Вьетнам эл жомогу: Өгөй жана өз бала

  • 05.03.2024
  • 2969

Илгери Карп аттуу киши болуптур. Ал ак ниет, адептүүлүгү менен атагы чыгыптыр. Карптын аялынын согончогу канабаганда айласы кетип бала багып алышат. Бул чүрпөсү ак жолтой болуп, көп өтпөй аялынын боюна бүтүп, жыл айланбай уулдуу болушат.

Балдар эр жеткенде Карп дүйнөдөн өтөт, артынан аялы да кетет. Алар эки уулуна мурас бөлүштүргөнгө үлгүрүшпөйт. Өгөй бала ач көз жана куу болгондуктан бөлө келгенде ата-энеден калган жер менен мүлктүн көбүн алып коёт. Иниси чырылдап адилеттик издейт, агасы эч кимди укпайт. Айласы кеткен жигит сотко арызданып, агасы өгөй болсо да оокаттын баарын алганын, өзү өз бала болсо да куржалак калганын билдирет.

Өгөй бала инисинин сөзүн көз көрүнөө жокко чыгарып, тетирисинче өзү ата-энесинен туулган уул экенин, инисин багып алышканын, андыктан алардан калган мүлк өзүнө гана тиешелүү болушу керектигин айтып кеп укпайт. Сот ары ойлонуп, бери ойлонуп, балдарды сынап көрмөй болот. Анткени ал Карптын ак ниет, адептүү адам болгонун  жакшы билчү.

Ошентип сот эки бир тууганды бирге түштөнүүгө чакырат. Алдыга чүйгүн тамак койдурганы менен жечү таякчаны тескерисинен бердирет. Өгөй бала муну байкабай дароо эле тамакка киришет, өз бала адеп кармап, таякты оң жагынан алып, тартынган түрдө жей баштайт. Мындан соң сот конокторуна эки түрдүү балык алдырып, ортого койдурат. Алардын бири абдан жакшы бышырылган карп балыгы болсо, экинчиси начар куурулган, өзү да жегиликсиз жөнөкөй балык болчу.

Сот эки бир тууганды карап турса өгөй бала карп балыгын гана жеп, берки балыкты ооз тийип көрүп, экинчи жебейт. Ал эми өз бала карп балыгын бир да жолу жеп көрбөстөн, жөнөкөй балыктан гана жеп отурат. Тамактанып бүткөндөн кийин сот андан эмне үчүн карп балыгын жебей койгонун сурайт. Жигит атасынын ысымы Карп болгонун, андыктан жегиси келбегенин айтат. Ошондо сот бул жигитке ыраазы болуп мындай дейт:

- Атанын канынан жаралуу анын чыныгы уулу болуш үчүн жетишсиз, ал атанын атына да сөз тийгизбей жүрүшү керек. Мен сенден атаңдын адебин таанып турам. Демек, сен мурастын толук кандуу ээсисиң, - деп өз уулга атадан калган мурастын көбүн берип, өгөйгө өп-чап үлүш ыйгарып, адилеттик кылат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз