Бейшебай Усубалиев: Союп салышыптыр...

  • 02.02.2022
  • 3869

АҢГЕМЕ

Автобус көрүстөндүн жанына токтоптур. Муну алар кийин билишти. Жерге түшөрү менен экөө тең убадалашып алышкансып бет маңдайын карашты. (Адатта, адам эки жагын элеңдей карайт ко, булар антишкен жок.) Үндөшкөн да жок. Үндөбөгөн бойдон бет алган жагына кадам коюшту. Бир аз узаган соң гана артына кылчайып карашты да, көрүстөндүн жанына токтошконун, муну жана элес алышпаганын ойлошту. Караңгыда деле көрүстөн экени билинип турат экен. Мурда билинчү эмес. Күүгүмдө эле билинбей калчу. Азыр билинип турат экен. Улам мезгил өткөй сайын билинип баратат. Көрүстөн өзүнчө эле айылга айланып бараткансыйт. Эстеликтер аны айылга айлантып баратат. Кооз, көркөм айыл. Өлгөндөр айылы. Келаткандардын улуураагы ушуларды ойлоду да, селт этип чочуп кетти. Баса, булар – экөө. Ага-ининин балдары. Бири кырктан ашып, экинчиси отузга чукулдап калгандар. Улуусу – Ырыскул, кичүүсү – Шайлообек.

– Ырас болбодубу!.. – деди Шайлообек сүйүнгөндөй, тынчтыкты бузуп. – Свет бар тура. Жапжарык...

Эмнени айтып жатасың дегендей, тигиниси суроолуу карап калды.

Шайлообек бет маңдайына колун жаңсады. Ырыскул, эмнени айтып жатканын эми түшүнүп, аа... деп башын ийкеп койду. Бара-бара экөө бир-бирин даана көрө башташты. А түгүл өлүк чыккан үйдөгүлөр да даана көрүнө баштады. Экөө тең Баланча жүрөт, Түкүнчө жүрөт деп, ичтеринен эсептеп келатты. «Бир эле боз үй тиккен окшойт, – деп шыбырай кетти бир кезде Ырыскул өзүнчө. – Мурда...»

– Бирди эле тигишиптир, – деди Шайлообек угуза, анын оюн билгендей. – Азыр, эмне, кыш да. Күн суук. Сөөктү эле боз үйгө коёт... Анын үстүнө кийин баары эле бирден тигип жүрүшпөйбү.

Ырыскул таңданды. Экөөнүн бир нерсени ойлогонуна таңданып баратты.

Шайлообек кийинки эки-үч жылда айылда кимдер көз жумганын бирден санап чыкты да, ошолордун баарына тең бирден эле боз үй тигилгенин айтып келатты. Негедир актанып келаткансыды.

Анын сөзүн угар-укмаксан болуп келатса да, Ырыскул кайрадан таңданды. Шайлообектин кимдир-бирөөгө актанып жаткансыганын ойлоп, таңдана баштады.

Бир жерге келгенде Шайлообек тигини жалт карады да:

– Баштай берейинби?... – деди чочугандай.

Эмнени деп суроого, а түгүл суроолуу кароого үлгүртпөй, Шайлообек зоңкулдап коё берди:

– Эсил кайран көрөйүн атакем ой, эми кайдан көрөйүн о-ой...

Муну күтпөгөн Ырыскул алапайын таппай, кайпастап калды. Өкүрүк башка жактан чыгып жаткандай туюлуп кетти. Селт этип, эки жагын элеңдей карады. Анан өкүрүп бараткан Шайлообек экенин көрүп, санаасы тына түштү. Мен да өкүрүшүм керек да деген ой келе калды ушул маалда. Өкүрүккө кошула кетти. Өкүрүп баратышты. Өкүрүп баратышат да. Өкүрүп баратышкансыды. Ырыскул да өкүрүп бараткансыды. Өкүрүп баратып эле, өкүрүк менен кошо ойлонуп да бараткансыды. Жини келип баратты. Ушунчалык алыстан баштап... Жакындаганда эле башташса болмок да. Тү-үү, дагы канча бар?! Эми жетер-жеткенче өкүрүп барууң керек. Тынууга болбойт. Анда эле шерменде болбойсуңбу... Же өз атасы болбосо. Жакын тууганы дечи, бирок өзүнүн кара чечекей атасы эмес да. Же жаш болбосо. Өлгөн кишини айтам, Ырыскул анын жашын таппай чайнала кетти. «Жетимишке чукулдап калса керек эле... – деди анан өкүрүп бараткан бойдон. – Жетимишке келсе... Эмне, жашпы?!» Өкүрүп баратып эле, Шайлообектин үнүнө кулак түрө кетти. «Зоңкулдап үнүн...» – деп койду анан таңдангандай. Өкүрүп баратып эле өз доошуна да назар сала баштады. Негедир өз доошу өзүнө өөн учурагандай туюлду. Бир мезгилде чочуп кетти. «Ой!.. – деди өкүрүп бараткан бойдон. – Келесоомун да. Эмнеге «ата» деп өкүрүп баратам, эзели «ата» деп көрбөсөм, «байке» дечү эмес белем. Ээрчип эле...» «Байкеге» өткөнсүдү. Анын доошун Шайлообектин үнү жалмап алып жаткандай. «Зоңкулдап үнүн...» – деп койду кайра ичи күйгөндөй. Жакындап да калышты. «Кой, эми жакшылап өкүрүш керек...» – деген ой келди ушул маалда өкүрүп бараткан Ырыскулдун башына.

Жер карап өкүрүп келатышты. Улам жакындаган сайын дооштору да өзгөрүп бараткандай туюлду.

– Түз эле менин артымдан баса бериңиз. Көзүңүз...

«Келесоо го! – деди Ырыскул өкүрүк аралаш ичинен. – Өкүрүп баратып сүйлөйт да!..»

Мына жете берерде алдыда бараткан Шайлообек тайгаланып кетти да, темтеңдеп барып, араң оңолду.

«Көзүн кapaп баспайбы!.. – деди Ырыскул өкүрүк аралаш өзүнчө шыбырап. – Эгер жыгылсаң, бөөдө шерменде...»

– Абайлаңыз, – деди аңгыча Шайлообек, дагы эле өкүрүк аралаш. – Бул жер муз окшойт...

«Тү-үү, ата! Шерменде кылат турбайбы!.. – Ырыскул өкүрүк аралаш ого бетер кыжырданды. – Жетип калганда сүйлөйт да. Бирөө укса...»

Ойлонуп бүткөнчө болбой, боз үйгө да жете келишти.

Боз үйдүн кашына келгенде, жана муздан тайгаланбай аман-эсен өтүп кеткенин өкүрүк аралаш эстеп, Ырыскул өзүнчө сүйүнө кетти.

Көпкө деле өкүрүшпөдү. Сөөк кайтарып тургандар өкүртүшкөн жок.

– Оо... Болду эми. Сабыр кылгыла... – деп койду бери жакта отургандардын бири.

Ушуну эле күтүп жаткансып, өкүрүк да тып басылды.

– Оо... Суу алып келгиле. Суу... – деди ошол эле үн кайра.

Чайнек алып, бир кичинекей бала жетип келди.

Эмне кылышым керек дегендей, Ырыскул баланы суроолуу карап туруп калды. Анан эсине келгендей, колун сунду. Чайкамыш болду. Колун тартып алды. «Ыракмат...» – деп койду ооз учунан. Эмне кылар экен дегенсип Шайлообекке назар бурду. Ал да колун чайкамыш этти. Анан көзүн сүртүмүш болду.

– Союп салышыптыр... – деди тиги, өз үнүнөн өзү корккондой ого бетер акырын шыбырап. – Үлгүрө албай калдым. – Күнөөкөрдөй өзүнчө эле актана кетти. – Анын үстүнө билген эмесмин да. Мурда күнү кечинде эле баргам доктуруна. Терезеден сүйлөшкөнбүз. Жакшымын деген. Кете бер, үшүп кеттиң деген. Ошондо кетким келген эмес, бирок кете бер деп эле туруп алды. А түгүл убара болуп күн сайын эле келе бербе, жакшы болуп да калдым деген. Анан... Анан... Кете бердим. Санаам тынчып калды. Терезеден кол булгап калган. Күлүп. Мен да күлүп. Кол булгап. Мен кеткенден эки саат өтпөй эле... Эртең менен байкем, – агасына башын жаңсай кетти, – барса эле ордунда жок дейт... – Каңырыгы түтөп, үнү буула түштү. Бир аздан соң кайра шыбырады. – Союп салышыптыр...

Ырыскул эми араң түшүндү. (Анан ушул эле маалда жана буга бирдеме дегиси келгенин да эстеди). Түшүндү да таңыркады. Эмнеге таңыркап жатканын өзү элес албады. Жана буга бирдеме дегиси келгенин гана дагы эстеди. Тиги Ырыскулга назар буруп да койгон жок, өзүнчө эле буулуп турду. Эч кимиси үндөбөдү. Ал буулуп турду-турду да, акыры эч ким менен иши жоктой кайдигер гана ары басты. Баягы ордуна барып, үңкүйүп отуруп калды.

Ырыскул аны дале таңыркап карап турду. Бир кезде башына эмне үчүн муну мага айтып атат деген ой келип, ого бетер таңыркады.

– Кимдер калды келелек? – деди аңгыча сакалчан тынчтыкты бузуп.

– Баары эле келишти көрүнөт, – деди маркумдун улуу баласы. Анан инисин карай башын акырын жаңсап, шыбырай кетти. – Тиги Таштандын кайындарынан бөлөгү. Жер алыс эмеспи. Бүгүн түндөн же таң заардан келип калаар...

– Аякка дилгирем урдуңар беле, же киши жибердиңерби?

– Киши жибербедик беле... – деди тиги мурчуя, сиз деле билесиз да деген кыязда. – Бакандай болгон куда болсо... Анан... барабыз дешиптир...

– Аа.. – Чал санаасы тынгандай компойду. – Келип калышаар. Кыш күрөө. Жол тайгак...

Дагы үндөшпөй калышты.

– Силер эми үйгө эле отура бергиле... – деди бир кезде маркумдун улуу баласы Ырыскулга карап. – Күн суук. Кайыгып каласыңар. Ичик менен биз араң...

– Үшүгөн деле жокпуз, – деди Шайлообек ооз учунан.

– Кой. Киргиле. Жок дегенде жылуураак кийинип чыккыла...

Сөзгө моюн сунгандай, экөө кетүүгө кам урду. Бирок ушул маалда өкүрүк чыгып, алар буйдалып калышты.

– Булар кимдер экен? – деди сакалчан

– Таштандын кайындары го. Кудагыйга окшош бирөөнү көзүм чалып калды.

– Аа...

Көп өтпөй өкүргөндөр да жетип келишти. Бир топко өкүрүштү. Чын эле Таштандын кайындары экен. Муну Ырыскул сөздөрүнөн улам баамдады. Кол чайкап бүткөн соң, ар бири тургандардын баары менен кол алышып чыкты. Тааныгандары менен ал-жай сурашып жатышты. Андан кийин сакалдуу бир киши, сыягы кайын атасы го, бөлүнүп чыкты да, Таштандын жанына келди. Анын ийнине колун коюп:

– Кайрат кыл, айланайын. Арты кайырлуу болсун... – деди.– Сен эми өзүң атасың... Өмүр жашын эми ушул балдарына берсин...

– Оо...– деди аңгыча сакалчан. – Кудаларды киргизгиле. Кудаларга кайрылды. – Киргиле. Үйгө киргиле, кудалар...

Кара ичикчен баягы жигит учуп келди да, жүрүгүлө дегендей жол баштап жөнөп калды. Келгендердин баары үн-сөзсүз аны ээрчиди.

– Силер да кудалар менен кирип чыккыла, – деди маркумдун улуу баласы Ырыскулга карап. – Үшүп да кеттиңер окшойт...

Экөө кудалардын артынан жөнөдү. Боз үйдүн жанынан өтө бергенде, өзүнө тааныш үндү угуп, жалт бурулду. Маркумдун кенжеси менен ага курбалдаш бирөөнү көрдү. Маркумдун кенжеси бул дүйнөдө өзү эле жалгыз калгандай, жанындагыга бир буулуп, бир муунуп күбүрөп-шыбырап атыптыр:

– Союп салышыптыр... Жакшы эле болчу... Мени болбой атып кетирип жиберген... Эртең менен байкем барыптыр... Барса эле...

Бир буулуп, бир муунган күбүр-шыбыр Ырыскулду селт эттирди да, бучкактап ээрчип алды. Ал биресе түшүнбөгөндөй, биресе таңыркагандай, деңдароо болуп баратты. Анан негедир жана буга бирдеме дегиси келгени дагы бир жолу эсине түштү.

Жарым саат өтүп-өтпөй эле үйдөн кайра чыгышты. Ырыскул менен Шайлообекке дагы экөө кошулду. Буларды экөө тең жакшы таанышпайт экен. Куда-сөөктөрдөн болсо керек деп боолголошту. Баары сөөк кайтаргандардын жанына келишти.

– Силер отура берсеңер болмок экен? – деди баягы бейтааныш экөөнө маркумдун улуу баласы.

– Жо–ок... Отурганда эми...

Анда өзүңөр билгиле дегендей, ал үндөбөй калды.

– Ии... – деди сакалчан Ырыскулга, отура берүүдөн чарчагандай. – Шаар кандай, айланайын, ушундай эле суукпу?

– Суук эле...

– Ии... Тигинтип атыптыр, минтип атыптыр деп угуп эле, санаа тынчыбайт. Деги эмне болуп атат?

– Эчтеке деле... Тынч элебиз.

– Аа... Тынч болсоңор болду. Тиги Горбачовуңар эмне болчудай деги?

– Билбейм... – Ырыскул Горбачёвдун сизге эмне кереги бар дегендей мыйыгынан жылмая, ийнин куушурду. – Билип болбойт. Өзү деле билбесе керек эмне болорун.

– Таап айттың! – Чал кудуңдай башын ийкегиледи. – Аның чалмакейди чалып коюп, азыр өз алапайын таппай калды көрүнөт. – Башын кыйлага чайкап турду да. – Азыр Ысталин керек!.. – деди сыймыктангандай чечкиндүү. – Бир Ысталинден бөлөгү бокко жарабайт!.. – Өз сөзүнө маашырлана, башын ийкегилей берди.

Анын оюна кошулушабы же сөз талашкандан тартыныштыбы, айтор, тургандардын баары бир кишидей баштарын ийкешти.

Ушул маалда сөзгө аралашпай өзүнчө турган маркумдун кенжеси агасынын жанына келди да:

– Байке, – деди тарткынчыктай акырын, – сизге, эмне, шыдыр эле союп салдык дештиби?..

Бул жөнүндө мурда да далай ирет кеп болгон көрүнөт, агасы улам эле сурай бересиңби дегендей, инисин таңдана карап калды. Анан аядыбы:

– Мен кайдан билиптирмин деп айтып жатпаймынбы, – деди жумшак гана. – Сен айтып келгенден кийин эле, менин да санаам тынчып калган... Ошентсе да кызык, таң аткыча кирпик какпай чыктым. Атамды деле ойлогонум жок. Бирок ошентсе да... Өзүм да билбейм... Анан таң заардан эле өзүмдөн өзүм бир көрүп келе коёюнчу деп ээлигип туруп алдым. Машинени айдатып алып бардым. Барсам эле... – Актана кетти. – Мен деле жөн калганым жок, жакшы эле сүйлөндүм. Болуптур, өлөрүн өлүптур, а эмне үчүн соёсуңар, силерге ким улуксат берди деп жакшы эле кыйкырдым. Бизде ушундай, закүн ушундай, аксакал деп алаканын жаят бир чоңу. Ошол маалда тууган-туушкандарынан эч ким болбой калганынан улам эле дейт...

– Атаңдын оозун урайындар!.. – деди сакалчан кепти жула качып. – Бу доктурлардан өткөн жиндилериң болбойбу дейм, соосун деле соёт, өлгөнүн деле соёт. Сойгонго жараша тирилтип беришпейби, андай эле кыйын болсо... Кескилешип... – Нааразылана жер тиктеп калды

– Мен барганда жакшы эле болчу… – деди иниси күнөөкөрдөй өзүнө өзү шыбырай. – Кете бер деген. Анан...

– Жакшы болгондо эми... – Агасы эми эмне кыл дейсиң дегендей, аргасы түгөнө алаканын жая кетти.

Иниси жер тиктеген бойдон ары узады.

– Бул да буйрук, балам, – деди чал жер тиктеген калыбында. Анан башын көтөрдү да, тигинин кетип калганын көрүп, өзүнчө шыпшынып койду.

– Ээ, атасынын көрү, кимдин кандай өлөрүн ким билет!..

Жер тиктеп үңкүйүп отурган маркумдун кенжесин таңыркай карап туруп, Ырыскул буту чымырай баштаганын сезди. Шайлообекке акырын шыбырады:

– Жүрүчү, ары-бери басып туралы...

Экөө боз үйдү айлана басышты. Айыл кышы. Көрүстөн үрүл-бүрүл көрүнүп турат. Көрүстөндө да кыш. Эртең бул чал да ошол жерге барат. (Ырыскул боз үйдү карап койду.) Барат да кайтпайт. Тирүүлөрдүн баары акыры бир күн кайтпай калышат. Ар кимиси ар күнү (Ырыскулдун айылды карагысы келип кетти. Айландыра карады). Айыл чоңоюп келатыптыр. Улам жаңы үйлөр. (Көзү өзүнөн өзү эле көрүстөнгө илине түштү.) Көрүстөн да. Улам жаңы бейит. Экөө эрегишип жаткандай. Айыл жана көрүстөн. Жолду тээп бери келатыптыр бейиттер. Жолду тээп жаңы үйлөр ары баратыптыр. Экөө тирешип тургандай. Талашканы не? Ортодогу кара жолбу? Ырыскул буту чымырай баштаганын унутуп калды.

– Жүрү, эми тигилерге баралы, – деди анан калтаарый, Шайлообекке шыбырап, – уят...

Беркилердин жанына келишти. Үңкүйүп жер тиктеп отурган маркумдун кенжеси да булардын артынан келди. Баягы бейтааныш кишилердин бирөөсү эле калыптыр. Маркумдун улуу баласы ичиктин жакасына башын катып, үлгүрөп отурат. Сакалчан киши берки бейтаанышка бакжактап бирдемелерди сүйлөп жатыптыр. (Бул чалды айылдын чоңунан кичинесине чейин жакшы таанышат. Жамандык-жакшылыкта дайыма баш-көз болуп жүргөнүн көрөсүң. Бу өлгөн кишинин биресе тууганы, биресе коңшусу). Ырыскул бир чалды, бир маркумдун баласын карады. Экөө тең жанатан бери былк этпей отурушат. Катырып койгондой. Ким билет, буга чейин канча отурганын. Таңданды. Ырыскулдар келери менен чал сөзүн тык токтотту да, жанында үлгүрөп отурган маркумдун улуу баласын тиктеп калды.

– Чарчаган экен, – деди анан башын чайкай. – Эки күндөн бери чырм эте элек. – Аста түрткүлөй кетти. – Ашым, Ашым, үйгө кирип, кичине тук этип алчы. Үн чыгарарга жакын ойготуп коёрбуз...

– Жок... – Чочугандай селт этип, башын көтөрдү. – Акыркы түн... Отуралы... Уйку деле келген жок...

– Аа... Эртең түш оодарабыз да, ээ?..

Тиги үндөбөй, башын ийкеди.

Маркумдун кенжеси кайрадан агасына жакындады да:

– Байке, байке... – деди баягындай эле тарткынчыктай акырын. – Сиз... Тиги... Көрдүңүзбү?...

– Эмнени?

– Атамдычы?..

– Мен барганда ордунда жок экен дебедим беле...

– Тиги... Сойгондон кийинчи?..

– Ии?..

– Так калбайт бекен?.. Тиги сойгондон кийинчи?..

Агасы не дээрин билбей, деги эмне деп жатасың дегенсип, инисин дале таңдана тиктеп калды.

Иниси жооп күтпөгөндөй, адатынча ары басты.

Ырыскул аны узата карап туруп, жана буга бирдеме дегиси келгенин кайрадан дагы эстеди.

– Ие айланайын, баланын сөзүн сүйлөйт да, – деди ушул маалда сакалчан чал бакылдап, – так калбай коёбу? Киши сойгонду, киши деп коём, өлүк сойгонду мына былтыр мен өз көзүм менен көрдүм го. Тим эле оюнчук экен, айланайын. Мал союп жатканда кичине колуң калтырайт ко. Тигилepиң, киши сойгондорду айтам, деле бир солк этип койсочу, айттым го, жөн эле оюнчук экен деп. Жара тартып туруп эле, ичиндегилерин сууруп ыргытат экен... – Кичине тынып алды да. – Мен мына өз көзүм менен көрдүм го. Былтыр тиги Шайыктын сууга агып кеткен баласынын сөөгү табылганда, акедей асылып жатып мени киргизишпедиби. Шайыктын инисин сен кир, сөөк сеники эмеспи десем, өлүктөн корком, сиз эле кириңиз, сиз деле тааныйсыз да деп жалдырайт. Мейли анда, корксоң деп кирдим. Кирсем – тим эле көпкөк тулуп айланайын. Ушубу дейт. Ушул, тааныдым дедим. Ушул деп оозумду жыйып алгыча болбой эле, катуу оосурсаң томолонуп кетчүдөй болгон бир чүкөдөй сары аял алеки заматта эле күм-жам кыла койду... Киши экенине ишенбей кетет экенсиң. Өлүк сойгондорду айтам... – Эмне дээрин таппай, бир азга буйдала калды да. – Анан адырайта-адырайта тепчий салып, мына дейт айланайын...

– А эмнеге соёт болду экен?.. – деди бейтааныш киши, чындап таңдана.

– Анысын ким билсин, айланайын. Бири айтат, жанагы доктурдукун окуган балдарга көрсөтөт деп. Бири aйтaт, сойбосо, тим эле жытына... – Жипкиргендей жүзүн жыйырды да. – Далайды көрдүк ко, чын эле бу кишиден өткөн сасык... – Дагы эле жипкиргендей тык токтоп, жүзүн жыйыра, башын чайкай кетти.

Ушул маалда үңүлдөгөн үн баарын селт эттирди. Баары бирдей жалт карашты. Маркумдун кенжеси экен. Ал эки колу менен маңдайын таяп алып, баягы дөңгөчтө отурган бойдон үңүлдөп жатыптыр.

Баары эмне кыларын билишпегендей, бир-бирин суроолуу тиктеп калышты...

17.01.1992-ж., саат – 1425

27.03.1992-ж., саат – 1947

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз