Залкарбек Назарматов: Бейпил дүйнө күйүп жатат тирүүлөй

  • 05.04.2020
  • 4597

БИР ДУЛДУЛ

Буудан бар бир, ай туягы алтындан,
Буюктурган бороон тоотпой алкынган.
Буюрган го бирок ага мындай иш -
Буурсун сүйрөп, кайыш каамыт артынган.

Өзү түшкөн чидер дайым тузактап,
Өрүшүнөн аты угулбай ыраактап,
Калар бекен Толубайдай качандыр,
Купкуу башын зор өкүнүч кучактап...

ТҮН ДҮЙНӨ

Эх, досум, дале жүрөм караңгыда,
Мерчемин билбей арам, адалдын да.
Керемет, кесепетин аңдай албай,
Көр туюм өмүрдүн да, ажалдын да!

Жакшыдан үмүт кылган айыбымбы?..
Жалгандан тапкандай сен дайыныңды,
Жаңсайсың, жанга дабаа жалгыз, дейсиң
Жасалма өчүп жанган жарыгыңды.

Азгырык үмүттөргө түк түтпөймүн,
Айланып атаар таңды түн күтпөймүн.
Эртелеп элден мурун жылынам деп,
Билсең дос, түбөлүктүү Күндү издеймин...

ТӨРТ САПТАР

Улам кийин ушул дүйнө кубулуп,
Мурункулар жомок болуп угулуп,
Кургуйланып жергуй кеткен суулардай,
Жоктон келген жокко барат жутулуп.

*     *     *

Балыр баскан кургак сайдын түбүндө,
Көлчүк сындуу ысык жайдын күнүндө.
Азыркыдай какшып, жылбай жатпасмын,
Бууракандап акчу кезден түңүлбөйм.

*     *     *

Кубатын курчутуп умтула,
Күн сайын күйүгөт жаш дене.
Кудайын түш ообой унтулган,
Күндө эрте жүрөккө апкелет.

БАЯГЫ ЖОЛ

Тапталган да, тайгак дагы, баткагы...
Баарыбызга канткен менен жапжалгыз.
Чыгыш-батыш – созулуп ал жатканы,
А биз ага эрксиз түшкөн жандарбыз.

Ыкшоо тартып, көп ичинде моюдум,
Чаңдуу сапар чарыгыма үңүлтүп.
Чыйыр издейм кез-кез созуп моюнум,
А мунарык мисирейет түңүлтүп.

ИЛДЕТ

Дүрбөлөңдөн кулак чуулдап, элеңдеп,
Дүйнө биздин урап турат тереңде.
Эртеңдерден жарык күтүп түпөйүл,
Сансыз жүрөк ушул кыйын кезеңде.

Кайдан-жайдан пайда болуп бир илдет.
Жалмап кирди... жапырт баарын чүлүктөп...
Жаратуучу, сени эстеди заматта,
Жай турмушта жүргөн үмүт пул издеп.

Көрсө да көз, эс туюмум ынанбай,
Көргөндөрдү көөнүм кабыл кыла албай.
Көзөл заман кирип келди! Жүргөндө,
Көр турмуштун көйгабынан чыга албай...

ҮЙГӨ САПАР

Тамтыгы жок, кылдыраган аты – унаа.
Муз жамынган сапар ушул – тар кыя.
Такси келет... Ичиркене ичинде
Талаа-түскө ичим чыкпай суз карап,
Кунары качкан дымып турат туш тарап.
Канда айланган көңдөй намыс курутуп,
Алаканга кара канын чубуртуп,
Тамыры өлгөн жүрөгүмдү эзмелеп...
Табыла элек дале өзүмдү жемелеп...
Карысам да, кай күндөргө кабылсам
Сүйгөн дайым... күткөн атам энемдин
Тамын көздөй шыбактары ураган,
Кубансам да түпкүрүмдө кубара,
Такси ичинде чама-чарксыз келемин!

САЛЫШТЫРУУ

Жалбырак мисалындай өмүр дагы,
Бүчүрлөп, өнүп чыгып, бышып жеткен.
Тирүүлүк көктөмүндө өсүп жаңы,
А күздө бороон тоноп, жулуп кеткен.
Жалбырак мисалындай көңүл дагы,
Эрте жаз жапа тартып үшүктөрдөн.
Саргара жалбыракта калып тагы,
Мөндүрдөн чоктой көзөп тешип өткөн...

АЙДАЙ СУЛУУ

Түн. Коңур күз. Салкын аба.
Ай алдында каалгыган буудай талаа.
А четинде бейкапар шылдыраган,
Алтын нурду чагылткан арык гана.

Арык бою апакай жүзү нурдуу,
Айды тиктеп олтурат, айдай сулуу.
Термелишсе буудайлар муздак желге,
Телмирет да ансайын, үшкүрүп шуу.

Көкүрөгү көзөлүп, эңшерилип,
Көп күткөнбү кечиккен тең шеригин.
Ачуу жашын алкымда сезген сымак,
Шуудурашып буудайлар сеңселишет.

Айдап келип кусалык ушул жайга,
Арман, сырын айткансыйт жалгыз Айга.
Эгин талаа термелип, үнсүз турат,
Жубата албай көңүлүн, таппай айла.

КЫЗГАЛДАКТАР

Талаа, түз. Кызгалдактар – жолоочулар,
Жарк этип жазда келчү коноксуңар?
Көктөмдөн жайга алмашчу кезге чейин
Жаркырап, кайра жомок болосуңар!

А силер, күзгө чейин калбайсыңар,
Адамды так ушинтип алдайсыңар:
Бир айда жердин бетин шаңга бөлөп,
Бейиштин үзүмүндөй жайнайсыңар.

Кыярып, кызыл чоктой күйөсүңөр,
Кыраңдар, жайыктарды сүйөсүңөр.
Кыялдар, үмүттөргө канат берип,
Кырчындай сезимдерге түнөксүңөр.

БУЛУТТАР

Туу чокуда булуттар түрмөктөлүп,
Турду бир аз жуурула, үймөктөлүп.
Ак коюнун жүнүндөй атам баккан,
Ак-сур тартып, түрүлүп, түйдөктөлүп.

Түркүн булут түрдүү элес калтырышып,
Түз шамалга түнөрүп, алпурушуп,
Жууркандагы кебездей апам тиккен,
Чүмкөп тоонун караанын жазгырышып.

Жалгыз болсо бул шамал жайпап иймек,
Сөгүп, айрып, туш-тушка айдап иймек.
Буюктуруп, удургуп дале согот,
Булуттардын бириккенин кайдан билмек.

Зор булуттар зоолорду каптап өтүп,
Жөө тумандап, ылдыйлап, каттап өтүп,
Айыл үстү кулач керип келатышты,
Адырларды мөндүрлөп, таптап өтүп.

УЛУУ ДӨӨЛӨТ

Улуу элең бир заманда,
Улуу дөөлөт курдуң эле.
Улуу талаа алаканда,
Уучтап аны турдуң эле.

Жоокер элең бир кезеңде,
Жоодон качпас, жолборс элең.
Жортуулдарга кеткениңде,
Жолуңдагы оңбос эле.

Туйлап өткөн Дешти Кыпчак,
Туягы алтын тулпарларың.
Түз Алтайдан Ала-Тоого
Туурун издеп шумкарларың...

Ошол дөөлөт доорлор сүрүп,
Ошо бойдон турганда не!
Ооматыбыз оодарылып,
Оңбос болуп, курган беле?!...

ӨРТ

Бейпил дүйнө күйүп жатат тирүүлөй,
Тилсиз жоонун кучагына оролуп.
Эт жүрөгүм шамшар жалын тилүүдө,
Жан арбала, тап жылбастан торолуп.

Көрсө байкуш пенде экемин макулук,
Өрт аралап жүргөн менен денеде,
Кантип адам атка коном аты улук,
Кылча пайдам тийбесе Жер Энеге!

БИР УСТА

Куур тонун курчанган бир уста,
Кубанат көнүмүш жумушка.
Кум элеп жатат ал, кум элеп...
Кууралы, кубанчы бир уучта.

Кум улам азайып, түгөнүп,
Калбыры жешилди, бүлөнүп.
Кабагы антсе да жайдары,
Калчудай ушинтип түбөлүк...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз