O`Шакир: Хадистеги Кудайдын жолун ээрчиген мусулман барбы бизде?

  • 17.02.2022
  • 4017

"Хадисте" айтылат: "Билимдүү адам – пайгамбардын мураскери". Чын-чынында адамзат тарыхындагы өнүгү дооруна кайрылсак, байыркы цивилизациясы дүркүрөп өнүккөн араб дүйнөсүн биз бүгүн үстүртөн гана билебиз. Негизинен VII кылым – Ислам дүйнөсүндөгү илимий ачылыштардын алтын доору саналат. Мусулман дарыгерлери байыркы цивилизациянын даанышмандыгына таянуу менен илимдин чек арасын тайманбастык менен кеңири жайылтканы белгилүү. Буга төмөндөгү мисалдар далилдүү.

Айтсак, VII кылым. 632-жылы Мухаммед пайгамбар өлгөндөн кийин ислам Арабиянын чегарасынан тышкары да Персия, Палестина, Сирия, Ливан, Ирак жана Түндүк Африкага жайылганын билебиз.

Алми эми VIII кылымда Халиф Арун ал-Рашид Багдадда Акылмандар Үйүн негиздейт. Шаардын илимпоздору байыркы көптөгөн манускриптерди жана медициналык трактаттарды которушкан. IX кылымда болсо Ал-Рази Персияда жарык дүйнөгө келип, кийин ал дарыгер жана алхимик катары таанылып, көптөгөн маанилүү медициналык эмгектерди жазат. Ал эмгектер кийин латын жана грек тилдерине которулат.

Ошондой эле X кылымда чыккан хирург ал-Захрави Андалузияда төрөлүп, ал да көптөгөн медициналык аспаптарды ойлоп таап, хирургия боюнча биринчи көркөмдөлгөн китепти жазып чыкканы таңгалтырат.

XI кылымды алалы. Багдадда Ибн Сина (Ибн Синаны бизде кыргызча – Улукман дейбиз) “Медицина илиминин канону” китебин жазат. Бул беш томдук эмгек ал мезгилдеги медицина илиминде баардык маалыматтарды камтыганы белгилүү.

XII кылымдагы белгилүү философ Ибн Рушдду алалы. Ал астроном жана дарыгер катары латын тилинде “Colliget” (арабча “Куллийят”) деген ат менен белгилүү болгон медициналык энциклопедияны жазган экен.

XIV кылым. Осмон империясында атактуу хирург Шерафеддин Сабунчуоглу төрөлүп, ал да мусулман медицинасындагы алдыңкы жетишкендиктерди көрсөткөн илимий эмгектерди жаратканын белгилегим келет.

Бул малыматтарды айтып отурганымдын себеби: биз, тарыхты унутпашыбыз керек. Анткени мусулман дөөлөттөрү байыртан эле биринчи кезекте илимге-билимге таянган.

Илим-билимге таянган үчүн 622-жылы Мухаммед пайгамбар Меккеден Мединага жүрүп кетет жана Ислам календары ушу жылдан башталат эмеспи. Эки кылым кийин пайгамбардын мураскерлери – халифтер өз ээлигиндеги жерлерди чыгышта Иран жана Индияны көздөй, батышта Түндүк Африканын жээги менен Европага кеңейтишет. Ырас, Араб медицинасы Ислам менен кошо тарагандай эле ислам жол башчылары да башка маданий дөөлөттөрдү, өзгөчө, Египетте жана Жакынкы Чыгышта сакталып калган грек жана рим маданиятын өздөштүрүүгө умтулушкан. Алар айрым учурда “байыркылардын илими” деп аталган философия, техника жана медицина илимдеринде өздөрүн билимдүү көрсөтүүгө далалат кылышкан.

Сөзүмдүн аягында айтаарым: ошон үчүн "Хадисте" да айтылат: "Билимге жеткендер менен билим артынан түшкөндөр гана жалпы адамзатка пайда алып келет".

"Хадистеги" дагы бир улуу накылда минтип эскертилет: "Билимдин жолуна түшкөн адам кайра кайтып келгенге чейин Кудайдын жолун ээрчип жүрөт".

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз