Вьетнам эл жомогу: Жол боюнда соко жасаган уста

  • 30.01.2022
  • 2860

Жыгач уста соко жасап сатмай болуп, жүз тыйындын көзүнө карабай жакшы жыгач сатып алат. Өткөн-кеткендерден кардар чыгар деген ниетте жол боюна отуруп узана баштайт. Аңгыча өтүп бараткан бирөө бийик жана оор соко жакшы болорун кеңеш катары айтат.

Уста дал ошондой соко жасап сатыкка коёт. Муну жактырбаган дагы бир жолоочу жапыс жана жеңил соко жер айдоого эптүү болорун айтат. Эми уста ал айткандай жапысынан келген жеңил соко жасайт. Аңгыча жолдон өтүп бараткан дагы бирөө бул жазда тоолордун дыңы бузула баштаганын, мындай оор жумушка пилден башка унаа жарабасын жаңылык кылып, андыктан пилге чак келгидей бийик соко жасаса бат сатыларын кеңештейт.

Уста аны да угуп, абдан чоң соко жасайт. Бирок бир ай, эки ай өтсө да соколору сатылбайт. Ошондо гана ар кимди уга берип жакшы жыгачын бузуп алганын, ал аз келгенсип мээнети текке кеткенин түшүнгөн уста эч бир кеңешти кабыл албай, өз билгенин кылмак болот. Ошентип кийинки сокосун жасап баштаганында бирөө кайрылып эмне жасап жатканын сурайт.

- Соко жасап атам, - уста чынын айтканы менен кулагын жапырат. Анын кеңеш угар түрү жогун байкаган жолоочу жолуна түшөт.

Көп өтпөй дагы бирөө бурулуп, эмне кылып жатканын билгиси келет.

- Кетменге сап жонуп атам, - деген уста далысын салат. Мунун кеңешке кулак төшөбөсүн түшүнгөн ал өз жолу менен кетет.

Уста сокосун жасап ортолоп калганда дагы бирөө кайрылып, эмне жасап жатканына кызыгат.

- Тамак жегенге таякча жасап жатам, - күңкүлдөгөн уста башын көтөрүп да койбойт. Мындай жоон жыгачты жонуп жатып качан таякча жасап бүтөрүнө баш катырган жолоочу ийин куушуруп, өз жолу менен кетет.

Акыры сокосун жасап бүткөнү калганда дагы бирөө кайрылып, эмне жасап жатканын сурайт.

- Тиш чукугуч жасап жатам, - дейт уста далысын салып. Муну какшык катары кабыл алган жолоочу жолуна түшөт. Аңгыча күн батарына жакындап, соко да даяр болот. Болгондо да устанын көңүлүндөгүдөй мыкты соко жаралат.

Ушундан кийин ар кимди уга берип, жасап жаткан ишин бүлдүргөндөргө карата эл ичинде “Жол боюнда соко жасаган устадай болбой, өз билгениңди кыл”, - деген сөз айтылчу болот.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз