Орозали Сайдилкановдун акыл казынасынан – III

  • 22.02.2022
  • 2916

*  *  *

Биз, мугалимдер балдардын адис же окумуштуу болуп чыгышына милдеттүү эмеспиз, адам жана кесипкөй болуп чыгуусуна милдеттүүбүз.

*  *  *

Досту (чындыкты күйгүзүп айткандарды) кас кылуудан, касты (сүйдүрүп айткан кошоматчыларды) дос кылуудан жаңы бийлик алыс болууга тийиш. Чындык укканыңда ачуу, түбөлүккө таттуу болот.

*  *  *

Өз алдынчалыкка, чыгармачылыкка жана эркиндикке негизделген мамлекеттик башкаруу системасы түзүлмөйүнчө, окуучудан тартып министрге чейин өзүнүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтө албайт. Көз карандылыкка негизделген мамлекеттик башкаруу системасы жеке адамдын да, мамлекеттин да өнүгүүсүн шал кылат.

*  *  *

Адам мээсинин потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эң аз пайдаланган элдин катарына кыргызстандыктар да кирет экен. Урматтуу мугалимдер! Билимден артта калуубуздун бир себеби ушул болуп жүрбөсүн!

*  *  *

Мугалим – окуучулардын билим сапатын, тарбиялык өнүгүү деңгээлин көтөргөн негизги күч. Сапаттуу, эффективдүү иштеген мугалимсиз билим берүү тутуму эле эмес, бүтүндөй өлкө өнүкпөйт. Мамлекет, жергиликтүү бийлик органдары бүгүнкү күндө мугалимдин кадыр-баркына, беделине өзгөчө көңүл бурушу зарыл.

*  *  *

Эгемендик жылдарында бийлигинен пайдаланып өлкөнүн бүтүндүгүн бузуп, жерибиздин башка өлкөлөргө берилишине жол берген саясатчыларды өлкөнүн чыккынчылары катары эң оор жазага тартуу зарыл. Азамат Алтай абабыз Ала-Тоонун топурагын жазданып жатайын деп Америкага бир ууч топурак алдырып кетип жатпайбы. Демек, ага жери эле эмес, анын бир ууч топурагы да ыйык. Ыйык жерибизди башка өлкөлөргө берилишине жол бергендерди жазасыз калтыруу кудайга да жакпайт. Жер тагдыры менен ойногон жексур саясатчылар булар элдин чыныгы душмандары саналыш керек. Эл чыккынчыларынын тагдыры кийинки муундарга сабак болууга тийиш.

*  *  *

Жаңыланууну жеке адамды алмаштыруудан эмес, мамлекеттик системаны жаңылоодон баштоо зарыл.

*  *  *

Чыныгы оппозиционер өлкөнү бузуп-жарууну, кыйратууну максат кылбайт, алар бийликтин катасын таап, өлкөнү өнүктүрүүнүн альтернативдүү жолдорун сунуштайт. Өнүгүүгө өбөлгө болот.

*  *  *

Жан дүйнөсү сокур адам эч качан адилеттүүлүктү көрбөйт. Ошондуктан баланын жан дүйнөсүнө жашынан көсөмдүктүн үрөнүн себүү керек.

*  *  *

"Идея адамды эр жүрөк жана тайманбас кылат", - деп В.А.Сухомлинский айткандай, коррупцияга каршы күрөш идеясы кыргыз элин эр жүрөк жана тайманбас кылат деген ишенимим өчпөсүнчү. Ойгонолучу! Коррупционерлерди коргоп, колдобойлучу, аларды мактап-даңктап дүйнө элине шерменде болбойлучу! Жек көрөлүчү! Ушул ууру-кескилердин кесепетинен дүйнөдө эң жакыр, тилемчилик кылып, жалтаңдап жашаган өлкөгө айланганыбыздан уялалычы! Бул эл байлыгына кол салган жексурлардын бетин өзүбүз ача албасак да, алардын бетин ачкан элибиздин эр жүрөк уул-кыздарын колдойлучу, колубуздан келишинче коргойлучу. Балдарыбыздын, небере, чеберелерибиздин келечегин ойлойлучу!

*  *  *

Өспөс эл – өзүнө өзү кас болот. Душманды дос, досту кас кылат. Жаманды көтөрүп, жакшыны пас кылат.

*  *  *

Маселе баланын билүүсүндө эмес, билгенин колдоно алуусунда.

*  *  *

Бала менен бирге ойноо менен анын ичи-койнуна кирип, жан дүйнөсүнөн, жүрөгүнөн түнөк табасың. Бул педагогикадагы эң чоң ийгилик!

*  *  *

Ийгиликтин оттугу – ар бир баланын өзүнө ишеними жана каалоосу.

*  *  *

Мугалимде кесибине берилгендик болсо гана бүт мүмкүнчүлүгү гүлдөй жайнап ачылат. Берилгендик кесипти туура тандоого жана жагымдуу шартка байланыштуу жаралат.

*  *  *

Мыкты мугалим баланын жетишпестигинин себебин өзүнөн издейт.

*  *  *

Баланын жан дүйнөсүн ачууда мугалимге бир дагы күч теңдеше албайт. Мамлекет реформаны мугалимди даярдоодон, ага шык-дем берүүдөн, шарт түзүүдөн баштоосу керек.

*  *  *

Кайсы мамлекет, эл коррупционерлерге гумандуу мамиле жасаса, ал балалап көбөйүүсүн токтотпойт. Бардык мителер жагымдуу, тынч жайды издейт.

*  *  *

Жакшы мугалимдерсиз жакшы мектеп болбойт.

*  *  *

Урматтуу Президент! Сөз атылган ок, сөзүңүздөн кайтпай мамлекеттик кызматтарга альтернативдүү негизде конкурстук жол менен ийгиликтүү, таза инсандардан тандап ишке алыңыз. Андайлар ар бир партияда бар экендигин парламенттик шайлоодо дебаттарда бүт эл көргөн. Маектериңиздин биринде Кыргызстанда кадр таңсык деген сөзүңүзгө мен кошулбайым. Мыкты кесипкөй, таза инсандарды иштетүүгө сизде каалоо, кызыкчылык болсо, алар табылат.

*  *  *

Кеп мыкты планда эмес, кеп мыкты кесипкөй жана мекенчил инсанда.

*  *  *

Кадр саясаты өтө кылдаттыкты талап кылат. Себеби ал мамлекеттин жана жеке инсандын беделине байланыштуу маселе. Демократиялык мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн өлкөдө экөөнүн тең бедели жана кадыр-баркы ыйык сакталуусу зарыл. Эртең менен дайындап, түштөн кийин кызматтан алуу мамлекетте мыйзамдуулуктун сакталышына шек жаратса, жеке адамга эң жаман моралдык сокку, шылдыңдоо болот. Ага жол бербөө үчүн бардык баскычтагы мамлекеттик кызматтарга альтернативдүү негизде конкурс жыйынтыгы менен, программасына, ошол тармакты өнүктүрүүнүн келечегин көрө алгандыгына карап тандап дайындоо зарыл.

*  *  *

Мектеп сапатын мугалимдер аныктайт. Мугалимдерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп, чыгармачылык менен иштөөгө, жаратмандыкка жагымдуу жагдай түзүп берүү зарыл.

*  *  *

Гумандуу педагогика – баланын күн сайын өсүүсүнө жана жакшы болууга умтулуусуна дем берген педагогика.

*  *  *

Мугалимдин адамгерчиликтүү мамилеси – баланын гүлдөй жайнап ачылышынын соолгус булагы.

*  *  *

Менин кудайым – бул менин абийирим, ыйманым жана ыйманым.

*  *  *

Баланын көз ирмем бактылуу жылмаюусуна арзыган адамдан өткөн бактылуу адам жок.

*  *  *

Мугалим – бул интеллектуалдык турмуштун шамы...

*  *  *

Адилетсиз, жан дүйнөсү жарды, дили бузук адамдар эч качан адилеттүүлүктү жана акыйкаттыкты көрө да, баалай да албайт. Ал өз деңгээлинин кулу.

*  *  *

Силердин тандооңордон, ой пикириңерден, көз карашыңардан айырмаланган адамдарды, позициясыз, кошоматчы, өз ойлому жок деп кемсинтүүгө барбагыла! Толеранттуу болгула!

*  *  *

Педагогикада этият мамиле жасоону талап кылган дагы бир маселе – балдарды өзүн-өзү ашыкча баалоодон сактоо. Бул өзүмчүл, бой көтөрмө, бюрократ диктатор, таш боор адамдардын калыптанышынан сактайт.

*  *  *

Мугалимдин чыгармачылыгы – окуучунун өсүү шарты, ийгиликтүү окуусунун витамини.

*  *  *

Маданияттуулук – адамдын руханий байлыгынын көрсөткүчү. Ал эми сөз – маданияттын туу чокусу.

*  *  *

Дүйнөнү да, эки адамдын, топтордун ортосундагы достукту да сактап калуучу улуу күч – гумандуулук.

*  *  *

Биз – мугалимдер, жүздөгөн тагдырлардын жаратуучусубуз. Биз буга баланын сүйүүсүнө ээ болуу менен гана жетише алабыз.

*  *  *

Демократия – бул мыйзамдуулук жана гумандуулук. Демократиялык коом мыйзамсыздыкка, адамгерчиликсиздикке жол бербеген коом. Бул баш ийүү жана башкаруу маданиятына ээ болгон коом. Келгиле, Кыргызстаныбыз демократиянын өлкөсү болушуна ар бирибиз салым кошолу. Өзүбүздү өзгөртөлү.

*  *  *

Адам – адамды, анын кадыр-баркын, беделин урматтоону, сыйлоону ыйык сактаганга өз абийиринин жана жараткандын алдында милдеттүү! Душманыңды да негизсиз каралоого барба!

*  *  *

Чындыктын азабын тарта билген инсан – улуу инсан. Айрыкча, саясатта мындай инсандар аз.

*  *  *

Баарыбызда кызыкчылык бар. Биздин кызыкчылык эл үмүтүн жарык кылгыдай болсун.

*  *  *

Президент – элдин кулу. Кудайга шүгүр, кул болом деген адам көп экен!

*  *  *

Ар бир баланын жакшы жагын көрө билип, колдоп, шыктандыруу аркылуу ар тараптуу өнүктүрүү мугалимдин чеберчилигинин көрсөткүчү. Мыкты мугалим үчүн жаман окуучу болбойт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз