Үмүт Култаева: «ӨЛТҮРБӨ!» − Ч.Айтматовдун ааламга айткан акыркы керээзи

  • 25.10.2021
  • 4601

(же протосюжеттин жазуучунун чыгармачылык тагдырындагы ролу)

Ч.Айтматов “Бетме-бет” (1957) повестин “чыгармачылык дебютум”, “алгачкы повестим” атаганы белгилүү. Бул чыгармага  чейин жазылган бир нече аңгемесин жазуучу эмне үчүн эсепке албайт? Анткени залкар жазуучу китептик таасирлердин жана идеологиялык көрсөтмөлөрдүн негизинде көркөм адабияттын чыныгы эстетикалык наркын жаратууга мүмкүн эместигин сезип, жасалма жазуунун принциптерин ушул чыгармасында танган экен.

Диалектиканын танууну тануу мыйзамы прогресстин, демек, өнүгүүнүн булагы катары жазуучунун чыгармачылыгына жаңы көркөм ойлоону алып келген. Дүйнөлүк жазуучулар кайсы улуттан болгонуна карабай бир тилде – жүрөк тилинде[1] сүйлөй билүү мүмкүндүгүнө ээ экендигин туюп-билди. Өз сөзү менен айтканда, жазуучу “Бетме-беттен” чыгармачылыктагы  таянаар тоосу “реализм жана да реализм...” экенин сезди. Болгондо да  пенделик майда-чүйдөнү натуралисттик сүрөттөгөн реализм эмес, ...чындыкты толстойчо түшүндүрө алган реализм, адам дүйнөсүн сүрөттөгөн көркөм образда коом, тарых, келечекти айкалыштырган реализмди”[2] тааныган. Андай реализмдин негизи кайда эле?

Көрсө, ал автордун баштан өткөн окуялардан алган таасирлеринде экен. Бул маселе көркөм адабиятта протосюжет түшүнүгүнө барып такалат. Протосюжет − чыгарманын сюжетине негиз болгон реалдуу окуя, факт.  “Бетме-бет” повестинин негизги протосюжетин түзгөн окуя – уурдалган уй  бала Чыңгызга Карагыз апасы энчилеп берген кунаажын болчу. Туушуна аз күн калган кунаажынды согуштун апаат күндөрүндө үй-бүлөнүн негизги жан сактоо булагы катары карап, Нагима эне төрт баласы менен көздүн карегиндей акмалап турганда жоголуп олтурбайбы.

Окуяны жазуучунун өзүнөн угалы: “1943-жылдын февралында үй-бүлөбүздүн башына чоң кырсык келди. Анда биз Жийдеде жарымы урап калган, ... мурда клуб болгон эски жайда жашачубуз. Мал кармай турган жайы жок, жалгыз уюбуз – “Сукраны” ...колхоздун короосунда кармачубуз. ...Бир күнү адаттагыдай эле таң сүрүлө келсем, уюбуз ордунда жок”[3].

Кыйын күндөрдө жан сактоонун бирден-бир каражаты ушул уйга байланып, жакында тууй турган уйдун сүтүнөн “ак ичип, жаңы ууз жейбиз, каймакка тоёбуз” деп таттуу кыялга баткан жаш аялмет үй-бүлөгө бул окуя “...апыртуусуз айтканда күнү баткандай, өмүрдүн соңуна жеткендей чоң трагедия (астын сызган – К.Ү.)”[4] болгону жазуучунун жан-дүйнөсүнө өмүр бою эстен кетпес так салган.  Балким, жазуучунун чыгармаларында көркөм аңдоого алынган “...жашоону трагедия катары сезиши”[5] ушул окуядан башталган. Анткени Ч.Айтматовдун көркөм чыгармаларынан келип чыккан трагедиялык корутунду жазуучунун чыгармачылыгын өмүр бою коштоп олтурду (Толгонайдын, Танабайдын, баланын, Найман-Эненин, Бостондун, Авдийдин, Абуталиптин, Арсендин трагедиясын эстеп көрүңүз). Бирок айматовдук трагедия – трагедияны болтурбоого элди күрөшкө үндөөчү, жакшылыкка шыктандыруучу, адептүүлүккө тарбиялоочу трагедия!

Кызыгы, жазуучунун жеке үй-бүлөсүнө келген ошол трагедияда коом менен мезгил трагедиясы, эл менен жеке адам трагедиясы жуурулушуп, “Бетме-беттеги” сюжеттик драматизмди жүрөк титиреген чыңалууга жеткиргени анын башка чыгармаларына да таасирин тийгизген. “Бетме-бет” Лениндик сыйлыктын лауреаты сыйлыгына көрсөтүлгөн “Тоолор жана талаалар” жыйнагына кирген эмес. Ошондуктан бул чыгармага айтылган сындар, берилген баа башка чыгармаларына  (“Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Ак кеме” ж.б.) караганда азыраак. Натыйжада жазуучу “Бетме-беттен” чыгармачылыктын жаңы дүйнөсүнө кирип, ал дүйнө жалпы кыргыз адабий процессине жаңы табылгалардын келишин шарттаган. Повесть Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон жыйнакка кирбегени менен ага кирген чыгармалардын: “Жамийла”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Ботогөз булак”, “Биринчи мугалим” повесттеринин жаркын чыгышына “эшик” ачты. Чыгарма “Ч.Айтматовдун талантынын күчтүү жактарын, ачылбаган, бирок сөзсүз ачыла турган чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн айкындады”[6].

Чыгармадагы протосюжет жөн гана бир баланын эсинде калган жаман окуя эмес эле. Мындан жазуучунун бүтүндөй чыгармачылык концепциясына негиз болуучу нравалардын кагылышуусунан келип чыккан идеялык постулат негизделгенин байкоо кыйын эмес. Уй уурдалышына коомдук реакцияны караңыз: “Күйөөлөрү фронтко кеткен коңшу аялдар келип, бизге кошулуп, улуп-уңшуп, кыйкырып-өкүрүп ыйлай башташты. Ууруларды кудайга жете тургандай ачуу үндөрү менен каргап жатышты. Ошол окуяны андагы ачуу үндөрдү эстегенде бүгүнкүгө чейин ачуудан тамагым муунуп кетет. Эң улуусу болгондуктан, кичүүлөргө камкордук кылып, аларды жамандыктан коргоп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай бакчу милдет менин мойнумда турган. Анан ошолорду көрүп туруп мага бир ой келди – ууруну кандай болбосун таап, кантип болбосун өлтүрүү (астын сызган – К. Ү.) гана керек...”[7].  

Повесттин алгачкы кол жазмасын Москвада − мейманканада сынчы К.Асаналиевге окуп бергенде, 2 саат бою үн чыгарбай аягына чейин уккан  соң, зирек сынчынын:

- Ошол Ысмайыл чын эле барбы? – дегени бекеринен эмес эле. Ысмайылдын прототиби да кадимки жазуучу көрүп-билип жүргөн атактуу мал ууру, Шекер менен жанаша айыл Көк-Сайда[8] жашаган реалдуу адам, “айылдагы согуштан качкан алгачкы дезертир”. А бирок  “жазуучунун жаркын жекече өзгөчөлүгүн аныктаган, терең чынчыл, укмуштуудай чынчыл (сызган – К.Ү.)  “Бетме-бет” повестинин”[9] ишенимдүүлүгү жалаң каармандын прототиби менен чектелбейт. Эгер азыркы мезгилде Ч.Айтматовдун чыгармаларын талдоого жаңы көз караш зарыл болсо, анда дезертирдин образын талдоого караганда повесттеги нравалар кагылышын шарттаган протосюжеттин жана алгачкы “дебюттун” улуу жазуучунун чыгармачылыгындагы орду боюнча ой толгоо маанилүү деген ойдобуз.

Жазуучу дезертирдин эгоизмин көркөм аңдоого алса деле окурмандын сезимине бүлүк салган бир жакшы чыгарма жаралмак. А бирок ошол дезертир элдик иштеги жеке адамдык милдетин аткаруудан качкан керт башын сактоо өзүмчүлдүгүн жетим-жесирдин ырыскысына кол салышы менен дагы күчөтүп, окуяны кульминациялык чекитине жеткирип, образдын терең ачылышын шарттап олтурат. Ал качкын эле эмес, убалдан коркпогон наадан, таш боор, мыкаачы; анын айбандык керектүүлүккө багынган  пастыгы – нравалык проблема эле. Өзүнүн тили менен айтканда, жазуучу адамга эң кыйыны күн сайын  адам болуу маселесин дал ушул чыгармадан сезгенби деген ой кетет.

Албетте, чыгармадагы драматизмди чыңалтууга, жазуучу балалык күндөрүндө жүрөгүнөн өткөн башка таасир – окуялар да кошулган. Согуштун апаат күндөрүндө элден согуш салыгын жыйнап, баштык толгон акча менен Шекерден райборборго баратканда, капысынан ээн жолдо:

− Баштыгыңда эмне бар?! Кардым ач, жегенге бир нерсе табылабы?![10] – деп, “жаагы шимирилип, ичине тартылып, шилбийип арыктаган” ач адамга жолуккан. Эл мүлкүнөн корккон жаш бала суроого ачык жооп айта албай, атка камчы басып алыстаганга аракет кылганда, артынан каргап шилеп, таш менен уруп кууп жөнөгөн. Эгер анын талмасы кармап, жыгылып калбаганда, окуянын аягы эмне болушу белгисиз эле. Жүрөктүн үшүн алган бул окуя өспүрүмдүн сезиминен көпкө кеткен эмес. Ал аз келгенсип, кыштын суугунда башкарманын тапшырмасы менен Жийдеден Грозныйга келатып, үшүгөндөн жолдогу чырагы бүлбүлдөп күйгөн тегирменчинин үйүнө түнөп кетүү суранычы менен кайрылып, үйгө киргенде, ал жерде тоо-ташта качып жүргөн качкындарды көргөн. Алардан кекенген коркутуу сөздөрүн уккан соң, ит өлгөн суукта кайрадан түндөп жолго чыгууга аргасыз болгон[11]. Мына ушул реалдуу турмуштук окуялардын синтези көркөм аңдоого алынган “Бетме-бет” повестин кайра окуганда, чынында, бул чыгарманын жазуучунун чыгармачылыгындагы маанисине таң калууга болот. Ошондо да аталган окуялардын ичинде уйдун жоголушу өзгөчө мааниге ээ.

Согуштун алоолонгон оту күйүп, өмүр менен өлүм бетме-бет, ачкачылык менен жакырчылык бетме-бет, жалпы элдик дух менен жеке адамын эгосу бетме-бет, “эркиндикти ушунчалык сүйгөн, күлүк ат десе жанын берген, бектен-хандан кайра тартпас”  Ысмайылдын жан дүйнөсүндө баатырдык менен коркоктук бетме-бет, бир үйдө жашаган аял менен эркектин үй-бүлөлүк мамилеси бетме-бет кагылышка кабылып турган мезгилди чагылдырган бул чыгарма жазуучунун чыгармачылыгынын өзгөчө көрүнүшү. Өткөөл куракта, өспүрүмдүн жан-дүйнөсүнө да карама-каршылыктуу сезимдер дүрбөлөң салып, ал бир эле мезгилде бала, ошол эле мезгилде “кичүүлөргө камкордук кылууга” бел байлаган, мезгилинен эрте жетилген чоң адам эле. Башынан өткөн ушул каргашалуу окуя ага тагдыр чечүүчү жолду тандоо милдетин жүктөдү белем. Өзү айткандай, же “ууруну кандай болбосун таап, кантип болбосун өлтүрүү” үчүн коңшусу Темирбектин мергенчилик мылтыгын алып жолго чыгып, талаа-түздү, тоо-ташты түрө кыдырып, шаардагы касаптарга чейин тинтип чыкмак... Сөзсүз ууруну өлтүрүү максаты азезилдей азгырып, бүт акыл-эсин, эрк-кубатын, намыс-арын ээлеп алган эле. Ошол учурда бул максат өспүрүмдүн алдында турган алгачкы “чоң максаты” болчу. Жалаң ушул ойго  алагды болуп жол кезип бараткан өспүрүмдү капыстан угулган үн токтотту да, кайрадан мылтыкчан бала менен эшек минген карыя бетме-бет келди:

−Токтоп турчу, уулум! Бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?

−Ооба, −дедим, анын бул суроосуна кабагымды да бүркөп койбой: −Ооба, өлтүрөм!

−Андай болсо шашпа! Менин сөзүмдү ук!.. Эмне үчүн өлтүргүң келип жатат, уулум?

−Тууганы калган бооз уюбузду уурдап кетишти. Төрт бир тууганбыз, эң улуусу менмин...

−Ошондойбу? Жаман болуптур, аябай жаман болуптур! Бирок сен мени ук! Өч жаман нерсе. Каргыш тийген ууру болсо да аны  ойлобошуң керек. ...Мендей карыяны ук! Өлтүрбө! Мындай нерсени ойлоп да койбо! Үйүңө кайт! ...ууруларды өлтүрүү тууралуу кайра ойлонбосоң гана акыр аягы бактылуу болосуң. Бакыт сени өзү эле издеп таап келет[12].

Ошентип ээн талаада, ээн жолдо өлтүр өлтүрбө деген өмүр менен өлүм бетме-бет келди да өспүрүмдүн өлтүрүү максаты быт-чыты чыгып кыйрап, өч алууга белсенген өспүрүмдүн “үмүт-ою биринчи жолу талкаланыды”. Ушул кыйроо болочок улуу жазуучу үчүн жоготуу беле, табылга беле?!

Кызыгы, ызага муунган неме “бакырып-өкүрүп ыйлап, калтырап-титиреп жатканда, көз жашы бетин жууп, тең салмагын жоготуп, айрылган өтүгүн бутуна эптеп илештирип сүйрөп” баратканда “алдынан алоолонуп жагылган улуу оттун элеси” келген экен. Биздин оюбузча, мына ушул улуу оттун элеси кыргыз адабиятына да, жазуучунун жеке чыгармачылыгына да келе жаткан кут, оомат, бакыт болсо керек. Мына ушул улуу от жазуучунун чыгармачылык кредосун аныктады: адамдын улуулугун, жашоонун түбөлүктүүлүгүн, сүйүүнүн, руханий байлыктын өлбөстүгүн, тазалыкты, аруулукту даңктаган анын философиялык концепциясынын уюткусу, көрөңгөсүн жаратты. Жазуучунун чыгармачылык дебюту “Бетме-беттин” протосюжетиндеги (өзү – өлтүрөм, эшекчен карыя – өлтүрбө дегенинен) өлтүр өлтүрбө Ч.Айтматовдун акыркы “Тоолор кулаганда” романындагы Арсен Саманчиндин “Өлтүрбө!” аңгемесине чейин эң маанилүү роль ойногон идеялык негизги ушу постулат улуу жазуучунун чыгармачылык тагдыры экен го.

Чыгармаларындагы гуманизм, руханий изденүүлөрдү “жараткандын пенде баласына берген эң жогорку шыбагасы - өмүрдүн баалуулугу”[13] (астын сызган – К.Ү.) менен түшүндүрүп, ... дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында жан кечтиликке барып, адамга каршы террорду жүргүзүп жаткандарды адам-зомби, акыл-эстен ажыраган маңкурттар”[14] аташы улуу жазуучунун адамзатка калтырган керээздеринин бири болуп калды. “Бетме-бет” повестинин протосюжетиндеги “Өлтүрбө!” – жазуучунун өмүрүнүн акырында жазган символикалуу романы “Тоолор кулаганданын” акыркы бетинен орун алганы окурманды ойго салат. Арсен Саманчиндин жарыяланбай калган аңгемесинде: “Эч кимди өлтүрө көрбө, эч кимдин канын агызба, балам”[15], - согушка уулун узатып жаткан энеси көзүнө жаш алып баласына жалынып турду.

−Өлтүрбө дегениң эмне?! ...Балаң кайда баратат? Согушка баратат, душманды өлтүргөнү баратат! – деп ачууланды атасы.

Поездде бараткан жаш уланга ата-энеси айткан карама-каршы сөз бетме-бет келип: “...Дөңгөлөктөр рельстерге урунуп: “Өлтүр-Өлтүрбө,  өлтүр-өлтүрбө, өлтүр-өлтүрбө”− безене какшап баратты.

Арсен Саманчин арзып-сүйүп, бирок баш кошууга үлгүрбөй калган Элес, анын кагаздарынын арасынан таап алган табылгасы: “Өлтүрбө” аңгемесин согуш кыргыны болгон жерлердеги бозоргон мүрзөлөргө барып, аларга үн чыгара окуп берем. ...Арсен Саманчин басса-турса оозунан түшүрбөгөн Кызкайыптын чакырыгын ар дайым угуп турамын. Мен да Кызкайып менен биргемин” – деген чечими менен Ч.Айтматов ааламга “ӨЛТҮРБӨ!” деген  керээз калтырды. Даанышмандын бул керээзин бүгүн террор уюштурган жанкечтилерге окуп берүү тирүүлөрдүн милдети.

Култаева Ү.Б. – филология илимдеринин доктору

[1] Ошондо. – 122-б.

[2] “Мы изменяем мир, мир изменяет нас” / Китепте: Чингиз Айтматов. Полн. Собр.соч. в восьми томах. Т.7., Алматы, 2008. С.123-124.

[3] Айтматов Ч. Балалыгым: жазуучунун немис котормочусу Фредрих Хитзерге айтып берген өмүр таржымалы.   – 52-53-б.

[4] Ошондо. – 54-б.

[5] Айтматов Ч. «Я ощущаю жизнь как трагедию...», Уроки Чингиза Айтматова //Литературная газета, №14, 16.07.2014. Литература / Портфель ЛГ / Евразийская муза,  Канапьянов Бахытжан.

[6] Асаналиев К. Ч.Айматов /Китепте: Кыргыз совет адабиятынын тарых, 2-том. –Ф.:Илим, 1990. – 544-б.

[7]  Айтматов Ч. Балалыгым: жазуучунун немис котормочусу Фредрих Хитзерге айтып берген өмүр таржымалы.  – 54.

[8] Караңыз: Ысмайыл кандай адам? /Китепте: Култаева Ү.Турмуш чындыгы жана көркөм образ, Б., 2008.

[9] Рудов М. Писатель и время // Советская Киргизия 1962, 12-декабря.

[10] Айтматов Ч. Балалыгым: жазуучунун немис котормочусу Фредрих Хитзерге айтып берген өмүр таржымалы. – 68-б.

[11] Ошондо. – 48-49.

[12] Ошондо. – 58-59-бб.

[13] Айтматов Ч. Манкурт реалдуу адамга айланды: 2004-жылы жазуучу менен Султан Раевдин маеги. /Азаттык радиосунун архивинен.

[14] Ошондо.

[15] Айтматов Ч.  Тоолор кулаганда.  Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. VIII том. – Б.: Улуу тоолор, 2014. – 343-б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз