келечеги жарык көрүнөт.

- Драматургия жааты өксүдүбү же элдин театрга барбай калышы анын даңазалуу учурларын сагынуу менен эстөөсүнө себеп болдубу? Драма жанры көптөн бери алгылыктуу кепке арзыбагандай?

- Драматургиянын пассивдүүлүгүн шарттаган бир нече фактор бар:

• Интернет, «YouTube» өндүрүмү массанын эрмегине айланып кетти;

• театрга барууга тиешелүү шарттын жоктугу (жылуулук көп жылдар жок болду, транспорттун талапка ылайык болбогондугу);

• театрга барууну маданият көрсөткүчү катары эсептөө үгүтүнүн үзгүлтүккө учурашы.

Драма жазган авторлор бар, бирок алар пассивдүү позицияда.

- Адабий сындын азыркы абалы кээде туруп, жакшы үмүттөргө жетелесе, бир туруп көңүлдү кайт кылгандай маанай жараткансыйт. Кубандырганы деп кээ бир «РухЭш» сайты, КМБ сайты сыяктуу кичинекей болсо да аянтча түзүп, адабиятчыларды адабий процесске аралашууга үндөп атканын мисал кылсак болор. Өкүндүргөнү - кээ бир объективдүүрөк делген, илимий камылгасы эбегейсиз делген адабиятчылар тааныш-билиштикке алдырып, анча-мынча акын-жазуучуларга жеңил баа берип, көтөрө чала мактап ийген учурлары болууда. Алардын айынан акындарга дагы бир «акындардын» тобу келип кошулууда, чындап өзүн «жазуучу» деп ишенип алгандар чыгууда. Андай жүрүштөрдү көпчүлүктүн адабият менен иши болбой калган маалдан пайдаланып, шугулдануу деп түшүнсөк болобу?

- Албетте, өзгөргөн мезгилге жараша жазуучулардын жаңы мууну калыптанууга тийиш болгондой эле, сынчылардын да жаңы мууну калыптанууга тийиш. К.Асаналиев менен К.Даутов дүйнө салгандан бери бир муун билимдүү сынчылардын доору бүткөндөй болуп турат. Ошенте да адабий сын токтоп калган жок, бирок ойдогудай эмес. Өзүң белгилегендей, «РухЭш» сайты тынымсыз конкурс жарыялап келет. Бул жерде Олжобай Шакирдин эмгеги нар көтөргүс. Ал эми чыгармага жеңил-желпи баа берүү, жасалма атак-даңк эч кимге (сынчыга да, калемгерге да) аброй алып келген эмес. Чыныгы сынчы андайга барбайт ко. Тилекке каршы, калемгерде адабий билим жетише бербейт. Өзүн жогору баалоо – билимсиздиктин белгиси. Ошондуктан бир нече жылдан бери Адабият институтун ачуу маселесин жыйындарда көтөрүп келем, бирок аны чечүү механизми али табыла элек. Мезгил калемгерлерди акыры өз ордуна коёт.

- Жаштардын ичинен адабият илимин аркалоого талпынгандар барбы? Болсо, кимдерден кабарыңыз бар?

- Бар. Мен өзүмө тике байланыштагы Улукбек Омокеев, Махабат Алымбекова, Афина Бакирова, Жазгүл Жамангулова адабий билимди тереңдетүүгө абдан ынтызар. Бирок өзүн көөдөнүн көтөрүп, гений сезип алгандар да көбөйүп кетти. Бул адабий сындын азыркы алсыздыгына келип такалат.

- Дагы бир суроом адабий сын жөнүндө болмокчу. Бир катар адабиятчылар проза жанрына табияты жакын болсо, башкалары поэзияны жакшы кабылдап, аны ийине жеткире ачып бере алат деген пикирлер бар. Маселен поэзияны илимий-теориялык жактан жеткире талдоо менен бирге анын ички эмоциялуу дүйнөсүн же андагы айтайын деген татаал идеяны таасын көрүүгө сынчыда адабий камылгадан тышкары кандайдыр акындык табият болуусу зарылбы?

- Менимче, кайсы жанрда «кыймылдагы эстетика» жандуу болсо, ошол жанр адабият таануучуну да, сынчыны да өзүнө магниттей тартып кетет. Бул сөздү мен өз жон терим менен сезген үчүн айтып жатам. Азыр поэзиядагы кыймыл динамикалуу. Ойлоп көрсөм, кийинки жылдары поэзияга тартылып кетиптирмин. Акыркы жылдары Токтосун Самудинов, Тургунбай Эргешов, Кожогелди Култегин, Зайырбек Ажыматов, Нарсулуу Гургубаева, Афина Бакирова, Назгүл Осмонованын чыгармаларын талдоо менен алек болуптурмун.

Поэзиянын ички «жан сырларын» туюп-сезүү үчүн адабий табит чоң ролго ээ деп ойлойм.

- Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повести тууралуу макалаңыздагы протосюжеттин ролу жөнүндөгү кеп, көпчүлүк чыгармалардын улуулугу, ийгилиги андагы чынчылдык, чын ыкластыктын зор үлүшү бардыгынан уламбы деген оюмду дагы да бекемдегендей болду. Албетте, протосюжеттин ийгиликтүү ишке ашышы – чыгармада автордун жеке тагдырынан чыгып, жалпы элдин тагдыры менен айкалыша алгандыгы болсо керек. Поэзия жаатында да «акынга тагдыр керек» деген сөз кездеше калат. Муну да тар түшүнүктө кароо чекилик болот чыгар?

- Протосюжет да, тагдыр да калемгердин чыгармачылыгына түздөн-түз таасир этүүчү факторлордон, бирок кеп калемгер аларды кандай деңгээлде кабылдайт? Бул маселе сүрөткердин билим деңгээлине, акыл-парасатына, адамдык адеп-ахлагына, ички руханий камылгасына байланыштуу. Философ Эпштейн айткандай, тагдыр калемгерди кумар оюнуна чакырат. Кумар оюну - спорт оюну эмес. Анда тобокелдик менен керек учурда жан кечтилик, опурталдуу азгырык бар. Ушундай кыяматтын кыл көпүрөсүндөй опурталдуулуктан сынбай өткөн адам гана тагдырлуу инсан катары өзүнө да, адабий процесске да бурулуш жасайт.

Маектешкен Залкарбек НАЗАРМАТОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз